Азрети Султан Мехмед Фатихти Стамбулдун каратылышы маселесинде эң көп үндөгөн жана «Фатих» наамына ылайык даражага жетишинде көмөгүн аябаган киши – албетте, «Акшейх» наамы менен белгилүү Акшемседдин Азрети (1390-1459) эле. Акшейх каратуунун (фетихтин) материалдык жана руханий болуп эки тараптуу экенин билээр эле.
Себеби Фахр-ы Алем (асм)дан риваят кылынган куттуу хадистер командир жана аскерлерден турган бир армиянын Стамбулду каратышынан да, курал-жараксыз, кан төкпөстөн, тавхид, тасбихтер менен боло турган, Ал-и Бейттен бир куттуу заттын башчылыгындагы руханий бир армиянын Стамбулда каратышынан да сөз кылган эле. Ошого карап Акшейх Стамбулдун келээри хадистер менен анык билдирилген Аз. Мехди (ас) колу менен экинчи жолу каратылаарын өтө жакшы билээр эле.
Ал доордун уламасынын хадистерге таянып Султан Мехмеддин Стамбулду карата албашын айтканына карабастан, Акшейх бир эмес, «эки каратуунун» болооруна таянып, уламанын бул багыттагы сөздөрүнө каршы чыгып, Султан Мехмедге фетихнама деп атоого боло турган сүйүнчү каттарды жазган эле.
«Стамбулду алгач Мехмед каратат, анан Стамбул кресттиктердин колуна өтөт, андан соң Аз. Мехди (ас) Стамбулду кайрадан каратат» деп ал доордун уламасына жооп берген. (Risaletü'n- Nuriye, Akşemseddin, A. İhsan Yurd, İstanbul, 1972).
Хадистерде анык билдирилген жана Акшейх да сүйүнчүлөгөн экинчи каратуунун башчысы Аз. Мехди (ас) жана хадисте айтылгандай «эч бир сындагандын сын сөзүнөн тартынбаган» эр жүрөк аскерлерден турган нурдуу армиясы эң алгач жүрөктөрдөгү Ыйык София Соборунун эшиктерин ачат жана жеңиштин символунун ибадатка ачылышы менен экинчи каратуу турмушка ашат. ("Akşeyh'in Nurlu Müjdesi Ve İkinci Fetih", 25. 05. 2000)
Эбжед эсеби жалпысынан Хижрий календарьга карап жасалат. Бул илимди билген жана эсепти жасоого жөндөмдүүлөр акыр заман алааматтары жөнүндөгү куттуу хадистерди карап кээ бир эсептерди жасашууда. Ал эсептерди караганыбызда алдыбыздагы жылдары өтө маанилүү өзгөрүүлөрдүн болоорун айта алабыз.
Мубарекфури да «Тухфетүъл Ахвези» аттуу эмгегинде акыр замандагы хадистердин бири жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берет:
«Мусулмандар арасында белгилүү нерсе мындай: акыр заманда зулумдук менен адилетсиздик бүт тарапты каптаган бир убакта Пайгамбардын урпактарынан бир инсан чыгып зулумдукту жок кылып, адилеттикти орнотот жана Мусулмандар ага моюн сунуп, бүт Ислам өлкөлөрүн башчылыгына алат. Бүт Ислам дүйнөсүн башкара турган бул зат Аз. Мехди (ас) деп аталат. Аз. Мехди (ас) чыга турган доордо дажжал да чыгат жана Мырзабыз (САВ) кабар берген кыямат алааматтары да ушундайча чыккан болот. (Günden Güne, "2000'e Bir Kala", 01.02.1999)
Миңдеген жылдан бери буйрукка моюн сунган бир аскердей ызы-чууга айланып турган «Дүйнө кемеси» эми жолдун аягына келип калды. Жолдун аягына келгенин кантип билебиз?
Ааламдын Мырзасы (Алейхиссалату Вассалам) кабар берген кыяматтын кичине жана чоң алааматтарынын дээрлик баары чыкты. Көп болсо бир канча алаамат гана калды. Алардын эң негизгиси – бул акыр заманда Куран өкүмдарлыгынын болушу.
Мына азыр жаңы бир доордун алдында турабыз. Көпкө созулган «зулумдук доору» бүтүп жатат. Адамзат бул доордо көп азап тартты. Аллахтын динине согуш ачкан режимдер себебинен адамзат бейпилдик жана бакыт жүзүн көрбөдү. Албетте, аларга уруксат жана мүмкүндүк берген да Аллах Таала эле. Адамзат ошондой бир доордо сыноодон өтүшү керек эле. Алмаз табияттуулар менен көмүр табияттуулар, Аз. Абу Бакир сыяктуулар менен Абу Жахилдер бир-биринен айрылышы керек эле. Улук Курандагы жана Куттуу Хадистердеги ишараттарды карай турган болсок, эми «каапырлар» жолдун аягына келишти. (Günden Güne, "Emniyet kemerinizi bağlayın!", 01. 10. 1999)
Азыркы учурдун белгилүү изилдөөчүлөрүнөн Шабан Дөген «Мехди жана Дажжал» аттуу китебинде Аз. Мехди (ас) темасын бир-бирден анализдеген. Булардын кээ бирлери төмөнкүдөй.
Аз. Мехдини да адам-үстү, укмуштуу бирөө деп ойлоо туура болбойт; Ислам түшүнүгүнө, Аллахтын мыйзамына, табият мыйзамдарына карама-каршы келет. Пайгамбарыбыз (сав)дын да ар бир иши кереметтүү болгон эмес, демек Аз. Мехдиден кантип мындайды күтүүгө болот? Албетте Аз. Мехди (ас) орду жана убактысы келгенде кереметтерди көрсөтөт. Бирок ар бир кылганы керемет эмес. Мевдуди айткандай, «Аз. Мехди (ас) качан келсе келсин ал замандын илимин, маданиятын, акыбалын, мажбурлуу нерселерин өтө жакшы билет жана заманына ылайыктуу чараларды көрөт, өз доорунун табигый жана илимий ачылыштарынан, каражаттардан пайдаланып, аларды эң жакшы колдонот.» (б. 22)
Анан пайгамбарлык сыяктуу Мехдилик да аракет менен жетүүгө мүмкүн болгон бир даража эмес. Бүтүндөй Аллахтын тартуусу жана Аллах аны каалаганына, албетте эң ылайыктууга берет... (б. 30)
Аз. Мехди (ас) апачык «Мен Мехдимин. Аллах тарабынан бул милдет берилди. Мага моюн сунгула» деп чыкпайт. Муну айтуу анын милдети да эмес. Ал эмгектери жана кызматтары менен гана таанылат. (б. 42)
Аз. Мехди (ас) апачык «Мен Мехдимин. Аллах тарабынан бул милдет берилди. Мага моюн сунгула» деп чыкпайт. Муну айтуу анын милдети да эмес. Ал эмгектери жана кызматтары менен гана таанылат. (б. 42)
Ким бул Аз. Мехди? Пайгамбар эмне үчүн өзгөчө ага моюн сунууну насаат кылган. Эгер анын доорунда жашасак, аны кантип тааныйбыз? Ал башаламандык, бузуктук доорунун адамы болгон үчүн күрөшүн эмнеге каршы жана кантип жүргүзөт? Өзгөчөлүктөрү кандай? Булар жана ушуга окшогон суроолордун жообу билинмейинче Аз. Мехди (ас)дын функциясын, эмгектеринин маанисин албетте толук түшүнүүгө болбойт. (б. 143)
...Мехди сөзү кеңири периоддуу бир сөз. Бирок бул сөздүн башына «эль» мүчөсү келгенде өзгөчө жана белгилүү бир адамдын ысмы болгон болот жана куттуу хадистерде акыр заманда келээри сүйүнчүлөнгөн белгилүү жана руханий улуу куткаруучу үчүн колдонулганы көрүлөт. (б. 145)
Мевлана Желалеттин Руми болсо мындан төмөнкүчө сөз кылат:
Ар доордо пайгамбар ордуна бир олуя бар;
Бул сыноо кыяматка чейин уланат.
Кимдин мүнөзү жакшы болсо кутулат.
Кимдин жүрөгү айнектен болсо кутулат.
Тирүү жана кызматтагы имам мына ошол олуя;
Өмер урпагынан болсун, Али урпагынан болсун
Эй жол издеген, Аз. Мехди (ас) да ошол, хади да.
Бир жагынан жашыруун, бир жагынан сенин маңдайыңда отурат. (б. 154)
Хакимдин Мустедрекинде Аз. Алиден келген бир риваятта Аз. Мехди (ас) менен аскерлеринин пазилети жөнүндө мындай деп айтылат: «Мурункулар алардан өтө албаган сыяктуу, кийинкилер да аларга жете албайт» (Müstedrek, Mukaddime: 52, Fasıl, б.319)
(İmam-ı Rabbani, Mektubat, б.357 (251. mektuptan)
Өз заманында жер жүзүнүн эң жакшысы болот. (el-Kavlü'l-Muhtasar) (б. 159)
Бедиүззаман «Үммөтүмдөн бир топ кыямат келгенге чейин акыйкат жолдо күрөшүүнү улантат» (Buhari, İ'tisam:10; Müslüm, İman: 247; İbni Mace, Mukaddime: 1; Tirmizi, Fiten: 51) куттуу хадисти түшүндүрүп жатып хадистин өзүн эбжед эсебине салган. Ал эсеп боюнча, хадистеги «Захирине алеъл-хакк = акыйкат жолдо үстөм абалда» сүйлөмүнүн эбжед мааниси 1506. Бул жамаат Хижрий календарь боюнча 1506-жылга чейин ачык, ашкере, үстөм болот. Андан кийинки кызматтар болсо 1542-жылга чейин жашыруун жана жеңилүү менен жүргүзүлөт. «Хатта йеътийеллаху биэмрихи = кыямат келгенге чейин» 1545 болсо каапырдын башына кыяматтын келишине ишарат кылат. (Nursi, Kastamonu Lahikası, б.23) (Mehdi ve Deccal, Şaban Döğen (Мехди жана Дажжал, Шабан Дөген), б. 164)
Аз. Али заман Бисмиллахтын тамгаларынын аягына келгенде Мехдинин чыгаарын айтат. (Ramuz, 2:676) Бисмиллах 19 тамга жана Кехф Сүрөсү болсо 111 аяттан турат жана Курани Керимдин 18-сүрөсү. Бул жерде мындай бир дал келүүчүлүк бар: 18-кылымдын аягы менен 19-кылымдын башында Аз. Мехди (ас) чыгып, кызматын баштайт. Аз. Мехди (ас)дын жеңип башташы болсо 111х18=1998. (б. 167)
Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбар урпактарынан экенин бир аз мурда айттык. Бирок бул Аз. Мехди (ас)дын сөзсүз араптардын арасынан чыгаарын көрсөтпөйт. Ал тургай, хадистерден араптардын сыртынан чыгаарын түшүнүүгө да болот. Мисалы, Тирмизиде орун алган бир хадисте «Аз. Мехди (ас) араптарга өкүмдар болгонго (каратканга) чейин кыяматтын келбеши» (Tirmizi, Fiten:43) айтылат; бул жерден араптардын ичинен чыкпашын түшүнүүгө болот. Себеби араптарга өкүмдар болуу (каратуу) үчүн алардын сыртынан чыгышы керек. (б. 170)
• Башка бир куттуу хадистен болсо төмөнкүнү көрөбүз: чыгыштан бир катар адамдар чыгып, Аз. Мехдиге негиз даярдашат. Б.а. Аз. Мехди (ас) алардын арасында өкүмдар болот. (İbni Mace, Kitab-ül Fiten: 35 (4088)
Бул хадис чыгышта жайгашкан же чыгыштан келген бир элдин арасынан чыгаарын көрсөтүүдө –Аллах-у аълем- булар ал кездерде чыгышта жайгашкан, кийин Анатолияга жайгашкан Түрктөргө ишарат кылууда. (б. 171)
• Сеййид Ахмед Хүсамеддин (р.а.) Истихрачнамесинде Аз. Мехди (ас)дын төрөлгөн жери жөнүндө мындай деп жазган:
«Мусулмандардан бир зат келет, бул заттын баркы Кавказдын эң улуу тоосунан айланага күндүн нурлары сыяктуу айланага нурлар чачат. (Osman Yüksel Serdengeçti, Mabedsiz Şehir, Serdengeçti Neşriyatı: VI, s.107)
Булардын баары Аз. Мехди (ас)дын иш-аракетин Түрктөрдүн арасында жүргүзөөрүн көрсөтүүдө. (б. 172)
Арап эмес, башка элдерден болгон бул жардамчылар (Kıyamet alametleri, б. 169) ар заалымды жана зомбулукчуну жеңет. Темирдей жүрөктүү ал адамдардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – бул түндөлөрү абид (көп ибадат кылган), күндүздөрү болсо арстан болушу. (Kitabü'l-Bürhan, б. 57-68)
Аз. Мехди (ас)дын армиясы кээ-кээде соккуларга туш болуп, кээ-кээде ал оор кызматты аркалай албоо, тынчтыкты каалоо; жан, мал-мүлк, кызматтык абал коркуусу сыяктуу ар кандай себептерден андан бөлүнүп кеткендер болот. Бирок «алар буга маани беришпейт,» (Ramuzü'l Ehadis, б. 476 (Ибни Мажеден)
«Бөлүнүп кеткендер да, каршы чыккандар да ага зыян тийгизе албайт. Ал андан бөлүнүп кеткендерге карабастан жеңүүчү абалда жолун улантат.» (Ramazü'l-Ehadis, б.487 (Таберанинин Кебиринен)
Ошентип «күрөшкөндөр менен сабыр кылгандар аныкталган» (Али Имран Сүрөсү, 142) болот. (б. 192)
Ахмед Йасин Мырза: ...Аз. Мехди (ас) – олуялык ичинде эң жогорку даража болгон гавсийет (улуу олуялык) даражасы. Аз. Мехди (ас) дейбиз аны, түшүнгөнүбүз боюнча мужеддиддин да үстү, гавсийет даражасынын да үстү. Улуу Аллах тарабынан өзгөчө бир кызмат берилген бир инсан. Жана ал инсан пайгамбар эмес бирок. Расулуллах Мырзабыз (с.а.в) акыркы пайгамбар. Ошон үчүн аны Мехди Расул дейбиз.
... Кээ бир адамдар айтат; мындай нерсе келбейт, Аз. Иса (ас) келбейт деп, бул алардын көз-карашы. Биздин көз-карашыбыз боюнча, биздин ишенимибиз боюнча, Мырзабыз (сав)дан бизге бүгүнгө чейин жеткен куттуу хадистеринен түшүнгөнүбүз боюнча, Аз. Мехди (ас) келет. Дажжал да келет. Аз. Иса (ас) да келет. Кандай абалда келет, кандай болот, биз булар менен эмес, көбүрөөк ал заттарга ылайык абалга жете алуу үчүн өзүбүз менен, напсибиз менен күрөшүүдөбүз. Даярдап жатып адамдарды да ал үчүн даярдап жатабыз.
Алып баруучу: Аз. Мехди (ас) үчүн?
Ахмед Йасин Мырза: Албетте, бүт баары каалайт, мен да Аз. Мехди (ас)га аскер болоюн деп. Ким каалабайт. Бүт баары каалайт, бирок албетте мунун да критерийлери болот туурабы?
Алып баруучу: Анда ал критерийлерди сизден алсак болобу? Мисалы, Аз. Мехди (ас) убагында билишибиз боюнча көп мехдилер чыгат. Б.а. ушунчалык көп мехди чыгат; мунун себеби болсо чыныгы Аз. Мехди (ас)ды жаап-жашырышы.
Ахмед Йасин Мырза: Ооба.
Алып баруучу: Андай болсо адамдар бир жаңылыштыкка, бир катага түшпөшү үчүн Аз. Мехди (ас)ды кантип таанышат? Критерийлери кандай, ишараттары кандай? Өтө ачык, белгилүү бир ишараты барбы?
Ахмед Йасин Мырза: Албетте бар, мен жөнөкөй бир жооп берем, терең кирбестен, баарынан мурда Аз. Мехди (ас)дын чыгышын ылдамдата турган убакыт периоду жалган мехдилер менен башталат. Алар канчалык көп болсо, Улуу Аллах ошончолук шашылыш чыныгы куткаруучу Аз. Мехди (ас)ды жөнөтөт. Аз. Мехди (ас)да болушу керек болгон шарт кайсы? Албетте, Расулуллах (сав) алып келген Курани Керимге моюн сунган бир зат жана мырзабыздын сүннөтүнө толук моюн сунган бир инсан. Аз. Мехди (ас) калп айткан бир адам болушу мүмкүнбү?
Алып баруучу: Жок.
Ахмед Йасин Мырза: Бирөөгө жалаа жапкан бирөө болушу мүмкүнбү? Ушак сүйлөгөн бирөө болушу мүмкүнбү? Атак-даңкты көздөгөн бирөө болушу мүмкүнбү? Критерийлер ушунчалык жөнөкөй, бул кандай Аз. Мехди (ас)ды башка жалган мехдилерден айырмалай турган болсо, айырмалачу кишилерде баарынан мурда бирөөгө жан тартуу оорусу болбошу керек.
Алып баруучу: Б.а. бир киши анын Аз. Мехди (ас) же ал эмес экенин түшүнүшү үчүн ал киши негизи өзүн өнүктүрүшү керек. Мисалы, бирөөгө жан тарткан (фанаттык) маанайда болбойт. Жүрөгүндө фитна-бузукулук болбойт.
Ахмед Йасин Мырза: Ооба, фитна-бузукулук болбойт, бой көтөрүү, текебердик сыяктуу оорулардан сөзсүз тазаланган болушу керек. Көңүл буруңуз бул өтө маанилүү.
Алып баруучу: Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрү?
Шейх Ахмед Йасин: Чынчыл инсан, акыйкатты баяндайт.
Алып баруучу: Б.а. дайыма акыйкаттан сөз кылабы?
Шейх Ахмед Йасин: Албетте, Аллахтан сөз кылат, ал адамдан сөз кылбайт, Аллахты жана Пайгамбарын сөз кылат, адам катары баланча киши, баланча олуя, олуялар акыйкат, бирок сөзсүз бирөөлөр жөнүндө сөз кылбайт, мисалы бир шакирт дайыма шейхин сөз кылат, Аз. Мехди (ас) да ошол сыяктуу дайыма баланча олуяны сөз кылбайт, ал Аллахты жана Пайгамбарын баяндайт. Жана адамдарды туура жолгон чакырат.
Алып баруучу: Анын илими кандай? Көп илимдүүбү?
Шейх Ахмед Йасин: ...Унутпайлы, аалым жана абсолюттук Зат – бул Аллах. Сүйүктүүсү (Хабиби) Мухаммед Мустафа (ас)ды эч бир мугалим алдында тизе чөктүрбөстөн бүт илим жана даанышмандыктар менен жабдыган сыяктуу, Аллах Таала кулун ошол илим жана даанышмандык менен жабдууга кудуреттүү. Каалаганын жасайт.
Алып баруучу: Кааласа бир түндө.
Шейх Ахмед Йасин: Ислам аалымдарынын көз-карашы да ошондой, туурамчы (бирөөдөн үйрөнгөн) бир илим менен учурдагы технология жана фитналар менен кантип согушасыз? Учурда бар болгон илим менен согушканыңызда болсо күрөшүбүздүн натыйжасы көрүнүп турат, өз напсилерибизди бир карайлы? Демек Аллахтан келген бир илимге муктаждык бар. Албетте булардын баары биздин ишенимибиз жана менин пикирим.
Алып баруучу: Б.а. Аз. Мехди (ас)дын илими дүйнөдөн алган бир илим болбойт, Аллах тарабынан ага ...
Шейх Ахмед Йасин: Көп бөлүгү ошондой болот, б.а. жана да айттык, пайгамбарлар келгенде, мен пайгамбармын дегенде аларга айтышкан, кереметиң барбы деп? Туурабы? Эгер Аз. Мехди (ас) да бул сыпатка жеткен болсо, бул даражага жеткен болсо адамдар биз билбеген илим менен бизге мамиле кылат, көрсөт аны деп, анда аларды бизге көрсөтөт.
Алып баруучу: Аз. Мехди (ас)дын бир өзгөчөлүгү бар, бүт диндерди бириктириши...
Шейх Ахмед Йасин: ... Аз. Мехди (ас) келгенде бүт баары чыныгысына кайтат. Ушундай бир илим менен ачык жана руханий илим менен бүт даанышмандыктарды ортого койот...
Алып баруучу: Демек ыймандуу киши акылдуу болот, бүт мындай критерийлерге карап негизи келгенде Аз. Мехди (ас)ды тааный алат же жүрөгүнүн үнүн угуп ага шакирт болууну сураса, сөзсүз Аллах ага насип кылат.
Шейх Ахмед Йасин: Улуу Аллах ар кандай асылдарды денебизге койгон, караңыз рух ушунчалык чоң мүмкүнчүлүк менен жабдылганы менен, колунда бүт бул критерийлерди анализ кыла турган акыл деген бир асыл бар, тилекке каршы адамдар бүгүн 1%ын гана иштете алышууда, 99%ын иштете албай жатышат, Улуу Аллах бизге ошон үчүн Курани Керимде эскертүү берүүдө, эмнеге тефеккүр кылбайсыңар, неге аз ойлоносуңар деп? (MPL Televizyonu Babi Alem Programı (MPL каналы Babi Alem программасы)
... Мындан бир топ көбү жасалып жатат. Калктын санына жараша дүйнөнүн бүт тарабында. Бирок Улуу Аллах эч бир күчтөрдүн кыймылын баштатпай жатат. Күттүрүп жатат. Күттүрүп жатат, бир гана Аллахка белгилүү, балким, булардын баары Аз. Мехди (ас)дын убактысы келгендигинин, жакында балким көрүнөөрүнүн алааматыдыр. Бирок бул жерде бир жагдайды баса белгилейли. Адамдар эмне үчүн олуяны таба албай жатышат? Себеби баарынын кыялындагы олуя башка. Эч ким Аллахтын олуясын издеген жок. Өз кыялындагы олуяны издеген үчүн таба албай жатат. Мехди (ас) да ошондой. Бүт баары кыялындагы Мехдини күтүп жатат. Улуу Аллах түшүрө турган Мехдини күткөн жок, аны күтсө табат. Улуу Аллах доордун ээсинен, замандын ээсинен, улуу элчиден, улуу устаттан жана сыры бекемден, сырды ачуучудан, анын руханий колдоосунан эч бирибизди айырбасын.
Албетте, ойлоп көрүңүз, сиз эң жакшы бир аалыммын десеңиз, алгач аалымдар алдыңыздан чыгат. Эң жакшы доктормун десеңиз докторлор сиз менен күрөшөт. Эң жакшы инженермин десеңиз бүт инженерлер мен сенден жакшымын деп урушушат. Мен мамлекетти башкарганды эң жакшы билем десеңиз, бүт мамлекеттер сиз менен жарышат, «сен эмне билесиң, биз көбүрөөк билебиз» деп. Мындан чоңураак фитна болобу? Фитна убагында келет ансыз да, бүт пайгамбарлар да фитна көбөйүп, Улуу Аллахка, Жаратуучуга ибадаттар азайып же унутулган убакта жөнөтүлгөн. Ошол сыяктуу, адамдар капылеттикке чумкуп, напсилеринин артынан чуркап, Аллахка ибадат жана моюн сунууну унуткан кезде Улуу Аллах куткаруучу деп аталган, аларды илим менен, билим менен, даанышмандык менен куткара турган Мехди (ас) сыпатындагы затты жөнөтөт. Ал келгенде бар болгон фитналардын үстүнө жаңы фитналар да чыгат. Эгер бир жамааттан чыкса, башка жамааттар неге бизден чыкпады дейт. Көпчүлүгү кабыл албайт, Кудай сактасын. Ошон үчүн динибиз тавхид дини. Биримдик дини, вахдет дини. Эгер баары бир болсо, Аллахтын буйруктары жана Расулуллах (сав)дын критерийлерине карап издесе, кимден чыкса чыксын, эң негизгиси акыйкат болсун, ошол акыйкаттын айланасында биригет. (Шейх Ахмет Йасин, MPL каналы)
«Түшүп түз Устаттын үйүнө бардым. Устаттын үйүнө барып, эшикти кактым, эшикти Тахири ага ачты. Ооо Сеййид Ага деп кучакташып өбүштүк, анан Зубейи ага чыкты. Аны менен кучакташып жатканда Устат сыртка чыкты. Устатым, Сеййид Салих келиптир дешти, макул келсин деди.... «Тахири» деди. «Катымды алып келгиле» Тахири колундагы катты берди. «Оку» деди катты. Окуганда, айтты, «бул кат Джизреден келиптир. Сейданын халифаларынын бири жөнөтүптүр. Ал кезде ал бир Шейх эле, Накшибенди шейхи. Кат жазыптыр, минтип «Мехдини көрөбүзбү? Мехдинин кызматы эмне? Мехди кандай болот?» деген сыяктуу суроолор узатыптыр. Устат айтты, Мехдини мен көрбөйм, бирок Кечели сен көрөсүң деди. Минтип так деп башыма урду Устат Азрети. Анан Мехдинин программасы Рисали Нур болот деди. Рисалеи Нурду колдонот деди... Болмок беле? Мехди албетте бир адам болот. Устат Азрети айткан. Дажжал да бир адам болот, Мехди да бир адам болот. Устат муну айткан, ачык айткан. (Сеййид Салих Өзжан Агайдын бир маегинен)
Профессор Осман Чатаклы да көп жылдар бою алектенип мехдилик жөнүндө эмгектерди даярдаган. 1949-1952-жылдары арасында «Абдулазиз Бекиненин» «Рамузул эль-хадис» тен алган мехдилик жана кыямат жөнүндөгү жазгандарынан даярдалган «Кыямат алааматтары» китебинде бул темага өзгөчө маани берген:
«...Жалпысынан мындай деп айтууга болот: кыяматтын кичине алааматтарынын дээрлик баары чыкты жана кезек чоң алааматтарга келди.
Ошондуктан, ар бир Мусулман ыйманын коргой алуу үчүн ошого жараша даярданып, өзгөчө дажжал фитнасына каршы сак болушу өзүнүн кутулушуна бир себепчи болот...
Бул эмгекте кыяматтын жакындаганын көрсөткөн алааматтарды баяндаган куттуу хадистер топтоштурулуп сунулуп, дин бир туугандарыбызга пайдалуу болууга аракет кылынган...
18/11. Силерди менден кийин боло турган жети фитнадан сактанууга чакырам: Мединадан чыга турган бир фитна, Меккеден чыга турган бир фитна, Йеменден чыга турган бир фитна, Шамдан (Дамасктан) чыга турган бир фитна, чыгыштан чыга турган бир фитна, батыштан чыга турган бир фитна... Бир фитна Шамдын (Дамасктын) борборунан чыгат, мына ушул Сүфйанинин фитнасы. (Аз. Мехди (ас)дан бир жыл мурун чыга турган бир фитна.) (Аз. Ибни Месъуд РА)
300/3. Менден кийин фитналар болот. Бирөө «ахлас» фитнасы. (Төө кабы фитнасы, б.а. элдин мойнунда көпкө турат.) Согуштар, хижраттар болот. Анан андан да күчтүү бир фитна болот. Бүттү дегенде, кайра эле уланат. Ушундай даражада болгондуктан, фитналар тийбеген үй менен Мусулман калбайт. Мындай абал урпактарымдан бир Мусулман (Аз. Мехди (ас)) чыкканга чейин уланат. (Аз. Эбу Саид ра)
...Кичине алааматтардан соң келе турган чоң алааматтар согуштар жана Аз. Мехди (ас) менен башталат жана күн батыштан чыкканга чейин, болжол менен 55-60 жылга созулат. Бул доор адамдар үчүн чоң сыноолорго толо болуу менен бирге, Аз. Мехди (ас)дын 7 жылдык жана андан соң Аз. Иса (ас)дын 40 жылдык жер жүзүн адилеттикке толтурган башкаруулары да ушул доор ичинде болот.
299/8. Жакында силер менен Румдар арасында төрт тынчтык келишими болот. Төртүнчү Ал-и Харундан бирөө менен турмушка ашат. Жана бул жети жылга созулат.
Айтылды:
«-Эй РасулАллах, ал күнү адамдардын имамы ким?»
Айтты:
«Имам менин урпактарымдан кырк жашта, жүзү жаркыраган бир жылдыз сыяктуу, оң бетинде кара бир меңи бар жана үстүндө эки куттуу кийими бар бирөө болот. Кыймылдары Бани Исраил уламасына окшош. Жыйырма жыл өкүм сүрөт. Жердеги казыналарды чыгарат жана ширк аймактарын каратат.» (Аз. Эбу Умаме РА)
344/7. Кантип бир үммөт кыйрасын, башында мен, аягында Мариям уулу Иса (АС) жана ортосунда болсо Ахли Байтымдан (урпактарымдан) Мехди (ас) бар. (Аз. Ибни Аббас РА)
236/21. Аз. Мехди (ас) менин Ахли Байтымдан жана Фатыманын урпактарынан. (Аз. Үммү Селеме РА)
236/20. Аз. Мехди (ас) агам Аббастын урпактарынан. (Аз. Осман ибни Аффан РА)
237/2. Аз. Мехди (ас)дын ысмы ысмыма, атасынын ысмы болсо атамдын ысмына дал келет. (Аз. Ибни Месъуд РА)
508/10. Ахли Байтымдан бир адам чыгат, ысмы ысмыма, мүнөзү мүнөзүмө окшошот. Дүйнөнү адеп-ахлак жана ынсаптуулукка толтурат; мурда зулумдук менен кыйынчылыкка толгон сыяктуу. (Аз. Ибни Месъуд РА)
237/1. Аз. Мехди (ас) бизден, эй Ахли Байт! Силерге сүйүнчү. Аллах аны бир түндө жетилтет. (Аз. Али РА)
359/2. Дүйнөнүн бир күндүк өмүрү калса дагы, Аллах ал бир күндү созмок жана урпактарымдан ысмы ысмыма, атасынын ысмы атамдын ысмына туура келген бирөөнү чыгармак (Мехди (ас)) жана ал дүйнөнү адилеттик жана ынсаптуулукка толтурмак. Мурда зулумдук менен кыйынчылыкка толтурган сыяктуу. (Аз. Ибни Месъуд РА)
508/6. Чыгыштан бир жамаат чыгып, Мехдинин салтанатына жардам беришет. (Аз. Абдуллах бини Харис РА)
508/4. Хорасандан кара желектүүлөр чыгат жана Илйага (Иерусалимге) чейин алдыларында эч нерсе тура албайт. (Аз. Эбу Хурайра РА)
33/5. Кара желектүүлөр келип алдыңардан чыкканда, перстиктерге даам таттыргыла. Себеби силердин өлкөңөр алар менен бирге. (Аз. Ибни Аббас РА)
135/3. Биз ушундай бир Ахли Байтпыз, Аллах бизге дүйнөнү эмес, акыретти насип кылды. Менден кийин Ахли Байтым балээ, зомбулук жана тарчылыкта калышат; чыгыш тараптан кара желектүүлөр келгенге чейин... Алар мүлк сурашат, аларга мүлк берилбейт. Каалаганы аларга берилет, бирок кабыл алышпайт. Жана аны ысмы ысмыма, атасынын аты атамдын атына туура келген, Ахли Байтымдан бирөөгө тапшырышат.
Ал (Аз. Мехди (ас)) жерге өкүмдар болот жана андан мурда кысымчылык менен зулумдукка толгон дүйнөнү чынчылдык менен адилеттикке толтурат. Силерден же кийин келгендерден бирөө ага жетсе, кар үстүндө сойлоп болсо дагы барып ага кошулсун! Сөзсүз алар хидаят желектери. (Аз. Ибни Месъуд РА)
48/1. Хорасан тараптан келген каоа желектүүлөрдү көргөнүңөрдө аларга кошулгула! Себеби алардын ичинде Аллахтын халифасы Аз. Мехди (ас) бар. (Аз. Севбан РА)
298/2. Жакында силерге Хорасан тараптан кара желектүүлөр келет. Кар үстүндө жөрмөлөп болсо да аларга кошулгула! Себеби алардын арасында Аллахтын халифасы Аз. Мехди (ас) бар. (Аз. Севбан РА)
518/5. Рамазанда бир үн чыгат. (Мааниси билинет). Шаввальда бир үн чыгат. (Мааниси билинбейт). Зилкадада уруулар бир-бири менен урушат. Зилхижжада ажылар тонолот. Мухаррамда асмандан мындай деп жар салынат: «Көңүл бургула. Баланча киши Аллах калкынын жакшыларынан. Аны уккула жана аны ээрчигиле!» (Аз. Шехр ибни Хавшеб РА)
346/6. Эч күмөнсүз, жер жүзү кыйынчылык менен зулумдукка толот. Кыйынчылык менен зулумдукка толгон ошол кезде Аллах урпактарымдан аты менин атымда, атасынын аты атамдын атында болгон бирөөнү жөнөтөт; ал дүйнөнү адилеттик менен ынсаптуулукка толтурат. Мурда зулумдук менен кыйынчылыкка толгон сыяктуу. Ошондо асман жамгырын, жер түшүмүн аябайт жана ал араңарда жети, сегиз, эң көп тогуз убакыт болот. (Аз. Муавийе ибни Куръа РА)
508/8. Үммөтүмдүн арасынан Аз. Мехди (ас) чыгат. Беш же жети же тогуз (жыл) турат. (Риваят кылуучулар санда күмөн санашкан.) Анан аларга мол мээрим жөнөтүлөт. Жер түшүмүн аябастан берет. Мал-мүлк мол болот. Бир адам ага келип, мындай дейт: «Эй Мехди мага бер, мага бер!» Ага кийими көтөрө алганчалык берет. (Аз. Эбу Саид РА)
508/7. Үммөтүмдүн аягында Аз. Мехди (ас) чыгат. Аллаху Зулжалал Азреттери ага мээримин түшүрөт. Жер ага түшүмүн чыгарат. Мал-мүлк тең таркатылат жана бирдей бөлүштүрүлөт. Малдар көп болот. Күңдөр да урматталат. Жети же сегиз жыл жашайт. (Риваят кылуучулар жети же сегизде күмөн санашкан.) (Аз. Эбу Саид РА)
7/7. Аз. Мехди (ас) менен сүйүнчүлөшкүлө. Ал Курейштен жана ахли байтымдан бир киши. Ал адамдар урушуп, укуктук чайпалуулар ичинде болгон бир кезде чыгат. Ал жер жүзүн, андан мурда зулумдук менен кысымчылыкка толтурулган сыяктуу, адилеттик менен ынсапка толтурат. Андан жер менен асман жашоочулары ыраазы. Жана ал мал-мүлктү сахах кылым таркатат.
Сурашты:
«Сахах деген эмне?»
Айтты:
«Бирдей деген.
Жана Мухаммед үммөтүнүн жүрөктөрүн байлыкка толтурат жана адилеттикти аларга сиңирет. Ушунчалык даражада болгондуктан, бир жарчыга «кимдин муктаждыгы болсо мага келсин!» деп жар салышы буйрулганда, бир кишиден башка эч ким келбейт. Ал киши мүлк сурайт. Ал болсо «казыначыга бар, сага берсин» дейт. Ал барып: «мен Аз. Мехди (ас) тарабынан каалаганым берилиши үчүн жөнөтүлгөн кишимин.» дегенде, казыначы «ал!» дейт. Ал алат.
Бирок алганын көтөргөнгө күчү жетпейт. Анан көтөрө алышынча алат, ашыкчасын таштайт. Ал мүлк менен чыгат, бирок бушайман болуп: «Мухаммед үммөтүнүн напси жагынан эң ач көзү мен окшоймун. Алардын баары мал-мүлк алганы чакырылганда, менден башка эч ким келген жок.» деп алган мүлкүн кайра тапшыргысы келет. Казыначы болсо: «Биз бергенибизди эч качан кайра албайбыз!» дейт. Мындай доор алты, жети, сегиз же тогуз жылга созулат. Андан кийинки жашоодо болсо жакшылык жок. (Osman Çataklı-Lütfi Doğan -M. Cevad"Ramuz el-Ehàdis, Hadisler Deryası" Kıyamet Alametleri, 1982)
Мындан тышкары, Осман Чатаклы «Son Mürşitlerimiz (Акыркы устаттарыбыз)» аттуу макала сериясында бул жөнүндө төмөнкүлөрдү жазган:
«...Азрети Мехдинин чыгаар убактысы төмөнкү куттуу хадисте 4-келишимге карата мындайча берилген.
Жети жылга созула турган 4-тынчтык келишиминен соң Аз. Мехди (ас)дын чыгаары.
2.15. Эбу Наим Эбу Умамеден Расулуллах (сав)дын мындай дегенин риваят кылды: Силер менен адамдар (бир нускада Румдар деп айтылат) арасында төрт тынчтык келишими болот, төртүнчү тынчтык Геракл калкынан бир адам аркылуу болот жана ал жети жылга созулат. Бир адам «Эй Расулуллах (САВ) ал күнү адамдардын имамы ким?» деди. Ал айтты: Урпактарымдан кырк жашта Мехди. Жүзү жаркыраган жылдыз сыяктуу, бетинде кара бир мең бар, үстүндө эки кийим бар. Кыймылдары Бани Исраилге окшошот, жердеги казыналарды чыгарат жана ширк аймактарын өзүнө каратат.» (кыймылынын Бани Исраилге окшошу ошолор (еврейлер) сыяктуу сөөлөттүү жана жарашыктуу маанисине келет.)
Көп кишинин ою боюнча 4-тынчтык келишими 1979-жылы АКШ-Израил менен Египеттин арасында Америкада президенттердин резиденциясы Camp David'де түзүлгөн келишим.
...Бирок Аз. Мехди (ас)дын келээринин эң ачык алааматы болсо келе турган Мухарремдин алдындагы Рамазандын ортосунда күндүн тутулушу. Белгилүү болгондой, күн кадимки шарттарда ай башында күн, ай менен жер бир горизонтто кезде, б.а. чогулуу саатында болот. Бул жерде болсо кереметтүү абалда ай күнгө карата дүйнөнүн артында турганда күн тутулат.
Мына бул куттуу хадис:
АМА 4.15- Дарекутнисүнен Мухаммед бин Алиден риваят кылды. Ал мындай деди: Биздин Мехдибиздин эки алааматы бар, Аллах асмандар менен жерди жараткандан бери мындай нерсе болгон эмес. Булар Рамазандын биринчи түнү айдын, жарымында болсо күндүн тутулушу. Аллах асмандар менен жерди жараткандан бери мындай болгон эмес.
Мына ошол Рамазандан кийин келген Мухарремдин 9унан 10уна караган түнү куптан намазынан соң Аз. Мехди (ас) чыгат жана Каабада Рүкун менен Макам арасында биат (моюн сунууларды) алат жана ошондо адамдарга мындай дейт...
АМА 6.3- Кеза (Н.Б.Хаммад) Жаферден риваят кылды, ал мындай деди: Аз. Мехди (ас) куптан убагында Расулуллах (сав)дын желеги, көйнөгү, кылычы жана Нур жана баян сыяктуу дагы көптөгөн алааматтарды жанына алып Меккеде чыгат. Куптан намазын кылган соң эң бийик үнү менен кайрылат. «Эй адамдар! Мен силерге Аллахты эстетип жатам. Эртең махшар күнү Аллахтын алдында ордуңардын кандай болоорун кабар берип жатам. Аллах Таала силерге көптөгөн далилдер менен пайгамбарлар жөнөтүп, Куранды түшүрүп, силерге мындай деп буйрук кылган:
Аллахка эч нерсени шерик кошпогула. Аллах менен Элчисине моюн сунгула. Куран бутка тургузганды тирилткиле, тыюу салганды болсо тыюу салгыла жана силер Мехдиге жардамчы жана көмөкчү болгула. Себеби дүйнөнүн кыйрашына аз калды. Жана бул анык. Мен силерди Аллах менен Элчисине, Анын китеби менен амал кылууга, батылды (жалганды) жок кылып, сүннөттү жандандырууга чакырып жатам.»
Бул кайрылуусунан соң жанында күзгү булуттар сыяктуу бир-биринен кабарсыз чогулган Бедирдегилердей сандагы үч жүз он үчтөй адам менен бирге чыгат. Анын асхабы (тобу) түнкүсүн абид (көп ибадат кылган), күндүз болсо арстан сыяктуу. Аллах Аз. Мехди (ас) үчүн Хижаз жерлерин каратып, түрмөдөгү Хашимилердин баарын куткарат. Кара желектүүлөр болсо Куфага түшүп, биат (моюн сунуу) үчүн Аз. Мехдиге киши жөнөтүшөт. Зулумдукту жана заалымдардын баарын жок кылат. Аймактар анын буйругуна кирет. Аллах Таала анын колунда Константинопольдун каратылышын насип кылат.
Көрүнүп тургандай, Аз. Мехди (ас) кайрылуусунда Аллах силерге мындай деп буйруган: «...Силер Мехдиге жардамчы жана көмөкчү болгула.»
Бирок Куранда сыртынан караганда Аз. Мехди (ас) жөнүндө бир аят көрүнбөгөн сыяктуу болгон менен көптөр өзгөчө Саф Сүрөсү жана башка бир канча сүрөдө Аз. Мехди (ас) жөнүндө аяттар бар экенин баян кылышкан. Бир куттуу хадисте болсо Пайгамбар (сав) Аз. Мехдиге кошулууну караңыз кандай буйрук кылган:
Р.эль-Эхадис 298.2- жакында силерге Хорасан тараптан кара желектүүлөр келет. Кар үстүндө жөрмөлөп болсо да аларга кошулгула. Себеби алардын арасында «Мехди» бар.
Бул куттуу хадисте бир караганда Аз. Мехди (ас) Хорасандан чыга тургандай бир маани чыккандай көрүнгөнү менен, негизи Аз. Мехди (ас) Меккеден чыгат. Бул жерде айтылган Хорасандан келе турган кара желектүүлөр Аз. Мехди (ас)дын жардамчылары болуп, баштарында «Шуайб Ибни Салихи Темими» турган абалда Аз. Мехдиге кошулушат жана анын алгачкы күчтөрүн түзүшөт...» (Osman Çataklı, Son Mürşidler, 4. bölüm, yazı dizisi)
Хүсейин Хатеми «İnsanlık ve Sevgi Dini: İslam (Адамгерчилик жана сүйүү дини: Ислам)» аттуу китебинин бир бөлүмүндө;
«Азрети Муса Аллах тарабынан билдирилип андан илим жагынан жогорураак даражада болгону менен, элге «расул» элчи катары жөнөтүлбөстөн, жашыруун калган бир «набини», эл арасында Кыдыр деп айтылган кишини көрүү үчүн чыккан сапарында «Межмаъил-бахрейн» (эки деңиз кошулган жер) бир жагынан эки деңиз кошулган жер болушу керек, экинчи жагынан болсо бул термин менен Муса менен Кыдырдын жолугушуусуна ишарат кылынган болушу керек. Бул окуялар чоң ыктымалдык менен Стамбулдун тегерегинде жана Стамбулда болгон. Стамбул сөзү кийинки бурмалоолор эске алынбаса, Бейкоздо азыркы Йуша Төбөсү жанындагы шаарды курган финикиялыктардан бери шаардын сами тилдериндеги Межмаъул Бахрейндин грекчеси. «Isthyme-pole (Истиме-поле)» - «эки деңиз арасындагы шаар» дегенди билдирет. Келечектеги мураскорлук укуктарынын корголушунда да «Месих» менен апасы ушул шаарда төрөлө турган Аз. «Мехдиге» ишарат бар болуш керек. (Hüseyin Hatemi, İnsanlık ve Sevgi Dini İslam, s. 107, Birleşik Yayıncılık. 1998)
Йашар Нури Өзтүрк «Depremin Gösterdikleri» (Жер титирөөнүн ишараттары) китебинин бир бөлүмүндө акыр заманда келе турган «Эскертүүчү» жөнүндө төмөнкүлөрдү жазган:
«Жер титирөө айтат! Эскертүүчүлөрдү жакшы уккула!
Адамзат эч кайсы доордо эскертүүчүлөрдү жакшы уккан жок. Аллах ар доордо ар элге «незирлер» (эскертүүчүлөр) жөнөттү. (караңыз: Куран, Фатыр Сүрөсү, 24)
Эскертүүчүлөр дайыма жөнөтүлүшкөн, бирок адамзат аларды уккан эмес.
Эскертүүчүлөр кээде пайгамбар (расул, наби) катары жөнөтүлсө, кээде болсо пайгамбар ачкан негизги жолдо кызмат кылган динге чакыруучулар катары... Мындай динге чакыруучулар кээде мужтахид болот, кээде мужаддид...
Пайгамбарлар болсо незир (эскертүүчү) сыпатынан тышкары, ал тургай андан мурда бешир (сүйүнчүлөөчү) сыпаты бар.
Динге чакыруучу эскертүүчүлөрдө бешир сыпаты боло бербейт. Себеби алар мурда пайгамбар тарабынан ансыз да көңүл бурулган камырабастык жана зулумдуктар бузган тең салмактарды оңдоо үчүн сүйлөшөт. Алардын сөздөрү дээрлик дайыма катуу жана ойго сала турган абалда болот.
Эскертүүчүлөрдүн катуулугун, коркутуучулугун алар мээрим менен боорукердиктен узак деген мааниде карабаш керек. Алар ошол эле учурда мээримдүү жана боорукер болушат, бирок негизги кызматы адамдын кулагына чочута турган сөздөрдү жеткирүү болгондуктан көбүнчө катуу жана капалантуучу болушат.
Эскертүүчүлөрдүн өтө маанилүү убакыт периоддоруна кайрылгандарын «жылаңач эскертүүчү» дейбиз.
Жылаңач эскертүүчү көбүнчө жүз жылда бир келет. Куран камарий календарь (ай календарын) колдонгондуктан, 15-кылымдын жылаңач эскертүүчүсү болжол менен чейрек кылымдан бери күтүлүүдө.
Мен 15-кылымдын жылаңач эскертүүчүсү келип, кызматын баштады дейм.
Бул жерде дагы бир өзгөчөлүк көңүл бурат. Христиан календарын негиз алып караганыбызда, камарий календардын 15-кылым жылаңач эскертүүчүсү Христиан календары боюнча эки кылымга тең эскертүү жасайт дегенди билдирет. 20- жана 21-кылымдарга. Бул жагдай Аллахтын бул кылымдын жылаңач эскертүүчүсүнө болгон берешендигинин бир көрсөткүчү. «Бул Аллахтан берешендиги, Аллах аны каалаганына берет. Аллах өтө берешен.» (Куран, Жума Сүрөсү, 4)
Бул жагдайдын дагы бири мааниси бар: бул кылымдын жылаңач эскертүүчүсү камарий календарь символу болгон Ислам дүйнөсүнө гана эмес, Христиан календары символу болгон Батыш дүйнөсүнө да кайрылган бир эскертүүчү болот.
Чындыгында ал бир «орток-бүт ааламдык эскертүүчү» (Depremin Gösterdikleri, Yeni Boyut Yayınları s. 232-233)
Өткөн аалымдардын Аз. Мехди жөнүндө жасаган эмгектери Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы катары хижрий 1400-1500-жылдарды берүүдө. Бул даталарга карап учурда кээ бир изилдөөчүлөр Аз. Мехди (ас) жөнүндө тереңирээк жана олуттуураак изилдөөлөрдү жасап, хадистерден жана улуу Ислам аалымдарынын бул жөнүндө айткандарынан эбжед эсептөөлөрү менен күтүлгөн Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарын жана чыгаар жылын эсептөөгө аракет кылышып, ушул эле жылдарды табышкан...
Жаш изилдөөчүлөрдөн Серкан Текин да жазган бир китебинде Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысын жифр эсеби менен ушул жылдар деп тапкан.
Жаш изилдөөчү Серкан Текиндин жазгандары төмөнкүдөй:
«Төрт мазхап аалымынын көз-карашы да ушундай. Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү хадистердин көпчүлүгү сахих (ишенимдүү). Риваят кылгандар кадыр-барктуу кишилер. Бул көз-карашты жактаган аалымдар Ислам аалымдарынын жетимиш тогуз пайызын түзөт. Ал кишилер Ислам дининин эң чоң аалымдары. Ислам аалымдарынын арасында башчылардан.
Саит Бин Жубейр жана төрт мазхап имамдары «Имам Ханефи, Имам Малик, Имам Шафи, Имам Ханбели» жана эки акида имамдары «Эбу Хасан Эшари, Эбу Мансур Матуриди» жана Ислам күнү деген ат менен эскерилген Имам Газали жана аалымдардан Молдо Фенари, Сади Тефтазани жана Давуди Антаки, Имам Шарани, Мухиддин Араби, Шейхүлислам Ибни Хажер эль-Хейтеми, мужтахид Имам Суйути, Алламе Саббан, Мухаммед Берзенжи, Алламе Ресул Эссибки, Хасан Ираки, Имам Касталани, Абдулкадир Гейлани, Кады Бейдави, Мухаммед Рамли, Шихаби Ремли, Алламе Алааттини Аттар, Мевлана Халиди Багдади, Имам Раббани, Алиййул Хавас, Имам Невеви, Йахйа Музури, Саид Нурси, Молла Жами, Алламе Абдул Гафыри Бакилани, Кады Ийаз, Мухаммед Сави, Фетхуллах Верканиси, Мухиддин Хавейли жана Алааддин Охини сыяктуу аалымдар бар.
Бул аалымдардын баары жана шакирттери Аз. Мехди (ас) жөнүндө ушундай көз-карашты айтышкан...
Бул аалымдардын көз-карашы кадыр-барктуураак жана сахих барктуу болгондуктан биз да акыр заман темасын ошолордун баяндарын негиз алып карайбыз...
...Улуу аалым Сибгатуллахи Арвасинин жээни Алламе Мухаммед Хафиддин улуу аалым Хафыз Мухиттинге айтканы боюнча;
Зухуру (чыгышы): 1425-жыл.
Мындан тышкары, бул эмгекте; «Аз. Мехди (ас)дын артында үстүндө бул Аллахтын халифасы, күтүлгөн мехди деп жазылган бир мөөр болот деп айтылат.» Ошондой эле Аз. Мехди (ас)дын мужтахид (шарияттык өкүм чыгаруучу) өтө улуу бир Ислам аалымы болоору да ошол эмгекте айтылат.» «Zuhrul Mehdi ve Deccal» аттуу китеп Алламе Расул Сибки жазган эң акыркы эмгек.
...«Сөзсүз Аллахтын тараптарлары үстөм болуучулар дал ошолор.» сүйлөмүнүн жифр эсебинен көрүнүп турат. Бул сүйлөмдүн жифр эсеби Хижрий 1428-жыл чыгууда. Бул Аз. Мехди (ас)дын чыгышынан үч жыл кийинки убакыт. Себеби Аз. Мехди (ас) чыккандан үч жылдан кийин биринчи эң чоң жеңишине жетет...
...Бул аяттагы үстөмдүктүн Аз. Мехди (ас)дын жеңиши экени кайсы маалыматтардан көрүнүп турат. Мурда болгон Ислам дининин жеңиштеринин кандайдыр бирөөсү болушу мүмкүн эмеспи? Эмне үчүн сөзсүз Аз. Мехди (ас) деген жыйынтык чыгарылууда... Аяттагы сөздөрдү «Куран Белагати» илимине карап анализ кылганыбызда, аяттагы жеңиштин Аз. Мехди (ас)дын жеңиши гана экенин апачык көрөбүз.
Себеби аятта 4 текид (бекемдөө) бар... Эң чоң текиддин сүйлөмдө айтылышы сүйлөмдөгү жеңиштин эң чоң жеңиш экени апачык билдирилүүдө... Тарыхта мындай бир жеңиш ушул күнгө чейин эч боло элек. Бирок Аз. Мехди (ас)ды сүйүнчүлөгөн хадистер мындай жеңиштин акыр заманда Аз. Мехди (ас) урматында болоорун апачык кабар берет...
Жасаган изилдөөлөрүм Аз. Мехди (ас)дын 2005-жылы чыгаарын көрсөткөндүктөн, Сүфйандын 2004-жылдын аягында чыгаарын көрсөтүүдө. (Serkan Tekin, Kuran'da Gizlenen Tarihler. s. 160-202, Nokta Yayınları, 2002)
Эми болсо «Mehdilik ve İmamiye» (Мехдилик жана Имамдык) китебинин автору Ибрахим Кожабыйыктын 2000-ж. 15-21-январындагы Aksiyon журналында жарыяланган бир интервьюда Мехдилик жөнүндө айткан көз-караштарын сиздерге суналы:
Mehdilik ve İmamiye китебинин автору Ибрахим Кожабыйык:
«Мехди адамзаттын оңолушу-тазаланышы үчүн иш-аракет жүргүзөт»
Мехди менен мужеддид окшош маанидеги сөздөр катары колдонулган. Эбу Давуддун Сүненинде айтылган, Аллах жүз жылда бир жаңылаган ал мехдилер же мужеддиддер ар кандай өзгөчөлүктөр менен элдерге келишкен.
◉ Мехди темасы диний булактарда кандай орун алат?
◉ Бул тема Куранда Мехди деп айтылбайт. Хади ысмы 5 жерде Курани Керимде эскерилет. Хадийен жана Насира деп. Тамыр катары Хеда уңгусунан келгендиктен Мехди менен Хади ысмынын байланышы бар.
◉ Б.а. Мехди Аллахтын Хади ысмына бөлөнгөн киши.
◉ Ооба.
◉ Б.а. чектен чыгуулардын масштабы кыяматтын келишин зарыл кыла турган даражаларга жетет. Бул чектен чыгуулар ушундай даражага жетет; анан менин урпактарымдан деп айткан, бузулдаган, илгеркилер айткандай силсиле-и зехеб, сейиттер деп айтылган ошол алтын урпактардан келет дейт.
Кыямат келээрден мурда бүт адамзатка кучак жайган бир оңдоо иш-аракети болот. Муну баса белгилеп кетүү керек. Мехдилик бир аймакты, же бир өлкөнү гана көздөгөн бир кыймыл эмес.
◉ Бул жерде уруксат берсеңиз бир жагдайды айтып кетели. Чыныгы Аз. Мехди (ас) – бул Пайгамбарыбыз. Хади ысмына бөлөнгөн инсан же инсандар ал алып келген жана сиз негизги жол деп атаган жолго көбүрөөк адамды салууда роль ойношот.
◉ Албетте.
◉ Акыр заман Мехдиси болсо ошол жолду өз заманына эң сонун алып бара турган инсан болот.
◉ Ооба. Ошол үчүн бул мааниде Мехди менен Мужеддид окшош мааниде колдонулган. Эбу Давуддун Сүненинде айтылган, Аллах жүз жылда бир жаңылаган ал Мехдилер же Мужеддиддер ар кандай өзгөчөлүктөрдө ошол сиз айткан элдерге келишкен.
Мисалы, Имам Раббани өз доорунда каттар менен алыс жердегилерге да жетип бул жаңылоо кызматын аткарууга аракет кылат. Мисалы, бир Имам Газалини алалы. Эййүхел Велед китебин жазат, баласына насыйкат сыяктуу. Бир Техафүтүъл Феласифе'ни жазат философторго каршы. Ал доордо грек философиясынын жаштардын диний ишенимине терс таасир бергенин көрөт. Бүгүнкү күндө да көп агымдар таасир берген сыяктуу. Бир тараптан Ихйа-и Улумиъд-дин, экинчи тараптан Техафүт, Ислам илимдери талкаланып кайрадан оңдолуп жаткан сыяктуу бир оңдоо.
Бир оңдоо кыймылы, ансыз да булар ошол эле учурда. Ошондуктан жаңылоонун астында да ушул оңдоо турат. Бир реформа сыяктуу түшүнүү керек бул жаңылоону. Ошон үчүн Куран жолу деп аталган бул негизги жолго, пайгамбар жолуна чакырган бул мужеддиддер көп элдерге үнүн жеткирүү үчүн же китеп жазышкан, чакырык жасашкан же шакирттерди тарбиялап ал шакирттерди дүйнөгө таратышкан...
◉ Эң ишенимдүү эки булак катары белгилүү болгон Бухари менен Муслимде кандайча орун алат?
◉ Мехди ысмы эскерилбестен, оңдой турган момун деп айтылат. Башка хадис китептеринде болсо Аз. Мехди (ас) деп айтылат. Өзгөчө Тирмизи бул хадистерди алган соң «Хаза сахихун хасенүн» дейт. Тирмизинин өз пикири боюнча, бул сөз менен берилген хадистер Бухари менен Муслим хадиси сыяктуу ишенимдүү. Биздин доордо жашаган Киттани Мехдилик жөнүндөгү риваяттарды бир китеп кылып, ал риваяттардын жалпысынын теватүр даражасына жеткенин айткан. (Aksiyon dergisi, 15-21 Ocak 2000)
Учурдагы изилдөөчүлөрдөн Сүлейман Көсмененин да Мехдилик жөнүндө көп макалалары бар. Төмөндөгү баян автордун "Fıkıh Günlüğü" деп аталган макалаларын жазган Yeni Asya гезитинин 2003-ж. 2-январындагы макаласынан алынган.
Зонгулдактан бир аял окурманыбыз: «Устат Азрети (Бедиүззаман) Аз. Мехди (ас) жөнүндө кээ бир жерлерде «кийин келет; биз ага негиз даярдап жатабыз» дейт. Бул кандай мааниге келет? Негиз даярдоо дегендин мааниси кандай? Аз. Мехди кийин келеби?»
Аланиядан Ремзи Четин: «Рисели-и Нурду окугандар арасында Аз. Мехдини издегендер бар. Аз. Мехди (ас) келгенби? Келеби? Аз. Мехдини тапкан эмне кылышы керек?»
Стамбул/Пендиктен Румейса окурманыбыз: «Бир күнү кечинде телевизор программасында бир дин изилдөөчү «аяттардан түшүнгөнүм боюнча Азрети Мехди (ас) 2005-жылы келет» деди. Бул кандай мааниге келет? Канчалык туура?»
Азрети Мехди Алейхиссаламдын чыгышы Пайгамбар Мырзабыз Алейхиссалату Вассаламдын акыр заман жөнүндө берген кайыптык кабарлардын бирөөсү. Бир миң төрт жүз жылдан бери үммөт бул кабарды бийик тутуп сактап келген; дажжалдан канчалык Аллахка корголонсо, Аз. Мехдини да ошончолук Аллахтын мээриминен күтүшкөн. Ар кылым бир түр Мехдиге муктаж болуп, мужеддид маанисинде бир түр Мехдини көргөн болсо да; бул акыркы кылымдагы Улуу Мехди өзүнчө бир өзгөчөлүк, сыпат, наам жана даража менен күтүлгөн жана бүт оңолуу үмүттөрү дээрлик ага болгон.
Бирок Азрети Мехди Алейхиссалам жөнүндөгү кабарлар да, башка акыр заман кабарлары сыяктуу жашыруун, пардалуу жана туура чечмелөө керек болгон кабарлардан. Азрети Иса Алейхиссалам келгенде аны баары тааныбай, анын жакындары менен алдыңкы адамдар ыймандын нуру менен аны тааный турган сыяктуу, Азрети Мехди Алейхиссаламга да ушундай абал тиешелүү. Б.а. бүт баары Азрети Мехди Алейхиссаламды ачык тааныбайт. Мунун өзгөчө ибадатка, сыноо сырына жана кулчулукка тиешелүү маанилүү сырлары бар.
Бул бир пайгамбарлык эмес, апачык билингидей. Мехдилик макамы жашыруун даражалуу бир макам. Сыноо сыры бул макамдын жашыруун калышын талап кылат. Бул макамдын ээси пайгамбарлар сыяктуу өзүн ачык жарыялабайт. Бул макам үчүн мындай мажбурлук жана муктаждык жок.
Пайгамбарлык макамын тануу каапырдык болот. Мындан улам пайгамбарлар «Ла Илаха ИллАллах» сөзүнөн соң өздөрүнүн Аллахтын кулу жана элчиси экенин бир ыйман шарты катары калыпка салышып, адамдарды ушул ыйманга чакырышкан. Мунун тууралыгын тастыктоо үчүн болсо керек болгондо Аллахтын жардамы менен керемет көрсөтүшкөн.
Бирок Мехдилик макамы «Аллахка жана пайгамбарга ыйман» акыйкатынын ичинде жана түпкүрүндө бул акыйкатты далилдөө үчүн Аллах тарабынан жаратылган бир акыр заман күзгүсү. Б.а. ыйман үчүн бир күзгү; бирок ыймандын өзү эмес. Азрети Мехди Алейхиссаламдын Мехди экенине ыйман кылуу эмес, ага моюн сунуу жана ал сунган акыйкаттарга ишенүү керек. Бул жагынан Мехди Алейхиссалам пайгамбар сыяктуу ачык келбейт, өзүн мен Мехдимин деп жарыялабайт.
Пайгамбар Мырзабыз (сав) мындай деген: «Адамдар 1400-жылы
Аз.Мехди (ас)дын жанында чогулушат.»
(Risalet-ül Huruc-ül Mehdi, б.108)
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)