2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (20/20)

Пайгамбар Мырзабыз (cав) Кабар Берген Акыр Заман Технологиялары

Аз. Мехди (aс) Акыр Замандын Технологиялык Мүмкүнчүлүктөрүн Пайдаланып Бүт Дүйнөгө Куран Ахлагын Жана Ыйман Акыйкаттарын Маалымдап Берет

Адилеттик менен теңдик сыяктуу, Имам Мехди (ас) илимди (маалыматты) бүт дүйнөгө жайат . (Bihar-ül Envar, том 36, бет 253)

Замандын Имамы (Аз. Мехди (ас))нын аракети урматында илим адамдардын жүрөктөрүнө кирет. (Bihar-ül Envar, том 53, бет 86 al-Ikhtesaas'tan aktarılıyor; Mikyaal al-Makaarem, том 1, б. 236)

Бул кылымда (Аз. Мехди (ас) убагында) адамдарга Куттуу Куран жана анын чындыктары үйрөтүлөт. (Bihar-ül Envar, том 52, б. 339)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Дүйнөнүн Түзүлүшү Жана Аалам Жөнүндө Маалыматтарга Жетишилет

Аз. Мехди (ас) убагында адамдар жердин 7 кабатына да, асмандын 7 кабатына да жетишет. (Bihar-ül Envar том: 52, б. 321)

Хадисте Аз. Мехди (ас) убагында жетишиле турган илимдерге жана технологиялык өнүгүүлөргө көңүл бурулган. Акыркы жылдары адамдар дүйнөнүн тереңдерин да, ааламдын эң алыскы бурчтарын да изилдеп, маалымат чогулта ала турган технологияга жетишишти. Жер кабыгынын катмарлары менен магманын түзүлүшүнө чейин дүйнөнүн ичи жөнүндөгү маалыматтар учурда белгилүү болуп калды. Атмосфера кабаттарынын газ түзүлүшү, башка бир галактикадагы жылдыздардын санына чейин көп маалыматтарга да адамдар Аллахтын уруксаты менен жетишишти. Пайгамбарыбыз (сав) убагында адамдар билбеген бул акыр заман акыйкаттарынын Аз. Мехди (ас) убагында белгилүү болоору 1400 жыл мурда Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан билдирилген.

Аз. Мехди (aс) Дүйнөдөгү Окуялар Жөнүндө Маалымат Алганда Технологияларды Пайдаланат

Аз. Мехди (ас) үчүн аалам алаканынын ичиндей ачык болот. (Bihar-ül Envar, том 52, б. 328)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын акыр замандагы технологиядан пайдаланаарына ишарат кылынууда. Акыр заманда аалам жөнүндө көптөгөн маалыматтар алынат. Ошол кезге чейин билинбеген көп нерселер акыр замандагы өнүгүүлөр менен Аллахтын каалоосу менен белгилүү болуп калат. Аз. Мехди (ас) каалаган кандайдыр бир маалыматын алуу үчүн же дүйнөнүн кандайдыр бир жериндеги бирөө менен байланыш куруу үчүн алаканга бата турган компьютер технологиясын колдонот.

i-phone, i-pad

Аз. Мехди (aс) Дын Чакырыгын Көптөгөн Шаардагы Адамдар Бир Убакта Тыңдай Алышат

Абан бин Таглиб айтат: имам Жафери Садык а.с.дын мындай дегенин уктум, мен Каимди (Аз. Мехди (ас)ды) көрүп жаткан сыяктуумун,... ар бир өлкөдөгүлөр анын алар менен бирге алардын өлкөлөрүндө экенин көрүшөт, ал Расулуллах (сав)дын желегин ачат,... (Zamanın İmamını Tanıyalım, İmam Mehdi, Ali İrfan, б. 94)

Куттуу хадисте Аз. Мехди (ас)дан башка шаарларда жана өлкөлөрдө жашаган адамдардын да аны өз шаарларында, жандарында тургандай көрүшөөрүн, б.а. замандын технологиясы менен телевизор каналында түз берүү, радио жана интернет аркылуу аны угушаарын да билдирген. Аз. Мехди (ас) Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу Ислам ахлагын бүт дүйнөгө жайат жана Стамбулдагы Топкапы Сарайында сакталып турган куттуу желек Пайгамбарыбыз (сав)дан соң биринчи жолу анын убагында ачылат. (Белгилүү болгондой Аз. Мехди (ас) Пайгамбарыбыз (сав)дын куттуу желеги жана башка ыйык аманаттары сакталуу турган Стамбулдан чыгат.)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Электрондук Байланыш

Асмандан бир жарчы чыгат жана «Акыйкат али-Мухаммедде», жерден да бир жарчы чыгат жана Ал болсо «Акыйкат Исанын алинде» (АКЫЙКАТ АЗ. ИСА (АС)ДЫН УРПАКТАРЫНДА) деп жар салат. Аббас (ра) бул жөнүндө «Жерден келген үн шайтандан, асмандан келген үн болсо Аллахтан» деп айткан.» (Beklenen Mehdi'nin Alametleri, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki-Heytemi, бет. 53)

Акыр заманда телевизор, радио, интернет сыяктуу радио толкундары менен таркаган ар кандай үн менен сүрөттөлүш, асмандан электрондук толкундар абалында да жер бетине жетет жана ошолор аркылуу адамдарга «Акыйкат али-Мухаммедде», б.а. Аз. Мехди (ас) Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын урпактарынан деген маалымат таркайт. Жер бетиндеги бүт адамдар ал үн менен сүрөттөлүштү угуп, көрүшөт.

Жер астында иш-аракет жүргүзгөн атеист масондор, атеист жашыруун дүйнө өкмөтү, б.а. дажжал комитети тарабынан жердин астынан таркаган туура эмес жана жаңылтуучу маалыматтар болот. «Акыйкат Исанын алинде» (АКЫЙКАТ АЗ. ИСА (АС)ДЫН УРПАКТАРЫНДА) деген маалыматты таркатышат. Аз. Иса (ас)дын үйлөнгөнүн, балалуу болгонун, анын урпагынын уланып келатканын жана биздин заманда анын урпактарынын жашап жатканын айтып чыгышат. Учурда масондор чыгарган «ыйык чыны» пикири ушул жөнүндө. Мунун акыр заманда ушундайча ишке ашышы Расулуллах (сав)дын дагы бир керемети.

elektronik haberleşme

Адамга Өз Үнүнүн Сүйлөшү

Напсим кудуреттүү колунда болгон (Аллах)ка ант ичем, жырткыч айбандар адамдар менен сүйлөшмөйүнчө, адамга үнү менен бут кийими сүйлөмөйүнчө жана үй-бүлөсүнүн эмне кылганын ага кабар бермейинче кыямат болбойт. (İmam-ı Şa'rani, Ölüm, Kıyamet, Diriliş, бет. 471)



Учурда кеңири колдонулган кассета жана CD плейрлер аркылуу адамдын үнүн жазып кийин угуу мүмкүн болууда. Риваятта «адамга үнүнүн сүйлөшү» деп ушул каражаттар айтылып жаткан болушу ыктымал. «Адамга бут кийими сүйлөмөйүнчө» деген сөз болсо чалгынчы (разведчик) адистер бут кийимине каткан угуу аппараттарын эске салат. Өзгөчө «кансыз согуш» убагында румыниялык чалгынчылар иштеп чыккан бут кийимдин такасына жайгаштырылчу угуу аппараттары батыш дипломаттары тарабынан колдонулган.

«Кишиге үй-бүлөсүнүн эмне кылганын кабар бермейинче» сүйлөмү болсо интернет камералары жана сүрөттөлүштү көрсөткөн телефондор аркылуу алыс жерден үй-бүлөлөрдүн, курбулардын бир-бири менен байланыш түзүп, бир-биринин эмне кылып жатканынан кабардар болушуна ишарат кылууда.

Буттун Таманына Жайгаштырылган Үн Кабылдагыч

Кишиге камчысынын учу, бут кийиминин боосу сүйлөмөйүнчө, киши зекетин кабыл ала турган адамды таба албай турганчалык даражада байлык көбөймөйүнчө, Арап жерлеринде дарыялар, суулар акмайынча кыямат келбейт. (Ahmed b. Hanbel, Müsned; Tirmizi, Fiten.19; Abd b. Humeyd, Müsned, II, 498)

Жогорудагы риваятта айтылган «бут кийиминин боосу сүйлөмөйүнчө» сөзү бут кийимдерге орнотулган угуу системасында «бут кийим боосунун» антена кызматын аткараарына ишарат кылууда.

ayakkabı telefon
Shoe Phone

«Кишиге камчысынын учу сүйлөмөйүнчө» деген сүйлөм болсо учурдагы технологияга тиешелүү камчы сыяктуу көбүнчө антеналуу, кабельсиз жана чөнтөк телефондоруна ишарат кылып жатышы мүмкүн. Антеналары камчынын учу сыяктуу болгон антеналуу кабельсиз жана чөнтөк телефондору аркылуу бир кишинин башка бир адамдын үнүн угушу риваятта айтылган «кишиге камчысынын учу сүйлөмөйүнчө» сөзүнө өтө окшошот.

Picture
Phone

Аз. Мехди (aс) Интернет, Телевизор Жана Радио Аркылуу Дүйнөнүн Төрт Бурчунда Белгилүү Болот

Акыр заманда Аз. Мехди (ас)дын атак-даңкы тынымсыз жайылат. Мында интернет, телевизор жана радиолордун чоң пайдасы болот. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын атак-даңкынын интернетте жарыяланган видеолор, телевизор тасмалары жана радиолор аркылуу жайылаары мындайча кабар берилген:

Имам (ас) (Аз. Мехди (ас)) дүйнөнүн чыгыш менен батышын (руханий) каратып Исламды (Ислам ахлагын) дүйнөнүн төрт тарабына эгемен кылат... АЛЛАХ ТААЛА АДАМДАРГА УШУНДАЙ БИР КҮЧ БЕРЕТ: БҮТ БААРЫ ТУРГАН ЖЕРИНЕН АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) СӨЗДӨРҮН УГАТ жана Имам (а.с) Исламга жашоо берет... (Bihar'ul-Envar, т. 52, б. 279 жана т. 53, б.12 İkmal'ud- Din, т. 2, б. 367)

Күмөнсүз, КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) УБАГЫНДА БИР МОМУН ЧЫГЫШТА БОЛСО, БАТЫШТАГЫ БИР ТУУГАНЫ АНЫ КӨРӨТ. Ал эми, БАТЫШТА БОЛСО ЧЫГЫШТАГЫ БИР ТУУГАНЫН КӨРӨТ. (Bihar'ul-Envar, т. 52, б. 391)

Хадистерде, ошондой эле, интернет, телевизор, радио сыяктуу байланыш каражаттары аркылуу бүт элдердин Аз. Мехди (ас)дын үнүн жана видеолорун өз тилдерине которулган абалда дүйнөнүн бүт тарабынан уга алышаарына да ишарат кылынган:

Икдуъд-Дурерде айтат: БУЛ ҮН БҮТ ЖЕР ЖҮЗҮНӨ ТАРКАЙТ, АР БИР ЭЛ ӨЗ ТИЛИНДЕ УГАТ. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 51) (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, б. 201)

Асмандан жердегилерге кайрылган БИР ҮН; БҮТ БААРЫ АНЫ ӨЗ ТИЛИНДЕ УГАТ. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 37-б.)

Асмандан бир үн аны ысмы менен чакырат жана ЧЫГЫШТАГЫ, БАТЫШТАГЫ, АЛ ТУРГАЙ, УКТАП ЖАТКАН ДА АЛ ҮНДҮ УГУП, ойгонот. (Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki (Heytemi), Beklenen Mehdinin Alametleri, El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 56)

3 G teknolojisi

Аз. Мехди (aс) Доорунда Сүрөттөлүш Да Көрүнгөн Телефон Жана Компьютер Системалары Аркылуу Байланыш Курулат

Имам Садык (ас) мындай деген: «Күмөнсүз, Каим (Аз. Мехди (ас)) убагында бир момун чыгышта болсо, батыштагы бир тууганы аны көрөт. Эгер батышта болсо, чыгыштагы бир тууганы аны көрөт.» (Bihar'ul-Envar, т. 52, б. 391)

Пайгамбарыбыз (сав) бул хадисте Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы болгон хижрий 1400-жылдардагы өнүккөн жогорку технологияга көңүл бурган. 21-кылымда өндүрүлгөн сүрөттөлүштүү (адамдын өзүн да көрсөтө турган) чөнтөк телефондор менен компьютерлердеги камера системалары аркылуу дүйнөнүн бүт тарабындагы адамдар менен каалаганда өзүн да көрүп байланыш түзүү жана сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул окуя менен бирге Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысын ишарат кылган дагы бир белги ишке ашты.

i-phone

Учурда Интернеттен Спутниктик Сүрөттөлүштөр Аркылуу Бүт Дүйнө Шаарларын Майда-Баратына Чейин Көрүүгө Болот

Иштер ээсине (Аз. Мехди (ас)га) тапшырылганда Улуу Аллах ал үчүн дүйнөнүн эң төмөнкү жерин көтөрүп, эң жогорку жерлерди болсо төмөндөтөт. ОШЕНТИП БҮТ ДҮЙНӨНҮ АЛАКАНЫНЫН ИЧИН КӨРГӨНДӨЙ КӨРӨТ. Араңардан кимдин алаканынын ичинде бир тал чач болсо аны көрө албайт? (Bihar-ül Envar, 5-том, б. 328)

Аз. Мехди (ас) үчүн аалам алаканынын ичиндей ачык болот. (Bihar-ül Envar, том 52, б. 328)

uygu görüntüsü, google earth

The Internet technology enables easy access to satellite images of the world.
Down to their streets, cities can be watched over the Internet.

Аз. Мехди (ас) убагында спутник аркылуу көрүү, телевизор жана интернет системалары Аз. Мехди (ас)га кызмат кылат. Учурда интернет аркылуу спутниктен тартылган сүрөттөр менен бүт дүйнө шаарларын майда-баратына чейин көрүүгө болот. Хадисте Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин акыр замандагы интернет технологиясынан пайдаланаары түшүнүктүү болууда.

Имам Жафери Садык алейхиссаламдын уулу Мухаммеддин риваяты боюнча Имам алейхиссалам мындай деген: «АЗ. МЕХДИ (АС) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ ар мамлекетке бир элчи жөнөтөт жана ар бир элчиге мындай дейт. «СЕНИН КЕЛИШИМИҢ КОЛУҢДА. Түшүнбөгөн бир абалга туш болуп, өкүм (чечим) чыгарууда кыйналсаң КОЛУҢДУ КАРА ЖАНА КОЛУҢДА ЖАЗЫЛГАНДЫ ЖАСА.»... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 381)

Аз. Мехди (ас) убагында башкаруучу абалындагы кишилер байланышты жана билбеген нерселерин издеп үйрөнүүнү колдорундагы алакан ичи компьютерлер жана компьютерлүү чөнтөк телефондору менен интернет аркылуу жүргүзүшөт.

Аз. Мехди (aс) Доорунда Өнүккөн Технология Жана Интернеттин Жайылышы Натыйжасында Маалымат Алуу Оңой Болуп Калат

Аз. Мехди (ас) убагында маалымат ушунчалык көп (кеңири) болот: үйүндөгү бир аял да Аллахтын Китебине жана Пайгамбардын сүннөтүнө карап өкүм берет. (Bihar ül-Envar, т. 52, б. 352)

Аз. Мехди (ас) убагында өнүккөн технология жана интернеттин жайылышы натыйжасында маалыматка жетүү өтө оңой болуп калат. Иштебеген аялдар да үйлөрүндө ар кандай маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишишет жана анын урматында Куран ахлагын жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын сүннөтүн өтө так жасай алышат.

Аз. Мехди (aс) Доорунда Башкаруучу Кишилер Байланышты Жана Билбеген Нерселерин Колдорундагы Кичинекей Компьютерлер Жана Компьютерлүү Телефондор Аркылуу Изилдеп Билишет

Имам Жафери Садык алейхиссаламдын уулу Мухаммеддин риваяты боюнча Имам алейхиссалам мындай деген: «КАИМ АЛЕЙХИССАЛАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ ар мамлекетке бир элчи жөнөтөт жана ар бир элчиге мындай дейт. «СЕНИН КЕЛИШИМИҢ КОЛУҢДА. Түшүнбөгөн бир абалга туш болуп, өкүм (чечим) чыгарууда кыйналсаң КОЛУҢДУ КАРА ЖАНА КОЛУҢДА ЖАЗЫЛГАНДЫ ЖАСА.»... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 381)

Хадисте Аз. Мехди (ас) убагында башкаруучу кызматындагы кишилердин байланыш куруу, маалымат алуу же билбеген нерселерин изилдеп үйрөнүү максатында кичинекей компьютерлерди жана компьютерлүү телефондорду пайдаланаарына көңүл бурулган. Бул куттуу доордо технологиянын эң жогорку деңгээлге жетээри, адамдардын аларга келген кабарларды жана билбеген нерселерин ушундай кичинекей компьютерлердин баскычтарын басып ал каражаттардын экрандарынан көрүп түшүнөөрү хадистен көрүнүп турат.

i-pad, apple

1. Two In one
You can carry your office with you. With the hand-computer with GSM features, you can both chat and have access to the Internet.
2. Revolution in technology

Хадистерде Айтылган «Асмандан Бир Кол Созулуп, «Ушул Аз. Мехди (aс) , Ага Моюн Сунгула» Деши» Телевизор Менен Интернеттен Көрүнө Турган Аз. Мехди (aс) Дын Колуна Ишарат Кылат

Кеза (Н. б. Хаммад) Зүхриден риваят кылды. Айтты: ... АСМАНДАН МЫНДАЙ БИР ҮН УГУЛАТ: «АЛЛАХТЫН ОЛУЯСЫ БАЛАНЧАНЫН АСХАБЫ» (б.а. Мехди (ас)ды айтып жатат). Эсма бинти Умейс айтты: АЛ КҮНДҮН БЕЛГИСИ (АЛААМАТЫ) АСМАНДАН СОЗУЛГАН ЖАНА АДАМДАР АНЫ КАРАП ТУРГАН БИР КОЛ. (Celalettin Suyutinin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, б. 69)

... МЫНА ОШОНДО АСМАНДАН ӨЗҮН ТААНЫТКАН БИР КОЛ КӨРҮНӨТ... (Celalettin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, б. 51)

uydu, televizyon

Mobile TV Broadcasting
Cell Phone TV: a new technology brings wireless phone users live television broadcasts from television networks by means of satellites.
Right: A television broadcast made in one country may reach all countries simultaneously by satellite.

АСМАНДАН КӨРҮНГӨН БИР КОЛ жана «амириңер (башчыңар) Мехди» деп жарыяланганга чейин чукушуулар жана карама-каршылыктар уланат. АЛ КҮНДҮН БЕЛГИСИ: АСМАНДАН БИР КОЛ СОЗУЛАТ жана адамдар аны карашат жана көрүшөт. (Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki (Heytemi), Beklenen Mehdinin Alametleri, El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б. 53)

(Аз. Муса) (Анан) Колун чыгарды, ал болсо ошол замат карагандарга аппак (болуп көрүндү). (Аьраф Сүрөсү, 198)

Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда адамдарга Аз. Мехди (ас)ды тааныта турган белгилердин бирөөсүнүн «асмандан созула турган бир кол» болоорун кабар берген. Ошондой эле хадистер боюнча, «адамдар ал колду көрүшүп, аны карашат». Хадистерде асмандан созулган ал кол менен бирге адамдарга «Аллахтын олуясы баланчанын асхабы болгон Аз. Мехди (ас) ушул» деп жар салынат. Адамдарга кайрылган бул үн Аз. Мехди (ас)дын үнү болот.» Аз. Мехди (ас) «мен Аз. Мехди (ас)мын» дебейт, бирок Аз. Мехди (ас)ды эң жакшы билген киши катары телевизор менен интернет аркылуу адамдарга Аз. Мехди (ас)ды айтып берет.

Ошондой эле, хадистердеги бул ишараттар боюнча, Аз. Мехди (ас) телевизор менен интернет аркылуу адамдардын көз алдында болот, адамдар ошолор аркылуу дайыма Аз. Мехди (ас)дын колун көрүшөт. Ошондой эле, ишараттардан, Куранда кабар берилген Аз. Мусанын колу сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын колунун да өтө сулуу жана көңүл бура турган болоору; жана колунун дайыма алдыңкы планда болуп адамдар тарабынан көрүлөөрү түшүнүктүү болууда.

Башка бир хадисте болсо «Аз. Мехди (ас)дын сүйлөп жатканда колун да колдоноору; сүйлөп жатып сөздөрүнө басым жасагысы келгенде колун кыймылдатаары жана адамдардын болсо анын ал кыймылдарын көрөөрү» кабар берилген:

Аз. Мехди (ас)дын тилинде туттугуу бар. Жай жана салмактуу сүйлөгөндө ОҢ КОЛУН СОЛ ТИЗЕСИНЕ КОЙОТ. (İmam Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, б. 174)

Бүт ушул хадистерде ишарат кылынган «ал колдун адамдар тарабынан көрүлүшү» Аз. Мехди (ас)ды адамдарга тааныта турган дагы бир маанилүү белги болот.

Аз. Мехди (aс) Адамдарды Динге Өз Үйүнөн Чакырат

Имам Бакыр (ас) мындай деген: «Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде ... АЛАР МЕНЕН СҮЙЛӨШКҮСҮ КЕЛГЕНДЕ УГУШАТ ЖАНА ӨЗ ОРДУНАН ТУРУП АНЫ КӨРҮШӨТ.» (Yevm'ul-Halas, б. 269)

Аз. Мехди (ас) акыр заманда чыкканда адамдарга Аллахтын бар экенин, жалгыздыгын айтып берет, Куран ахлагын жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн кайрадан жандантат. Пайгамбарыбыз (сав) куттуу хадисинде Аз. Мехди (ас)дын динге чакырыгын түздөн-түз өз үйүнөн жасаары, бир телеберүү аркылуу бүт адамдарга угузаары түшүнүктүү болууда.

Аз. Мехди (aс) Интернет, Телевизор, Радио Жана Телефон Байланыштары Аркылуу Адамдар Менен Сүйлөшөт

Аз. Мехди (ас) убагында адамдар жаткан жеринен, отурган креслосунан, ал тургай, бийик бир жерде болсо да Аз. Мехди (ас)дын үнүн уга ала турган бир технологияга ээ болушат. Белгилүү болгондой, учурда телевизор, телефон, радио жана компьютер системалары аудио жана видео түз берүүлөрдү дүйнөнүн төрт тарабындагы кишилерге заматта жеткире алат.

portatif dvd, cd

Имам Садык (ас) мындай деген: ... АЛАР ЖЕР ЖҮЗҮНҮН ЧЫГЫШЫ ЖЕ БАТЫШЫНДА МЭЭРАП ЖЕ ТӨШӨКТӨРҮНДӨ ТУРГАН ЖЕРИНЕН ИМАМ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ҮНҮН УГУШАТ. БУЛ ЖАЛГЫЗ ҮН АЛАРДЫН БААРЫНЫН КУЛАГЫНА БАРАТ ЖАНА БААРЫ АНЫ КӨЗДӨЙ КЫЙМЫЛДАШАТ. Көп өтпөстөн көз ачып жумганча баары алдына барышат...» (Bihar'ul-Envar, т. 53, б. 7)

Дүйнө Жүзү Аз. Мехди (aс) Ды Телевизор Менен Интернеттен Көрүшөт

АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫККАНДА Аллах ыйман келтиргендерге ушундай бир көрүү жана угуу күчүн бергендиктен, ОРТОДО БИР ПОЧТОЧУ БОЛБОСТОН АЗ. МЕХДИ (АС) ТУРГАН ЖЕРИНЕН БҮТ ДҮЙНӨГӨ КАЙРЫЛАТ, АЛАР БОЛСО АНЫ УГУШАТ, АЛ ТУРГАЙ, КӨРҮШӨТ. (Muntakab el Ezhar, б. 483)

Хадисте Аз. Мехди (ас) чыккан кезде байланыштын жеңилдеши менен, видео жана үн заматта жеткирилчү телевизорлор менен интернетке көңүл бурулган. Аз. Мехди (ас)дын дүйнөлүк масштабда динге чакыруу жасаары, сөздөрү менен видеолорунун бүт адамдарга оңой гана жете алаары түшүнүктүү болууда.

televizyon, internet

Аз. Мехди (aс) Доорунда Унаа

Аз. Мехди (ас) токтоо мүнөз, жакшы келбеттүү... АНЫН АТЫ КАРАҢГЫЛАРДА ОН ТӨРТТҮК АЙ СЫЯКТУУ ЖАРКЫРАЙТ. Ал эң жакшы топтун алдында жүрөт. Алар Аллахтын динин бекем карманышып, аны менен Аллахка жакындаганга аракет кылышат... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 171)

Хадисте Аз. Мехди (ас) убагында техникалык каражаттардын бирөөсүнүн «унаа (машина)» болооруна жана ал унаалардын фараларына, ичиндеги чырактарына көңүл бурулган. Хадисте берилген маалыматтан Аз. Мехди (ас)дын машинасынын фараларынын да жаркырашы көрүнүп турат.

BMW, Cherokee jeep

Аз. Мехди (aс) Доорунда Ыкчам Транспорттук Каражаттар Болот

Абан бин Таглиб айтат: Имам Жафери Садык (ас)дын мындай дегенин уктум, мен Каимди (Аз. Мехди (ас)ды) көрүп жаткан сыяктуумун,... эки көзүнүн арасы жаркыраган кара ак бир атка минет, ... (Zamanın İmamını Tanıyalım, İmam Mehdi, Ali İrfan, бет. 94)

Бул куттуу хадисте Аз. Мехди (ас) жашап жаткан доордо учурдагы ыкчам транспорттук каражаттарга көңүл бурулган. Ал каражаттардын өтө ыкчам, бир жерден башка бир жерге өтө бат жеткирчү каражаттар экенине Пайгамбарыбыз (сав) көңүл бурган.

hipersonik uçak

1. Hypersonic jets exceeding sound 7 times
Sabah, 06.02.2008: Hypersonic jet will reach 6 thousand km
2. It will almost fly
3. A speed of 100 thousand-horse power

Дажжалият Хадистериндеги Акыр Заман Технологиясына Ишараттар

Ибнил Мүнади Али (кв)ден риваят кылган: «Булуттарды оң колу менен кармайт, күндү баткан жерине чейин кармайт, деңизде басат, бирок суу таманына чейин жетет... Алдында түтүн, артында жашыл тоо болот... Анын кыйкырыгын жер менен асман арасындагылардын баары угушат...» (Kıyamet Alametleri, 10. baskı, б. 219)

Булуттарды Оң Колу Менен Кармайт...

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бул хадисте «дажжалдын булуттарды оң колу менен кармашына» ишарат кылынган. Учурда асмандын үстүңкү катмарларына чейин көтөрүлө алган учактар бул хадиске ишарат кылышы ыктымал. Учактар булуттардын деңгээлине чыгып, асмандагы булуттар адам колу жете ала турган болуп калууда. Бул технология хадистерде айтылган «булуттарды оң колу менен кармайт» сөздөрүнө дал келгендей көрүнүүдө. (Туурасын Аллах билет.)

boeing uçak

Күндү Баткан Жерине Чейин Кармайт...

Ушул эле хадисте айтылган «күндү баткан жерине чейин кармайт» сөзү да учурдагы технологияларга туура келет. Учурда телескоп жана спутник сыяктуу технологиялык каражаттар аркылуу дүйнөнүн бүт тарабындагы күндүн батышын көрүүгө, терең изилдөөгө болот. Спутник системалары бүт өлкөлөрдү көрсөтө алууда жана ал көрүнүштөрдү интернет аркылуу бүт дүйнө жашоочулары көрө алышууда. Хадисте айтылган «дажжалдын күндү баткан жерине чейин кармашы» ушул спутник системасынын колдонулушуна ишарат кылып жатышы мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.)

teleskop, uydu

Деңизде Басат, Бирок Суу Таманына Чейин Жетет...


Пайгамбарыбыз (сав) «дажжалдын деңизде басаарын, бирок суунун таманына чейин жетээрин» да айткан. Бул бүгүнкү күндө жасалган серфинг, суу лыжасы, жылаң бут менен суу лыжасы сыяктуу ар кандай суудагы спорт тармактарына мааниси жагынан туура келет. Бул спорттор менен алектенген киши деңиздин үстүндө жүрөт, сууга буттары гана тийет. Суунун буттардын таманына чейин эле жетээри жөнүндө айтылган жогорудагы хадис суу спортторуна ишарат кылган сыяктуу. (Туурасын Аллах билет.)

su kayağı, sörf

Алдында Түтүн, Артында Жашыл Тоо Болот...

Хадисте айтылган «алдында түтүн, артында жашыл тоо болот» сөзү абада учактар пайда кылган пейзажга туура келет. Учак асманда учуп баратканда, алдында булуттардан турган бир түтүн булуту турса, артында жашыл өсүмдүктөргө толгон бир тоо пейзажын калтырат.

swiss airlines

Анын Кыйкырыгын Жер Менен Асман Арасындагылардын Баары Угушат...

Хадисте дажжал жөнүндө «анын кыйкырыгын жер менен асман арасындагылардын баары угушат» деп да айтылган. Учурда радио, телевизор жана интернет сыяктуу технологиялык жетишкендиктер ар кандай спутник системалары жана радио толкундар урматында дүйнөнүн төрт тарабында маалымат, телеберүүлөрдү жасап, бир радио же телепрограмманы дүйнөнүн бүт өлкөлөрүнөн бүт адамдар бир убакта уга алышууда. Бул технологиялык система бир телеберүүнүн же бир үндүн хадисте айтылгандай «асман менен жердегилердин баарынын угушуна» дал келгендей көрүнүүдө. (Туурасын Аллах билет.)

uydu, televizyon, internet, radyo dalgaları

Жерге Буйрук Берип, Эгин Өстүрөт...

Хадисте, ошондой эле, «дажжалдын жерге буйрук берип эгин өстүрөөрү» айтылат. Учурда ар кандай айыл-чарба техникалары жана тракторлор урматында жерге эгин эгүү оңой болуп калды жана техникалардын сугаруу жана жер семирткич чачуу технологиялары урматында кыска убакыт ичинде түшүм алынууда. Жерге эгин сээп, түшүм алуунун ушундай айыл-чарба техникалары урматында оңой болуп калышы хадистин ишаратына дал келүүдө. (Туурасын Аллах билет.)

traktör

(Дажжал) Бир дарыяга келип, агышын буйруйт, агат, анан жогору көздөй агышын буйруйт, агат, куруп калышын буйруйт, куруп калат...» (Hammadoğlu Nuaym) (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 213)

Риваятта дажжал убагында тосмолордун (дамба) курулушуна ишарат кылынууда. Себеби дарбазалары жабылганда суулар ошол замат куруп калат, ачылганда болсо кайра агып баштайт (туурасын Аллах билет).

Atatürk barajı

Left: Ataturk dam, Adiyaman
Right: Glen Canyon Dam, USA

Поезд Транспортуна Ишарат

(Дажжал) Бүт баарын алдоо үчүн алгач эки тоону жанына алып басат; тоолордун бирөөсүндө мол дарак, мөмө болот, экинчисинде болсо түтүн менен от болот;» (Hakim, ile İbni Asakir İbni Ömer) (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 213)

Бул риваятта болсо акыр заманда поезддер менен поезд вагондору айтылып жатат. Поезд вагондору дарактан жасалат жана мөмөлөрдү ташууда колдонулууда. Риваятта айтылгандай, темир жолдордо болсо «түтүн менен от» бар. Дажжалдын «эки тоону жанына алып басышы» бир тараптан темир жолду, экинчи тараптан болсо мол мөмөлөрдү жүктөгөн ал вагондорду башкарып колдонушуна ишарат кылууда.

Мазут же көмүр менен жүргөн поезддердин мотор тараптарында от, түтүн трубасында болсо түтүн пайда болот. Риваяттагы «эки тоо» сөзү темир жол менен вагондордон турган эки чоң массага ишарат кылууда. «Жанына алып басышы» болсо поездди башкарган кишинин вагондор менен бирге, чогуу жүрүп баратышына ишарат кылууда (туурасын Аллах билет).

tren istasyonu

Наркоздун Колдонулушуна Ишарат

(Дажжалдын) жанында бейиш менен тозок болот... Адамдары да болот, алардын бир бөлүгүн өлтүрүп, анан тирилтет... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 213)

Акыр заманда наркоз колдонуу менен адамдардын жүрөктөрү чыгарылып кайра салынууда. Адамдар ушундайча кандайдыр бир мааниде өлүк абалына барып, анан кайра тирилтилип жатышат. Ошол сыяктуу, жүрөгү токтоп калган кишилер да электрошок менен кайра жашап кетишүүдө. Риваятта ушуга ишарат кылынууда (туурасын Аллах билет).

Массалык Тамак Системаларына Ишарат

(Дажжалдын) Эттен тоосу, суудан дарыясы болот... (Nuaym Huzeyfe'den) (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 213)

«Жанында нан менен эт тоолору, суу дарыялары болот» (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 214)

«Жанында шорподон бир тоо, муздабаган ысык эт, аккан бир дарыя... мына тамагы, мына суусундуктары дейт...» (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 215)

Риваятта 20-кылымда адамдарды зулумдук астында жашаткан коммунисттик режимдерде элге тамактардын массалык берилишине көңүл бурулган. Белгилүү болгондой, бул системаларда 10-20 миң кишилик заводдордо массалык түрдө иштетилген адамдарга риваятта окшотулгандай дарыядай көп суусундуктар менен тоодой тамактар алып барылчу.

Ыкчам Транспорт Технологиясына Ишарат

«(Дажжал) Бүт жер жүзүн 40 күндө айланат.» (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 216)

Риваятта акыр заманда бир жерден бир жерге жетүүдө транспорттук каражаттардын ылдамдыгына ишарат кылынууда.

Телевизор Жана Радио Программаларына Ишарат

«(Дажжалдын) Чыгыш менен батыштагы элдер уга ала турган тездикте үч кыйкырыгы бар. (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 216)

Риваятта акыр заманда чыгыш менен батыштагы бүт адамдар оңой гана уга ала турган абалда радио, телеберүүлөрдүн жасалаарына ишарат кылынган (туурасын Аллах билет).

televizyon yayını

Күн Энергиясынын Колдонулушуна Ишарат

«(Дажжал) ... заматта күндүн астында бышыра алат.» (Hakim, ile İbni Asakir İbni Ömer) (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 216)

Акыр заманда күн энергиясынан пайдаланылаарына ишарат кылынууда (туурасын Аллах билет).

Дарвинисттердин Реконструкцияларды Колдонушу

«(Дажжал) жахилдерге (сабатсыз) келип, кааласаң өлгөн атаңды, апаңды тирилтейин дейт, ал болсо ооба көрсөт дегенде жанындагы шайтан атасынын кейпине кирет жана «уулум мен сенин атаңмын! Бул адамды ээрчи (ага баш ий)!» дейт... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 217)

Дажжал адамдарга «өлгөн атаңды тирилтейин» дейт, алар «ооба көрсөт» дегенде болсо, маймыл скелеттерин, реконструкция менен жасалган жасалма маймыл сымал адам сүрөттөрүн жана жасалма ортоңку форма фоссилдерин көрсөтүп, аларга «мен сенин атаңмын» дейт. Алар бул шайтандык алдамчылыкка алданышат. Дажжал системасы адамдарга аталарын маймыл сыяктуу көрсөтөт, алар болсо дажжалдын бул оюнуна алданышат.

rekonstrüksiyon

Акыр Заманда Атеизмдин Жайылышы

«(Дажжал) Ал «мен ааламдардын Раббимин» дегенде (Аллахты аруулайбыз)... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 218)

Дажжал «мен ааламдардын Раббимин» (Аллахты аруулайбыз) деп адамдарды алдап; затты, жана натыйжада бүт атомдорду адамдарга «кудайдай» (жаратуучудай) көрсөткөн (Аллахты аруулайбыз). Бирок дажжалдын ал оюну Аз. Мехди (ас)дын адамдарга чындыкты алып келиши; дарвинизмдин жалган экенин жана бүт нерсени Аллах жаратканын бүт дүйнөгө көрсөтүшү натыйжасында бузула турган болуп жаратылган.

Акыр Заманда Дарвинизмдин Жайылышы

«(Дажжал) Ал болсо «кана жөнөгүлө, адамдарга алардын Раббиси экенимди айткыла; мына бейиш менен тозок бар экенин айтып бергиле» дейт. (Аллахты аруулайбыз)
Анан алар кишинин атасы, апасы жана бир тууганы кейпине кирип жайылышат, бир адамдын үйүнө келип «сен бизди тааный алдыңбы» дешет. «Ооба бул атам, бул болсо апам, бул болсо бир тууганым» деп жооп берет...
... «Калп айтып жатасыңар! Силер шайтансыңар, ал болсо өтө чоң жалганчы! Бизге Расулуллах (сав) силер жөнүндө айтып берген кабары жеткен. Анын жалганчы экенин, жанындагы жардамчыларынын болсо шайтандар экенин, Иса (ас) келип аны талкалай турганын Аллах Элчиси (сав) бизге кабар берген...» анан куру кол кайтышат дажжалдын жанына...
(Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 218)

Риваятта айтылышы боюнча, шайтанга моюн сунган кишилер кишинин өзүн да, аталарын да «маймылдарсыңар» деген калпты айтып адамдарды алдашат. «Мен да маймылмын, сен да маймылсың, эжең да маймыл» дешет. Бирок Аз. Мехди (ас) лидерлик кылган ыймандуулар дажжалдын ал оюнун бузушат жана бүт нерсени Аллахтын жоктон жаратканын бүт адамдарга айтып беришет. Риваяттагы «калп айтып жатасыңар, силер шайтансыңар, ал болсо өтө чоң жалганчы» деп Аз. Мехди (ас)дын дажжалдын ал тузагын толук бузуп, жок кылаары кабар берилген.

evrim teorisi

Many media organizations become instrumental in the propaganda of the evolution hoax.
In various journals and magazines the evolution theory is propagated as if it were a scientific theory and the fact that science refutes evolution is being hidden from the public.

Акыр Заманда Материализмдин Жайылышы

«(Дажжал) Ал болсо «кана жөнөгүлө, адамдарга алардын Раббиси экенимди айткыла; мына бейиш менен тозок бар экенин айтып бергиле» дейт...
Ал силердин Раббиңер, араңарда өкүм берүү үчүн келди, бейиши менен тозогу да бар... (Аллахты аруулайбыз)
(Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 218)

Дажжал «бейиш менен тозок бул дүйнөдө» деп айтуу менен Аллахты танат (жокко чыгарат) жана адамдарды да танууга (каапырдыкка) чакырат. Риваят дажжалияттын таасири астындагы материалист илимпоздордун бүт дүйнөгө жайылып, атеизмдин, натыйжада дажжалият менен дарвинизмдин пропагандасын жасашына жана адамдарды атеизмге чакырышына ишарат кылууда.

Экономикалык Кризиске Ишарат

Дажжал чыгаардан үч жыл мурда өтө каатчылык күндөр болот, ачарчылык өкүм сүрөт. Биринчи жылы Аллах асманга жамгырды камашын буйруйт... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 220)

Риваятта кабар берилген акыр заманда боло турган бул окуя ишке ашты. Дүйнө жүзүндө адамдар экономикалык көп кыйынчылыктарды тартышууда. Дүйнөнүн көп тарабында согуш, уруштар, террор менен зомбулуктар болуп; көп адамдар кыйынчылык, азап жана ачкалык сыяктуу оор шарттарда жашап жатышат.

Ошондой эле риваятта айтылган кургакчылык да дүйнө жүзүндө өз таасирин көрсөткөн.

Avro çöküyor, ekonomik kriz

1. Vakit, 02.05.2010: EURO IS COLLAPSING
2. Yeni Asya, 26.04.2010: The Crisis swallowed the world
3. Tercüman, 23.07.2009: England will overcome crisis in 2014
4. Yeni Asya, 06.05.2010: The nightmare: "The Crisis is Spreading to EU"

Медицина Технологиясына Ишарат

«(Дажжал) Бир адамга колу тийип өлтүрөт аны экиге бөлөт... Анан араларынан өтүп «мына көрдүңөр, эми мен аны тирилтем...» дейт. (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El-Hüseyin El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 220)

Риваятта акыр заманда технология менен медицинанын өнүгүшүнө ишарат кылынууда. Дажжал доорунда адам денесинин эки бөлүккө бөлүнүп, анан ал бөлүктөрдүн кайра бириктирилишинин мүмкүн болоору айтылууда. Учурда операция убагында адамдардын жүрөк, боор сыяктуу ички органдары денелеринен чыгарылып, анан кайра ордуна салынуу менен адамдарга кайра жан киргизилип жатат.

CЖамгыр Бомбасы

Муслим Нүввас б. Семъандан риваят кылган бир хадисте мындай айтылган:

>«Асманга буйрук берип, жамгыр жаадырат...» (Kıyamet alametleri baskı 10 sf. 219)

Хадисте акыр заманда каалаган кезде жамгыр жаадыруучу ыкмалардын иштеп чыгылаары билдирилген. Чындап эле учурда мындай ыкмалар колдонулуп жатат. Жамгыр бомбасы же булут уруктоо деп аталган бул ыкма мындайча жасалат:

«Жамгыр бомбасы – бул өтө муздак булуттарга муз кристаллдарын чачуу аркылуу жамгыр же кар жаашын камсыз кылуу. Өтө муздак булуттар көп кездешет. Алар 0°Cден төмөн же ал тургай -40°Cден төмөн өтө майда суу тамчыларынан турат. Мындай бир булутка муз кристаллдарынын ташталышы шарттарды өзгөртөт. Кристаллдар сууга караганда төмөнүрөөк буу басымына ээ болгондуктан, суу тамчыларынын бууланышына себеп болушат. Андан соң ал нымдуулук муз кристаллдарынын бетинде чогулат. Ошентип муз кристаллдарынын чоңдугу төмөн түшүп баратканда тынымсыз өсөт. Натыйжада булуттун уруктанышы жогорку деңгээлдерде муз кристаллдарынын пайда болушу менен өзүнөн-өзү келип чыгат. Муз кристаллдарынын булутка түшүшү же атмосферадагы музга айланган бүртүктөрдүн болушу окуяны жыйынтыктайт. Жасалма булут уруктандырууну абадан же жерден жасоого болот. Бир учакты колдонуу менен булуттардын ичине катуу көмүр кычкыл газы (кургак муз) бүртүктөрү чачылат. Температурасы өтө төмөн болгондуктан ал бүртүктөрдө өтө көп санда муз кристаллдары бар.»

Бул ыкма учурда көп колдонулган жерлердин бири – Канада. Бул жөнүндө National Geographic журналынын интернет сайтында төмөнкү маалыматтар берилген:

«Канзаста (АКШ) кээде чогулган булуттар жамгыр жаайт деген күтүүнү пайда кылат, бирок эч жаабайт; анын ордуна түшүмгө зыян тийгизген мөндүргө айланткан убактар да болот. Батыш Канзас Аба Абалын Модификация Программасы булуттарды жөнгө салуу үчүн учактарды жөнөтөт. Канаттарга тагылган күйгүчтөр чыгарган күмүш йод түтүнү көтөрүлгөн абаны, белгилүү бороон булуттарын нөл градустан төмөнкү ички бөлүктү көздөй багыттайт. Ал бийиктикте күмүш йод бөлүкчөлөрү булут суусу айланасында тоңо алчу ядролор кызматын аткарат. Жетиштүү салмакка жеткен муз бүртүктөрү ылдый түшүп баштайт жана түшүп баратканда ээрип жамгырга айланат. Теориялык жактан караганда, бул стратегия бир эле жамгыр санын көбөйтпөйт, нымдын булуттар ичинде жогору айдалып мөндүргө айланышынын да алдын алат...

Жамгыр бомбасы акыркы 60 жыл ичинде иштеп чыгылган бир технология. Учурда АКШ, Израил, Канада, Россия, Тайланд, Марокко, Австралия сыяктуу болжол менен 24 өлкө бул ыкманы көбүрөөк жамгыр жаадыруу үчүн колдонушууда.

yağmur bombası

1. The procedure of cloud seeding in the sky
2. Cloud seeding equipment attached to plane wings
3. Cloud seeding equipment including 50 gm silver iodide
A cloud seeding procedure in Kansas; silver iodide smoke is sprayed from a plane

Сүт Өндүрүшүнүн Жогорулашы

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын акыр заман жөнүндөгү хадистеринде айтылган окуялардын бири – бул сүт өндүрүшүнүн өсүшү. Биз жашап жаткан доордо мал чарбачылыгындагы өнүгүүлөр хадистерде ишарат кылынган бул өндүрүмдүүлүк өсүшүнө себеп болду (туурасын Аллах билет).

Бул хадис Ибнил-Мүнади Али (кв)ден риваят кылынган. Муслим Нуввас б. Семъандан риваят кылган бир хадисте мындайча айтылган:
«Кээ бир адамдарга келип чакырат, алар ага ишенишет... Асманга буйрук берип жамгыр жаадырат... Жерге буйрук берип эгин өстүрөт... Жаныбарларын да көбөйтөт... Эмчектерин болсо сүткө толтурат.» (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri 10. baskı, б. 219)

Учурда жакында эле колдонулуп баштаган жаныбарлар популяциясын жасалма уруктандыруу иш-аракеттери, эмбрион которуусу жана жогорку өндүрүмдүү жаныбарлар менен жаныбар сапатынын көтөрүлүшү Голландия менен Бельгия баш болгон бүт өлкөлөрдө сүт өндүрүшүндө чоң бир өсүүгө себеп болгон. Мисалы, Голландияда бир уйдан алынган бир күндүк сүт орточо 35 литрге жеткен. Ал тургай, бир күндө 53 литр сүт берген уйлардын да бар экени белгилүү.

süt üretimi

Кенч Детектору

Акыр замандын өзгөчөлүктөрүн баяндаган бир куттуу хадисте болсо дажжалдын бир имараттын жанынан өтүп баратып ал имараттын астында жашырылган кенчти кабар берээри айтылат:

(Дажжал) Кыйшайып калган бир эски имараттын жанынан өтүп баратып «кана астыңда жашырылган кенчиңди (казынаңды) чыгар!» деп буйрук берет, заматта кенч табылат...» (Муслим Нуввасдан риваят кылган) (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, бет: 219)

Белгилүү болгондой, учурда жер астындагы металлдарды табуучу, кымбат жана арзан металлдарды жана металл ээритмелерин бир-биринен айырмалоочу детекторлор көп колдонулууда. Ал детекторлор урматында бир имараттын, дубалдын же топурактын астында көмүлгөн металл бар же жок экени заматта белгилүү болууда. Көмүлгөн алтын, күмүш, жез, бронза сыяктуу металлдардын ордуларын оңой гана аныктоого шарт түзгөн андай детекторлор инженерияда, курулушта, аскердик бөлүктөрдө көп колдонулган сыяктуу, кээ бир адамдар тарабынан кенч детектору катары колдонулууда.

Жогорудагы хадисте кенч детектору сыяктуу бир каражаттын колдонулушуна ишарат кылынып жатышы ыктымал. Ушундайча кыйшайып калган имараттын астында казына бар экени аныкталып, ал казына жер жүзүнө чыгарылган болушу мүмкүн (туурасын Аллах билет).

define dedektörü

Трал Аңчылыгы

Анын (дажжалдын) акылдарды таң калтырган иштеринин бири төмөнкүдөй: күнүнө үч жолу деңизге чумкуйт; колдорунун бири узун. Узун болгон колу менен деңиздин түбүнө таянып, башка колдору менен тереңдердеги балыктардын каалаганын кармап чыгат... (Ebu Nuaym Hüzeyfe (r.a)'dan nakil edilmiştir). (Kıyamet Alametleri, 10. baskı, б. 216)

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде акыр заманда дажжалдын «деңиздин түбүнө созунуп, тереңдеги балыктарды кармап чыгаарына» ишарат кылынган. Учурда суу жандыктары аңчылыгында колдонулган «трал торлору» хадистин ишаратына толук дал келгендей көрүнүүдө (туурасын Аллах билет). Трал торлору менен аңчылык көптөгөн түр бир учурда кармалуучу бир аңчылык тармагы болгондуктан, «мульти аңчылык» деп да аталат. Трал деңиз тереңи жана орто суу балыкчылыгында колдонулууда. Болот тросттор менен деңиздин түбүн сыдырган ал торлор алдынан чыккан бүт балыктарды ичине камайт.

Трал тору конус формасындагы чоң бир баштыкка окшошот жана оозу болжол менен 30 метр кеңдикте. Тор ташталганда оозу ачык турушу үчүн эки жагына тең тактай плиталар жайгаштырылат. «Эшик» деп аталган ал тактай плиталар болот кабельдер менен трал кемесине байланат. Деңиз түбү катуу болбогон жерлерде деңиз түбүндөгү балыктарды кармоо үчүн көбүнчө түп тралы колдонулат. Трал кемесинен деңизге ташталган трал тору кеме менен айдалат жана тор деңиздин түбүн сыдырып жолундагы балыктарды чогултат. Торду сүйрөө иши 1,5-3 саатка чейин созулат. Анан тор бир кран жардамы менен тартып алынып, ичиндеги балыктар кемеге төгүлөт. Балыктар тазаланып жуулган соң кеменин кампасында муздардын арасына көмүлүп сакталат. Кээ бир чоң жана өнүккөн трал кемелеринде балыктар тазаланган соң муздатуучу аппараттарда тоңдурулат. Андай кемелер деңизде көбүрөөк мөөнөткө жүрүп аңчылыгын уланта алышат.

trol avcılığı

Күн Очокторунун Ачылышы

Абада учуп бараткан кушту кармап, заматта күндүн астында бышыра алат. (Kıyamet Alametleri, 8. baskı, mütercim: Naim Erdoğan, Pamuk Yayıncılık, б. 216)

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган жогорудагы хадистерде дажжалдын доору, б.а. акыр заман жөнүндө «кармалган жандыктын турган жеринде заматта бышырылып желишине» көңүл бурулууда. Мунун «күнөстүү жерде» жасалаары да айтылат. Хадистеги бул сөздөр учурдагы технология менен колдонулган «күн очокторуна» көңүл буруп жатышы мүмкүн (туурасын Аллах билет).

güneş ocakları

Учурда LPG, табигый газ, электр энергиясы, отун менен көмүрдүн ордуна альтернатива катары чыгарылган «күн очоктору» урматында күндүн астында эт сыяктуу тамактарды да заматта бышырып жеш мүмкүн болууда.

Күндөн келген жылуулук ички бети жаркыраган плиталар урматында очокко багытталат. Очоктун ортосуна коюлган тамак чагылтылган күн нурларынан келген жогорку температура астында бышат. (Emily Krone, "Elburn-made solar ovens give hope to many Third World", Daily Herald, 26 Eylül 2004, бб. 1, 3.)

Акыр заман жөнүндөгү жогорудагы хадистер биз жашап жаткан доор менен байланыштуу болушу жагынан өтө маанилүү.

Туман Булуттар

Дажжал «мен ааламдардын Раббимин... Мобул күн менин уруксатым менен чыгат, кааласаңар аны камап койойун! дейт. «Макул камачы көрөлү» деп жооп беришет. Анан күндү камайт, бир күндү бир айдай, бир жуманы болсо бир жылдай кылат.» (Нуайм б. Хаммад жана Хаким ибни Месуттан (ра) риваят кылынган) (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 10. baskı, б. 219, 220)

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринин биринде дажжалдын күндү камашына ишарат кылынган. Учурда ар кандай техникалык ыкмалар менен түтүн булуттарды пайда кылууга жана ал булуттар аркылуу күн нурун тосууга мүмкүн болууда. Түтүн булуттарын пайда кылган туман бомбалары 1- жана 2-дүйнөлүк согуштарда колдонулуп, бүт асманды каптап, көзгө эч нерсе көрүнбөй калган жана асмандагы учактар менен парашютчан аскерлерди аныктоого жолтоо болунган. Бул жасалма ыкма хадисте ишарат кылынган күндүн камалышы, б.а. күн нурун тосуу үчүн колдонула турган бир ыкма жана хадиске дал келгендей көрүнүүдө (туурасын Аллах билет).

F16, duman bulutları

Араб Жерлеринде Дарыялардын Агышы

«Араб жерлеринде суулар менен дарыялар акмайынча кыямат келбейт.» (Ölüm, Kıyamet ve Diriliş, İmam Şarani, б. 471)

Бул куттуу хадис учурда Арабистан жарым аралында, өзгөчө Израил менен Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдө суунун көп колдонулуп чөлдө айыл-чарбачылык кылынышына ишарат кылууда.

/arabia_water

1. Desert soil transformed into agricultural areas in Israel
2.Jordanian deserts transformed into agricultural circles by technological irrigation

Куранда Жана Хадистерде Кабар Берилген Даббет-Үл Ард Компьютер Жана Интернет Технологиясына Ишарат Кылат (Туурасын Аллах Билет)

Ибни Аббас (ра)дан: «Жүзү адам жүзүнө окшошот, тумшугу кылдуу...» (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 276)

Жүзү адам жүзүнө окшош: Жүзү адам жүзүнө окшош деп Даббенин адамга окшош өзгөчөлүктөрдө болооруна ишарат кылынууда. Учурда компьютерлер да адам сыяктуу камералар урматында көрүп, кабылдагыч системалары менен угуп, түздөн-түз сүйлөшөт.

Тумшугу кылдуу: Бул хадисте айтылган «тумшугу кылдуу» сөзү компьютерлерди заряддоо үчүн колдонулган жана ичке зымдардан турган электрдик кабельге ишарат кылып жатышы мүмкүн. Канаттуулардын тумшугу пластмасса сыяктуу, бир слюданы (катмардуу тунук минералды) эске салат. Ичке кабельдүү пластмасса заряддагыч хадисте айтылган окшотууга ишарат кылып жатышы ыктымал.

dabbet-ül arz, bilgisayar

Хузейфе (ра)дан: «... Эч ким ага жете албайт, качкан болсо кутула албайт.» (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 276)

bilgisayar

Учурда маалымат өткөрүүдө компьютердин ылдамдыгына жете алуу мүмкүн эмес болууда. Жана Даббе чыккан убакта Куранды жана Мусулмандардын чакырыгын уккусу келбегендер дагы, компьютерлер үйлөрүнө чейин киргендиктен, Аллахтын Улуу кудуретин жана Куран ахлагын сөзсүз угууга мажбур болушуп, кача алышпайт.

Эбу Хурейре (ра)дан: «Даббет-үл Арзда ар түрдүү түс бар...» (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 276)

Учурдагы компьютерлерде 16,8 миллион түс бар.

Эбуз Зубейр (ра)дан риваят кылган: «... Көзү жамандын көзү сыяктуу, кулагы пил кулагы сыяктуу ...» (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 276)

web kamera

Учурдагы компьютерлерде кичинекей көз сымал камералар бар, ал камералар урматында компьютерлер ар кандай сүрөттөлүштү ала алууда.

Учурда ноутбуктардын көрүнүшү пил кулагына окшошуп кетет. Ошол сыяктуу компьютерлердин үн жазуу өзгөчөлүгү урматында чөйрөдөгү бүт үндөрдү компьютер кабылдап, ал тургай, жаза алууда.

toshiba bilgisayar

Жанында Аз. Муса (ас)дын асасы ... болот. Бийик үн менен минтип кыйкырат: «Адамдар эми аяттарыбызга жүрөктөн ыйман келтирбес болушту.» Анан момун (ыймандуу) менен каапырды мөөрлөйт (ыйман келтиргендер менен каапырлардын таанылышына себепчи болот). (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 277)

Аз. Муса (ас)дын асасы болот: Улуу Аллах Аз. Муса (ас)дын асасын бир заматта тирүү жыланга айлантып, ошол доордун дарвинист, материалисттерине каршы жоктон Жаратуунун эң чоң далилдеринин бирин көрсөткөн. Акыр заманда болсо компьютер жана интернет аркылуу бүт дарвинист менен материалисттерге Жаратуунун далилдери көрсөтүлөт.

Анан момун менен каапырды мөөрлөйт: Акыр заманда момундардын да, каапырлардын да компьютер жана интернет аркылуу Пайгамбарыбыз (сав)дын мөөрүн көрөөрү түшүнүктүү болууда. Хадисте интернетке киргендердин баарынын Расулуллах (сав)дын мөөрүн көрөөрүнө, ал мөөрдүн момундардын кубанычын көбөйтүп, жүздөрүн нурдантаарына, каапырлардын болсо текебердигин эзээрине ишарат кылынууда.

«Момунга жолугуп момундун жүзүн мөөрлөгөндө жүзү жаркырап калат. Каапырды мөөрлөгөндө капкара болуп калат.» (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 277)

Интернетке киришкенде Аллахтын бар экендигинин далилдерине, Куран аяттарына жана Ислам ахлагын баяндаган эмгектерге жолуккан жана Пайгамбарыбыз (сав)дын мөөрүн алдында көргөн момундардын хидаяты өсүп, ыймандары андан да күчтөнөт. Пайгамбарыбыз (сав)дын мөөрүн көргөн каапырлардын болсо катуу ачуулангандыктан жүздөрү капкара болот.

«...Жер жүзүндө бир жылдыздай жүрөт. Артынан түшкөн аны кармай албайт, андан качса кутула албайт... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 277)

Компьютерлер интернет аркылуу бүт маалыматтарды дүйнөнүн бүт тарабына секундалар ичинде жеткире алууда. Компьютерлер дээрлик бүт үйлөрдө болгондуктан адамдар акыйкат менен чындыктан кача алышпайт.

«Чыгып, үч жолу жер менен асман арасындагылардын баары уга турган бир үн менен кыйкырат.»
«Чыгышка бурулуп кыйкырат, бүт чыгыштагылар үнүн угушат. Дамаскка бурулуп кыйкырат, бүт Йемендиктер үнүн угушат.»
(Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 277)

laptop bilgisayar

Даббет-үл Арз жердин астына да, жердин үстүнө да, асманга да жете алат. Ал жетпеген, ал кирбеген бир дагы шаар, бир дагы үй калбайт. Учурда компьютерлер бүт үйлөргө кирди, жана спутник технологиялары жана интернет урматында жер астында иштеген адамдардан көк тиреген имараттардын башында жашаган же асманда учак менен саякат кылган адамдарга чейин бүт адамдарга бүт үндөр, бүт видеолор жете алууда.

Чындап намаз кылган кишинин жанына келип, «бул сенин кылган намазың болбой калды, себеби сен жалганчысың жана мүраиндин (эки жүздүү, рийакар (эл көрсүн үчүн жасаган) кишинин) дал өзүсүң» деп эки көзүнүн арасына жалганчы мөөрү урулат. (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 278)

Куранды өз оюнда күбө кармап, тилин тыяк-быякка чойгон, Куранга каршы болуп туруп, динчил көрүнгөн эки жүздүү кишилерге компьютер жана интернет аркылуу жооп берилүүдө жана алардын «жалганчы» экени апачык жар салынууда.

Шайтанды өлтүрөөрү (пикирдин жактан жок кылаары) жөнүндөгү баян эске түшкөндөй жогоруда айтылган. (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 278)

Шайтандын системасы болгон дарвинизм, материализм, атеизм интернет аркылуу дүйнөгө жеткен жана Аллахтын жалгыздыгын, улуулугун баяндаган макала, китеп, видеолор аркылуу толук жер менен жексен болуп, шайтандын дини компьютер, интернет аркылуу жок болот.

...бир кадам менен үч күндүк аралыкты басып өтөт... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul Al-Huseyni El Berzenci, Pamuk Yayıncılık, б. 278)

Учурда компьютер жана интернет урматында бир секунда ичинде дүйнөнүн башка учуна, бүт адамдарга маалымат жеткирүү мүмкүн болуп калды.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР