2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (10/20)

Аз. Мехди (aс) Ыйык Аманаттар Менен Бирге Чыгат

Аз. Мехди (aс) Пайгамбарлардын Белгилери Менен Чыгат

Аз. Мехди (ас) көздөн кайым кезде, б.а. адамдардын арасында эмес, таанылып билинбеген, камак – сүргүн, жалаа, кыйноо жана зулумдуктарга кабылган убактарында көптөгөн мүнафык чыгат. Ал кишилер Аз. Мехди (ас) менен шакирттерине жасалган жаман мамиле жана Ислам ахлагынын орнобогонунан келип чыккан татаал шарттар себебинен жолдон адашышат. Бирок Аз. Мехди (ас) Аллах белгилеген убакыт келгенде пайгамбарлардын ушул күнгө чейин жеткен ар кандай жышаандары менен чыгат (көрүнөт). Ал жышаандардын бири – Пайгамбарыбыз (сав)дын Стамбулдагы Топкапы Сарайы Музейинде турган куттуу кийими жана куттуу желеги.

Салих б. Укбеден, ал атасынан, ал болсо Имам Мухаммед Бакырдан, ал болсо аталарынан алып (угуп) өткөрүшкөн; Расулуллах саллаллаху алейхи ва алих мындай деген: «Мехди менен урпактарымдан, АНЫН КӨЗДӨН КАЙЫМ УЧУРУ БОЛОТ. АЛ УЧУРДА ҮММӨТТӨН БИР ТОБУ ЖОЛДОН АДАШАТ. АЛ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН ЖЫШААНДАРЫ МЕНЕН (алаамат, ишарат) КЕЛЕТ,... (Kemal-ud Din, 1-т., 287-б. жана Bihar-ul Envar, 51-т., 72-б.)

Пайгамбар Мырзабыз (cав) Дын Желеги Аз. Мехди (aс) Дын Жанында Болот, Ал Желек Душмандык Кылгандардын Коркуусун, Ыкластуу Мусулмандардын Болсо Ыймандарын Көбөйтөт

АЛЛАХТЫН ЭЛЧИСИ ҮЧҮН АЗРЕТИ ЖАБРАИЛ (АС) ТАРАБЫНАН Бедир согушу убагында алып келинген желек ИМАМ-Ы ЗАМАН (АЗ. МЕХДИ (АС)) ТАРАБЫНАН КӨТӨРҮЛӨТ. АЛ ЖЕЛЕКТИН ӨЗГӨЧӨ СЫПАТЫ төрт тарапта бир айлык алыстыктагы ДУШМАНДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨ КОРКУУ САЛЫШЫ. Ошондой даражада ИШЕНГЕНДЕРДИН (ЫЙМАНДУУЛАРДЫН) ЖҮРӨКТӨРҮНДӨ ЫРААЗЫЛЫКТЫ ЖАНА БЕКЕМДИКТИ КӨБӨЙТӨТ. (Bihar-ül Envar, 51-том, 135-бет; 52-том, 328-бет; Mikyaal al-Makaarem, 1-том, 241-бет)

Аз. Муса (aс) Дын Асасы Жана Аз. Сулайман (aс) Дын Шакеги Аз. Мехди (aс) Да Болот

Абдуллах бин Синандан Имам Жафери Садык алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Мусанын асасы бейиш дарактарынын бирөөсүнүн бутагы эле жана ал Медйен шаарын көздөй барууну каалаганда Жабраил алейхиссалам аны Мусага берди. АЛ АСА АДАМДЫН ТАБЫТЫ МЕНЕН БИРГЕ ТАБЕРИЙЙА КӨЛҮНДӨ. ЧИРИБЕЙТ ДАГЫ, ӨЗГӨРБӨЙТ ДАГЫ. АЯГЫНДА КАИМ АЛЕЙХИССАЛАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ АЛ ЭКӨӨСҮН ЧЫГАРАТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 278-б.)

Эбул Жаруд Зийад бин Мүнзирден, Имам Эбу Жафер Мухаммед бин Али алейхиссалам мындай деди: «КАИМ АЛЕЙХИССАЛАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫККАНДА РАСУЛУЛЛАХ САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВАССАЛЛАМДЫН ЖЕЛЕГИ, СУЛАЙМАНДЫН ШАКЕГИ, МУСАНЫН АСАСЫ ЖАНА ТАШЫ МЕНЕН ЧЫГАТ (КӨРҮНӨТ)...» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 279-б.)

... МУСАНЫН АСАСЫ ЖАНА СУЛАЙМАНДЫН ШАКЕГИ АНДА (АЗ. МЕХДИ (АС)да). ...Аллах каалаган убакытка чейин аны көздөрдөн алыс кармайт. Кийинчерээк чыгат (көрүнөт) жана дүйнө жүзүн мурда зулумдук менен толгон сыяктуу адилеттүүлүккө толтурат. (Bihar-ul Envar, 52-т., 32-б.; İsbat-ul Hudat, 6-т., 19-б.)

Анын Аз. Мехди (ас) аталышынын себеби – бул жашыруун болгон бир нерсенин жолун көрсөтүшү. АНТАКИЯ ДЕП АТАЛГАН БИР ЖЕРДЕН ТАБЫТТЫ (ЫЙЫК АМАНАТТАР САНДЫГЫН) ТААП ЧЫГАРАТ. (Suyuti (Суйути), el- Havi li'l Feteva, II. 82)

АЗ. МЕХДИ (АС) ТАБУТ-У СЕКИНЕНИ (ЫЙЫК АМАНАТТАР САНДЫГЫН) АНТАКИЯ ҮҢКҮРҮНӨН ЧЫГАРАТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 54-б.)

Аз. Мехди (aс) Табут-У Секинени Чыгарат

Антакия деген бир жерден Табутту (ыйык аманаттар сандыгын) таап чыгарат. (Suyuti (Суйути), el- Havi li'l Feteva, II. 82)

Ал Табут-у Секинени Антакия үңкүрүнөн чыгарат. (Nuaym bin Hammad, Kitab-ül Fiten)

Аз. Мехди (ас) Табут-у Секинени Антакия үңкүрүнөн чыгарат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 54)

Аз. Мехди (aс) Дын Ыйык Аманаттар Менен Чыгышы

Аз. Мехди (ас) Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги, көйнөгү, кылычы, ишараттары, нуру жана сонун сөздөрү менен куптан убактысында чыгат. (Ali b. Sultan Muhammed el-Kari el-Hanefi, "Risaletül Meşreb elverdi fi mezhebil Mehdi")

Байтул Мукаддестин казыналарын, Табут-у Секинени, Бани Исраил дасторкону менен табактардын бөлүктөрүн, Аз. Адам (ас)дын жуббасын (сырткы кийим), Аз. Сулайман (ас)дын минбарынын асасын жана Аллах Бани Исраилге жөнөткөн сүттөй ак мээлейлерди (кол кап) чыгарат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 33-б.)

Аз. Мехди (aс) Дын Желеги

Аз. Мехди (ас)дын желеги – бул Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги:

Пайгамбар (сав)дын төө жүнүнөн желеги менен чыгат. Ал желек төрт бурчтуу, тигишсиз жана түсү кара. Анда бир нур бар. Ал Расулуллах (сав)дын көзү өткөндөн бери ачылбаган болуп Аз. Мехди (ас) чыкканда ачылат. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 22-б.)

Аз. Мехди (ас)дын желегинин өзгөчөлүктөрү башка хадистерде мындайча айтылган:

Сөзсүз түрдө, акыр заманда магриб (батыш) өлкөсүнүн эң алыс жеринен Аз. Мехди (ас) деген бир зат чыгат. Жана алды жагында кырк миля аралыктан жардам жүрөт. Аз. Мехди (ас)дын желектери ак жана сары. Ичинде чиймелер бар. Желектеринде Аллахтын Улуу Аты жазылган. Анын желеги астындагы эч бир тобу жеңилбейт... (İmam Şarani (Имам Шарани), Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri Muhtasaru, (Tezkireti'l-Kurtubi), 438-б.)

Аз. Мехди (ас)дын желегинде «Моюн сунуу Аллах үчүн» деп жазылган. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 65-б.)

Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын желеги менен бирге руханий ээлей турган шаарга да көңүл бурулган. Желегин Константинополь, б.а. Стамбулга сайаары кабар берилген:

Аз. Мехди (ас) Константинопольду (руханий) ээлөө учурунда эрте мененки намаз үчүн даарат алып жатып бир желек сайат, деңиз экиге бөлүнүп суу өзүнөн-өзү алыстайт жана ачылган жолдон жүргөн Аз. Мехди (ас) аркы жээкке өтөт. (Kıyamet Alametleri, 181-б.)(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 57-б.)

Аз. Мехди (aс) Пайгамбарыбыз (cав) Дын Мөөрүн Колдонот

Хадисте берилген маалыматтан Аз. Мехди (ас)дын өз эмгектеринде жана бүт жакшы, сооптуу жана пайдалуу ишинде Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын мөөрүн колдоноору түшүнүктүү болууда.

Хадисте бул мөөрдүн алтын экенине, б.а. алтын өңүндөгү бир мөөр колдонулаарына да өзгөчө көңүл бурулган.

Жафер Садык (ас) мындай дейт: «Каимди (Аз. Мехди (ас)ды) көрүп жаткан сыяктуумун, ... ПАЙГАМБАР (САВ)ДЫН АЛТЫН МӨӨР МЕНЕН МӨӨРЛӨНГӨН келишимин чөнтөгүнөн ЧЫГАРЫП ЖАТАТ. МӨӨРҮН АЧЫП АНЫ АДАМДАРГА ОКУП ЖАТАТ...» (Bihar, 52-т., 326-б.)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР