4. Бөлүм Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Доорунда Боло Турган Алтын Кылым

Аз. Иса (aс) Жана Аз. Мехди (aс) Доору Жана Алтын Кылым

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган көптөгөн хадисте дүйнө жүзүндө Ислам ахлагы орной турган бир доор болооруна ишарат кылынат. «Алтын кылым (доор)» деп аталган бул доор, хадистерден да көрүнүп тургандай, «Асры Саадет» (Пайгамбарыбыз убагындагы бакыт доору) сыяктуу бир доор болот.

Адамдар алтын кылымда жашоолорунан ушунчалык ыраазы болушкандыктан, бир хадисте айтылгандай, «убакыттын кантип өткөнүн билбей калышат, сонун жыргалчылыктардан көбүрөөк пайдалануу үчүн Аллахтан өмүрлөрүнүн узарышын» тилешет. Пайгамбарыбыз (сав)дын башка бир сөзүндө Алтын кылымдагы абал мындайча сүрөттөлөт:

... Кичинелер аттиң чоң болгонумда, чоңдор болсо аттиң мен кичине болгонумда дешет... Жакшы адамдардын жакшылыгы көбөйөт, жамандарга да жакшылык кылынат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 17)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Эч Кездешпеген Молчулук Болушу

Үммөтүмдө Аз. Мехди (ас) бар. Адамдар ага келишип: «Эй Мехди! Мага да бер, мага да бер!» дешет; Аз. Мехди (ас) болсо анын этегин көтөрө алышынча толтурат. (Tirmizi, Fiten, B. 53, H 2223; İbn Mace, Fiten, B 34, H 4083)

Үммөтүмдүн арасында Аз. Мехди (ас) болот. Менин үммөтүм ал доордо ушундай бир байлыкка жетет, ал күнгө чейин эч качан андай болгон эмес. Жер жемишин (азыктарын) берет жана адамдардан эч нерсе жашырбайт (бербей койбойт). Мал-мүлк да ал күнү өтө көбөйгөн болот. (Sünen-i İbn Mace, 10/347)

Ал кезде үммөтүм, жакшысы да, жаманы да баары эч көрбөгөндөй нематтар менен сыйланышат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 16)

Анын (Аз. Мехди (ас)дын) убагында адам бир канча ууч урук таштап, 700 ууч түшүм алат. (Kıyamet Alametleri, б. 164)

Анын убагында агып жаткан суулар да суусун көбөйтүшөт. Аз. Мехди (ас) казыналарды чыгарат... (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 36)

Сөзсүз ал кезде мал-мүлк көбөйүп суудай агат, аны эч ким (барктап) кабыл албайт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б. 464)

... Жер ичиндеги боорлору болгон алтын, күмүштү сыртка учуруп ыргытат... (Kıyamet Alametleri, б. 197)

Жана Мухаммед үммөтүнүн жүрөктөрүн байлык менен толтурат жана адилеттикти аларга жайгаштырат. Ушунчалык даражага жеткендиктен, бир жарчыга «Кимдин муктаждыгы бар болсо мага келсин» жеп жар салышы буйрулганда, бир кишиден башка эч ким келбейт. Ал киши сурайт. Ал болсо «Казыначыга бар, сага берсин» дейт. Ал болсо «Аз. Мехди (ас) жөнөттү» деп айтып, казыначыдан күчү жетишинче мал-мүлк алат. Бирок кийин бушайман болуп «Мен баарынан көбүрөөк муктажмынбы, эч ким барган жок, мен бардым» деп алган мал-мүлкүн кайра тапшыргысы келет. Анда казыначы мындай дейт: «Биз бергенибизди кайра албайбыз.» (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, б. 13)

(Аз. Мехди (ас) убагында) ТОПУРАК КАЗЫНАЛАРЫН ЧЫГАРАТ. (Mikyaal al-Makaarim том 1, б. 46)

(Аз. Мехди (ас) убагында) Топурактын (жердин) ЖАШЫРУУН КАЗЫНАЛАРЫ ЖАНА КЕНДЕРИ чыгат. Адамдар ал казыналарды чындап жер бетинде көрүшөт. (Bihar-ül Envar, том 52, б. 337; E'qd al-Dorar, б.149; Mo'jam Ahaadees al-İmam Mehdi (a.s), том 1 бет 230 Сахих Муслимден алган.)

(Аз. Мехди (ас) убагында) АСМАНДАН МЭЭРИМ (РАХМАТ) ЖААЙТ. ДАРАКТАР ГҮЛДӨРГӨ ТОЛОТ ЖАНА ТОПУРАК (ЖЕР) ЖАШЫЛДЫГЫН жайат. (Bihar-ül Envar, том 52, бет 316 Khesaal'дан алган; Mikyaal al-Makaarim, том 1, бет 101, 247.)

Имам Мехди (ас)дын өкмөтү (руханий өкүмдарлыгы) убагында ЧОҢ КӨЧӨЛӨР КӨБӨЙӨТ (б.а. көчөлөр өтө чоң жана кенен болот). (Bihar-ül Envar, том 52, бет 333; Mikyaal al-Makaarim, том 1, бет 294 Şeyh Tusi (ar)'нин gaybet'инен алынган).

(Аз. Мехди (ас) убагында) СЕЛГЕ ТОЛГОН ДАРЫЯЛАР БҮТ ТАРАПКА АГАТ ЖАНА СУУ БААРЫ ҮЧҮН КОЛДОНУЛА АЛА ТУРГАН жана түрдүү болот. (İküddürer, бет 149; Muntakhab al-Asar, бет 157)

Ал кезде (Аз. Мехди (ас) доорунда) БОДО МАЛДАРДЫН САНЫ КӨБӨЙӨТ жана адамдар алардан эң көп пайда чыгарышат. (Tarikh maa Ba'd al-Zuhoor, бет 772)

Замандын Имамынын (Аз. Мехди (ас)) куту себептүү ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН НЕМАТТАР ЭСЕЛЕНИП КӨБӨЙӨТ. (Muntakhab al-Asar, бет 157)

Ал доордо (Аз. Мехди (ас) доорунда) ДЫЙКАНЧЫЛЫК МЕНЕН АЙЫЛ-ЧАРБАСЫ МҮМКҮН БОЛГОН ЭҢ КӨП ТҮШҮМДҮ БЕРЕТ. БИР УРУКТАН 700 ДАН АЛЫНАТ. (Бакара Сүрөсү, 261-аят (2/261- Мал-мүлктөрүн Аллах жолунда сарптагандардын (кайыр-садака кылгандардын) мисалы жети башак байлаган, ар бир башагы жүздөн уруктуу жалгыз бир уруктун мисалындай. Аллах каалаганына эсе эсе көбөйтөт. Аллахтын (берешендиги) көп, (Ал баарын) билүүчү.) E'qd al-Dorar бет 159; Al-Malaahem wa al-Fetan, Бөлүм 204, бет 97)

Байлык Болушу

Үммөтүм арасында Аз. Мехди (ас) чыгат. Аллах аны адамдарды бай кылуу үчүн жөнөтөт. Үммөт нематтарга бөлөнөт, жаныбарлар көп көп жеп ичишет, жер жемишин чыгарат, мал-мүлк деңгээл менен берилет. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 15)

Аллах анын (Аз. Мехди (ас)дын) колу менен жакырчылыкты кетирет жана Мехди Дамаскка түшөт. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 66)

Жана Мухаммед үммөтүнүн жүрөктөрүн байлыкка толтурат жана адилеттикти аларга орнотот. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, б. 13)

Мухаммед үммөтүнүн көңүлү байлыкка толот. (El-Kavlu'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 20)

Мал-Мүлктүн Саналбастан Берилиши

Акыр заманда бир халифа (Аз. Мехди (ас)) (руханий лидер) болот, мал-мүлктү санап эсептебестен таркатат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 15)

Амирлериңерден бир амир (Аз. Мехди (ас)) болот, мал-мүлктү санабайт. Бирөө андан мүлк сураганда, «Ал» дейт, ал болсо кийимин жайат жана ал аны толтурат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 15)

Жамгырдын Көп Жаашы

Ал (Аз. Мехди (ас)) жер жүзүн адилеттикке толтурат. Жер жемишин берет, асман болсо жамгырын жаадырат. Үммөтүм мурда болуп көрбөгөндөй нематтар менен сыйланат. (İbn Ebi Şeybe, т VII, б. 512-513; Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, б. 35)

(Аз. Мехди (ас) убагында) асман жамгырынан эч нерсе аябайт жана жоомарттык менен мол жаадырат. Жер жүзү өсүмдүктөрүнөн эч бирин кем кылбайт жана сөзсүз аларды толук өстүрүп чыгарат... (Saati, H 143, т. XXIV, б. 50; Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б. 437)

Анын (Аз. Мехди (ас)дын) убагында үммөттүн жакшылары да, жамандары да эч болуп көрбөгөндөй көп нематтарга жетишет. Көп жамгыр жааганына карабастан, бир тамчысы да текке кетпейт, топурак жалгыз урук сурабастан өндүрүмдүү жана берекелүү болот. (El-Kavlu'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 20-21)

Аз. Мехди (aс) Эч Кездешпеген Бир Адилеттик Түшүнүгүнө Ээ Болот

Кыяматтын болушу үчүн бир күндөн башка убакыт калбаган болсо да, Аллах менин Эхли Бейтимден бир затты (Аз. Мехди (ас)) жөнөтөт; жер жүзү зулумдукка толгон сыяктуу, АЛ ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Sünen-i Ebu Davud, 5/92)

Ыймандуулардын Мырзасы (а.с) айтат: «... ИМАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЭМНЕНИН ТУУРА ЭМНЕНИН ТУУРА ЭМЕС ЭКЕНИН ЖАКШЫ БИЛЕТ. ЖАМАН ӨКҮМДӨРДҮ ҮСТҮҢӨРДӨН АЛЫП ТАШТАЙТ. (АЗ. МЕХДИ (АС)) КОРКУНУЧТАРЫҢАРДЫН АЛДЫН АЛАТ ЖАНА АДИЛЕТСИЗ БАШКАРУУЧУЛАРЫҢАРДЫ ТААСИРСИЗ КЫЛАТ ЖАНА ДҮЙНӨНҮ ЧЫНЧЫЛ ЭМЕСТЕРДЕН ТАЗАЛАЙТ. АКЫЙКАТ МЕНЕН ИШ-АРАКЕТ ЖҮРГҮЗӨТ ЖАНА СИЛЕРДИН АРАҢАРДА ЫНСАПТУУ БИР АДИЛЕТТИК ТАРАЗАСЫН КУРАТ... Күтсөңөр сыйланасыңар жана силердин адилетсиздикке кабылганыңардын кегин ала тургандын жана АКЫЛАРЫҢАРДЫН КУТКАРУУЧУСУНУН ОШОЛ ЭКЕНИН СӨЗСҮЗ ТҮШҮНӨСҮҢӨР. Чындап Аллах атына ант ичем, чындыгында Аллах динчил жана жакшылык кылган кишилер менен бирге.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, том 51], Ansariyan Yayıncılık, derleyen: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, б. 182)

Аз. Мехди (ас) менден, жер жүзү зулумдук менен кыйноого толгон сыяктуу, АНЫ ЧЫНЧЫЛДЫК МЕНЕН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Süneni-i Ebu Davud, 5/93)

Бул (Амир) болсо (Аз. Мехди (ас)) адамдар жер жүзүн мурда зулумдукка толтурган сыяктуу ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Sünen-i İbn-i Mace, 10/348)

Зулумдук менен бузукулукка толгон ДҮЙНӨ АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЕЛГЕН СОҢ АДИЛЕТТИККЕ ТОЛУП ТАШАТ. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 20)

АЗ. МЕХДИ (АС) УБАГЫНДА АДИЛЕТТИК УШУНЧАЛЫК ЖОГОРУ БОЛГОНДУКТАН, мажбурлап алынган мал-мүлктүн баары ээсине кайра кайтарылып берилет. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 23)

Аз. Мехди (ас)га араларында аялдар да болгон 314 киши моюн сунат жана ар бир заалым анын алдында жеңилет. ЗАМАНЫ УШУНЧАЛЫК АДИЛЕТТҮҮ БОЛГОНДУКТАН, КАБЫРДАГЫ ӨЛҮКТӨР ТИРҮҮЛӨРГӨ СУКТАНЫШАТ... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 22)

Адамдар, бал аарыларынын башчыларынын айланасында чогулушу сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын айланасында чогулушат. МУРДА ЗУЛУМДУККА ТОЛГОН ДҮЙНӨНҮ АЛ АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. АДИЛЕТТИГИ УШУНДАЙ (БИЙИК) ДАРАЖАДА БОЛГОНДУКТАН, УКТАП ЖАТКАН БИР АДАМ ДА ОЙГОТУЛБАЙТ ЖАНА БИР ТАМЧЫ КАН ДА ТӨГҮЛБӨЙТ. ДҮЙНӨ «АСРЫ СААДЕТ» ДООРУНА КАЙРА КАЙТКАНДАЙ БОЛОТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 29)

АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) АДИЛЕТИ БҮТ ТАРАПТЫ КАПТАЙТ жана адамдар арасында Аз. Пайгамбар (сав)дын сүннөтү менен мамиле кылат. Ал тургай, бирөөгө мал-мүлккө муктаж болгон ким бар болсо чакыр дейт, ал киши буйругун орундатканда, бир киши гана келет. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 20)

Аз. Мехди (ас) менен сүйүнчүлөшкүлө. Ал Курейштен жана Эхли Бейтимден бир киши. Ал адамдар карама-каршылыктар жана социалдык чайпалуулар ичинде болгон бир убакта чыгат. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖЕР ЖҮЗҮН, АНДАН МУРДА ЗУЛУМДУК МЕНЕН КЫСЫМЧЫЛЫККА ТОЛТУРУЛГАН СЫЯКТУУ, АДИЛЕТТИК МЕНЕН ЫНСАПКА (мээримге) ТОЛТУРАТ. (Hz. Ebu Said el Hudri r.a. / Ramuz El-Ehadis 1-том, бет 7, № 7) Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 13)

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖЕРГЕ КОЖОЮН БОЛОТ ЖАНА АНДАН МУРДА КЫСЫМЧЫЛЫК МЕНЕН ЗУЛУМДУККА ТОЛГОН ЖЕРДИ АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. Силерден ким ага жетсе, кар үстүндө сойлоп болсо да ага келип, ага кошулсун. Себеби ал Аз. Мехди. (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 14) (Hz. İbn-i Mes'ud RA (Büyük Kıyamet Alametleri, 135/3)

Жер жүзү зулумдук менен душмандыкка толгон соң, сөзсүз менен Эхли Бейтимден бирөө (Аз. Мехди (ас)) чыгат. ЖАНА МУРДА КАНТИП ЗУЛУМДУК МЕНЕН ДУШМАНДЫККА ТОЛГОН БОЛСО, АЛ ДҮЙНӨНҮ АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 11)

Менден кийин . .. ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН БИР КИШИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЕЛИП, АЛ ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Hz. Ebdurrahman Ibni Kays (r.a), Ramuz El-Ehadis 2- том, бет 518, № 4)

Жер жүзү зулумдук менен душмандыкка толмоюнча кыямат болбойт. АНДАН СОҢ ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН ЖАНА МЕНИН УРПАГЫМДАН БИР КИШИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫГЫП, ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИК МЕНЕН ЧЫНЧЫЛДЫККА ТОЛТУРАТ. (İmam-ı Ahmed, İbn'i Hibban, Hakim.)

Дүйнөдө бир күн калса дагы (кыямат келбестен) Аллах ал күндү созот, аты атыма, атасынын аты болсо атамдын атына туура келген ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН СӨЗСҮЗ БИР КИШИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЕЛИП, МУРДА ЗУЛУМДУК МЕНЕН АДИЛЕТСИЗДИККЕ ТОЛГОН ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИК МЕНЕН ЫНСАПКА (мээримге) ТОЛТУРАТ. (Ebu Davud ve Tirmizi / Büyük Hadis Külliyatı, Rudani 5- том, б. 365)

Эч күмөнсүз; жер адилетсиздик, кайгы менен зулумдукка толот. Зулумдук менен кайгыга толгон кезде, АЛЛАХ ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН АТЫ МЕНИН АТЫМДА, АТАСЫНЫН АТЫ АТАМДЫН АТЫНДА БИР АДАМДЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖӨНӨТҮП, ДҮЙНӨНҮ АДИЛЕТТИККЕ ЖАНА АКЫЙКАТКА ТОЛТУРАТ. Мурда зулумдук менен адилетсиздикке толгон сыяктуу. (Hz. Muaviye Ibni Kur'an r.a. / Ramuz El-Ehadis 2- том, б. 346, № 6)

Дүйнөдөн бир күн эле калса дагы, УЛУУ АЛЛАХ сөзсүз зулумдук менен адилетсиздик, кайгыга толтурган сыяктуу ЖЕР ЖҮЗҮН ЧЫНЧЫЛДЫК МЕНЕН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРУШУ ҮЧҮН АТЫ АТАМДЫН АТЫНА ТУУРА КЕЛГЕН МЕНДЕН (ЭХЛИ БЕЙТИМДЕН) БИРӨӨНҮ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖӨНӨТҮҮ ҮЧҮН АЛ КҮНДҮ СОЗМОК. (Ebu Davud ve Tirmizi)

АЗ. МЕХДИ (АС) АДИЛЕТТҮҮ БИР ӨКҮМ ЧЫГАРУУЧУ КАТАРЫ ЧЫГАТ... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 31)

Али Бин Эби Талибден (ра) риваят кылынган. Расулуллах (сав) мындай деген: «Дехрден бир күндөн башка калбаса дагы, Аллах МУРДА ЗУЛУМДУККА ТОЛТУРГАН СЫЯКТУУ, АНЫ АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРА ТУРГАН ЭХЛИ БЕЙТИМДИН БИРӨӨНҮ СӨЗСҮЗ ЖӨНӨТМӨК.» (Эбу Давуд алып жазган.) (Fi Zilali'l- Kuran'da Kıyamet ve Alametleri, Ahmed Faiz, 1993, б. 113)

Дүйнө жашоосунун бир күнү калса, Аллах Таала ал күндү созуп, менин Эхли Бейтимден бирөөнү (Аз. Мехди (ас)) жөнөтөт. Анын ысмы менен ысмым сыяктуу. Атасынын ысмы атамдын ысмы сыяктуу. ЗУЛУМДУК МЕНЕН ЖАМАНДЫККА ТОЛГОН ДҮЙНӨНҮ АДИЛЕТТИК МЕНЕН ЧЫНЧЫЛДЫККА ТОЛТУРАТ. (Büyük Fitne Mesih Deccal, Saim Güngör, Pamuk Yayınları, б. 80) (Ebu Davud ve Tirmizi / Büyük Hadis Külliyatı, Rudani, 5-том, б. 365)

Эй Аббас, бул ишти Аллах мени менен баштады. Сенин урпактарыңдан бирөө менен бүтүрөт. АЛ ЭР ЖИГИТ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ДҮЙНӨНҮ, МУРДА ЗУЛУМДУККА ТОЛГОН СЫЯКТУУ, КАЙРАДАН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ... (Hz. Ammar İbn-i Yaser RA (Büyük Kıyamet Alametleri, 498/1)

ЖЕР ЖҮЗҮ ЗУЛУМДУК МЕНЕН КЫЙНООНУН ОРДУНА АДИЛЕТТИККЕ ТОЛОТ. (АЗ. МЕХДИ (АС)) БҮТ НЕРСЕНИ АКЫЙКАТ ЖАНА АДИЛЕТТИК ЧЕН-ӨЛЧӨМДӨРҮНӨ КАРАП БИРДЕЙ ТАРКАТАТ. Ошентип жер менен асман тургундары андан ыраазы болгон сыяктуу, абадагы куштар, токойдогу жырткыч айбандар, деңиздеги балыктар да ыраазы болушат. (İmam Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, б. 1699, б. 175)

... Эбу Хамза-и Сомалиден: Бир күнү Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламдын жанында отурган элем. Жанындагылар таркап кеткен соң мага мындай деди: «Эй Эбу Хамза! Аллахтын жанында өзгөрбөс болгон анык өкүмдөрдүн бири – бул Аз. Мехдибиз (ас)дын кыямы... ЖЕР ЖҮЗҮ ЗУЛУМДУК МЕНЕН ТАШ БООРДУККА ТОЛГОН СОҢ, АДИЛЕТТИК МЕНЕН ТЕҢДИККЕ ТОЛТУРА ТУРГАН АЗ. МЕХДИ (АС)... (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 90-91)

Ыймандуулардын Мырзасы (сав) айтат: «... ИМАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЭМНЕНИН ТУУРА ЭМНЕНИН ТУУРА ЭМЕС ЭКЕНИН ЖАКШЫ БИЛЕТ. ЖАМАН ӨКҮМДӨРДҮ ҮСТҮҢӨРДӨН АЛЫП ТАШТАЙТ. (АЗ. МЕХДИ (АС)) КОРКУНУЧТАРЫҢАРДЫН АЛДЫН АЛАТ ЖАНА АДИЛЕТСИЗ БАШКАРУУЧУЛАРЫҢАРДЫ ТААСИРСИЗ КЫЛАТ ЖАНА ДҮЙНӨНҮ ЧЫНЧЫЛ ЭМЕСТЕРДЕН ТАЗАЛАЙТ. АКЫЙКАТ МЕНЕН ИШ-АРАКЕТ ЖҮРГҮЗӨТ ЖАНА СИЛЕРДИН АРАҢАРДА ЫНСАПТУУ БИР АДИЛЕТТИК ТАРАЗАСЫН КУРАТ... Күтсөңөр сыйланасыңар жана силердин адилетсиздикке кабылганыңардын кегин ала тургандын жана АКЫЛАРЫҢАРДЫН КУТКАРУУЧУСУНУН ОШОЛ ЭКЕНИН СӨЗСҮЗ ТҮШҮНӨСҮҢӨР. Чындап Аллах атына ант ичем, чындыгында Аллах динчил жана жакшылык кылган кишилер менен бирге.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, том 51], Ansariyan Yayıncılık, derleyen: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, б. 182)

... Абд-и Хайрдан: Эмирүлмүминин Али бин Эби Талиб алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Расулуллах (саллаллаху алейхи ва алих) мага мындай деди: ... «(АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) Ысмы менин ысмым, ЖЕР ЖҮЗҮ ЗУЛУМДУК МЕНЕН ТАШ БООРДУККА ТОЛГОНДО ЧЫГАТ ЖАНА АНЫ АДИЛЕТТИК МЕНЕН ТЕҢДИККЕ ТОЛТУРАТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 97-98)

Жабир бин Абдуллахы Энсари айтат: ЖАНА ЖЕР ЖҮЗҮ ЗУЛУМДУК, АДИЛЕТСИЗДИК, ЖАМАНДЫККА ТОЛГОН СЫЯКТУУ, АЗ. МЕХДИ (АС) АНЫ АДИЛЕТТИК, ТЕҢДИК ЖАНА НУРГА ТОЛТУРАТ. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 278)

Имам Зейнелабидин алейхиссаламдын небереси Али бин Өмер айтат: Имам Эбу Абдуллах, Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «МЕНИН УРПАКТАРЫМДАН БОЛГОН КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС))... ЖЕР ЖҮЗҮН ЗУЛУМДУК МЕНЕН ТАШ БООРДУККА ТОЛГОН СЫЯКТУУ, АДИЛЕТТИК МЕНЕН ТЕҢДИККЕ ТОЛТУРАТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 217)

Исхак бин Галиптен: Имам Жафери Садык алейхиссалам Аз. Мехди (ас)дын абалы менен мүнөздөрүн айтып берген бир кутбасында мындай деген: КЕНЕН НУРУ, КЕҢИРИ ШЫПААСЫ МЕНЕН АЧЫК, АКЫЙКАТ ЖАНА АШКЕРЕ БИР БАЯН МЕНЕН АДИЛЕТТИКТИ ИШКЕ АШЫРАТ. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 267)

... Ибни Эбу Хамзадан: АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) АДИЛЕТТИК, ЫНСАП (мээрим) ЖАНА ИХСАН (берешендик, жакшылык кылуу) СЫПАТТАРЫ ТАРТУУ КЫЛЫНГАН. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 287)

Хишам бин Салим айтат: Имам Жафери Садык алейхиссалам мындай деди:
«Аз. Мехди (ас) көрүнгөнгө чейин элдин бүт классы элди башкарат. Ошентип эч ким «эгер биз өкмөт болгонубузда адилеттикти ишке ашырмакпыз» дей албай калат. АНДАН СОҢ КАИМ (АЗ. МЕХДИ) АЛЕЙХИССАЛАМ АКЫЙКАТ ЖАНА АДИЛЕТТИК МЕНЕН КЫЯМ ЭТЕТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 322)

(АЗ. МЕХДИ (ас)) ЭЧ КИМДИ БАШКАСЫНАН ӨЙДӨ КӨРБӨЙТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, б. 1, б. 264, 275, 277, 285, 287, 288, 311, 318, т. 2, б. 11)

Фазл бин Йесар мындай дейт: Имам Жафери Садык алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «АЛЛАХКА АНТ БОЛСУН, ЫСЫК МЕНЕН СУУКТУН ҮЙЛӨРҮНӨ ТОЛУШУ СЫЯКТУУ, АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АДИЛЕТИ ДА АЛАРДЫН ҮЙҮНӨ ТОЛОТ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 351)

Аз. Мехди (ас) менин Эхли Бейтимден жана менин урпактарымдан. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Ölüm, Kıyamet, Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, İmam Şarani, Bedir Yayınevi, б. 438, (816))

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АДИЛЕТИ УШУНДАЙ БОЛОТ: ЭЧ КИМГЕ, ЭЧ КАЧАН, КАНДАЙДЫР БИР ЖОЛ МЕНЕН АДИЛЕТСИЗДИК КЫЛЫНБАЙТ. (Kafi, т. 4, б. 427)

Аз. Мехдинин (ас) сот жана өкүмдөрүндө, Аз. Мехди (ас)дын өкмөтүндө (руханий өкүмдарлыгында) ЭЧ КИМГЕ БИР ИЙНЕНИН УЧУНДАЙ ДА ЗУЛУМДУК МЕНЕН АДИЛЕТСИЗДИК КЫЛЫНБАЙТ ЖАНА ЭЧ КИМ КАПА КЫЛЫНБАЙТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 280, 283, 284)

АЗ. МЕХДИ (АС) АДИЛЕТТИК ӨЛЧӨМҮ МЕНЕН ТАРАЗАСЫН ЭЛ АРАСЫНА КАЛТЫРАТ ЖАНА НАТЫЙЖАДА ЭЧ КИМ БАШКА БИРӨӨГӨ ЗУЛУМДУК КЫЛА АЛБАЙТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 280, 283, 284)

Аз. Мехди (ас) кыям эткенде ЗУЛУМДУК МЕНЕН АДИЛЕТСИЗДИКТИ ЖОК КЫЛАТ ЖАНА ЖЕР ЖҮЗҮНҮН БҮТ ТАРАБЫН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Bihar'ül Envar, т. 51, б. 146)

АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ САНАА МЕНЕН ЗУЛУМДУКТАРДЫ КЕТИРЕ ТУРГАН КҮН. Берешендик кылганда өтө берекелүү бир жамгыр. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, б. 188)

Эбу Саиди Худри Пайгамбардын (сав) минбарда мындай дегенин риваят кылат: «Эхли Бейтимден болгон убада кылынган АЗ. МЕХДИ (АС) АКЫР ЗАМАНДА ЧЫГАТ. Асман ага жамгырын жаадырат жана жер ага өсүмдүктөрүн өстүрөт. АДАМДАР ЖЕР ЖҮЗҮН ЗУЛУМДУККА ТОЛТУРГАН СОҢ АЛ ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ.» (Bihar-ul Envar, т. 51, б. 74, İsbat-ul Hudat, т. 7, б. 9)

Аз. Мехди (aс) Убагында Соттор, Түрмөлөр Бошойт

  1. Аз. Мехди (ас) ачык көрүнөөрдөн мурда кылмыштуулук деңгээли менен түрлөрүнүн көбөйөөрүн Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде билдирген. Булар акыр заман белгилеринен.
  2. Кылмыштардын көбөйөөрү, зинанын (никесиз байланыштын) көбөйөөрү, өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн көбөйөөрү, паракордуктун жайылаары жана ушуга окшогон көптөгөн кылмыштын акыр заманда көбөйөөрү хадистерде айтылат.
  3. Акыр заманда маанилүү бир алаамат катары адамдар арасында сүйүүсүздүк менен ишенимсиздик жайылгандыктан, кичинекей пикир келишпестиктер дагы чоң талаштарга себеп болуп, аягында чоң кылмыштарга чейин алып барууда.
  4. Мунун табигый бир натыйжасы катары учурда түрмөлөрдө киши толо. Соттордо да күн сайын адамдар толо.
  5. Ал соттордо, түрмөлөрдө кызмат кылган соттор, прокурорлор, күзөтчүлөр ТӨРТ ДУБАЛ ИЧИНДЕ ТАР, КАРАҢГЫ БӨЛМӨЛӨРГӨ КАМАЛГАН АБАЛДА. Эртеден кечке чейин ушундай түнт жерлерде иштөөгө мажбур. Адамдар арасында эң адилеттүү чечимдерди, бир адамдын бүт өмүрүнө таасир бере турган чечимдерди ушундай оор шарттарда алышууда.
  6. Бул кымбаттуу инсандарыбыз өз кызматын орундатып жатканда эч кандай материалдык, моралдык кысым астында болбошу маанилүү. Эң туура жана эң абийирдүү чечимдерге кол коюшу үчүн ойлору эркин, бейпил болушу өтө маанилүү. Ал кишилерге эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн сунулушу шарт.

Бедиүззаман «Аз. Мехди (aс) Дын Бүт Дүйнөгө Адилеттик Менен Акыйкаттык Алып Келээрин» Билдирген

... Жүздөгөн куттуу баатырларды чоңойткон жана миңдеген руханий башчыларды үммөттүн башына өткөргөн жана Курандын маңызынын уюткусу менен жана ыймандын нуру менен жана Исламияттын кадыр-баркы менен азыктанган, жетилген Эхли Бейт албетте акыр заманда шериат-ы Мухаммедийени (Пайгамбарыбыз (сав)дын жолун) жана ХАКИКАТИ ФУРКАНИЙЕНИ (Курандын негизи менен маңызын) ЖАНА СҮННЕТИ АХМЕДИЙЕЙИ (Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн) КАЙРАДАН ЖАНДАНДЫРУУ МЕНЕН, БААРЫНА ЖАРЫЯ КЫЛУУ МЕНЕН, ИШКЕ АШЫРУУ МЕНЕН БАШКЫ БАШЧЫСЫ БОЛГОН ЧОҢ АЗ. МЕХДИНИН БИЙИК АДИЛЕТИН ЖАНА ЧЫНЧЫЛДЫГЫН ДҮЙНӨГӨ КӨРСӨТҮШҮ толук кадыресе болуу менен бирге абдан керектүү жана зарыл жана адамдардын коомдук жашоосундагы эрежелердин талабы. (Şualar (Шуалар), б. 456)

Дүйнө хержү-мерж (фитна, башаламандык) ичинде калганда, фитналар чыкканда, жолдор тосулганда, кээ бирлери кээ бирлерге кол салганда, чоң кичинеге мээрим кылбай, чоңго урмат менен мамиле кылынбаганда Аллах ошол кезде алардан душмандыктын тамырын курутуп, чектен чыгуу мунараларын багынта турган жана мурда мен бутунда кармаган сыяктуу, акыр заманда динди бутунда кармап, мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттикке толтура турган бирөөнү (Мехди) жөнөтөт. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, s. 12)

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ ЭЭРЧИГЕНДЕР АГА КОРГОЛОНУШАТ, БАЛ ААРЫЛАРЫНЫН ХАНЫША ААРЫГА КОРГОЛОНУШУ СЫЯКТУУ (АНЫН ЖАНЫНДА ИШЕНИМДЕ ЖАНА КООПСУЗДУКТА БОЛУШАТ), ал жер жүзүн адилеттик менен чынчылдыкка толтурат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 11)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Бейпилдик Жана Коопсуздук Болушу

Жер жүзү коопсуздукка толот жана ал тургай бир канча аял жанында эч эркек болбостон, бейпил гана ажылыкка барышат. (Nuaym b. Hammad, vr. 74b; Suyuti, т. II, б. 77; El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 23)

Мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттикке толтурат. Адилети ушундай даражада болот: уктап жаткан бирөө да ойготулбайт жана бир тамчы кан да төгүлбөйт. Дүйнө «Асры Саадет» дооруна кайткандай болот. (Nuaym b. Hammad, K. Fiten vr. 77b; Suyuti, т. II, б. 77; El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 29)

Рүкун менен Макам арасында ага моюн сунулат. Аз. Мехди (ас) ушунчалык мээримдүү болгондуктан, анын убагында бир адам да уйкусунан ойготулбайт, бир адамдын да мурду канабайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 42)

Бүт Уруштардын Жана Түшүнбөстүктөрдүн Токтошу

Согуш (адистери) да салмактарын (курал-жарак, жабдыктарын) таштайт. (Sünen-i İbn Mace, 10/334)

Идиш сууга толгон сыяктуу жер жүзү тынчтыкка толот. Эч кимдин арасында бир душмандык калбайт. Жана бүт душмандыктар, уруштар, кызганычтыктар сөзсүз жок болот. (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), 1/136)

Согуш (адистери) салмактарын (б.а. курал-жарак ж.б.) таштайт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б. 496)

Душмандык менен кекти да жок кылат. Уулуу бүт айбандардын уусу жулуп алынат. Ал тургай, кичинекей бала колун жыландын оозуна салат, жылан ага зыян тийгизбейт. Бөрү кой-эчки тобу арасында топтун ити сыяктуу болот. (Sünen-i İbni Mace, Kitabü-l fiten Tercemesi ve Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10, Mütercim: Haydar Hatipoğlu, бап 33, б. 331-335)

Анын заманында бөрү менен кой чогуу ойнойт, жыландар жаш балдарга зыян тийгизбейт. Адам бир ууч урук таштап, 700 ууч түшүм алат. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 43)

Сүйүү Жана Бир Туугандыктын Жайылышы

Аллах биз аркылуу адамдарды ширк душмандыгынан куткарып, алардын жүрөктөрүнө достук менен сүйүү орнотуп, дин бир тууганы кылган сыяктуу, Аз. Мехди (ас) аркылуу фитна душмандыгынан куткарып, бир тууган кылат. (Taberani'den, Heysemi, т. VII, б. 317; Nuaym b. Hammad, vr 52b; Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 20)

Менин урпактарымдан Мухаммед б. Абдуллах (Мехди) аркылуу Улуу Аллах сүннөттөрдү жандантат. Анын адилеттик жана берекети менен момундардын жүрөгү кубанат. Ажем (арап эмес) жана арап элдери арасында достук менен сүйүү орнойт. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 66)

Биз аркылуу алар араларындагы ширк менен душмандыктан кутулуп, жүрөктөрүнө достук менен сүйүү орногон сыяктуу, (анын келиши менен) кайра ошондой болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 20)

LӨмүрлөрдүн Узарышы

Хадистерде да айтылгандай, акыр замандын жана Аз. Мехди (ас)дын чыгуу белгилеринин бири – ал куттуу доордо «өмүрлөрдүн узарышы». Бул жөнүндөгү хадис жана риваяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Анын (Аз. Мехдинин) заманында өмүрлөр узарат. Өмүрлөрдүн узарышы анын (Аз. Мехди (ас)дын) да узун өмүрлүү болушун зарыл кылат. (Kıyamet Alametleri, б. 184)

Анын (Аз. Мехди (ас)дын) заманында... өмүрлөр узарат жана аманатка зыян келбейт... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 43)

Өмүрлөр узарат, аманаттар ордуна кайтарылып берилет. (İmam Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, бет: 1699, бет: 179)

Мурдакы доорлордо да адам өмүрүндө салыштырмалуу өсүш болгон, бирок эч кайсы доордо 21-кылымдагы сыяктуу даана бир өсүш болгон эмес. Изилдөөлөр адам өмүрүнүн бул кылымда 50%га өскөнүн, 100 жашынан өткөн адамдардын санынын келечекте бир топ көп болоорун көрсөттү.

Uzun ömür, ömürler uzadı

The Sun will explode

Кылымдар Боюнча Адам Өмүрүнүн Узарышы

1800-жылдары орточо өмүр сүрүү мөөнөтү 24 жыл
1900-жылдары орточо өмүр сүрүү мөөнөтү 48 жыл
2000-жылдары орточо өмүр сүрүү мөөнөтү 63 жыл

20-кылымдын аягы менен 21-кылымдын башында ген технологиясындагы өнүгүүлөр менен генетикада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктар «өмүрлөрдүн мындан да узарышын» көрсөтүүдө. Мисалы, National Geographic журналындагы бир кабарда «Көбүрөөк жана ден-соолукта өмүр сүрүү үчүн керектүү формуланын өтө жакында аптекалардан табылаары» жазылган. Адамдын узун өмүрлүү болушун камсыздоочу генди табышканын айткан илимпоздор жакынкы келечекте адам өмүрүнүн 100 жылдан ашаарын айтышууда. Жүргүзүлгөн башка бир изилдөө болсо ушул жылдары төрөлгөн балдардын 125-150 жашка чейин жашаарын айтууда. Көп изилдөөчүлөр болсо 21-кылымдын экинчи жарымында «150 жаштагы адамдардын кадыресе көрүнүш болоорун» айтышып, адам өмүрүнүн 21-кылымда мурдакы замандар менен салыштыргыс даражада узараарына көңүл бурушууда.

İnsan ömrü

The Sun will explode

Пайгамбарыбыз (сав) мындан 1400 жыл ашуун убакыт мурда кабар берген бир маалыматтын мынчалык апачык, даана ишке ашышы, күмөнсүз, момундар үчүн өтө баалуу бир кубанычтуу кабар. Бул кабар сыяктуу, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын башка кабарлары да бир-бирден ишке ашып, 21-кылымда адамзат өтө куттуу окуяларга күбө болот. Аллахтын уруксаты менен, Аз. Иса (ас) кайрадан дүйнөгө келет, Аз. Мехди (ас) чыгат, жана бул куттуу заттар аркылуу Ислам ахлагы бүт дүйнөгө орнойт. Ислам ахлагынын жер жүзүнө жайылып орношу Куранда да убада кылынган бир кубанычтуу кабар. Нур Сүрөсүнүн 55-аятында Раббибиз мындай дейт:

Аллах араңардан ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган: Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу аларды да жер жүзүндө «күч жана бийлик ээси» кылат, алар үчүн тандап жактырган динин аларга бекемдеп, жайгаштырат жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат... (Нур Сүрөсү, 55)

Адам Өмүрүнүн Жогорку Чеги Барбы?
Хүррийет Гезити, 2004-Ж.
18-Март (İnsan Ömrünün Üst Sınırı Var mı? Hürriyet Gazetesi, 18 Mart 2004)

Кээ бир илимпоздордун айтымында азыр төрөлгөн балдар 150 жашка чейин жашай алат, кээ бирлери болсо узун өмүр сүрүүнүн жогорку чеги жок деген пикирде. Өмүр сүрүү мөөнөтү ар 10 жылда тынымсыз 2 жылга узарууда. Бул боюнча, 2150-жылы орточо өмүр узактыгы 122,5 жыл болот жана 150 жашка жеткен адамдар кадыресе кабыл алынат. АКШда учурда 100 жаштан өткөн 40000 адам бар. Бул көрсөткүч 1950-жылдары 2300 тегерегинде эле. Германия Ростоктогу Макс Планк Демографиялык изилдөө институтунан Джеймс Ваупел (James Vaupel) жүз жаштагы адамдардын санынын индустриалдашкан өлкөлөрдө ар 10 жылда эки эселенгенин айтат. (http://webarsiv.hurriyet.com.tr/200403/18/429832.asp Tempo Dergisi (Темпо журналы), 25-июнь 2004-ж.)

19-кылымдын аягынан бери адам өмүрү дээрлик эки эсеге узарды. Генетикалык медицинадагы өнүгүүлөр урматында адам өмүрүнүн мындан да узараары божомолдонууда. Anti-Aging медициналык журналы жүргүзгөн изилдөөдө 60 улгайгандар адисинен 2100-жылы төрөлө турган бир наристенин канча жашашын божомолдошу суралган. Адистердин көпчүлүгү суроого «эң аз 100 жыл» деп жооп берсе, кээ бирлери өмүр сүрүү мөөнөтүнүн 150, ал тургай, 200 жыл болушу мүмкүн экенин айтышты.

Узунураак жашоо мүмкүнбү? Радикал гезити 21-апрель 2002-ж.
(Daha Uzun Yaşamak Mümkün Mü? Radikal Gazetesi, 21 Nisan 2002)

... 19-кылымдын аяктарында «Өнөр-жай төңкөрүшү» менен илимдеги өнүгүүлөр өткөн кылымда медицинада укмуш өнүгүүлөргө жол ачты. Бул жагдай адам өмүрүн 50%га узартты… Орточо жаш чеги 40-50 жаштан 60-70 жашка келди. Жаңы миң жылдыкка кирип жатканда болсо адам жашоосунун сыры болгон гендердеги бузуктуктардын кээ бир ооруларга себеп болоору аныкталды. Биотехнологиялык өнүгүүлөр эми гендердеги бузуктуктарды оңдоо чекитине келди. (http://www.radikal.com.tr/haber.php?haberno=35461)

Өлгөндөрдүн Тирүүлөргө Суктанышы

Алар ар заалымды жана жаббар (зордукчул) уулу жаббарды жеңет. Анын доорунда өлгөндөр тирүүлөргө суктана турган бир адилеттик болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 68)

Заманы ушунчалык адилеттүү болгондуктан, кабырдагы өлүктөр тирүүлөргө суктанышат... (El-Kavlu'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 22)

Ал тургай жашап жаткандар (алардагы нематтарды көрүшү үчүн) өлүктөр жашап жаткан болгондо дешет. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б. 437)

Бедиүззаман Саид Нурси да Аз. Мехди (ас)дын андан кийинки доордо келип Ислам ахлагын орнотоорун айтып жатканда, кабырынан ал сонун доорду көрүп шүгүр кылаарын айткан:

Оо акыр заманда, жашоонун кеңири чөйрөсүндө чыныгы ээлери, б.а. Аз. Мехди менен шакирттери Женабы Хакктын (Аллахтын) уруксаты менен келип, ал чөйрөнү кеңейтет жана ал уруктар гүл ачат. Биз болсо КАБЫРЫБЫЗДА КӨРҮП Аллахка шүгүр кылабыз. (Kastamonu Lahikası, б. 99)

Аз. Мехди (aс) Жер Бетин Оңдоп Сулуулаштырат

Ааламда бузулган бир жер калбайт жана Аз. Мехди (ас) бүт жакты оңдоп, кооздойт. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 264)

Кыям эте турган (Каим) Аз. Мехди (ас) Аз. Алинин урпактарынан. АЛ БУЛ ЖЕР ЖҮЗҮН ЖЕР ЖҮЗҮНӨН БАШКА АБАЛГА АЛЫП КЕЛЕТ... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 169)

Аз. Мехди (aс) Дүйнөнүн Төрт Тарабына Сүйүү Менен Кубаныч Чачат

Аз. Мехдинин (ас) дос, курдаштары ааламдын бүт тарабына барып, бүт тарапта күчтү колдорунда кармашат, бүт баары жана бүт нерсе аларга моюн сунат, ал тургай ЧӨЛДӨГҮ ЖЫРТКЫЧ АЙБАНДАР МЕНЕН ОЛЖОЛОР (ЖЫРТКЫЧ) КУШТАРДЫН БҮТ БААРЫ АЛАРДЫН ЫРААЗЫЛЫГЫНА ЖЕТҮҮНҮ КААЛАШАТ. АЛ ДИН ЭЛЧИЛЕРИ СЕЛАХ (БЕЙПИЛДИК, БАКУБАТТЫК, ОҢДОО ЖАНА ЖАКШЫРТУУ) ЖАНА АДИЛЕТТИК ЭЛЧИЛЕРИ УШУНДАЙ БИР КУБАНЫЧТЫК АЛЫП КЕЛИШКЕНДИКТЕН, Аз. Мехди (ас)дын асхабы (шакирттери) бут баскан жер башка жерлерге мактанышат. (İkmal'üd Din. Bihar'ül Envar, т. 52, б. 327)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Бүт Согуштар, Зулум Менен Фитналар Токтойт

Аз. Мехдинин (ас) доорунда ФИТНА ЖАНА УРУШ ОТУ ӨЧӨТ, ЗУЛУМДУК, ТҮНКҮ БАСКЫН ЖАНА ТАЛАП-ТОНОО АДАТЫ ЖОГОЛОТ, СОГУШТАР ЖОК БОЛОТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 264)

Ообу ДҮЙНӨНҮ ФИТНА МЕНЕН ДУШМАНДЫК КАПТАГАНДА, БҮТ ТАРАП ЗУЛУМДУК, БУЗУКУЛУК ЖАНА ТАЛАП-ТОНООГО ТОЛГОНДО, ДАЛАЛЕТ ЖАНА ИНХИРАФ МУНАРАЛАРЫН ЖЫГУУ (акыйкатты таштап жалганга адашкандарды пикир менен таасирсиз кыла турган), КАРАҢГЫ ЖАНА ТАШ ЖҮРӨКТӨРДҮ ТАВХИД (ЖАЛГЫЗ КУДАЙ), АДАМГЕРЧИЛИК ЖАНА АДИЛЕТТИК НУРУ МЕНЕН АЙДЫҢ КЫЛУУ ҮЧҮН АЛЛАХ УЛУК ОҢДООЧУСУН (Аз. Мехди (ас)ды) ЖӨНӨТӨТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 310)

АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАРДЫ ЧОҢ БИР БАЛЭЭДЕН, БҮТ АДАМДАРГА ЖЕТКЕН ЖАНА СОКУР БИР ФИТНАДАН КУТКАРАТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 264)

Аз. Мехди (aс) Жер Бетинин Казыналарын Чыгарат

Аз. Хузайфанын айтышы боюнча, Расулуллах Мырзабыз (сав) мындай деген: ... Анын (Аз. Мехди (ас)дын) заманында бүт суулар даамдуу (тузсуз) болот, дарыялар узарат, ЖЕР ЖҮЗҮ өсүмдүктөрүн көбөйтөт жана (ичиндеги) КАЗЫНАЛАРЫН СЫРТКА ЧЫГАРАТ. (En-Necmu's-sakıb if Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib, Tercüme eden: Ömer Dönmez б. 43)

... АЗ. МЕХДИ (АС) КАЗЫНАЛАРДЫ ЧЫГАРАТ... (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 33)

АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ДООРУНДА ЖЕР АСТЫНДАГЫ КАЗЫНАЛАР, БАЙЛЫКТАР ЖАНА БАШКА КЕНДЕР ЧЫГАРЫЛАТ. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 264, 275, 277, 285, 287, 288, 311, 318, т. 2, б. 11)

АНЫН (Аз. Мехди (ас)дын) ДООРУНДА ЖЕР ЖҮЗҮ ИЧИНДЕГИ КАЗЫНАЛАРДЫ СЫРТКА ЫРГЫТАТ. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 43)

... ЖЕР ИЧИНДЕ ЖАШЫРГАН БҮТ БАЙЛЫКТАРЫН, АЛТЫНДАН ЖАНА КҮМҮШТӨН УСТУНДАР АБАЛЫНДА СЫРТКА ЫРГЫТАТ. (İmam Şa'rani, Ölüm Kıyamet Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б. 464)

Аз. Имам Бакыр (ас) мындай дейт: «Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде ЖЕР ЖҮЗҮНҮН БҮТ КЕН ЖАНА КАЗЫНАЛАРЫ АНЫН КОЛУНА ӨТӨТ.» (Bihar-ul Envar, т. 52, б. 351)

Аз. Мехди (aс) Мал-Мүлк Менен Нематтарды Адилеттүү Таркатат; Бүт Жер Бети Берекеге Толот

Пайгамбарыбыз (сав) айтат: Эбу Саид айтып берет: ... АЗ. МЕХДИ (ас) УШУНЧАЛЫК ЖООМАРТ АДАМ БОЛОТ; АГА КАЙРЫЛЫП «МАГА МУНУ ТАРТУУ КЫЛ, МУНУ ТАРТУУ КЫЛ» ДЕП ЖАЛБАРГАНДАРДЫН ЭТЕКТЕРИН КӨТӨРӨ АЛА ТУРГАНЧАЛЫК ТОЛТУРА КЫЛЫП ТАРТУУ КЫЛАТ. (Tirmizi, İmam Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, б. 1699, б. 171)

Үммөтүмдөн Аз. Мехди (ас) чыгат. АЛЛАХ ТААЛА АЗРЕТТЕРИ АДАМДАРДЫ БАЙ КЫЛУУ ҮЧҮН АНЫ (Аз. Мехди (ас)ды) ЖӨНӨТӨТ. Ал кезде үммөтүм немат менен сыйланат, айбандар молчулукта жана жердин түшүмдөрү өтө көп болот, АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАРГА БИРДЕЙ САНДА МОЛ МОЛ МАЛ-МҮЛК ТАРКАТАТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 23)

АЗ. МЕХДИ (АС) КЕЛГЕНДЕ МАЛ-МҮЛКТҮ КӨП ТАРКАТАТ... (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 15)

Yммөтүм арасында АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ, АЛЛАХ АНЫ АДАМДАРДЫ БАЙ КЫЛУУ ҮЧҮН ЖӨНӨТӨТ. Үммөт немат менен сыйланат, айбандар көп көп жеп ичишет, жер түшүмдөрүн чыгарат, МАЛ-МҮЛК «САХАХ» НЕГИЗИНДЕ (тең жана бирдей кылып социалдык адилеттикке ылайык) БЕРИЛЕТ. (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 15)

АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) фитналар чыккан бир убакыт аралыгында келет ЖАНА АКЫСЫЗ БЕРЕШЕНДИК КЫЛАТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 23)

МУХАММЕД ҮММӨТҮНҮН КӨҢҮЛҮ БАЙЛЫККА ТОЛОТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 20)

Андан (Аз. Мехди (ас)дан) жер менен асман жашоочулары ыраазы. ЖАНА АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) МАЛ-МҮЛКТҮ БӨЛҮШТҮРӨТ... ЖАНА МУХАММЕД (САВ) ҮММӨТҮНҮН ЖҮРӨКТӨРҮН БАЙЛЫККА ТОЛТУРАТ ЖАНА АДИЛЕТТИГИ АЛАРДЫ ТОЛУК КУРЧАЙТ. (Hz. Ebu Said el Hudri r.a. / Ramuz El-Ehadis 1-том, бет 7, №:7) (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 13)

... Абд-и Хайрдан: Эмирүлмүминин Али бин Эби Талиб алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Расулуллах (сав) мага мындай деди:

... (АЗ. МЕХДИ (АС)) Жер жүзү зулумдук менен таш боордукка толгондо чыгат жана аны адилеттик менен теңчиликке толтурат. КӨБҮНЧӨ БИРӨӨ АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЖАНЫНА КЕЛЕТ ЖАНА АНЫН ЖАНЫНДА КӨП МАЛ-МҮЛК БОЛОТ ЖАНА АЛ КИШИ АЙТАТ: «ЭЙ МЕХДИ! МАГА БУЛ МАЛ-МҮЛКТӨН ТАРТУУ КЫЛ.» АЙТАТ: «КААЛАШЫҢЧА НЕМАТ ТАРТУУ КЫЛДЫМ.» (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 97-98)

Аз. Имам Хусейинден (ра) мындайча риваят кылынган: «Бир-бириңердин акыбалыңарды сурап бир-бириңерге тартуу кылгыла. Ант болсун данды жарып өстүргөн жана жандыктарды жараткан Аллахка, УШУНДАЙ БИР ЗАМАН КЕЛЕТ, ЭЧ КИМ БИР ДИНАР ЖАНА ДИРХАМ КАРЖАГАНГА БИР ЖЕР ТАБА АЛБАЙ КАЛАТ.» (Б.а. Аз. Мехди (ас) көрүнгөндө Аллах Тааланын жана велисинин (олуясынын) (Аз. Мехди (ас)дын) ашыкча берешендигинен улам эч ким акчасын сарптай турган бир жер таба албай калат). (Ikdüd Dürer, б. 236)

Аз. Мехди (ас) көрүнгөндө жана кыямында ...БҮТ АДАМДАР МУКТАЖ БОЛГОН НЕРСЕСИН ЭЧ ТОСКООЛДУКСУЗ БАШКА БИРӨӨНҮН ЧӨНТӨГҮНӨН АЛАТ. (El-İhtisas (Şeyh Müfid), б. 24)

Аз. Мехди (ас) доорунда МОМУНДАР БИР-БИРИ МЕНЕН ЖАСАГАН МАМИЛЕЛЕРИНДЕ ПАЙДА АЛЫШПАЙТ. (Vesail'üş Şia, Ticaret babları)

Анын доорунда үммөттүн жакшылары да, жамандары да БОЛУП КӨРБӨГӨНДӨЙ КӨП НЕМАТТАРГА ЭЭ БОЛОТ. Көп жамгыр жааса да, бир тамчысы да текке кетпейт, топурак бир дагы урук каалабастан өндүрүмдүү жана берекелүү болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 21)

Ислам Тынчтыктын Жана Сүйүүнүн Дини; Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Чыккан Доор Тынчтык, Бейпилдик Доору Болот

Исламдын Тынчтыктын, Сүйүүнүн Жана Бир Туугандыктын Дини Экени Жөнүндөгү Куран Аяттары:

Эй ыйман келтиргендер, баарыңар тобуңар менен «тынчтык жана бейпилдикке (Силмге, Исламга) киргиле жана шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Себеби ал - силерге апачык бир душман. (Бакара Сүрөсү, 208)

Аллах тынчтык мекенине чакырат жана кимди кааласа туптуура жолго багыттап-жеткирет... (Йунус Сүрөсү, 25)

... Ким бир жанды, ал башка бирөөнү өлтүрүп же бир бузукулук чыгарбаса да (эч күнөөсүз жерден) өлтүргөн болсо, бардык адамдарды өлтүргөндөй (күнөө кылган) болот... (Маида Сүрөсү, 32)

Момундар (ыймандуулар) бир тууган. Демек бир туугандарыңардын арасын оңдогула жана Аллахтан коркуп-тартынгыла; ошондо боорукердик табаарсыңар. (Хужурат Сүрөсү, 10)

Аллахка жана Элчисине моюн сунгула жана өз ара урушуп талашпагыла, маанайыңар түшүп, күчүңөр жоголот. Сабыр кылгыла. Күмөнсүз, Аллах сабыр кылгандар менен бирге. (Энфал Сүрөсү, 46)

Ыйман келтиргендер жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандар болсо, Рахман (Аллах) алар үчүн бир сүйүү кылат. (Мерйем Сүрөсү, 96)

Силер адамдар үчүн чыгарылган жакшы бир үммөтсүңөр; маруфту (жакшы жана Исламга туура келгенди) буюруп, мүнкерден (жаман иш, күнөөлөрдөн) тососуңар жана Аллахка ыйман кыласыңар. (Али Имран Сүрөсү, 110)

Сен кечирим (же жеңилдик) жолун танда, (Исламга) ылайык болгонду буйрук кыл жана караңгы-сабатсыздардан жүзүңдү бур. (Аьраф Сүрөсү, 199)

Аз. Иса (aс) Дын Жер Жүзүнө Тынчтык Менен Сүйүү Алып Келээри, Кылмыш, Зулумдук Менен Согуштарды Токтотоору Жөнүндөгү Хадистер:

Аллахка ант, Мерйем уулу Иса адилеттүү бир өкүмдар катары сөзсүз түшөт... Жана бүт ДУШМАНДЫКТАР, УРУШТАР, КЫЗГАНЫЧТЫКТАР СӨЗСҮЗ ЖОК БОЛОТ... (Ölüm Kıyamet Ahiret, б. 498)

Иса бин Мерйем (ас) менин үммөтүм ичинде;
Адилеттүү бир өкүмдар жана адилеттүү бир имам болот,... (Зиммилерден) Салыкты алып салат, идиш сууга толгон сыяктуу, ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ. Дин биримдиги да болот, андан соң Аллахтан башкага сыйынылбайт. (Sünen-i İbni Mace, 10/334)

Иса (ас) үммөтүм ичинде адилеттүү бир өкүм чыгаруучу, толук адилеттүү бир имам –өкүмдар- катары болот... БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, КЕКЕНҮҮЛӨР ЭЭРИП ЖОК БОЛОТ... Жер жүзү күмүш табак сыяктуу болот жана Азрети Адам заманындагы сыяктуу (мол) өсүмдүктөрүн чыгарат... (Ölüm-Kıyamet-Ahiret, б. 496)

Идиш сууга толгон сыяктуу ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ. ЭЧ КИМДИН АРАСЫНДА БИР ДУШМАНДЫК КАЛБАЙТ. ЖАНА БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, УРУШТАР, КЫЗГАНЫЧТЫКТАР СӨЗСҮЗ ЖОГОЛОТ. (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), 1/136)

Анан кырк жыл өмүр сүрөт. Анын заманында эч ким өлбөйт. Адам кой менен айбандарына (баргыла, оттогула) дейт; алар кетишет, эгиндин ортосунан өтүп баратып бир башак да ооздоруна алышпайт. Жылан менен чаяндар эч кимге зыян тийгизишпейт. Жырткыч айбандар эшиктердин алдында туруп эч кимге зыяндары тийбейт... (İmam Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, б. 1699, б. 184)

Адамдар арасындагы ДУШМАНДЫКТАР МЕНЕН КЕКЕНҮҮЛӨР ЖОГОЛОТ. Чаян менен жыландардын уулары болбойт, ал тургай бир жаш бала колу менен жылан менен ойноп, жылан аны чакпайт. Жаш кыз арстанды качууга мажбурлайт, арстан ага тийишпейт. Бөрү койлор арасында бир койчунун ити сыяктуу кайтарып турат. Идиштин сууга толушу сыяктуу жер жүзү дин биримдигине толот. Аллахтан башкага сыйынылбайт. СОГУШ, УРУШ ДЕГЕНДЕН ЭЧ НЕРСЕ КАЛБАЙТ... Жер жүзү күмүш дасторкондой болот. Өсүмдүктөрүн Адам заманындагы сыяктуу чыгарат. Бир сабак жүзүмгө бир аскер тойот. Бир топ адам жалгыз анарга тойот. Бир өгүздүн баасы ушунчалык болот, бир канча дирхамга бир ат сатып алынат.
Айтылды:
«Эй Аллахтын Пайгамбары! Эмне үчүн ат анчалык арзан болот?»
«СОГУШ БОЛБОГОНДУКТАН АГА КӨП МУКТАЖДЫК КАЛБАЙТ.»
«Эмне үчүн өгүз анчалык кымбат болот?»
«Жер жүзүнө бүт эгин айдалгандыктан, ал өтө керек болот...» (Ibn-i Mace benzerini Ebu Ümame'den nakletti, Büyük Hadis Külliyatı, Rudani, 5-том, б. 370-371-372)

Иса Алейхиссалам үммөтүм ичинде адилеттүү бир өкүм берүүчү, толук адилеттүү бир имам –өкүмдар- катары болот... БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, КЕКЕНҮҮЛӨР ЖОК БОЛОТ, ар уулуу айбандын уусу чыгарылып алынат. Ал тургай, жаш бала колун жыландын оозуна салса, жылан балага зыян бербейт. Жаш кыз арстанды (жакшы көрүп) кысат, арстандын балага зыяны тийбейт. Бөрү койлордун арасында аларды коргоочу иттери сыяктуу болот. ЖЕР ЖҮЗҮ, ИДИШ СУУГА ТОЛГОН СЫЯКТУУ, ТЫНЧТЫК МЕНЕН БЕЙПИЛДИККЕ ТОЛТУРУЛАТ. (Ошол кезде) жалгыз келме (б.а. тавхид (жалгыз Аллах) келмеси) болот жана бир гана Аллахка сыйынылат. Согуш (адистери) ООРДУКТАРЫН (Б.А. КУРАЛ-ЖАРАК ЖАНА БАШКАЛАРДЫ) ТАШТАЙТ... (Ölüm Kıyamet Ahiret, б. 496-497)

(Аз. Иса Алейхиссалам) Анан кырк жыл өмүр сүрөт. АНЫН ЗАМАНЫНДА ЭЧ КИМ ӨЛБӨЙТ. Адам кой менен айбандарына (баргыла, оттогула) дейт; алар кетишет, эгиндин ортосунан өтүп баратып бир башак да ооздоруна алышпайт. Жылан менен чаяндар эч кимге зыян тийгизишпейт. Жырткыч айбандар эшиктердин алдында туруп эч кимге зыяндары тийбейт. Киши бир өлчөм буудай алып өгүзсүз жана сокосуз эгет, андан жети жүз өлчөм буудай алат. (İmam Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, б. 184)

Жети жыл бою ЭЧ КИМ ЭЧ КИМГЕ ДУШМАНДЫК КЫЛБАЙТ.» (264- İbn Mende, a.e.II 958-9, el-Mukaddesi, a. E. Vr. 136- a 137-b)

Анын (Аз. Иса) заманында топурак (жер) тереңдердеги казыналарын чыгарат. Адамдар мал-мүлккө муктаж болушпайт. Кызганычтык менен кекенүүлөр жоголот. Аллах бүт уулуу жандыктардын ууларын жок кылат. Ошентип жаш балдар жылан жана чаяндар менен ойноп, эч зыян көрүшпөйт. Бөрү койго зыян бербейт. АДАМДАР БИР-БИРИН ӨЛТҮРҮШПӨЙТ. ЖЕР ЖҮЗҮНӨ ТЫНЧТЫК ОРНОЙТ. Топурак алгачкы замандардагы сыяктуу мол түшүм берет. (265- bk. Müsnet, II, 409, 437; es-Sefarini, Levami, II 95) (İslam inancı açısından nüzul-i İsa meselesi, Dr. Zeki Sarıtoprak, Çağlayan yayınları, İzmir-1997, б. 96)

Адамдар арасында себептери жоголгон үчүн КЕКЕНҮҮ МЕНЕН ДУШМАНДЫККА ОРУН БОЛБОЙТ... (Kıyamet Alametleri, б. 242-243)

«Мерйем уулу (Иса) сөзсүз түшөт.»... «ДУШМАНДЫК, ТААРЫНЫШУУ ЖАНА КЫЗГАНЫЧТЫКТАР ЖОГОЛОТ.» (Ebu Hureyre r.a. / Büyük Hadis Külliyatı, Rudani 5-том, б. 379)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Көрлөр Айыгып, Оорулуулар Шыпаа Табат, Узун Өмүр Жайылат

Замандын Имамы (Аз. Мехди (ас)) убагында КӨРЛӨР КӨРҮҮ КҮЧҮНӨ ЭЭ БОЛОТ жана ООРУЛУУЛАР ШЫПАА ТАБЫШАТ. (Bihar-ül Envar, том 51, бет 70)

Ал кезде (Аз. Мехди (ас) заманында) УЗУН ӨМҮР ЖАЙЫЛАТ (КӨБӨЙӨТ). (Bihar-ül Envar, том 52, бет 330 Şeyh Toosi(a.r), Al-Ghaibah'den aktarıyor; İküd'dürer)

Ал доордо (Аз. Мехди (ас) доорунда) бүт нерсеге Кудуреттүү болгон АЛЛАХ МУСУЛМАНДАРДАН БҮТ ООРУЛАРДЫ КЕТИРЕТ. КҮЧ-КУБАТТАРЫНА КАЙРАДАН ЖЕТИШЕТ. (Bihar-ül Envar, том 52, бет 335 жана 364; Mikyaal al-Makaarem, том 1, бет 247)

Бул хадистерде Аз. Мехди (ас) доорунда медицина илиминде жана дары-дармек технологиясында боло турган укмуштуу өнүгүүлөр натыйжасында көрбөгөн адамдардын Аллахтын каалоосу менен шыпаа таап, көздөрүнүн көрүп калаарына, оорулардын көпчүлүгүнүн дарыланаарына жана мунун себебинен өмүрлөр узараарына ишарат кылынууда.

Аз. Мехди (aс) Өлкөлөр Арасында Теңдикти Алып Келет

Аз. Мехди (ас) мал-мүлктү элдер арасында бирдей (тең) таркатат жана бүт класс айырмачылыктарын жок кылат. (Bihar-ül Envar, том: 51, б. 78 жана 88)

Аз. Мехди (ас) өлкөлөр арасындагы бакубаттык деңгээлин теңдейт. Мал-мүлк адамдарга орток бөлүштүрүлөт. Бай менен жакырлар арасындагы айырмачылык Аз. Мехди (ас) заманында толугу менен жоголот. Аз. Мехди (ас) Ислам ахлагынын дүйнөгө орношуна себепчи болот жана бүт дүйнөгө теңдик менен бир туугандык маанайын алып келет.

Аз. Мехди (aс) Доорунда Ушунчалык Көп Жакшылык Менен Сулуулуктар Жаратылгандыктан, Өздөрүн Руханий Өлүү Сезгендер Дагы Абдан Жашагысы Келет

Эбу Саид Пайгамбарбыз (сав) мындай дегенин риваят кылат: «... Андан соң Аллах Таала Эхли Бейтимден бирөөнү (Аз. Мехди (ас)ды) зулумдукка толгон жер жүзүн адилеттикке толтурушу үчүн жөнөтөт. Асман менен жер жашоочулары андан (Аз. Мехди (ас)дан) ыраазы болушат. Жер жүзү бүт өсүмдүктөрүн аларга өстүрөт жана асман тынымсыз аларга жамгыр жаадырат. ... АЛЛАХ ТААЛА ЖЕР ЖҮЗҮНӨ ТҮШҮРГӨН МЫНЧА КӨП ЖАКШЫЛЫКТАР СЕБЕБИНЕН ӨЛҮКТӨР КАЙРАДАН ЖАШООНУ КААЛАШАТ.» (El-Beyan, б. 72, Es-Sevaik-ul Muhrika, б. 161, Yenabi-ul Mevedde, т.2, б. 177)

Пайгамбарыбыз (сав)дан жеткирилген хадистер менен риваяттарда Аз. Мехди (ас) чыккандан кийинки доордо адамдардын материалдык, моралдык бүт тараптан өтө бийик бир бакубаттык деңгээлине жетээри, болуп көрбөгөндөй бир бейпилдик жана бактылуулук ичинде жашашы кабар берилген. Ал доордогу жашоонун сонундугунан улам руханий жактан өздөрүн өлүү сезген, «мен ансыз да өлүкмүн» деген же эл арасында «бул киши ансыз да качан эле өлгөн» сыяктуу сыпатталган адамдар да кайрадан жашоо каалоосуна толушат. Ошондуктан хадисте Аз. Мехди (ас) доорунда боло турган теңдешсиз сонун жашоо себебинен ушул сыяктуу адамдардын да жанданаарына, диний күчтөнөөрүнө ишарат кылынган.

Аз. Мехди (aс) Доорунда Адамдардын Жүрөктөрү Кайгы Менен Кападан Арылат

(Аз. Мехди (ас) доорунда) Жүрөктөр КАЙГЫ МЕНЕН КАПАДАН АРЫЛАТ. (Bihar-ül Envar, том: 52, бет: 129; том: 102, бет: 102; Mikyaal al-Makaarem, том: 1, бет: 116 жана 142; Misbaah al-Zaaer, бет: 217-219)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Адамдардын Жүрөктөрү Сүйүү Жана Биримдик Каалоосуна Толот, Дүйнөнүн Бүт Тарабына Сүйүү Менен Боорукердик Жайылат

Замандын Имамынын (Аз. Мехди (ас)дын) берекети менен АДАМДАРДЫН ЖҮРӨКТӨРҮ СҮЙҮҮ МЕНЕН ЫНТЫМАККА ТОЛОТ. (Bihar-ül Envar, том: 53, бет: 187; Mikyaal al-Makaarem, том: 1, бет: 52)

(Аз. Мехди (ас) заманында) СҮЙҮҮ МЕНЕН БООРУКЕРДИК ДҮЙНӨНҮН БҮТ БУРЧТАРЫНА ЧЕЙИН ЖАЙЫЛАТ (ОРНОЙТ). (İkbal'ul-A'mal бет: 507; Bihar-ül Envar, том: 21, бет: 312)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Жашагандардын Кубанычтан Көздөрү Жаркырайт

Үммү Хани айтат: Имам Эбу Жафер Мухаммед Бакыр алейхиссалам мындай дедим: Имам мындай деди: Эй Үммү Хани! Анан караңгы түндөгү нур сыяктуу көрүнөт. ЭГЕР СЕН ОШОЛ ЗАМАНДА (АЗ. МЕХДИ (АС) ЗАМАНЫНДА) ЖАШАСАҢ, КУБАНЫЧТАН КӨЗДӨРҮҢ НУРДАНАТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 171)

...Ибрахим эль Керхиден: ...Имам Жафери Садык алейхиссалам мага мындай деди: ...Эй Ибрахим! Ал (Аз. Мехди (а.с.)) оор азаптардан жана балээлерден коркуу менен ачтыктан соң жүрөктөрдөгү кайгыны кетирет. АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЗАМАНЫНДА ЖАШАГАНДАР КАНДАЙ БАКТЫЛУУ!

...Ибрахим-и Керхи айтат: Жүрөгүмдү мынчалык сүйүнткөн жана көзүмө жаш алып келген мындай бир сөздү ошол кезге чейин уккан эмес элем.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 95-96)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • 1. Китеп Аз. Иса (aс) Жана Аз. Мехди (aс) Ушул Кылымда Келет - Баш Сөз
  • 1. Бөлүм Аз. Иса (aс) Жана Аз. Мехди (ac) Дын Чыгаар Убактысы (1/2)
  • 1. Бөлүм:Аз. Иса (aс) Жана Аз. Мехди (ac) Дын Чыгаар Убактысы (2/2)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (1/20)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (2/20)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (3/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Алааматтары (Белгилери) (1/3)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (4/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Алааматтары (Белгилери) (2/3)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (5/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Алааматтары (Белгилери) (3/3)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (6/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Чыгаарынын Үмүт Үзүлүшү Да Анын Чыгуу Алааматтарынан
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (7/20) - Аз. Мехди (aс) Чыгаардан Мурда Элдердеги Бузулуулар
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (8/20) - Аз. Мехди (aс) Ды Башында Адамдардын Көпчүлүгү Байкашпайт
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (9/20) - Аз. Мехди (aс) Түркиядан Чыгат Жана Стамбулда Иш-Аракет Жүргүзөт
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (10/20) - Аз. Мехди (aс) Ыйык Аманаттар Менен Бирге Чыгат
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (11/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Жогорку Мүнөзү Жана Руханий Бийиктиги
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (12/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Пайгамбарларга Жана Олуяларга Окшош Өзгөчөлүктөрү
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (13/20) - Аз. Мехди (aс) Жамаатынын Өзгөчөлүктөрү
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (14/20) - Аз. Мехди (aс) Доорунун Мүнафыктары Тарыхтагы Эң Чектен Чыккан Мүнафыктар Болот
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (15/20) - Аз. Мехди (aс) Доорундагы Жалган «Дин Аалымдары
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (16/20) - Аз. Мехди (aс) Доорунда Кан Төгүлбөйт, Ислам Ахлагы Илимий Иш-Аракеттер Менен Бүт Дүйнөгө Жайылат
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (17/20) - Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Бирге Илимий Күрөш Жүргүзөт, Аз. Иса (aс) Аз. Мехди (aс) Га Баш Ийет
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (18/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Башка Кээ Бир Өзгөчөлүктөрү
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (19/20) - Аз. Мехди (aс) Доорунда Еврейлер
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (20/20) - Пайгамбар Мырзабыз (cав) Кабар Берген Акыр Заман Технологиялары
  • 3. Бөлүм: Аз. Иса (aс) Ушул Кылымда Жер Бетине Кайрадан Келет
  • 4. Бөлүм Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Доорунда Боло Турган Алтын Кылым
  • 5. Бөлүм Акыр Заман Менен Аз. Мехди (aс) Жөнүндөгү Хадистерди Акыл Жана Аллах Мыйзамына Ылайык Түшүнүш Керек
  • 6. Бөлүм Мехдилик Окуясы Күчтүү Далилдерге Таянат
  • 7. Бөлүм Күтүлгөн Аз. Мехди (aс) Жөнүндө Бүт Ислам Аалымдарынын Пикирлери (1/2) - Кутуби Ситтеде Орун Алган Мехдилик Жөнүндөгү Кээ Бир Хадистер
  • 7. Бөлүм Күтүлгөн Аз. Мехди (aс) Жөнүндө Бүт Ислам Аалымдарынын Пикирлери (2/2) - Ахмед Мухсин Мерич