2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (16/20)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Кан Төгүлбөйт, Ислам Ахлагы Илимий Иш-Аракеттер Менен Бүт Дүйнөгө Жайылат

Аз. Мехди (aс) Кан Төкпөйт

Адамдар, бал аарыларынын башчыларынын айланасында чогулушу сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын айланасында чогулушат. АНДАН МУРДА ЗУЛУМДУККА ТОЛГОН ДҮЙНӨНҮ АЛ АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. АДИЛЕТТҮҮЛҮГҮ УШУНЧАЛЫК (ЖАКШЫ) БОЛГОНДУКТАН, УКТАП ЖАТКАН БИР АДАМ ДАГЫ ОЙГОТУЛБАЙТ ЖАНА БИР ТАМЧЫ ДА КАН ТӨГҮЛБӨЙТ. ДҮЙНӨ «БАКУБАТТЫК КЫЛЫМЫНА (ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ) УБАГЫНДАГЫ СОНУН ЖАШООГО)» КАЙТКАНДАЙ БОЛОТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 29-б.)

Аз. Мехди (ас) Пайгамбар (сав)дын жолунан жүрөт, уктап жаткан кишини ойготпойт, КАН ДА ТӨГҮЛБӨЙТ. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 163-б.)

(Аз. Мехди (ас)) Убагында бир адам да уйкусунан ойготулбайт, БИР АДАМДЫН ДА МУРДУ КАНАБАЙТ. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 44-б.)

Ага (Аз. Мехди (ас)га) моюн сунгандар (Кааба тараптагы) рүкун менен макам арасында моюн сунушат. Уктап жатканды ойготушпайт, ЭЧ КАН ТӨГҮШПӨЙТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 24-б.)

ИДИШ СУУГА ТОЛГОН СЫЯКТУУ ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ. Эч ким арасында бир душмандык калбайт. Жана бүт душмандыктар, уруштар, кызганычтыктар сөзсүз жоголот. (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), 1/136)

... Женабы Хак (Улуу Аллах) Исламды кандай биз менен баштаган болсо, аны (Аз. Мехди (ас)) менен аягына чыгарат. Кандай биз аркылуу алардын аралары ширк жана душмандыктан кутулуп, жүрөктөрүнө достук менен сүйүү жайгашкан сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын келиши менен кайра ошондой болот. (Ahir Zaman Mehdisi'nin Alametleri, Celalettin Suyuti (Желалеттин Суйути), 20-б.)

Аз. Мехди (aс) Дын Куралы Ыйман, Сүйүү

Аз. Мехди (ас) менен шакирттери атеизмдин мээсин, б.а. пикирдик системасын Куран менен, илим менен, табигый-так илимдер менен, ыйман менен жеңишет. Ишенимде, пикирде үстөмдүк жаралат жана батыл (жалган, негизсиз) пикирлер, адашуучулук, дарвинисттик, материалисттик, атеисттик көз-караштар жок болот, иншаАллах.

Аз. Амр б. Авфдан (ра) риваят кылынган:
Румдарга тиешелүү Константинополь тасбих менен жана такбир менен Мусулмандар тарабынан алынмайынча кыямат болбойт. (Ramuz-el-Ehadis, 478-б.)

Имам Мүслүм Эбу Хурейреден (р.а.) риваят кылган куттуу хадисте Пайгамбар (сав) бир күнү сахабаларына мындай деген:
... Ал мужахиддер ал шаарга келип отурукташканда курал-жарак менен согушушпайт, ок да атышпайт. «Ла илаха иллаллаху акбар» деп такбир айтышат. Бул такбирден шаардын эки тарабындагы дубалдардын бири кулайт. Анан экинчи жолу такбир айтышат. Натыйжада шаардын экинчи тарабы да кулайт. Анан үчүнчү жолу такбир айтышат. Натыйжада Ислам армиясы үчүн дубалдардан жарыктар ачылып, алар болсо ылдам ал жерлерден шаарга кирип аны каратышат. (İmam Şarani, Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, 445-446-б.)

Ал шаарга келгенде, Мусулмандар согушушпайт. Такбир айтышканда шаардын деңиз тарабы кулайт, кайра такбир айтышканда экинчи тарабы кулайт. 3-жолу такбир айтканда болсо шаардын баары колдоруна өтөт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 30-б.)

Аз. Мехди (ас) менен шакирттери Аллахты эстөө менен Стамбулду жана дүйнөнүн көп шаарларын руханий, пикирдик, маданий жактан каратып, дарвинизм менен материализмди илим-пикир менен өлтүрөт. Курандагы төмөнкү аятта да Улуу Аллах пикирдик өлтүрүүгө көңүл бурууда:

Жок, Биз акыйкатты батылдын (жалгандын) үстүнө таштайбыз, ал болсо анын мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болгон болот. ... (Анбия Сүрөсү, 18)

Аз. Мехди (aс) Ислам Ахлагын Илимий Иш-Аракеттер Менен Жайылтат

Хадистерде билдирилгендей, Аз. Мехди (ас) доорунда эч кимдин мурда канабайт, эч ким зыян тартпайт, ал тургай уктап жаткан киши да ойготулбайт. Бул болсо Аз. Мехди (ас)дын пикирдик күрөш жүргүзөөрүн көрсөтүүдө. Аз. Мехди (ас) пикир (далилдүү сөздөрү) менен дин ахлагына туура келбеген агым менен системалардын оозун жаап, илимий эмгектери менен Ислам ахлагын дүйнөгө орнотот.

(Аз. Мехди (ас)дын) Убагында бир адам да уйкусунан ойготулбайт, бир адамдын да мурду канабайт. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)

Аз. Мехди (ас)... өтө бейпилдик ичинде басат. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 173-б.)

Аз. Мехди (ас) Пайгамбар (сав)дын жолунан жүрөт, уктап жаткан кишини ойготпойт, кан да төкпөйт. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 163-б.)

Мехди (aс) Бүт Дүйнөнү Руханий Ээлейт

Эбу Басир мындай дейт, Имам Жафер Садык (ас)дан «Эй Расулуллахтын урпагы! Силер Эхли Бейттин Каими ким?» деп сураганымда минтип жооп берди: ... АЗ. МЕХДИ (АС) ДҮЙНӨНҮ ЭЭЛЕЙТ, Иса б. Мерйем (ас) түшүп анын артында намаз кылат. ОШОНДО ЖЕР ЖҮЗҮ АЛЛАХТЫН НУРУ МЕНЕН ЖАРКЫРАЙТ, АЛЛАХТАН БАШКАСЫНА ИБАДАТ КЫЛЫНГАН ЖЕРЛЕРДИН БААРЫ АЛЛАХКА ИБАДАТ КЫЛЫНГАН ЖЕРЛЕРГЕ АЙЛАНАТ; МУШРИКТЕР КААЛАБАСА ДА, ДИН АЛ КҮНҮ АЛЛАХТЫН ДИНИ ГАНА БОЛОТ.» (Bihar-ul Envar, 51-т., 146-б.)

Аз. Пайгамбар (сав) Аз. Алиге (ра) мындай деди: «Алгачкылары сен жана АЯГЫ БОЛСО АЛЛАХ БҮТ ДҮЙНӨНҮ КАРАТЫШЫН АГА НАСИП КЫЛА ТУРГАН АЗ. МЕХДИ (АС).» (Bihar-ul Envar, 52-т., 378-б.)

АЗ. МЕХДИ (АС) ДҮЙНӨНҮН ЧЫГЫШ МЕНЕН БАТЫШЫН КАРАТЫП ИСЛАМДЫ (Ислам ахлагын) ДҮЙНӨНҮН ТӨРТ ТАРАБЫНА ЭГЕМЕН КЫЛАТ... Аллах Таала адамдарга ушундай бир күч бергендиктен, бүт баары турган жеринен анын сөздөрүн угушат жана АЗ. МЕХДИ (АС) ИСЛАМГА ЖАШОО БЕРЕТ... (Bihar'ul-Envar, 52-т., 279-б. жана 53-т., 12-б. İkmal'ud- Din, 2-т., 367-б.)

«Шашкандар кыйроого туш болот, (чыгуу) (Аз. Мехди (ас)дын чыгышы) жакын дегендер кутулат, мунаралар сыяктуу жерде бекем, КАЙГЫДАН СОҢ УКМУШ БИР ЖЕҢИШ КЕЛЕТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 229-б.)

Аз. Мехди (aс) Менен Шакирттери Дүйнөнүн Төрт Тарабына Ислам Ахлагын Жайышат

Бану Амин Мухаммед эль-Бекирден аятта айтылган ЧЫНЧЫЛДАР жөнүндө мындайча алып айткан: «БУЛАР ДҮЙНӨНҮН ЧЫГЫШЫН ЖАНА БАТЫШЫН КАРАТА ТУРГАН АКЫР ЗАМАНДАГЫ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ДОСТОРУ.» (Şii Kuran Tefsircilerine Göre Kuran'da Mehdi, Ansariyan Yayınları, İran, 75-б., Ağustos 2008)

Микдад б. Эсвед мындай дейт: Расулуллах (сав)дын «Жер жүзүндө Ислам дини кирбеген жер, ылайдан жасалган бир үй жана (чөлдө) бир чатыр калбайт.» деп айтканын уктум. (Mecma-ul Beyan, Тообо Сүрөсүнүн 33-аятынын тафсиринде.)

Аз. Мехди (aс) Дин Ахлагын Жайганда Пайгамбарыбыз (cав) Дын Акыркы Пайгамбар Экенин Кабыл Албаган Эч Ким Калбайт

Имам Бакыр алейхиссаламдан алып жеткирилген башка бир хадисте мындай деп айтылат: БУЛ ЖЕҢИШ ЖАНА ҮСТӨМДҮК АЛ-И МУХАММЕДДЕН БОЛГОН АЗ. МЕХДИ (АС) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ БОЛОТ. НАТЫЙЖАДА ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ АЗ. МУХАММЕД МУСТАФАНЫ (АНЫН ПАЙГАМБАРЛЫГЫН) КАБЫЛ АЛБАГАН ЭЧ КИМ КАЛБАЙТ.» (Tefsir-i Burhan, 2-т., 121-б.)

Аз. Мехди (aс) Дын «Үстүндө Аллахтын Аты Жазылган, Сары Ак Желектери» Дүйнөнүн Төрт Тарабын Каптайт

Мындайча риваят кылынган: «Эч күмөнсүз, акыр заманда магриб (батыш) өлкөсүнүн эң алыс жеринен Аз. Мехди (ас) деген бир зат чыгат. Жана алды жагында кырк миля аралыктан жардам жүрөт. АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖЕЛЕКТЕРИ САРЫ ЖАНА АК. ИЧИНДЕ СЫЗЫКТАР БАР. ЖЕЛЕКТЕРИНДЕ АЛЛАХТЫН УЛУУ ЫСМЫ ЖАЗЫЛГАН. Анын желеги астындагы эч бир биримдик жеңилбейт.» (İmam Şarani, Ölüm Kıyamet Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri Muhtasaru, (Tezkireti'l Kurtubi), 438-б.)

Хадисте акыр заманда Аз. Мехди (ас)ды адамдарга тааныта турган өзгөчөлүктөрдөн бирөөсүнүн Аз. Мехди (ас) колдоно турган «сары ак желектер» экени кабар берилген. Ошондой эле «ал желектердин ичинде сызыктар болоору жана бетинде болсо Аллахтын аты эскерилген жазуулар болоору» да айтылган.

Хадистен бул өзгөчөлүктөрдүн Аз. Мехди (ас) адамдарга Ислам ахлагын баяндаган китептерге ишарат кылаары көрүнүп турат. Ал китептер ак барактардан туруп, сары алтын өңдүү кооздуктары болот жана китептин ичинде болсо тексттер жана ал тексттерди ичине алган рамка катары колдонулган сызыктар, сүрөттөр жана графиктер болот. Жана Улуу Аллахтын аты китептин бүт жагында жазылуу болот; Аллахтын Бийиктиги жана Улуулугу ал китептерде өтө терең баяндалат. Мындан тышкары, хадисте «желекке» окшотулуп айтылгандай, бул китептер бир армиянын желектери сыяктуу, жеткен жеринин баарын каратышынын бир алааматы катары, Аз. Мехди (ас) руханий, маданий жана илим жагынан караткан (ээлеген); б.а. атеизмди жеңген бүт жерде болот.

Хадистеги «анын желеги астындагы эч бир биримдик жеңилбейт» деген сөз аркылуу болсо Аз. Мехди (ас)дын бул эмгектер жеткен бүт жерде жеңилгис бир таасир калтырып, Ислам ахлагынын жер бетинде орношуна себепчи болооруна ишарат кылынган.

Аз. Мехди (aс) Дын Ыйман Жөнүндөгү Эмгектери Акыр Заманда Адамдардын Туура Жолду Табышына (Хидаят) Себепчи Болот

Али б. Эбу Талиб (ас) мындай дейт: «Аз. Пайгамбар (сав) узун бир осуятында мага кайрылып мындай деди: «Эй Али! Ыйман жагынан элдин эң таң калыштуулары жана ыйман күчтүүлүгү жагынан эң жогорку адамдар – бул акыр заманда келе турган кишилер. Алар Пайгамбарды көрүшкөн эмес жана имам да (Аз. Мехди (ас) да) алардан жашыруун. БИРОК, АЛАР АК БАРАКТАРГА САЙМАЛАНГАН КАРА СЫЗЫКТАР АРКЫЛУУ (ЖАЗЫЛГАН ДАЛИЛДЕР МЕНЕН) ЫЙМАН КЕЛТИРИШЕТ.» (Men La Yehzuruhu'l Fakih, 1-т., 269-б.)

Акыр заманда ак барактарга кара тамгалар менен китептердин басылаары жана Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин болсо Аз. Мехди (ас)дын башчылыгы менен даярдалган ал эмгектерди окуй турганы кабар берилген. Белгилүү болгондой, Аз. Мехди (ас)дын шакирттери да анын Аз. Мехди (ас) экенин анык билишпейт, бирок көрүнгөн алааматтардан улам ага карата бир оң күмөндө (Аз. Мехди (ас) болушу мүмкүн деген бир күмөндө) болушат.

Аз. Мехди (aс) Аллахтын Бар Экенин, Жаратууну, Ааламды, Куранды, Акыр Заманды Абдан Күчтүү Далилдер Менен Түшүндүрөт Жана Эч Ким Ага Каршы Далил Алып Келе Албайт

Аз. Мехди (ас) Аллахтын бар экенин, ааламдын жана жаратуунун далилдерин Куран аяттары менен түшүндүрөт. Акыр заман окуяларын өтө күчтүү далилдер менен адамдарга баяндап, далилдейт жана эч ким анын бул далилдерин төгүндөй албайт.

Шейх Тусинин Гайбети (Gaybet): «Аз. Мехди (ас)дын өкүмдарлыгы Аллахтын бүт жараткандары жөнүндөгү далилдеринен; булар ушунчалык көп болгондуктан, анын (Аз. Мехди (ас)дын) далилдери бүт адамдарга үстөм болот (таасирдүү болот) жана эч кимдин ага каршы бир себеби (сөзү) болбойт.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, том 51], Ansariyan Yayıncılık, Derleyen: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 70-б.)

Аз. Мехди (aс) Дарвинизм Менен Материализмге Каршы Пикирдик Күрөшүндө Адамдарга Жаратуунун Далилдерин Көрсөтөт, Динге Чакырууда Болсо Куран Аяттарын Жана Пайгамбарыбыз (cав) Дан Риваят Кылынган Сахих (Ишенимдүү) Хадистерди Далил Катары Сунат

Каим (Аз. Мехди (ас)) андан соң силердин араңарда чындыктар менен чыгат; силерге чындыктарды алып келет жана далилдер менен иш-аракет жүргүзөт... (El-Sahife El-Mehdiye'den Seçme Dualar, Seyyid Murtaza Müçtehidi Sistani, 65-б., Al-Bihar 51: 131)

Аз. Мехди (aс) Адамдарга Жаратуу Чындыгын Фоссилдер Менен Далилдейт

МИҢ ЖЫЛДАН ЭСКИРЭЭК СКЕЛЕТ СӨӨКТӨР ИМАМ МЕХДИ (АС) МЕНЕН СҮЙЛӨШҮШӨТ. (Mikyaal al-Makaarem, 1-т., 223-224-б.)

Хадисте берилген маалымат Аз. Мехди (ас)дын фоссилдер менен алектенээрин, жаратуу чындыгын (Аллахтын жаратканын) фоссилдер менен далилдээрин, ал илгерки фоссилдер менен каапырдыкты; динсиз, материалисттик жана дарвинисттик системаны жок кылаарын көрсөтүүдө.

Аз. Мехди (ас)дын материализмдин жана дарвинизмдин жараксыздыгын далилдеп жатканда миң жылдан эски, б.а. миллиондогон жылдык фоссилдерди колдоноору апачык айтылууда. Хадис фоссилдердин «сүйлөп кайрылып», «Хужжет Мехди (ас) биз Аллахтан бир далилбиз; биздин эволюция болбогонубузду, алгач жаралгандан бери өзгөрбөстөн ошол бойдон калганыбызды, бизди адамдарга далил көрсөтө аласың» дешине жана Аз. Мехди (ас)дын болсо жер астынан чыккан фоссилдер аркылуу бул чындыкты сүрөт, жазуу, китеп, видео тасма жана далилдер менен адамдарга айтып берээрине ишарат кылууда.

Аз. Мехди (ас)дын бир ысмы – бул «далил алып келүүчү», б.а. «Хужжет». Хужжет Мехди (ас) акыр заманда хужжет (далил) менен сүйлөйт. Аллах ага бул мүмкүнчүлүктү берет жана жандыктарга тиешелүү сөөктөр да Аз. Мехди (ас) үчүн далил (хужжет) болушат. Аз. Мехди (ас) ал фоссилдерди ал доордун атеист, материалист жана дарвинисттерине каршы, эч танууга мүмкүн эмес анык далилдер катары колдонот жана ушундайча дарвинисттерди жеңип, динсиз материалист системаны толугу менен жок кылат.

Бедиүззаман Саид Нурси да эмгектеринде Аз. Мехди (ас)дын биринчи милдетинин «маддиййун жана табиййун таунун», б.а. Аллахты танууну (жокко чыгарууну) көздөгөн материализм менен дарвинизм пикирин жер менен жексен кылып, толугу менен таасирсиз кылуу болоорун айткан:

Жана анын (Аз. Мехди (ас)дын) үч чоң милдети (озуйпасы) болот: Биринчиси: Табигый-так илим (биология) жана философиянын таасири менен жана МАДДИЙУН (материализм) ЖАНА ТАБИИЙЙУН (дарвинизм) ТАУНУ (чума, жугуштуу илдетинин) АДАМЗАТ АРАСЫНДА ЖАЙЫЛЫШЫ МЕНЕН, БААРЫНАН МУРДА ФИЛОСОФИЯНЫ ЖАНА МАДДИЙУН ПИКИРИН (дарвинист материалист философияны) ТОЛУК ООЗУН ЖАП КЫЛЫП ЫЙМАНДЫ КУТКАРУУ... (Emirdağ Lahikası, 259-б.) (Bediuzzaman Said Nursi, Emirdag Addendum, p. 259)

Аз. Мехди (aс) Бүт Дүйнөнүн Хидаятына Себепчи Болот

Аз. Мехди (ас) ХИДАЯТ (туура жол) ШАМЫ МЕНЕН ААЛАМДЫ КЫДЫРАТ ЖАНА САЛИХТЕР СЫЯКТУУ ЖАШАЙТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, 1-т., 281-282 жана 266 жана 300-б.)

strong> АЛЛАХПАРАСТТЫК НАПСИПАРАСТТЫККА АЙЛАНДЫРЫЛГАН СОҢ АЗ. МЕХДИ (АС) КЕЛЕТ ЖАНА НАПСИПАРАСТТЫКТЫ АЛЛАХПАРАСТТЫККА АЙЛАНТАТ; КУРАН КӨЗ-КАРАШ ЖАНА ПИКИРЛЕРГЕ ТУУРАЛАНГАН СОҢ АЗ. МЕХДИ (АС) КЕЛИП КӨЗ-КАРАШ МЕНЕН ПИКИРЛЕРДИ КУРАНГА ТУУРАЛАЙТ... (Nehc-ül Belağa, Feyz'ül İslam baskısı, 424, 425-б.)

Аз. Мехди (aс) Адамдардын Куран Ахлагын Эч Кемчиликсиз Жашашына Себепчи Болот

Имам Мухаммед Бакыр (ас) болсо айткан: «Каимибиз (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ кулдардын башын колу менен сылайт жана алардын башаламан пикирлерин бир жерге жыйнайт. Аларды бир максатты көздөй багыттайт жана АЛАРДА ЖАКТЫРЫЛГАН МҮНӨЗДҮ КЕМЧИЛИКСИЗ ДАРАЖАГА ЖЕТКИРЕТ.» (Bihar-ul Envar, 52-т., 336-б.)

Аз. Мехди (aс) Дүйнөнүн Бүт Тарабына Күн Сыяктуу Жарык Чачат, Анын Себеби Менен Бүт «Кайгы, Зулумдуктар» Токтойт

АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН ЗУЛУМДУКТАРДЫ КЕТИРЕ ТУРГАН КҮН. Берешендик кылганда өтө берекелүү бир жамгыр. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 188-б.)

Аз. Мехди (aс) Адамдардын «Чыныгы Жана Терең Сүйүүнү» Жашашына Себепчи Болот

Аз. Али б. Эбу Талиб (ас) болсо мындай дейт: «Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде АДАМДАРДЫН ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ДУШМАНДЫК МЕНЕН КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАРДЫН СЕБЕПТЕРИН ТАМЫРЫНАН ЖОК КЫЛАТ. Ошентип жалпы бир тартип жана коопсуздук орнойт.» (Bihar-ul Envar, 52-т., 336-б.)

Эбу Саид Пайгамбардын (сав) мындай дегенин риваят кылат: «...Андан соң Аллах Таала Эхли Бейтимден бирөөнү (Аз. Мехди (ас)) зулумдукка толгон жер жүзүн адилеттикке толтурушу үчүн жөнөтөт. АСМАН МЕНЕН ЖЕР БЕТИНИН ТУРГУНДАРЫ АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) ЫРААЗЫ БОЛУШАТ...» (El-Beyan, 72-б., Es-Sevaik-ul Muhrika, 161-б., Yenabi-ul Mevedde, 2-т., 177-б.)

Аз. Мехди (ас) менен сүйүнчүлөшкүлө... АНДАН АСМАН МЕНЕН ЖЕР ЖАШООЧУЛАРЫ ЫРААЗЫ... (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 13-б.)

АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)) ХАЛИФАЛЫГЫНАН (РУХАНИЙ ЛИДЕРЛИГИНЕН) ЖЕР МЕНЕН АСМАН ЖАШООЧУЛАРЫ, АЛ ТУРГАЙ, АБАДАГЫ КУШТАР ДАГЫ ЫРААЗЫ БОЛОТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 26-б.)

... ОШОНДО ЖЕР МЕНЕН АСМАН ЖАШООЧУЛАРЫ, БҮТ ЖАПАЙЫ АЙБАНДАР, КУШТАР, АЛ ТУРГАЙ, ДЕҢИЗДЕГИ БАЛЫКТАР ДА АНЫН (Аз. Мехди (ас)дын) ХАЛИФАЛЫГЫ МЕНЕН (руханий лидерлиги менен) КУБАНЫШАТ... (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 31-б.)

Эбу Саид Худри Расулуллахтан риваят кылат: Аз. Мехди (ас)ды ээрчигендер ага корголонушат, БАЛ ААРЫЛАРЫНЫН ХАНЫША ААРЫГА КОРГОЛОНУШУ СЫЯКТУУ (АНЫН ЖАНЫНАН КООПСУЗДУК ЖАНА БЕЙПИЛДИК ТАБЫШАТ), ал дүйнө жүзүн адилеттик жана чынчылдыкка толтурат. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 30-б.)

Аз. Мехди (aс) Адамдардын Ыйманына Жана Аллахтан Абдан Коркушуна Себепчи Болот

Эбуъл Хижаф болсо Пайгамбардын (сав) үч жолу мындай дегенин риваят кылат. «... (АЗ. МЕХДИ (АС)) КУЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨ АЛЛАХКА КУЛЧУЛУКТУ ЖАЙГАШТЫРАТ.» (Bihar-ul Envar, 51-т., 74-б.)

Аз. Мехди (aс) Курандын Туура Жолун Жана Пайгамбарыбыз (cав) Дын Сүннөтүн Адамдарга Көрсөтөт

Нежхүл Белагадан. Ыймандуулардын Мырзасы (сав) мындай деди: «Алар туура эмес жолдон жүрүп жана жол көрсөтүүчү адаттарды таштап оңго жана солго кетишти... Эй адамдар, бул ар убада ишке аша турган жана силер билбеген кишинин (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЕЛИШИ ЖАКЫНДАГАН ЗАМАН. Көңүл бургула, ошондо арабыздан чыккан (АЗ. МЕХДИ (АС)) ОШОЛ ЭҢ ООР УБАКТАРДА ЖАРЫК БИР НУР МЕНЕН АЛАРДАН ӨТӨТ...» (Kitab-ül Gaybet, Bihar-ul Envar, 51-т.], Ansariyan Yayıncılık, топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бул хадисте Аз. Мехди (ас)дын келиши менен бирге адамзаттын анын Куранга таянган нуру жана акылы менен айдыңдашы; Аз. Мехди (ас)дын Аллахтын туура жолун, Курандын сонундугун жана Расулуллах (сав)дын сүннөтүн адамдарга көрсөтөөрүн кабар берүүдө.

(Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бул хадистеги «ЖАРЫК БИР НУР МЕНЕН» деген сөз балким Аз. Мехди (ас) менен шакирттери колдоно турган ТЕЛЕВИЗОР МЕНЕН КОМПЬЮТЕР ЭКРАНЫНА да ишарат кылууда.)

Аллах Аз. Мехди (aс) Ды Себепчи Кылып, Кылымга Жана Бүт Дүйнөгө Таасир Бере Турган Сонун Китептерди Даярдатат

Эбу Басир мындай дейт, Имам Мухаммед Бакыр же Имам Жафери Садык алейхиссаламдан алынган: «АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ИМАМДЫКТЫ БЕРГЕН АГА ИЛИМ МЕНЕН КИТЕПТЕР БЕРЕТ ЖАНА АНЫ ЖАЛГЫЗ КАЛТЫРБАЙТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 387-б.)

Аз. Мехди (ас)дын дайыма Улуу Аллахтын көзөмөлүндө болоору; Аллахтын Аз. Мехди (ас)ды себепчи кылуу менен өтө натыйжалуу, кылымга жана бүт дүйнөгө таасир бере турган китептерди даярдатаары хадистен көрүнүп турат.

Аз. Мехди (aс) Себебинен Бүт Тарап Аллахка Ибадат Кылынган Жерлерге Айланат

Эбу Басир мындай дейт, Имам Жафер Садык (ас)дан «Эй Расулуллахтын урпагы! Силер Эхли Бейттин Каими ким?» деп сураганымда минтип жооп берди: ... Аз. Мехди (ас) дүйнөнү ээлейт, Иса б. Мерйем (ас) түшүп анын артында намаз кылат. ОШОНДО ЖЕР ЖҮЗҮ АЛЛАХТЫН НУРУ МЕНЕН ЖАРКЫРАЙТ, АЛЛАХТАН БАШКАСЫНА ИБАДАТ КЫЛЫНГАН ЖЕРЛЕРДИН БААРЫ АЛЛАХКА ИБАДАТ КЫЛЫНГАН ЖЕРЛЕРГЕ АЙЛАНАТ; МУШРИКТЕР КААЛАБАСА ДА, ДИН АЛ КҮНҮ АЛЛАХТЫН ДИНИ ГАНА БОЛОТ.» (Bihar-ul Envar, 51-т., 146-б.)

Аз. Мехди (aс) Куранды Жана Хадистерди Абдан Жакшы Түшүнүп Түшүндүрүп Берет

Икмал-и Дин:Мухаммед Ибни Синандан, Эмир Ибни Шамирден, Жабирден, Эбу Жафир (ас)дан риваят кылынган:
«УЛУУ АЛЛАХТЫН КИТЕБИ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛИМИ ЖАНА АНЫН ЭЛЧИСИНИН (САВ) СҮННӨТҮ МЕХДИБИЗ (АС)ДЫН ЖҮРӨГҮНДӨ БИР ӨСҮМДҮКТҮН ЭҢ СОНУН ӨСҮП ӨНҮШҮ СЫЯКТУУ ӨРЧҮЙТ.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, том 51], Ansariyan Yayıncılık, топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 72-б.)

Аз. Мехди (ас)дын Куранды жана хадистерди өтө жакшы түшүнүп, айтып берээри Пайгамбарыбыз (сав)дын хадисинде өтө маңыздуу (кыска жана нуска) кабар берилген.

Аз. Мехди (aс) Доорунда Ислам Ахлагы Өзүнө Кайтат, Бүт Мезхептер Жоголот

Аз. Мехди (aс) Доорунда Ислам Дини Пайгамбарыбыз (cав) Доорундагы Чыныгы Абалында Жашалат

РАСУЛУЛЛАХТЫН (САВ) КЫЛГАНДАРЫНЫН БААРЫН АЛ ДА (АЗ. МЕХДИ (АС) ДА) КЫЛАТ; РАСУЛУЛЛАХ (САВ) ЖАХИЛИЯТ (КАРАҢГЫЛЫК) НЕГИЗДЕРИН ЖЫККАН СЫЯКТУУ, АЛ ДА (АЗ. МЕХДИ (АС) ДА) МУРДАКЫ НЕГИЗДЕРДИ ЖЫГАТ. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) Исламды кайрадан башынан алат (баштайт). (Mikyalu'l Mekarim, 1-т., 57-б.)

Аз. Мехди (ас) чыкканда дал Пайгамбарыбыз (сав) кылгандай, ал доордун бүт атеист, Аллахты тануучу системаларын жеңип, ал системалардын бүт пикирдик негиздеринин, көз-караштарынын, философияларынын, батыл (негизсиз, жалган) иш-аракеттеринин жана ишенимдеринин жараксыздыгын адамдарга көрсөтөт. Андан соң Ислам ахлагынын Пайгамбарыбыз (сав)дын доорундагы сыяктуу маңызына толук туура келген абалда –бүт кошумчалардан (бидат), чындыкка сыйбас иш-аракеттерден тазаланган абалында- орношуна себепчи болот.

Аз. Мехди (aс) Чыныгы Ислам Ахлагын Чыгарат

Хадистерде билдирилгендей, Аз. Мехди (ас) чыкканда, Ислам динине кийин кошулган бүт батыл (жалган) ишеним жана иш-аракеттерди жок кылат. «... адамдар арасында Пайгамбардын (сав) сүннөтү менен мамиле кылат» риваятында билдирилгендей, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жолунан жүрөт жана анын доорундагы сыяктуу чыныгы дин ахлагынын орношуна себепчи болот.

Аз. Пайгамбар (сав) эң башында Исламды кантип бутунда кармаган (туткан) болсо, Аз. Мехди (ас) да эң аягында ошол сыяктуу Исламды бутунда кармайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 27-б.)

... Динди Пайгамбар (сав)дын убагындагы сыяктуу дал өзүндөй турмушка ашырат. Жер бетинде мезхептерди жок кылат. Таза, акыйкат динден башка эч бир мезхеп калбайт. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 186-187-б.)

Аз. Мехди (ас) эч бир бидатты (кошумчаны) калтырбайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 43-б.)

Аз. Мехди (ас) бир дагы бидатты (кошумчаны) калтырбайт. Акыр заманда дал Пайгамбар (сав) сыяктуу диндин талаптарын орундатат.» (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 163-б.)

Бидат (кошумча): Диндин чыныгысында жок болгонуна карабастан, динге кошулган негизсиз (батыл) адаттар.

Аз. Мехди (aс) Көрүнгөндө Бүт Тарикаттар Ага Моюн Сунат. Себеби Мехди (aс) Бүт Ислам Ааламынын Мүршиди (Устаты)

Аз. Мехди (ас) акыр замандын эң чоң устаты (мүршиди), олуясы, кутбу. Имам Раббани Азретинин да, Абдулкадир Гейлани Азретинин да, бүт ахли сүннөт аалымдарынын, бүт мезхеп имамдарынын жана бүт тарикаттардын да устаты. Ошондуктан Махмут Хожаэфенди Азретинин да устаты – Аз. Мехди (ас). Жүббели Ахмет (Түркиядагы бир аалым) бир сөзүндө Аз. Мехди (ас)дын келиши үчүн Аллахка жалбарып дуба кылып, Аз. Мехди (ас)ды көрүү үчүн Аллахка жалбарган.

Демек, Аз. Мехди (ас) келгенде Махмут Хожаэфенди Азрети да, Жүббели Ахмет да жана башка тарикаттар жана алардын мүчөлөрү да Аз. Мехди (ас)га баш ийишип, анын халифалыгын кабыл алышат. Аз. Мехди (ас) көрүнгөндө жалпы Мусулмандардын моюн сунушун кабыл албаган, «ал андай эмес» деген бир дагы Мусулман жамааты жок.

Аз. Мехди (ас) акыр замандын эң чоң устаты, эң чоң олуясы жана кутбу болгондуктан, ал көрүнгөндө бүт тарикаттар анда чогулат. Муну билген көптөгөн тарикат лидерлери жүздөгөн жылдан бери улантып келген халифалык (орун басарлык) аманатын кийинки кишиге калтыруу салтын акыр заманга кирилген соң токтотушкан. Мисалы, Али Хайдар Мырза да халифалыкты Аз. Мехди (ас)га калтырган. Махмут Хожаэфенди Азрети учурда Али Хайдар Эфендинин өкүлү. Бүт тарикаттар Аз. Мехди (ас)дын чыгуу убактысы болгон Хижрий 1400-жылдан (1979-1980-жж.) баштап анын көрүнүшүн жана табигый устаттыгын күтүп башташты.

Аз. Мехди (aс) Эч Кимдин, Эч Бир Көз-Караштын, Эч Бир Тарикаттын Таасиринде Болбойт

... Артында Иса бин Мерйем намаз кыла турган Каимден (Аз. Мехди (ас)дан) тышкары, биз Эхли Бейттен болгондордун баарыбыздын мойнунда замандын тагутуна (Аллахтын өкүмүн тааныбаган бүт жандыктар, күч, шайтан) моюн сунуу болоорун (Аз. Мехди (ас) доорунда динсиздиктин жайылаарын, дээрлик бүт адамдардын ал системага көз-каранды болоорун) билбейсиңерби? Улуу Аллах анын көрүнүшүн жашырат жана өзүн жашырат. ОШЕНТИП АЛ КӨРҮНГӨНДӨ АНЫН МОЙНУНДА ЭЧ КИМГЕ МОЮН СУНУУ БОЛБОЙТ... (Kemal'üd-Din, 1-т., 305-б.)

Хасан бин Мүнзирдин Зүрареден риваяты боюнча Имам Жафери Садык алейхиссалам аягында мындай деген: «Аллахка ант, аягында ээңер (Аз. Мехди (ас)) сөзсүз көрүнөт жана МОЙНУНДА ЭЧ КИМГЕ МОЮН СУНУУ болбойт. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 402-б.)

Ибрахим бин Өмер-и Йемани айтат: Имам Эбу Абдуллах алейхиссалам мындай деди: «Каим (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде (чыкканда), МОЙНУНДА ЭЧ КИМДИН БИАТЫ (МОЮН СУНУУСУ) БОЛБОСТОН КӨРҮНӨТ (чыгат).» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 218-219-б.)

Аз. Мехди (aс) Эч Бир Тарикатка Көз-Каранды Болбойт, Ал Көрүнгөндө Тарикаттардын Баары Ага Баш Ийет

Пайгамбарыбыз (сав) куттуу хадисинде Аз. Мехди (ас) төрөлүшүнүн жашыруун болоорун, б.а. анын үйдө төрөлөөрүн билдирген. Ошондой эле, Аз. Мехди (ас) көп убакытка чейин адамдардын көзүнөн оолак болуп, үйүндө жашап, адамдардын арасына чыкпайт. Аз. Мехди (ас) эч бир тарикатка мүчө болбойт, б.а. чыкканда Накшибенди тарикаты менен да, Кадири тарикаты менен да, башка тарикат менен да байланышы болбойт. Тескерисинче, тарикаттардын баары ага баш ийет жана Аз. Мехди (ас) бүт тарикаттардын үстүндө болот. Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын узун өмүрлүү болоорун жана жашы өтүп калса дагы Аллахтын аны 40 жашынан да жашыраак көрүнүштө чыгараарын да кабар берген.

Эбу Саидден: Хасан б. Али алейхис-салам ... мындай деди: «... УЛУУ АЛЛАХ АНЫН ТӨРӨЛҮШҮН ЖАШЫРАТ ЖАНА ӨЗҮН ЖАШЫРАТ. ОШЕНТИП АЛ ЧЫККАНДА ЭЧ КИМГЕ МОЮН СУНБАГАН БОЛОТ... АЛ КӨЗДӨРДӨН КАЙЫМ КЕЗДЕ АЛЛАХ АНЫН ӨМҮРҮН УЗАТАТ, АНАН ӨЗ КУДУРЕТИ МЕНЕН АНЫ КЫРК ЖАШТАН ЖАШЫРААК КӨРҮНҮШТӨ АЧЫККА ЧЫГАРАТ жана бул Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экендигинин билиниши үчүн.» (Kemal-ud Din, 1-т., 315-б.)

Аз. Мехди (aс) Адамдардын Мүнөзүнүн Сонун Болушуна, Адамдардын Чын Жүрөктөн Мамиле Кылышына Себепчи Болот

Имам Мехди (ас)дын жакшылыгы менен адамдардын аң-сезими жогорулайт жана мүнөздөрү толуктукка жетет. (Bihar-ül Envar, том 52, 328 & 336-б.)

(Аз. Мехди (ас) доорунда) Жүрөктөр муктажсыздык жана өзүнө жетиштүүлүккө толот. (Bihar-ül Envar, том 52, 337-б.; İküd'dürer, 169-бет; Musnad)

(Аз. Мехди (ас) убагында) Мактануу жана көргөзмөлүк токтойт жана коопсуздук (ишеним) кадимки көрүнүш болуп калат. (İküd'dürer, 159-б.)

(Аз. Мехди (ас) убагында) Улгайгандар жаштарга карата жардамкеч жана боорукер болсо, жаштар улгайгандарга урмат көрсөтүшөт. (Bihar-ül Envar, том 52, 385-б.)

(Аз. Мехди (ас) убагында) Жалган менен доомат (жалган жалаа) жоголот. (Misbaah al-Zaaer, 217-219-б.)

(Аз. Мехди (ас) убагында) чыныгы достук болот жана бул ушундай бир даражага жетет: ыймандуулардын бирөөсү башкасынын байлыгын (мүлкүн) андан уруксат албастан алат жана беркиси ага маани да бербейт. (Bihar-ül Envar, том 52, 372-б.)

Аз. Мехди (aс) Каапырдык Агымдарды Жана Бидаттарды Ислам Дининен Алыстатат, Адамдарды Аллахка Ыйманга Чакырат

Расулуллах (с.а.в.) мындай дейт: «АР ЗАМАНДА ҮММӨТҮМ ҮЧҮН ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН БИР АДИЛ (АДИЛЕТТҮҮ) БАР. АЛАР ЖОЛДОН ЧЫККАНДАРДЫН БУЗУКУЛУКТАРЫН, БАТЫЛЧЫЛАРДЫН БАТЫЛЫН (жалганын), ЖАХИЛДЕРДИН (караңгы) ЖОРОМОЛУН БУЛ ДИНДЕН АЛЫСТАТЫШАТ, уккула чынында силердин имамдарыңар силерди Аллахка алып барчу элчилер, демек силдердин элчилериңердин кимдер экенин жакшы карагыла.» (Savaik'ul Muhrika, İbn-i Hacer, 148-б., Muhammediyye mat. Ve 90-б., Meymeniye mat. Mısır. / Yenabi'ul Mevedde, Kunduzi Hanefi, 226, 326, 327-б., Haydariye mat. 191, 271, 273 жана 297-б., İstanbul. / Zehair'ül Ukba, Muhibbiddin Taberi Şafii, 17-б.)

Пайгамбарыбыз (сав) куттуу хадисинде ар кылымда сеййиддер (Пайгамбар (сав)дын урпактары) арасынан адилеттик менен өкүм чыгарчу бир киши болоорун айткан. Ал кишилер өздөрүнүн кылымында батыл (негизсиз) кайсы агым бар болсо, ошону менен пикирдик күрөш жүргүзүшөт жана адамдарды дин ахлагын жашоого чакырат. Ал доордо элдерге таасир берген батыл дин (материализм, атеизм, путпарасттык, дарвинизм) кайсынысы болсо, ошону менен же баары чогуу болгон болсо баары менен пикирдик күрөш жүргүзүшөт. Хижрий 1400-жылдары мындай пикирдик күрөштү жүргүзө турган жана адамдарды акыйкат жолго чакыра турган сеййид Аз. Мехди (ас) болот. Аз. Мехди (ас) бир тараптан дарвинизм жана материализм идолун (путун) пикир менен талкалайт, экинчи жагынан кээ бир фанат кишилер динге кошкон ар кандай батыл (негизсиз) нерселерди динден алыстатып, диндин Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы сыяктуу болушун камсыздайт. Устат Саид Нурси Азрети Аз. Мехди (ас)дын мындай пикирдик күрөшүн төмөнкүчө айткан:

Биринчиси: Табигый-так илим (биология) жана философиянын таасири менен жана МАДДИЙУН (МАТЕРИАЛИЗМ) ЖАНА ТАБИИЙЙУН (ТАБИЯТЧЫЛЫК ИШЕНИМИНИН) АДАМЗАТ АРАСЫНДА ЖАЙЫЛЫШЫ МЕНЕН, БААРЫНАН МУРДА ФИЛОСОФИЯНЫ ЖАНА МАДДИЙУН ПИКИРИН (МАТЕРИАЛИСТТИК КӨЗ-КАРАШТЫ) ТОЛУК ООЗУН ЖАП КЫЛЫП ЫЙМАНДЫ КУТКАРУУ... (Emirdağ Lahikası, 337-б.)

Аз. Мехди (ас) биринчи милдети катары маддийун, б.а. материализм, табиййун, б.а. дарвинизм менен пикирдик күрөш жүргүзөт жана бул эки Жаратканды тануучу агымды илим, пикир менен бүтүндөй таасирсиз кылып, адамдардын Аллахка чындап ыйман келтиришине себепчи болот.

Аз. Мехди (aс) Ислам Дининдеги Бидаттарды Тазалайт, Адамдарды Куранга Жана Пайгамбарыбыз (cав) Дын Сүннөтүнө Багыттайт

АДАМДАР КУРАНДЫ ӨЗ НАПСИЛЕРИНЕ ЖАРАША ЖОРОМОЛДОГОНДО АЗ. МЕХДИ (АС) АЛАРДЫН КӨЗ-КАРАШТАРЫН КУРАНДЫ КӨЗДӨЙ БАГЫТТАП АНЫ КУРАНДЫН ЧЫНДЫКТАРЫНЫН КЫЗМАТЫНА БУРАТ. АНАН СИЛЕРГЕ КИТЕП МЕНЕН СҮННӨТТҮН КАНТИП УНУТУЛГАНЫН КӨРСӨТӨТ ЖАНА АНЫН ЖАНДУУ МААНИЛЕРИН ЖАНДАНТАТ. (Nehcü'l Belağa, hutbe 134)

Аз. Мехди (ас) чыккан акыр заманда кээ бир адамдар Куранды өз напсилерине, өз кызыкчылыктарына карап жоромолдошуп, адамдарды да ошол жоромолдорго тартууга аракеттенишет. Аз. Мехди (ас) болсо адамдарга Куран аяттарынын чыныгы маанилерин айтып берет. Адамдар Куран аяттарынан, Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнөн руханий өтө алыстаган бул доордо аларга аяттардын чыныгы маанилерин айтып берет.

Аз. Мехди (aс) Пайгамбар Мырзабыз (cав) Дын Сүннөтүн Ээрчийт, Ислам Динине Кийин Кошулган Кошумчаларды Тазалап, Динибизди Пайгамбарыбыз (cав) Дын Доорундагы Чыныгы Абалына Кайтарат

Абдуллах бин Ата айтат: Имам Эбу Жафери Бакыр алейхиссаламга мындай дедим: «БИЗГЕ КАИМ АЛЕЙХИССАЛАМДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) КАБАР БЕР...» МЫНДАЙ ДЕДИ: «РАСУЛУЛЛАХТЫН (САВ) ЖОЛУНАН ЖҮРӨТ; МУРДАКЫ НЕРСЕЛЕРДИ ЖОККО ЧЫГАРЫП (АЛЫП САЛЫП), ЖАҢЫ НЕРСЕЛЕР МЕНЕН КЕЛЕТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 216-б.)

Аз. Мехди (aс) Адамдардын Ар Кандай Темада Куран Ахлагы Боюнча Ойлонуп Мамиле Кылышына Шарт Түзөт; Б.А. Аларды: Эң Туура, Так, Логикалуу, Акылдуу Мамиле Кылууга Үндөйт

Имам Мухаммед Бакыр (ас) мындай деген: «Каимибиз (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ КУЛДАРДЫН БАШЫН КОЛУ МЕНЕН СЫЛАЙТ ЖАНА АЛАРДЫН ЧАЧЫРАНДЫ ОЙЛОРУН БИР ЖЕРГЕ ЖЫЙНАЙТ. АЛАРДЫ БИР МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙ БАГЫТТАЙТ жана аларда жактырылган адеп-ахлакты кемаль даражасына (кемчиликсиздик деңгээлине) жеткирет. (Bihur-ul Envar, 52-т., 336-б.)

Аз. Имам Бакыр (ас) мындай дейт: «Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде АЛЛАХ КУЛДАРЫНЫН БАШЫН МЭЭРИМ КОЛУ МЕНЕН СЫЛАЙТ, ОЙЛОРУН (БИР ЖЕРГЕ) ЖЫЙНАЙТ ЖАНА АКЫЛДАРЫН ТОЛУК КЫЛАТ.» (Bihar-ul Envar, 52-т., 328-б.)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР