Бул бөлүмдө тарыхтын ар кайсы доорлорунда жашаган Ислам аалымдарынын Мехдилик жөнүндөгү көз-караштары жана эмгектеринде орун берген бул жөнүндөгү риваяттардын бир бөлүгү каралган.
Белгилүү болгондой, Кутуби Ситте (Алты китеп) алты белгилүү хадис китебинен турган хадис жыйнагынын жалпы аты. Ал алты китепте Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган хадистердин туура экени бүт ахли сүннөт аалымдары тарабынан тастыкталган.
Ушул себептен, Кутуби Ситте – ахли сүннөт итикады (ишеними) боюнча, динде Курандан кийинки эң негизги экинчи булак. Аалымдар Кутуби Ситтенин ишенимдүүлүгү жөнүндө, ал жыйнактагы хадистерди жокко чыгарууну Расулуллах (сав)ды танууга теңешкен. Кутуби Ситтеде Мехдилик жөнүндө көптөгөн хадис риваят кылынган. Кутуби Ситтеден орун алышынын өзү эле Мехдилик темасынын тууралыгында эч күмөн жок бир чындык экенин көрүүгө жетиштүү.
Кутуби Ситтедеги Мехдилик жана акыр заман жөнүндөгү хадистерден кээ бир мисалдар төмөндө берилген:
... Эбу Хурейре (ра) мындай деген: Расулуллах (сав) мындай деди: «Түнкүсүн бастырылганымда Аз. Муса (ас)га жолуктум». –Рави (риваят кылуучу) айтты: Расулуллах (сав) аны сүрөттөдү.- «Анан Шенуе уруусунун эркектеринен бирөө сыяктуу каратору, узун бойлуу, түз чачтуу бир зат экенин көрдүм.» Расулуллах (сав) айтты: «Мен Аз. Иса (ас)га да жолуктум.» Пайгамбар (сав) аны да сүрөттөп мындай деди: «Аз. Иса (ас) дене түзүлүшү орто, мончодон чыккандай ак жүздүү эле...»
...Бизге Муса Ибн Укбе риваят кылды. Нафиъ мындай деген: Абдуллах ибн Умер (ра) айтты: Пайгамбар (сав) бир күнү адамдардын арасында дажжал масихти сөз кылып мындай деди: «... Көңүл бургула, дажжал месихтин оң көзү кылый. Анын көзү сабагындагы катарынан сыртка чыккан, чоң бир жүзүм сыяктуу.»
...Мага эз-Зухри Салимден риваят кылды, атасы Абдуллах ибн Умер мындай деген: Жок Аллахка ант, Пайгамбар (сав) Аз. Иса (ас) жөнүндө «Кызыл (жүздүү)» деген жок. Ал мындай деди: «Мен уктап калган элем, түшүмдө Каабаны таваф кылып жатканмын. Ошол кезде кара тору, койо берилген түз чачтуу бир кишини көрдүм, эки киши арасында аларга таянып эки тарапка чайпалып бараткан (тавафты (айланууну) ушундайча кылып жаткан), башы болсо суу тамчытып жаткан же башы суу төгүп жаткан. Мен;
◉ Бул ким? деп сурадым.
- Мерйем уулу, дешти.
Аны көздөй басканымда анан кызыл жүздүү, узун бойлуу, башы тармал чачтуу, оң көзү майып, тостогой; сабагындагы катардан сыртка чыгып турган бир жүзүм сыяктуу. (Ал жердегилерден:)
- Бул ким? деп сурадым.
- Бул дажжал. дешти.
Саид ибнуъл, Мусеййеб, Эбу Хурейре (ра)дан мындай дегенин уккан: Расулуллах (сав) мындай деди: «Напсим колунда болгон Аллахка ант ичем, сөзсүз келечекте Мерйем уулу Иса силердин араңарга адилеттүү бир өкүмдар катары түшөт. Ошондо крестти сындырат (христиан дининдеги Аз. Иса өлтүрүлгөн деген ишенимди өзгөртөт), чочкону өлтүрөт (чочконун зыяндуу бир тамак экени жөнүндө адамдарды эскертип адамдардын чочкого кызыгуусун жоготот), адам башына салыкты алып салат, мал-мүлк ушунчалык көбөйүп, эч ким мал-мүлк албайт. Жалгыз сажда дүйнө жана дүйнөдөгү бүт нерседен жакшыраак болот.»
...Бизге эль-Лейс, Йунус ибн Йезидден; ал болсо Ибн Шихабдан; ал болсо Эбу Катаде эль-Энсаринин кароосундагы Нафиден риваят кылды, Эбу Хурейре (ра) мындай деген: Расулуллах (сав) мындай деди: «Имамыңар (руханий лидериңер) өзүңөрдөн болгон кезде Мерйем уулу силердин араңарга түшкөндө (Иса да имамыңарды ээрчигенде) силер кандай болот болдуңар экен?»
«... эз-Зухри риваят кылып мындай деди: Мага Саид ибнуъл Мусеййеб кабар берип мындай деди: Эбу Хурейфе (ра) Расулуллах (сав)дан мындай дегенин укту: «Мерйем уулу Иса силердин араңарга өкүмүндө адилеттүү бир өкүмдар катары түшмөйүнчө, крестти сындырмайынча (христиан дининдеги Аз. Иса өлтүрүлгөн деген ишенимди өзгөртөт), чочкону өлтүрмөйүнчө (чочконун зыяндуу бир тамак экени жөнүндө адамдарды эскертип адамдардын чочкого кызыгуусун жоготот), адам башына салыкты алып салмайынча жана мал-мүлк эч ким кабыл албай турган даражада толуп ташмайынча кыямат болбойт.»
Мына ушулар КОНСТАНТИНОПОЛЬДУ (б.а. Стамбулду) (руханий) каратышат. Караткан соң кийимдерин зайтун дарактарына асып коюп араларында олжолорду бөлүштүрүп жатканда шайтан кокустан алардын арасында бир кыйкырык салып: «дажжал месих силердин тууган-уруктарыңар арасында силердин ордуңарга өтүп халефеңер (орун басарыңар) болду» дейт. Бул сөздөр калп болсо дагы, Мусулман аскерлер жолго чыгышат. Аягында Дамаскка келишкенде, согуш үчүн даярдык кылып, саптарын оңдоп жатышканда кокустан (заматта) намазга каамат кылынат. Ошол замат Мерйем уулу Иса Алейхиссалам түшөт жана Пайгамбарларынын сүннөтүн алып моюн сунуу үчүн ал Мусулман жамааттын жанына келет. Мына ошол кезде Аллахтын душманы болгон дажжал месих Иса (ас)ды көргөндө туздун сууда ээриши сыяктуу ээрийт. Эгер Аз. Иса (ас) аны таштап койгон болгондо, өзүнөн-өзү кыйраганга чейин ээримек.
... Хузейфетъбну Эсид (ра) айтат: Пайгамбар (сав) бир казатта эле. Биз болсо андан төмөнүрөөк бир жерде турганбыз. Пайгамбар (сав) бир кезде кокустан биздин жаныбызга келип калды жана:
-Эмне жөнүндө сүйлөшүп жатасыңар? деп сурады. Биз:
-Кыямат жөнүндө сүйлөшүп жатабыз дедик. Пайгамбар (сав):
Андан мурда он аят (б.а. алаамат) болмоюнча кыямат болбойт: Мешрыкта (чыгышта) бир жер чөгүшү, Магрибде (батышта) бир жер чөгүшү, Араб жарым аралында бир жер чөгүшү болуп жалпысы үч жер чөгүшү; духан (түтүн), дажжал, даббетуъл-ард (жер жаныбары), Яжуж менен Мажуждун чыгышы, күндүн батыштан чыгышы, Аден жеринин эң алыскы жеринен чыгып адамдарды көчүрө турган бир от! деди.
Шубе айтты: Мага Абдулазиз ибн Руфей, Эбуът-Туфейлден, ал болсо Эбу Сарихадан Пайгамбар (сав)ды айтпастан ушул сыяктууну риваят кылды. Ал жердеги эки равинин (риваятчынын) бирөөсү онунчу алаамат жөнүндө: Мерйем уулу Иса Алейхиссаламдын түшүшү деди.
... Анан дажжал ал коомдон кайтып кетет. Андан соң ал коом аз жамгырлуу бир жетишпестик кыйынчылыгына кабылышат. Колдорунда эч мал-мүлктөрү калбайт. Дажжал бир талкаланган жерге келип ага: казыналарыңды чыгар! дейт. Анан ал талкаланган жердин казыналары бал аарысы тобунун аары башчысын ээрчип кетиши сыяктуу анын артынан кетишет. Анан ал өспүрүм, жаш бир жоомартты чакырып, аны кылыч менен уруп эки бөлүккө бөлүп, бөлүктөрдү бир ок атышы аралыгына бир-биринен алыстатат. Анан дажжал бөлгөн жаш жигитти чакырат, ал болсо ошол замат жүзү жайнап, күлүп келет. Дажжал бул иш менен алектенип жатканда заматта Аллах Месих ибн Мерйемди жөнөтөт, Ал болсо Дамасктын чыгыш тарабындагы Ак мунара жанына үйүр бойогу менен бойолгон эки бөлүк кийим кийип колдорун эки периштенин канаттары үстүнө койгон абалда түшөт. Башын ылдый ийгенде суу тамчыйт, жогору көтөргөндө болсо андан чоң жемчугдай тунук жана кооз бир суу түшөт. Эми эч бир каапыр үчүн анын деминин шамалын тирүү абалда көрүү мүмкүндүгү болбойт. Анын деми көзү көргөн жерге чейин жетет. Анан Аз. Иса (ас) дажжалды издейт; жана аягында аны Байтуъль-Макдиске жакын бир жер болгон Бабу Лурид деген жерде жетип (фитнасын) жок кылат. Анан Мерйем уулу Иса Алейхиссаламга Аллах дажжалдын жамандыгынан коргогон бир коом келет, Аз. Иса алардын жүзүнө колу менен тийип масх кылат (сылайт). Жана аларга бейиштеги даражаларын айтат. Алар бул акыбалда турганда кокустан Аллах Аз. Исага: Мен азыр мага тиешелүү бир катар кулдар чыгардым, эч кимдин алар менен согушууга күч-кудурети жок. Сен айланаңдагы кулдарымды Турда жакшылап корго, ал жерди алар үчүн бекем бир башпаана жана калаа кыл! деп вахий кылды. Жана Аллах Яжуж менен Мажужду жөнөтөт. Бирок алар ар бир дөбөдөн ылдам басып өтүшөт (аль-Анбия: 96), алардын алгачкы кербендери Таберийа (Тверия) көлүнө барып андагы суунун баарын ичип жиберишет. ЯЖУЖ ЖАНА МАЖУЖ тобунун аягы ал жерге барып: «Ант болсун, бир жолу бул жерде бир суу бар эле» дешет. Аллахтын Пайгамбары Иса менен анын жардамчылары толук курчалышат. Алардын кандайдыр бирөөсүнө бир өгүз башы бүгүн бирөөңөрдүн жүз динарынан жакшыраак болот. Анан Аллахтын Пайгамбары Иса менен достору Аллахка суроо –же дуба- кылышат. Аллах душман аскерлери арасына төө менен чоң баш малдардын мурундарында болгон бир мурун куртун жөнөтөт, натыйжада баары жалгыз демдин өлүшүндөй өлүп кыйрашат. Анан Аллахтын Пайгамбары (сав) менен анын сахабалары жерге түшүшөт. Эми алар жер бетинде ЯЖУЖ менен МАЖУЖ кишилеринин майлары менен жаман жыттары толтурбаган бир карыш жер таба алышпайт. Аллахтын Пайгамбары Аз. Иса менен анын сахабалары Аллахтан сурап, дуба кылышат...
◉ 242- (155)..........: Эбу Хурейре (ра) мындай деген: Расулуллах (сав) айтты: «Өмүрүм колунда болгон Аллахка ант ичем, Мерйем уулу (Иса Алейхиссалам)дын адилеттүү бир өкүмдар катары силердин араңарга түшүшү албетте жакын. Ал крестти сындырат (христиан дининдеги Аз. Иса өлтүрүлгөн деген ишенимди өзгөртөт), чочкону өлтүрөт (чочконун зыяндуу бир тамак экени жөнүндө адамдарды эскертип адамдардын чочкого кызыгуусун жоготот), адам башына салыкты алып салат. (Ал кезде) мал-мүлк ушунчалык ашып-ташат, эч ким мал-мүлк кабыл албай калат.
◉ 243- ……: Эбу Хурейре (ра) айтты: Расулуллах (сав) мындай деди: «Аллахка ант ичем, Мерйем уулу адилеттүү бир өкүмдар катары сөзсүз түшөт, крестти сөзсүз сындырат (христиан дининдеги Аз. Иса өлтүрүлгөн деген ишенимди өзгөртөт), чочкону сөзсүз өлтүрөт (чочконун зыяндуу бир тамак экени жөнүндө адамдарды эскертип адамдардын чочкого кызыгуусун жоготот), адам башына салыкты сөзсүз алып салат. (Ал кезде) жаш ургаачы төөлөр сөзсүз ташталат, аларга талап болбойт, бүт душмандыктар, жаман көрүүлөр жана кызганычтыктар сөзсүз жоголот. Ал сөзсүз мал-мүлккө чакырат (же адамдар мал-мүлккө чакырылышат) бирок мал-мүлктү эч ким кабыл албайт.»
◉ 244- ……: Эбу Хурейре (ра) айтты: Расулуллах (САВ): «Имамыңар (мамлекет башчыңар) силерден болгон абалда Мерйем уулу (Иса алейхиссалам) араңарга түшкөндө (имамыңарды ээрчигенде) кандай болот экенсиңер?» деди.
◉ 245- ……: Эбу Хурейре (ра) мындай деген:Расулуллах (сав): «Мерйем уулу (Иса алейхиссалам) араңарга түшкөндө жана силерге башчы болгондо силер кандай болосуңар?» деди.
◉ 246- ……: Эбу Хурейре (ра)дан: Расулуллах (сав): «Мерйем уулу (Иса алейхиссалам) араңарга түшкөндө жана силерден (бирөөнү) имам кылганда абалыңар кандай болот?» деди.
◉ 247- (156)..........: Жабируъбну Абдиллах (ра) мындай деген: Пайгамбар (сав)дан уктум, ал мындай деди: «Үммөтүмдөн бир топ кыямат күнүнө чейин акыйкат жолдо согушуп үстөм болууну улантат.» Аягында Мерйем уулу Иса түшөт жана Мусулмандардын амири (башчысы) ага: Кел, бизге намаз кылдыр, дейт. Анда Иса: Жок, Аллахтын бул үммөткө бир берешендиги катары силердин кээ бирлериңер башка бөлүгүнө амирсиңер (башчысыңар), дейт.
Севбан (р.а)дан риваят боюнча, Расулуллах (сав) мындай деди: «Үммөтүм үчүн жалгыз коркконум – адашкан жана адаштыруучу мамлекеттик кызматкерлердин чыгышы. Севбан Расулуллах (сав)дын мындай дегенин да айткан: Үммөтүмдөн бир жамаат Аллахтын буйругу келгенге чейин батылдан (адашкан агымдан) үстөм болуп акыйкат жолду улантышат. Аларды жардамсыз калтыргандар аларга зыян бере алышпайт.
Абдуллах б. Месъуд (ра)дан риваят боюнча, Расулуллах (сав) мындай деди: «Эхли Бейтимден (урпактарымдан) ысмы ысмыма окшогон бир киши араптардын башына өтүп башкарууну колуна алганга чейин дүйнөнүн аягы келбейт.»
Абдуллах б. Месъуд (ра)дан риваят боюнча, Расулуллах (сав) мындай деди: «Эхли Бейтимден ысмы ысмыма окшош бир киши иш башына өтөт.» Асым айтат: Эбу Салих Эбу Хурейренин мындай дегенин бизге айтып берди: «Дүйнөнүн бир күндүк өмүрү калган болсо дагы ал киши башчылыкка өтүшү үчүн Аллах ал күндү созот.»
Эбу Саид эль Худри (р.а)дан риваят боюнча мындай деген: Пайгамбарыбыз (сав)дан кийин бир окуя чыгаарынан корктук жана Расулуллах (сав)дан сурадык, айтты: «Үммөтүмдүн арасында Аз. Мехди (ас) чыгат, беш же жети же тогуз (күмөн кылган рави Зейд) жашайт. Эбу Саид айтат: «Бул мөөнөт кандай?» деп сурадык. Расулуллах (сав) «Жыл» деди, жана мындайча улантты «Бир адам ал Аз. Мехди (ас)га келет жана Эй Аз. Мехди (ас) мага бер, мага бер, дейт. Мехди болсо анын кийиминин этегине көтөрө ала турганчалык этегин толтурат.»
Эбу Хурейре (ра)дан риваят боюнча, Расулуллах (сав) мындай деди: «Жаным Кудуреттүү колунда болгон Аллахка ант ичем, Мерйем уулунун адилеттүү бир өкүмдар катары силерге түшүшү өтө жакын. Ал келгенде крестти сындырат (христиан дининдеги Аз. Иса өлтүрүлгөн деген ишенимди өзгөртөт), чочкону сөзсүз өлтүрөт (чочконун зыяндуу бир тамак экени жөнүндө адамдарды эскертип адамдардын чочкого кызыгуусун жоготот), адам башына салыкты алып салат, мал-мүлк ушунчалык көбөйүп, эч ким аны кабыл албайт.»
Мүжемма б. Жарийе эль Энсари (р.а)дан уктум, мындай деди: «Мерйем уулу Иса (ас) дажжалды «Баб-ы Луд» деген жерде (фитнасын) жок кылат.»
... Расулуллах (сав) мындай деди: «Силер үчүн корккон нерсем дажжалдан башка.» Эгер дажжал мен силердин араңарда турганымда чыкса аны силердин ордуңарга мен далилдер менен жеңем. Мен араңарда жок кезимде чыкса ар Мусулман өз далилдери менен өзүн коргонот. Мен бүт Мусулмандарды анын жамандыгынан Аллахка аманат тапшырам. «Дажжал тармал чачтуу бир жигит көрүнүшүндө, көзү тышка чыккан абалда. Абдулазза б. Катанга окшошот. Силерден ким ага жолукса Кехф Сүрөсүнүн башындагы аяттарын окусун. Расулуллах (сав) сөзүн мындайча улантты: Дажжал Дамаск менен Ирак арасынан чыгат, оң сол бүт тарапты тез арада бузууга аракеттенет. Эй Аллахтын кулдары, ал күндөрдү көрсөңөр Аллахтын дининде калууга тырышып диниңерде бекем болгула.
Көптөгөн мухаддистен хадис сабактарын алып белгилүү хадис аалымдарынын бири болгон. Андан Тирмизи, Несаи, ал тургай, устаты Ахмед Ибн-и Ханбел дагы хадис алган.
Кийинчерээк көптөгөн шаарда жашаган соң, Аббаси халифаларынан эль-Васиктин чакыруусу менен Басрага жайгашып ошол жерде көз жумган. Анын хадис менен бирге башка темаларда да эмгектери бар.
Эмгектери арасында белгилүүсү – Кутуби Ситтеден болгон, «Сүнен-и Эбу Давуд» деген ат менен белгилүү, Сүнени. Айтылышы боюнча, Улуу Пайгамбар саллаллаху алейхи ва салихтин сүннөтүн сактоо үчүн жарым миллион хадис арасынан бул китептеги хадистерди тандап жыйнаган.
Автор бул китебинде Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу бабынын «Китабуъл-Мехди» бөлүмүндө Аз. Мехдинин өзгөчөлүктөрү, чыгуу алааматтары, чыккандан кийин эмне кылаары жөнүндө он үч хадис алып өткөргөн.
Али (б. эби Талих) (ра)дан; Расулуллах (с.а)тин мындай дегени риваят кылынган.
Дүйнөнүн өмүрүнөн бир күн эле калса дагы, Аллах (жж) менин Эхли Бейтимден бир адам жөнөтөт. Ал дүйнөнү (мурда) зулумдукка толгон сыяктуу адилеттикке толтурат.
Үммү Селеме (ра) мындай деген: Расулуллах (сав)дын мындай дегенин уктум:
«Мехди менин үй-бүлөмдөн, Фатыманын урпактарынан.»
Эбу Исхактан риваят кылынышы боюнча;
Аз. Али (ра) уулу Хасанды карап мындай деген:
«Менин бул уулум Расулуллах (сав)дын аты сыяктуу сеййид. Анын урпактарынан аты Набибиздин (Пайгамбарыбыздын) атынан болгон, ага жаратылыш (дене) жагынан эмес, мүнөзү жагынан окшогон бир адам келет.»
... Эбу Саид эль-Худри (р.а)дан риваят кылынышы боюнча, Расулуллах (сав) мындай деген:
«Мехди менден (менин урпактарымдан). Анын маңдайы ачык жана мурду кичинекей. Дүйнөнү зулумдукка толгон сыяктуу адилеттикке толтурат жана жети жыл өкүм сүрөт.»
Расулуллах (сав)дын жубайы Үммү Селеме (ра)дан Расулуллах (сав)дын мындай дегени риваят кылынган:
«Бир халифа өлгөндө башаламандык чыгат. Мединалыктардан бирөө Мединадан чыгып Меккеге качат. (Бирок) Меккеликтерден кээ бир адамдар аны (турган жеринен) чыгарып, анын каалабаганына карабастан, (Каабада) Рүкун менен Макам-ы Ибрахим арасында ага моюн сунушат (аны башчы кылышат). Дамасктыктардан ага бир армия жөнөтүлөт, бирок ал армия Мекке менен Медина арасындагы Бейда деген жерде жерге чөгөт. Адамдар аны көргөндө Дамаск (Сирия) менен Ирактын жакшы, ыкластуу кулдары ага келип моюн сунат. Анан Курейштен таякелери Келб (уруусунан) болгон бир адам чыгып, ал моюн сунгандарга бир армия жөнөтөт. Бирок моюн сунгандар Келб урпактарынан болгон киши жөнөткөн армияны жеңишет. Бул армия Келб жөнөткөн бир армия. (Ошондо) Келбдин олжосуна жетпегенге кыйын!... Халифа (Мусулмандардын руханий лидери) болгон зат (Аз. Мехди) мал-мүлктү таркатат. Адамдардын бир бөлүгү Пайгамбарларынын сүннөтү менен иш-аракет кылышат. Ислам дини жер жүзүнө толук орнойт. (Аз. Мехди) жети жыл туруп анан көз жумат жана Мусулмандар намазын кылышат.»
Бизге Мүседдед кабар берди. Аларга Өмер б. Абид кабар берген экен. Бизге Эбу Бекир, б.а. Ибн-и Айаш кабар берди. (Х) бизге Мүседдед кабар берди, бизге Суфйандан Йахйа кабар берди (Х). Бизге Ахмед б. Ибрахим кабар берди. Бизге Убейдуллах б. Муса кабар берди.
Бизге Заиде кабар берди. (Х) Бизге Ахмед б. Ибрахим кабар берди, мага Убейдуллах б. Муса Фытридан кабар берди, айтты. (Риваяттардагы) маани бир. Булардын баары Асымдан, Асым. Зирден, ал болсо Абдуллах б. Месуди (ра) аркылуу Расулуллах (сав)дан риваят кылган; Расулуллах (сав) мындай деген:
«Дүйнөдө болгону бир күн калса, -Заиде хадисинде мындай деди. Аллах ал күндү созуп, – анан бүт равилер (риваятчылар) биригишти.- Ал күнү менден же Эхли Бейтимден, аты атыма, атасынын аты атамдын атына туура келген бир адам жөнөтөт.»
Фытр хадисинде кошумча төмөнкү бар:
Ал инсан «дүйнөнү зулумдукка толгон сыяктуу, адилеттикке толтурат». Сүфйан хадисинде мындай деди. Араптарга аты атыма туура келген Эхли Бейтимден бирөө башчы болмоюнча дүйнө бүтпөйт, -же кетпейт-
Эбу Давуд айтат; Өмер менен Эбу Бекрдин (риваяттар) Сүфйандын (риваяты) бирдей, б.а. акыркы кошумча булардын риваятында да бар.
Эбу Исхактан риваят кылынышы боюнча;
Аз. Али (ра) уулу Хасанга карап мындай деген:
«Менин бул уулум Расулуллах (с.а)дын аты сыяктуу сеййид. Анын урпактарынан аты Набибиздин атынан болгон, ага жаратылыш (дене көрүнүшү) жагынан эмес, мүнөзү жагынан окшогон бир инсан келет.»
Аз. Али кыссаны эстеди, «Дүйнөнү адилеттик менен толтурат...» деди.
Харун мындай деди: Бизге Амр. б. Аби Кайс Мутаррыф б. Тарифтен ал эби Хасенден, ал болсо Хилал б. Амрдан мындай дегенин риваят кылды:
Мавераннахрда эль-Харис б. Харрас аттуу бир адам чыгат. Анын (армиясынын) алдында Мансур аттуу бирөө болот, Курейш Расулуллахка мүмкүндүк бергендей Ал-и Мухаммедге (халифалыгына) мүмкүндүк берет – же даярдайт, ар бир ыймандуунун ага жардам бериши же анын чакырыгын кабыл алышы важип.
Тарых, тафсир жана хадис илими тармагында көптөгөн эмгеги бар. Эң белгилүү китеби эки томдук Сүненүъл-Мустафа; бул Сүнени Ибни Маже деген ат менен белгилүү. Ахли сүннөттүн Кутуби Ситте деп айтылган хадис булактарынын бирөөсү. Бул китебинин «эль-Фитен» бабынын бир бөлүмүндө Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу хадистерди алып жазган.
«... Хузейфе бин Эсид Эби Сериха (радыйаллаху анх)дан; мындай деген:
(Бир күнү) биз (сахабалар) кыямат күнү (абалдары) жөнүндө (өз арабызда) сүйлөшүп жатканыбызда Расулуллах (саллАллаху алейхи ва саллам) (жогору жагыбыздагы) бир бөлмөдөн түшүп бизге келип калды жана:
(Мобул) он чоң алаамат болмоюнча, кыямат болбойт: күндүн батыш тараптан чыгышы, дажжал, духан (түтүн), Даббе(түъл-Ард), Яжуж жана Мажуж, Иса бин Мерйемдин (асмандан түшүп ортого) чыгышы, бири чыгышта, бири батышта жана бири Арап жарым аралында болуп жалпы үч Хуфус (б.а. жердин чөгүшү) жана Эбйененин Аден мамлекетинин эң алыскы жеринен чыгып адамдарды Махшар (жери)не айдаган ушундай бир от; адамдар түнөгөндө ал (от) да алар менен бирге түнөйт жана адамдар түшкү убакытта уктаганда ал да алар менен бирге уктайт.»
«... Эбу Хурейре (ра)дан риваят кылынышы боюнча; Пайгамбар (сав)дын мындай дегенин айткан:
Иса бин Мерйем (Мухаммед дининдеги) адилеттүү бир өкүмдар жана адилеттүү бир имам (мамлекет башчысы) болуп (асмандан жерге) түшмөйүнчө кыямат болбойт. Ал (түшкөндө) крестти сындырат (христиан дининдеги Аз. Иса өлтүрүлгөн деген ишенимди өзгөртөт), чочкону өлтүрөт (чочко зыяндуу бир азык деп адамдарды эскертип адамдардагы чочкого болгон кызыгууну жок кылат), адам башына салыкты алып салат. Мал-мүлк ушунчалык көбөйүп, эч ким мал-мүлк кабыл албайт.
Али (ра)дан риваят кылынышы боюнча, Расулуллах (сав) мындай деди: «Эль-Мехди бизден, Эхли Бейттен. Аллах аны бир түндө тазалайт (б.а. тообосун кабыл алат, же илим жана акылмандыктар менен жабдыйт).
«... Абдуллах (бин Месъуд) (Радыйаллаху анх)дан; мындай деген:
Менин Эхли Бейтим, сөзсүз (бүлөм) менден кийин балээ, уурдалуу жана сүргүнгө туш болот. Аягында жанында кара желектери бар бир коом чыгып тараптан келет жана жакшылык (өкүмдарлык) сурашат. Бирок сурагандары берилбейт. Анан согушушат жана аларга (Аллах тарабынан) жардам берилет. Андан соң сурагандары (өкүмдарлык) аларга берилет. Бирок алар аны кабыл албай башчылыкты Эхли Бейтимден бир инсанга тапшырышат. Ал (башчы) болсо адамдар жер жүзүн мурда зулумдукка толтурган сыяктуу жер жүзүн адилеттикке толтурат. Силерден ким ал күнгө жеткен болсо кар үстүндө жөрмөлөп болсо да аларга барсын (кошулсун), деди.»
«Силер ал (армиянын башында) келгенди көргөндө, кар үстүндө жөрмөлөп болсо дагы (барып) ага моюн сунгула. Себеби ал Аллахтын халифасы (Мусулмандардын руханий лидери) Аз. Мехди.» деди.
Абдуллах бин эль-Харис бин Жезиз-Зүбейди (ра)дан риваят кылынышы боюнча, Расулуллах (сав) «Чыгыштан бир катар адамдар чыгат жана Мехди үчүн негиз (шарттарды) даярдашат» деди.
«... Эбу Саид-и Худри (ра)дан риваят кылынышы боюнча, Пайгамбар (сав) мындай деген:
Үммөтүмдүн арасында эль-Мехди болот. (Араңарда турушу) кыска тутулган болсо (кала турган мөөнөтү) жети (жыл). Кыска тутулбаса (кала турган мөөнөтү) тогуз жыл. Менин үммөтүм ал доордо ушундай бир бакубаттыкка жетет; ал күнгө чейин андай эч болгон эмес. Жер жемишин (азык түшүмдөрүн) берет жана адамдардан эч нерсе жашырбайт (бербей койбойт). Мал-мүлк да ал күнү көп чогулган болот. Бир адам туруп: Эй Мехди! Мага (мал) бер, дейт. Аз. Мехди болсо: «Ал» дейт.
«... Саид бин эль-Мүсеййеб (ра)дан; мындай деген:
Биз (ыймандуулардын энеси) Үммү Селеме (ра)нын жанында элек. Бир саам Аз. Мехди (ас) жөнүндө сүйлөштүк. Ошондо Үммү Селеме (ра): Мен Расулуллах (сав)дан уктум, (ал) айтты: Мехди (кызым) Фатыманын урпактарынан.»
«... Энес Бин Малик (Радыйаллаху анх)дан; мындай деген:
Мен Расулуллах (сав)дан уктум, мындай деди:
Биз Абдулмутталибдин балдары бейиш калкынын чоңдорубуз: Мен, Хамза, Али, Жафер, Хасан, Хүсейин жана Мехди.»
Аз. Али (ра) белгилүү диванында Аз. Мехди (ас) менен кээ бир акыр заман окуяларынан сөз кылган. Ал дивандын Мүштакзаде чечмелөөсүнөн алынган бир бөлүгү мындай:
Котормосу: Айа уулум! (...) кайнаганда (аралашканда) Адилеттүү Мехдиге мунтазыр бол (аны күт)...
◉ ... ИншаАллах Мехди Алейхиссалам толугу менен чыгат. Бул макамдан кабар берген табакат мешайихи (шейхтер) азайды... Ал макамдын илимдеринен жана таалиминен сөз кылуу мындай турсун...
Ал макам төмөнкү куттуу аятта маанисин сонун тапкан:
«Бул Аллахтын берешендиги; каалаганына берет. Аллах өтө берешен.» (Жума Сүрөсү, 4) ("Mektubat-ı Rabbani", т: 1, Mektup 32, б: 125)
◉ Келиши убада кылынган Аз. Мехди (ас)дын да раббы (тарбиясына келген) илим сыпаты. Азрети Али сыяктуу, Аз. Иса менен байланышы бар. Азрети Исанын кадамы Азрети Алинин башында болуп, бир кадамы болсо Аз. Мехди (ас)дын башында.
...Келээри убада кылынган Аз. Мехди (ас) олуялыктын толуктугун алат. Бул Тарикат-ы Алиййеге келет жана бул Силсиле-и Алиййени толуктайт. Себеби бүт олуялыктар ушул Нисбет-и Алиййенин астында турат. ("Mektubat-ı Rabbani", т: 1, 251. Mektup, б: 550, 554)
◉ Кийин келгендерге кантип бул өкүмү өтмөк эле: Алардын арасында Аз. Мехди алейхиссалам бар. Расулуллах (сав) Мырзабыз анын кудүмүн (келишин) жана денесин сүйүнчүлөп; мындай деген:
«Ал Аллахтын халифасы.» ("Mektubat-ı Rabbani", т: 1, б: 814)
Мухбир-и Садык (Туура кабар берүүчү) Расулуллах (сав) Мырзабыз айткан кыямат алааматтарынын баары чындык. Алардын калп болуу ыктымалдыгы жок. Алардын арасында төмөнкүлөр бар:
Көнүмүшкө карама-каршы, күндүн батыштан чыгышы. Аз. Мехди (ас)дын чыгышы, Рухуллах Исанын түшүшү. Расулуллах Мырзабызга жана ага салаваты салам, дажжалдын чыгышы, Яжуж менен Мажуждун чыгышы, Даббе-и Арздын чыгышы, асмандан бир түтүндүн көрүнүшү жана, адамдарды каптап аларды оор бир азап менен кыйнашы. Ушунчалык кыйналып, адамдар мындай дешет: «Раббибиз, бизден азапты кетир; биз ыймандууларбыз...» (Духан Сүрөсү, 12)
Бир куттуу хадисте мындай деген: «Аз. Мехди (ас) чыгат. Башынын үстүндө бир кесим булут болот. Ал жерде болсо бир периште болот жана мындай деп жар салат: Бул инсан Мехди; ага моюн сунгула...»
Расулуллах (сав) Мырзабыз мындай деди:
«Жалпылай жер жүзүнүн башчысы төртөө... Алардын экөө момундардан, экөө болсо каапырлардан. Зулкарнейн менен Сулайман момундардан. Немруд менен Бухтуннасыр болсо каапырлардан. Жерге бешинчи болуп Эхли Бейтимден бирөө ээ болот. Б.а. Аз. Мехди (ас).»
Расулуллах (сав) Мырзабыз башка бир куттуу хадисинде мындай деди:
«Аллах Таала Эхли Бейтимден бирөөнү чыгармайынча дүйнө кыйрабайт. Анын аты атыма туура келет; атасынын аты атамдын атына туура келет. Мурда зулумдук менен адилетсиздикке толгон сыяктуу, анын келиши менен дүйнө адилеттик менен акыйкаттын өз ордун табышына толот...»
Башка бир куттуу хадисте болсо Расулуллах (сав) Мырзабыз мындай деди:
«Асхабы Кехф (Үңкүр ээлери) Аз. Исанын жардамчылары болушат.» Аз. Иса (ас) Аз. Мехди (ас) доорунда жерге түшөт. Аз. Мехди (ас) дажжалды өлтүрүүдө (пикирдик жактан жок кылууда) Аз. Иса (ас) менен бир пикирде болот. Анын башкаруусу учурунда Рамазан айынын он төртүндө күн тутулат; ал айдын алгачкы күнү болсо ай карарат. Булардын болушу адаттагыга жана астрологдордун эсебине карама-каршы болот.
Мухбир-и Садык Расулуллах (сав) Мырзабыз тарабынан кабар берилген, айтылгандардан башка, дагы көптөгөн алааматтар бар.
Шейх Ибни Хажер Аз. Мехди (ас)дын алааматтары жөнүндө бир рисале (трактат) жазды; алар эки жүз алааматка жетет.
Убада кылынган абал, апачык болсо дагы, өтө караңгылыктан улам бир жамаат адашты. Субхан Аллах аларга туура жолду көрсөтсүн. (Mektubat, т: 2, 380. Mektup, б: 1162-1163 )
...Анын чыгышы кылымдын баштарында болот. Азыр болсо кылымдын башынан он сегиз жыл өттү.
Куттуу хадисте Аз. Мехди (ас)дын алааматтары жөнүндө мындай деп айтылган: «Шарк (чыгыш) тарапта бир куйруктуу жылдыз чыгып жарык чачат.»
...Ал жылдыздын абалы анын кыймылына жараша. Б.а. жүзү чыгыш тарапты көздөй. Арты болсо батыш тарапка. Ал узун агаруу болсо анын арт жагында. Ошол мааниде ал «куйруктуу» деп аталат. Анын кадимки кыймылы болсо чыгыштан батышты көздөй. Бирок ал өзгөчө кыймылы менен улук тагдырдын кыймылынан көз-каранды.Чыныгы жагдайды эң жакшы билүүчү Субхан Аллах.
Тизме...
Аз. Мехди (ас)дын чыгуу убактысы жакын. Анын чыгуу убактысы болгон кылымдын башына жеткенге чейин башталыштар болот. Аллах андан ыраазы болсун. Анын чыгуу башталыштары (чыгаар алдындагы окуялар) Расулуллах (сав) Мырзабыздын ирхасатына окшошот. Ал ирхасат Расулуллах (сав) Мырзабыздын элчилиги көрүнөөрдөн мурда болгон. Ушул мааниде мындай дешкен:
Мухаммед Расулуллахтын жүзү болгон Абдуллахтын нутфасы Аминанын жатынына түшкөндө бүт путтар (идолдор) жер сүзүп жыгылышты. Бүт шайтандар милдеттеринен алынышты. Периштелер Иблистин тактысын астын-үстүн кылып деңизге ташташты. Аны болсо кырк күн азапташты.
Расулуллах (сав) Мырзабыз төрөлгөн түнү Кисранын сарайы титиреди; он төрт мунарасы жыгылды.
Отпарастардын оту өчтү. Ал от миң жылдан бери күйүп турган эле; ошончо убакыт бою эч өчкөн эмес эле.
Аз. Мехди (ас) да улук. Анын себеби менен Исламга жана Мусулмандарга чоң күч келет. Анын олуялыгынын захир (көрүнгөн) жана батын (көрүнбөгөн) чоң тарабы бар. Канчалаган кереметтүү акыбал жана кереметтердин ээси болот.
Анын доорунда канчалаган таң калыштуу акыбалдар чыгат.
Жогоруда баяндалган маанилерге ылайык минтип айтууга болот: Анын денеси көрүнөөрдөн мурда адаттан тышкары кереметтүү абалдар көрүнөт... Дал Расулуллах (сав) Мырзабыздын пайгамбарлыгынан мурдакы ирхасат сыяктуу. Ал көрүнүүгө келген иштер болсо анын чыгуу алдындагы башталыштар болушат.
Куттуу хадистерден да бул маанилер көрүнүп турат.
Билгин, бир куттуу хадисте Расулуллах (сав) Мырзабыз мындай деген: «Күфүр (каапырдык) бүт тарапты каптап жамаат ичинде ашкере жасалмайынча Аз. Мехди (ас) чыкпайт.» (Mektubat, т: 2, 381. Mektup, б:1169-1171)
Арадан миң жыл өткөн соң, Аз. Мехди (ас)дын келиши да ошол үчүн. Анын куттуу келишин Хатемъүр-рүсүл Расулуллах (сав) Мырзабыз сүйүнчүлөгөн. Аз. Иса (ас) да арадан миң жыл өткөн соң түшөт... (Mektubat, т: 1, 209. Mektup, б: 440)
Бул эки кылымдын жакшыраак болушу төмөнкү жагынан мүмкүн: Аллахтын олуя кулдарынын көп чыгышы, бидатчылардын (динге кошумча кошуучу, аларды ээрчүүчү) аз болушу, зөөкүрдүк жана чектен чыгуу усталарынын сейрек болушу... Мындай болушу да, бул катмардан кээ бир олуялардын ал эки кылымдагы олуялардан жакшыраак болушуна жолтоо болбойт. Мисал катары Азрети Мехди (ас)ды айта алабыз... (Mektubat, т:1, 209. Mektup, б: 441)
Чоң алааматтардын биринчиси – бул Аз. Мехди (ас)дын келиши... Бул боюнча колдогу хадистер ар кандай риваяттарда болгону менен өтө көп.
Мухаммед б. Хасан эль-Эсневи (Менакибиш-Шафии) эмгегинде айтат; Аз. Мехди (ас) жөнүндө Расулуллах (сав)дан риваят кылынган кабарлар теватүр даражасына жеткен... Анын Эхли Бейтинен болоору кабар берилген...
Аты
Риваяттардын көпчүлүгүндө анын аты «Мухаммед» деп айтылат; кээ бир риваяттарда болсо «Ахмед» деп айтылат... Атасынын аты болсо «Абдуллах»...
Эбу Давуд менен Тирмизинин Ибни Месут (ра)дан риваят кылышы боюнча, Аллахтын Расулу (сав) мындай деген; «Анын аты атыма, атасынын аты болсо (атамдын атына) дал келет»...
Такма Аты
Анын такма аты «Мехди»... Себеби Аллах аны туурага хидаят кылган... Ошондой эле «Жабир»... Себеби ал Мухаммед үммөтүнүн сынган жүрөктөрүн дарылайт... Же ал заалым жана жаббар (зомбулукчу) кишилерди жеңип кыйратат...
Ата-бабасы
Ал Пайгамбар (сав)дын Эхли Бейтинен (урпактарынан)... Көп сандагы, чыныгы риваяттар боюнча анын өзгөчө Фатыма урпактарынан экени айтылат... Кээ бир риваяттарда Аббас урпактарынан экени айтылат...
Анан Фатыма урпактарынан деген риваяттарда айырмачылыктар бар: Кээ бир риваяттар аны Хасан (ра) урпактарынан десе; башка риваяттарда Хүсейин (ра) урпактарынан экени айтылат... Фатыма урпактары эң көп Хасан менен Хүсейин (Р. Анхүма)дан келгендиктен, бул темадагы риваяттар ушундай ар түрдүү болгон.
Аббас урпактары жөнүндө да риваяттардын айырмачылыгы ушундай. Бирок Аббас урпактарынан (Мехди) аттуу бирөө табылган... Аз. Мехдиден мурда Мансур келген...
Моюн Сунулушу
Ага Меккеде Хажери Эсвед менен Макам-ы Ибрахим арасында ашура түнү моюн сунулат.
Хижраты (Көчүшү)
Ал куттуу Иерусалимге хижрат кылат (көчөт). Ал хижраттан соң Медина талкаланып, жапайылардын башпаанеги болот. Бейти Макдисдин оңдолушу Мединанын талкаланышы жөнүндө хадистер бар.
Көрүнүшү
«Ал ачык маңдайлуу, кичинекей мурундуу, чоң көздүү, тиштери жаркыраган жана сейрек бир киши. Сакалы коюу, далысында Пайгамбар (сав)дын белгиси бар. Сандары узун, түсү араптардыкындай. Тилинде тутугуу бар. Жай жана тутугуп сүйлөгөндө оң колун сол тизесине койот. Кырк жашында. Башка бир риваят боюнча отуз менен кырк жаш арасында. Аллахка карата өтө моюн сунуучу, үстүндө эки пахта кездемеси бар. Адеп-ахлагы жагынан Пайгамбар (сав)га окшош. Кара тору. Орто бойлуу. Кашы ийилген.
Жолу
Пайгамбар (сав)дын жолунан жүрөт. Уктап жаткан кишини ойготпойт, кан да төкпөйт. Жандандырбаган сүннөт, алып салбаган бидат (диндеги кошумчалар) калтырбайт. Акыр заманда дал Пайгамбар (сав) сыяктуу диндин талаптарын орундатат. Зулкарнейн менен Сулайман сыяктуу бүт дүйнөгө өкүмдарлык кылат. Крестти сындырат (Христиан дининдеги Аз. Иса өлтүрүлгөн деген ишенимдин туура эмес экенин айтат), чочкону өлтүрөт (чочконун зыяндуу азык экенин адамдарга эскертип адамдардын чочкого кызыгуусун жоготот). Мусулмандарга бүт баарын кайтарып берет. Жер жүзү зулумдук менен кыйноонун ордуна адилеттикке толот. Бүт нерсени акыйкаттык жана адилеттик критерийлери менен тең бөлүштүрөт.
Ошентип жер менен асман жашоочулары андан ыраазы болушат, абадагы куштар, токойдогу жырткыч айбандар, деңиздеги балыктар да ыраазылык билдиришет. Мухаммед (сав) үммөтүнөн ыраазы болбогон эч ким калбайт. Ал тургай, «муктаж адам барбы?» деп жар салынат; «муктаждыгыбыз жок» деп жооп беришет. Бирок бир адам келип «менин муктаждыгым бар» дейт; анда Аз. Мехди (ас) ага:
«Бар, казыначы каалаганыңды берсин» деп буйрук берет. Адам келип казыначыга жагдайды баяндайт, ал болсо:
«Ач кулачыңды» дейт. Кулачын ачып казыначы ага мол санда мал-мүлк бергенде ал адам өтө бушайман болуп: «Мухаммед (сав) үммөтүнүн эң көзү тойбогон кишиси менмин!» деп, казынадан алганын кайра тапшыргысы келет. Бирок казыначы «биз бергенибизди кайра албайбыз!» дейт. Жакшы-жаман бүт адамдар анын заманында теңдешсиз немат-жакшылыкка көмүлөт. Асмандан мол-мол мээрим жаайт, жерлерде береке көбөйөт; бүт кенчтерди табат.
Бүт өлкөлөр ага эшиктерин ачышат. Индия хандары ага моюн сунуп, бүт казыналарын Бейти Макдиске беришет. Ар тараптан аарылардын уюгуна корголонушу сыяктуу, ага келип корголонушат. Адамдарга башындагы сыяктуу асмандан үч миң периште түшүп, каршы чыккандардын жүзүнө жана артына сокку урушат. (Б.а. үч миң периште менен жардам алышат.) Периштелердин башында Жабраил (ас), аягында Микаил (ас) болот.
Анын заманында бөрү менен кой чогуу оттойт, жаш балдар жылан жана чаян менен ойношот, адамдар бир өлчөм буудай эгип, жети жүз өлчөм түшүм алышат. Пайызга акча берүү, жугуштуу оору, ойноштук, ичимдик ичүү сыяктуу жамандыктар жоголот. Өмүрлөр узарат, аманаттар өз ордуна тапшырылат. Эхли Бейтти жаман көргөн бир адам да калбайт. Адамдар анын сөзүн сүйүшөт. Аллах (ж.ж.) анын урматында сокур фитнаны өчүрөт. Жер жүзүндө коопсуздук менен тынчтык орнойт. Ал тургай, бир аял беш аял менен бирге араларында бир дагы эркек болбостон, эркин, коркпостон ажыга бара алат.
Иса (ас)дын булардын кээ бирлерин орундатышы буга тоскоол болбойт. Себеби экөө тең бир эле нерселерди кылышы мүмкүн. Бир учурда келиши да ыктымал. Бул жөнүндө алдыда айтылат.
Аны бизге тааныта турган алааматтар жана келээринин жакындаганын көрсөтө турган ишараттар...
Алааматтарга келсек;
Жанында Аллах Пайгамбарынын (сав) көйнөгү, кылычы, желеги болот. Ал желек Пайгамбар (сав)дын көзү өткөндөн бери эч ачылган эмес. Аз. Мехди (ас) чыкканга чейин да эч ачылбайт. Желегинде «Эль Биатъу Лиллах» «Аллах үчүн биат (моюн сунуу)» деп жазылган болот.
Башында бир чалма болот, ал чалманын ичинен бир адам чыгып, Аз. Мехди (ас)ды көрсөтүп, мындай деп кыйкырат: «Мына Аллахтын халифасы Мехди! Ага моюн сунгула!»
Ал кургак бир камыш дарагын кургак бир жерге сайат, заматта жашылданып жалбырак чыгарат.
Андан керемет сурашат, ал болсо абада учкан бир канаттууну көрсөтөт, заматта колуна түшөт.
Асмандан мындай бир үн угулат: «Эй адамдар, эми Аллах зомбулукчуларды, мүнафык менен жардамчыларын силерден алыстатты. Мухаммед (сав) үммөтүнүн эң жакшысын башыңарга алып келди. Меккеде ага кошулгула, ал Мехди! Аты болсо Ахмет б. Абдуллах. Башка бир риваят: «Силерге Мухаммед үммөтүнүн эң жакшысы болгон Жабирди дайындады. Меккеде ага жеткиле, ал Мехди. Аты Мухаммед б. Абдуллах!
Жер алтын сыяктуу боорлорун сыртка ыргытат. Адамдардын жүрөктөрү байыйт. Жер жүзү берекеге толот. Каабанын астынан кенч чыгат. Аны Аллах жолунда таркатат. Антиахия же Тверия көлүнөн «Табут эс-Секине» чыгарылат. Көтөрүп келинип Бейти Макдисте анын алдына коюлат. Еврейлер аны көргөндө бир азынан тышкары баары Мусулман болушат. Израил урпактарына деңиз экиге бөлүнгөн сыяктуу, ага да бөлүнөт. Арасынан оңой гана өтүп кетет. Хорасандан кара желектер менен адамдар келип, ага моюн сунушат. Мерйем уулу Иса (ас) менен жолугушат, Иса анын артында намаз кылат. Үстүндө Пайгамбар (сав)дын алааматы болот.
Келээринин Жакындаганын Көрсөтө Турган Ишараттар
◉ Евфрат дарыясы жарылып, астынан бир тоодон алтын төгүлөт.
◉ Рамазандын биринчи түнүндө ай, он бешинчи түнүндө күн тутулат. Дүйнө курулгандан бери кездешпеген абалда болот ал тутулуу окуясы, Рамазан айында эки жолу ай тутулат.
◉ Бүт тарапты жарык кылган куйруктуу жылдыз чыгат, чыгыштан үч же жети күн катары менен.
◉ Чоң бир от көрүнөт, асманда караңгылык көрүнөт, асманда көнүмүш кызылга карама-каршы такыр башкача бир кызылдык жайылат. Жер жүзү угуп түшүнө ала турган бир тилде жар салынат...
◉ Дамаскта «Хариста» деп аталган бир айыл жер менен жексен болот. Асмандан Мехди аты менен чакырылат, чыгыш менен батыштагынын баары ал үндү угушат! Уктап жаткан ойгонот, турган отуруп калат, отурган болсо тура калат.
◉ Шавваль айында көтөрүлүш, Зилкадеде согуш сөздөрү, Зилхижжада болсо согуш болот. Ажылар тонолот, кандары (Жемретүл Акабе) үстүнө агат. Бул саналгандардын кээ бирлери болуп өттү.
◉ Пикир келишпестиктер жана көп көп жер титирөөлөр болот. Асмандан келген бир үн мындай дейт: «Кулагыңарды ачкыла! Акыйкат Аз. Мухаммед (сав)дын элинде», Жерден бирөө мындай дейт: «Акыйкат Иса (ас) менен Аббас элинде. «Биринчиси периштенин, экинчиси болсо шайтандын айкырыгы болот.
◉ Евфрат астынан бир тоодон алтын чыгат. (Kıyamet Alametleri, б: 166)
◉ Аз. Мехди (ас) абада учуп бараткан бир кушка манжасы менен ишарат кылат, куш алаканынын ичине түшөт... Купкургак бир камыш куурайын кургак топуракка сайат, заматта көгөрөт... (Kıyamet Alametleri, б: 173)
Аз. Мехди (ас) ишин өтө тартиптүү жасайт... (Kıyamet Alametleri, б: 175)
Анан Аллах Константинопольду (Стамбулду) өтө сүйгөн досторунун колу менен каратат. Алардан оору менен кайгыны алып салат, анан көп өтпөстөн Аз. Иса түшөт, дажжал менен күрөшөт.» Бул хадисти өтө узун кылып Имам Суйути (Жами-и Кебиринде) айткан.
«Ыкдъүд-Дүрерде» мындай дейт: «Константинопольдун жети дубалы бар. Ар бир дубал жыйырма бир аршын (узундук бирдиги). Жана анда жүз эшик бар. Шаардын аягындагы акыркы дубалдын туурасы он аршын. Ал Рум деңизине куюлган жээкке курулган. Деңизи Рум аймактары жана Андалусияны көздөй созулат.
Аз. Мехди (ас) эрте мененки намазга даарат алуу үчүн деңиздин жанына желекти сайат, суу андан алыстайт. Жана ачылган жолдон өтүп адамдарга мындай деп кыйкырат: «Эй адамдар, кана силер да өткүлө. Улуу Аллах Израил урпактарына кылган сыяктуу силерге да деңизди экиге бөлдү.» Алар да өтүшөт. Такбирлер кылышат, бул жолу титирөө бир аз күчтүүрөөк болот. Үчүнчү такбир кылышканда он эки мунара жер менен жексен болот. Ал жерден түз шаарга киришет... (Kıyamet Alametleri, б: 181)
... Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган: «Дүйнөгө эки ыймандуу, эки каапыр өкүмдар болгон. Ыймандуулар: Зулкарнейн, Сулайман Алейхиссалам, каапырлар болсо: Немруд, Бухту Наср. «Дүйнөгө Эхли Бейтимден бешинчи болуп Мехди өкүмдар болот.» Ибни Мердүвейх Ибни Аббастан риваят кылат: «Асхабы Кехф Аз. Мехдинин жардамчылары. Уламанын ою боюнча, алардын бул заманга чейин калышы Мухаммед үммөтүнөн болуу баркына жетиши үчүн.»
Эскертүү
◉ Көптөгөн риваяттарда Пайгамбарыбыз (сав)дан мындай деп риваят кылынган: «Чоң согуш, Константинопольдун каратылышы, дажжалдын чыгышы жети ай ичинде болот.» Башка бир риваятта бул «жети жыл» деп айтылат. Эбу Давуд боюнча, «жети жыл» риваяты «жети ай» риваятынан туурараак. (Kıyamet Alametleri, б: 182-183)
Дагы Бир Эскертүү
Аз. Мехди (ас)дын өкүмдарлык мөөнөтү жөнүндө түрдүү риваяттар бар. Кээ бир риваяттарда бул мөөнөт беш же жети же болбосо тогуз жыл деп айтылат. Кээ бирлеринде болсо жети эле, кээ бир риваяттарда болсо тогуз, башка бир риваятта: аз болсо беш, көп болсо тогуз; кээ бир риваятта он тогуз жыл жана бир канча ай, кээ биринде жыйырма, кээ биринде жыйырма төрт, кээ биринде отуз, кээ биринде кырк жыл деп айтылат.» Бул кырк жылдын тогузун Румдар (гректер) менен тынчтык ичинде өткөргөн. Ибни Хажер (Элкавлүл Мухтасар) аттуу эмгегинде мындай дейт:
«Бул риваяттардын баары чыгышы жана күчү жагынан туура болушу мүмкүн.» Ооба Ибни Хажердин бул сөзүн бир канча тараптан тастыктоого болот. Биринчиси, Пайгамбар үммөтүн өзгөчө Эхли Бейтин көп нерсе менен сүйүнчүлөгөн. Алардын ар кандай зулумдук жана кыйноолордон кутулаарын айткан. Бул болсо узун мөөнөткө созулган адилеттиктен гана көз-каранды. Жети жана тогуз жыл сыяктуу кыска убакыт болсо буга жетпейт. Экинчиси, Аз. Мехди (ас) Зулкарнейн менен Сулайман сыяктуу бүт дүйнөгө өкүм берет. Башка өлкөлөрдө мечиттерди, имараттарды курушат, тогуз жыл сыяктуу кыска убакыт жүргүзө турган күрөшүнө жана башка иштерге жетпейт.
Үчүнчүсү, анын заманында өмүрлөр узарат. Өмүрлөрдүн узарышы анын да узун өмүрлүү болушун талап кылат. Антпесе өмүрлөрдүн узарышынын эч мааниси болбойт.
Белгилүү болгондой, Аз. Иса (ас) түшөт жана дажжалды (фитнасын) жок кылат. Бул бир чындык: Аз. Иса Аз. Мехди (ас)дан өкүмдарлыкты албайт; себеби лидерлер Курейштен. Адамдар арасында бул экөө тең болот, демек Аз. Иса (ас) анын амири (башчысы) эмес, вазири (жардамчысы) болот. Ушул себептен Аз. Мехди (ас)дын артында намаз кылат жана ага моюн сунат. Муслимде Жабирден келген төмөнкү хадис ушуга ишарат кылат: намазда турганда Аз. Иса (ас) ага мындай дейт: кээ бирлериңер кээ бирлериңерге Аллах бул үммөткө берешендик кылган үчүн амир (башчы). Кээ бир риваяттарда кездешкен: «Аз. Мехди (ас) адамдарга ошол намазды гана кылдырат, андан кийин Имам Иса болот» деген сөз буга тоскоол эмес. Себеби анын имам менен амирлиги өзгөрбөс болгон соң, анын Аз. Иса (ас)ды намазга имам кылып дайындашы мүмкүн. Себеби анын халифалык жогорулугуна уруксат бар; өзгөчө жогорулук Курейштен тышкары болсо!» (Kıyamet Alametleri, б: 185)
... Пайгамбарыбыз (сав)дын төмөнкү куттуу хадиси караңыз бул жагдайда сонун жол көрсөтөт:
◉ «Силерге Мерйемдин уулу толук адилеттүү бир өкүмдар катары келгенде, имамыңар силерден болгон кезде абалыңар кандай болот болду экен?» «Имамыңар силерден болгон...» деген сөз «адилеттүү бир өкүмдар» сөзү Имамдык маанисине келиши мүмкүн деген күмөндү жок кылган. Себеби Иса Алейхиссалам келгенде Аз. Мухаммед (сав)дын шариятына моюн сунат. Бул жердеги имамдыктын мааниси намаз имамдыгы эмес. Ийгилик (жардам) Аллахтан... (Kıyamet Alametleri, б: 186) Muhammed B. Resul Al - Hüseyni El Berzenci "Kıyamet Alametleri" Pamuk Yayınları, Trc. Naim Erdoğan)
Билгиле, Аз. Мехди (ас) сөзсүз чыгат. Бирок жер жүзү зулумдук менен кыйноого толмоюнча чыкпайт. Ал мына ошондой бир кезде чыгат, дүйнөнү тууралык жана адилеттикке толтурат. Ал тургай дүйнөдө бир күн эле калса дагы, Аллах ал күндү созот, ал халифа (Мусулмандардын руханий лидери) келгенге чейин. Ал сөзсүз Аллахтын Пайгамбарынын урпактарынан болот, Аз. Фатыма урпактарынан келет.
Мал-мүлктү тең кылып таркатат, мекендештери арасында адилеттик менен мамиле жүргүзөт. Бир адам ага келип Эй Мехди мага бер, дейт. Алдында мал-мүлк болот. Аз. Мехди (ас) ошол замат алдындагы мал-мүлктөн анын этегине толтурат, көтөрө ала турганчалыгын алып кетет. Аз. Мехди (ас) дин өткөөл убакта болгон бир кезде чыгат... Киши кечинде караңгы, коркок жана сараң болсо, эрте менен аалым, эр жүрөк жана жоомарт болуп калат. Бейпилдик жана бактылуулук аны менен жүрөт. Ал беш, же жети же тогуз жыл жашайт. Расулуллахтын изинен жүрөт. Анын атынан эч бир башчы ката кетирбейт. Көрбөгөн абалда аны оңдоп турат. Ар кандай кызматты мойнуна алат жана алсыз кыйналганга жардам берет. Кырсыкка кабылгандарга жардамчы болот. Айтканын кылат, кылганын айтат, күбө боло турган нерсесин да билет. Аллах аны бир түндө жетилтет. Рум шаарын (Стамбулду) такбир менен каратат. Жанында ал кезде Аз. Исхак урпактарынан жетимиш миң Мусулман болот.
Динди бутунда типтик тургузат, мурдакы абалына кайтарат. Исламга кайрадан рух үйлөйт, басмырланган кезде аны менен Исламды мурдакы күчтүү абалына алып келет. Ал Ислам өлгөн соң Исламды кайра тирилтет.
Дин ошентип анын себеби менен мурдакы абалына кайтат.
Анын убагында дин толугу менен пикирлерден тазаланып баштапкы абалына келет. Бере турган көп өкүмдөрүндө уламанын мезхептерине карама-каршы келет. Ушундан улам андан алыс болушат. Себеби өз ойлорунда чындап Аллах имамдарынан соң бир мужтахид калтырган эмес деп ойлошот...
Билгин, Аз. Мехди (ас) чыкканда бүт Мусулман алдыңкылары жана карапайым калк сүйүнөт. Аз. Мехди (ас)дын Аллахтан болгон, б.а. руханий колдоо көргөн адамдары болот. Анын чакырыгын тик кармашат жана ага жардам берип аны жеңиште жетиштиришет. Өлкөгө тиешелүү бүт оор жүктөрдү ошолор аркалашат. Аллах Аз. Мехди (ас)га берген кызматта ага көмөк көрсөтүшөт. Кийинчерээк Аз. Иса (ас) Дамаск чыгышындагы Ак минаретке түшөт. Имам ордунан артка өтөт, Аз. Иса (ас) алдыга өтүп, адамдарга намаз кылдырат. Адамдар арасында Расулуллах (сав)дын сүннөтү менен өкүм берет, крестти сындырат (Христиан дининдеги Аз. Иса өлдү деген ишенимди өзгөртөт), чочкону өлтүрөт (чочконун зыяндуу азык экенин адамдарга эскертип адамдардын чочкого кызыгуусун жок кылат). Аллах Аз. Мехди (ас)дын рухун таптаза кылып алат.
Аз. Мехди (ас) убактысы келгенге чейин жашырынат, убада кылынган убактысы келгенде чыгат. Анын шейиттери шейиттердин эң жакшысы, ишенген кишилери, б.а. вазирлери болсо ишенимдүүлөрдүн эң ишенимдүүлөрү болушат.
Аллах бир топ кишини ага вазир дайындаган. Аллах ал кишилерди жашырган. Мен аңдап түшүнүү жана күбө болуу аркылуу бул акыйкаттарга жеттим. Мындан тышкары, Аллах кулдары үчүн даярдаган нерселерди да билдим. Алар алдыңкы кээ бир сахабалар сыяктуу алдыда болушат. Алдыңкы сахабалардын Аллахка берген сөзүн орундатканы сыяктуу, алар да ал сөздөрүн орундатышат. Ал кишилер ошол эле учурда Арап эмес, ажем, б.а. башка улуттан болушат. Арап болушпаса дагы, арапчадан башка тилде сүйлөшпөйт. Алардын түрүнөн болбогон бир коргоочулары болот. Ал Аллахка эч качан каршы чыккан эмес. Ал эң таза жана чын ниеттүү вазирлеринен болот.
Өзгөчө ал вазирлер ар темада чыныгы мааниде түшүнүгү жогору кишилер болушат. Бирок Аз. Мехди (ас) өзү болсо, өзү... жана чыныгы мааниде саясатчы болот. Ошондой эле ал вазирлердин дагы бир белгилүү өзгөчөлүгү алар эч качан согуш талаасында жеңилишпейт. Мисалы Рум шаарын, Стамбулду болсо керек такбирлер менен гана каратышат. Биринчи такбирде дубалдардын үчтөн бири кулайт, экинчи такбирде дубалдын үчтөн бири кулайт, үчүнчү такбирде дубалдын калган бөлүгү кулап жер менен жексен болот. Ошентип ал шаарды кылычсыз жана курал-жарак колдонбостон каратышат. Мына ушул акыйкаттын дал өзү, жеңиш менен бир тууган.
Аз. Мехдинин вазирлери муктаж болгон нерселер өз милдеттерин эң жакшы кылышы үчүн тогуз даана, бул нерселерде ага жете албайт. Андан аз да болбойт. Ал нерселер катары менен төмөнкүлөр;
◉ Көрөгөчтүк,
◉ Аллахтын кайрылуусун таануу,
◉ Аллахтан келгенди которо билүү,
◉ Башчылардын мартаба жана даражаларын билүү,
◉ Ачууланып турганда мээримди билүү,
◉ Башчы муктаж боло турган атайын ырыскыны жана башка нерселерди билиши,
◉ Иштердин бир-бири менен болгон байланышын билиши,
◉ Адамдардын муктаждыктарын канааттандырууда чектен чыгууну жана чек коюуну билиши,
◉ Өзүнүн атайын мөөнөтү ичинде муктаж болгон кайып илимдерин билиши.
Иштер менен окуялар боло электе Аз. Мехди (ас) Аллах тарабынан аларды билет. Себеби алдын ала боло тургандарга даяр болушу керек.
Аз. Мехди (ас) дин жагынан жеке пикир жана салыштырууга кайрылуудан күнөөсүз. Ага мындай кылуу арам. Себеби Аллахтын дини жөнүндө өкүм берүүдө Наби, б.а. Пайгамбар эмес бирөөнүн салыштыруу жасашы туура эмес. Эгер салыштыруу жасашына уруксат берилгенде, Аллах аны пайгамбардын Аз. Мухаммед (сав)дын тили менен кабар бермек. Ошондой эле, Аз. Пайгамбар (сав) имамдардын эч бири жөнүндө менин изимден жүрөт, ката кетирбейт деп айткан эмес. Бул сөздү Аз. Мехди (ас) үчүн гана айткан. Анын күнөөсүздүгүн, халифалыгын жана бере турган өкүмдөрүндө күнөөсүздүгүн билдирген. ("Futuhat-El Mekkiye", 366-бап, т. 3, б: 327- 328)
Шуайб б. Халиддин Эбу Исхактан риваяты боюнча, Аз. Али уулу Хасанга карап мындай деген: «Чындыгында менин ушул уулум Расулуллах атагандай Сеййид. Өтө жакында анын урпактарынан бирөө чыгат, ал Пайгамбарыңар (сав)дын аты менен аталат. Расулуллах (сав)га адеп-ахлагы да окшошот, бирок табияты (денеси) эмес.» (İbni Kesir Nihayetü'l-Bidaye ve'n Nihaye, 1/38.)
Расулуллах Мырзабыз айтат: «Дүйнөдө бир күндөн башка күн калбаса (Заидеден келген риваятта) Аллах ал күндү созот. Ал тургай ал күнү Мени же менин Эхли Бейтимден аты менин атыма, атасынын аты атамдын атына окшогон бирөө жөнөтүлөт.» (Фытр хадисинде болсо) «Жер жүзү зулумдук менен адилетсиздикке толтурулган сыяктуу ал адилеттик менен чынчылдыкка толтурат. (Сүфйан хадисинде болсо) «Менин Эхли Бейтимден аты менин атыма дал келген бирөө арап элине башчы болгонго чейин дүйнө кетпейт жана дүйнөнүн өмүрү бүтпөйт.» (İbni Kesir, "Nihayetü'l-Bidaye ve'n Nihaye", 1/39. Ebu Davud, "Mehdi", 1. H. 4282, 4283. Tirmizi, "Fiten", 52. H. 2231)
Башка бир риваятта болсо: «Дүйнөдө эч бир күн калбай бир эле күн калса, Аллах ал күндү созот. Аты менен атыма дал келген Эхли Бейтимден бирөө өз милдетин аркалаганга чейин.» (İbni Kesir, "Nihayetü'l-Bidaye ve'n Nihaye", 1/39. Tirmizi, "Fiten", 52. H. 2231)
Расулуллах айтат: «Үммөтүм арасынан эль Мехди болот. Эгер араңарда турушу кыска кылынса жети жыл турат. Кыска кылынбаса туруу мөөнөтү тогуз жыл. Менин үммөтүм арасында ал кезде ушундай бир молчулук болот; ал күнгө чейин андай бир молчулук менен бакубаттык эч качан такыр угулган эмес. Жер жүзү бүт түшүмдөрүн берет, анда эч нерсе жашыруун калбайт. Ал күнү мал-мүлк аябай чогулган болот. Бир адам туруп, Эй Мехди, мага мал-мүлк бер дейт, ал болсо дароо ал дейт.» (İbni Kesir, "Nihayetü'l-Bidaye ve'n Nihaye", 1/42, "İ. Maceh", Fiten, 34, H. 4083)
Расулуллах айтат: «Үммөтүм арасынан эль Мехди чыгат беш же жети же тогуз жыл араларында жашайт. Ага бир адам келип, эй Мехди мага мал-мүлк бер, дейт, Аз. Мехди (ас) болсо анын этегин көтөрө ала турганчалык толтурат.» (İbni Kesir, "Nihayetü'l-Bidaye ve'n Nihaye", 1/43. Tirmizi, "Fiten", 53, H. 2232)
Ибни Кесир айтат, бул «хасен» бир хадис. Бул хадис башкачараак да Расулуллах (сав)дан риваят кылынган. Бул хадисте Аз. Мехди (ас)дын эң көп тура турган мөөнөтүнүн тогуз жыл болооруна, эң аз мөөнөтүнүн болсо беш же жети жыл болооруна ишарат кылынат. Мал-мүлктү мол-мол тарката турган халифа ошол болуу керек. Эң жакшысын Улуу Аллах билет. Анын заманында мөмөлөр өтө көп болот, айыл-чарба түшүмү өтө көбөйөт, мал-мүлк болушунча көбөйөт. Ал кезде эч бир күч ага каршы тура албайт, дин типтик туруп өкүмчүлүк кылат, жакшылыктар дайыма жана үзгүлтүксүз болот. (İbni Kesir, "Nihayetü'l-Bidaye ve'n Nihaye", 1/43, 44)
«Бизге Халеф б. Велид, Аббад б. Аббад жана Халид б. Саъд риваят кылышты. Ал Зеват Эбуъл Ведактан, ал болсо Эбу Саидден риваятта Эбу Саид айткан: «Бир адам мындай деди: «Аллахка ант ичем, башыбызга келген эч бир амир (башчы) мурдакыдан жаман болбой койбойт.» Анда Эбу Саид мындай дедим дейт: «Эгер Расулуллахтан бир нерсе укпаган болгонумда, мен дагы ошол сыяктуу сөздү сөзсүз айтмакмын. Расулуллахтын мындай дегенин уктум: «Силердин башчыларыңардан бир Башчы келет, мал-мүлктү сан жеткис кылып таркатат. Ага бир адам келип мал-мүлк сурайт, ал болсо ал, дейт. Келген киши кийимин жайат, аны мүлккө толтурат. Жана Расулуллах үстүндөгү калың бир кийимин жайып, ал адамдын ошол убактагы абалын баяндап, анан анын бурчтарын жыйнады жана мына ушинтип ал адам аны алып кетет.» (İbni Kesir, "Nihayetü'l-Bidaye ve'n Nihaye", 1/44)
Расулуллах айтат: «Биз Абдулмутталибдин балдары бейиш элинин мырзаларыбыз. Мен, Хамза, Али, Жафер, Хасан, Хүсейин жана Мехди.» (İbni Kesir, "Nihayetü'l-Bidaye ve'n Nihaye", 1/44. "İ. Maceh", "Fiten", 34. H. 4087)
Эбу Давуд Эбу Саид эль-Худриден риваят кылган куттуу хадисте Пайгамбар Мырзабыз мындай деген:
- Үммөтүмдүн арасында Аз. Мехди (ас) болот. Эгер кыска мөөнөт болсо жети жыл, кыска болбосо тогуз жыл өкүм сүрөт. Аз. Мехди (ас) доорунда мал-мүлк (б.а. байлык) көбөйөт. Жанында көп байлык болот. Бирөө туруп:
◉ Эй Мехди мага (бир аз) жардам бер, дегенде ал:
◉ (Каалаганыңча, көтөрө алышыңча) ал, дейт.
Эбу Давуд риваят кылган (башка) куттуу хадисте:
◉ Мехди мен(ин урпактарым)дан. Маңдайы кең жана ачык.
(Эбу Саид эль-Хурдиден) риваят кылынган куттуу хадисте Расулу Экрем Мырзабыз мындай деген:
◉ Ант ичем, бул үммөткө ушундай (күчтүү) балээлер келип, киши зулумдуктан, таш боордуктан кутулуу үчүн жашына турган бир жер таба албай калат. Ошондой кыйын убакта Аллах Таала туугандарымдан, менин бүлөмдөн бир адамды жөнөтөт, анын урматында жер жүзү адилеттикке, акыйкатка толот. (Андан мурда) башкалар тарабынан жер жүзү зулумдук менен таш боордукка толтурулган сыяктуу. Андан (б.а. Аз. Мехди (ас)дан) асман тургундары (периштелер менен пайгамбарлардын рухтары) жана жер бетинде жашаган (ыймандуулардын жана айбанаттардын) баары ыраазы болушат. (Аз. Мехди (ас) доорунда) асман эч жамгырын аябайт жана жоомарттык менен көп жаадырат.
Жер жүзү да өсүмдүктөрүнөн эч бирин кем кылбайт жана сөзсүз аларды толук жетилтип чыгарат. Ал тургай тирүүлөр (алардагы немат-жакшылыктарды көрүшү үчүн) өлгөндөрдүн да тирүү болушун каалашат. Имам Мехди (ас) мындай адилеттик менен молчулук ичинде жети жыл, же сегиз жыл же тогуз жыл жашап өкүмдар болот.
Эбу Давуд риваят кылган куттуу хадисте Аллахтын Элчиси:
Дүйнөдө бир эле күн калса дагы Аллах Таала сөзсүз ал күндү созот жана Улуу Аллах ал күнү менин урпактарымдан же Эхли Бейтимден аты атыма, атасынын аты атамдын атына туура келген (б.а. Абдуллах уулу Мухаммед болгон) кемчиликсиз бир кишини жөнөтөт, деген.
Бул хадисти мааниси менен Имам Тирмизи риваят кылып сахих жана хасен деген.
Ошол сыяктуу Тирмизи риваят кылган куттуу хадисте Расулу Экрем Мырзабыз (сав) мындай деген:
Дүйнөдө бир күндөн башка эч убакыт калбаса дагы, Эхли Бейтимден бир киши адамдардын башына өтүшү үчүн сөзсүз Аллах Таада ал күндү созот. Жана ал заттын алдында (жардамчы) периштелер болот жана Ислам (дини бүт улуулугу менен) ортого чыгат. Аз. Мехди (ас)дын казынасында мал-мүлк, байлык ушунчалык көп болот; бир киши жанына келип:
◉ Эй Мехди мага жардам бер, деп сураганда Мехди анын кийиминин ичине көтөрө ала турганчалык акчаны уучтап берет.
Хафыз Эбу Нуайм риваят кылган куттуу хадисте Расулу Экрем Мырзабыз (сав) мындай деген:
Эй Эхли Бейт! Мехди бизден. Азиз жана Жалил болгон Аллах аны бир түндө – же эки күндө деген- жетилтип, илимдүү кылат.
Магрибде да баш аламандыктар, фитналар жана коркуу (толо күндөр) болот. Ачарчылык жана кымбатчылык болушунча көбөйөт. Фитналар көбөйөт, адамдардын бир бөлүгү башкаларын жешет. Мына (ошондой кыйын бир) убакта Магриб өлкөсүнүн эң алыс аймагынан жана Расулу Экрем Мырзабыз (ас)дын куттуу кызы Фатманын балдарынан бирөө чыгат. Мына ошол киши акыр заманда көтөрүлө турган Аз. Мехди (ас). Жана Аз. Мехди (ас)дын чыгышы кыямат алааматтарынын биринчиси.
Имам Шурейк риваят кылган куттуу хадисте:
Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда бир Рамазан ичинде күн эки жолу тутулат, деп айтылган.
Эң туурасын Аллах билет.
Ибни Маже Эбу Хурейреден риваят кылган куттуу хадисте Расулу Экрем Мырзабыз:
Дүйнө(нүн өмүрү)нөн эч убакыт калбай, бир күн эле калса дагы, ал күнү менин бүлөмдөн бир зат (инсан) (Меккедеги Мерве үстүнө көтөрүлгөн) Дейлем тоосун, же Дейлем өрөөнүн жана Стамбулду жана Рим шаарын каратышы үчүн Азиз жана Жалил Аллах сөзсүз ал күндү созот, деген. Бул хадистин булагы сахих (ишенимдүү).
Имам Мехди (ас) анан колундагы аскерлер менен бирге Алтын чиркөөгө жетип ичинде чоң жана көп (баалуу) мал-мүлктөргө ээ болушат. Аз. Мехди (ас) ал мүлктөрдү алып Мусулмандар арасында тең жана бирдей кылып бөлүштүрөт. Аз. Мехди (ас) анан Чиркөөнүн ичинде секинет (бейпилдик) – руханий күч- сандыгына ээ болот. Сандыктын ичинде Аз. Исанын учу темир таягы менен Аз. Мусанын асасы бар. Ал аса Аз. Адам бейиштен чыгарылганда аны менен кошо жерге түшкөн эле. Рим императору Кайзер ал бейпилдик сандыгын (Иерусалимдеги) Байтул Макдисте колго түшүрүп, ичиндеги бүт (баалуу) буюмдар менен мүлктөрдү алып Алтын чиркөөгө алып барган. Мына ошол буюм бүгүнкү күнгө чейин Алтын чиркөөнүн ичинде сакталуу турат. Ал буюмдарды Аз. Мехди (ас) кайра ал жерден алат... ("Ölüm - Kıyamet - Ahiret ve Ahir zaman Alametleri", Bedir Yayınevi, б: 432-448)
Аз. Мехди (ас)дын келээри, Расулуллах Мырзабыз (сав)дын урпактарынан болоору, дүйнөгө жети жыл өкүмдарлык кылаары, жер жүзүн адилеттикке толтураары жана Аз. Иса (ас) менен бирге чыгып, Анын Палестинада (Лут) эшигинде дажжалды (фитнасын) жок кылышына жардамчы болоору, бул үммөткө имамдык кылып, Аз. Иса (ас)дын Анын артында намаз кылаары» маанисиндеги бүт хадистер көптөгөн равинин (риваят кылуучунун) риваяты менен ишенимдүү, анык кабарлар болуп калган. Саналган бүт бул жагдайлар Аз. Мехди (ас)дын жашоосуна байланыштуу эң маанилүү өзгөчөлүктөр.
Аз. Мехди (ас)дын түсү Араби (ак аралаш кызыл), денеси Исраили. Оң бетинде жаркыраган жылдыз сыяктуу бир мең бар. Анын халифалыгынан жер менен асман жашоочулары, ал тургай абадагы куштар да ыраазы болот.
Аз. Мехди (ас) Бани Исраил көрүнүшүндө, жер жүзүнүн казыналарын чыгарат жана күфүр (каапырдык) чөлкөмүн каратат.
Рүкун менен Макам арасында ага моюн сунулат. Аз. Мехди (ас) ушунчалык мээримдүү болгондуктан, анын убагында бир адамдын да мурда канабайт.
Сакалы мол жана коюу болот.
Тиштери жаркыраган болот.
Адамдарга мал-мүлк жана буюм таркатканда, санабастан мол-мол берет.
Эч бир тарап жашына албай турган бир фитна чыгат, ал фитна токтогон жерден ылдам башка бир тарапка жайылат жана бул абал бир жарчы асмандан жар салып «Эй адамдар, башчыңар эми Мехди» дегенге чейин уланат.
Аллах Таала Исламды Расулуллах Мырзабыз менен баштаган сыяктуу, Аз. Мехди (ас) менен аягына чыгарат.
Зулумдук менен бузукулукка толгон дүйнө ал келген соң адилеттикке толуп ташат.
Көптөгөн жер титирөөлөр боло турган бир убакта жөнөтүлөт.
Анын убагында үммөттүн жакшылары да жана жамандары да эч болуп көрбөгөндөй көптөгөн нематтарга ээ болушат. Көп жамгыр жааса дагы бир тамчысы да текке кетпейт, топурак бир урук да сурабастан түшүмдүү жана берекелүү болот.
Аз. Мехди (ас) чыкканда башында бир чалма болот жана бир жарчы «Бул Аллахтын халифасы Мехди. Ага моюн сунгула» деп жар салат.
Пайгамбар Мырзабыз (сав) «Хорасан тарабынан желектер чыкканын көргөнүңөрдө, кар үстүндө сойлоп болсо да, ал желектерге кошулгула, себеби араларында Аллахтын халифасы Аз. Мехди (ас) бар» дейт.
Ал фитналар чыккан бир убакта келет жана өтө берешен болот.
Константинополь жана Дейлем тоосун каратат.
Исламга каршы айтыла турган бир сөз дагы ага оор келет.
Аз. Мехди (ас)дан мурда көп киши өлтүрүүлөр боло турган чоң бир фитна болот.
Күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөнгө чейин Аз. Мехди (ас) чыкпайт жана ал киши өлтүрүүлөргө жердеги жана асмандагылар чыдай албай калган кезде чыгат. Аз. Мехди (ас) келгенде адамдар аны барктап, сүйүп кучакташат.
Аз. Мехди (ас) бүт арамдар адал саналган, чоң бир фитнадан соң чыгат. Халифалык ага үйүндө отурганда келет жана өз доорунун жер бетиндеги эң жакшысы ал болот.
Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда Мединада капкара таштар да кан астында кала турган чоң бир окуя болот. Ал окуяда бир аялдын өлтүрүлүшү бир камчынын шилтенишиндей оңой болот. Жана ал окуя 2 километрдей созулат, анан Аз. Мехдиге моюн сунулат.
Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда элдер арасында соода менен жолдор тосулат, адамдар арасында фитналар көбөйөт. Ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн аалым бир-биринен кабарсыз Аз. Мехди (ас)ды издөө үчүн жолго чыгышат жана аалымдардын ар бирин 310дой адам коштойт. Аягында баары Меккеде жолугушат. Жана бир-биринен «Ал жерге эмне үчүн келгенин» сураганда баары «бул фитналарды токтото турган жана Константинопольду карата турган Аз. Мехди (ас)ды издеп жатабыз, себеби биз анын, атасынын, апасынын жана армиясынын аттарын уктук» деп жооп беришет.
Аллах (ж.ж.) бүт адамдардын жүрөктөрүн анын сүйүүсү менен толтурат. Анан ал күндүздөрү арстан, түндөлөрү абид (көп ибадат кылуучу) бир топ менен бирге жүрөт.
Аз. Мехди (ас) бир дагы бидатты (динге кийин кошулган кошумчаны) калтырбайт жана бүт сүннөттү жандандырат. Константинополь, Кытай жана Дейлем тоолорун каратат, бул абал 7 жылга созулат. Бирок анын ар бир жылы силердин 20 жылыңарга тең болот. Анан Аллах Таала каалаганын кылат.
Анын доорунда бөрү менен кой чогуу ойнойт, жыландар жаш балдарга зыян тийгизбейт. Адам бир ууч урук таштап, 700 ууч түшүм алат. Рийа (көргөзмөлүк), риба (сүткордук), зина (ойноштук), ичимдик жоголот, өмүрлөр узарат жана аманатка кыянат кылынбайт. Жамандар кыйрайт, Пайгамбар Мырзабыз (сав)ды жаман көргөн эч ким калбайт.
Ал күндөн бир алаамат көрүнгөнгө чейин келбейт.
Анын башчылары адамдардын эң жакшысы.
Жер жүзү коопсуздукка толот жана ал тургай бир канча аял жанында эч эркек болбостон, бейпил гана ажылыкка бара алат.
Өтө тараган жана эч бүтпөстөй көрүнгөн бир фитна чыгат жана ал фитна асмандан 3 жолу «Амир (башчы) Мехди, чындык ал» деп жар салганга чейин уланат.
Дүйнөдө аты атала турган бир халифа калбаганга чейин чыкпайт.
Ал келээрден мурда чыгыштан жарык чачкан бир жылдыз көрүнөт.
Рамазан айында эки жолу ай тутулат.
Асмандан бир үн аны аты менен чакырат жана чыгыштагы батыштагы, ал тургай, уктап жаткан киши дагы ал үндү угуп, ойгонот.
Константинопольду каратуу убагында эрте мененки намаз үчүн даарат алып жатып бир желек сайат, деңиз экиге бөлүнүп суу өзүнөн-өзү алыстайт жана ачылган жолдон Аз. Мехди аркы өйүзгө өтөт. Анан дагы бир желек сайат жана; «Эй адамдар, сабак алгыла. Деңиз Израил урпактарына кандай жол берсе, бизге да ошондой жол берди» дейт, андан соң баары кайра кайра такбир айтышат жана 12 такбир менен шаардын 12 мунарасы да кулайт. ("El-Kavlü'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar", б: 15-75)
Аллах анын сүйүүсүн адамдардын көкүрөктөрүнө орнотот. Ал андан соң күндүз арстан, түнкүсүн болсо абид (көп ибадат кылуучу) бир топ менен бирге болот.
Дани Катадеден риваят кылды. Ал: Фитна ичиндеги адамдар кан төгүлгөн кезде үйүндө отурган Аз. Мехди (ас)га келет жана «Биз үчүн тур эми» дешет, деди. Ал болсо кабыл албайт, бирок өлүм менен коркутушкан соң алар үчүн турат. Андан соң кан төгүлбөйт.
(Анын убагында) Уктап жаткан да ойготулбайт, эч кандай кан да төгүлбөйт.
Ахмед, Ибни Эби Шейбе, Ибни Маже жана Нуайм б. Хаммад Фитен аттуу китепте Аз. Алиден риваят кылышты, Расулуллах (сав) айтты: Аз. Мехди (ас) бизден Эхли Бейттен. Аллах аны бир түндө жетилтет.
Табарани Кебиринде жана Эбу Наим Ибни Месуддан риваят кылышты. Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айтты: Эхли Бейтимден аты менен атым, мүнөзү менин мүнөзүм болгон бир урпагым чыгат жана мурда зулумдукка толгон дүйнөнү ал адилеттикке толтурат.
Сакалы коюу, тиштери жаркыраган, жүзүндө бир мең бар. Далысында Пайгамбар (сав)дын алааматы бар. Пайгамбар (сав)дын төө жүнүнөн жасалган желеги менен чыгат. Ал желек төрт бурчтуу, тигишсиз жана түсү кара. Анда бир шоола бар. Ал Расулуллах (сав)дын көзү өткөндөн бери ачылбаган болуп Аз. Мехди (ас) чыкканда ачылат. Аз. Аллах үч миң периштени Аз. Мехдиге жардам үчүн жөнөтөт жана периштелер ага каршы чыккандардын жүзүнө жана аркасына урушат. Ал жашы отуз менен кырк арасында (кырк жашта) болгон абалда жөнөтүлөт.
Ибни Эби Шейбе Эби Желдден риваят кылды, ал айтты: Бир фитна көрүнөт, артынан башка фитналар болот жана биринчилер кийинкилердин кылыч менен согушка айланышын камчылайт жана андан соң халифалык жер жүзүнүн эң жакшысы болгон Аз. Мехди (ас)га үйүндө отурганда келет.
Дани Селеме б. Зүферден риваят кылды, айтты: Бир күнү Хузейфенин жанында Аз. Мехди (ас) чыкты деп айтылды. Ал: Силер эгер араңарда Аз. Мухамммед (сав)дын асхабы турган убакта Ал чыкса бейпилдикке жеттиңер. Сөзсүз Ал, адамдар көргөн жамандыктарынан улам, Гаиб (Аз. Мехди) аларга адамдардын эң сүйүктүүсү болмоюнча чыкпайт, деди.
Кеза (Н. б. Хаммад) Эбу Хурейреден риваят кылды, айтты: Апачык Аллах Таала жокко чыгарылмайынча Мехдиге моюн сунулбайт.
Нуайм б. Хаммад Фитенинде сахих (ишенимдүү) бир далил менен Муслимден алынган Аз. Али (ра)дан риваят кылды. Айтты: Фитналар төртөө. Молчулук фитнасы, жокчулук фитнасы, дагы бир фитна жана алтын кени. Андан соң Пайгамбар (сав)дын урпактарынан бирөө чыгат жана Аллах анын колу менен адамдардын ишин оңдойт.
Наим Каабдан риваят кылды. Айтты: Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда чыгыштан жаркыраган куйруктуу бир жылдыз чыгат.
Дани шехр б. Хавшебден риваят кылды. Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айтты: Рамазанда бир алаамат, Шаввальда бир үн, Зилкадеде элдер арасында согуш болот. Ажылар тонолот. Минада көп өлүмдүү бир согуш болот, ал жерде таштарды кан көлүнө айланта турганчалык кан төгүлөт.
Наим Шурейктен риваят кылды. Ал мага мындай жетти деди: Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда Рамазанда (айында) эки жолу ай тутулуусу болот.
Баары ал жөнүндө гана сүйлөшөт, анын сүйүүсүн ичет жана андан башка эч нерсени сүйлөшпөйт.
Нуайм б. Хаммад жана Эбил Хасенил харби Харбийат аттуу эмгектердин биринчи бөлүгүндө Али б. Абдуллах б. Аббастан риваят кылышты. Ал айтты: Аз. Мехди (ас) күн бир алаамат болуп чыкмайынча чыкпайт.
Нуайм б. Хаммад жана Хаким Мбр б. Шуайбдан, ал атасынан, атасы болсо чоң атасынан риваят кылды, айтты: Расулуллах (сав) мындай деди: Зилкаде айында уруулар согушат, ажылар уурдалат, кандуу согуштар болот. Кожоюндары (Аз. Мехди) тартынат жана аягында каалабаганына карабастан Бедир тобунчалык санда адам ага Рүкун менен Макам арасында моюн сунат. Жер менен асман жашоочулары да андан ыраазы.
Чоң шаарлар кечээ эле жоктой болуп кыйрайт. Сүфйан менен армиясы жоон топ беш урууну басып алат.
Шейх Мансур Али Насыф Тач аттуу китебинин чечмелөөсүндө мындай деп жазат:
«Селеф уламасы арасында болсун, халеф уламасы арасында болсун төмөнкү жагдай өтө белгилүү. Акыр заманда сөзсүз бир кишинин чыгаарын билүү керек. Ал киши менен Эхли Бейтимден болот. Аны Аз. Мехди (ас) дешет. Бүт Ислам өлкөлөрүн каратат, ар бир Мусулман ага моюн сунат, араларында адилеттик менен мамиле кылат. Динди күчтөндүрөт жана бекемдейт. Андан соң болсо дажжал чыгат, Аз. Иса түшөт жана дажжалды (фитнасын) жок кылышат.» Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу хадистерди алдыңкы сахабалардан жана жакшыларынан бир топ риваят кылышкан. Ошондой эле белгилүү мухаддистерден Эбу Давуд, Тирмизи, Ибни Маже, Таберани, Эбу Йаъла, Беззаз, Имам Ахмед б. Ханбел, Хаким (рд. хум эжмаин) азреттери риваят кылышкан. (Ahmet Faruk, "Ka'be Baskını ve Mehdilik", Vahdet Yayınevi, б: 21)
«Анын ысмы Мухаммед, атасынын аты Абдуллах. Аз. Фатыманын урпактарынан, замандын халифасы (Мусулмандардын руханий лидери) адилеттүү бир имам, кемчиликсиз бир олуя, акыйкат бир мужеддид. Аллах (жж) каалаган кезде аны жаратат жана жөнөтөт. Ислам динин аны менен күчтөндүрөт. Анын өкүмү астында эки киши, ал тургай, эки айбан арасында да душмандык калбайт. Ар бир ыймандуу чынчыл бир дос болуп, мулхиддер муваххид, ыймансыздар чынчыл аалым болсо керек. Көптөгөн каратуулар жана олжолор менен бүт Мусулмандарды бай кылса керек. Аз. Иса (ас) менен бириксе жана Аз. Иса дажжалды (фитнасын) жок кылса жана зыммилерден салыкты алып салып жана Исламга киргендердин ыймандарын кабыл алса керек.» (Kadızade, "Amentü Şerhi" (Sdş. M. Rahmi) б:358)
...Имам Алинин бул сөзүнөн максат замандын аягында Мухаммед урпактарынан кыям эте турган (Аз. Мехди)... Себеби бүт Мусулман топтор «Ал кыям этмейинче дүйнө бүтпөйт» деп бир пикирди айтышкан. ("Şerh-i Nehc-ül Belaga", т: 3, б: 434 жана 435. Hutbe şerhi)
Чоң аалымдардан Кушадалы Ибрахим Халвети да жазган каттарында Аз. Мехди (ас)дын жакында келээрин жана өз кызматын орундатаарын айткан. (Y. N. Öztürk, Kuşadalı İbrahim Halveti, б: 204-212, Fatih Yay. 1982)
Хижрий жыл эсеби боюнча 8- жана 9-кылымдын чоң аалымдарынан болгон Мухаммед бин Махмуд эль Хафызы эль-Бухари өзүнүн Фаслуъл-Хитаб ли-Вааслиъл-ахбаб аттуу эмгегине Мехдилик жөнүндө узун бир бөлүм кошуп бул темадагы хадистерди чогулткан;
«Жамиуъл-усуль де кыямат сааты жана алааматтарынан катары айтылат; Месих алейхиссалам жана Аз. Мехди (ас) жөнүндө Жабир (ра)ден риваят кылынышы боюнча Расулуллах (сав) айткан;
◉ Үммөтүмдөн бир топ акыйкат жолдо үстөм абалда кыямат күнүнө чейин күрөшүшөт. Ошол кезде Аз. Иса (ас) түшөт, Мусулмандардын амири ага айтат: Кел бизге намаз кылдыр. Ал ага айтат: Жок, Аллахтын бул үммөткө сыйы катары силердин бирөөңөр башкаларыңарга амир (башчы). Хадисти Муслим риваят кылган...
... Шерхуъус-сүнне де «эшратуъс-саа» бабында Аз. Мехди (ас) жөнүндө риваят кылат. Эбу саид иъл-худри Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айтат: Расулуллах бул үммөттүн башына келе турган бир балээден сөз кылып,
◉ Ал балээнин келиши менен адам зулумдан жашына турган бир башпаана таба албаган бир убакта Аллах менин урпактарымдан, Эхли Бейтимден бир инсан жөнөтөт. Жер жүзү андан мурда кандай зулумдук-зомбулукка толтурулган болсо ал адилеттикке толтурат. Асман менен жер жашоочулары андан ыраазы болушат. Асман бир дагы тамчы калтырбай бүт жамгырын жаадырат. Жер жүзү да канча өсүмдүгү бар болсо баарын чыгарат. Ал тургай өлүүлөр да тирилгилери келет. Ал ушундай негизде жети жыл же сегиз жыл же болбосо тогуз жыл жашайт...
...Имам Эбуъл-Аббас эль-Мустагфири «Делаилүън Нүбүвве веъл-Мужизат» китебинде Аз. Мехди (ас) жөнүндө Абдуллах ибн Месудга жеткен далил менен риваят кылат: Расулуллах (сав) мындай деген:
◉ Күндөр менен түндөр түгөнбөстөн Аллах Эхли Бейтимден аты менин атымдан, атасынын аты атамдын атынан болгон бир адамды жөнөтөт. Жер жүзү кандай зулумдук менен зомбулукка толтурулган болсо ал адилеттик менен толтурулат... (Muhammed bin Muhammed bin Mahmud el-Hafizi el-Buhari, Faslu'l-Hitab, б: 553-557 Erkam Yay. No: 45)
... Ал үчүн Куранда келет (билдирилет): «Кыйынчылыкка түшкөндө дубасын кабыл кылганда.» (Немл Сүрөсү, 62) деп кыйынчылык учуру келгенде дубанын Аллах тарабынан кабыл кылынышы баяндалат. Жана ушул себептен ар кылымда болгон оор кыйынчылыктарды жок кылууга толук ээ бир киши чыккан. ЖАНА ААЛАМДЫН БАШАЛАМАНДЫГЫ ЧЕГИНЕ ЖЕТИП МУКТАЖДЫК БОЛГОНДО АЗ. МЕХДИ (А.С.) ЧЫКСА КЕРЕК. СЕБЕБИ ДОКТОРДУН КҮЧҮ ООРУНУН, КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН, ДАРТТЫН, БАЛЭЭНИН КҮЧҮНӨ ЖАРАША БОЛОТ. АКЫР ЗАМАНДА БОЛСО ДҮЙНӨНҮН КАНЧАЛЫК ООРУГА, КЫЙЫНЧЫЛЫККА, ДАРТКА, БАЛЭЭГЕ КАБЫЛААРЫН ОШОЛ УБАКТАГЫЛАР БИЛИШЕТ.... (İsmail Hakkı Bursevi Ruhül MESNEVİ SF 250)
17-кылымда жашаган чоң олуялардан Исмаил Хаккы Бурсеви Азрети Рухүл Месневисинде акыр заманга жана акыр заманда чыга турган Аз. Мехди (ас)га өзгөчө көңүл бурган. Бурсеви Азрети Аз. Мехди (ас) чыга турган замандын көптөгөн башаламандыктарга толо болоорун, анын материалдык жана руханий оорулар өтө көп жана күчтүү болгон бир убакта чыгаарын айткан. Ошондой эле, Аз. Мехди (ас)дын ушундай чоң руханий ооруларга, ага чейин болуп көрбөгөндөй башаламандыкка Аллахтын себепчи кылышы менен толук дабаа боло турган терең илимге ээ болооруна «СЕБЕБИ ДОКТОРДУН КҮЧҮ ООРУНУН, КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН, ДАРТТЫН, БАЛЭЭНИН КҮЧҮНӨ ЖАРАША БОЛОТ» деп өзгөчө көңүл бурган. Мындан тышкары, Бурсеви Азрети өзү жашаган 17-кылымда ал замандын али келе элек экенине болсо «...АКЫР ЗАМАНДА БОЛСО ДҮЙНӨНҮН КАНЧАЛЫК ООРУГА, КЫЙЫНЧЫЛЫККА, ДАРТКА, БАЛЭЭГЕ КАБЫЛААРЫН ОШОЛ УБАКТАГЫЛАР БИЛИШЕТ...» деп ишарат кылган.
Али Хайдар Мырза Азрети Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы катары Хижрий 1400-жылдарга, б.а. 1980-жылдарга ишарат кылган:
«Мырза Бабанын (Али Хайдар Мырза Азретинин) Мехди (ас)га саламын жана моюн сунуусун жеткирүүнү каалаганы жөнүндө көптөгөн риваяттар бар. Дервишанынан уктук. Ошондой эле Мырза Бабадан окуган атактуу аалымдардан маркум Хасан Буркай Хожаэфендинин бир өкүлү Мырза Бабанын Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы катары 80-жылдардын баштарын ишарат кылганын айтты.» (http://www.ihvanforum.org/islam-i-hayat/77066-mehdi-ile-ilgili-kim-ne-dedi/)
Бирок кээ бир кишилер Али Хайдар Мырза Азретинин бул сөзүн танышууда жана өз пикирлерин бышыктоо үчүн бир окуяны айтышууда. Ал боюнча, Исмаил Хаккы Бурсеви Рухуъл Бейан аттуу тафсиринде Мухйиддин Арабиге бир шилтеме жасаган жана Аз. Мехди (ас)дын келиши жөнүндө бир убакыт көрсөткөн эмес. (Мырза Баба) Али Хайдар Мырза Азрети болсо ал сөздүн жанына «Кана эмне болду?» деп жазган. Ал сөздү далил көрсөткөн кишилер (Мырза Баба) Али Хайдар Мырза Азрети Аз. Мехди (ас) Хижрий 1400-жылы келет деп ойлогон эмес дешет. Чындыгында болсо (Мырза Баба) Али Хайдар Мырза Азрети Хижрий 1287-жылы төрөлгөн жана Хижрий 1380-жылы көз жумган. Б.а. ал Хижрий 1400-жылдарды эч көргөн эмес. Ошондуктан Али Хайдар Мырза 1700-жылдары жазылган Исмаил Хаккы Бурсевинин Рухуъл Бейан аттуу тафсирине жогорудагы сөзүн жазуу менен Аз. Мехди (ас) ошол жылдары же андан да мурдакы жылдары келет деген көз-караштын туура эмес экенин көрсөткөн. Б.а. ал сөзү менен Аз. Мехди (ас)дын Хижрий 1400-жылы келээри жөнүндөгү пикирин тастыктаган.
Эң куттуу кылымдардын ичинде Мырзабыздын кылымы. Эмне үчүн? Мырзабыз болгон, жашаган заман болгону үчүн. Бүт шайтандардын, дажжалдардын, Аллахка жол кесүүчүлөрдүн, каапырлардын, мушриктердин кылымы бүтүп бүт уятсыздыктар токтоп, АЗРЕТИ МЕХДИ (АС) ЭКИ МИҢИНЧИ ЖЫЛДАРЫ ДАЯР БОЛСУН ЖАНА АЗРЕТИ ИСА (АС) ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ КЫЛЫМДЫН ИЧИНДЕ АСМАНДАН ТҮШҮП ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ ДАЯР БОЛСУН.
ИШЕНИМИБИЗ УШУНДАЙ АЗЫР. КЫЛЫМДЫН ЖАРЫМЫНАН КӨБҮ УШУНДАЙЧА АЗРЕТИ ИСА ЖАНА АЗРЕТИ МЕХДИНИН БАР БОЛУШУ МЕНЕН КУТТУУ БОЛОТ. Ойгоо бол! (Şeyh Nazım Adil El Hakkani / Kıbrıs) http://www.osmanli.de/pdf_yazilar_2008/sn_hazreti_mehdi.pdf
ЭКИ МИҢИНЧИ ЖЫЛДАРЫ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЕЛИШИ МУКАРРЕР (ЧЕЧИЛГЕН, ТАГДЫР КЫЛЫНГАН ЖАНА АНЫК). Ушундайча Дин-и Мубин, Ислам ортого чыгат. (Şeyh Nazım Adil El Hakkani / Lefke) http://www.osmanli.de/pdf_yazilar/sn_mehdi_as.pdf
Аллахтын эрки алардын да нур жарыгынын астына киришин каалады. (Америкалыктарды айтууда.) Мырзабыз (сав) бизге кыяматтын алдында эң акыркы күндөрдүн абалы жөнүндө кабар берди. Эмне айткан болсо болот. (Бүт дүйнөгө Ислам жайылат.)
БИЗ ЖАШАП ЖАТКАН КЫЛЫМ – МЕХДИ АЛЕЙХИССАЛАМДЫН КЫЛЫМЫ. (Şeyh Nazım Adil El Hakkani / Lefke) http://www.osmanli.de/pdf_yazilar/sn_amerika_islam_olacaktir.pdf
Бул кылым Исламдын кылымы болот. Күмөнсүз Аз. Мехди (ас) келет. Кээ бирлер буга көп маани бербей жатышат. Такыр туура эмес. Мен көптөгөн улуктардан өз кулагым менен уктум. Ансыз да көптөгөн хадистер бар. Мехдилик ишеними Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан улуу бир аалым бир имам кыяматтан мурда бүт Мусулмандарды бириктирип жалган диндерди карманган кишилер менен согушат (илимий күрөш жүргүзөт). Ал убакта жалган диндер Исламдын орношу менен илимий жактан да, абройу жагынан да өздөрүн жоготушат... (Ниметуллах Хожаэфендинин Feyz Dergisi (Фейз журналы) менен кылган маегинен)
«Месих жана Мехди жөнүндөгү кутуу хадистер жана үммөттүн кабылы негиз алынганда нүзул-ү Исага (Аз. Исанын кайрадан жер жүзүнө келишине) жана зухур-у Мехдиге (Аз. Мехди (ас)дын чыгышына) ишенүү Мырзабыз (сав)га ишенимдин көрсөткүчү десек болот.» 1
Аз. Мехди (aс) Пайгамбар (cав) Урпактарынан Болот
«Аз. Мехди жөнүндөгү куттуу хадистерге да эки мисал берүү ордунда болсо керек: «Мехди бизден, Эхли Бейттен. Аллах аны бир түндө жеңишке жеткирет. Мехди Фатыма урпактарынан» (Ибн Маже, Фитен, 34; Дарими, Мехди, 1). «Дүйнөнүн өмүрүнүн бүтүшүнө бир күн эле калса дагы, Аллах зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттикке толтура турган Эхли Бейттен бирөөнү жөнөтөт» (Ахмед б. Ханбел, II, 117-118).
Улуу Аллах мээриминин натыйжасы катары ар үммөт бузулган кезде бир муслих (калыптандыруучу), бир мужеддид (динди жаңылап өзүнө кайтаруучу), бир халифе-и зишан (Ислам коомуна руханий лидер бир киши), бир кутб-у азам (заманынын эң улук диний лидери), бир жогорку муршид (жол башчы) же бир мехди өкүмүндө болгон куттуу заттарды жөнөтүп, бузулууга жолтоо болуп элди калыптандырып, дин-и Ахмедини (Исламды) коргогон.
Бул жагдайга көңүл бурган жана саясат багытында Мехди-и Аббаси (ийгиликтүү кишилер үчүн бир салыштырма мааниде колдонулат), диний багытта Гавс-ы Азам (заманынын эң улуу аалымы, Абдулкадир Гейлани), Шах-ы Накшибенд (Накшибендиликтин куруучусу, Мухаммед Бахауддин), актаб-ы эрбаа (төрт белгилүү ахли сүннөт аалымы катары белгилүү болгон кишилер) жана он эки имам (Аз. Алинин урпактарынан келген он эки халифа) сыяктуу заттарды мисал көрсөткөн Бедиүззаман айтат: «Анын мыйзамы ушундай көрүнүүдө (иштөөдө), демек акыр замандын эң чоң бузукулугу заманында, албетте эң улуу бир мучтахид да (керек болгондо аят менен хадистерден өкүм чыгарган бир аалым), эң улуу бир мужаддид да, сот да, Мехди да, муршид (адамдарга туура жолду көрсөтүүчү) да, кутб-у азам (заманынын эң улуу диний лидери) да болгон бр нурдуу затты (инсанды) жөнөтөт жана ал зат ахли байт-и Небевиден (Аз. Пайгамбар (сав)дын урпактарынан) болот.» Бедиүззаман Аз. Мехди жөнүндөгү хадистер алсыз (тууралыгы күмөндүү) деген сөздөргө карата болсо «Кээ бир китептерде сөз кылынбаган кайсы маселе бар? Ал тургай Ибн-и Жевзи сыяктуу улуу бир мухаддис (хадис адиси) кээ бир сахих эхадисе (тууралыгы анык болгон хадистерге) мевзу (мааниси туура эмес) деп айтканын аалымдар таажжуп менен (таң калуу менен) риваят кылышкан. Ар алсыз же мевзу хадистин маанисин туура эмес дегенге болбойт.»2
Моюнтурук Жерге Коюлган Соң
«Адамыбыз менен бирге баарыбыздын үмүтүбүз өтө күчтүү. Расулу Экрем (сав)га ишенимибиз бар. Үммөттүн башында сахабе-и кирамга ишарат кылган ааламдын мырзасы (сав) акырында (акыркы убактарда) моюнтурук жерге коюлган соң (чарасыз калынганда) көтөрөт деген кубанычтуу кабарын качан эле кабар берген. Диндин кайрадан жанданаарын жана бүт ааламда ЛаилахаиллАллахМухаммеденРасулуллахтын кайрадан жайылаарын айткан, туура айткан.»3
Биз Күткөн Жаш Жигит
«Фатихтен сөз кылганда; кандай сонун ал амир, буга ээ болуу үчүн 21-22 жаштагы жаш башчы. Материалдык-руханий каалоо сезимдеринен баш тарткан эле. 20-кылымда Куранга ээ чыгат деп күткөн ЖАШ ЖИГИТИБИЗДИН жашында эле улуу султан.» 4
313 Киши
«Бедирде бүт дүйнөгө күчүн көрсөткөн адамдардын саны 313 эле, периште ысмын окуган сыяктуу мен маанилүү жерлерде алдыңыздарга чыгаарда алардын аттарын окуп, шапаат үмүт кылып, анан алдыңыздарга чыгам, ошончолук улук менин көзүмдө Бедирдеги адамдар. Эмне үчүн улук? Башынан тырмагына чейин ак от да ошон үчүн. 313 даана ак оттой адам болсо бүгүн, жер жүзүнө өкүмдар болууга болот, үмүт кылабыз иншаАллах бул бак, бул бакча, бул эгин талаасы бул 300 адамды, 313 адамды тарбиялап чоңойтот деп үмүт кылабыз.» 5
Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынын санынын 313 киши болоору риваят кылынат.
Мухаммед б. Ханефи (р.а.)дан риваят кылынды: «Саны Бедир Асхабындай (313 киши). Мурдакылар аларга жете албаган сыяктуу, кийинкилер да аларга жете алышпайт. Алардын саны ТАЛУД менен дарыядан өткөндөргө барабар.» (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-i Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 57)
Бедир согушундагы аскерлер сыяктуу 313 кишинин башчылыгында айланага сүр көрсөтөт, себеби бул 313 киши түнкүсүн абид (ибадат кылган), күндүзү баатыр сыпатына ээ. (Kıyamet Alametleri, б. 169)
Аз. Мехди (aс) Жөнүндөгү Хадистерди Танууга Болбойт
«Кутуби Ситтеде төрт баркталган хадис китебинде; Хакимдин Мустедрекинде, Бейхакиде, Табараниде Аз. Мехди (ас)дын келээри жөнүндө куттуу хадистер бар, аларды танууга дээрлик эч ыктымалдык жок. Бухари жана Муслим-и Шерифте ысым жагынан гана бул заттан сөз кылынбайт, балким белгисиз, келечекте жер жүзүн адилеттикке толтура турган бир инсандан сөз кылынат. Бухари менен Муслимде айтылган ушул эле инсан башкаларында «Мухаммед» аты менен же Мырзабыздын (сав) «менин ысмымда болот» сөзү менен айтылат. Өтө күчтүү дал келүүчүлүк бар.»6
Бул Иштин Ылайыктуулары Келгенде
«Урматтуу Мусулман, буларды ар кандай мисалдары менен сага жеткирүүгө жана сен үчүн эң куттуу озуйпа болгон бул озуйпадан алыста калбашың үчүн айтылышы керек болгон нерселерге көңүлүңдү бурдум жана мүмкүнчүлүк сунууга аракеттендим, кайрадан мойнума алуунун кажети жок. Бул иштин ылайыктуусу эмесмин, ылайыктуусу келгенге чейин мен сыяктуулар, окшошторум менен бирге бул ишти улантабыз, ошондой көрүнүүдө. Ылайыктуусу келгенде ишти аларга калтырабыз, ылайыктуусу эмеспиз, бул иштин ылайыктуулары туура менен чындыктын чыныгы котормочулары болушат жана өлүү көңүлдөрүбүздү жандандырышат. Муну болгон чын ниетим менен үмүт кылам, Раббимден күтөм, бирок ал күнгө чейин биз сүйлөйбүз.» 7
Кызматкерлердин жана аскерлердин чини жана даражасы болгон сыяктуу, ар бир Мусулмандын да руханий чини жана даражасы бар. Муну бүт баарын билүүчү Аллах билет. Ансыз да чин жана даражаларды берүүчү да Ал. Бүт баарын билүүчү Аллах билгендеринин бир бөлүгүн бир катар кулдарына билдирет, алар «ахли кешиф» деп аталышат, эл арасында кереметтүү кишилер деп аталышат. Олуя – жалпы бир сыпат.
Олуялардын баары эле керемет көрсөтө албайт, ал тургай өзүнүн руханий даражасын билбеген олуялар көп. Бир инсан көрсөткөн укмуштуу окуялар керемет деп саналышы үчүн ал инсандын сүннөткө ылайык жашашы шарт. Сүннөткө ылайык жашабагандар көрсөткөн укмуш нерселер истихрач деп аталат, мунун керемет менен байланышы жок.
Керемет – Исламга кызмат кылган инсандын кызмат мүмкүнчүлүктөрү ар кандай абалда чектелген болсо (Аллахтын берешендиги менен) керемет менен кызматын улантышы, айланасындагы адамдардын Исламга жакындыгын күчтөндүрүү үчүн.
Мындан тышкары, икрам бар. Кереметтей көрүнөт, бирок керемет эмес. Мисалы, дарска келген адамдардын бирөөсүнүн суроосуна аалым билбестен жооп берет. Суроосу бар киши «жүрөгүмдөгүнү билди» дегени менен, аалым анын бир «Аллахтын икрамы» экенин билип, шүгүр кылат, бой көтөрбөйт жана өзүн кереметтүү кишимин деп санабайт, жана санабашы керек...
Ислам динин кыяматка чейин улантаарын билдирген Аллах динине кызмат кыла турган кулдарын жөнөтөт; алар болсо Исламга кызмат кылышат.
Исламга кызмат кылгандар ар кандай руханий даражадагы кишилер. Бирок Мехдилик даражасы булардын эң жогоркусу. Согуш майданын жеңген паша маршал болгон сыяктуу, дажжал менен күрөшкөн олуя да Мехди даражасына көтөрүлөт. Демек дажжал болгон заманда Аз. Мехди (ас)ды издөө керек. Бирок Аз. Мехди (ас)ды таанып-тааныбаш анчалык өтө маанилүү эмес.
Куттуу хадистер менен анык болгондуктан Мехдилик даражасын жокко чыгарбаш керек.
Бирок аны тааныбаш жоопкерчиликти талап кылбайт. Себеби сүннөткө моюн сунгандардын баары Аз. Мехди (ас)дын жардамчысы. Башка тараптан, Аз. Мехди (ас)дын жанындагы, ал тургай, күн сайын Аз. Мехдини көргөн адам сүннөткө моюн сунбаса, Аз. Мехдиден да руханий өтө алыс болот, жана дүйнө менен акырети да тозок болот.
Пайгамбарыбыз (сав) адамзаттын эсендиги үчүн өтө көп кыйынчылыктарды тарткан. Руханий даражасы жагынан Пайгамбарыбыз (сав)га жакындагандар кыйынчылык жагынан да Ага жакындайт, б.а. көп кыйынчылык тартышат. Бирок акыр замандын негизги инсаны өлтүрүлө албайт.
Аз. Мехди (ас) дажжалдын кылгандарынын тескерисин кылат. Дажжал акыйкат менен жалганды аралаштырат, Аз. Мехди (ас) акыйкат менен жалганды айырат; акыйкатты акыйкат деп көрсөтөт, жалганды болсо жалган деп көрсөтөт. Дажжал жалганчы, адамдарды алдайт. Аз. Мехди (ас) чындыкты, акыйкатты сүйлөйт. Дажжал күнөөлөрдү жайат. Аз. Мехди (ас) адамдарды чоң күнөөлөрдөн тосуп, сүннөткө багыттайт. Дажжал дипломго, кызматтык даражага, чинге, саясий күчкө таянат (ишенет). Колунда көп байлык бар. Аз. Мехди (ас) Аллахтан башка эч нерсеге таяна албайт. Б.а. анын сырттан көрүнгөн күчү болбойт. Балким диплому, акчасы, кызматтык даражасы, саясий жана аскердик күчү да болбойт. Аз. Мехди (ас) мүмкүнчүлүктөр жок шарттарда көп нерселерди жасайт, натыйжада анын тараптарлары да (дажжалдын бүт мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан) Аллахка корголонуп, Ислам динин үйрөнүп, түшүнүп жана жашашсын үчүн.
Мамлекетке ишенген полиция өзү жалгыз бир айылды чогулткан сыяктуу, Аллахка (руханий) аскер боло алган бир момун (ыймандуу) да атеизмдин ар кандайы менен күрөшө алат. Ошондуктан Аз. Мехди (ас)дын иш-аракеттеринде эң көп көңүл бурган жагдай – бул анын материалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу болот же материалдык мүмкүнчүлүктөргө маани бербеши болот. Ар кандай мүмкүнчүлүк – бир каражат, максат эмес. Максат – Аллахтын ыраазылыгы.
Аз. Мехди (ас) Иттихад-ы Исламжы (Ислам биримдигин жактоочу), Мусулмандардын баарын камтыйт. Бир инсандын Мусулмандыгына бир алаамат бар болсо, момун деп өкүм кылат. Бүт адамдарга ыйман тарабынан карайт. Ансыз да момун ыймандуу дегенди билдирет. Куран аятынын мааниси боюнча «Момундар бир тууган». Аз. Мехди бул аятка таянып, момундарды бир тууган деп билет, Иттихад-ы Исламга (Ислам биримдигине) барат.
Момун ишенген, Мусулман болсо Исламды жашаган маанисине келет.
Ошондуктан Аз. Мехди (ас) атеизмге каршы семави (Аллахтан келген) диндерди тутунгандарды да коргоп-колдойт. Бир тараптан бир миллиард Мусулмандын бир эл катары бутка турушун каалайт, экинчи тараптан Христиандар менен келишимдер түзүп, атеизмдин жайылышынын алдын алууга жана атеизмден Мусулмандарды, ал тургай, Христиандарды коргоого аракет кылат.
Демек дажжалдын орду атеизм, Аз. Мехди (ас)дын орду болсо дин. Демек, акыр заманда атеизм менен дин болгон күчү менен (руханий) урушат; Ислам дини кыяматка чейин уланат. Бир даана момун болсо эле кыямат келбейт. Кыямат каапырлардын башына келет, ошондуктан момун ыйманында бекем болушу керек.
Дажжал заманында Мусулман болуунун жазасы бар, бул абал бир балээ. Бирок балээлер динчил болгон үчүн эле келбейт. Акылын жоготуу, майып болуу, жол кырсыгына туш болуу, рак болуу, банкрот болуу, жумушунан айдалуу сыяктуу ар адамдын башына жүздөгөн балээ келиши мүмкүн. Булардын арасында бир балээ гана «динчил болуудан» келет, ал да ыктымал, келиши да мүмкүн, келбеши да... Бир адамдын жүз балээден коркпой, «динчил болуудан» улам келе турган балээден гана коркушу эч туура болбойт.
Физика, химия мыйзамдары менен миңдеген маселе чечилген сыяктуу, ар бир Аят менен Хадис да бир мыйзам, алар менен да көптөгөн укуктук, экономикалык жана башкаруу маселелери чечилет. Бул жолду Аз. Мехди (ас) ачат, Курандын океандай маанилерин көз алдына тартуулайт.
Курани Керимдин өзү керемет. Ушундай бир керемет: ар кандай жамандыкты жасай алган адамды ар кандай жамандыктан тосуп, ар кандай жакшылыкты жасай турган кылып койот.
Аз. Мехди (ас)дын тараптарларында мындай абал апачык көрүлөт. Курани Керим ар кылымда ар кандай адамга кайрылып, ар адамдын дүйнө менен акыретин бейиш кылган. Ар адам колу жеткен мөмөлөрдү чогулткан сыяктуу, Курани Керимден бүт адамдар пайдаланат. Аз. Мехди (ас)дын тараптарларында ар кандай жаштагы, ар кайсы маданияттан адамдар болот.
Адамдар чыгарган пикирлер көбөйгөн доорлордо Куран бүт пикирлерден үстөмдүгүн курат жана Аз. Мехди (ас) жоопсуз калган суроолорго анык далилдер менен жооптор берет.
Компьютерлерди жасагандарды жараткан Аллах бир катар кулдарынын мээсин жоопсуз суроолорго жооп бере турган кылып программалаган. Мындай акыбал Аз. Мехдиде эң жогорку даражага жетет.
Ар кандай мүмкүнчүлүктөр менен Мусулмандарды Ислам дининен алыстатышкан кезде, Курани Керим айланасындагы дубалдарды жыгып, өзүн-өзү өкүмдар кылат. Кээ бирлер бир катар Мусулмандардын бийик адеп-ахлагына карап Курандын акыйкат экенине ынанат... Кээ бирлер Курани Керимдеги аяттардын жана аяттардагы гармониянын көрүнүшү менен ыйманын күчтөндүрөт. Кээ бирлер аяттардын терең маанисине суктанып, жалган агымдардан Акыйкат динге багыт алат.
Мындай абалдар Аз. Мехди (ас) заманында көп болот.
Курани Керимди алгач баян кылып, чечмелеген – бул Пайгамбарыбыз (сав). Эркам (р.а)нын үйүндө чогулуп, Ислам динин баян кылып жатканда, ал доордун супер күчтөрүнөн болгон Византия менен Персия императорлуктары жөнүндө бир нерсе айтпаган сыяктуу, Курандан башка кандайдыр бир китеп окутуп, түшүндүргөн эмес. Ислам динин үйрөнгөн сахабалар Исламга туура келбегендердин баарын жалган (негизсиз, батыл) дешип, Исламда күч алышып, Ислам императорлуктары ошолордун руханий моюндарында көтөрүлгөн.
Аз. Мехди (ас) да өз кылымында бир баш дарыгердей чыгат, ооруну аныктайт. Курани Керимдин рецепт экенин айтат. Дарыканадагы ар бир дарынын оорусу башка башка болгондой... Рецептке карап дары алынып, ал жерде жазылгандай колдонулган сыяктуу... Ошол сыяктуу ар бир аят бир дары.
Мусулмандар руханий оорулуу болгон бир убакта Аз. Мехди (ас) чыгып, кайсы аяттын кайсы дартка дабаа экенин айтат жана Мусулмандар сырат-ы мустакимге (туура жолго) кирип баштап, шыпаа табышат. Аз. Мехди бүт көңүлдөрдү Курани Керимге, куттуу хадистерге жана табиятка туура келген аалам китебине бурат. Ал сүннөткө ушунчалык моюн сунуп, Пайгамбарыбыз (сав)дын кичипейил жашоосун өз кылымына алып келет, ар абалы менен Мусулмандарга өрнөк болууга аракеттенет. Ошого карабастан ага жалаа жабышып, «өзүн Пайгамбар сезип жатат» дешет.
Убактылуу инсан болгон Аз. Мехди (ас)ды кулатып, тараптарларын сууткулары келет. Бирок анын душмандары ага көп зыян тийгизбеген сыяктуу, анын шакирттерине да зыян тийгизе алышпайт. Жасаган чоң кызматтарынын алдында көрүлгөн зыяндар төөнүн кулагындай эле болуп калат.
Пайгамбарыбыз (сав)дын эң чоң керемети – бул Куран. Курандын эң чоң керемети болсо – Пайгамбарыбыз (сав). Пайгамбарыбыз (сав) окуган-жазганды билбесе да, Курандын ар кылымда, ар кандай илимпозго кайрылышы анын Аллахтын сөзү экендигинин маанилүү бир далили. Куран ахлагы менен адеп-ахлагы калыптанган Пайгамбарыбыз (сав)дын эң бийик адеп-ахлакта болушу да Курандын керемети. 1400 жылдан бери чыккан олуялар, устаттар, имамдар, аалымдар Ислам дининин акыйкат экенине руханий кол коюшкан, Аз. Мехди (ас) да сүннөткө моюн сунуп, пазилеттүү бир киши болушу себептүү маанилүү. Анын тараптарларындагы бийик адеп-ахлак дажжал тараптарларын таң калтырат. Адепсиздиктен тажаган көп адамдар тообо кылышып, Аз. Мехди (ас) тарабына өтүшөт. Аз. Мехди (ас) бир киши кезден тараптарлары өтө бат көбөйүп, баары таң калат.
Метафизика бар болгон сыяктуу, метахимия, метабиология, ал тургай, метатарых бар. Тарыхый окуялардын ээнбаш, кокустан болбошун изилдөөчүлөр билишет. Окуялар улуу инсандардын чыгышына себеп болсо да, улуу инсандар чоң окуяларга себеп болсо да... Натыйжада адам өзүн-өзү жасабаган сыяктуу, окуялар да өзүнөн-өзү болбойт. Атмосфераны жараткан ким болсо, куюнду жараткан да Ал жана куюндарды белгилүү бир ылдамдыктын үстүнө чыгарбаган да кайра эле ааламдын өкүмдары Аллах. Ар кандай окуя аалам тартиби ичинде орун алып, өз милдетин жасайт. Көптөгөн башаламандыктар ичинде бир тартип бар.
Убакыт лентасында окуялар агып жатканда периодду сызгандай болот. Б.а. белгилүү убакыт аралыктары менен окуялар күчөп, тынчтанат. Хижрий 14-кылымдан бир мисал берсек,
Хижрий 15-кылымды, натыйжада 2 периодду түшүнүүгө мүмкүн болот.
1882-жылы Хижрий 1300-жыл башталган. Ошентип Хижрий 14-кылым башталды жана 1979-жылга чейин уланды. Эми 14-кылымда жер жүзү сахнасына келген инсандарга бир көз чаптыралы. Тарыхый маалыматтарыңыз менен алардын ойногон ролдорун эстейсиз.
Хижрий 14-кылымда англис Монтгомери (1887-ж.) сыяктуу аскерлер, Эйнштейн (1879-1955) сыяктуу илимпоздор, француз Фрелид (1856-1939) сыяктуу дарыгерлер, орус Максим Горький (1868-1936) сыяктуу жазуучулар жана англис Лоуренс (1888-1935) сыяктуу шпиондор чоң роль ойношкон.
Булар тарых сахнасында өз орундарын алып, бир-бирлерине каршы болгон күчү менен күрөшкөн кишилер. Өтө чоң окуяларга себеп болушкан же чоң окуялардын ичинде өз орундарын ээлешкен... 1980-жылдары болсо массаларды артынан ээрчиткен лидерлердин калбаганын, күндөр батып жылдыздар калганын көрдүк. Себеби 1980-жылы Хижрий 15-кылымга кирген элек. Кылымдын башында элек. Бул кылымдын маанилүү инсандары жаш бала же өспүрүм куракта... Демек эки миңинчи жыл маанилүү. Иштин кызык тарабы оң да, сол да эки миңинчи жылга өтө маани берүүдө. Эки тарап тең боло турган окуяларды азыртан сезишүүдө.
Бул саптар жазылган күндөрдө Ислам ааламы кошо, дүйнөдө капитализм менен социализмдин күрөшү бар эле. Эки миңинчи жылы Ислам дини экономика, укук жана эркиндик, маданият жагынан тарых сахнасына чыгат болду экенби?
Ансыз да эки миңинчи жылдын мааниси ушунда: же Ислам дини ӨКҮМДАР болуу үчүн чыгат же адамгерчилигин жоготкон адамдар болгон күчү менен кыяматты каалашат. Себеби кыяматка жакын заманда эң жаман адам да кыяматтын келишин каалайт, жамандардын себебинен дүйнө жашоого мүмкүн эмес абалга келет. Ислам дининен алыстаган адамдар жакшылык үчүн өтө аз нерсе жасап, жамандык үчүн өтө көп иштерди жасашууда... Ошон үчүн адамдар адамгерчилигин жоготуп, ошон үчүн адамдар өтө кыйналышууда.
Ааламга тартип берүүчү Аллах адамдар үчүн Ислам дини тартибин жөнөткөн. Ааламдын тартиби бузулганда кыямат келген сыяктуу, Исламга моюн суна албаган адамдардын тартиби бузулуп кайра эле кыямат келет.
Бирок кыяматтан мурда ар бир адам өз кыяматы болгон өлүмүн карашы керек. Бүт адамдар кабыр эшигинен өтүп акырет сарайында суракка алынып, өмүрүнөн сурак берет. Күнөөкөрлөр тозокко, күнөөкөр эместер же кечирилгендер бейишке кирет. Европа маданияты адамдардын ишенимдерин тебеледи жана акырет ишенимин дээрлик өчүрүп шыпырды. Өз архитектурасын билбеген архитекторлор чоңойду, өз инженериясын билбеген иженерлердин саны көбөйдү. Ошентип материалисттик дүйнөдө бүт баары кылгандарым үчүн жаза тартпайм деп ойлогондуктан, адам адамдын бөрүсү болду. Акырет ишеними адамдардын бир-бирине пайдалуу болушуна шарт түзөт, бирок бул ишенимди кантип берүүгө болот? Бул жагынан эки миңинчи жыл менен жана кыямат менен алек болгон адам өзүн, өлүмүн, акыретти унутпашы керек, ошондо дүйнөбүз оңолот. (Müslüman ve Para, Hekimoğlu İsmail (Ömer Okçu), Timaş Yayıncılık, Mart 2005, (Türdav Yayıncılık , 1.baskı, 1978)
«МЕХДИ»: Азрети Мехди акыр заманда дүйнөгө келет. Расулуллах (сав) Мырзабыздын урпактарынан болот. Иса Алейхиссалам менен жолугуп, мазхаптарды жок кылат, анын гана мазхабы калат, бүт жерди алат, бүт жерде адилеттик болот, Асхабы Кехф (Үңкүр ээлери) ойгонуп үңкүрдөн чыгып, Аз. Мехди (ас)дын жардамчысы болот.
Кээ бир ою таза кишилер улуу деп ойлогон кишилерди Аз. Мехди (ас) дешүүдө. Аз. Мехди (ас)дын алааматтарын Расулуллах (САВ) мырзабыз билдирген. Ибни Хажер-и Меккинин (Аламат-үл-Мехди) китебинде жана Суйутинин (Эль-Бурхан) китебинде булардан эки жүзгө жакын алаамат жазылган. (Эль-Футухат-ул-Исламиййе) экинчи жүз, экижүзтоксонжетинчи бетинде айтат: «Күтүлгөн Мехди Азрети Фатыманын урпактарынан болот». Меккеден чыгат. Ал кезде Мусулмандар халифасыз (руханий бир лидерсиз) болушат. Каалабаганына карабастан, мажбурлап халифа (руханий лидер) кылынат. (Чыга турган убактысы жана жашы жана өмүрү так белгилүү эмес). Аз. Мехди (ас) чыгаар убакта жер жүзүндө халифа (руханий лидер) болбошу жана «мен Мехдимин» деп жарыялагандардын Мехди эмес экени ушунан көрүнүп турат.
Көп куттуу хадистерде айтылган: (Мехдинин баш жагында бир булут болот. Булуттан бир периште: Бул Мехди, сөзүн уккула!) дейт. Бир куттуу хадисте айтылган: (Силер ысмын уккан кишилерден жер жүзүнө төрт киши өкүмдар болду. Экөөсү момун (ыймандуу), экөөсү болсо каапыр эле. Момун экөө Зулкарнейн менен Сулайман «алейхиссалам» эле. Каапыр экөө болсо Немруд менен Бухтуннасар эле. Бешинчи болуп жер жүзүнө менин урпактарымдан бирөө, б.а. Мехди өкүмдар болот). Бир куттуу хадисте айтылган: (Кыямат болоордон мурда Аллах таала менин урпактарымдан бирөөнү жаратат, ысмы менин ысмымдай, атасынын ысмы менин атамдын ысмындай болот жана дүйнөнү адилеттикке толтурат. Андан мурда дүйнө зулумдукка толгон болсо, анын убагында адилеттикке толот). Бир куттуу хадисте айтылган:
(Асхабы Кехф Азрети Мехдинин жардамчылары болот жана Иса «Алейхиссалам» анын убагында асмандан түшөт. Иса «Алейхиссалам» дажжал менен күрөшкөндө, Азрети Мехди аны менен бирге болот. Анын өкүмдарлыгы убагында, кадимки убактан тескерисинче жана эсептерге терс, куттуу Рамазандын он төртүнчү күнү күн тутулат жана биринчи түнү ай тутулат).
Демек, ынсап кылышсын, бул алааматтар (караңгы-сабатсыздар Аз. Мехди (ас) деп ойлогон кишилерде жана) ал өлгөн адамда барбы, жокпу? Азрети Мехдинин дагы көптөгөн алааматтарын Мухбир-и садык «алейхиссалату вассалам» кабар берген.
Ахмед ибни Хажери Мекки азрети (Elkavlülmuhtasar fi alamatil-Mehdi) аттуу китебинде Азрети Мехдинин эки жүзгө жакын алааматтарын жазган. Келээри кабар берилген Аз. Мехди (ас)дын алааматтары белгилүү турганда, башкаларды Аз. Мехди (ас) деп ойлогондор канчалык караңгы. Аллах таала аларга туураны көрүүнү насип кылсын! (Желаледдин Суйутинин «Cüz'ün minel-ehadis vel-asar-il-varide-ti fi hakk-ıl-Mehdi» китебинде да Азрети Мехдинин алааматтары билдирилген). (б.60-61)
Имамы Раббани «рахмет-уллахи алейх» экинчи томдун алтымышсегизинчи мектубунда айтат, куттуу хадисте (Жер жүзүн күфр каптамайынча жана бүт тарапта күфр менен каапырдык жасалмайынча, Азрети Мехди келбейт) деп айтылган. Бул жерден көрүнүп тургандай, Азрети Мехди чыгаардан мурда күфр менен каапырлык бүт тарапка жайылат, Ислам менен Мусулмандар байкуш болушат. (H.Hilmi Işık, Saadeti Ebediye б. 350)
...Бирок бул бир чындык, Аллах (жж)тын өкүмдарлыгын бүт дүйнөгө орнотуучу бир мужеддид келет. , Жакында болсун, же кийинчерээк болсун, айырмасы жок, Ал Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде ачык сүрөттөлгөн Имам Мехди. Ал жөнүндөгү кээ бир ишараттар да түздөн-түз Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан баяндалган.
Ал ишараттар Муслим, Тирмизи, Ибни Маже жана башка кээ бир хадис китептериндеги хадистерде айтылган. Биз ал риваяттардын бирөөсүнө гана бул жерде токтолгубуз келди.
Ушуга ишенебиз, Имам Аз. Мехди (ас) келген убактысынын эң идеалдуу командири, лидери болот. Бул жердеги идеалдан максатым мындай: ошол доордун бүт чындыктарын билет, башчы жөндөмүнө толук ээ болгон бир адам болот. Аны биринчи тана тургандар салттык уламалар жана сопу тобу болот деп корком. Себеби алар ал адамдын алар ойлогон Аз. Мехди (ас) менен эч байланышы жок экенин көрүшөт.
Аз. Мехди (ас) келгенде Мусулмандардын ой-пикир жана ишенимдериндеги жахилия кирлерин тазалоого аракет кылып, эң таза абалында Исламды ортого койот. Исламды бүт тарапка өкүмдар кылуу үчүн аракеттенет. Өзүнө тиешелүү же өзү түзгөн бир пикир же идеалы болбойт. Ошол эле учурда жахилия да бош турбайт, болгон күчү менен «батылды (жалганды)» жайуу үчүн аракеттенет. Бирок акыйкат үчүн жасалган бул чоң күрөштө Аллах (жж)тын жардамы менен Мусулмандар жеңишке жетип, жахилия жеңилет.
Аз. Мехди (ас)дын акыйкат идеалы үчүн жасаган бүт иш-аракеттери Исламдын дүйнөгө орношуна себепчи болуп, бүт дүйнөдө бир Ислам тартиби курулат. Исламдын бул өкүмдарлыгын башкаруу формасы катары гана кароо туура эмес болот. Себеби Исламдын өкүмдарлыгы бүт тармакта болот. Бүт булардын натыйжасында хадисте да айтылгандай «жердеги жана асмандагылардын баары бактылуу болот.»
Бир Мусулман катары, Исламдын өкүмдарлыгын көрүүнү күсөйбүз. Аны көрө алабызбы же көрө албайбызбы, негизгиси ал эмес. Негизгиси ал максат үчүн аракет кылуу. Акыркы фетихтин (жеңиштин) командирин оюбузда элестетсек, мындай жеңиштин имамы менен элдер элестеткен имам арасында эч кандай окшоштук жок экенин көрөбүз. Мындай лидердин келээри жөнүндөгү ишенимге таң калуу менен карагандарга таң калбоо чынында мүмкүн эмес... (Mevdudi, "İslam'da İhya Hareketleri", б. 52-55)
... Мен кээ бир досторго айттым: «Карагыла, Аз. Мехди (ас) кыямат алааматтарынын бири, чыгат. Анын доорунда жашаган адамдар (велев хабвен алес селжи) муз үстүндө сойлоп болсо да, ага жетип, анын жардамчысы болушу керек!...»
...Аз. Мехди (ас) сүйүүсү баарыбыздын ичибизде бар. Аз. Мехди (ас)га моюн сунуу каалоосу баарыбыздын каалообуз... (Prof. Dr. Mahmud Es'ad COŞAN, "Güncel Meseleler")
Ахмед ибни Ханбел жана Бавердиден Эбу Саид Эль Худри риваят кылган (ра).
Көп күбөлөрү болгон, көп куттуу хадистерде айтылган бир нерсе. Кыскача айтып өтөм. «Эй Мухаммед үммөтү, Мехди келет, сүйүнчү, сүйүнчү.» Бир Мехдинин келээрин айтып сүйүнчүлөшкүлө, мындай бир Мехди келет. Ал кандай инсан болот? «Менин үй-бүлөмдөн, менин урпактарымдан, Курейш уруусунан бир киши болот.» Аз. Фатыма (ра)нын урпактарынан риваяттары бар. Башка риваяттар да бар. Адамдар, Мусулмандар бир-бири менен талашып-тартышып, чайпалганда, жер титирөөлөр, руханий жер титирөөлөр менен алек болуп, бир-бири менен көп урушкан бир убакта чыгат Мехди. Жер жүзүн каратат жана жер жүзүн адилеттик менен чынчылдыкка толтурат. Ал мындай өкүмдарлыкты кураардан мурда жер жүзү кыйынчылык, азап жана зулумдукка толгон болсо, ал аны өзгөртүп, жер жүзүн чынчылдык менен адилеттикке толтурат. Зулумдук кетет, азап кетет. Ушунчалык жактырылып, адамдар ушунчалык сүйүшүп, ушунчалык андан ыраазы болушат; анын адилетинен жана кемчиликсиз башкаруусунан асмандагы жандыктар да периштелер, куштар, жердеги адамдар, жаныбарлар баары ыраазы болот. Жана мал-мүлктү «сахахен» таркатат. Сахахен деген эмне? Сахахен эмне деп сурашкан укканда сахабалар, угуучулар. «Биссевийе» деген. Мааниси бирдей, тең кылып таркатат, адилетсиздик кылбастан бүт баарына мол мол таркатат. Бүт адамдар мал-мүлккө жетет, Мехдинин сонун бөлүштүрүүсү натыйжасында. Анан Мухаммед үммөтүнүн, Мусулмандардын жүрөгүн маңыз менен толтурат, көңүлдөрү байыйт Мусулмандардын. Бүт баарынын көзү тойот, көңүлү тойот. Андай ач көздүк, мал-мүлккө болгон нерсе калбайт. Бүт баарына таркатат, мүлк мол болуп эч кимде ач көздүк калбайт, б.а. адилети менен тойгузат. Себеби береке да келет анын ал адилети менен. Баарына жардамы жетет, эч кимди артта калтырбайт. Бүт баарын оройот мындай жоомарттыгы менен адилети. Жана абал ушундай болот, ал тургай бир жарыячыга жарыя айттырат, муктаждыгы бар мага келсин деп. Ушинтип жар салганына карабастан эч ким келбейт, себеби бүт баарынын көзү ток, көңүлү ток, мал-мүлкү бар болот. Жана эч ким келбейт, бир адам гана келип, мал-мүлк сурайт. Ал (Аз. Мехди (ас)) болсо бар казынамды караган, мал-мүлктү караган, бөлүштүргөн кызматчыма айт дейт. Ал барат. Ага келип, Мен Мехди алейхиссалам сага жөнөткөн кишимин дейт. Б.а. ал жөнөттү. Мен ага кайрылган элем, ал мени сага жөнөттү маанисинде. Б.а. мага мал-мүлк берсин деп сага жөнөттү, бол мал-мүлк бер дейт. Анда күзөтчү, ал мүлктү караган кызматчы ал дейт... Ушунчалык көп алгандыктан берилгендерди көтөрө албай калат. Б.а. кучагындабы, же этегине салган болобу, же чөнтөктөрүнө толтурабы, айтор көтөрө албай калат. Анан кээ бирлерин таштайт, көтөрө албай калганы үчүн. Көтөрө албаганын таштайт, ал тургай көтөрө ала турганчалык калтырып калганын таштайт. Ашыкчасын калтырат, б.а. бүт нерсе ушунчалык көп. Анан ал мал-мүлк менен казыначынын жанынан, казына имаратынан, мүлк берилген жерден чыгат. Бирок бушайман болот. Мухаммед үммөтүнүн мал-мүлк жагынан, жүрөгү жагынан, зат жагынан эң такыбасы болсом жакшыраак болмок эмес беле? Эмнеге мындай ач көздүк кылдым? Эмнеге келдим? Бүт адамдарга жарыя кылынды, бүт баары чакырылды бул мүлктү алсын деп, эч ким келген жок. Менден башка эч ким келбеди. Мен эле келдимби деп бушайман болот. Ушундай молчулук болот деп баян кылган Пайгамбар Мырзабыз. Ушундайча ушундай абал, ушундай сонун абал, молчулук, береке, сонун жашоо, көз токтугу, көңүл ыраазылыгы менен 6-7 же 9 же 9 жыл өтөт. Башка риваяттар бар, Аллах Таала Азреттери Мехди Алейхиссаламды үч миң периште менен тастыктайт. Алар каршы чыккандарды жоюшат. Тосушат. 30-40 жаштар арасында болот деген риваяттар бар. Андан кийин эмне болоору жөнүндө мындай сүйлөм бар: ал ошентип ал милдетти аткарган соң көз жумуп, кеткен соң Мусулмандардын арасынан Мусулмандар ага намаз кылышат. Өтө сонун мүнөздүү инсан. Андан соң балээлер башталат. Андан соң жашоонун ырахаты калбайт. Жамандыктар көбөйгөндөн улам ушундай абалдар болот деп бул куттуу хадис кабар берет, келечекте ушундай бир Мехди келээрин Пайгамбар Мырзабыз убагынан кабар берет. Дүйнөнүн келечектеги абалдары жөнүндө Пайгамбар (сав)дын келечекти кабар берген куттуу хадистеринин бири, бир тобу ушул... (Профессор, доктор Эсад Жошан Азретинин маектеринен)
Бул куттуу хадисте Пайгамбар Мырзабыз Мехди жөнүндө бир маалымат берет. Силерге Хорасан тараптан кара желектер чыгып келет. Кара желектер келет Хорасан тараптан. Эгер аларды көрсөңөр аларга кошулгула. Муздун үстүндө болсоңор да, сойлор кетип баратсаңар да баары бир аларга кошулгула. Себеби ал Аллахтын Халифасы (Мусулмандардын руханий лидери) Мехди. Белгилүү кыямат алааматтарынын бири да – Мехдинин чыгышы. Мына ушул Мехди Хорасан тараптан чыгат, кара желектери болот жана ага адамдар, Мусулмандар моюн сунушу керек болот. Хорасан белгилүү Ирандын түндүк-чыгыш тарабындагы бир аймак. Ошол тараптан чыгат. Мехди Расулуллахтын урпактарынан болот, аты Аныкындай болот, атасынын аты анын атасынын атындай болот. (Профессор, доктор Эсад Жошан Азретинин маектеринен)