2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (17/20)

Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Бирге Илимий Күрөш Жүргүзөт, Аз. Иса (aс) Аз. Мехди (aс) Га Баш Ийет

Аз. Иса (aс) Аз. Мехди (aс) Га Баш Ийет Жана Аз. Мехди (aс) Намазда Аз. Иса (aс) Га Имамдык Кылат

Наим Эбу Саидден риваят кылынышы боюнча, Расулуллах (сав) мындай дейт: Иса б. Мерйем артында намаз окуй турган киши бизден (АЗ. МЕХДИ (АС)). (Kitabül Burhan fi Alametil Mehdiyyil Muntazar, 78-б.)

Ибни Эби Шейбе Мусаннефинде Ибни Ширинден алып айтты. Мындай деген: Аз. Мехди (ас) бул үммөттөн жана Аз. Иса (ас)га имам болот. (Kitabül Burhan fi Alametil Mehdiyyil Muntazar, 79-б.)

Нуайм б. Хаммад Абдуллах б. Амрдан алып айтты. Мындай деген: Аз. Мехди (ас) – Иса Ибни Мерйем ага түшө турган жана артында намаз окуй турган киши. (Kitabül Burhan fi Alametil Mehdiyyil Muntazar, 79-б.)

Бухари менен Муслим Эбу Хурейреден риваят кылган. Мындай деген: Мерйем (Мариям) уулу Иса (ас) араңарга түшкөндө жана имамыңар силерден (АЗ. МЕХДИ (АС)) болгондо, көрөлү эмне кыласыңар? (Kitabül Burhan fi Alametil Mehdiyyil Muntazar, 79-б.)

Аз. Иса (aс) Аз. Мехди (aс) Га Жардамчы Болот, Ага Баш Ийээрин Айтат

Аз. Иса Пайгамбар (ас) ЗАМАНДЫН ИМАМЫНА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАРДАМЧЫ БОЛУУ, АГА БАШ ИЙЭЭРИН АЙТУУ ЖАНА АНЫН АРТЫНДА НАМАЗ ОКУУ ҮЧҮН асмандан түшөт. (Şeyh Sadık, Al-Amaali, Oturum 39, 181-бет; İküd'dürer, 157- жана 230-б.)

Аз. Иса (aс) Экинчи Жолу Дүйнөгө Келгенде, Үстүндө Мөөрү Бар Китептер Менен Ислам Ахлагына Чакырат

Аз. Иса (ас) аны (сандыкты) алып ачат жана ичинен бир мөөр, миң китеп табат, ал китептер менен Исламды жандантат. (Risalet'ül Meşrep elverdi fi mezhebi bil Mehdi, Ali bin Sultan Muhammed-el Kari, 4-Б. -Enis el-Cülesci китебинен)

Хадисте берилген маалыматтан Аз. Иса (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дын мөөрү менен мөөрлөнгөн китептерди табаары, ал сонун, кемчиликсиз эмгектер менен Исламга чакыраары түшүнүктүү болууда.

Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Көрүнүшү Жана Мүнөзү Жагынан Бир-Бирине Абдан Окшош Болот

Абдуллах бин Замре Ибни Мати-и Химйери (Каъб-ул Ахбар)ден риваят кылышы боюнча мындай деген: «... Кыям эте турган (Каим) Аз. Мехди (ас) Алинин урпактарынан. Ал (Аз. Мехди (ас)) бул жер жүзүн жер жүзүнөн башка бир абалга алып келет. Каим (Аз. Мехди (ас)) Алинин урпактарынан. (Сеййид) ЖАКШЫЛЫКТА, КӨРҮНҮШҮНДӨ ЖАНА АДЕП-АХЛАГЫНДА ЭҢ КӨП АЗ. ИСА (АС)ГА АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ОКШОШОТ. Аллах пайгамбарларга берген (бийиктикти) ага да берет. Ага артыкчылыктар менен кооздуктарды берет...» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 169-б.)

Аз. Иса (aс) Аз. Мехди (aс) Убагында Мусулман Болуп Жер Бетине Түшөт

Аз. Иса (ас) Пайгамбар Мырзабыз (сав)га үммөт болуу үчүн түшөт. Чыныгы (акыйкат) Инжилде Мухаммед алейхиссаламдын артыкчылыктарын көргөн АЗРЕТИ ИСА АНЫН ҮММӨТҮНӨН БОЛУУ ҮЧҮН КӨП ЖАЛБАРЫП, ДУБА КЫЛГАН ЖАНА ДУБАСЫ КАБЫЛ КЫЛЫНГАН. Аллах Таала аны тирүү абалында асманга көтөргөн. Кыяматка жакын Мухаммед алейхиссаламдын үммөтү болуу үчүн жер бетине түшүп, анын динине моюн сунат жана аны жайат, Христиандык жана Еврейлик сыяктуу бурмаланган диндерди Ислам динине кайтарат. (Herkese Lazım Olan İman, Ebü'l-Baha Ziyaeddin Mevlana Halid b. Ahmed Halid-i Bağdadi, 1242/1827 ; Trc: Kemahlı Feyzullah Efendi, 6. bsk., İstanbul, İhlas Yayınları, 1989)

АЗ. ИСА (АС) ИНЖИЛДЕ БУЛ ҮММӨТТҮН МАКТООГО ТОЛГОН СЫПАТТАРЫН КӨРГӨНДӨ, АЛАРДАН КЫЛЫШЫ ҮЧҮН АЛЛАХКА ДУБА КЫЛЫП, АЛЛАХ АНЫН ДУБАСЫН КАБЫЛ КЫЛГАН. Күнү (убактысы) келгенде мужеддид катары жер бетине түшүшү ушул себептен. (Kütüb-i Sitte Tercüme ve Şerhi, Feza Gazetecilik, 1996, 14/74)

Аз. Мехди (aс) Аз. Иса (aс) Дын Да Имамы Болот

Расулуллах (сав) Мырзабыз кубануу менен мындай деген: «Дайыма үммөтүмдөн бир жамаат кыяматка чейин акыйкатты көтөрүү үчүн пикирдик күрөш жүргүзөт, МЕРЙЕМ УУЛУ ИСА (АС) ЖЕР БЕТИНЕ ТҮШӨТ. ЭМИРЛЕРИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) АГА (АЗ. ИСА (АС)ГА) «БИЗГЕ НАМАЗ КЫЛДЫР» ДЕГЕНДЕ, «ЖОК» ДЕЙТ ... ЖАНА «ИМАМ МЕХДИНИ» ИМАМДЫККА ӨТКӨРӨТ» (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), 1-т., 209-б.)

Кехф Сүрөсүндө Айтылган «Эки Жетим Бала» Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Га Ишарат Кылат

«Дубал болсо шаарда ЭКИ ЖЕТИМ БАЛАНЫКЫ ЭЛЕ, астында аларга тиешелүү бир казына бар эле; АТАЛАРЫ САЛИХ БИРӨӨ ЭЛЕ. Раббиң алардын жетилип, өз казыналарын чыгарышын каалады; (бул) Раббиңден бир мээрим. Буларды мен өз ишим катары (өз оюмдан) кылган жокмун. Мына сен сабыр кылууга күчүң жетпеген нерселердин жоромолу.» (Кехф Сүрөсү, 82)

Кехф Сүрөсүндөгү Аз. Хызыр кыссасында «эки жетим баланын» бар экени айтылууда. Ал эки жетим баланын «аталарынын болсо салих (ыкластуу) бир киши экени» айтылат. Аяттын бул сөздөрүндө Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)га ишараттар бар. Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын жаш кезинде атасынан айрылып, жетим калаары айтылган:

АЗ. МЕХДИ (АС) ЖЕТИМ БОЛОТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 176-б.)

Белгилүү болгондой, Аз. Иса (ас)дын да атасы жок. Ушул себептен Аз. Иса (ас) да жетим. Ошондой эле, Аз. Иса (ас) да, Аз. Мехди (ас) да бир атадан келет. Ошондуктан экөөсүнүн тең атасы Аз. Ибрахим (ас). Кехф Сүрөсүндөгү «аталары салих бирөө эле» сөздөрү болсо Аз. Ибрахим (ас)га ишарат кылууда. Башка бир Куран аятында Аз. Ибрахим (ас)дын бул өзгөчөлүгү төмөнкүчө билдирилген:

Жана Биз ага (Аз. Ибрахимге) дүйнөдө бир жакшылык (кооздук) бердик; КҮМӨНСҮЗ АЛ АКЫРЕТТЕ ДА САЛИХТЕРДЕН. (Нахл Сүрөсү, 122)

Аз. Мехди (aс) Га Баш Ийүү

Аз. Мехди (aс) Чыккан Кезде Мусулмандардын Бир Руханий Лидери Болбойт

АДАМДАР БАШТАРЫНДА БИР ИМАМ (ХАЛИФА) (Мусулмандардын руханий лидери) ЖОК АЖЫЛЫК КЫЛЫШАТ... (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 35-б.)

Хасан бин Мүнзирдин Зүрареден риваяты боюнча, Имам Жафери Садык алейхиссалам аягында мындай деди: «Аллахка ант, аягында кожоюнуңар сөзсүз чыгат жана МОЙНУНДА ЭЧ КИМДИН БИАТЫ БОЛБОЙТ (эч кимге моюн сунбаган болот).» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 402-б.)

Эбу Саид Пайгамбардын (сав) мындай дегенин риваят кылат: «Акыр заманда султандардан (башчылардан) үммөтүмө күчтүү бир балээ келет. Андан күчтүүрөөгү угулбаган бир балээ. Ушунчалык күчтүү болгондуктан, жер жүзү аларга тар болот жана зулумдукка толот. МОМУНДАР БУЛ ЗУЛУМДУКТАН КУТУЛУУ ҮЧҮН БИР БАШПААНА ЖАНА БИР КУТКАРУУЧУ ТАБА АЛЫШПАЙТ...» (El-Beyan, 72-б., Es-Sevaik-ul Muhrika, 161-б., Yenabi-ul Mevedde, 2-т., 177-б.)

АЛ (Аз. Мехди (ас)) ЧЫГА ТУРГАН ЖЫЛЫ АДАМДАР АЖЫЛЫККА БАШТАРЫНДА БИР ЭМИР (ХАЛИФА) (Мусулмандардын руханий лидери) ЖОК БАРЫШАТ... (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayınları, 168-169-б.)

Ибрахим бин Өмер-и Йемани айтат: Имам Эбу Абдуллах алейхиссалам мындай деди: «Каим (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде, МОЙНУНДА ЭЧ КИМДИН БИАТЫ БОЛБОСТОН (эч кимге моюн сунбастан) ЧЫГАТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 218-219-б.)

... Артында Иса бин Мерйем намаз окуй турган Каимден (Аз. Мехди (ас)дан) тышкары, биз Эхли Бейттен болгондордун баарыбыздын мойнунда замандын тагутуна (Аллахтын өкүмүн тааныбаган бүт жандыктар, күч, шайтан) моюн сунуу болоорун (Аз. Мехди (ас) доорунда динсиздиктин жайылаарын, дээрлик бүт адамдардын ал системага көз-каранды болоорун) билбейсиңерби? Улуу Аллах анын көрүнүшүн жашырат жана өзүн жашырат. ОШЕНТИП АЛ КӨРҮНГӨНДӨ АНЫН МОЙНУНДА ЭЧ КИМГЕ МОЮН СУНУУ БОЛБОЙТ... (Kemal'üd-Din, 1-т., 305-б.)

Хишам бин Салим айтат: Имам Эбу Абдуллах алейхиссалам мындай деди: «Каим (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде АНЫН МОЙНУНДА ЭЧ КИМДИН АНТЫ, УБАДАСЫ ЖАНА БИАТЫ (моюн сунуу) БОЛБОЙТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 219-б.)

Аз. Мехди (aс) «Сен Мехдисиң» Деген Сөздөрдү Кабыл Албайт; Ал Каалабаганына Карабастан Аны Лидер Кылышат

Куттуу хадистерде Аз. Мехди (ас)га моюн сунуунун анын каалабаганына карабастан болоору айтылат. Бул да Аз. Мехди (ас)дын өзүн эч качан «мен Аз. Мехди (ас)мын» деп жарыялабашын көрсөтөт. Ал тургай, адамдар ага келип «алааматтар сенде бар, сен Аз. Мехди (ас)сың» десе да, ал кабыл албайт. Аз. Мехди (ас)га көп жолу «алааматтар сенде бар», «Аз. Мехди (ас)сың» деп айтылат, бирок ал такыр муну кабыл албайт. Бирок «өлүм менен коркутулган» соң гана адамдардын өзүнө моюн сунушун кабыл алат.

Адамдар аягында Аз. Мехди (ас)га келишет жана Рүкун менен Макам арасында, анын каалабаганына карабастан ага моюн сунушат (аны лидер кылышат). «Эгер кабыл албасаң, мойнуңа урабыз» дешет. Жер менен асман жашоочулары андан ыраазы болот. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Kahraman Neşriyat, 31-б.)

Аз. Мехди (ас) мажбурлоо менен гана башчы болууга ыраазы болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 48-б.)

Халифа өлгөн учурда карама-каршылык болот. Медина калкынан бир киши чуркап Меккеге чыгат. Мекке калкынан бир топ аны (Аз. Мехди (ас)ды) каалабаганына карабастан (турган жеринен) чыгарышат. Хажар аль-Асвад менен Ибрахим Макамы арасында ага (Аз. Мехди (ас)га) моюн сунушат. (Sünen-i Ebu Davud, 5/94; El-Kavlu'l Muhtasa Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 20-б.)

... Жана анан өзү каалабастан моюн сунууларын кабыл алат. Эгер силер ага жетсеңер, ага моюн сунгула. Себеби ал жерде да, асманда да Аз. Мехди (ас). (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Kahraman Neşriyat, 35-б.)

... Аны кайра Меккеде таап, кайра «сен баланча уулу баланчасың, энең болсо түкөнчө кызы түкөнчө, сенде мобул мобул алааматтар бар, биринчи жолу бизден кутулдуң, соз колуңду сага биат кылалы (моюн суналы)» дешет. Ал болсо «мен издегениңер эмесмин» дейт жана кайра Мединага кетет. Мединада кайра изделгенде кайрадан Меккеге кайтат. Меккеде аны Рүкунда табышып, мындай дешет: «эгер моюн сунуубузду кабыл албасаң, бизди издеп жаткан жана башында Хаддамдан бирөө турган Сүфйан армиясынан коргобосоң, күнөөлөрүбүз сенин мойнуңа жана кандарыбыз да мойнуңа болсун» дешет. Ошондо Аз. Мехди (ас) Рүкун менен Макам арасына отурат жана колун созуп биаттарды (моюн сунууларды) кабыл алат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 39-40-б.)

Фитна ичиндеги адамдар кан төгүлгөн бир кезде үйүндө отурган Аз. Мехди (ас)га келип, «биз үчүн тур эми» дешет. Ал болсо кабыл албайт, өлүм менен коркутулган соң гана алар үчүн турат. Андан соң кан төгүү болбойт. (İbn Ebi Şeybe, т. VII, 531-б.; Abdurrezzak H. 20771, т. XI, 372-б.; Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 52,53-б.)

Аз. Фатиманын урпактарынан келген Аз. Мехди (ас) Меккеде майданга чыгарылат жана каалабаганына карабастан ага моюн сунулат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 52, 53-б.)

КОЖОЮНДАРЫ (АЗ. МЕХДИ) ТАРТЫНАТ ЖАНА НАТЫЙЖАДА КААЛАБАГАНЫНА КАРАБАСТАН Бедир тобунчалык санда адам ага моюн сунат. (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 34-б.)

