Эсбаг бин Небате айтат: Эмирүлмүминин Али алейхиссалам мындай деди: «... Силерден болгону көздөрү сүрмөдөй же тамактагы тузчалык калат. Жана мен силерге бир мисал берем: бир адамдын белгилүү өлчөмдө буудайы бар. Аны тазалап, бир үйгө коюп койот, бир топ убакыт кийин келип караганда анын курттаганын көрөт, аны кайра терип, тазалаган соң кайра үйгө коюп койот. Бир топ убакыттан кийин келгенде анын кайра курттаганын көрөт. Кайра аны терип, тазалайт жана муну көп жолу кайталайт. АЯГЫНДА КУРТТАР ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАГАН ӨТӨ АЗ САНДА БЕКЕМ БУУДАЙ КАЛАТ. Мына силер да ушундайсыңар. АЯГЫНДА АРАҢАРДА ФИТНАЛАР ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАГАН ӨТӨ АЗ САНДАГЫ БИР ТОП КАЛАТ.» (Ушул эле хадисти Ахмет бин Мухаммед бин Саид да алып өткөргөн.) (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 246-б.)
Хадисте Аз. Мехди (ас) жамаатынан чыккан мүнафыктардын «буудайга кирген жийиркеничтүү курттар» сыяктуу экени кабар берилген. Аз. Мехди (ас) жамааты «буудай сыяктуу келечекте гүлдөп, өсүп өнө турган, береке алып келе турган, келечек убада кылган бир немат-жакшылыкка» окшотулган. Мүнафыктардын болсо «буудайды ичинен бузууга аракет кылган, курттай жийиркеничтүү жана зыянкеч жандыктар экени» кабар берилген.
Хадисте ээсинин буудайды тазалаары, бирок буудайдын кайрадан курттай турганы, ээси көп жолу кайра кайра тазалаган соң эң аягында буудайда эч курт калбай турганы баяндалган. Бул маалыматтар боюнча, буудайдагы жийиркеничтүү жана мите курттардын терилип, буудайдын курттардан тазаланышы сыяктуу; Аз. Мехди (ас) жамааты да белгилүү убакыттан соң мүнафыктардан тазаланып аягында таптаза бир жамаат менен өз милдетин жасайт.
... Эбу Басирден:
Имам Жафери Садык алейхиссалам «Күнөөлүүлөр жүздөрүнөн таанылат» (Мухаммед Сүрөсү, 30) аяты жөнүндө мындай деди: «АЛЛАХ АЛАРДЫ ТААНЫЙТ, БИРОК БУЛ АЯТ КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖӨНҮНДӨ ТҮШКӨН. АЗ. МЕХДИ (АС) АЛАРДЫ (МҮНАФЫКТАРДЫ) ЖҮЗДӨРҮНӨН ТААНЫЙТ ЖАНА АСХАБЫ (ШАКИРТТЕРИ) МЕНЕН БИРГЕ АЛАРДЫ (РУХАНИЙ) ТАЛКАЛАЙТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 283-б.)
МҮНАФЫКТАР МЕНЕН ЖҮРӨКТӨРҮНДӨ «ООРУСУ» БАРЛАР: «АЛЛАХ МЕНЕН ЭЛЧИСИ БИЗГЕ БОШ БИР АЛДАНУУНУ ГАНА УБАДА КЫЛДЫ» ДЕП ЖАТЫШКАН ЭЛЕ. (АХЗАБ СҮРӨСҮ, 12)
Аллах Куранда жүрөктөрүндө «оорусу» бар кишилердин «Аллах менен элчиси бизге бош бир алданууну гана убада кылды» деп айтышаарын билдирген. Бул аят Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын келишинен үмүтүн үзгөн кишилердин абалына да ишарат кылууда. Себеби бул кишилер Пайгамбарыбыз (сав) хадистери аркылуу кабар берген «Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын келишин танышып (жокко чыгарышып)», Пайгамбарыбыз (сав)дын бул жөнүндөгү сөздөрүн «негизсиз» дешүүдө. Учурда көп жерде Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын келбеши жөнүндө макала, китептер чыгып, эң негизгиси Ислам аалымы деп таанылган кээ бир кишилер да ушундай ойду айтышууда.
Бирок, бул кишилердин ушундайча «Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын келишинин чындык эмес экенине» жана «бош бир убада» экенине ишениши да Пайгамбарыбыз (сав) болот деп убада кылган окуялардын бири. Себеби Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын келишинин жакындаганын көрсөткөн акыр заман алааматтарынын бирөөсүнүн «Аз. Мехди (ас) келбейт экен, Аз. Мехди (ас) жок экен» деген сөздөрдүн көбөйүшү экени айтылган. Бул жөнүндөгү кээ бир хадистер төмөнкүдөй:
«Адамдар үмүтсүз болуп, «ЭЧ АЗ. МЕХДИ (АС) ДЕГЕН ЖОК ЭКЕН» ДЕП ЖАТКАН УБАКТА АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ ЖӨНӨТӨТ...» (Ali Bin Husameddin el-Muttaki, Kitab-ul Burhan fi-Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)
«... АЗ. МЕХДИ (АС) Расулуллах (сав)дын желеги менен, адамдардын башына балээ үстүнө балээ жааган жана ЧЫГААРЫНАН ҮМҮТ ҮЗҮЛГӨН БИР КЕЗДЕ ЧЫГАТ...» (Ali Bin Husameddin el-Muttaki, Kitab-ul Burhan fi-Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)
... АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КӨРҮНҮШҮ ҮМҮТСҮЗДҮК ЖАНА АЙЛАСЫЗДЫК УБАГЫНДА БОЛОТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 274-б.)
ЭЛ ЧЫГААРЫНАН ҮМҮТҮН ҮЗГӨН КЕЗДЕ АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫГАТ (КӨРҮНӨТ)! Анын доорунда жашап ага жардам бергендер кандай бактылуу! Ага душмандык кылып, ага жана анын буйругуна каршы чыккандар жана анын душмандары болгондор кандай бактысыз (азапта)! (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 301-б.)
Давуд бин Кесир-и Рыкки мындай дейт: «Имам Эбу Абдуллах алейхиссаламга мындай дедим: ...Бул амир (б.а. кыям) (Аз. Мехди) өтө кечикти, натыйжада жүрөктөрүбүз сыгылды жана терең кайгыдан өлүп баратабыз. Мындай деди: «БУЛ КӨРҮНҮҮ (АНЫН ЧЫГЫШЫ) МЫНДАН ДА ҮМҮТСҮЗ ЖАНА КАЙГЫ МЫНДАН ДА КӨП БОЛГОН БИР КЕЗДЕ БОЛОТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 208-б.)
Акыр заман алааматтары катары менен болуп жаткан азыркы доор бизге Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө келишинин жана Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын өтө жакындаганын көрсөтүүдө. Аллахтын уруксаты менен бул эки куттуу инсан дал Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде айткандай чыгышат жана бүт жер жүзүнө Ислам ахлагын орнотушат.
ДАГЫ КӨПТӨГӨН АДАМДАР КУРАНДАН КӨБҮРӨӨК АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) КОРККОНУ ҮЧҮН КҮНӨӨЛӨРДӨН КАЧЫНЫШАТ... (Al-Futuhatu'l Makkiyah, 6-б.)
Кээ бир адамдар Аз. Мехди (ас)дын күчтүү парасатынан, баамынан жана акылынан өтө коркушат. Ушундан улам өздөрүн ыймандуу сыяктуу көрсөтүп, Мусулмандай жашоого мажбур болушат. Жаман иштерди кылууга эрки жетип, батына алышпайт.
... бирок ЖҮРӨКТӨРҮ БӨРҮ ЖҮРӨГҮ СЫЯКТУУ КАТУУ болот. (Tirmizi (Тирмизи), Zühd (Зүхд), 60)
ЭЧ НЕРСЕ СЕНИ АГА МОЮН СУНУУДАН (АНЫН ШАКИРТИ БОЛУУДАН, АГА БАШ ИЙҮҮДӨН) ТОСУП КОЙБОСУН, САГА ЖОЛТОО БОЛГОНДОР ДАЙЫМА ФИТНА ЧЫГАРУУЧУЛАР. СҮЙЛӨГӨНДӨ ЖАМАНДЫКТЫ СҮЙЛӨШӨТ, унчукпаганда бузуку жана ичтери ирик. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-б.)
... Анан МЕДИНА ШААРЫ ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН БИРГЕ ҮЧ ЖОЛУ ТИТИРЕЙТ, НАТЫЙЖАДА (МЕДИНАДАГЫ) МҮНАФЫК ЭРКЕКТЕР МЕНЕН АЯЛДАРДАН ЭЧ КИМ КАЛБАСТАН БААРЫ АНЫН ЖАНЫНА БАРЫШАТ жана ОШЕНТИП ТЕМИР УСТА КӨБҮКТҮ, ТЕМИРДИН КИРИН, ДАТЫН КЕТИРГЕН СЫЯКТУУ МЕДИНА ДА КИРДИ (Б.А. ЗЫЯНКЕЧ АДАМДАРДЫ) СЫРТЫНА ЧЫГАРАТ ЖАНА АЛ КҮН КУТУЛУУ КҮНҮ ДЕП АЙТЫЛАТ. (Mace (Маже) том: 10, 331-335-б.)
Сүлейман бин Билал айтат: Имам Жафери Садык алейхиссалам атасынан, ал болсо чоң атасынан алып айтат, Аз. Хүсейн алейхиссалам мындай деди: Бир күнү бир адам Эмирүлмүминин Али алейхиссаламдын жанына келип: «Эй Эмирүлмүминин! Бизге Мехдиңизден айтып бересизби? дегенде мындай деди: «КЕТИШИ КЕРЕК БОЛГОНДОР КЕТИП МОМУНДАР (ЫЙМАНДУУЛАР) АЗАЙГАНДА ЖАНА ФИТНА ЧЫГАРУУЧУЛАР КЕТКЕНДЕ МЫНА ОШОЛ ЖЕРДЕ (Б.А. АЛЫС БИР ЖЕРДЕ КӨРҮНӨТ.)» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 250-б.)
Аз. Муавийе (ра)дан риваят кылынган: «ҮММӨТҮМДӨН БИР ТОП БҮТ БААРЫНА ӨКҮМДАР БОЛМОЮНЧА КЫЯМАТ БОЛБОЙТ. АЛАР АЛАРДЫ ТАШТАП КЕТКЕНДЕРДЕН ТААСИРЛЕНБЕЙТ ЖАНА АЛАРГА ЖАРДАМ БЕРГЕНДЕРДЕН ДА ТААСИРЛЕНИШПЕЙТ. (Ramuz el-hadis, 476 (İbni Mace (Ибни Маже))
Аз. Жабир (ра)дан риваят кылынган: «БУЛ ИШ АНДАН БӨЛҮНҮП КЕТКЕНДЕРГЕ КАРАБАСТАН ЖЕҢГЕН (ҮСТӨМ) АБАЛДА УЛАНАТ. КАРШЫ ЧЫККАНДАРДЫН ЖАНА БӨЛҮНҮП КЕТКЕНДЕРДИН АГА ЗЫЯНЫ ТИЙБЕЙТ.» (Ramuz el-hadis 487)
Севбан (ра)дан риваят кылынган; Расулуллах (сав) мындай деди: «ҮММӨТҮМДӨН БИР ЖАМААТ АЛЛАХТЫН БУЙРУГУ КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН БАТЫЛДЫ (ЖАЛГАНДЫ) ЖЕҢГЕН АБАЛДА, АКЫЙКАТ ЖОЛДО ЖОЛУН УЛАНТАТ ЖАНА АЛАРДЫ ЖАРДАМЧЫСЫЗ КАЛТЫРГАНДАР АЛАРГА ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛЫШПАЙТ.» (Sünen-I Tirmizi (Сүнени Тирмизи), 4/91)
«... ЭЛЕНЕСИҢЕР, АЛТЫНДЫН ЭЛЕНИШИ СЫЯКТУУ. ЖАНА АЛТЫН СЫЯКТУУ ТЕРИЛИП, ТАЗА БОЛОСУҢАР.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 236-б.)
Абдуллах бин Өмери Йемани бир рижальден алып айтат; имам Мухаммед Бакыр алейхиссалам мындай деди: «КӨЗДӨГҮ СҮРМӨНҮН ТАЗАЛАНЫШЫ СЫЯКТУУ ТАЗАЛАНАСЫҢАР ЭЙ АЛИ МУХАММЕДДИН ШИИЛЕРИ. Жана көздүн ээси сүрмөнү көзүнө качан сүрөөрүн билет, бирок качан сүрмөнү өчүрөөрүн билбейт. МЫНА ОШОЛ СЫЯКТУУ, ЭРТЕ МЕНЕН БИЗДИН ШАРИЯТЫБЫЗ МЕНЕН БУЙРУГУБУЗГА МОЮН СУНГАН КЕЧИНДЕ АНДАН ЧЫГАТ. КЕЧИНДЕ БИЗДИН ШАРИЯТЫБЫЗ МЕНЕН БУЙРУГУБУЗГА МОЮН СУНГАН БОЛСО ЭРТЕ МЕНЕН АНДАН ЧЫГАТ. (Gaybet-i numani, 241-б.)
Ал (Аз. Мехди (ас)) белгилүү мөөнөткө алардан алыстайт, натыйжада жолдон чыккандар бөлүнүп кетишет. Анан жахил (караңгы, сабатсыз) мындай дейт: «Аллахка жетүүдө ал-и Мухаммедге (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан бир адамга) муктаждык жок.» (Gaybet-i Numani, 161-б.)
Аллах адамзат тарыхы бою ар коомго акыйкат динди, сонун ахлакты, акыреттин бар экенин, дүйнө жашоосунун убактылуу экенин айтып бере турган пайгамбарлар менен элчилерди жөнөткөн. Аллах ал элчилердин себепчи кылуу менен адамдарды хидаятка (туура жолго) жана акыйкат динге чакырган.
Аз. Мехди (ас) болсо Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан Хижрий 1400-жылы келээри сүйүнчүлөнгөн, адамдардын хидаятына себепчи боло турган бир элчи. Аллах Аз. Мехди (ас) колу менен дажжалият системасын; дарвинизм, материализм, коммунизм, фашизм сыяктуу адамдарга азап, башаламандык жана согуштарды алып келген, бүт дүйнөнү кан менен көз жашына толтурган бул шайтандык системаларды пикир-илим менен жеңип, таасирсиз кылат. Аз. Мехди (ас) доорунда адамдар Аллахка ыйман келтирип, Куран ахлагын кабыл алып, Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнө ылайык жашашат, жана тынчтык, бир туугандык, биримдик жана бейпилдикте болушат.
Бирок андан мурда Аз. Мехди (ас) белгилүү бир мөөнөт бою шакирттери менен бирге көздөрдөн алыс жашайт. Бул убакта шакирттери арасында өзүн Мусулмандай көрсөткөн, бирок чындыгында ыйман келтирбеген мүнафыктар чыгып, алардын кээ бирлери Аз. Мехди (ас)дан «Аллахка ыйман келтирүү үчүн Пайгамбар (сав) урпагынан бир кишиге муктаж эмеспиз...» деген сыяктуу мисалдарды айтып бөлүнүп кетишет. Тарых бою Аллахтын пайгамбарларынын, элчилеринин, мужеддиддеринин, мужтахиддеринин, чоң аалымдардын, устаттардын каапырлар тарабынан кабыл алынбаганы сыяктуу, шакирттери арасынан чыккан кээ бир мүнафыктар да Аз. Мехди (ас)ды кабыл алгылары келбейт:
Эгер сени жалганчыга чыгарып жатышкан болсо, сенден мурдакылар да жалганга чыгарылган... (Фатыр Сүрөсү, 25)
Чындыгында болсо, дин ахлагынан алыстап, жамандык, зомбулук, адилетсиздик менен уятсыздыктар көбөйгөн кезде Аллах элдерге акыйкат динди түшүндүрө турган, аларды арам иштерден тосуп, жакшылыкка чакыра турган пайгамбарлар, элчилер, мужеддиддер, устаттар, хидаят башчыларын жөнөтүп, адамдарды дин ахлагына чакырган.
Эй Адам урпактары, араңардан силерге аяттарымды кабар берген элчилер келгенде, ким тартынса жана (өзүн) оңдосо мына ошолорго коркуу жок, алар кайгырышпайт. (Аьраф Сүрөсү, 35)
Акыр заманда фитна, жамандыктар өтө көбөйгөн, арамдар адал, адалдар арам саналган азыркыдай бир убакта Аллах Аз. Мехди (ас)ды акыр замандын эң чоң мужеддиди (жаңылоочу, ар кылымдын башында диний акыйкаттарды ошол доордун муктаждыктарына жараша сабак берүү үчүн жөнөтүлгөн чоң аалым), өкүмдары, устаты жана кутб-у азамы (улуу кутбу) катары жөнөтөт. Устат Саид Нурси Азрети Аз. Мехди (ас)дын акыр замандын чоң башаламандыгы убагында жөнөтүлөөрүн Мектубатында мындайча билдирген:
«Женабы Хак (Улуу Аллах) ... акыр замандын эң чоң башаламандыгы убагында, албетте, эң чоң бир мужтахид, жана эң чоң бир мужеддид (керек болгондо аят менен хадистерден өкүм чыгаруучу чоң Ислам аалымдары жана башчылары), жана өкүмдар, жана Мехди, жана устат (муршит), жана кутб-у азам (заманынын эң чоң диний лидери) катары бир нурдуу затты (нурдуу бир инсанды) жөнөтөт жана ал зат Эхли Бейт-и Небевиден (Аз. Пайгамбар (сав)дын урпактарынан) болот.» (Mektubat (Мектубат), Yirmi Dokuzuncu Mektup (Жыйырма тогузунчу мектуп), 49-б.)
Аз. Мехди (ас) адамдар арасында Курани Керим жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтү менен өкүм берет. Мүнафыктар менен Аллахты тангандар канчалык жолтоо болууга аракет кылышпасын, Аз. Мехди (ас) Аллахтын уруксаты менен өз милдетин эң сонун орундатат.
Хадисте ошондой эле «ал-и Мухаммед» деп Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбырыбыз (сав)дын урпактарынан экенине дагы бир жолу көңүл бурулган.
ДАГЫ КӨПТӨГӨН АДАМДАР КУРАНДАН КӨБҮРӨӨК АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) КОРККОНУ ҮЧҮН КҮНӨӨЛӨРДӨН КАЧЫНЫШАТ... (Al-Futuhatu'l Makkiyah, 6-б.)
Эсбаг бин Небате айтат: Эмирүлмүминин Али алейхиссалам мындай деди: «... Силерден болгону көздөрү сүрмөдөй же тамактагы тузчалык калат. Жана мен силерге бир мисал берем: бир адамдын белгилүү өлчөмдө буудайы бар. Аны тазалап, бир үйгө коюп койот, бир топ убакыт кийин келип караганда анын курттаганын көрөт, аны кайра терип, тазалаган соң кайра үйгө коюп койот. Бир топ убакыттан кийин келгенде анын кайра курттаганын көрөт. Кайра аны терип, тазалайт жана муну көп жолу кайталайт. АЯГЫНДА КУРТТАР ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАГАН ӨТӨ АЗ САНДА БЕКЕМ БУУДАЙ КАЛАТ. Мына силер да ушундайсыңар. Аягында араңарда фитналар эч зыян тийгизе албаган өтө аз сандагы бир топ калат.» (Ушул эле хадисти Ахмет бин Мухаммед бин Саид да алып өткөргөн.) (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 246-б.)
... Эбу Басирден:
Имам Жафери Садык алейхиссалам «Күнөөлүүлөр жүздөрүнөн таанылат» (Мухаммед Сүрөсү, 30) аяты жөнүндө мындай деди: «АЛЛАХ АЛАРДЫ ТААНЫЙТ, БИРОК БУЛ АЯТ КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖӨНҮНДӨ ТҮШКӨН. АЗ. МЕХДИ (АС) АЛАРДЫ (МҮНАФЫКТАРДЫ) ЖҮЗДӨРҮНӨН ТААНЫЙТ ЖАНА АСХАБЫ (ШАКИРТТЕРИ) МЕНЕН БИРГЕ АЛАРДЫ (РУХАНИЙ) ТАЛКАЛАЙТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 283-б.)
Бөлүнүп кеткендер да, каршы чыккандар да ага (Аз. Мехди (ас)га) зыян тийгизе албайт. Ал андан бөлүнүп кеткендерге карабастан жеңген абалда жолун улантат. (Ramuz e'l-Ehadis, 487-б.) (Таберани'нин Кебир'инен)
Эй адамдар, сөзсүз Аллах Таала силерден ЗААЛЫМДАРДЫ, МҮНАФЫКТАРДЫ жана АЛАРДЫ ЭЭРЧИГЕНДЕРДИ тоскон жана силерге Мухаммед үммөтүнүн эң жакшысы болгон... Аз. Мехди (ас)ды башчы кылган, ага кошулгула. (El Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, 31-б.)
Нежхүл Белагадан: Ыймандуулардын Мырзасы (сав) мындай деди: «Ал (Аз. Мехди (ас)) адамдардан жашынган кезде, КУУГУНЧУЛАР ИЗДЕСЕ ДА АНЫН БУТ ИЗДЕРИН КӨРӨ АЛЫШПАЙТ. (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-том], Ansariyan Yayıncılık, топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)
Акыр заманда динсиздиктин эки агымы күчөйт:
Бирөөсү: нифак (бөлүнүүчүлүк, эки жүздүүлүк) пардасы астында рисалет-и Ахмедийени (асм) тана турган, Сүфйан аттуу укмуштуу бир киши нифакчылардын башына өтүп, Ислам шариятын бузууга аракеттенет. Ага каршы, Ал-и Бейт-и Небевинин нурдуу санжырасына уланган эхли велайет жана эхли кемальдин башына өтө турган, Ал-и Бейттен МУХАММЕД МЕХДИ аттуу бир нурдуу зат ал Сүфйандын шахс-ы маневиси (пикирдик системасы) болгон МҮНАФЫКТЫК АГЫМЫН ТААСИРСИЗ КЫЛЫП ТАЛКАЛАЙТ. (АЛТЫНЧЫ ИШАРАТ (Mektubat, 56-57-б.))
Кыямат болбойт, үммөтүмдөн бир топ бүт адамдарга өкүмдар болмоюнча. АЛАР АЛАРДЫ ТАШТАП КЕТКЕНДЕРДИН ТАШТАШЫНА МААНИ БЕРИШПЕЙТ жана аларга жардам бергенден да таасирленишпейт. (Ramuz El-Ehadis, 472 -Hanbelin Müsned'i (Ханбелдин Мүснеди) - Buhari (Бухари) – Müslim (Муслим))
ҮММӨТҮМДӨН БИР ЖАМААТ ДАЙЫМА Аллахтын буйругуна ылайык ДУШМАН МЕНЕН БОЛГОН КҮЧҮ МЕНЕН КҮРӨШӨТ, КАРШЫ ЧЫККАНДАР АЛАРГА ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАЙТ. (Бул кыяматка чейин ушундайча уланат.) (Kıyamet Alametleri, 28)
Ал (Аз. Мехди (ас)) белгилүү мөөнөткө алардан алыстайт, натыйжада жолдон чыккандар бөлүнүп кетишет. Анан жахил (караңгы, сабатсыз) мындай дейт: «Аллахка жетүүдө ал-и Мухаммедге (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан бир адамга) муктаждык жок.» (Gaybet-i Numani, 161-б.)
«Жашыруун чогулуштардын шыбырашмайларынан» кайтарылып, анан (ошол) кайтарылган нерсеге кайра кайткандарды; күнөө, душмандык жана пайгамбарга баш көтөрүүнү (өз ара) шыбырашкандарды көрдүңбү? Алар сага келгенде, сени Аллах саламдаган сыяктуу саламдашат. Жана өздөрүнө өздөрү: «Айткандарыбыз үчүн Аллах бизге азап бербейби.» дешет. Аларга тозок жетет; ошол жерге киришет. Ал бара турган кандай жаман орун. (Мүжаделе Сүрөсү, 8)
Шексиз, «жашыруун чогулуштардын шыбырашмайлары» ыйман келтиргендерди кайгыга салуу үчүн бир гана шайтан (жасаган иштер)ден. Бирок Аллахтын уруксаты болмоюнча ал аларга эч кандай зыян тийгизе албайт. Демек момундар бир гана Аллахка тобокел кылышсын. (Мүжаделе Сүрөсү, 10)
Ант болсун, мурда алар фитна издешкен эле. Жана сага каршы бир катар иштерди жасашкан. Аягында алар каалабаса да акыйкат келди жана Аллахтын буйругу ачыкка чыгып-жогору болду. (Тообо Сүрөсү, 48)
Алар адамдардан жашырышат да, Аллахтан жашырышпайт. Чындыгында болсо алар Ага жакпай турган нерсени «түндөлөрү пландап түзүп жатышканда» (Аллах) алар менен бирге. Аллах – жасагандарын курчоочу. (Ниса Сүрөсү, 108)
«Макул-кабыл алдык» дешет. Бирок жаныңдан чыкканда алардан бир топ караңгыларда сенин айтканыңдын тескерисин пландашат. Аллах караңгыларда пландагандарын жазып жатат. Сен болсо алардан жүз бур жана Аллахка тобокел кыл. Векил (таянылуучу Зат) катары Аллах жетет. (Ниса Сүрөсү, 81)
Силер менен бирге чыгышканда, силерге «жамандык менен зыяндан» башка нерсе кошмок эмес жана араңарда сөзсүз фитна чыгаруу үчүн ичиңерде аракет кылышмак. Араңарда аларга «кабар ташуучулар» бар. Аллах зулумдук кылуучуларды билет. (Тообо Сүрөсү, 47)
Адамдардын арасында ушундайлар бар: «Биз Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет; чынында болсо ишенишпейт. (Өз оюнда) Аллахты жана ыйман келтиргендерди алдашат. Чынында болсо алар өздөрүн гана алдап жатышат жана муну билишпейт. Жүрөктөрүндө оору бар. Аллах да ооруларын көбөйттү. Калп айтып жаткандыгы үчүн аларга оор бир азап бар. (Бакара Сүрөсү, 8-10)
Мүнафык эркектер менен мүнафык аялдар; кээ бири кээ биринен; жамандыкка буюрушат, жакшылыктан тосушат, абдан сараңдык кылышат... (Тообо Сүрөсү, 67)
Чындыгында болсо иззет (күч, кадыр-барк жана улуулук) Аллах, Анын Элчиси жана момундарга тиешелүү. Бирок мунафыктар билишпейт. (Мүнафикун Сүрөсү, 8)
Аллахтын элчисине каршы чыгышып, (согуштан) калып калгандар отуруп-калганына сүйүнүштү жана Аллах жолунда мал-мүлктөрү жана жандары менен жехд кылууну (аракет кылууну) жаман көрүшүп: «Мындай ысыкта (согушка) чыкпагыла» дешти. Айткын: «Тозок отунун ысыктыгы күчтүүрөөк.» Түшүнүшсө кана. (Тообо Сүрөсү, 81)
Чындап силерденбиз деп Аллахтын атынан ант ичишет. Чынында болсо алар силерден эмес. Бирок алар абдан коркок адамдар. Эгер алар бир башпаанек же (жашай турган) үңкүрлөр же болбосо кире турган бир жер табышканда, ошол замат ошол жакты көздөй качышмак. (Тообо Сүрөсү, 56-57)
Алар үрккөн жапайы эшектер сыяктуу; арстандан коркуп качкан. (Мүдессир Сүрөсү, 50, 51)
Силер мына ушундайсыңар; аларды жакшы көрөсүңөр, алар болсо силерди жакшы көрүшпөйт. Силер Китептин баарына ишенесиңер, алар силерге жолукканда, «ишендик» дешет, өз башынча калганда болсо, силерге болгон кекенүү жана ачууларынан улам сөөмөйлөрүн кезешет. Айткын: «Кек жана ачууңар менен өлгүлө». Күмөнсүз, Аллах жүрөктөрдүн түбүндө жашыруун турганды билүүчү. (Али Имран Сүрөсү, 119)
Же жүрөгүндө оорусу (илдети) барлар Аллах кекенүүбүздү эч (ачыкка) чыгарбайт деп ойлоштубу? (Мухаммед Сүрөсү, 29)
... Жок, алар «талашка жакын жана душман» бир коом. (Зухруф Сүрөсү, 58)
Же алар Аллах Өз берешендигинен адамдарга бергендерин кызганып жатышабы?.. (Ниса Сүрөсү, 54)
Силерге бир жакшылык келсе капаланышат, силерге бир жамандык келгенде болсо буга сүйүнүшөт. Эгер силер сабыр кылсаңар жана сактансаңар, алардын «тузактары» силерге эч бир зыян бере албайт. Күмөнсүз, Аллах кылып жаткандарын ороочу. (Али Имран Сүрөсү, 120)
Эгер силерди колго түшүргөн болсо, силерге душмандык кылышат, колдору менен тилдерин жамандык менен силерге узатышат. Алар силердин танышыңарды (ыймансыз болушуңарды) ичинен каалашкан. (Мүмтехине Сүрөсү, 2)
Зыян тийгизүү, каапырдыкты (күчөтүү), момундардын арасын ажыратуу (бузуу) жана мурда Аллахка жана элчисине каршы согушканды күтүү үчүн мечит кургандар жана: «Биз жакшылыкты гана кааладык» деп ант ичкендер (бар го), Аллах алардын шексиз жалганчы экенине күбөлүк берет. (Тообо Сүрөсү, 107)
Эгер жакын бир пайда жана орто бир сапар болгондо, алар сөзсүз сени ээрчишмек. Бирок кыйынчылык аларга алыс сезилди. «Эгер күчүбүз жеткенде, сөзсүз сени менен бирге (согушка) чыкмакпыз» деп сага Аллах атынан ант ичишет. Өз напсилерин (өздөрүн) кыйроого түртүшүүдө. Аллах алардын чындап жалган сүйлөгөнүн билет. (Тообо Сүрөсү, 42)
Алардын кээ бирлери келип сени угат. Кийин жаныңдан чыгып кеткенде, илим берилгендерге: «Ал бир аз мурда эмне деди?» дешет. Мына ошолор; Аллах алардын жүрөктөрүн мөөрлөгөн жана алар өз каалоолоруна моюн сунушкан. (Мухаммед Сүрөсү, 16)
Мына ошол жерде ыйман келтиргендер сыналган жана күчтүү бир олку-солкуга кабылышкан эле. Мүнафыктар жана жүрөктөрүндө «оорусу» (илдети) барлар: «Аллах жана Элчиси бизге куру бир алданууну гана убада кылышты» деп жатышкан. Алардан бир топ мындай деген эле: «Эй Йасриб (Медина) калкы, эми силер үчүн (бул жерде) кала турган жер жок, демек артка кайткыла.» Алардан бир топ болсо: «Чындап үйлөрүбүз ачык» деп Пайгамбардан уруксат сурап жаткан; бирок алар(дын үйлөрү) ачык эмес эле. Алардын качкысы гана келип жаткан. (Ахзаб Сүрөсү, 11, 12, 13)
Чынында мүнафыктар оттун эң төмөн кабатында. Аларга бир жардамчы таба албайсың. (Ниса Сүрөсү, 145)
Мүнафыктарга сүйүнүчтүү кабар айт: алар үчүн чындыгында оор бир азап бар. (Ниса Сүрөсү, 138)
(Булар) Аллахтын убадасын аны чындап тастыктаган соң бузушат, Аллах бириктиргиле деп буйруган нерсени үзүшөт жана жер бетинде бузукулук чыгарышат. Зыянга учурагандар мына ушулар. (Бакара Сүрөсү, 27)
(Булар) Аллахтын убадасын аны чындап тастыктаган соң бузушат... (Бакара Сүрөсү, 27)
Алардын көпчүлүгүнүн каапырдыкка адашкандар менен достошконун көрөсүң... (Маида Сүрөсү, 80)
Эгер аларга (шаардын ар) тарабынан кирилип, анан алардан фитна (башаламандык чыгарышы) талап кылынганда, эч күмөнсүз ага барышмак жана мында өтө аз (убакыт) гана (ойлонуп) турушмак. Бирок, ант болсун, мурда «артка бурулуп качпоо» жөнүндө Аллахка сөз беришкен эле; Аллахка берилген сөз (убада) болсо (оор бир) жоопкерчилик. (Ахзаб Сүрөсү, 14-15)
КИМ АЛЛАХКА, ПЕРИШТЕЛЕРИНЕ, ЭЛЧИЛЕРИНЕ, ЖАБРАИЛГЕ ЖАНА МИКАИЛГЕ ДУШМАН БОЛСО, күмөнсүз Аллах да каапырлардын душманы.» (Бакара Сүрөсү, 98)
Адамдардын арасында ушундайлар бар, дүйнө жашоосу жөнүндөгү сөздөрү сага жагат жана жүрөгүндөгүнө карабастан Аллахты күбө келтирет; ЧЫНДЫГЫНДА БОЛСО АЛ АЙЫГЫШКАН БИР ДУШМАН. (Бакара Сүрөсү, 204)
Эй ыйман келтиргендер, силерден эместерди сырдаш кылбагыла. Алар СИЛЕРГЕ ЖАМАНДЫК ЖАНА ЗЫЯН ТИЙГИЗҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫП, СИЛЕРГЕ ООР БИР АЗАП БЕРЕ ТУРГАН НЕРСЕНИ ЖАКТЫРЫШАТ. ЖАМАН КӨРҮҮ (ЖАНА ДУШМАНДЫКТАРЫ) ООЗДОРУНАН СЫРТКЫ ЧЫКТЫ, көкүрөктөрүндө жашыруун сактагандары болсо андан күчтүүрөөк. Балким акыл жүгүртөрсүңөр деп силерге аяттарыбызды түшүндүрдүк. (Али Имран Сүрөсү, 118)
АЛЛАХ СИЛЕРДИН ДУШМАНДАРЫҢАРДЫ ЖАКШЫРААК БИЛҮҮЧҮ; бир вели (эң ишенимдүү бир дос) катары Аллах жетет, бир жардамчы катары да Аллах жетет. (Ниса Сүрөсү, 45)
Жер бетинде кадам басканыңарда (сапарга же согушка чыкканыңарда), КААПЫРЛАРДЫН СИЛЕРГЕ БИР ЖАМАНДЫК КЫЛЫШЫНАН КОРКСОҢОР, намазды кыскартып окушуңарда силерге күнөө жок. КҮМӨНСҮЗ, КААПЫРЛАР СИЛЕРГЕ АНЫК ДУШМАН. (Ниса Сүрөсү, 101)
Силерге келгенде: «ишендик» дешет. Бирок алар каапырдык (ыймансыздык) менен киришкен жана кайра аны менен чыгышкан. Аллах (алардын) жашыргандарын жакшыраак билет. АЛАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮНҮН КҮНӨӨДӨ, ДУШМАНДЫКТА жана арамды жеште АРАКЕТТЕРИН ЫЛДАМДАТКАНЫН КӨРӨСҮҢ. Кылган иштери кандай жаман. (Маида Сүрөсү, 61-62)
Ант болсун, АДАМДАРДЫН АРАСЫНДА ЫЙМАНДУУЛАРГА ЭҢ КҮЧТҮҮ ДУШМАН КАТАРЫ ЕВРЕЙЛЕР МЕНЕН МУШРИКТЕРДИ КӨРӨСҮҢ. ... (Маида Сүрөсү, 82)
ОШЕНТИП АР ПАЙГАМБАРГА АДАМ ЖАНА ЖИН ШАЙТАНДАРЫНАН БИР ДУШМАН КЫЛДЫК ... (Энъам Сүрөсү, 112)
Аларга каршы күчүңөрдүн жетишинче күч-кубат жана багылган аттар даярдагыла. Аны менен АЛЛАХТЫН ДУШМАНЫН ЖАНА СИЛЕРДИН ДУШМАНЫҢАРДЫ ЖАНА АЛАРДАН ТЫШКАРЫ СИЛЕР БИЛБЕЙ АЛЛАХ БИЛГЕН БАШКА (ДУШМАНДАРДЫ) КОРКУТУП-ТОСОСУҢАР. Аллах жолунда эмнени садака кылсаңар, силерге «толугу менен төлөнөт» жана силер адилетсиздикке кабылбайсыңар. (Энфал Сүрөсү, 60)
Биз Исраил урпактарын деңизден өткөрдүк; ФАРАОН МЕНЕН АСКЕРЛЕРИ АЙЫГЫШЫП, ДУШМАНДЫК МЕНЕН АРТТАРЫНАН КУУДУ... (Йунус Сүрөсү, 90)
Анан (Аллах) кыямат күнү аларды төмөн кылат жана мындай дейт: «АЛАР ЖӨНҮНДӨ (ЫЙМАНДУУЛАРГА) ДУШМАНДЫК КЫЛГАНЫҢАР ШЕРИКТЕРИМ КАНА?» ... (Нахл Сүрөсү, 27)
Мына ушундай; Биз АР ПАЙГАМБАРГА КЫЛМЫШКЕР-КҮНӨӨКӨРЛӨРДӨН БИР ДУШМАН КЫЛДЫК. Жол көрсөтүүчү жана жардамчы катары Раббиң жетет. (Фуркан Сүрөсү, 31)
Айтышты: «Биздин кудайларыбыз жакшыбы, же албы?» Аны бир гана талаш темасы болсун деп (мисал) беришти. Жок, АЛАР «ТАЛАШКА ЖАКЫН ЖАНА ДУШМАН» БИР КООМ. (Зухруф Сүрөсү, 58)
«Жашыруун чогулуштардын шыбырашмайларынан» кайтарылып, анан (ошол) кайтарылган нерсеге кайра кайткандарды; КҮНӨӨ, ДУШМАНДЫК ЖАНА ПАЙГАМБАРГА БАШ КӨТӨРҮҮНҮ (ӨЗ АРА) ШЫБЫРАШКАНДАРДЫ КӨРДҮҢБҮ? Алар сага келгенде, сени Аллах саламдаган сыяктуу саламдашат. Жана өздөрүнө өздөрү: «Айткандарыбыз үчүн Аллах бизге азап бергенде кана.» дешет. Аларга тозок жетет; ошол жерге киришет. Ал бара турган кандай жаман орун. (Мүжаделе Сүрөсү, 8)
ЭЙ ЫЙМАН КЕЛТИРГЕНДЕР, МЕНИН ДА ДУШМАНЫМ, СИЛЕРДИН ДА ДУШМАНЫҢАРДЫ дос (вели) тутпагыла. Силер аларды жакшы көрүп жатасыңар; алар болсо акыйкаттан силерге келгенди танышкан, Раббиңер Аллахка ишенгениңер үчүн элчини да, силерди да (мекендериңерден) сүрүп-чыгарышкан. ... (Мүмтехине Сүрөсү, 1)
Сен аларды көргөнүңдө сөөлөттүү көрүнүштөрү сага жагат. Сүйлөгөндө болсо аларды угасың. (Чынында болсо) Алар (мунара сыяктуу) сүйөп коюлган жыгач-дөңгөч сыяктуу. (Мындай чыдабас (бош) болгондуктан) Ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. АЛАР ДУШМАН, ОШОНДУКТАН АЛАРДАН КАЧЫНЫП-САК БОЛГУЛА. Аллах аларды азаптасын; кантип бурулуп кетишүүдө. (Мүнафикун Сүрөсү, 4)
Эй ыйман келтиргендер, чындыгында, СИЛЕРДИН ЖУБАЙЛАРЫҢАРДАН ЖАНА БАЛДАРЫҢАРДАН КЭЭ БИРЛЕР СИЛЕР ҮЧҮН ДУШМАН. Андай болсо алардан сактангыла. Ошентсе да кечирип, токтоолук кылып (кемчиликтерин бетине айтпай), кечирим кылсаңар, албетте, Аллах кечиримдүү, коргоочу. (Тегабүн Сүрөсү, 14)
Адамдардын арасында ушундайлар бар, дүйнө жашоосу жөнүндөгү сөздөрү сага жагат жана жүрөгүндөгүнө карабастан Аллахты күбө келтирет; ЧЫНДЫГЫНДА БОЛСО АЛ АЙЫГЫШКАН БИР ДУШМАН. (Бакара Сүрөсү, 204)
Эй Пайгамбар, КААПЫРЛАР МЕНЕН ЖАНА МҮНАФЫКТАР МЕНЕН жехд кыл (аракет кыл) жана аларга карата катуу жана артка кайтара турган мамиле кыл. Алардын бараар жери тозок, кандай жаман төшөк ал!.. (Тообо Сүрөсү, 73)
КААПЫРЛАРГА ЖАНА МҮНАФЫКТАРГА моюн сунба, КЫСЫМДАРЫНА АЛДЫРБА жана Аллахка тобокел кыл. Векил (тобокел кылынуучу, таяныч) катары Аллах жетет. (Ахзаб Сүрөсү, 48)
Ант болсун, эгер МҮНАФЫКТАР, ЖҮРӨКТӨРҮНДӨ «ООРУСУ» БАРЛАР жана ШААРДА ҮГҮТЧҮЛҮК КЫЛГАН (ЖАЛГАН КАБАР ЖАЙГАН)ДАР (мындай иштерин) токтотушпаса, чындап сени аларга кол салдырабыз, анан ал жерде сени менен өтө аз (убакыт) кошуна боло алышат. (Ахзаб Сүрөсү, 60)
Шаарда тогуздук (тогуз адамдык) бир уюшкан топ бар эле, ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ БУЗУКУЛУК ЧЫГАРЫШЫП, ТАРТИП-БЕЙПИЛДИКТИ БУЗУШЧУ. Өз араларында АЛЛАХ АТЫНАН АНТ ИЧИШИП, МЫНДАЙ ДЕШТИ: «ТҮНКҮСҮН СӨЗСҮЗ АГА ЖАНА БҮЛӨСҮНӨ БИР ЧАБУУЛ УЮШТУРАЛЫ, анан велисине (жакындарына): бүлөсүнүн жок болушуна биз күбө болгон жокпуз жана биз чындап чындыкты айтып жатабыз дейли.» АЛАР ТУЗАКТУУ БИР ПЛАН КУРУШТУ. Биз да (алардын тузагына каршы) алар байкабаган бир тузак курдук. ... (Немл сүрөсү, 48-50)
(Аллах) Көздөрдүн ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫН жана КӨКҮРӨКТӨРДҮН ЖАШЫРГАНДАРЫН билет. (Момун Сүрөсү, 19)
Күмөнсүз, Аллах (мушриктердин чабуулу менен тымызын тузактарын) ыйман келтиргендерден алыстатууда. Чындыгында Аллах ЧЫККЫНЧЫ ЖАНА НАШҮГҮР (ЖАКШЫЛЫКТЫ БИЛБЕГЕН) ЭЧ КИМДИ сүйбөйт. (Хаж Сүрөсү, 38)
Ал баш тарткандар (каапырлар) СЕНИ КАМОО же ӨЛТҮРҮҮ же СҮРГҮН КЫЛУУ максаты менен тузак курушкан эле. Алар бул тузакты куруп жатышканда, Аллах да бир тузак (бир жооп) куруп жаткан. Аллах тузак куруучулардын жакшысы. (Энфал Сүрөсү, 30)
Ага бир ТУЗАК КУРГУЛАРЫ КЕЛДИ, бирок Биз аларды андан да көбүрөөк кыйроого кабылгандар кылдык. (Анбия Сүрөсү, 70)