Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде, улуу ахли сүннөт аалымы Эбу Давуд Азретинин Сүнени Эбу Давуд аттуу эмгегинде, Имам Раббани Азретинин Мектубатында орун алган хадистерде жана Хижрий 1300-жылдын мужеддиди болгон акыркы миң жылдын эң чоң аалымы жана мужеддиди болгон Саид Нурси Азретинин Рисалелеринде ар кылымда Ислам динин кошумчалардан (бидаттан) тазалай турган бир адамдын келээри, ал киши себебинен Ислам ахлагы менен пазилети жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнүн жандандырылаары кабар берилген.
Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде өзгөчө Хижрий 1400-жылды Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы катары билдирген жана ушул доордон баштап адамдардын Аз. Мехди (ас) айланасында топтолуп баштаарын айткан. Саид Нурси Азрети болсо өзү жашаган Хижрий 1300-жылдан бир кылымдан кийин Аз. Мехди (ас)дын келээрин жана дүйнөгө жайылган зулумдук системасын жок кылаарын айткан.
Эбу Хурейренин риваяты боюнча; Расулуллах (сав) мындайча буюрган: Чындап Азиз жана Желил болгон Аллах АР КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА бул үммөттүн динин кошумчалардан (динге кийин кошулган туура эмес нерселерден) тазалап, жаңылай турган (илимдүү) бир затты жөнөтөт. (Sünen-i Ebu Davud, 5/100)
АР КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА бул үммөттүн уламасы арасынан БИР МУЖЕДДИД КЕЛЕТ жана шариятты (Куран ахлагы жана пазилети менен Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн) жандандырат. (Mektubat-ı Rabbani, 1/520)
Асхабы Кутуби Ситтеден Имамы Хакимдин Мүстедрекинде жана Эбу Давуддун Китабы Сүненинде, Бейхаки «Шуайбы Иманда» алып беришти (айтышты): «АР КЫЛЫМДА БИР ЖЕНАБЫ ХАК (УЛУУ АЛЛАХ) БИР МУЖЕДДИД-И ДИН (ДИНДИ ЖАҢЫЛООЧУ) ЖӨНӨТӨТ...» (Barla Lahikası, s. 119)
Устад Саид Нурси Азрети Барла Лахикасында (Barla Lahikası) Хижрий 1200-жылдын, б.а. 12-кылымдын мужеддидинин Азрети Мевлана Халид экенин билдирген.
«АР КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА динди жаңылай турган бир мужеддидди (жаңылоочууну) жөнөтөт» деген сүйүнүчтүү кабарына ылайык АЗРЕТИ МЕВЛАНА ХАЛИД –дин аалымдарынын көпчүлүгүнүн тастыкташы менен жана бир добуштан – 1200-жылдын б.а. ОН ЭКИНЧИ КЫЛЫМДЫН МУЖЕДДИДИ. (Barla Lahikası, s. 120)
Мевлана Халид-и Багдади Хижрий 1193-жылы (1779-жылы) төрөлүп, Хижрий 1242-жылы (1827-жылы) көз жумган. Бул куттуу инсан Ислам аалымдарынын көпчүлүгүнүн пикири боюнча, Хижрий 12- жана 13-кылымдар арасындагы мужеддид.
Мевлана Халид Азретинин Хижрий 1200-жылдын мужеддиди экенин айткан соң, так жүз жылдан соң, б.а. Хижрий 1300-жылы болсо Бедиүззаман Саид Нурси өзүнүн жана эмгектеринин бир мужеддид катары кызмат кылганын апачык айткан:
ТАК ЖҮЗ ЖЫЛДАН СОҢ төрт багытта толук дал келип РИСАЛЕ-И НУР БӨЛҮМДӨРҮ ОШОЛ ЭЛЕ МИЛДЕТТИ АТКАРДЫ демек... Хадисте күмөнсүз айтылгандай – Рисале-и Нур динди жаңылоо багытында БИР МУЖЕДДИД ӨКҮМҮНДӨ. (Barla Lahikası, s. 121)
Азыр эске келди, эгер шаддалуу «ламдар» жана «мимдер» эки жолудан саналса, МЫНДАН БИР КЫЛЫМДАН СОҢ ЗУЛУМДУКТУ ТАРКАТА ТУРГАН ЗАТТАР БОЛСО АЗРЕТИ МЕХДИ (АС)ДЫН ШАКИРТТЕРИ БОЛУШУ МҮМКҮН. (Şualar, s. 605)
ДҮЙНӨНҮН КЕЛЕЧЕГИНДЕ (ИСТИКБАЛ-И ДҮНЙЕВИДЕ) 1400 ЖЫЛДАН КИЙИН КЕЛЕ ТУРГАН БИР АКЫЙКАТТЫ кылымдарында жакын (кариб) деп ойлошуптур. (Sözler, s. 318)
Оо 1371 -жылдан кийинки Ислам ааламынын тагдырына көз салган Хутбе-и Шамийедеги акыйкаттар... Ооба азыр болбосо да, 30-40 жылдан кийин табигый-так илимдер жана чыныгы илим жана маданияттын жакшылыктарын ошол үч күчтү толук жабдып, шаймандарын берип ошол тогуз тоскоолдуктарды жеңип таркатуу үчүн акыйкатты изилдөө каалоосун жана ынсап менен адам сүйүүсүн ошол тогуз душман тобунун ордосуна жөнөтүп, иншаАллах ЖАРЫМ КЫЛЫМДАН СОҢ аларды жер менен жексен кылат. (Hutbe-i Şamiye, s. 25)
ЖЕТИМИШ БИРДЕ ФЕЖРИ САДЫК (таңдын агарышы, күн чыгаардан мурдакы кызаруу, эрте мененки убакыт) БАШТАЛДЫ же башталат. Эгер ал фежри казиб (эрте мененге жакын асманда жайылып баштаган биринчи кызаруу) болсо дагы, ОТУЗ КЫРК ЖЫЛДАН СОҢ ФЕЖРИ САДЫК (фежри казибден соң жайылып баштоочу экинчи таң агарышы) ЧЫГАТ. (Hutbe-i Şamiye, s. 23)
1371 + 30 = 1401 = 1981
1371 + 40 = 1411 = 1991
... Бул акыйкаттан көрүнүп тургандай; КИЙИН КЕЛЕ ТУРГАН АЛ КУТТУУ ЗАТ РИСАЛЕ-И НУРДУ БИР ПРОГРАММА КЫЛЫП ЖАЙАТ ЖАНА ИШКЕ АШЫРАТ. (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, s. 9)
ОШОЛ КЕЛЕЧЕКТЕ КЕЛЕ ТУРГАН АЖАЙЫП (таң калыштуу) ИНСАНДЫН бир КЫЗМАТЧЫСЫ жана АГА ОРУН ДАЯРДАЙ ТУРГАН БИР КӨМӨКЧҮСҮ (ДҮМДАРЫ) жана АЛ ЧОҢ ӨКҮМДАРДЫН АСТЫНАН ЖҮРГӨН БИР АСКЕРИМИН (ПИШДАР БИР НЕФЕРИ) деп ойлойм. (Barla Lahikası, s.162)
ОО АКЫР ЗАМАНДА ЖАШООНУН КЕҢИРИ ЧӨЙРӨСҮНДӨ (дүйнө жүзүндө) ЧЫНЫГЫ ЭЭЛЕРИ, Б.А. МЕХДИ МЕНЕН ШАКИРТТЕРИ ЖЕНАБЫ ХАККТЫН (УЛУУ АЛЛАХТЫН) БУЙРУГУ МЕНЕН КЕЛИП, АЛ ЧӨЙРӨНҮ КЕҢЕЙТЕТ жана АЛ УРУКТАР ГҮЛ АЧАТ. БИЗ БОЛСО КАБЫРЫБЫЗДАН КАРАП АЛЛАХКА ШҮГҮР КЫЛАБЫЗ. (Kastamonu Lahikası, s. 99)
Азыр эске келди, эгер шаддалуу «ламдар» жана «мимдер» эки жолудан саналса, МЫНДАН БИР КЫЛЫМДАН СОҢ ЗУЛУМДУКТУ ТАРКАТА ТУРГАН ЗАТТАР БОЛСО АЗРЕТИ МЕХДИ (АС)ДЫН ШАКИРТТЕРИ БОЛУШУ МҮМКҮН.» (Şualar, 1. Şua, s. 605) (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, sf. 90)
(Бедиүззаман 1-Шуаны (1. Şua) 1936-жылы жазган)
Азыркы учурда ушундай укмуштуу тенденциялар бар, баарын өз эсебине алгандыктан, элестетели, ЧЫНЫГЫ КҮТҮЛГӨН ЖАНА БИР КЫЛЫМДАН СОҢ КЕЛЕ ТУРГАН АЛ ЗАТ (Аз. Мехди (ас)) дагы бул заманда келсе... (Kastamonu Lahikası, s. 57)
Аз. Мехди (ас)дын Хижрий 1400-жылы чыгаарын билдирген бир хадис Пайгамбарыбыз (сав)дан мындайча риваят кылынган:
Адамдар 1400-жылы Аз. Мехди (ас)дын жанында чогулушат. (Risaletül Huruc-ül Mehdi, s. 108)
Имам Раббани Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дын көзү өткөн соң 1000 (миң) жылдан кийин «миң менен экинчи миң жыл арасында» келээрин билдирген:
Бирок күтүүлөр боюнча; АРАДАН МИҢ ЖЫЛ ӨТКӨН СОҢ бул сакталуу мамлекет жаңыланышы. Ага бир жогорулук берилип сууну табышы, көбөйтүлүшү... Ошентип кемчиликсиздиктин чыныгысы чыгып анын кордугун жабышы... ЖАНА УЛУУ ЖАКЫНДЫККА БАА БЕРГЕН МЕХДИ КЕЛСИН. Аллах андан ыраазы болсун. (Mektubat-i Rabbani, 1/569)
Куран өкүмдөрүнүн күчтөндүрүлүшү, элди жаңылашы ушул ЭКИНЧИ МИҢДЕ. Бул иш-аракеттин тууралыгына адилеттүү күбө: Аз. Иса (ас)дын АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН УШУЛ МИҢ ИЧИНДЕ БАР БОЛУШУ. (Mektubat-ı Rabbani, c.1, s. 611)
Расулулллах (сав)дын үммөтү арасынан чыккандан өтө кемчиликсиз. Б.а. Расулуллах (сав)дын көзү өткөндөн миң жылдан кийин кааласа аз болушсун. АРАДАН МИҢ ЖЫЛ ӨТКӨН СОҢ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЕЛИШИ ДА ОШОЛ ҮЧҮН. Анын куттуу келишин Хатемүр-рүсүл Расулуллах (сав) сүйүнчүлөгөн. Аз. Иса (ас) да арадан миң жыл өткөн соң түшөт. (Mektubat-ı Rabbani, c.1, s. 440)
Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын көзү өткөндөн миң жылдан кийин экинчи миң жылдыкка кирилген болот. Имам Раббани Азретинин жогорудагы сөздөрү боюнча, иншаАллах, Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас) ушул миң менен экинчи миң жыл арасында келишет. Мехди (ас)дын экинчи миңде келээрин апачык, таптак айткан.
Аз. Мехди (ас) Хижрий 1400-жылы чыга турган акыр замандын улуу мужеддиди. Аллах ар бир Хижрий кылымынын башында Ислам ахлагы менен пазилетин жаңылоо жана акыйкат динди кошумчалардан тазалоо үчүн бир мужеддид жөнөткөн сыяктуу, биз жашап жаткан Хижрий 1400-жылы дагы сөзсүз бир хидаят башчысы (туура жолго баштоочу), бир кутбу азам, олуя бир кишини жөнөтөт. Ал киши Мусулмандарга кылымдар бою башынан өткөргөн азап, кыйынчылык, кордук жана зулумдуктарды унуттуруп, бүт адамзатка бейпилдик, тынчтык, бакыт, адилеттүүлүк, сүйүү жана бир туугандык алып келе турган Аз. Мехди (ас). Бирок Аз. Мехди (ас) башка кылымдарда чыккан мужеддиддерден айырмаланып, акыр замандын Улуу Мехдиси болот жана дажжалият эң күчтүү болгон ушундай бир доордо бүт зулумдукка таянган системаларды, жалган ишеним, философияларды илим, пикир менен кыйратып жок кылат.
Аз. Мехди (ас) алгач чыгаар убактысы болгон Хижрий 1400-жылдын башында өз кызматын баштаганда адамдар көп убакытка чейин, аз сандагы адамдан тышкары, анын Аз. Мехди (ас) экенин билишпейт. Пайгамбарыбыз (сав)га пайгамбарлык милдети 40 жашында берилген, бирок ал кезде айланасында Аны тааныган, анын пайгамбар экенин билген аз санда гана адам болгон. Көп пайгамбарларда ушундай болгон.
Устад Саид Нурси Азрети Аз. Мехди (ас) чыкканда бүт адамдар тарабынан ошол замат таанылбашын айткан. Аз. Мехди (ас)дын өзүнүн да башында акыр замандын Мехдиси экенин билбешин айткан. Устад ал сөзүндө акыр заман кишилери деп атаган Аз. Иса (ас), Аз. Мехди (ас) жана дажжалды терең ыймандуу кээ бир ыймандуулардын гана тааный турганын айткан:
Бирок айткан элек: Бул дүйнө тажрыйба майданы. Акылга эшик ачылат, бирок эрки колунан алынбайт. ДЕМЕК АЛ КИШИЛЕР, ал тургай ал укмуштуу дажжал дагы ЧЫККАН КЕЗДЕ КӨПТӨР, АЛ ТУРГАЙ ӨЗҮ ДА БАШЫНДА ДАЖЖАЛ ЭКЕНИН БИЛБЕЙТ. БАЛКИМ ЫЙМАН НУРУНУН КӨҢҮЛ БУРУШУ МЕНЕН, АЛ АКЫР ЗАМАН КИШИЛЕРИ ТААНЫЛЫШЫ МҮМКҮН. (Sözler, ss. 343-344)
Улуу Ислам аалымы, мужеддид Мадиналык Алламе Сеййид Мухаммед б. Ресул эль-Хүсейни эль-Берзенжи болсо "Kıyamet Alametleri" (Кыямат алааматтары) аттуу маанилүү эмгегинде Аз. Мехди (ас)дын өкүмдарлык мөөнөтү менен байланыштуу өтө маанилүү бир жагдайга көңүл бурган жана Ибни Хажердин El-Kavlül Muhtasar аттуу эмгегин булак көрсөтүү менен,ИВАЯТТАРД «БУЛ РЫН БААРЫ ЧЫГЫШЫ ЖАНА КҮЧҮ ЖАГЫНАН ТУУРА» дейт. Б.а. ХАДИСТЕРДЕ АЙТЫЛГАН АР БАШКА ЖЫЛДАРДЫН БААРЫ ТУУРА ЖАНА АЛ ЖЫЛДАР АЛЛАХТЫН КААЛООСУ МЕНЕН КӨП УЗУН ЖАШААРЫ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (сав)дан риваят кылынган хадистер аркылуу билдирилген АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ӨМҮРҮНҮН АР КАЙСЫ ДООРЛОРУНА ИШАРАТ КЫЛАТ.
Азрети Мехди (ас)да мурдакы пайгамбарлардын кээ бир өзгөчөлүктөрү бар. Алардын арасында АЗРЕТИ АДАМ (АС) ЖАНА АЗРЕТИ НУХ (АС)ДАГЫ УЗУН ӨМҮРЛҮҮЛҮК да бар.» (Bihar-ul Envar, cilt. 51, Ansariyan Yayıncılık, derleyen: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, Sf.217)
Төмөндөгү сөздөр Сеййид Эль-Берзенжи Азретинин Кыямат алааматтары аттуу эмгегинин 185- жана 186-беттеринен орун алган өз сөздөрү жана Аз. Мехди (ас)дын кызмат мөөнөтүндөгү ар башка кызмат доорлоруна көңүл бурууда:
Мухаммед б. Ресул эль-Хүсейни эль-Берзенжи төмөнкүдөй маанилүү түшүндүрмөлөрдү жасаган:
Биринчиси, Пайгамбар (сав) үммөтүн, өзгөчө Эхли Бейтин көп нерсе менен сүйүнчүлөгөн. Алардын ар кандай зулумдук, азаптардан куткарылаарын айткан. Бул болсо көпкө созулган адилеттүүлүктөн гана көз-каранды. Жети жана тогуз жыл сыяктуу кыска бир мөөнөт болсо буга жетишсиз.
Экинчиси, Мехди, Зулкарнейн менен Сулайман сыяктуу, бүт дүйнөгө өкүмдарлык кылат. Башка өлкөлөрдө Мечиттерди, имараттарды курат, тогуз жыл сыяктуу кыска бир мөөнөт пикирдик күрөшүнө жана башка иштерге жетпейт.
Үчүнчүсү, анын убагында өмүрлөр узарат. ӨМҮРЛӨРДҮН УЗАРЫШЫ АНЫН ДА УЗУН ӨМҮРЛҮҮ БОЛУШУН ЗАРЫЛ КЫЛАТ... Антпесе, өмүрлөрдүн узарышынын эч мааниси болбойт.
Төртүнчүсү, Ал Румдар менен тогуз жылдык бир тынчтык келишимин түзөт; ал боюнча Константинопольдо жети жыл жашайт. Ал жерге эки жолу барышы жана кайтышы албетте көп жылдарга созулат. Сүфйан менен жүргүзө турган пикирдик күрөшү да ошондой. Себеби жогоруда айтып кеткендей, Сүфйан ага моюн сунгандан үч жылдан кийин келишимди бузат жана ушул себептен аны менен пикирдик күрөш жүргүзүүгө мажбур болот.
Индия жана башка өлкөлөрдү руханий ээлеши да сөзсүз көп жылдарды алат. Айткандарыбыздын баары ар кайсы риваяттарда келген.
Бул иштердин баары өкүмдарлык мөөнөтүнүн тогуз жылдан көбүрөөк экенин көрсөтөт. Демек, ЖЕТИ ЖЫЛ МЕНЕН ЧЕКТЕЛИШИ БҮТ ӨЛКӨЛӨРГӨ ТОЛУГУ МЕНЕН ЖЕТИ ЖЫЛ ӨКҮМДАР БОЛУШУН КӨРСӨТӨТ, ОНТОГУЗ ЖЫЛ МЕНЕН ЧЕКТЕЛИШИ СҮФЙАН МЕНЕН ПИКИРДИК КҮРӨШ ЖҮРГҮЗҮШҮ, АНЫ ПИКИРДИК ЖАКТАН ЖЕҢИП, ӨЛКӨЛӨРДҮ (РУХАНИЙ ЖАНА ПИКИРДИК) ЭЭЛЕШИ ЖАНА БҮТ АДАМДАРДЫН АНЫН БУЙРУГУНА КИРИШИН КӨРСӨТӨТ... (б.а. ушул учурда өткөн убакытты көрсөтөт, ал болсо онтогуз жылды камтыйт...)
Жогоруда айткан элек; Ал Румдар менен тогуз жыл тынчтык түзөт, алар менен пикирдик күрөш жүргүзүшү жана абалды башкарышы болжол менен он жылга созулат, Дамаскка кириши, Сүфйандын ага моюн сунушу, үч жылдан соң моюн сунуудан баш тартышы, ушул себептен аны менен пикирдик бир күрөш жүргүзүшү жана натыйжада арадан бир топ жылдардын өтүшү болжол менен жыйырма төрт жылга барат... Меккеге кириши, ал жерде Мекке Амиринин пикирдик системасын кыйратышы, натыйжада БҮТ ХИДЖАЗ ӨЛКӨЛӨРҮН РУХАНИЙ ЖАНА ПИКИРДИК ЖАКТАН ЭЭЛЕШИ БОЛСО БОЛЖОЛ МЕНЕН КЫРК ЖЫЛГА созулат... Анан бүт өлкөлөрдү руханий жана пикирдик жактан ээлеши, Хоросандык Хашиминин чыгышы... да аз убакыт албайт!.. Тогуз же азыраак бир мөөнөт өкүмдарлык кылышы Исанын (ас) чыгышынан кийин болушу да ыктымал... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed b. Resul el-Hüseyni el-Berzenci, Pamuk Yayıncılık, 185, 186)
Көрүнүп тургандай, улуу Ислам аалымы сеййид Мухаммед б. Ресул эль-Хүсейни эль-Берзенжи Азрети Аз. Мехди (ас)дын кызмат мөөнөттөрүн ар кайсы убакыттар ичинде түшүндүрүп, ал улуу мужеддиддин Куран ахлагы жана пазилети менен Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн дүйнөгө жайышынын болжол менен 40 жылга созулаарын билдирген. Бул мөөнөт ичинде Аз. Мехди (ас) дажжалият системасы ага курган тузактар, жалган жалаалар, туткундуктар менен алек болот, бир кайып доору болот, мындан тышкары, саны 313 адамдан түзүлөөрү хадистерде айтылган шакирттеринин чогулушу жана ыймандарынын күчтүү абалга келиши үчүн өтө чын ыкластан аракет кылат. Ошондой эле, Аз. Мехди (ас) белгилүү мөөнөт камакта болот, андан соң мусулмандарды туткундуктан куткарып, болуп жаткан азап, зулумдук жана кысымчыл шарттарды бүтүндөй жок кылуу жана адамдар арасында Куран ахлагын орнотуу жана Ислам биримдигин түзүү үчүн адилеттүү иш-аракеттерди жүргүзөт. Бирок бул иш-аракеттердин эч бири 7 же 10 жыл сыяктуу кыска убакыт ичинде жасап бүтүлбөйт, ар бири көп убакыт алат.
Ошол сыяктуу, Аз. Мехди (ас) дүйнө жүзүндө ар кайсы өлкөлөрдө курулуш, көркөмдөө иштерин жасап, имараттар жана мусулмандар ибадаттарын кенен кылышы үчүн мечиттерди курат. Бирок бул иштери дагы 9 жыл сыяктуу кыска убакыт ичинде эмес, бир топ узун убакытка созулат. Мындан тышкары, Сүфйан системасы менен пикирдик бир күрөш жүргүзөт жана ал система түзгөн мүнафыктык (эки жүздүүлүк) менен да бир топ жылга созулган бир илимий-пикирдик күрөшү болот. Ал тургай, ал болжол менен 24 жылга созулат. Ошондой эле, дүйнө өлкөлөрүн руханий жана пикирдик ээлеши, б.а. Куран ахлагы жана пазилети менен Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн адамдарга кабыл алдырышы да бир топ убакыт алат. Эль-Берзенжи Азрети бүт ушундай иш-аракеттердин натыйжасында Аз. Мехди (ас)дын Ислам ахлагын дүйнөгө орнотушу үчүн эң аз 40 жыл аракет кылаарын айтууда. Булар болсо Аз. Мехди (ас)дын Хижрий 1400-жылы чыгаар замат таанылышынын эч мүмкүн эмес экенин, аны адамдардын таанышынын жогоруда айтылган бүт иш-аракеттеринен улам эң аз 40 жыл; б.а. 40, 50, 60 жыл сыяктуу узун убакытты алаарын көрсөткөн маанилүү далилдер.
Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Мехди (ас) жөнүндө айтылган «Аз. Мехди (ас) 14 жыл жашайт», «Аз. Мехди (ас)дын өмүрү 30 жыл» жана «Аз. Мехди (ас) дүйнөдө 40 жыл турат ...» сыяктуу сөздөр Аз. Мехди (ас)дын өмүрүнүн, пикирдик күрөшүнүн жана Куран ахлагына таянган руханий өкүмдарлык мөөнөтүнүн ар кайсы доорлоруна ишарат кылат.
Хадистерде Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу өтө детальдуу маалыматтар берилген жана бул куттуу акыр заман инсанынын өмүрүнүн маанилүү доорлоруна көңүл бурулган.
Мисалы, хадистерде Аз. Мехди (ас)дын чыгаардан мурда өтө чоң зулумдуктарга кабылаары, кол салуу жана жалган жалааларга туш болоору сүрөттөлгөн. Камакта отурган убактары, туткундуктар, кысымдар Аз. Мехди (ас)дын өмүрүнүн өтө маанилүү доорун түзөт. Аз. Мехди (ас) сыяктуу шакирттери да өз доорунун каапырларынан өтө күчтүү азаптарды көрүп, өтө кыйын сыноолордон өткөрүлүшөт. Аз. Мехди (ас) жана шакирттеринин каапырлар менен, акыр замандын мүнафыктары менен, кээ бир фыкых (шарият) аалымдары менен жана акыр заман дажжалы менен жүргүзө турган пикирдик күрөшү дагы ушул убакыт аралыктарынын бири. Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин санынын 313 экени да хадистерде айтылган. Бул санды эске алганда мынча адамдын Аз. Мехди (ас)дын айланасында биригишинин, таалим алышынын, ыйман жагынан бышып жетилишинин да белгилүү убакыт алаары анык. Бүт мындай окуялар Аз. Мехди (ас) чыгышынан жана руханий лидер болушунан, б.а. бүт адамдар тарабынан таанылышынан мурда узун мөөнөт өтөөрүн жана ал убакыттын белгилүү баскычтары болоорун көрсөтөт.
Аз. Мехди (ас)дын кызмат мөөнөтүндөгү бул доорлор Пайгамбарыбыз (сав)дан төмөнкүчө риваят кылынган:
Расулуллах (сав) мындайча буюрган: «Менин үммөтүмдүн ичинде Аз. Мехди (ас) чыгып, 5 ЖЕ 9 ЖЫЛ (ӨКҮМ СҮРҮП) жашайт. Бир адам ага келип: Эй Мехди (ас)! Мага (мал-мүлк) бер дейт. Ал болсо анын кийимин жайып, ичин көтөрө ала турганчалык мал-мүлккө толтурат.» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
«... Мал-мүлктү бөлөм жана адамдарга пайгамбарларынын сүннөтү менен мамиле кылат, Исламды арадагы коңшу аймактарга билдирет, 7 ЖЫЛ ТУРАТ, анан көз жумат жана Мусулмандар намазын кылышат.» (Ali b. Sultan Muhammed el-Kari el-Hanefi "Risaletül Meşreb elverdi fi mezhebil Mehdi")
Эбу Абдуллах Хүсейин б. Алиден риваят боюнча; Аз. Мехди (ас) 19 ЖЫЛ өкүм сүрөт. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")
Таберани жана Эбу Нуаймдын Эбу Саид Эль-Худри (ра)дан риваяттары боюнча; Расулуллах мындайча буюрган: «Менин Эхли Бейтимден бир адам чыгат. Ал менин сүннөтүмдү айтып берет. Улуу Аллах анын урматына асмандан жамгыр түшүрөт. Жер бети (Улуу Аллахтын буйругу менен) берекесин сыртка чыгарат. Ал андан мурда зулумдук жана адилетсиздикке толтурулган дүйнөнү акыйкат жана адилеттүүлүккө толтурат. БУЛ СҮННӨТТҮ 7 ЖЫЛ ЖАСАЙТ.» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)
Аз. Алиден риваят боюнча; Аз. Мехди (ас) бүт кошумчаларды жок кылат жана бүт сүннөттөрдү ордуна алып келет. Константинопольду, Кытайды, Дейлем тоосун ээлейт. АЗ. МЕХДИ (АС) УШУНДАЙ АБАЛДА 7 ЖЫЛ ТУРАТ. Анын ар жылы силердин он жылыңар сыяктуу. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")
Даракутни менен Таберанинин Эбу Хурейре (ра)дан риваяттары боюнча; Расулуллах (сав) мындайча буюрган: «Менин үммөтүмдүн ичинде Аз. Мехди (ас) болот. КАНЧАЛЫК 7 ЖЕ 8, ЖЕ БОЛБОСО 9 ЖЫЛДАН АЗ БОЛСО ДАГЫ, мурда эч болбогондой үммөтүмдөн күнөөсүз жана күнөөкөрлөрдүн баары анын доорунда немат-жакшылыктарга ээ болот.» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
Нуаймдын Зүхриден риваяты боюнча; Аз. Мехди (ас) 14 ЖЫЛ жашайт, анан кадыресе абалда көз жумат. (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
Ошондой эле Нуаймдын Букйе б. Велитден риваяты боюнча; АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ӨМҮРҮ 30 ЖЫЛ. (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
«Нуаймдын Динар б. Динардан риваяты боюнча; Аз. Мехди (ас) ДҮЙНӨДӨ 40 ЖЫЛ ТУРАТ. (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar")
Хадистерден Аз. Мехди (ас)дын бүт элдерди пикирдик жана руханий ээлешинин да көп убакыт алаары көрүнүп турат. Ислам аалымдары да айткандай, өлкөлөрдүн Аз. Мехди (ас) тарабынан бир-бирден руханий жана пикирдик ээлениши белгилүү бир убакыт ичинде болот. Ал тургай, Берзенжи Азрети Аз. Мехди (ас)дын Ислам ахлагын жайышынын 40 жылдай узун убакытка созулаарын айткан. Бул Аз. Мехди (ас)дын адамдар тарабынан толук таанылышынын ал чыккандан соң эң аз 40 жылдык бир мөөнөттөн кийин болоорун көрсөтөт.
... БҮТ ХИДЖАЗ ӨЛКӨЛӨРҮН РУХАНИЙ ЖАНА ПИКИРДИК ЖАКТАН ЭЭЛЕШИ БОЛСО БОЛЖОЛ МЕНЕН КЫРК ЖЫЛГА барат... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed b. Resul el-Hüseyni el-Berzenci, Pamuk Yayıncılık, sf. 186)
Азыр Хижрий 1430-жылдарда жашап жатабыз, демек Аз. Мехди (ас) чыккандан бери, Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген Хижрий жыл боюнча, 30 жыл өттү. Б.а. Берзенжи Азрети билдиргендей, Аз. Мехди (ас)дын толук таанылышы жана дүйнөлүк масштабдагы руханий жана пикирдик өкүмдарлыгы үчүн дагы эң аз 10 жылдык мөөнөт бар.
Кээ бир кишилер эч бир ишенимдүү далилге жана сахих (ишенимдүү) хадиске таянбастан айткандай; «Аз. Мехди (ас) Хижрий 1400-жылы ошол замат таанылат, Аз. Мехди (ас) экени бүт адамдар тарабынан билинет» деген сыяктуу пикирде болуу ахли сүннөт аалымдарынын пикирлерине толугу менен карама-каршы келет. Мындай пикирди айткан адам ахли сүннөт аалымдарынын пикирлерине толугу менен каршы чыккан болот. Себеби мисалы улуу ахли сүннөт аалымы Мадиналык Алламе Сеййид Мухаммед б. Ресул эль-Хүсейни эль-Берзенжи Азрети Аз. Мехди (ас) чыккандан кийинки таанылуу убактысы жөнүндө мындай деген:
(Төмөндө орун алган кесинди Мадиналык Алламе Сеййид Мухаммед б. Ресул эль-Хүсейни эль-Берзенжи Азретинин (Хижрий 1040-1103) котормосу Наим Эрдоган тарабынан жасалган El-işaatü li Eşratıssaati (Кыямат алааматтары) аттуу эмгегинин кеңейтилген 10-чыгарылышынын 301-бетинин оригиналы.)
... ЖЕ БОЛБОСО, ТӨРТ, БЕШ АЛ ТУРГАЙ ОН ЖЫЛ, КЫЛЫМДЫН АЛГАЧКЫ ЖЫЛДАРЫНАН САНАЛАТ. ДЕМЕК; МЕХДИ (АС)ДЫН КЫЛЫМ БАШЫНАН ЖЕТИ, ТОГУЗ ЖЕ ОТУЗ ЖЫЛ МУРДА ЧЫГЫШЫ АНЫН КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА ЧЫГААРЫНА ТОСКООЛ БОЛБОЙТ. БУЛ МӨӨНӨТТӨН КИЙИНГЕ КАЛСА ДА АБАЛ ӨЗГӨРБӨЙТ. (Kıyamet Alametleri, müellif: Medineli Allâme Muhammed b. Resul el-Hüseynî el-Berzencî, Pamuk Yayıncılık, İstanbul 2002 sf. 301 )
Эль Берзенжи Азрети бул сөзү менен Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы болгон Хижрий 1400-жылдан кийинки 4, 5, ал тургай 10 жылдын да кылым башынын алгачкы жылдарынан саналаарын айтууда. Ал тургай, мисалы Имам Раббани Азрети;
АР КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА бул үммөттүн уламасы арасынан БИР МУЖЕДДИД КЕЛЕТ жана шариятты (Куран ахлагы жана пазилети менен Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн) жандандырат. (Mektubat-ı Rabbani, 1/520)
деп айткандай, Аз. Мехди (ас)дын ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛДЫН БАШЫНАН 7, 9, АЛ ТУРГАЙ, 30 ЖЫЛ МУРДА ЖЕ КИЙИН ТААНЫЛЫШЫ да Аз. Мехди (ас)дын Хижрий 1400-жылы чыгышына тоскоол болбойт. Ушундай болсо дагы Аз. Мехди (ас) баары бир Хижрий 1400-жылдын башында чыккан болот.
«Аз. Мехди (ас) Хижрий 1400-жылы адамдар тарабынан ошол замат таанылган жок, демек чыккан жок; Хижрий 1400-жылдан 30 жыл өтсө да, дагы эле чоң алааматтар чыккан жок, демек Аз. Мехди (ас) бул кылымда чыкпайт, Аз. Мехди (ас) башка кылымда чыгат...» деген сыяктуу акыл жана логикага туура келбеген сөздөр менен Аз. Мехди (ас)дын чыгышын жаап-жашырууга аракет кылгандарга ахли сүннөттүн маанилүү жана барктуу аалымдарынан болгон Эль-Берзенжи Азретинин бул сөзү өтө маанилүү бир жооп болот. Аз. Мехди (ас) Хижрий 1400-жылдан мурда же 7, 9 же болбосо 30 жыл кийин чыкса да, баары бир күтүлгөн Улуу Мехди (ас) болот. Бул абалдардын эч бири Пайгамбарыбыз (сав)дын сахих хадистери менен билдирилген бул чындыкты, Аллахтын буйругу менен, эч качан өзгөртө албайт.
(Төмөндөгү кесинди Али Б. Хүсамеддин эль-Муттаки Азретинин Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir zaman аттуу эмгегинин урматтуу Др. Суат Арусан тарабынан даярдалган, түркчө котормосунун 88, 89 жана 90-беттери.)
Ар жүз жылда бир дин ахлагын кошумчалардан (бидат) куткаруу жана жаңылоо үчүн Аллах тарабынан бир кишинин жөнөтүлөөрү Сүнени Эбу Давуд, Мектубаты Раббани сыяктуу улуу жана барктуу ахли сүннөт аалымдарынын эмгектеринде апачык айтылган. Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде акыр заманда чыгаары сүйүнчүлөнгөн Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы катары болсо Хижрий 1400-жыл берилген.
Бул 100 жылдык мөөнөттө Ислам ахлагы белгилүү бир процесс ичинде бүт дүйнөгө орноп, дин ахлагына каршы күрөш жүргүзгөн дажжалият системасы болсо толугу менен жок болот. Бирок болжол менен 100 жылга созула турган бул көтөрүлүү мөөнөтүнөн соң, б.а. Хижрий 1500-жылдары дүйнө кайрадан бир бузулуу процессине кирет. Ахли сүннөттүн улуу хадис жана фыкых аалымдарынын бири Имам Ахмед Ибни Ханбел сыяктуу көп аалым бир-биринен алып өткөргөн бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) ага чейин дүйнөдө өткөн убакыттын 5600 жыл экенин билдирүү менен адамзат тарыхынын башталышы жөнүндө маанилүү бир маалымат берген:
Ахмед Ибни Ханбел Илелинде алып айтты. Исмаил б. Абдүлкерим, Абдүссамедден, Ал болсо Вехбден риваят кылды: ДҮЙНӨДӨН БЕШ МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ ЖЫЛ ӨТТҮ. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir zaman, sf. 89)
(Төмөндөгү кесинди Али Б. Хүсамеддин эль-Муттаки Азретинин Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir zaman аттуу эмгегинин урматтуу Др. Суат Арусан тарабынан даярдалган, түркчө котормосунун 89-бетинен алынган.)
Мындан тышкары, дагы көптөгөн хадисте болсо дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени жөнүндө айтылат:
Энес Маликден алып өткөрдү. Ал айткан, Расулуллах (сав) айтты: ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Аллах Таала буюрду: РАББИҢДИН КАБАТЫНДА БИР КҮН СИЛЕР САНАГАНДАН МИҢ ЖЫЛ СЫЯКТУУ. Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда бир муктаждыгын камсыздаса, Аллах Таала ал үчүн күндүздөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ СООП ЖАЗАТ. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, sf. 88)
Даккак б. Зейдү Жүхениден риваят кылды: Мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң жогорку тепкичинде эле: Ал мындай деди: ЖЕТИ ТЕПКИЧТҮҮ СЕН КӨРГӨН МИНБАР УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ БОЛГОН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)
Ахли сүннөт аалымдарынан Хүсамеддин эль-Муттакинин эмгеги болгон Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman китебинен орун алган бул хадистер боюнча Пайгамбарыбыз (сав) дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экенин кабар берүүдө. Дагы көптөгөн ахли сүннөт аалымдарынын эмгектеринде, мисалы, Муттаки Азретинин Kenzu'l-Ummal, №: 16459-хадисте; Мухаммед Тахир б. Али эль-Хиндинин эмгеги Tezkiretu'l-Mevduat, I/223'тө; Имам Сахави el-Makasidu'l-hasene (Дейлемиден алынган), I/693, №1243-хадисте; Эль Мунавинин Feyzu'l-Kadir, III/547 № 4278 хадисте (Дейлемиден алынган), Байезид Бистами Азретинин Miftahu'l-Cifr аттуу эмгегинде дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени жөнүндөгү хадистер орун алган. Бул дагы ахли сүннөт аалымдарынын бир добуштан муну кабыл алышканын көрсөткөн апачык бир далил.
Хижрий 1300-жылдын жана акыркы миң жылдын эң чоң мужеддиди болгон Устад Саид Нурси Азрети болсо Ислам ахлагынын дүйнөгө өкүмдарлык мөөнөтү катары Хижрий 1500-жылдарды берген. Устад ошол жылдарга чейинки убакта Мусулмандардын ачык жана ашкере үстөмдүктө болоорун айткан. Андан кийинки жылдары болсо Ислам ахлагынын дүйнөдөгү жогорулоо доору бүтүп, каапырлар үчүн кыяматтын Хижрий 1545-жылдары болоорун айткан. (Туурасын Аллах билет.)
«Үммөтүмдөн бир тайпа Аллахтын буйругу келгенге чейин (кыяматка чейин) акыйкат үстүндө болот.»
«Үммөтүмдөн бир тайпа...» бөлүмүнүн жифр эсебинин натыйжасы (сандык мааниси) 1542 (2117) болуп бар болуунун аягына ишарат кылат. «Акыйкат үстүндө болот.» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо, жифр эсебинин натыйжасы 1506 (2082), бул жылга чейин ачык жана ашкере, балким үстөм; анан оо 1542 (2117)-жылга чейин жашыруун жана жеңилген абалда акыйкатка чакыруу милдетин улантаарына ишарат кылат. «Аллахтын буйругу келгенге чейин» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо; жифр эсебинин натыйжасы 1545 (2120) болуп, каапырдын башына КЫЯМАТТЫН КЕЛИШИНЕ ишарат кылат. (Kastamonu Lahikası, 33-б.)
Пайгамбарыбыз (сав) дагы көптөгөн сахих хадисинде болсо дүйнөнүн болгону 1 күндүк өмүрү калса дагы, Аллахтын ал өмүрдү узартып Аз. Мехди (ас)ды сөзсүз чыгараарын билдирген. Бул өтө маанилүү бир сөз. Себеби Аз. Мехди (ас)ды Пайгамбарыбыз (сав)дын риваятына карабастан Хижрий 1400-жылы чыкпайт деп хадистерге каршы чыккан адамдардын бул хадистерди да көрмөксөн болгону анык. Чынында болсо Пайгамбарыбыз (сав) бул хадистери аркылуу Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын жана анын себебинен Ислам ахлагынын орношунун адамзат үчүн канчалык маанилүү экенине апачык көңүл бурган.
(Төмөндө орун алган кесинди Мадиналык Алламе Сеййид Мухаммед б. Ресул эль-Хүсейни эль-Берзенжи Азретинин (Хижрий 1040-1103) котормосу Наим Эрдоган тарабынан жасалган El-işaatü li Eşratıssaati (Кыямат алааматтары) аттуу эмгегинин кеңейтилген 9-чыгарылышынын сырткы бети жана 299-бетинин оригиналы.)
Абдуллах (ра)дан риваят кылынды: Расулуллах (сав) мындай деген: Эхли бейтимден аты атыма туура келген бир киши башчы болот... ДҮЙНӨНҮН БОЛГОНУ БИР КҮНДҮК ӨМҮРҮ КАЛСА ДАГЫ, АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БАШЧЫ БОЛУШУ ҮЧҮН УЛУУ АЛЛАХ АЛ КҮНДҮ СӨЗСҮЗ СОЗОТ. (Sünen-i Tirmizi 4/92)
Аз. Алиден риваят кылынышы боюнча Расулуллах (сав) мындай деген: КЫЯМАТ БОЛУШУ ҮЧҮН БИР КҮНДӨН БАШКА УБАКЫТ КАЛБАГАН БОЛСО ДАГЫ, УЛУУ АЛЛАХ МЕНИН ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН (УРПАКТАРЫМДАН) БИР ЗАТТЫ ЖӨНӨТӨТ. (Sünen-i Ebu Davud, 5/92)
Ибни Маже жана Эбу Наим Эбу Хурейреден алып өткөрүштү, анын айтышы боюнча Пайгамбар (сав) мындай деген: ЭГЕР ДҮЙНӨДӨН БИР КҮН КАЛСА, АЛЛАХ АЛ КҮНДҮ СОЗОТ ЖАНА ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН (УРПАКТАРЫМДАН) БИРӨӨНҮ БАШЧЫ (ӨКҮМДАР) КЫЛАТ. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Muntazar, 10 El-Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 27 Ölüm-Kıyamet -Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, s. 437)
Ушул себептен, «Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын биринчи чейреги өтүп кетти, ошондуктан ал кийинки кылымда чыгат» деген сыяктуу хадистерге таянбастан, толугу менен логикасыз, ойдон чыгарылган сөздөрдү айткан кишилер бул хадистерди кайрадан карап, жакшылап ойлонушу керек.
Аллахтын «дүйнөдөн бир күн калса дагы, ал күндү созуп Аз. Мехди (ас)ды чыгараарын» кабар берген Пайгамбарыбыз (сав)дын сөздөрү Аз. Мехди (ас)дын чыгышы үчүн керек болсо убакыттын создуктурулаарын көрсөтөт. Демек, Аз. Мехди (ас)дын чыгышы, кээ бирлер айткандай, бир кылым кийинкиге кечиктирилип, бул кылымда күтүлүүдөн баш тартылбайт, тескерисинче Аз. Мехди (ас)дын чыгышы баары бир Хижрий 1400-жылдардын ичинде күтүлө берет. Өтө маанилүү бир жагдайды айта кетүү керек: Хижрий 1499-жылдын акыркы күнүнө чейин Хижрий 1400-жылдардын ичи болуп саналат.
Аз. Мехди (ас) чыгышы үчүн Аллахтын керек болсо убакытты созушу болсо, Хижрий 1500-жылдарга чейин боло турган Аз. Мехди (ас) ушул мөөнөт ичинде Ислам ахлагын жана пазилетин жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн дүйнөгө жайуу иш-аракеттерин ар кандай жол менен улантаарын көрсөтөт. Бирок бул созуктуруу дүйнөнүн 7000 жылдык өмүрүнөн ашпай турганчалык бир созуктуруу болот жана андан соң Пайгамбарыбыз (сав) айткандай, Ислам ахлагынын дүйнөдөгү таасиринин жоголуп башташы заматтык бир артка кетүү аркылуу эмес, акылга сыярлык даражада акырындап жүрөт. Андан соң дүйнөнүн 7000 жылдык өмүрүнүн аягы болгон кыяматтын болушу болсо, Устад Саид Нурси Азрети айткандай, иншаАллах Хижрий 1500-жылдары күтүлөт. (Туурасын Аллах билет.)
Улуу ахли сүннөт аалымы Берзенжи Азрети болсо дүйнөнүн өмүрүнүн Хижрий 1600-жылга жетпешин, б.а. Хижрий 1500-жылдар ичинде Аллахтын каалоосу менен кыяматтын күтүлөөрүн айтат. (Туурасын Аллах билет.)
БУЛ ҮММӨТТҮН ӨМҮРҮ МИҢ ЖЫЛДАН АШАТ, БИРОК БИР МИҢ БЕШ ЖҮЗ ЖЫЛДАН АШПАЙТ... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed b. Resul el-Hüseyni el-Berzenci, Pamuk Yayıncılık, İstanbul, 2002, s. 299)
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадиске таянып Суйути Азрети болсо өз сөзүндө мындай дейт:
«МЕНИН ҮММӨТҮМДҮН ӨМҮРҮ 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.» (Suyuti, el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Arapça) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89)
Демек, эгер жогоруда сөз болгон кишилер (Аз. Мехди (ас) бул кылымда келбейт деген кишилер) өздөрүнүн ахли сүннөт ишениминде экенинен эч күмөн санашпаса, ахли сүннөт ишенимине толук моюн сунаарын айтышса жана ал тургай аларды тарбиялап өстүргөн мугалимдеринин бул багытта ачык маалымкаты бар дешсе, анда ахли сүннөттүн бул эки барктуу жана урматтуу аалымынын өз эмгектеринде айткан пикирлерин да кабыл алууга мажбур. Бул улуу аалымдардын орток пикирине бүтүндөй карама-каршы келе турган жана эч бир ишенимдүү хадиске таянбаган сөздөрү менен мусулмандарды алагды кылбашы зарыл. Ахли сүннөт аалымдары арасында өтө маанилүү орду болгон Суйути менен Сеййид Эль-Берзенжи Азретинин экөөсүнүн тең терең көз-караштары, терең изилдөө жана илимдери менен ушундай орток пикирге барганын кабыл алып, биз жашап жаткан доорду Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистер менен баалап, ошого жараша пикирлерин айтышы керек.
Бир жагдайды унутпаш керек; Мусулмандар мындай темада сөзсүз Пайгамбарыбыз (сав)дын ахли сүннөт аалымдары тарабынан бир добуштан сахих (ишенимдүү) экени кабыл алынган хадистерине маани бериши зарыл. Өз оюнан чыгарып, эч бир аят же хадиске таянбастан, акылга сыйбас логикалар менен Аз. Мехди (ас)дын чыгышын кийинки кылымга кечиктирген жана Имам Раббани, Эбу Давуд Азрети, Суйути Азрети, Сеййид эль-Берзенжи Азрети жана Устад Саид Нурси Азрети сыяктуу ахли сүннөт аалымдары бир добуштан кабыл алган «ар кылымдын башында Мусулмандар арасынан динди кошумчалардан тазалай турган бир заттын чыгаарын» сүйүнчүлөгөн бүт хадистерди апачык танган бир кишинин сөздөрүнө Мусулмандар маани беришпейт.
Хижрий 1400-жылга киргенден баштап катары менен хадисте айтылгандай «тасбих мончоктору сыяктуу» биринин артынан экинчиси болгон жана болуп жаткан, төмөндө кээ бирлери гана саналган акыр заман алааматтары кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас)дын чыгышы кийинки кылымга калды» деген сөзүн толугу менен жокко чыгарат.
Аллах Расулу саллаллаху алейхи васаллам айтты: «... эскирген жиби үзүлгөн бир мончоктун көздөрүндөй катары менен келүүчү алааматтарды күтүшсүн.» (Ebû Hureyre radıyallahu anh. Tirmizî)
Кыямат алааматтары биринин артынан экинчиси болот. Бир тизмектеги мончоктордун катары менен үзүлүшү сыяктуу. (Ramuz-El Ehadis, 277/6; Camiü's-Sagir, 3/167)
Бул акыр заман менен байланыштуу хадистердин катары менен жана бүт майда-бараттарына чейин биз жашап жаткан Хижрий 1400-жылдын ичинде болуп жатышы акыр заманда күтүлгөн Аз. Мехди (ас)дын чыкканын көрсөтөт. (Туурасын Аллах билет.)
Акыр заман алааматтары бир бүтүн, жана ал алааматтардын болушу бир тараптан Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген акыр заман ичинде жашап жатканыбызды, экинчи тараптан болсо бүт мусулмандар чоң толкундануу жана үмүт менен күткөн Аз. Мехди (ас)дын чыгаарын сүйүнчүлөөдө. Ушул себептен чоң жана кичине алааматтар деп аталган алааматтардын баары Мусулмандар үчүн зор мааниге ээ. Ал алааматтардын кандайдыр бирөөсүнүн болгонун көрүү Мусулмандардын үмүтүн күчтөнтүп, толкундануусун арттырат жана күчүнө эсе эсе кубат кошот.
30 жылдан бери катары менен ишке ашкан алааматтардын баары акыр заман жагынан сөзсүз түрдө өтө маанилүү алааматтар. Бирок ал алааматтардын баарынын бир учурда; бир күндө же бир жумада болушу мүмкүн жана логикалуу болбогондуктан, баарынын болушу сөзсүз түрдө айларга, жылдарга, он жылдарга созулат. Алааматтардын катары менен жана бир-бирден болушу үчүн өтө турган бул узун убакыт болсо Аз. Мехди (ас)дын чыгаар замат таанылбашын, таанылышы үчүн алгач акыр заманда экенибизди далилдеген ал алааматтардын болушу керек экенин көрсөтүүдө.
◉ Мисалы, Хижрий 1400-жылы дал хадисте Пайгамбарыбыз (сав) айткандай Евфрат суусу ага курулган тосмо (дамба) менен токтотулган.
«Евфрат дарыясынын суусу тартылып алтын казынасын айта турган убактысы жакындап келатат. Ким ошол кезде ал жерде болгон болсо, ал казынадан эч нерсе албасын.» (Хадисти Бухари менен Муслим риваят кылышкан.) (Riyâzü's-sâlihîn min hadîsi seyyidi'l-mürselîn, İmam Nevevî', 3/332)
Бул хадистин чыкканын кабыл алышыбыз үчүн алгачкы токтогон убактысы жетиштүү болот. Евфрат суусунун кайрадан токтотулушу эми хадис жагынан эч маанини билдирбейт. Демек, башка бир кылымда бул окуянын кайталанышынын хадистин чыгышы жагынан эч мааниси болбойт. Себеби ансыз эле Хижрий 1400-жылы Евфраттын суусу биринчи жолу токтотулган.
◉ Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) Афганистандын басып алынаарын;
«Таликанга (Афганистанга) кыйын болду. Күмөнсүз, Аллах Тааланын ал жерде алтын менен күмүш эмес казыналары бар. Ал жерде Аллахты чындап билген адамдар бар. Алар Акыр заман Мехдисинин жардамчылары.» (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, s. 59)
хадиси менен кабар берген. Орусиянын Афганистанды 1979-жылы, б.а. Хижрий календары боюнча 1400-жылы басып алышы менен бул хадис ишке ашкан. Башка бир кылымда дагы бир жолу Афганистан басып алына турган болсо да, биз үчүн 1979-жылы алгачкы жолу болгон басып алуу хадисти чыгарган басып алуу болот.
◉ Ай жана күн тутулуулары
«Аз. Мехди (ас) үчүн 2 алаамат бар... Мунун биринчиси, Рамазандын биринчи түнү айдын, экинчиси болсо ортосунда күндүн тутулушу.» (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, s. 47)
«Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда бир Рамазан ичинде күн эки жолу тутулат.» (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, s. 440)
«... Күндүн орозо айынын ортосунда, айдын болсо аягында тутулушу...» (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, s. 37)
«Аз. Мехди (ас)дын келиши Рамазан айында айдын эки жолу тутулушуна себеп болот.» (Kıyamet Alametleri, s. 200)
Хижрий 1400-жылдардын ичинде, 1981- жана 1982-жылдары катары менен жана так Рамазан айында күн менен ай тутулуулары болгон. 1981- жана 1982-жылдары катары менен болгон бул асман окуялары менен хадис толук чыккан. Бул окуянын эки жыл катары менен болушу хадис айткан окуянын ишке ашканын көрсөтөт. Мындан кийин башка бир кылымда боло турган ушул сыяктуу окуянын эми хадиске тиешеси болбойт.
◉ Ошондой эле, дүйнөбүзгө жакын жерден 76 жылда бир өтүүчү Галилей куйруктуу жылдызы 1986-жылы, б.а. Хижрий 1406-жылы өткөн. Пайгамбарыбыз (сав) хадисте мындай деген:
Ал келээрден мурда чыгыштан жарык чачкан бир куйруктуу жылдыз көрүнөт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, s. 53)
◉ Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде;
« ... АЗЕРБАЙЖАНДАН СӨЗСҮЗ БИР ОТ ЧЫГАТ. Жана эч нерсе анын алдында тура албайт. Бул окуя болгондо үйүңөрдө отургула...» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani s. 311)
деп айткан жана чындап эле Азербайжанга тиешелүү Тоолуу Карабах жерлери 1988-жылы армяндар тарабынан басып алынып, бул хадис да Хижрий 1400-жылдар ичинде болгон. Мындан кийинки бир келечекте Азербайжан жерлеринде боло турган жаңы бир басып алуунун хадис жагынан эч мааниси болбойт.
◉ Имам Раббани тарабынан кабар берилген Пайгамбарыбыз (сав)дын бир хадисинде болсо мүйүзгө окшогон эки учтуу бир жылдыздан сөз кылынып, ал алааматтын Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматы экени кабар берилүүдө.
«Убада кылынган Мехди (ас)дын чыгуу белгилеринин болгон Аббаси Малик Хорасанга барган кезде, ЧЫГЫШ ТАРАПТАН ЭКИ ТИШТҮҮ АЙДЫҢ БИР МҮЙҮЗ ЧЫГАТ.» (İmam-ı Rabbani, Mektubat-ı Rabbani, 381. Mektup, s. 1184) (Imam Rabbani, Letters of Rabbani, 381st Letter, p. 1184)
Бул сүрөттөөлөргө толук туура келген эки куйруктуу Люлин куйруктуу жылдызы 2009-жылы 24-февральда дүйнөгө эң жакын жерден өткөн. Эми миңдеген жылдан кийин өтөөрү болжолдонгон бул куйруктуу жылдыз хадистеги сүрөттөөлөргө толук туура келет. Өтүү убактысы болсо Хижрий 1430-жылды берүүдө.
◉ 1979-жылы (Хижрий 1400-жылы Мухаррам айынын биринде) ажылык учурунда Каабада чоң бир кыргын болгон. Бул окуянын болуу убактысы болсо Хижрий 1400-жылдын биринчи күнү. Ал окуяда 30 киши көз жумган. Пайгамбарыбыз (сав) хадисте;
АЛ (АЗ. МЕХДИ (ас)) ЧЫГА ТУРГАН ЖЫЛЫ адамдар ажылыкка башында бир башчысы болбостон барышат... Баары чогуу Куттуу Бейтти айланышат, анан Минага түшүшкөндө, иттер сыяктуу бир-бирине кол салып, ажылар тонолуп, кандар Акаба ысыгынын үстүнө агат.» (Kıyamet Alametleri, s. 168-169)
деп, «Аз. Мехди (ас) чыга турган жылы» Каабада ушундай маанилүү бир окуянын болоорун айткан. «Чыга турган жылы» сөзү бул жагынан өтө маанилүү. Себеби бул окуя дагы, Аз. Мехди (ас)дын чыгуу убактысы дагы 1979-жылды көрсөтүүдө. 1979-жылы болгон бул окуядан 7 жылдан кийин ажылык учурунда андан да бир топ кандуу окуя болгон. Бул жолу 402 киши өлтүрүлгөн. Бирок ал окуянын биринчисинен айырмасы мунусу Каабанын ичинде эмес, жанында болгон. Бул эки окуя тең хадистерде Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматы катары айтылган «Каабага чабуул жана Каабада кан төгүү» окуяларына толук туура келген абалда болгон. Көрүнүп тургандай, хадисте берилген детальдарга толук туура келген бул окуя болуп өткөнүнө карабастан, башка бир кылымда кайрадан ушундай окуя болот деп күтүү эч акылга жана логикага сыйбайт.
Мындан тышкары, Хижрий 1400-жыл өтүп кеткендиктен, кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас) башка кылымда келет» деген сөзүн бул хадис аркылуу түшүндүрүшү да мүмкүн болбой калды.
◉ Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын бири – бул акыр заманда өтө чоң бир экономикалык кризистин болушу. Хадисте адамдардын «аз таап жатам, соода жүрбөй жатат, иштер жакшы болбой жатат» деп экономикалык кыйынчылыктардан арыздана турган бир кризиске туш болоору кабар берилет.
Бүт адамдардын аз акча таап жатам деп арызданышы... Акчалары үчүн байлардын урмат көрүшү... (Kıyamet Alametleri, s. 146)
Базарда сооданын жүрбөшү, аз акча табуу... (Kıyamet Alametleri, s. 148)
Иштердин жакшы жүрбөшү. Баары «сата албай жатам, ала албай жатам, акча таба албай жатам!» деп арызданат. (Kıyamet Alametleri, s. 152)
Учурда бүт дүйнөдө, Америка, Кытай, Германия сыяктуу ири экономикалар оор сокку алган дүйнөгө таанымал ири фирмалар, банктар жана өнөр жайлар криз себебинен банкрот болгон чоң бир экономикалык кризис өкүм сүрүп жатат. Дүйнөлүк Банктын башчысы Роберт Зеллик (Robert Zoellick) дүйнөдөгү бул экономикалык кризис жөнүндө:
«ДҮЙНӨНҮН ТЕҢДЕШСИЗ БИР ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИСКЕ КАБЫЛГАНЫ, жакырлар дагы көбүрөөк кыйналаары жөнүндө пикирлер көп жана бир адамзат балээсинин алдын алуу үчүн өз убагында кийлигишибиз керек»1
_________________________________
1 http://www.netgazete.com/News/588843/dunya_bankasi_ekonomik_kriz_bircok_yoksul_ulke_icin_kalkinma_felaketine_donusebilir_.aspx
деп учурда болуп жаткан бул экономикалык кризистин чыныгы масштабын айткан. Бул сөздөрдөн да апачык көрүнүп тургандай, акыр заманда Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын бири болгон экономикалык кризис менен бул маанилүү хадис дал Хижрий 1400-жылдардын ичинде ишке ашты.
Бул хадистер сыяктуу дагы жүздөгөн сахих хадис Хижрий 1400-жылдары катары менен болуп өттү.
Бүт мындай алааматтардын бир-бирден жана катары менен бир кылым ичинде чыккан болушу өтө маанилүү. Себеби бул хадистер бир жагынан акыр заманда жашап жатканыбызды, экинчи жагынан болсо бүт Мусулмандар толкундануу менен күткөн Аз. Мехди (ас)дын чыкканын далилдөөдө. (Туурасын Аллах билет.) Мындай таң калыштуу окуялардын катары менен ишке ашышы Мусулмандардын акыр заманда экенин билиши жана Аз. Мехди (ас)дын чыгышын күтүшү үчүн жетиштүү. Бирөөсү да калбастан, күтүлгөн бүт алааматтар бир-бирден жана катары менен Хижрий 1400-жылдары чыгып жатканда, бул алааматтардын башка бир кылымда кайрадан болушун күтүүнүн эч мааниси жана логикасы жок.
Курани Каримде Улуу Аллах Куран ахлагын дүйнөгө орнотоорун, сөзсүз ыкластуу, чын пейилдүү кулдарына күч, бийлик, кубат жана үстөмдүк берээрин, кыйынчылык менен азапка толгон жашоодон соң Мусулмандарды бейпилдикке жеткирээрин сүйүнчүлөөдө:
Аллах араңардан ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган: Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу аларды да жер жүзүндө «күч жана бийлик ээси» кылат, алар үчүн тандап жактырган динин аларга бекемдеп, жайгаштырат жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат... (Нур Сүрөсү, 55)
Жана алардан кийин силерди ал жерге сөзсүз жайгаштырабыз. Мына ушул макамымдан коркконго жана эскертүүмдөн коркконго тиешелүү (бир өзгөчөлүк). Жеңиш сурашты, (аягында) зулумдук кылуучу өжөр ар бир адам зыянга учурап, жок болду. (Ибрахим Сүрөсү, 14-15)
Аллахтын жардамы жана жеңиш келгенде, жана адамдардын Аллахтын динине топ-топ болуп кирип жатканын көргөнүңдө, ылдам Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура. Чынында Ал тооболорду кабыл кылуучу. (Наср Сүрөсү, 1-3)
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде болсо Аз. Мехди (ас)дын Хижрий 1400-жылы чыгаары жана Ислам ахлагын бүт дүйнөгө орнотоору сүйүнчүлөнөт. Анын доорунда бүт дүйнөдө тынчтык, бейпилдик, адилеттүүлүк, акыйкаттык, молчулук, бакубаттык, бактылуулук орноп, дүйнө укмуш коопсуздукка жетет. Аз. Мехди (ас) доору жөнүндө Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистердин кээ бирлери төмөнкүдөй:
АДАМДАР 1400-ЖЫЛЫ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАНЫНДА ТОПТОЛУШАТ. (Risaletül Huruc-ül Mehdi, Mustafa Reşit Filizi, s. 108)
Микдад б. Эсвед мындай дейт: Расулуллах саллаллаху алейхи ва алихтин «Жер бетинде Ислам дини кирбеген жер, ылайдан жасалган бир үй жана (чөлдө) бир чатыр калбайт.» дегенин уктум. (Mecma-ul Beyan, Ebu Ali Fazl b. Hasan b. Fazl Tabersî, Тообо Сүрөсүнүн 33-аятынын тафсиринде.)
... Мехди (ас)дын Курандык өкүмдарлыгы (Куран ахлагын орнотушу) ААЛАМДЫН ЧЫГЫШ МЕНЕН БАТЫШЫН КАПТАЙТ... (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т: 1, б: 254- 255.)
... Ал (Аз. Мехди (ас)) дүйнөнү ээлейт жана андан мурда кысымчылык жана зулумдукка толгон жер бетин адилеттүүлүккө толтурат. Силерден ага ким жеткен болсо, кар үстүндө сойлоп болсо да келип, Ага кошулсун. Себеби Ал Аз. Мехди (ас). (Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Celalettin Suyuti (Акыр заман Мехдисинин алааматтары, Желалеттин Суйути), 14-б.)
Төмөндө улуу ахли сүннөт аалымы Мадиналык Алламе Мухаммед б. Ресул эль-Хүсейни эль-Берзенжи Азретинин котормосу орун алган:
... (Аз. Мехди (ас)) Зулумдук менен жамандыкка толгон дүйнөнү адилеттик менен чынчылдыкка толтурат. (Ebu Davud. Tirmizi. Büyük Fitne Mesih Deccal (Чоң фитна месих дажжал), Saim Güngör, Pamuk Yayınları, 80-б., Ebu Davud ve Tirmizi / Büyük Hadis Külliyatı, Rudani 5-том, 365-б.)
Анын (Аз. Мехди (ас)дын) адилеттиги бүт тарапты курчайт жана адамдар арасында Аз. Пайгамбардын сүннөтү менен мамиле кылынат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 20-б.)
... Жер бети зулумдук менен азапка толгон сыяктуу аны чынчылдык менен адилеттүүлүккө толтурат. (Süneni-i Ebu Davut, 5/93)
(Аз. Мехди (ас)дын) Доорунда бир адам да уйкусунан ойготулбайт, бир адамдын мурду да канабайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 44)
Идиш сууга толгон сыяктуу жер бети тынчтыкка толот. Эч ким арасында бир душмандык калбайт. Жана бүт душмандыктар, уруштар, кызганычтыктар сөзсүз жок болот. (Sahih-i Müslim, 1/136)
Жер бети зулумдук менен душмандыкка толгон соң, сөзсүз менин Эхли Бейтимден (урпактарымдан) бирөө чыгат. Жана мурда зулумдук менен душмандыкка толгон сыяктуу, Ал (Аз. Мехди (ас)) дүйнөнү адилеттикке толтурат. (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 11-б.)
... Жер бети коопсуздукка толот жана ал тургай, бир канча аял жанында бир дагы эркек болбостон, эч бир көйгөйсүз ажылыкка бара алат. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 47-б.)
Үммөтүмдөн Мехди (ас) чыгат. Аллах Таала Азреттери адамдарды бай кылуу үчүн аны жөнөтөт. Ал кезде үммөтүм байыйт, жаныбарлар мол жана өсүмдүктөр түшүмү өтө көп болот, Аз. Мехди (ас) адамдарга бирдей кылып мол-мол мал-мүлк таркатат. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)
Адамдарга мал-мүлктү жана буюмду таркатканда, санабастан көп-көптөн берет. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 21-б.)
... Мал-мүлк ушунчалык көбөйгөндүктөн, эч ким мал-мүлк кабыл албай калат. (Sünen-i Ibn-i Mace, 10/340)
Бирок Аллах убадаларын билдирген бүт Куран аяттарына жана Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган сахих хадистерге карабастан, дагы эле Ислам ахлагынын ушул кылымда орноорун танган бир адам бар болгон болсо, анда ал адам анын танышына себеп болгон логикасын дал ушул сыяктуу аяттар менен жана сахих хадистер менен бүт Мусулмандарга далилдеп бериши керек. Мусулмандарга Ислам ахлагынын бүт дүйнөдө ушул кылымда Аз. Мехди (ас) себеби менен эмне үчүн орнобой турганын, эмне үчүн бул кылымда ушундай чоң бир сүйүнчүнү күтүүдөн баш тартышы керек экенин, ачык далилдер менен, тилин кыйшаңдатпастан, апачык жана түшүнүктүү бир услуп менен, Пайгамбарыбыз (сав)дын сахих хадистеринен бир-бирден түшүндүрүп бериши зарыл.
Бирок эгер ушул кылымда бүт дүйнөдө Ислам ахлагы орнойт деп жаткан болсо, анда сөзсүз Мусулмандардын башында Мусулман бир руханий лидер болушу керек экенин, ал лидердин сөзсүз түрдө Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан Хижрий 1400-жылы чыгаары сүйүнчүлөнгөн Аз. Мехди (ас) болушу керек экенин Мусулмандарга айтышы керек.
Эч күмөнсүз, Ислам ахлагы Аллах аяттарында сүйүнчүлөгөн жана Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде апачык айткан сыяктуу Аз. Мехди (ас)дын себепчи болушу менен иншаАллах орнойт. Муну кээ бир жаман ниеттүү кишилер канчалык жаап-жашырууга же тоскоол болууга аракет кылбасын, алардын шайтандык иш-аракетинен эч майнап чыкпайт. Аллахтын мыйзамына эч ким эч качан кийлигише албайт жана мурдакы кылымдарда динди кошумчалардан тазалоо үчүн бир олуя, бир устат келип кызмат кылган сыяктуу, биз жашап жаткан кылымда да Аллах Аз. Мехди (ас)ды милдеттендирген жана ал Аллахтын каалоосу менен акыр замандын бул улуу кызматын аткарат.
ООЗДОРУ МЕНЕН АЛЛАХТЫН НУРУН (ДИНИН) ӨЧҮРҮҮНҮ КААЛАШУУДА. БИРОК, АЛЛАХ, КААПЫРЛАР КААЛАШПАСА ДА, ӨЗ НУРУНУН (БҮТ ДҮЙНӨГӨ) ТОЛУК ТАРАЛУУСУНАН БАШКАСЫН КААЛАГАН ЖОК. (ТООБО СҮРӨСҮ, 32)