Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтары жөнүндө Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын көптөгөн хадистери бар. Ал хадистер көптөгөн атактуу Ислам аалымдарынын китептеринде бизге алып жеткирилген. Бул бөлүмдө ушул хадистердин азыркы заман менен байланышы каралат. Ал хадистердин биз жашап жаткан доордун чөйрө менен шарттарын апачык сүрөттөгөнүн жана жакынкы эле жылдары катары менен ишке ашкан кээ бир өтө маанилүү окуяларды кереметтүү абалда кабар бергенин көрөбүз.
Мурдакы бөлүмдөрдө да айтып кеткендей, Аз. Мехди (ас) чыгышы жана кыямат алааматтары жөнүндөгү хадистердин катары менен ишке ашышы белгилүү бир доорго ишарат кылууда. Жана бүт алааматтардын Хижрий 14-кылым башынан (1979-1980-жж.) баштап катары менен чыгышы биз жашап жаткан доордун Аз. Мехди (ас)дын жер бетинде жашап жаткан жылдары экенин апачык көрсөтүүдө.
Төмөндө бир бөлүгү гана каралган жана баары катары менен ишке ашкан бул алааматтарды көрмөксөн болуу аларды дагы бир жолу катары менен ишке ашышы керек деп айтканга тете болот. Чындыгында болсо, бул алааматтар ансыз да бир жолу жана катары менен болуп өттү. Жана бул абал Мусулмандардын Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген акыр замандын ичинде жашап жатканын түшүнүшү үчүн жетиштүү. Ишке ашкан бул жүздөгөн алааматка карабастан, «ушул эле алааматтар дагы бир жолу болсун» деп айтуу акыл менен логикага такыр сыйбайт. Чын ыкластуу бир Мусулман үчүн бул алааматтардын Пайгамбарыбыз (сав) айткандай абалда болуп өткөнүн бир жолу көрүү чындап акыр заманда жашап жатканына жана Аз. Мехди (ас)дын иншаАллах (Аллах буйруса) чыкканына ишениши үчүн жетиштүү.
Эми хадистерде кабар берилген Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын кээ бирлерин карайлы. Бул жерде Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген алааматтардын бир бөлүгү гана каралган, негизи Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген жүздөгөн алаамат бар жана алардын баары Хижрий 1400-жылдан баштап болуп өттү.
1) Аз. Мехдинин чыгуу алааматтарынын катары менен болушу
2) Фитналардын көбөйүшү
3) Аз. Мехди чыгаардан мурда абдан көп киши өлтүрүүлөрдүн болушу
4) Дүйнөнүн бардык тарабында хаос жана каргашанын жайылышы
5) Аялдар жана балдар да өлтүрүлгөн бузукулуктардын болушу
6) Экономикалык кризис Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынан
7) Мусулмандарга кысымчылыктын көбөйүшү
8) Мечиттердин бузулушу
9) Арамдардын адал саналышы
10) Аллахты ачык түрдө тануу
11) Иран-Ирак согушу
12) Афганистандын басып алынышы
13) Евфрат суусунун токтошу
14) Рамазан (орозо) айында ай менен күн тутулуулар
15) Куйруктуу жылдыздын чыгышы
16) Каабага чабуул жана Каабада кан төгүлүшү
17) Чыгыш тараптан бир оттун көрүнүшү
18) 1979-жылы Стамбулда болгон кеме жарылуусу
19) Жалган пайгамбарлардын көбөйүшү
20) Диндин жеке кызыкчылыктарга пайдаланылышы
21) Чоң окуялардын жана таң калыштуу нерселердин болушу
22) Күндөн бир алааматтын болушу
23) Чоң шаарлардын жок болушу
24) Жер титирөөлөрдүн көбөйүшү
25) Чоң бир окуянын болушу
26) «Эки тиштүү» куйруктуу жылдыздын көрүнүшү
27) Космосто адамдын колуна окшош бир көрүнүштүн пайда болушу
28) Чоң селдердин болушу
29) Чымчык жана чочко тумоосу Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынан
30) Акыр замандын маанилүү бир алааматы – бул чагылган урушунун көбөйүшү
31) Багдаддын оттор менен жок кылынышы
32) Ирак армиясынын чөлдө жоголушу
33) Ирактыктардын акчасынын калбашы
34) Ирак менен Дамаскка эмбарго коюлушу
35) Ирактын кайрадан түзүлүшү
36) Дамаскта фитналар болушу
37) Күнөөсүз жаш балдардын өлтүрүлүшү
38) Ирак элинин Дамаскка, түндүккө качышы
39) Дамаскта, Иракта жана Арабистанда каргашалар болушу
40) Евфрат менен Дижле арасында чоң уруштардын болушу
41) Ирак элинин үч топко бөлүнүшү
Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтары кабар берилген хадистерде ал алааматтардын катары менен «бир тасбихтин мончоктору» сымал болоору айтылат. Чындап эле бул алааматтар катары менен жана Пайгамбарыбыз (сав) айткандай болуп жатат. Хадистерде айтылгандай, дүйнөнүн төрт тарабында каргаша жана анархия көбөйүп, катары менен фитналар, кыргындар жана чоң кырсыктар болуп жатат, жакырчылык менен ачарчылык өсүп, адамдар көп азап тартышууда. Бүт бул алааматтардын катары менен белгилүү бир доордун ичинде болуп жатышы Мусулмандар кылымдардан бери күткөн куттуу инсандын келгенин көрсөтүүдө.
Мен Эбу Абдуллах Хүсейин бин Алиге мындай дедим «Бул иштен мурун алааматтар барбы?» - Мехдинин чыгышын айтып жатат – Ал «Ооба» деди. Мен «Алар эмнелер?» дедим. Ал: «Бени Аббастын кыйрашы, Сүфйандын чыгышы, Бейдада чөгүш» деди. Мен кайра «Бул иштин узакка созулушунан коркуп жатам» дедим. Ал: «Бул иш тасбих мончоктору сыяктуу катары менен болот.» деди. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki (Али Бин Хүсамеддин Эль Муттаки), Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр Заман Мехдисинин алааматтары), Kahraman Neşriyat (Кахраман Нешрийат), 34-бет)
Кыямат аламаттары бири-биринин артынан ишке ашат. Бир тизмектеги мончоктордун катары менен үзүлүшү сыяктуу. (Ramuz-El Ehadis, 277/6; Camiü's-Sagir, 3/167)
Абдан аянычтуу абалдар жана көрүнүштөр көрүнөт. Фитналар бири-биринин артынан уланат... (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, sf. 36)
Бир фитна болот, мунун артынан башка фитналар болот... (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, sf. 26)
«Фитна» сөзү адамдардын дин боюнча сыноолору оордошкон окуяларды, чөйрө жана шарттарды сүрөттөйт. Адамдардын жашоо шарттары оордошкон, Аллах жана дин ар кандай жолдор менен жалганга чыгарылуу аркылуу адамдардын ыйманын алсыздандырууга, жок кылууга аракет кылынган күчтүү сыноо чөйрөлөрү Ислам булактарында фитна чөйрөсү деп аталат.
Төмөнкү хадис Аз. Мехди (ас)дын чыгышынан мурун момундардын ыймандарынын алсызданаарын жана буга себеп боло турган окуяларды кабардайт:
Кыямат жакындаганда жана момундардын жүрөгү; өлүм, ачарчылык, фитналар, сүннөттөрдүн жоголушу, бидаттардын (кошумчалардын) пайда болушу, жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан тосуу мүмкүнчүлүктөрдүн жоголушу сыяктуу себептер менен алсызданган кезде менин урпактарымдан Мехди аркылуу Женабы Хак (Улуу Аллах) сүннөттөрдү жандандырат. Анын адилети жана берекети менен момундардын жүрөгү бейпил болуп, Ажем (Арап эместер) менен Арап элдери арасында сүйүү, урмат орнойт. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 66-б.)
Кыскача айтып кете турган болсок, Аз. Мехди (ас)дан мурда төмөнкү окуялар болот:
1- Өлүм: Анархия менен көптөгөн кыргындар натыйжасында элдердин жан коопсуздугу азайат жана натыйжада тынчсыздануу күчөйт.
2- Ачарчылык: Жашоонун (бүт нерсенин) кымбат болушу себебинен күн өткөрүүнүн оордошу. Балээлер менен табигый кырсыктар натыйжасында жетишпестик, ачарчылыктын көбөйүшү.
3- Фитналар: Арамдардын чоң-кичине бүт баарынын арасында болушунча жайылышы жана арамга чакырыктын күчөшү. Ар кандай уятсыздыктын адамдардын көзүнчө жасалышы.
4- Бидаттардын (кошумчалардын) пайда болушу: Диндин өзүндө жок, кийин чыгарылган адат-салттардын диндин негиздериндей кабыл алынышы.
5- Дин ахлагына чакыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн жоголушу: Жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу, кыскасы, динге чакыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоголушу натыйжасында пайда болгон боштук.
Фитна чөйрөлөрү ыйманы бекем момундар (ыймандуулар) үчүн ыймандарынын, сабырларынын жана акыреттеги даражаларынын жогорулашына себепчи болсо, алсыз жана үстүртөн ыйманга ээ болгон адамдардын ыймандарын жоготушуна же андан да алсыздашына жол ачат. Аз. Мехди (ас) мына ушундай бир фитна шарттары күчтүү бир доордо чыгат:
1- The crime toll, 2- Corruption up, adultery down, 3- We have given ourselves over to drink,
4- Alcohol is leading to crime, 5- Their life disgraces young people, 6- 400 gay and lesbian couples marry in Finland,
7- Alcoholism is spreading, 8- Theft is everywhere, 9- There are 1 million alcoholics,
10- Revolt against the interest system, 11- An avalanche of prostitution,
12- A huge rise in crimes of theft, 13- The scourge of prostitution
1- Children in Holland start drinking alcohol at 13, 2- A solution is being sought to the crime explosion,
3- Gangs of thieves popping up everywhere, 4- A record in prison population!,
5- A father who cut off his daughter's head and went to play cards in the coffee house stuns prosecutor,
6- He killed his daughter to avoid paying compensation, 7- Drug age falls to 9 uyuşturucu,
8- A native American high school students kills 9 people and then commits suicide,9- Society is going mad,
10- Blast in Prostitution, 11- 11-year old pupil opened gunfire to school ,12- Prostitution now the biggest sector
Аз. Мехди (ас) фитналар чыккан бир убакыт аралыгында келет. (Mektubat-ı Rabbani (Мектубаты Раббани), 2-258)
Башка бир хадисте болсо акыр заманда «батыш» тарапта баш аламандык, фитна жана коркуу болоору кабар берилет:
Магрибде (батышта) башаламандыктар, фитналар жана коркуу болот. Ачарчылык жана кымбатчылык абдан жайылат. Фитналар көбөйөт.(Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri (Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр заман алааматтары), İmam Şarani (Имам Шарани), 440-б.)
Башка бир хадисте болсо Аз. Мехди (ас)дын бүт тарапка жеткен өтө таркаган бир фитна бар кезде чыгаары кабар берилет:
Эч бир тарап андан жашына албай турган бир фитна болот, бул фитна болгон жерден башка тарапка ылдам жайылат жана бул абал бир чакыруучу (мүнади) асмандан добуш чыгарып: «Эй инсандар, мындан кийин амириңер Мехди» деп айтканга чейин уланат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)
Хадисте бүт адамдарга жете турган, ылдам жайыла турган бир фитнадан сөз болууда. Б.а. бүт адамдар кабардар боло турган, динге жана Аллахка каршы чыгарылган бир фитна адамдардын ыймандарына каршы аракет кылат. Учурда Аллахтын бар экенине жана жаратышына каршы чыгарылган эң чоң жана эң масштабдуу агым – бул материалисттик философия. Бул философия таянган «илимий негиз» болсо – бул «эволюция теориясы». Эч кандай илимий жана логикалык далилге таянбаган, жана акыл менен илимге бүтүндөй туура келбеген бул тантырак теория күчтүү пропаганда, алдамчылык жана көз бойомочулук ыкмалары аркылуу дүйнө жүзүндө белгилүү материалисттик чөйрөлөр тарабынан адамдардын аң-сезимине сиңирүүгө аракет кылынууда.
1- Social insanity, 2- Blast in ordinay crimes, 3- 298 percent increase in Drug Crimes, 4- Freightening public order,
5- Blast in social events, 6- Gambling, drugs and prostitution are rocketing, 7- We all go through insanity,
8- 150 million people tapped by drugs, 9- Thieves and perverses do not improve, 10- 1269 murders in 10 months,
11- Child prostitution got on the rise with tourism, 12- Children forced to delinquency on the rise,
13- Criminal actions doubled in a decade, 14- Crime blast in suburbs,
15- Poverty drives Crime, 16- Scary rise in organized crimes
Учурда эволюция теориясы гезит-журнал, телевизорлор аркылуу кирбеген бир дагы үй, бул теорияны укпаган бир дагы адам дээрлик жок сыяктуу. Бул абал бүт Батыш дүйнөсүнө да, кээ бир Мусулман өлкөлөргө да тиешелүү. Окуу китептерине да киргизилген бул теория ойлоп чыгарган сансыз калп жана көз бойомочулуктар менен жаш кезинен баштап адамдарга сиңирилип, «биз кокустан пайда болдук», «маймылдан келип чыктык» сыяктуу күлкүмүштүү калптар менен адамдарды жаңылтышууда. Биринчи класстан баштап университеттерге чейин жаштардын мээлери эволюционисттик калптар менен жуулууда.
Болгондо да, Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде билдирген бүт тарапка кире турган жана ылдам жайыла турган мындай бир фитна учурдагы технологиялык мүмкүнчүлүктөр (гезит-журнал, телевизор, радио, интернет, космостук байланыш ж.б.) менен гана болушу мүмкүн. Чындап эле ушул күнгө чейин Аллахтын бар экенине, жаратылууга жана динге каршы согуш ачкан, дүйнөлүк масштабга жайылган башка бир фитна мурда болгон эмес. Булардын баары Аз. Мехди (ас)дын чыгуу убактысынын биз жашап жаткан убакка туура келээринин маанилүү ишараттары. Хадисте, мындан тышкары, Аз. Мехди (ас) келген соң бул фитнанын токтошу да айтылууда.
Хадистерде Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда дүйнөнүн көп бөлүгүнө жайылган зордук жана каргашалардын болоору, көп кан төгүлөөрү айтылат:
Ушул окуялар болмойунча, кыямат келбейт... Өлүмдөр жана кыргындар көбөйөт... (Camiü's-Sagir, 3:211, Müsned, 2:492, 4:391, 392)
Шаууальда согуш үндөрү, Зилхижжада согуш жана киши өлтүрүүлөр болот. Дагы Зилхижжеде ажылар тонолот, ал тургай көчөлөр кандан өтө албай турган абалга келет... Хержүмерж (кан төгүү) көбөйүү менен уланат. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 37-б.)
Минага түшүшкөндө, айланалары иттер курчагандай курчалып, уруулар бири-бирине кол салышы менен чоң согуштар болот. Буттар кан көлү ичинде калат... (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)
1- An atlas of blood, gunpowder and tears, 2- Since the World War II. 10 Million People have died in various conflicts,
3- 5.5 million people are at war, 4- Terror, the world's greatest scourge
Минада көп өлүм боло турган бир согуш болот. Ал жерде таштарды кан көлүнө тумчуй турганчалык кан агат. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 31-б.)
Абдан кеңири таралган жана токтошу мүмкүн эмес сыяктуу бир фитна чыгат... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 55-б.)
Эч бир тарап андан коргоно албай турган бир фитна чыгат, ал фитна калган жеринен ылдам башка бир тарапка жайылат... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 21-22-б.)
1- Violence is all over the world, 2- We are being wiped out by wars, 3- The world is unceasingly afflicted by terror,
4- Military expenses do not ease down, 5- Wars were supposed to be going to end
Бул фитна жана балээлерден акыр замандагы технология мүмкүнчүлүктөрү урматында бүт адамдар кабардар болушат. Окуялар болгон кезде, окуя болгон жерде өтө аз адам болсо дагы, дүйнө жүзү болуп өткөндөрдөн кабардар болот. Бул болсо акыр заманда массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө жана кеңири колдонулушуна бир ишарат. Радио, телевизор, гезит, интернет сыяктуу каражаттар кыргындарды, өлүмдөрдү, кан төгүүлөрдү, адилетсиздиктерди, зулумдукту бүт дүйнөгө угузат жана ал фитналардан бүт адамдар кабардар болушат.
Дүйнө херж-ү мерж* ичинде калганда, фитналар чыкканда, жолдор кесилгенде, кээ бирлери кээ бирлерине кол салганда, чоң кичинеге мээримдүүлүк көрсөтпөй, чоңго урмат көрсөтүлбөгөндө, Аллах бул учурда алардан душмандыктын тамырын казып, далалат дарбазаларын колго алат жана башында мен бутуна тургузган сыяктуу, акыр заманда динди бутуна тургузат, мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттүүлүккө толтура турган бирөөнү (Мехдини) жөнөтөт. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman) <
* Херж-ү мерж: Адамдар арасында пайда болгон фитна, фесат (баш аламандык), оор, хаос, тартипсиз чөйрө.
Хадисте белгилүү бир жер айтылбастан, баш аламандыктын дүйнөнү бүт тарабына жайылаарына ишарат кылынууда. Чындап эле хадис сүрөттөгөндөй,учурда дүйнөнүн бүт тарабында чоң каргашалар, согуштар, кыргындар жана террор окуялары уланууда. Күн сайын жүздөгөн адам себепсиз өлтүрүлүп, мекендеринен чыгарылууда.
1- Terror's latest insanity, 2- Panic in London, 3- Bali experienced Hell, 4- Horror in Spain, 5- Terror has now struck the Philippines
Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда болгон фитна шарттарында аялдар, жаш балдар, улгайгандар дагы өлтүрүлүп, байкуш күнөөсүз адамдар өлтүрүлөт:
Бул окуя учурунда бир аялдын өлтүрүлүшү бир камчынын кыймылдатылышы сыяктуу жеңил болот. Бул окуя Мединадан жыйырма төрт мильге чейин жайылат. Андан кийин Аз. Мехдиге баш ийилет.(Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 34-б.)
Күнөөсүз адамдар өлтүрүлбөстөн, Мехди чыкпайт... (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)
Бул фитналардын эң акыркысы күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү, ошол учурда гана андан баары ыраазы боло турган иштерди жасоочу Аз. Мехди (ас) чыгат. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 38-б.)
Күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөнгө чейин Мехди чыкпайт жана киши өлтүрүүлөргө жердегилер менен асмандагылар чыдай албай калган кезде чыгат... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 37-б.)
Апа, ата, кыз, эркек баарын өлтүрүшөт жана Ажем (Арап эмес) жана Ирак шаарларын басып алуу менен үммөткө ачуу азап таттырышат. Булардын арасында фитна, зулумдук, жок кылуу жана качуулар болот. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 36-б.)
1- Kosovan Muslims were subjected to genocide before the eyes of the world The long-years of war in Bosnia ended in the martyrdom of thousands of Muslims.
2- Massacre in Palestine Almost every day news of massacres come from Palestine. Innocent women and children are continuosly murdered.
3- Not a stone was left standing.
4- What is being done to the Uighur Turks is GENOCIDE During the last 60 years nearly 35 millon Muslims are martyrized.
5- Lynch in pictures.
Базарлардын текарубу кыямат алааматтарынан. «Базарлардын текарубу деген эмне?» дедим. Төмөнкүлөр: «Бүт баарынын аз таап жатам деп арызданышы...» (Ибни Мердувейх Эбу Хүрейре (ра)дан...) (Kıyamet Alametleri, Pamuk yayınları, 146-б.)
Нуайм б. Хаммад Ибни Месъуддан риваят кылынган бир хадисте Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда сүрөттөлгөн доор «СООДА менен жолдор ТОСУЛГАН жана фитналар көбөйгөн заман» деп сүрөттөлүүдө. Хадистин уландысында болсо Аз. Мехди (ас) доорунда ал фитналардын токтошу кабар берилет:
«... Биз Ал (Аз. Мехди (ас)) инсанды издөө үчүн келдик, ФИТНАЛАР АНЫН КОЛУ МЕНЕН ӨЧҮШҮ МҮМКҮН. КОНСТАНТИНОПОЛЬ (СТАМБУЛ) АНЫ МЕНЕН ЭЭЛЕНЕТ. (Б.а. Аз. Мехди (ас) көңүлдөрдү руханий ээлейт, маданий, илимий чоң таасир жаратат.) Биз аны ысмы менен жана апасынын, атасынын ысмы менен жана аскерлери менен тааныйбыз...» (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 52-б.)
(Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда) РЫНОКТУН КЫЙМЫЛСЫЗ (СТАГНАЦИЯДА) БОЛУШУ, АКЧА ТАБУУЛАРДЫН АЗАЙЫШЫ болот. (Kıyamet Alametleri, 148-б.)
Бүт адамдар АЗ ТААП ЖАТАМ ДЕП АРЫЗДАНАТ, акчасы үчүн байлар урмат көрөт. (Kıyamet Alametleri, 146-б.)
Соода менен жолдор тосулган жана фитналар көбөйгөн кезде... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 39-40-б.)
Yeni Şafak, 25.04.2009 - The crisis will hit the world hard
Milli Gazete, 07. 10.2008 - A Divine warning about the global financial crisis
Хадистерде акыр заманда Мусулман калктардын оор күндөрдү өткөрөөрү кабар берилет. Ал доордо Мусулмандарды көздөгөн уруштар, согуштар, адилетсиздиктер болот. Учурда жана жакынкы өтмүштө Ислам дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарында болгон уруштар жана каргаша чөйрөсү, кээ бир Мусулман өлкөлөрдөгү диктатор башкаруучулар себеп болгон зулумдуктар хадистерде кабар берилген окуялардын болуп баштаганын көрсөткөн далилдерден.
Руку жана сажда кылгандардын баарын жазаландырат. Зулумдук, бузукулук (фесат) жана фыск чыгарат. Алим жана захиддерди өлтүрөт, көп шаарды басып алат. Кан төгүүнү адал кылып, Ал-и Мухаммедге душмандык кылат... (Al-Muttaqi al-Hindi, Al-Burhan fi Alamat al-Mahdi Akhir az-Zaman, p. 37)
Менден кийин халифалар болот. Халифалардан кийин амирлер (өкүмдарлар), амирлерден кийин заалим башкаруучулар келет. Эң аягында Эхли Бейтимден бирөө чыгат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 84-б.)
Ал өлтүрүүчү заалим башкаруучулар себебинен бул үммөткө оор. Ал заалимдер аларга баш ийгендерден башкасын, унчукпагандарды да коркутушат... (Эбу Нуаймдан; Суйути, II т., 64-б.)
Бул жерде Мусулмандардын үчтөн бири өлтүрүлөт... (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 73-б.)
1- Hatred of Islam at a peak, 2- No permission for the ADHAN in Switzerland!,
3- Hostility towards Islam at a peak in Holland - Racist attacks on Muslims over the net increasing
Сүфйани кургак бир өрөөндөн чыгат. Келп кабилесинен (уруусунан) кебетеси супсак, катуу жүрөктүү адамдардан бир армия курайт жана алар бардык тарапка зулумдук кылышат. Ал медресе жана мечиттерди бузат, руку жана сажда кылгандардын баарын жазалайт. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)
Бүгүнкү күндө сойкулук, кумар, аракечтик, пайыз, паракорчулук сыяктуу көптөгөн иш-аракеттер арам болгонуна карабастан, көп адамдар тарабынан жана барган сайын көп жасалууда. Болгондо да бул арамдарды жасагандар макталып, арамга үндөлүүдө, жасабагандар болсо жектелип, басмырланууда. Статистикалык маалыматтар бул көрсөткүчтөрдүн барган сайын өсүп баратканын көрсөтүүдө. Акыркы бир канча он жыл ичинде өтө кеңири тараган бул чекти билбеген, адал, арамга маани бербеген, ар кандай чектен чыгуучулукту кадыресе кабыл алган жашоо модели хадистерде сүрөттөлгөн шартты апачык чагылтууда. Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын жарчысы болгон мындай караңгы абал хадистерде төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Бир фитна чыгат, муну башка фитналар ээрчийт жана алгачкылар кийинкилердин кылыч менен согушка кайтышын камчылайт жана андан соң бардык арамдар адал кабыл алына турган бир фитна келет. Андан кийин халифат жер жүзүнүн эң жакшысы (кайырлуусу) болгон Мехдиге үйүндө отурганда келет. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 26-б.)
Күфүр (каапырдык) бардык тарапты каптап, хүкмү жамийат ичинде ачык жасалганга чейин Мехди чыкпайт. Ал учурда болгон нерсе... күфүрдүн жайылышы. Анын күчү. (Mektubat-ı Rabbani (Мектубат-ы Раббани), 2-259)
Аз. Мехди (ас) бардык арамдар адал саналган чоң бир фитнадан соң чыгат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 23-б.)
Жалпы элге угузулуп жана апачык Аллах Таала танылганга чейин Аз.Мехди (а.с.) келбейт. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 27-б.) /p>
Бул хадисте Аз. Мехди (ас)дан мурда адамдардын көпчүлүгүнүн ыймансыз же атеист болооруна жана мындан тышкары, алардын мындай тануучулугун (каапырдыгын) маалымат каражаттары аркылуу бүт адамдарга көрсөтүп, апачык жарыя кылаарына ишарат кылынууда. Учурда бул ушунчалык ачык абалга жеткендиктен, Аллахты тангандар «заманбап (модерн)» деп сыпатталып урмат көрүшүп, элдер тануучулукка чакырылууда. АЛЛАХТЫ АРУУЛАЙБЫЗ
Hürriyet, 22.10.2008 - Atheist bus for London The Europea Church has lost its way Atheist slogans to travel by bus Atheist slogans to travel by bus,
Bugün, 13.03.2008 - Pressure made on students: Become atheist
Milliyet, 22.10.2008 - Atheists who, with their mediocre intellect, reject Allah's clear existence will make obvious propaganda at the End Times.
Акыр заманда боло турган маанилүү бир согуш хадисте мындайча кабар берилет:
Шавваль айында көтөрүлүш, Зилкадеде согуш сөздөрү, Зилхижжада болсо согуш болот. (Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), Berzenci (Берзенжи), 166-б.)
Хадисте айтылган Шавваль, Зилкаде жана Зилхижже айлары Иран-Ирак согушунун баскычтарынын даталарына туура келүүдө:
Hürriyet, 11 October 1980 - Iran and Iraq are publishing war bulletins Iran begins a counter-attack on all fronts
Hürriyet, 9 September 1979 - The army in Iran opens fire on the public Officers joining the uprising in Iran
Иран Шахына биринчи көтөрүлүш 1398-ж. 5-Шавваль (1976-ж. 8-сентябрь)да болгон.
Хижрий 1400-жылы Зилхижже (1980-ж. октябрь) айында Иран-Ирак арасындагы согуш чындап башталган.
Башка бир хадисте болсо бул согуштун детальдары мындайча сүрөттөлөт:
«Фарис» тараптан келе турган бир коом мындай дейт: «Эй Араптар! Силер көп фанатизмге кеттиңер! Силер буларга керектүү деңгээлде укук бербесеңер, силер менен эч ким достук курбайт... Бир күн аларга жана бир күн силерге берилсин, жана келишим аткарылсын...» Алар «Мутык»ка чыгышат, Мусулмандар ал жерден төмөн «Йазы»га түшүшөт... Мушриктер берки тараптагы (Ракабе) аттуу бир капкара болгон дарыянын жээгине токтошот... Араларында согуш болот: Эки топтон да Аллах жеңишти алып койот... (Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), Berzenci (Берзенжи), 179-б.)
- «Фарис» тараптан келе турган: Иран тараптан келе турган
- Фарис: Иран - Ирандык (Чоң Лугат)
- «Йазы»га түшүшөт: Өрөөн – Ирак өрөөнү
- Мутык: Ошол аймактагы бир тоонун аты
- Ракабе: Мунайзат скважиналары көп аймак
«Эй Араптар! Силер көп фанатизмге кеттиңер! Силер буларга керектүү деңгээлде укук бербесеңер, силер менен эч ким достук курбайт...»
Хадистин бул бөлүгүндө эки тарап арасында ашыкча улутчулдуктан чыккан бир түшүнбөстүк болооруна көңүл бурулууда. Бул пикир келишпестиктен улам «Йазы»га түшүлүп, согуш башталат. (Йазы: Ирак түздүгү, өрөөнү)
Эки топтон да Аллах жеңишти алып койот...
Бул хадис да ишарат кылгандай, Иран-Ирак согушу 8 жылга созулуп, миңдеген адам өлгөнүнө карабастан, бир натыйжа чыккан эмес. Эки тарап тең анык жеңишке жете алган эмес.
The war is hotting up
The Iran-Iraq War; one step forward, one step back
Таликанга (Афганистанга) жаман болду. Күмөнсүз, Аллах Тааланын ал жерде алтын жана күмүштөн эмес казыналары бар. Ал жерде Аллахты чындап, талап кылынган деңгээлде билген адамдар бар. Алар акыр заман Мехдисинин жардамчылары. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 59-б.)
Хадисте Афганистандын Аз. Мехди (ас) доорунда басып алынаарына ишарат кылынууда. Орустар Афганистанды басып алган 1979-жыл Хижрий 1400-жылга, б.а. Хижрий 14-кылымдын башына туура келет. Белгилүү болгондой, хадистерде Аз. Мехди (ас)дын кылымдын баштарында чыгаары айтылган. Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу башка көптөгөн алааматтардын да Хижрий 1400-ж. жана Хижрий 14-кылымдын баштарына туура келиши Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө маанилүү бир ишарат берет.
Ал жерде алтын жана күмүштөн эмес казыналар бар...
Риваяттын бул бөлүгүндө Афганистандын табигый байлык булактарына көңүл бурулуп жаткан болушу мүмкүн. Учурда Афганистанда ар кандай себептер менен иштетилип баштала элек чоң мунайзат бассейндери, темир жана көмүр запастары аныкталды.
Yeni Şafak, 02.12.2001 - Afghanistan, a mineral bed The reason of the long years’ war in Afghanistan: MINERAL WEALTH
Vakit, 15.06.2010 - Americans Discovered Rich Mineral Deposits
Евфрат суусунун тосулуп токтотулушу да Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынан:
Мехдинин алааматтарынан: Евфрат суусунун токтотулушу. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 39-б.)
Бул окуянын детальдары жөнүндө башка хадистерде да маанилүү маалыматтар берилген:
Евфрат (дарыясынын суусу тартылып) кымбат алтын казынасын чыгара турган убакыт жакындап келатат. Ким ошол кезде ал жерде болсо, андан бир нерсе алууга аракет кылбасын!. (Себеби улгайган дүйнөнүн өмүрү аягына жеткен болот.) (Sahih-i Buhari (Сахихи Бухари), 12/305)
Расулуллах: Евфрат дарыясы алтын бир тоо үстүнөн ачылмайынча кыямат болбойт. Адамдар ал үчүн согушат жана ар жүз кишиден токсон тогузу өлтүрүлөт, алардын ар бири «аттиң кутулган мен болгонумда» дейт деген. (Sahih-i Müslim (Сахихи Мүслим), 11/320)
Расулуллах: Евфраттын алтын бир тоо үстүнөн ачылышы жакын. Ал жерде ким болгон болсо, андан эч нерсе албасын! деди. (Sahih-i Müslim (Сахихи Мүслим), 11/320)
The river’s water has been blocked by the Keban Dam.
1- USA’s dream of the Euphrates, 2- The mother of wars will arise from the Euphrates, 3- The Euphrates is a storage of gold
Расулуллах (сав) мындай деди: Жакында Евфрат дарыясы алтын казынасын ачыкка чыгарат, ким ал жерде даяр болсо, андан эч нерсе албасын. (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/116)
(Расулуллах:) «Евфрат дарыясы бир алтын тоосун ачыкка чыгарат» деди. (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/116)
Евфрат дарыясынын суусу тартылып алтын казынасын чыгара турган убакыт жакындап келатат. Ким ал кезде ошол жерде болгон болсо, ал казынадан эч нерсе албасын. Антпесе, же өлөт же өлтүрүлөт.» (Хадисти Бухари менен Мүслим риваят кылышкан/ Riyazü's Salihin, 3/332)
Көрүнүп тургандай, Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын маанилүү бир алааматы болгон Евфрат дарыясынын суусунун токтотулушу жана алтындай баалуу бир казынанын чыгышы көптөгөн белгилүү хадис китебинде орун алган. Эми хадистердеги маанилүү сөздөрдү карайлы:
Расулуллах мындай деди: (1) Евфрат дарыясынын суусу тартылып (2) алтындан бир тоо пайда болмоюнча кыямат болбойт. (3) Бул казынага байланыштуу кытал (кыргын) болот, ар жүздүн токсон тогузу өлөт. (Кыргынга катышкандардан) Ар бири бир гана мен кутулам деп үмүттөнөт. (Хадисти Бухари менен Мүслим риваят кылышкан/ Riyazü's Salihin, 3/332)
Суйути азретинин китебинде бул хадис «суунун токтотулушу» деп айтылат. Чындап эле Кебан дамбасы (суу сактагычы) Евфрат дарыясынын суусун токтотту, тосту.
Курулган дамба урматында электр энергиясынын өндүрүлүшү, жыйналган суунун айдоо жерлерге колдонулуп түшүмдүн көбөйүшү жана транспорттун жеңилдеши сыяктуу себептерден улам ал жердеги жерлер «алтындай» кымбат болуп калган.
Жогорудагы схемада да көрүнүп тургандай, дамба бетондон ири бир тоону эске салат. Бул дамбадан (куттуу хадистеги окшотуу боюнча тоодон) алтындай кымбат байлык төгүлүүдө. Ошондуктан дамба «алтын бир тоо» сыпатына ээ болууда. (Аллахуалем)
*Кытал: Бир топ адамдын өлүмүнө себеп болгон уруш
Бул аймакта дагы эле уланып жаткан анархия менен кыргын себебинен ал жерден жер алган аймактагы анархиядан жабыр тартышы мүмкүн. Хадисте айтылгандай же өлөт же болбосо өлтүрүлөт.
Аз.Мехди (ас) үчүн 2 алаамат бар, алардын биринчиси – Рамазандын биринчи түнүндө айдын, экинчиси болсо– ортосунда күндүн тутулушу. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 49-б.)
Рамазандын биринчи түнүндө ай, ортосунда күн тутулат. (Кыямат алааматтары, Берзенжи, 199-бет)
Анын салтанаты учурунда, Рамазан айынын он төртүндө күн тутулат, ал айдын биринде болсо ай карарат... (Мектубат-ы Раббани, 2/1163)
... Күндүн орозо айынын ортосунда, айдын болсо аягында тутулушу... (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 38-б.)
Аз.Мехди (ас)дын келиши Рамазан айында айдын эки жолу тутулушуна себеп болот (Кыямат алааматтары, 200-бет)
Мехди чыгаардан мурда бир Рамазан ичинде күн эки жолу тутулат. (Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр Заман Алааматтары, Шарани, 440-бет)
Жогорудагы риваяттарда көңүл бура турган эң негизги жагдай – бул Рамазан айынын ортосунда күн тутулушунун жана бир ай ичинде «ай» менен «күндүн» эки жолу тутулушунун мүмкүн эмес экендигинин маалымдыгы. Бул кадимки шарттарда мүмкүн эмес бир көрүнүш. Ал эми башка акыр заман алааматтарынын көпчүлүгү адам түшүнө ала турган, себептер тегерегинде боло турган окуялар.
Эгер бул хадистерде сүрөттөлгөн окуялар көңүл коюп каралса, риваяттар арасында ар кандай айырмачылыктар бар экени көзгө урунат. Жогорудагы 1, 2 жана 3-риваяттарда ай Рамазандын биринчи күнү, 4-риваятта болсо акыркы күнү тутулат. Мындай абалда бир эле окуяны баяндаган ар башка риваяттардын орток пикирин аныктоо туура болот. Натыйжада жогорудагы хадис риваяттарынын жыйындысынан чыккан орток жыйынтыктар төмөнкүлөр болот:
1. Рамазан айында ай менен күн тутулуулары болот.
2. Бул тутулуулар ортолордо, б.а. 14-15 күн аралык менен болот.
3. Бул тутулуулар эки жолу кайталанат.
Бул жыйынтыктарга туура келген абалда, 1981-жылы (Хижрий 1401-жылы) Рамазан айынын 15-күнү ай, 29-күнү болсо күн тутулган. Кайра «экинчи жолу» 1982-жылы (Хижрий 1402-жылы) Рамазан айынын 14-күнү ай, 28-күнү болсо күн тутулган.
Мындан тышкары, бул окуяда «айдын» Рамазандын дал ортосунда АЙ ТОЛГОН кезде тутулушу жана көңүлдөрдү бура турган бир алаамат болуп көрүнүшү да өтө маанилүү.
Бул окуялардын Аз. Мехди (ас)дын башка чыгуу алааматтары менен бир учурда болушу жана Хижрий 14-кылымдын баштарында катары менен эки жыл (1401- жана 1402-жж.) кереметтүү абалда кайталанышы риваяттардын ишаратынын ушул окуялар экенин көрсөтүүдө.
Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда (бүт тарапты) жарык кылган куйруктуу бир жылдыз чыгат. (Кыямат алааматтары, Берзенжи, 200-бет)
Ал келээрден мурда чыгыштан жарык чачкан бир куйруктуу жылдыз көрүнөт.(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 53-б.)
Ал жылдыздын чыгышы күн менен ай тутулуудан кийин болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 32-б.)
Хадистерде айтылгандай:
- 1986-жылы (Хижрий 1406-жылы) , б.а. Хижрий 14-кылымдын баштарында «Галилей» куйруктуу жылдызы жерге жакын аралыктан өткөн. Бул куйруктуу жылдыз жаркыраган, нурдуу бир жылдыз.
- Кыймыл багыты чыгыштан батышты көздөй.
- 1981- жана 1982-жылдары (1401-1402-жж.) болгон ай менен күн тутулууларынан кийин чыккан.
Бул жылдыздын чыгышынын Аз. Мехди (ас)дын башка чыгуу алааматтары менен бир учурда болушу Галилей куйруктуу жылдызынын хадисте ишарат кылынган жылдыз экенин тастыктайт.
Тарых бою бул куйруктуу жылдыз өткөн учурларда Мусулмандар жагынан өтө маанилүү, ал тургай, бурулуш чекити деп санала турган окуялар болгон. Булардын кээ бирлери Пайгамбарыбыз (сав)дан алынып айтылып келинген риваяттарда да кабар берилген. Ал риваяттар боюнча бул жылдыз көрүнгөндө;
Галилей куйруктуу жылдызы менен байланыштуу кээ бир сандардын «19» санынын эселери болушу көңүл бурат:
Галилей куйруктуу жылдызы 76 жылда бир өтөт.
76 = 19 x 4
Бул жылдыз акыркы жолу Хижрий 1406-жылы көрүндү.
1406 = 19 x 74
◉ Бул жөнүндө дагы бир кызыктуу жагдай мындай: жогоруда да санагандай Галилей жылдызы өткөн Хижрий 1406-жыл 19дун 74 эсеси. «74» саны болсо ошол эле учурда Курани Керимде 19 кереметине ишарат кылынган МҮДЕССИР сүрөсүнүн катар номери.
Белгилүү болгондой, Курандын Мүдессир Сүрөсүнүн (74-сүрө) 30-аятында «19» санынын ыймандуулар үчүн бир мээрим, каапырлар үчүн болсо бир фитна себеби экени айтылат.
Галилей куйруктуу жылдызынын 19 менен болгон мындай кереметтүү байланышы болсо каапырлар үчүн бир фитнаны, ыймандуулар үчүн болсо бир мээримди (жакшылыкты) сүйүнчүлөгөнүнө ишарат кылып жатышы мүмкүн.
Мүдессир Сүрөсүнүн 1- жана 2-аяттарында Аз. Мухаммед (сав)га «ЭЙ ЖАМЫНГАН! ТУР жана КОРКУТ» деп буюрулууда. Бул аяттардын ачык, көрүнгөн мааниси. Бирок бул аяттардын акыр заманга багытталган экинчи бир жабык, жашыруун бир ишараттары да болушу мүмкүн. Балким «ЭЙ ЖАШЫРЫНГАН» деп Расулуллах Мырзабыздын урпактарынан чыга турган жана Хижрий 1406-жылы чыгуу алааматтарынын бири (куйруктуу жылдыздын чыгышы) чыга турган Аз. Мехди (ас)га ишарат кылынып жатышы ыктымал.
74- Мүдессир Сүрөсү
1. Эй жамынчысына оронгон
2.Тур жана коркут (эскерт)<
Мүдессир: жамынган-оронгон-жашырынган деген мааниге келет.
◉ Дагы бир чоң керемет жана ишарат болсо – бул Галилей жылдызынын 1986-жылдагы (Хижрий 1406-ж.) өтүшүнүн Аз. Мухаммед (сав)га пайгамбарлык милдети жүктөлгөн б.з. 607-жылынан бери 19-ӨТҮШҮ экендиги
Ал чыга турган жылы адамдар ажылыкка баштарында бир амир жок барышат. Баары чогуу Бейт-и Шерифти таваф кылышат, андан соң Минага түшүшкөндө, иттер сыяктуу бири-бирине чабуул койушат, ажылар тонолот, кандар Акабе Жемресинин үстүнө агат. (Кыямат алааматтары, Берзенжи, 169-бет)
Адамдар башында бир имам болбостон ажылык кылышат. Минага түшүшкөндө айланалары иттер курчагандай курчалып, уруулардын (кабиле) бири-бирине кол салышы менен чоң уруштар болот. Буттар кан көлү ичинде калат. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 35-б.) /p>
Бул хадистерде «ал чыга турган жылы» деген сүйлөм менен Аз. Мехди (ас)дын чыгаар жылы ажылык учурунда боло турган бир кыргынга көңүл бурулууда. 1979-жылы ажылык учурунда болгон Кааба чабуулунда дал ушундай бир кыргын болгон. Эң кызыгы бул кандуу Кааба чабуулу дагы Мехдинин башка алааматтары болгон учурдун дал башында, б.а. Хижрий 1400-жылдын биринчи күнү 1400-ж. 1-Мухарремде (1979-ж. 21-ноябрь) болгон.
Akşam, 22.11.1979 - Mecca was invaded
Yeni Asya, 22.11.1979 - The Blessed Mecca Mosque was invaded, the devout fullfilling their prayers were taken hostage
Tercüman - Armed attack in Kaaba, Reprehensible incursion to Haram Sharif
Milliyet, 02.August.1987 - Haj Terror: 402 dead in Kaaba
Cunhuriyet, 02.August.1987 - The Haj is in bloodshed
Hürriyet, 01.August.1987 - Terror in Kaaba
Ошондой эле куттуу хадисте кан төгүлөөрү айтылуу менен киши өлтүрүү болооруна көңүл бурулган. Чабуул учурунда Сауд аскерлери менен чабуулчу аскерлер арасында болгон урушта 30 адамдын өлтүрүлүшү бул риваяттын калган бөлүгүн да тастыктаган.
1979-жылы (Хижрий 1400-жылы) болгон бул Кааба чабуулунан 7 жылдан кийин Хижрий 1407-жылы ажылык учурунда бир топ чоң кандуу окуя болгон. Ал окуяда көчөлөрдө демонстрация кылган ажыларга кол салынып, 402 адам өлтүрүлүп, өтө көп кан төгүлгөн. Бейтүл Муаззаманын жанында Мусулмандардын (Сауд Арабиясынын аскерлери менен Ирандык ажылардын) бир-бирин өлтүрүшү аркылуу чоң күнөөлөр жасалып, арам ишке барылган. Бул кандуу окуялар тиешелүү хадистерде сүрөттөлгөн абалга өтө окшошот:
Расулуллах мындай деди: Рамазанда бир добуш, Шаввальда бир үн, Зилкадеде уруулар арасында согуш болот. Ажылар тонолот. Минада өлүктөр көп боло турган бир согуш болот, ал жерде таштарды кан көлүнө айланта турганчалык кан агат. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 31-б.)
Рамазанда бир добуш болот. Шаввальда да бир добуш болот. Зилкадеде уруулар урушат. Зилхижжада ажылар тонолот. Мухарремеде асмандан мындай кайрылуу болот. «Көңүл бургула. Баланча Аллахтын калкынын жакшыларынан. Аны уккула жана аны ээрчигиле (ага моюн сунгула).» (Ramuz El Hadis, 2/518)
Шавваль айында көтөрүлүш, Зилкадеде согуш жөнүндө сөздөр, Зилхижжада болсо согуш болот. Ажылар тонолот, кандары агат. (Кыямат алааматтары, Берзенжи, 166-б.)
Зилкаде айында уруулар согушат, ажылар уурдалып, согуштар болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 34-б.)
"İkdiddurer" (Икдиддурер) аттуу китептеги алааматтардан: Шаввальда согуш чакырыктары, Зилхижжада согуш жана кыргын болот, ошондой эле Зилхижжада ажылар тонолот, ал тургай, көчөлөр кандан өтүлбөй турган болот жана арамдар чайналат. Бейтүл Муаззаманын жанында чоң күнөөлөр жасалат. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 37-б.)
Бул хадисте Бейтүл Муаззаманын (Каабанын) ичинде эмес, жанында чыга турган окуяларга көңүл бурулууда. 1407- жылдын Зилхижжа айында (ажылык мезгилинде) болгон окуялар да биринчисинен айырмаланып, Каабанын ичинде эмес, жанында болгон. Башында айтылган окуя болсо 1400 -жылы 1-Мухарремде Бейтүл Муаззаманын (Каабанын) түздөн-түз ичинде болгон. Эки окуя тең риваяттардын ишаратына туура келген абалда болуп өткөн.
Каабада кан төгүлүшү, ажылардын өлтүрүлүшү сыяктуу хадистерде кабар берилген мындай маанилүү эки чоң окуянын Аз. Мехди (ас) жөнүндө билдирилген бүт алааматтар чыккан учурда катары менен ишке ашышынын бир кокустук болушу өтө кыйын.
Хадистердеги сөздөрдү караганыбызда да ошол учурдагы маанилүү окуяларга ишараттар бар экенин көрөбүз:
Хадистерде бул согуш менен уруштардан ажылардын өлтүрүлүшү менен бирге сөз кылынышы ал окуялардын бир убакыт аралыгында болоорун көрсөтүүдө. Бул убакыт периоду Иран-Ирак согушу чыккан, Түркиянын түштүк-чыгышында, Ортоңку чыгыш өлкөлөрүндө уруш, баш аламандыктар өтө көп болгон бир доор эле.
Ошол учурлардагы персия (парсы) булуңундагы тирешүүгө, Иран-Америка арасындагы тирешүү менен согуш абалына көңүл бурулган болушу мүмкүн.