Курани Керимде Йусуф Сүрөсүндө Аз. Йусуф (ас)дын да өзү каалабаса да өлкөнүн ханы тарабынан чынчылдыгы, адилеттиги, илими, ишенимдүүлүгү урматында башчы кылынганы кабар берилет:

... Аны менен сүйлөшкөндө болсо (мындай) деди: «Сенин бүгүн биздин жаныбызда (эми) маанилүү бир ордуң бар, ишенимдүү (бир кеңешчи-башчы)сың. (Йусуф Сүрөсү, 54)

Аз. Мехди (aс) Га Каерде Баш Ийилээри Жөнүндө

Меккеде аны Рүкунда табышып, мындай дешет: «эгер моюн сунуубузду кабыл албасаң, бизди издеп жаткан жана башында Хаддамдан бирөө турган Сүфйан армиясынан коргобосоң, күнөөлөрүбүз сенин мойнуңа жана кандарыбыз да мойнуңа болсун» дешет. Ошондо Аз. Мехди (ас) Рүкун менен Макам арасына отурат жана колун созуп биаттарды (моюн сунууларды) кабыл алат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 39-40-б.)

Рүкун менен Макам арасында ага моюн сунулат. Аз. Мехди (ас) ушунчалык мээримдүү болгондуктан, анын доорунда бир адам да уйкусунан ойготулбайт, бир адамдын да мурду канабайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)

Силер үч же жети күн чыгыштан бир отту көргөнүңөрдө Ал-и Мухаммеддин чыгышын күткүлө, иншаАллах-у Таада, бир мүнади (жарчы) Аз. Мехди (ас)дын ысмы менен асмандан жар салат, чыгышта, батыштагылардын баары ал үндү угушат. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 32-б.)

Күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөн жана бир тууганы да Меккеде өлтүрүлгөн кезде асмандан бир мүнади (жарчы) «эмириңер паланча. Жер бетин адилеттикке толтура турган Аз. Мехди (ас) мына ушул» деп жар салат. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)

Өтө жайылган жана токтошу мүмкүн эместей бир фитна чыгат жана ал фитна асмандан 3 жолу «Эмир (башчы) Аз. Мехди (ас), акыйкат ошол» деп жар салынганга чейин уланат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Hz. Mehdi (as)yy-il Muntazar, 55-б.)

Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын чыгышын асмандан келген бир үндүн кабар берээрине, б.а. радио жана телевизор аркылуу бүт адамдардын бул кубанычтуу кабарды угаарына көңүл бурулууда. Ал үндүн чыгыш менен батыштагылардын баарына жетээри айтылууда. Ал тургай, ар бир элдин бул үндү өз тилинде угаары кабар берилүүдө:

Асмандан жердегилерге болгон бир үн; баары аны өз тилинде угат. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 37-б.)

Учурда жаңылыктар, кабарлар ар өлкөдө ал өлкөнүн тилине которулуп, радио, телевизор жана интернет аркылуу заматта бүт адамдарга жеткирилүүдө. Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндөгү кабар да ушундай жол менен бүт адамдарга жеткирилет.

Мусулмандардын Руханий Лидерлиги Аз. Мехди (aс) Га Үйүндө Отурган Кезде Келет

Аз. Мехди (ас) бүт арамдар адал саналган, чоң бир фитнадан соң чыгат. ХАЛИФАЛЫК (Мусулмандардын руханий лидерлиги) АГА ҮЙҮНДӨ ОТУРГАНДА КЕЛЕТ жана өз доорунда жер бетинин эң жакшысы ал болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 37-б.)

Аз. Мехди (aс) Чыкканда, Бүт Адамдар Анын Руханий Лидерлиги Астында Биригишет

Малик бин Замра айтат, Эмирүлмүминин Али алейхиссалам мага мындай деди: «... Жакшылыктын көпчүлүгү ошол заманда эй Малик! АЛ ЗАМАНДА КАИМИБИЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТЕТ ... АНАН АЛЛАХ БҮТ БААРЫН АНЫН АЙЛАНАСЫНДА БИРИКТИРЕТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 242-б.)

Ыймандуулардын Мырзасы (сав) айтат: «... АЛЛАХ СИЛЕР ҮЧҮН СИЛЕРДИ БИРИКТИРЕ ТУРГАН ЖАНА СИЛЕРДИ ЧАЧЫРАНДЫ КЕЗДЕ ЧОГУЛТА ТУРГАН БИРӨӨНҮ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) ЧЫГАРГАНГА ЧЕЙИН... Күтсөңөр, сыйланасыңар жана силердин адилетсиздикке туш болгонуңардын өчүн ала (дарвинизмге, материализмге жана атеизмге илим менен керектүү жообун бере) тургандын жана акыларыңардын куткаруучусунун ал (Аз. Мехди (ас)) экенин чындап түшүнөсүңөр...» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, т. 51], Ansariyan Yayıncılık, топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 182-б.)

Аз. Мехди (aс) Ислам Ааламынын Жана Бүт Адамзаттын Кутулушу Болот

Аз. Мехди (aс) Мусулмандарды Эркиндикке Жеткирет, Атеист Сионисттер Менен Атеист Масондордун Шайтандык Уюмдарын Токтотот

Нежхүл Белагадан: Ыймандуулардын Мырзасы (сав) мындай деди: «... (АЗ. МЕХДИ (АС)) ТУТКУНДУ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРУУ, КУЛДУ АЗАТ КЫЛУУ жана ТУУРА ЭМЕС БАГЫТКА БУРУЛГАН УЛУТТУ ТАРКАТУУ ЖАНА ТУУРА ЖОЛДОГУЛАРДЫ БИРИКТИРҮҮ ҮЧҮН эр жүрөктүк өрнөктөрүн көрсөтөт.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, т. 51], Ansariyan Yayıncılık, Derleyen (топтогон): Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)

Аз. Мехди (ас) өз доорунда БАСЫП АЛЫНГАН АР КАЙСЫ ИСЛАМ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ ТУТКУНГА АЛЫНЫП ТҮРМӨГӨ КАМАЛГАН МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАРЫН ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРАТ. ОШОНДОЙ ЭЛЕ, АТЕИСТ СИОНИСТТЕР МЕНЕН АТЕИСТ МАСОНДОР ТҮЗГӨН ШАЙТАНДЫК УЮМДУ ТААСИРСИЗ (НАТЫЙЖАСЫЗ) КЫЛАТ. Аз. Мехди (ас) Аллахка багытталган, Анын туптуура жолундагыларды Аллахтын уруксаты менен бириктирип, адамдар арасында бейпилдик, тынчтык жана коопсуздукту камсыздайт.

Мусулмандардын Бөлүнүүчүлүгүн Аз. Мехди (aс) Жок Кылып, Ислам Ааламын Бириктирет

Аз. Мехди (ас) чыга турган доордун өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул Ислам ааламынын бир жана бүтүн болбошу. Ислам ааламынын бөлүнүп жарылышы, Мусулман калктар менен топтор арасындагы бөлүнүүчүлүк, пикир келишпестик, ал тургай, кагылышуулардын болушу Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын бири. Аз. Мехди (ас) көрүнгөндө мындай чачырандылыкты толук жок кылып, Мусулман дүйнөсүнүн биримдигин камсыздайт. Бүт Мусулмандар сүйүү жана кубаныч менен Аз. Мехди (ас)дын айланасында биригишет.

Амире бинт-и Нуфейл айтат: Имам Хүсейн алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «СИЛЕР БИР-БИРИҢЕРДЕН БЕРИ (АЛЫС) ЭКЕНИҢЕРДИ АЙТМАЙЫНЧА, БИР-БИРИҢЕРДИН ЖҮЗҮНӨ ТҮКҮРМӨЙҮНЧӨ, БИР-БИРИҢЕРДИ ТАКФИР КЫЛМАЙЫНЧА (сен динден чыктың демейинче) ЖАНА БИР-БИРИҢЕРДИ КАРГАМАЙЫНЧА күткөнүңөр (Аз. Мехди (ас)дын чыгышы) келбейт. Андай болсо ал кезде эч кандай жакшылык жок дедим. Ал мындай деди: «Жакшылыктын баары ошол заманда. Каимибиз (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТЕТ (КӨРҮНӨТ) ЖАНА БУЛАРДЫН БААРЫН ЖОК КЫЛАТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 240-б.)

Аз. Мехди (aс) Бүт Мусулмандар Арасындагы Фитна, Каргаша Жана Бөлүнүүнү Жок Кылып, Мусулмандарды Бир Тууган Кылат

Нуайм б. Хаммад жана Эбу Наим; Мекхуль аркылуу Аз. Алиден риваят кылышкан. Ал мындай дегенин айткан: «Эй Расулуллах (сав) Аз. Мехди (ас) бизден, Ал-и Мухаммедденби, же бизден эмеспи?» Айтты: «Жок, тескерисинче Бизден. Аллах бул динди биз менен баштаган сыяктуу, Аны менен аягына чыгарат. Жана алар биз менен ширктен кутулган сыяктуу, Анын менен да фитнадан кутулушат. Аллах биз менен адамдарды мушрикче душмандыктан куткарып, алардын жүрөктөрүнө достук менен сүйүү салган жана дин бир тууганы кылган сыяктуу, Аз. Мехди (ас) менен фитна душмандыгынан (кекенүү, жаман көрүү, жек көрүү жана душмандыктан) куткарат жана бир тууган кылат.»
Табарани Эвсадда Амр б. Али Тарики менен Аз. Али б. Эби Талибден риваят кылды. Аз. Али Аз. Пайгамбар (сав)дан «Эй Расулуллах Аз. Мехди (ас) бизденби же бизден эмеспи?» деп сурады. Ал айтты: «Тескерисинче Бизден. Улуу Аллах Исламды биз менен баштаган сыяктуу Аны менен аягына чыгарат. Биз менен алар араларындагы ширк жана душмандыктан кутулган жана жүрөктөрүнө достук менен сүйүү орногон сыяктуу, (Аз. Мехди (ас)дын келиши менен) кайра ошондой болот. (Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Hz. Mehdisi'nin Alametleri, (Kitabül Burhan fi Alametil Hz. Mehdiyyil Muntazar), 23-б., Tercüme: Müşerref Gözcü - Kahraman Neşriyat)

Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын бүт Мусулмандар арасындагы фитна жана бөлүнүүчүлүктү токтотоору; жүрөктөрдө достук менен сүйүүнү орнотуп бүт Мусулмандардын бир туугандыгына себепчи болоору билдирилген.

Аз. Мехди (aс) Адамдарды Достукка Жана Бир Болууга Чакырат

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КӨРҮНҮШҮ ЖАНА КЫЯМЫНДА БҮТ НЕРСЕ ДОСТУК МЕНЕН БИРИМДИК БОЛОТ... (El-İhtisas (Şeyh Müfid), 24-б.)

(АЗ. МЕХДИ (АС) УБАГЫНДА) ЖҮРӨКТӨРДӨГҮ КЕКЕНҮҮЛӨР КЕТИП, БҮТ ТАРАПТЫ БЕЙПИЛДИК МЕНЕН КООПСУЗДУК КУРЧАЙТ. (Bihar'ül Envar, т. 10)

Аз. Мехди (aс) Доорунда Жолдон Чыккан Системалар Кыйрайт

Наим жана Эбу Наим Эбу Саидден риваят кылды, Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айтты: «Заман ИНКИТАА ТУШ БОЛГОН (СИСТЕМАЛАР ӨЗГӨРГӨН) БИР УБАКТА Мехди деген бир зат келет жана берешендиги мол жана сонун болот.» (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, 14-б.)

Дүйнөнүн бүт тарабында режимдер (системалар) өзгөрдү жана өзгөрүп жатат. Атеист, марксист, фашист, империалист системалардын баары кыйрады. Мунун Аз. Мехди (ас) чыга турган кылымда болушу Расулуллах (сав)дын бир керемети.

Аз. Мехди (aс) Дүйнөнү Жамандыктар Менен Заалым Философиялардан Куткарып, Адамдар Арасына Сүйүү Менен Тынчтыкты Жайат

Момундардын Эмири (сав) сабактарында бизге ушундай сүйүнүчтүү кабарды айтты: дүйнө жамандардан тазаланат жана арылат, заалим өкүмдарга каршы согуш (пикирдик күрөш) сегиз айга созулат, анан сүйүү менен тынчтык орнойт. (El-Sahife El-Mehdiye'den Seçme Dualar, Seyyid Murtaza Müçtehidi Sistani, 69-б.)

Аз. Мехди (ас)дын үч чоң кызматынын (милдетинин) бири болгон дарвинизм жана материализм менен жүргүзгөн пикирдик күрөшү натыйжасында дүйнөдө бул философиялардын жемиши болгон заалимдик, таш боордук, сүйүүсүздүк сыяктуу адам табиятына карама-каршы иштер токтойт. Өлкөлөр менен адамдарды дин ахлагын жашоодон, бир-бирин сүйүүдөн, мээрим көрсөтүүдөн, ынтымакта жашоодон, бир-бирине дин ахлагына ылайык жакшы мамиле кылуудан тоскон агымдар токтойт. Адамдарды материалист, Аллахка ишенбеген, руханий баалуулуктарын жоготкон, бузулган бир өмүр сүрүүгө түрткөн бул философиялар жана алардын ишке ашыруучулары Аз. Мехди (ас) урматында пикирдик жактан таасирсиз болуп калышат. Дүйнө жүзүндө сүйүү менен тынчтык орноп, өлкөлөр жана адамдар арасында терең достук, көмөктөшүү, биримдик жана ынтымак өкүм сүрөт.

Аз. Мехди (aс) Адамдардын Бүт Маселелерин Чечет, Бүт Адамдарга Жардамга Чуркайт

АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАРДАМГА КЕЛҮҮЧҮ ЖАНА ФЕРЙАДРЕС (ТЕЗ ЖАРДАМГА ЧАКЫРГАНГА ЖАРДАМГА ЧУРКАГАН, ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ). АЛЛАХ АНЫ ДҮЙНӨДӨГҮ АДАМДАРДЫН ТЕЗ ЖАРДАМЫНА ЖЕТИШИ ҮЧҮН ЖӨНӨТӨТ... (El-Mehdiyy-il Mev'ud, 1-т., 264, 275, 277, 285, 287, 288, 311, 318-б., 2-т., 11-б.)

Аллах Аз. Мехди (aс) Ды Себепчи Кылып, Зомбулукту Да, Зомбулуктун Философиясын Да Жок Кылат

Шейх Тусинин Гайбети: «Анан Аз. Мехди (ас)дын жогорулашы болот... АЛЛАХ АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) АРКЫЛУУ ЖАЛГАНДАРДЫ ЖОК КЫЛАТ. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) АРКЫЛУУ ЗОМБУЛУКТУ ЖОК КЫЛАТ. Ал (Аз. Мехди (ас)) мойнуңардагы туткундук уятын жок кылат.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, том 51], Ansariyan Yayıncılık, Derleyen: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 132-б.)

Аз. Мехди (aс) Убагында Заалымдардын Өкүмдарлыгы Бүтөт

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ӨКҮМДАРЛЫГЫ УБАГЫНДА ЗААЛИМДЕРДИН ЖАНА ТЕКЕБЕРЛЕРДИН ӨКҮМДАРЛЫГЫ, МҮНАФЫКТАРДЫН ЖАНА ЧЫККЫНЧЫЛАРДЫН САЯСИЙ ТААСИРИ НАБЫТ (ЖОК) БОЛОТ (ТОКТОЙТ). (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, 252-б.)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР