2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (9/20)

Аз. Мехди (aс) Түркиядан Чыгат Жана Стамбулда Иш-Аракет Жүргүзөт

Аз. Мехди (aс) Дын Стамбулду Руханий Каратышы

... Ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн аалымдар бир-биринен кабарсыз Аз. Мехди (ас)ды издөө үчүн жолго чыгышат жана ар бирине 310дой адам жолдош болот. Аягында баары Меккеде жолугушат жана бир-биринен ал жерге эмне үчүн келгенин сураганда баары: «бул фитнаны токтото турган жана Константинопольду (руханий) ээлей турган Аз. Мехди (ас)ды издеп жатабыз, себеби биз анын атасынын, апасынын жана армиясынын аттарын уктук.» деп жооп беришет. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 40-б.)

Аз. Мехди (ас) Константинопольду жана Дейлем тоосун (руханий) ээлейт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 27-б.)

Аллах Таала Азрети ыймандуу кулдарына Римдин борбору болгон Стамбулдун тасбих жана такбир менен (руханий) ээленишин насип кылганга чейин кыямат болбойт. (Ahmed Gümüşhanevi, Ramuz'ul Ahadis, 478-б.)

«Аллах Таала ыймандууларга Стамбул жана Рум (грек) (жерлерин) тасбих жана такбир менен (руханий) ээлөөнү насип кылганга чейин кыямат болбойт» деген. (Deylemi, Firdevs, 5/82, № 7524, Taberani, el-Mu'cemu'l-Kebir, 17/15,21)

Аз. Пайгамбар (сав) мындай деген: «Тасбих жана такбир кылып Константинопольду (руханий) ээлейсиңер. Ошол кезге чейин жете албаган олжо мүлктөрүнө жетесиңер.» (İbn- Mace (Ибн Маже), Fiten (Фитен), 35-б.)

Амр б. Авфдан (ра) риваят кылынган: >«Аллах аны бир түндө калыптандырат. Рум (грек) шаарын (Стамбулду) такбир менен (руханий) ээлейт...» (Muhyiddin Arabi (Мухйиддин Араби), "Futuhat-El Mekkiye", 366-бап, 3-т., 327- 328-б.)

Алыс жерлердеги шакирттери Аз. Мехди (ас)га моюн сунат. Зулумдукту жана заалымдарды пикир менен таасирсиз кылып, өлкөлөр оңолот, ЖЕНАБЫ ХАК (УЛУУ АЛЛАХ) АГА СТАМБУЛДУ (РУХАНИЙ) ЭЭЛЕТТИРЕТ. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal)

Расулуллах (сав) мындай деген: «Эхли Бейтимден бир зат (Аз. Мехди (ас)) (дүйнөгө) ээ болгонго чейин кыямат болбойт. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) СТАМБУЛДУ ЖАНА ЖЕБЕЛДИ (тоону- Стамбулдун 7 дөбөсүн) (РУХАНИЙ) ЭЭЛЕЙТ» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

Аз. Мехди (ас) чыкканда (көрүнгөндө) алыс жерлерде, ал тургай, алыс өлкөлөрдө жашаган Мусулмандар да аны жакшы көрүп, моюн сундук дешет. Хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын Стамбулду жана тоону руханий ээлей турганын билдирген. Пайгамбарыбыз (сав) хадистеги «жебел», б.а. «тоо» сөзү менен Стамбулдун 7 төбөсүнө көңүл бурган. Белгилүү болгондой, Стамбулдун 7 төбө үстүнө курулганы анын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат. «7 төбө» аты адамдардын эсине ошол замат Стамбулду салган эң белгилүү бир ат.

Азыркы Чачыранды Түрк Тилдүү Мамлекеттер Биригип Аз. Мехди (aс) Га Жардам Беришет

... Ибрахим бин Үбейдуллах бин Ала атасынын мындай дегенин айткан. Имам Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: Эмирүлмүминин алейхиссалам (Аз. Али) өзүнөн кийин Каимдин кыямына чейин боло турган окуялардан сөз кылды... ЖАНА АР ТАРАПТА МЕНИН УУЛУМА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАРДАМ БЕРЕ ТУРГАН ЧАЧЫРАНДЫ ТҮРК ЖЕЛЕКТЕРИ ЧЫГАТ (КӨРҮНӨТ). (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani,Gaybeti numani, 323-б.)

...Аллах ага (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) Румду, Дейлемди, Синдди, Индияны, Кабилшахты жана Каспийди ЭЭЛЕТТИРЕТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 274-б.)

Аз. Мехди (aс) Ичинде Кызмат Кылган Калк

Хадистердеги маалыматтар боюнча, Аз. Мехди (ас) Түрк калкы ичинде кызмат кылат.

«Аз. Мехди (ас) РУМДАН, Б.А. ТҮРКТӨРДӨН (СЕБЕБИ, ИЛГЕРИ ТҮРКИЯ ДИЙАР-Ы РУМ ДЕП АТАЛГАН) ажырабайт (кетпейт).» (İş'afü'r-Rağıbîn'den naklen, Tılsımlar, 212-б.)

Кехф Сүрөсүнүн 79-Аятында 1979-Жылы Чөккөн Independenta Кемесине Жана 1979-Жылы Болгон Анархия Шарттарына Ишарттар Бар

1979-жылы 15-ноябрьда дүйнөнүн төртүнчү чоң танкери болгон 150 миң гросстонналык Independenta (Индепендента) аттуу 95530 тонна чийки мунайзат алып бараткан бир румын танкери Стамбулга келе жатып бир кырсыкка туш болуп, бузулган жана бир топ күн бою күйгөн соң чөгүп кеткен.

Курандын Кехф Сүрөсүнүн 79-аятында 1979-жылы болгон бул окуяга кээ бир ишараттар бар. Бул аятта Аз. Хызырдын Аз. Мусага бир кеме жөнүндө маалымат бергени жана кемедеги адамдарды коргоо үчүн, ар кандай терең себептер менен ал кемени майып кылып чөктүргөнү кабар берилген:

«КЕМЕ ДЕҢИЗДЕ ИШТЕГЕН КЕДЕЙЛЕРДИКИ ЭЛЕ, АНЫ КЕМЧИЛИКТҮҮ КЫЛГЫМ КЕЛДИ, (СЕБЕБИ) АЛДЫЛАРЫНДА БҮТ КЕМЕЛЕРДИ ЗОМБУЛУК МЕНЕН ТАРТЫП АЛЧУ бир хан бар эле.» (Кехф Сүрөсү, 79)

Ушул эле сүрөнүн 71-аятындагы Аз. Муса (ас)дын Аз. Хызыр (ас)га болгон «Ичиндегилерди чөктүрүү үчүн аны тештиңби?» деген суроосу да Аз. Хызырдын кийлигишүүсү натыйжасында аятта айтылган «кеменин чөккөнүн» кабар берет.

Ошентип экөө жолго түштү. БИР КЕМЕГЕ ТҮШКӨНДӨ, АЛ АНЫ (КЕМЕНИ) ТЕШИП ЖИБЕРДИ. (Муса) Мындай деди: «ИЧИНДЕГИЛЕРДИ ЧӨКТҮРҮҮ ҮЧҮН АНЫ ТЕШТИҢБИ? Ант болсун, сен таң калыштуу бир иш жасадың.» (Кехф Сүрөсү, 71)

Аяттагы бул мааниден Аз. Хызыр айткан кеменин да бузулуп, чөккөнү түшүнүктүү болууда. Куранда кабар берилген бул окуя 1979-жылы Стамбул кысыгында болгон кырсык натыйжасында Independenta аттуу кеменин да бузулуп көпкө күйгөн соң чөгүшүнө ишарат кылып жатышы ыктымал.

Пайгамбарыбыз (сав) да көп хадисинде Асхабы Кехфтин (Кехф (үңкүр) ээлеринин) акыр заманда Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынан болоорун, натыйжада Курандын Кехф Сүрөсүндө акыр заманда боло турган окуяларга ишараттар бар экенин кабар берген жана ошондуктан бул сүрөнүн аяттарынын окулушун кеңеш кылган:

Силерден ким дажжалга жеткен болсо, КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫН АГА ОКУСУН, бул сүрөнүн аягы дажжалдын фитнасынан кутулушуңар. (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/121)

АСХАБЫ КЕХФ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ БОЛОТ. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir Zaman, 59-б.)

Аятта көңүл бурган экинчи бир жагдай – бул Аз. Хызырдын ал доордогу коомдук шарттар жөнүндө берген маалыматы. Аз. Хызыр бул жагдайга «бүт кемелерди зомбулук менен тартып алчу бирөөлөр бар» деген сөздөрүндө токтолгон жана кемедеги адамдарды ал кишилердин зомбулугунан куткарууну максат кылганын айткан.

Белгилүү болгондой, 1979-жыл зомбулук менен террор күчөгөн бир доор эле. Ал доордо банктар, заводдор, ишканалар жана мамлекеттик органдар басып алынып, күч менен тартып алынып, банктарда акчасы барлардын акчалары тонолуп, адамдардын үйлөрүнө кирилип буюмдары, мал-мүлктөрү тонолуп жаткан кез эле. Ал доор толугу менен бир террор жана чектен чыгуу доору эле.

Жогорудагы аятта, бир тараптан, 1979-жылы ушундай зомбулукчу бир террор менен анархия орун алаарына да ишарат кылынган.

Аз. Мехди (aс) Дын Стамбулда Баштала Турган Күрөшүнүн Кезеги Менен Мекке Доору, Иерусалим Доору Жана Кийин Рим Доору Болот

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерден жана Устад Саид Нурсинин сөздөрүнөн Аз. Мехди (ас)дын жолдон чыккан жана дажжал системасын; дарвинизм, материализм жана атеизм сыяктуу Куран ахлагына каршы күрөшкөн дажжалдык философияларды, караңгы системаны пикирдик жактан жеңе турган жердин Стамбул экени түшүнүктүү болууда.

Аз. Мехди (ас)дын Меккедеги доору болсо Куран ахлагынын дүйнөгө орношу жагынан маанилүү бир доор болот. Мусулмандардын алдыңкыларынын бүт Мусулмандар атынан ага руханий моюн сунушканын, жакшы көрүшөөрүн айтышы ал Меккеде турган доордо болот. Бирок Мекке доору Аз. Мехди (ас)дын илимий күрөшүнүн акыркы жылдарына туура келет. Устад Аз. Мехди (ас)дын бул доорун саясат жана салтанат доору деп атаган. Анын көрүнөөрүнүн акыркы жылдары болгон Мекке доорунда Ислам ахлагынын дүйнөгө орношу ишке ашат. Аз. Мехди (ас) Меккеде турган бул доордон соң Иерусалимде да бир топ убакыт жашайт. Иерусалимде Аз. Сулайман (ас)дын мечитин кайрадан куруп, христиандарга Инжилдин тууралары менен, иудейлерге Тооротун тууралары менен, мусулмандарга болсо Куран ахлагына жараша мамиле кылат. Хадистерде апачык айтылгандай, Аз. Мехди (ас) кийинки доорунда Римди да руханий башкаруусуна алат.

Бул Темага Байланыштуу Хадистер

Аз. Мехди (aс) Үйдө Төрөлөт

Имам Зейнул Абидин алейхис-салам мындай деген: «биздин каимибиз (Аз. Мехди (ас)) менен Аллахтын элчилери арасында бир катар окшоштуктар бар. Нух, Ибрахим, Муса, Иса, Аййуб жана Мухаммед саллаллаху алейхи ва алих пайгамбарлардын ар бири менен бир окшоштугу бар. Нух менен узун өмүрлүү болушунда, ИБРАХИМ МЕНЕН ЖАШЫРУУН ТӨРӨЛҮШҮНДӨ (ҮЙДӨ ТӨРӨЛҮШҮНДӨ) жана калктан алыс болушунда...» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап 3-хадис)

Аз. Али б. Хүсейин Зейнел Абидин (ас) мындай дейт: «КАИМИБИЗДИН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ТӨРӨЛҮШҮ АДАМДАРДАН ЖАШЫРУУН БОЛОТ...» (Bihar-ül Envar, 51-т., 135-б)

Аз. Мехди (aс) Пайгамбарыбыз (cав) Га Тиешелүү Ыйык Аманаттар Турган Стамбулдан Чыгат

Абдуллах б. Шурефеден риваят кылынды: Аз. Мехди (ас)дын жанында кооздолгон абалда Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiy-il Ahir Zaman, 65-б.)

Пайгамбар (сав)дын төө жүнүнөн жасалган желеги менен чыгат. Ал желек төрт бурчтуу болуп, тигишсиз жана түсү болсо кара. Анда бир өзгөчөлүк (белги) бар. Ал Расулуллах (сав)дын көзү өткөндөн бери ачылбаган болуп Аз. Мехди (ас) чыкканда ачылат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiy-il Ahir Zaman, 23-б.)

Алааматтарга келсек; жанында Аллах Элчисинин (сав) көйнөгү, кылычы, желеги болот. Ал желек Пайгамбардын (сав) көзү өткөндөн бүгүнү күнгө чейин эч ачылган эмес. Аз. Мехди (ас) көрүнгөнгө чейин да ачылбайт. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci (Аль-Хүсейин Эль Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 164-б.)

Аз. Мехди (aс) Төрөлгөн Чоң Шаарынан Чыгып Көпүрөдөн Өтүп Стамбулга Келет

«Константинопольду ээлөө учурунда эрте мененки намаз үчүн даарат алып жатып бир желек сайат. Деңиз экиге бөлүнүп суу өзүнөн-өзү алыстайт жана ачылган жолдон жүргөн Аз. Мехди (ас) аркы жээкке өтөт. Анан дагы бир желек сайат жана мындай дейт: Эй адамдар, сабак алгыла. Деңиз Бани Исраилге (Исраил урпактарына) жол берген сыяктуу бизге да жол берди. Андан соң баары кайра кайра такбир келтирет жана 12 такбир менен шаардын 12 мунарасы да кулайт.» (El-Kavl-ül Muhtasar fi Alametil Mehdiyyül Muntazır, 57-б.)

Аз. Мехди (aс) Га Меккеде Моюн Сунулат

Расулуллах (сав) мындай деген: «Аз. Мехди (ас) МЕДИНАДАН (ЧОҢ БИР ШААРДАН) чыгат жана Меккеге келет. Адамдар аны өз араларынан (таанып) чыгарышат жана анын каалабаганына карабастан Рүкун менен Макам арасында ага моюн сунушат.» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

Нуайм бин Хаммад Эбу Жаферден мындайча риваят кылган; >«Аз. Мехди (ас) Меккеде Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги, көйнөгү, кылычы, ишараттары, нуру жана сонун сөздөрү менен куптан убагында (түнкүсүн) чыгат. Куптан намазын кылган соң бийик үн менен минтип жар салат...» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

Адамдар аягында Аз. Мехди (ас)га келишет жана Рүкун менен Макам арасында анын каалабаганына карабастан ага моюн сунушат. «Эгер (руханий лидерликти) кабыл албасаң мойнуңа урабыз» дешет. Жер менен асман жашоочулары андан ыраазы болот. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер -Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 31-б.)

... Мекке калкынан бир топ аны (Аз. Мехди (ас)ды) каалабаганына карабастан (турган жеринен) чыгарышат. Хажери Эсвед (кара таш) менен Макамы Ибрахим (Ибрахим Макамы) арасында ага моюн сунушат. (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/94; El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 20-б.)

... Жана анан, өзү каалабаганына карабастан, алардын моюн сунуусун кабыл алат. Эгер силер ага жетсеңер, ага моюн сунгула. Себеби ал жерде да, асманда да Аз. Мехди (ас). (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, s. 35)

Аз. Мехди (aс) Дын Иерусалим Доору

Нуайм б. Хаммад Эртахтан алып (угуп) мындай деди: АЗ. МЕХДИ (АС) БАЙТУЛ МАКДИСКЕ (ИЕРУСАЛИМГЕ) ТҮШӨТ ЖАНА КАЛК АНЫН ЭХЛИ БЕЙТИНЕН КЕЛГЕНДЕР МЕНЕН БИР ТОП УБАКЫТ ЖАШАЙТ... (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 77-б.)

Аз. Мехди (ас) ыймандуулар менен бирге Байтул Макдисте (Иерусалим) эрте мененки намазды кылып жатканда, ошол кезде нүзул эткен (жер жүзүнө түшкөн) Аз. Иса (ас)ды тааныштырат жана Аз. Иса (ас) колдорун анын (Аз. Мехди (ас)дын) далысына коюп, «намаздын кааматы (парз намазды окуу үчүн айтылган азан; намазды баштоо ишараты) сен үчүн айтылды, ошондуктан сен окут» дейт жана аягында Аз. Мехди (ас) Аз. Иса (ас) менен ыймандууларга имам болуп намазды окутат (кылдырат). (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 25-б.)

Эбу Амр жана Дани Сүненде Жабир б. Абдуллахдан алып айтышты, Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айтты: Иса Ибни Мерйем фажрдын келиши (таң агарышы) учурунда Байтул Макдисте Аз. Мехди (ас)га түшкөнгө чейин Менин үммөтүмдөн бир топ акыйкат үчүн күрөшөт. Ошондо Аз. Мехди (ас) мындай дейт: «Эй Аллахтын Пайгамбары өт алдыга бизге намаз кылдыр», Ал Аз. Иса (ас)) болсо «Бул үммөттүн бири (АЗ. МЕХДИ (АС)) башкаларына амир (башчы)» дейт. (Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер), Ahir Zaman Hz. Mehdisi'nin Alametleri, (Kitabül Burhan fi Alametil Hz. Mehdiyyil Muntazar), 80-б., которгон: Müşerref Gözcü - Kahraman Neşriyat)

Аз. Мехди (aс) Иудейлерге Тоороттун Чыныгысы Менен, Христиандарга Болсо Инжилдин Чыныгысы Менен Өкүм Берет

Жабир б. Йезид эль-Жофи Имам Мухаммед Бакырдан риваят кылат: «... Аз. Мехди (ас)дын Аз. Мехди (ас) деп аталышынын себеби мындай: жашыруун бир ишти көздөй багыттандырылат, Тоорот менен башка асмандан түшкөн китептерди Антакияда бир үңкүрдөн чыгарат жана ЕВРЕЙЛЕР АРАСЫНДА ТООРОТ МЕНЕН, ХРИСТИАНДАР АРАСЫНДА ИНЖИЛ МЕНЕН ӨКҮМ БЕРЕТ.» (El-Mehdiyy-il Mev'ud, 1-т., 254-255-б.)

«Анын Аз. Мехди (ас) аталышынын себеби Дамасктагы тоолордун бирине багытталышы. Ал жерден (ЧЫНЫГЫ) ТООРОТ КИТЕПТЕРИН ЧЫГАРАТ... (Suyuti (Суйути), el-Havi li'l Feteva, II. 81)

Аз. Мехди (aс) Римди Руханий Башкаруусуна Алат

«... Аз. Мехди (ас) менен шакирттери ... (Римди) тасбих жана такбирлер менен руханий ээлешет...» (Medineli Allâme Muhammed b. Resul el-Hüseynî el-Berzencî (эль-Хүсейин эль-Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 204-б.) (Suyuti (Суйути), el-Havi li'l Feteva, II. 81)

Аз. Мехди (aс) Ичинде Кең Базарлары Бар Чоң Бир Шаардан Чыгат

Ал (Аз. Мехди (ас)) дүйнөнүн бүт тарабына көңүл бурат жана ар заалымды (пикир менен) жок кылат. Ислам элинин жүрөгүн Аллах аны менен жандантат. Казыналарды Байтул Макдисте топтойт. Ичинде бир базары, ар бир базарда болсо миң дүкөнү бар бир шаарга келет... (Имам-ы Суйути. Азрети Али (ра)ден) (Kıyamet ve Alametleri (Кыямат жана алааматтары), Ömer Öngüt, Hakikat Yayıncılık, 367-бет)

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган башка хадистер менен бирге каралганда, бул шаардын Стамбул экени түшүнүктүү болууда. (Туурасын Аллах билет.)

Аз. Мехди (aс) Түрк Калкын Терең Илим-Билими Менен Маалымдандырат

«... БИР УЛУТ БИР ТЕМИР УСТАНЫН БИР ОКТУН УЧУН КУРЧУТУШУ СЫЯКТУУ КУРЧУТУЛАТ- КӨЗДӨРҮ ВАХИЙ МЕНЕН АЧЫЛЫП, КУЛАКТАРЫ ТАФСИРГЕ (ЧЕЧМЕЛӨӨГӨ) ТОЙГОН жана АКЫЛМАНДЫК ЧӨЙЧӨКТӨРҮ ТҮНҮ-КҮНҮ АЛАРГА СУНУЛГАН БОЛОТ.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-т.], Ansariyan Yayıncılık, Топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)

Бул хадисте Түркиядан чыга (көрүнө) турган АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ТҮРК КАЛКЫН ТҮНҮ-КҮНҮ ДЕБЕСТЕН КӨП МААЛЫМАТ, ИЛИМ СУНУШТАП ОКУТААРЫ, аларга ДЕМ БЕРИП ЖҮРӨКТӨРҮНҮН ИСЛАМ ДИНИНЕ АБДАН ЖАКЫНДАШЫН КАМСЫЗДААРЫ жөнүндө сөз болууда. Аз. Мехди (ас) Түрк калкына өтө көп ыймандык жана илимий маалыматтарды берип аларды агартат (илимдүү кылат). Анын доорунда Түрк калкынын мээси жакшылап тунуп (ачылып), акылдары андан да күчтөнөт: баам-парасаттары артат. Түрк калкынын ар тараптуу илимге ээ болушу Аз. Мехди (ас)дын терең илими менен аларды агартышы себебинен мүмкүн болот.

Аз. Мехди (aс) Алгач Түрк Желеги Менен Түркиядан Чыгат; Андан Соң Жашыл Желектүү Башка Өлкөлөрдүн Руханий Лидерлигин Аркалайт

Ал жылы КЫЗЫЛ ЖЕЛЕКТИН ЖАНА АНАН ЖАШЫЛ ЖЕЛЕКТИН ЭЭСИ БОЛГОН УУЛУМДУН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) көздөн кайымы жар салынат. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 170-б.)

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадисинде айтылгандай, Аз. Мехди (ас) алгач Түрк желеги менен Түркиядан чыгат, андан соң болсо жашыл желектүү Ислам өлкөлөрүнө да руханий өкүмдар болот. Түрк-Ислам Биримдигинин түзүлүшүнө себепчи болот жана бул биримдиктин руханий лидерлигин аркалайт.

Аз. Мехди (aс) Түркиядан Чыгат Жана Күрөшүнүн Аягына Чейин Ал Жерден Кетпейт

«АЗ. МЕХДИ (АС) РУМДАН, ТҮРКТӨРДӨН (себеби, илгери Түркия дийар-ы Рум (Рум өлкөсү) деп аталган.) АЖЫРАБАЙТ (КЕТПЕЙТ).» (İş'afü'r-Rağıbîn'den naklen Tılsımlar Mecmuası, Bediüzzaman Said Nursi (Бедиүззаман Саид Нурси), 212-б.)

Түрктөр Акыр Заманда Чоң Күчкө Ээ Болушат

Семуренин риваяты боюнча, Расулуллах алейхиссалату вассалам мындай деди: «АЛЛАХ АЛАКАНДАРЫҢАРДЫ АЖЕМДЕР МЕНЕН (ТҮРКТӨР МЕНЕН) ТОЛТУРАТ. АНДАН СОҢ АЛАРДЫ АРСТАНДАШТЫРАТ ЖАНА АЛАР СИЛЕРДИН ДУШМАНДАРЫҢАР МЕНЕН (ДИНДИ ТАНГАНДАР МЕНЕН) СОГУШАТ (ПИКИРДИК КҮРӨШ ЖҮРГҮЗӨТ) ЖАНА ОЛЖОЛОРУҢАРДЫ ЖЕШЕТ.» (Ahmet, Bezzar, Taberani, Ebu Nuaym, Hakim) (İsmail ibn Yusuf Nebhani, Resullerin Efendisi Hakında Allah'ın Alemlere Karşı Hücceti Peygamber Efendimizin Mucizeleri, 2-том, которгон: Abdülhalı Duran, 759-б., № 1840)

Хадистеги «Аллах алакандарыңарды Түрктөр менен толтурат» деген сөздөр менен акыр заманда атеист сионисттерге жана масондорго каршы «Түрктөрдүн чоң күчкө ээ болоору» айтылган. «Аллах аларды арстандаштырат» деген сөздөр болсо ал доордо Түрктөрдүн эр жүрөк жана тартынбас мамилелери менен көңүл бураары жана эр жүрөк сөздөрү менен аны бүт дүйнөгө көрсөтүшөөрү айтылууда. Хадистеги маалыматтардан Түрктөрдүн акыр заманда арстандар сымал болоору; атеист сионисттер менен масондор сыяктуу, ал доордун бүт жолдон чыккан элементтерине каршы өтө натыйжалуу бир пикирдик күрөш жүргүзөөрү түшүнүктүү болууда.

Хадистеги «Түрктөрдүн олжолорду жеши» жөнүндөгү сөздөр болсо Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу натыйжасында Түрктөрдүн өтө чоң күчкө жетээри жана бул биримдиктин мүмкүнчүлүктөрү урматында бир тараптан Түрктөрдүн өтө бай абалга келээри, экинчи жактан болсо бүт Ислам ааламын байытаары айтылган.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР