Пайгамбарыбыз (сав) «Аз. Мехди (ас) менен сүйүнчүлөшкүлө» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 12-б.) деп, Аз. Мехди (ас)дын келишин толкундануу жана кубануу менен күтүүнүн, ал куттуу зат үчүн даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурган. Башка бир куттуу хадисте болсо ыйман келтиргендердин Аз. Мехди (ас)га көрсөтүшү керек болгон сүйүү менен моюн сунуучулугу төмөнкүчө айтылган:
Силерден ага ким жеткен болсо, кар үстүндө сойлоп болсо дагы ага келсин. Ага кошулсун. Себеби ал – Аз. Мехди (ас). (İbn Mace, Fiten, B 34, H 4082; İbn Ebi Şeybe, c. VII, 527-б.; Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 14-б.)
Эгер дүйнөдөн бир күн калса дагы, Аллах Ал (Аз. Мехди (ас)) башкарууну өз колуна алганга чейин ал күндү созмок. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 10-б.)
Эгер дүйнөдөн бир түн калса дагы, Аллах аны созмок жана Эхли Бейтимдин (урпактарымдан) бирөөнү (Аз. Мехди (ас)) өкүмдар кылмак. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 10-б.)
Үммөтүмдүн арасында Аз. Мехди (ас) келет... Үммөтүм анын убагында жакшы менен жаман эч теңдешсиз бак-дөөлөткө жетет, асман алардын үстүнө мол жамгыр жаадырат, жер өзүндөгү эч нерсесин жашырбайт. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 9-б.)
Дүйнөдөн бир түн калса дагы, Аллах ал түндү созмок жана Эхли Бейтимден бирөө (Аз. Мехди (ас)) келип дүйнөгө өкүмдар болмок. Анын аты атыма, атасынын аты атамдын атына туура келет. Мурда жер кандай зулумдукка толгон болсо, ал аны адилеттүүлүккө толтурат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 11-б.)
АДАМДАР 1400-ЖЫЛЫ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАНЫНА ЧОГУЛУШАТ. (Risaletül Huruc-ül Hz. Mehdi, 108-б.)
Аз. Мехди (ас) Стамбулда иш-аракетин баштаган жана айланасында адамдар алгач чогулуп баштаган жылдын Хижрий 1400-жыл болоору бул хадисте апачык айтылган. Башка бир хадисте болсо Аз. Мехди (ас)дын Хижрий 1400-жылы кызмат кылаары мындайча айтылган.
ХИЖРАТТАН (КӨЧТӨН) 1400 ЖЫЛДАН КИЙИНКИ АКИДДЕРДЕН ЭКИ ЖЕ ҮЧ АКИД САНА (бир акид он жылга барабар). ОШОНДО МЕХДИ ЭМИН ЧЫГАТ. (Esme-l Mesalik Lieyyam-il Mehdîyy-il Meliki Li Küll-id Dünya Biemrillah-il Malik, Kelde bin Zeyd 216)
Мындан тышкары, Аз. Мехди (ас)дын динге чакыруу иш-аракеттерин Хижрий 1400-жылы баштаарын Бедиүззаман да төмөнкүчө айткан:
«ДҮЙНӨНҮН КЕЛЕЧЕГИНДЕ 1400 ЖЫЛДАН КИЙИН КЕЛЕ ТУРГАН БИР АКЫЙКАТТЫ (Аз. Мехди (ас)дын келишин) ӨЗ КЫЛЫМЫНДА КАРИБ (жакын) ДЕП ОЙЛОШУПТУР.» (Sözler, 318-б.)
Мухйиддин Ибнүл-Араби –куддисе сыррух- Азрети Хаким эт-Тирмизи –куддисе сыррух- Азрети «Хатмүл-эвлийа»да сураган суроолоруна жооп берүү үчүн жазган «эль-Жевабүл-Мүстаким» аттуу эмгегинде мындайча буюрган:
«(Аз. Мехди (ас)) ... Мүлктүн доору аны менен бүтөт жана олуялык (велайет) аны менен аяктайт...» (El-Cevabü'l-Müstakim amma Seele anhü et-Türmizi el-Hakim, Bayezid, no: 3750, 242b yaprağı)
Кыямат болушу үчүн бир күндөн башка эч убакыт калбаса дагы, Аллах (жж) менин Эхли Бейтимден (урпактарымдан) бир затты (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөтөт. (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/92)
Менин Эхли Бейтимден бир инсан (Аз. Мехди (ас)) бүт дүйнөгө өкүмдар болгонго чейин күндөр менен түндөр кетпейт. (En-Necmu's Sakıb (Эн-Нежмус Сакыб), Ukayli)
Аз. Мехди (ас) кызым Фатыманын урпактарынан. (Sünen-i İbn Mace (Сүнени Ибн Маже), 10/348)
Аз. Мехди (ас) менен сүйүнчүлөшкүлө. Ал Курейштен жана Эхли Бейтимден бир киши. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 13-б.)
Аз. Мехди (ас) менин балдарымдын бирөө. Жүзү асманда жаркыраган жылдыз сыяктуу. (Ali b. Sultan Muhammed el-Kari el-Hanefi'nin "Risaletül Meşreb elverdi fi mezhebil Mehdi")
Бүт пайгамбарлар бир-биринин урпактарынан. Аз. Мехди (ас) да хадистерде айтылгандай ошол бүлөдөн келет. Эл арасында ал бүлөдөн келгендер «сеййид (саййид)» деп аталышат. Аз. Мехди (ас) да сеййид болот.
Аллах Куранда бир-биринин урпактарынан келген элчилер жөнүндө айтат. Ал аяттар Аз. Мехди (ас)дын да ошол бүлөдөн келээрине ишарат кылууда.
Чындыгында Аллах Адамды, Нухту, Ибрахим бүлөсүн жана Имран бүлөсүн ааламдар үстүнө тандады; алар бир-биринен (келген) бир урпак. Аллах угуучу, билүүчү. (Али Имран Сүрөсү, 33-34)
«Раббибиз, экөөбүздү сага моюн сунган (Мусулмандар) кыл жана урпагыбыздан Сага моюн сунган (Мусулман) бир үммөт (бер). Бизге ибадат ыкмаларын (жер же эрежелерин) көрсөт жана тообобузду кабыл кыл. Күмөнсүз, Сен тооболорду кабыл кылуучу жана коргоочусуң.» (Бакара Сүрөсү, 128)
Аталарынан, урпактарынан жана бир туугандарынан кээ бирлерин (аларга коштук); аларды да тандадык жана туптуура жолго багыттап-салдык. (Энъам Сүрөсү, 87)
«АЗ. МЕХДИ (АС) ФАТИМАНЫН УРПАКТАРЫНАН ЖАНА ХАСАНДЫН БҮЛӨСҮНӨН.» (Ebu Davud, Hz. Mehdi (as), 1)
Абдүл Гафир Фариси Межма-ил Гараиб китебинде жана Ибну Жевзи Фиъл Гарибил Хадисте жана Ибнүл Эсирде Нихайеде айтышкан, Аз. Али хадиси жөнүндө мындай дешкен: «АЗ. МЕХДИ (АС) АЗ. ХАСАНДЫН УРПАКТАРЫНАН.» (Ali Bin Hüsamettin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) - (Ahir Zaman Mehdi'sinin Alametleri, 22-б.)
Тамман Феваид аттуу эмгегинде жана Ибни Акасир Абдуллах б. Амрдан алып айтышкан. Мындай деген: «ХАСАНДЫН УРПАКТАРЫНАН БИРӨӨ (АЗ. МЕХДИ (АС)) чыгыш тараптан чыгат, эгер Ага тоолор каршы чыкса, аларды эзет, жана өзүнө ал тоолордон жол салат.» (Ali Bin Hüsamettin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) - (Ahir Zaman Mehdi'sinin Alametleri, 22-б.)
Аз. Алиден бизге жеткен башка бир хадис боюнча, бир күнү ал уулу Аз. Хасанга карап: «Наби СаллАллаху Алейхи Васаллам атагандай, сөзсүз менин бул уулум Сеййид (мырза, жумшак, элеганттуу жана джентльмен). Жакында АНЫН (АЗ. ХАСАНДЫН) УРПАКТАРЫНАН Набиңиздин аты менен аталган бир адам (АЗ. МЕХДИ (АС)) чыгат, кулк-мүнөзү ага (Аз. Пайгамбар (сав)га) окшошот, бирок жаратылышында (дене өзгөчөлүктөрүндө) ага окшобойт» деген. (Tac V, 363)
Имам Зейнул Абидин алейхи-салам мындай деген: «Биздин Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) менен Аллахтын пайгамбарлары арасында бир катар окшоштуктар бар. Нух, Ибрахим, Муса, Иса, Аййуб жана Мухаммед саллаллаху алейхи ва алих пайгамбарлардын баары менен бир окшоштугу бар. Нух менен узун өмүрлүү болушунда, ИБРАХИМ МЕНЕН ТӨРӨЛҮШҮНҮН ЖАШЫРУУН БОЛУШУ (ҮЙДӨ ТӨРӨЛҮШҮНДӨ) жана калктан алыс болушунда...» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап, 3-хадис)
Аз. Али б. Хүсейин Зейнел Абидин (ас) мындай дейт: «КАИМИБИЗДИН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ТӨРӨЛҮШҮ АДАМДАРДАН ЖАШЫРУУН БОЛОТ...» (Bihar-ül Envar, 51-т., 135-б.)
Расулуллах (сав) мындай деген: «Аз. Мехди (ас) Мединадан (чоң шаардан) чыгат жана Меккеге келет. Адамдар аны өз араларынан (таанып) чыгарышат жана ал өзү каалабаган абалда Рүкун менен Макам арасында ага моюн сунушат.» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)
Мындан тышкары, Рисалетүл хуруж үл Мехди аттуу эмгектин 69-бетинде Аз. Мехди (ас)дын «Кара айылынан чыгаары» айтылган. (Mustafa Reşit Filizi, Risaletül huruc ül. Mehdi, 69-б.)
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде «медина» сөзү жашыруун мааниде колдонулган. Б.а. Пайгамбарыбыз (сав) «медина» сөзүн ар түрдүү маанилери менен колдонгон. Ислам ааламында болсо көптөгөн чоң шаар, б.а. «медина» бар. Ушул себептен, бул хадистердеги «медина» сөзүнүн эмне мааниге келээрин бул жөнүндөгү башка риваяттарды изилдөө аркылуу гана түшүнүүгө болот.
Мисалы, жогорудагы хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын мединадан чыгаарын билдирүүдө, башка бир хадисте болсо Аз. Мехди (ас)дын Кара айылынан чыгаарын айткан. Имам Куртубинин Тезкиресинде болсо Аз. Мехди (ас)дын Ислам өлкөлөрүнүн батыш тарабынан чыгаары айтылган. Бул Аз. Мехди (ас) төрөлгөн чоң шаардын Ислам өлкөлөрүнүн батыш тарабында жайгашкан чоң бир шаар экенин көрсөтүүдө.
Башка бир хадисте болсо Пайгамбарыбыз (сав) жанындагы кишиге Аз. Мехди (ас)дын мединаны, б.а. чоң бир шаарды руханий ээлей турганын айтат. Риваятта Пайгамбарыбыз (сав)дын жанындагы кишиде көптөгөн медина (б.а. чоң шаар) бар болгондуктан, Аз. Мехди (ас)дын кайсы мединаны, б.а. кайсы шаарды руханий ээлей турганы жөнүндө күмөн пайда болгон. Ушул себептен, Пайгамбарыбыз (сав)дан ал мединанын (чоң шаардын) кайсысы экенин сураган.
Пайгамбарыбыз (сав) болсо жооп катары ал мединанын (б.а. шаардын) Стамбул экенин айткан.
Аз. Ибни Амрдан риваят кылынган. Расулуллах (сав) мындай деген:
Эй Үммөт! Алты нерсе бар; алар болмоюнча кыямат болбойт... Алтынчысы болсо мединанын ээлениши. Айтылды: Кайсы медина? Ал айтты: Константиниййе. (Константинополь – Стамбул) (Бул Стамбулдун Аз. Мехди (ас) тарабынан руханий ээлениши.)
(Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), 204-б. Ramuz EI Ehadis 1/296)
(Al-Barzanji, Al-Isha'ah li-ashrat al-sa'ah, p. 204; Ahmad Diya ad-Din al-Kamushkhanawi, Ramuz al-Ahadith 1/296)
Демек, бул хадисте «медина» сөзү Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан чоң бир шаар болгон Стамбулду айтуу максатында чоң шаар маанисинде колдонулган. Башка куттуу хадистерде Аз. Мехди (ас)дын ичинде Пайгамбарыбыз (сав)дын куттуу желеги да болгон ыйык аманаттар турган жерден чыгаары билдирилген. Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги менен башка аманаттары азыр Стамбулдагы Топкапы Сарайында атайын бир бөлүмдө сакталып турат.
Абдуллах б. Шурефеден риваят кылынган: Аз. Мехди (ас)дын жанында кооздолгон абалда Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiy-il Ahir Zaman, 65-б.)
(Аз. Мехди (ас)) Пайгамбар (сав)дын төө жүнүнөн жасалган желеги менен чыгат. Ал желек төрт бурчтуу, тигилбеген жана өңү болсо кара. Анда бир хиджр (кооздук) бар. Ал Расулуллах (сав)дын көзү өткөндөн бери ачылбаган болуп, Аз. Мехди (ас) чыкканда ачылат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiy-il Ahir Zaman, 23-б.)
Алааматтар болсо; (Аз. Мехди (ас)дын) жанында Аллах Элчисинин (сав) көйнөгү, кылычы, желеги болот. Ал желек Пайгамбардын (сав) көзү өткөндөн бүгүнкүгө чейин эч ачылган эмес. Аз. Мехди (ас) чыкканга чейин да ачылбайт. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 164-б.)
Бул хадистерден Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттарынын Аз. Мехди (ас) турган жерде экени жана ал чыкканда ачылаары көрүнүп турат. Ыйык аманаттар Стамбулда болгондуктан, Аз. Мехди (ас)дын да Стамбулда болоору толук анык.
Бирок башка тараптан, Аз. Мехди (ас) төрөлгөн жана Ислам ааламынын батышында жайгашкан шаар менен ал ээлей турган шаардын башка башка мединалар, б.а. эки башка шаар экенин да риваят кылынган хадистерге карап түшүнүүгө болот.
Мисалы, Аз. Мехди (ас) ээлей турган мединанын, б.а. Стамбул шаарынын деңизде кургак бир жол салынып өтүлгөн, б.а. көпүрө системасы колдонулган бир шаар экени хадистеги баяндан көрүнүп турат.
Константинопольду ээлөө учурунда эрте мененки намаз үчүн даарат алып жатып бир желек сайат. Деңиз экиге бөлүнүп суу өзүнөн-өзү алыстайт жана ачылган жолдон жүргөн Аз. Мехди тигил жээкке өтөт. Анан дагы бир желек сайат жана: «Эй адамдар, сабак алгыла. Деңиз Израил урпактарына жол берген сыяктуу бизге да жол берди» дейт. Андан соң баары кайра кайра такбир айтышат жана 12 такбир менен шаардын 12 мунарасы да кулайт. (El-Kavl-ül Muhtasar fi Alametil Mehdiyyül Muntazır, 57-б.)
Мындан тышкары, хадисте Аз. Мехди (ас)дын ал шаарда желек сайаары да айтылуу менен шаардын Пайгамбарыбыз (сав)дын куттуу желеги турган Стамбул экени апачык түшүнүктүү болууда.
Сеййид Ахмед Хүсамеддин (ра) Истихрачнамесинде Аз. Мехди (ас)дын төрөлгөн жери жөнүндө мындай кыстарма кылган:
Мусулмандардан бир зат (Аз. Мехди (ас)) келет, ал заттын кадыр-баркы КАВКАЗДЫН ЭҢ УЛУУТООСУНАН айланага күндүн нурлары сыяктуу шуленисар болот (айланага нурлар чачат). (Osman Yüksel Serdengeçti, Mabedsiz Şehir, Serdengeçti Neşriyatı: VI, 107-б.)
«Бир тууганы аз...» (Risalet ül Mehdi 161-б.)
Месуди мындайча алып баяндаган: «Али б. Хазма, Ибни Сираж жана Ибни Эби Саид бир жолу Имам Рызанын (ас) алдына барышканда, Али б. Хазма Имамга мындай деди: «Эй Расулуллахтын уулу, биз, сиздер (Эхли Бейт имамдары)нан мындайча алыптырбыз; АР БИР ИМАМ ӨЛӨӨРДӨН МУРДА СӨЗСҮЗ БАЛАСЫН КӨРӨТ. (Бул туура болду бекен?) Имам (ас) мындай деп жооп берген: «Төмөнкүнү да хадиске коштуңарбы «КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС))ДАН ТЫШКАРЫ?» (İsbât-ül Vasiye (Mes'udî), 201-б.)
Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын атынын Пайгамбарыбыз (сав)дын атына, Аз. Мехди (ас)дын атасынын атынын болсо Пайгамбарыбыз (сав)дын атасынын атына туура келээри айтылган.
Эбу Давуд менен Тирмизинин Ибни Месут (ра)дан алып айтканы боюнча, Аллах Элчиси (сав) мындай деген: «Анын (Аз. Мехди (ас)дын) аты атыма, атасынын аты болсо атамдын атына туура келет...» (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci (Эль Берзенжи), Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), 159-160-б.)
Эбу Хурейре (ра)дан риваят боюнча, Расулуллах (сав) мындай деген:
«Дүйнө өмүрүнөн бир эле күн калса дагы, менин Эхли Бейтимден аты атыма туура келген бир зат (Аз. Мехди (ас)) келгенге чейин Аллах ал күндү сөзсүз созот.» (Ахмед б. Ханбел «Мүснед»инде алып жазган.)
Абдуллах б. Өмер (ра)дан риваят боюнча;
Расулуллах (сав) мындай деген: «Менин Эхли Бейтимден аты атыма туура келген бир зат (Аз. Мехди (ас)) бүт араптарга өкүмдар болгонго чейин дүйнө (жок болуп) кетпейт.»
Башка бир риваят боюнча мындай деген:
«Дүйнөдөгү жашоодон бир эле күн калса дагы, менин Эхли Бейтимден аты атыма туура келген бир затты (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөткөнгө чейин Аллах ал күндү сөзсүз созот. Ал мурда зулумдук менен азапка толтурулган дүйнөнү акыйкат менен адилеттүүлүккө толтурат.» (Тирмизи, Эбу Давуд, Несаи, Бейхаки жана Эбу Амр Эд-Дани алып өткөрүшкөн.)
Абдуллах б. Өмер (ра)дан башка бир риваят боюнча мындай деген:
«Менин Эхли Бейтимден аты атыма туура келген бир зат (Аз. Мехди (ас)) (жер бетинде) өкүмдарлык курганга чейин дүйнө (жок болуп) кетпейт. Ал мурда зулумдук менен азапка толтурулган дүйнөнү акыйкат менен адилеттүүлүккө толтурат.» (Эбул Касым Таберани «Эль- Мужемус-сагир» эмгегинде алып баяндаган. Мындан тышкары, Тирмизи «Эль-Жами» эмгегинде жана Эбу Давуд болсо «Сүнен» аттуу эмгегинде болжол менен ушундай мааниге келген, бирок кээ бир сөздөрдүн орду алмашкан абалда алып баяндашкан.)
Хадистерде өзгөчө көңүл бурулган жагдай – бул аттардын бир-бирине «туура (дал)» келе турган болушу. Б.а. Аз. Мехди (ас)ды түздөн-түз «Ахмед же Мухаммед», атасын болсо «Абдуллах» аты менен күтпөш керек. (Туурасын Аллах билет)
Ахмет Мухаммед Аз. Мехди (ас) ысмы Аллах акыр заманда келе турган Аз. Мехди (ас)га берген ысым. Б.а. төрөлгөндөн баштап эле аты «Ахмет Мухаммед Мехди» болбойт. Бул Аллах тарабынан ага берилген ысым. Ансыз да Пайгамбарыбыз (сав) да хадистеринде «аты атыма туура келет» деп айтып жатат, «дал өзүндөй» деп жаткан жок. Ошол сыяктуу «атасынын аты менин атамдын атына туура келет» деп жатат. Бул жерде бир ишарат, бир сыр бар.
Мындан тышкары, бул жерде төмөнкүнү да ойлонуу керек. Эгер бир адамдын үй-бүлөсү балдарынын Аз. Мехди (ас) болушун каалабаса, ага башка бир ат коюп, анын Аз. Мехди (ас) болушуна «тоскоол болгон» болот. Ошол сыяктуу, баласынын атын «Ахмед Мухаммед» койгон болсо, анда бир тараптан эгер боло турган болсо баласынын Аз. Мехди (ас) болушун гарантиялаган болот. Мындай логиканын туура эмес экени анык. Аллах каалаган адамды тагдырда тандаган жана аны «Ахмет Мухаммед Мехди» деп атаган. Бир адамга төрөлгөндө бул аттын коюлушу же коюлбашы ага тоскоолдук болбойт.
АДНАНдын эки уулу болгон. Алар: МААД менен Ак. МААДдын төрт уулу бар:
НИЗАР, Кудаа, Кунус жана Ийад. НИЗАРдын болсо үч уулу болгон. Аттары:
МУДАР, Рабиа жана Энмар. МУДАРдын эки уулу бар. Алар:
ИЛЬЯС менен Айлан. ИЛЬЯСтын үч уулу дүйнөгө келген. Аттары:
МҮДРИКЕ, Табыха жана Камаа. МҮДРИКЕнин эки уулу болгон. Аттары:
ХУЗЕЙМЕ менен Хүзейл. ХҮЗЕЙМЕнин болсо төрт уулу болгон. Алар:
КИНАНЕ, Эсед, Эседе жана Хун. КИНАНЕ аттуу чоң атасынын төрт уулу бар:
НАДР, Малик, Абди Менаф жана Милкан. НАДРдын эки уулу болгон. Аттары:
МАЛИК менен Йахлуд. МАЛИКтин жалгыз уулу бар. Ал ФИХР. Ал заттын төрт уулу дүйнөгө келген. Аттары:
ГАЛИБ, Мухариб, Харис жана Эсед. ГАЛИБдин эки уулу болгон. Алар:
ЛҮЕЙЙ менен Тейм. ЛҮЕЙЙдин төрт уулу бар. Аттары:
КАЪБ, Амир, Саме менен Авф. КАЪБдын болсо үч уулу дүйнөгө келген. Алар:
МҮРРЕ, Адий, Хусайн. МҮРРЕнин үч уулу бар. Аттары:
КИЛАБ, Тейм жана Йаказа. КИЛАБдын болсо эки уулу бар:
КУСАЙ, Зүхре. КУСАЙдын төрт уулу эки кызы бар. Аттары:
АБДИ МЕНАФ, Абдүддар, Абдүлузза, Абди Кусай. Кыздары: Тахмүр, Берре.
АБДИ МЕНАФтын төрт уулу дүйнөгө келген. Аттары:
ХАШИМ, Абдүшшемс, Мутталиб жана Невфел. ХАШИМдин төрт уулу менен беш кызы бар. Аттары:
АБДҮЛМУТТАЛИБ (ШЕЙБЕ), Эсед, Эбу Сайфи. Кыздары: Шифа, Халиде, Заифе, Рукаййе жана Хаййе. Пайгамбарыбыздын чоң атасы Абдүл-Мутталибдин он уулу жана алты кызы болгон. Ал балдардын баары бир энеден болбогондуктан, аларды энелерине жараша санап өтөлү:
АБДУЛЛАХ, Эбу Талиб, Зүбейр; Үммү Хаким Бейза, Атика, Эрва, Берре. Булардын апасы Фатыма. Аббас, Дырар. Бул эки уулунун апасы Нүтейле. Хамза, Мукаввим, Хажы аттуу уулдары менен Сафиййе аттуу кызынын апасы болсо Хале. Харис аттуу уулунун апасы Семра. Эбу Лехеб (Абдүлузза). Анын апасы Лүбни.
Аз. Аминанын апасы Берре, анын апасы болсо Үммү Хабибтиба жагына келсек, Аз. Аминанын атасы Вехб, анын атасы Абди Менаф, анын атасы болсо Зүхре. Аз. Абдуллахтын ата тарабы баяндалды. Апасы Фатыма, анын апасы Сахре, анын апасы Тахмүр. Экөөсүнүн тең атасы КИЛАБда биригет.
(Бир окуя болуп Аз. Алиге Эбу Тураб өздүк маалыматын берген Азрети Пайгамбарыбыз (сав)га Аз. Али «Хади Мустафа Аднан Пайгамбары» деп кайрылганы айтылат.)
Мындан улам эки аттуу болдум. Болгондо да өздүк маалымат; аны мурда эч уккан эмес элем. Эбу Тураб мага бул өздүк маалыматты берген эле: Хади Мустафа (асм) Аднан пайгамбары...
ЭЛЬ МЕХДИ: Хидаят (туура жол) болгон, хидаятка жеткен
ЭЛЬ ХАДИ: Хидаятка баштоочу, туура жолго жеткирүүчү
ЭЛЬ КАИМ: Акыйкат үчүн турган, тик туруучу
ЭЛЬ ХҮЖЖЕТ: Танууга мүмкүн болбогон анык далил
ЭЛЬ МУНТАЗАР: Бүт баары тарабынан күтүлгөн
МЕХДИ-ЙИ МУНТАЗАР: Күтүлгөн Мехди
ИМАМ-Ы МУНТАЗАР: Күтүлгөн Имам (руханий лидер)
ХАЛЕФ-И САЛИХ: Аллах олуяларынын татыктуу халифасы (руханий лидери)
МАНСУР: Аллах тарабынан жардам берилген
САХИБИЪЛ-ЭМР: Аллахтан болгон адилеттүүлүктү ишке ашырууга милдеттүү
САХИБҮЪЗ-ЗАМАН: Замандын ээси
ВЕЛИЙИ АСР: Кылымдын велиси (олуясы), замандын жалгыз ээси, замандын жалгыз жол башчысы
МЕХДИ-ЙИ МЕВЪУД: Убада кылынган Мехди
ИМАМ-Ы АСР: Кылымдын имам (руханий лидери)
САХИБЪҮД ДАР: Мекендин ээси (руханий лидери)
БАКИЙЙЕТУЛЛАХ: Аллахтын жер бетиндеги жалгыз далили жана Аллахтын акыркы руханий лидери
КАИМ-И АЛ-И МУХАММЕД (АС): Пайгамбарыбыз (сав)дын урпагынан келген, тура (чыга) турган Мехди
ЭЛЬ ХАТИМ: Катым кылган, аягына жеткирген
НАХИЙЕТҮЪЛ-МУКАДДЕСЕ: Куттуу багыт, эң улуу жана куттуу
Абдулмелик Исами (1111). Меккеде жашаган белгилүү тарыхчылардан. Ал «Sımt-ul Nucum-il Avali (Сымт-ул Нужум-ил Авали)» деген төрт томдук тарых китебинде мындай деп жазат: «Аз. Мехди (ас)дын лакап аттары болсо ХҮЖЖЕТ, ХАЛЕФ-И САЛИХ, КАИМ, МУНТАЗАР, САХИБ-ҮЗ ЗАМАН ЖАНА БААРЫНАН БЕЛГИЛҮҮСҮ БОЛСО МЕХДИ...» (Sımt-ul Nucum-il Avali, 4-т., 138-б.)
Абдуррахман-и Суфи. Фарс тилиндеги «Mirat-ul Esrar (Мират-ул Эсрар)» китебинин автору. «Tuhfet-u İsna Aşeriyye (Тухфет-у Исна Ашериййе)» китебинин автору Абдулазиз Дехлевинин атасы Шах Велийуллах Дехлеви «эль-Интибах фи Селасил-и Эвлийуллах ва Эсаниди Вариси Расулуллах саллаллаху алейхи ва алих» аттуу китепте андан алып, Имам-ы Заман «Аз. Мехди (ас)) жөнүндө мындай деп жазат:
... (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЛАКАП АТТАРЫ БОЛСО МЕХДИ, ХҮЖЖЕТ, КАИМ, МУНТАЗАР, САХИБ-ҮЗ ЗАМАН.
Өмер б. Захир риваят кылат:
«Бирөө Имам Жафер Садыкка; «Каимге (Аз. Мехди (ас)га) Эмирел-мүминин деп салам жөнөтө алабызбы» деп сурады. Имам мындай деди: «Жок...» Ал адам сурады: «АНДА АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЭМНЕ ДЕП САЛАМ ЖӨНӨТӨЙҮН?» АЗРЕТИ: «САЛАМ БОЛСУН САГА ЭЙ БАКИЙЕТУЛЛАХ ДЕП» ДЕДИ.
Аз. Мехди (ас) бейиштин павлини (кооздугу). (Bihar-ül Envar, 51-том, 105-бет)
«Кыямат жакындаганда жана ыймандуулардын жүрөгү өлүм, ачарчылык, фитналар, сүннөттөрдүн жоголушу, бидаттардын (кошумчалардын) пайда болушу, жакшылыкка буюруп, жамандыктан тосуу (эмри бил маруф менен нехйи аныл мүнкер) мүмкүндүктөрүнүн жоголушу сыяктуу себептер менен алсыздаган кезде менин урпактарымдан Аз. Мехди (ас) менен Улуу Аллах сүннөттөрдү жандандырат. Анын адилеттиги жана берекеси менен ыймандуулардын жүрөгү бейпил болуп, Ажем (Арап эместер) менен Арап элдери арасында бир туугандык менен сүйүү орнойт.» (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 66-б.)
Аз. Имам Хүсейин (ас)дын мындай дегени риваят кылынган: «Аз. Мехди (ас) кыям кылганда (чыкканда) эл аны тааныбайт. Себеби АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЭЛГЕ СУЛУУ ӨҢДҮҮ БИРӨӨ БОЛУП КЕЛЕТ...» (Ikd-üd Dürer, 41-б.)
«МАВЕРАННАХРДАН БИР ЗАТ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫГАТ, АНЫ ЭЛЬ-ХАРИС (АРСТАН) ДЕШЕТ. Анын аскерлеринин башчысы болгон бир адам бар, аны болсо Мансур дешет. Ал Эль-Харис Курейш Расулуллах (сав)га шарттарды даярдаган сыяктуу, ал да Ал-и Мухаммедге шарттарды даярдайт же аларды жайгаштырат (риваят кылгандар күмөн кылышкан). Ар бир ыймандууга ага жардам берүү же чакырыгына жооп берүү (риваят кылгандар күмөн кылышкан) важиб (зарыл)». (Ebu Davud, Mehdi 1, (2452)), Риваят кылган: Аз. Хилал Ибну Амр (р.а.), (Et-Tac, Ali Nâsıf el-Hüseynî, 5-т., 617-б.), (Sünen-i Ebu Davud Terceme ve Şerhi, Şamil Yayınevi: 14/410)
МАВЕРАННАХРДАН БИР ЗАТ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЧЫГАТ, АНЫ ЭЛЬ-ХАРИС (АРСТАН) ДЕШЕТ. Анын аскерлеринин башчысы болгон бир адам бар, аны болсо Мансур дешет. Ал Эль-Харис Курейш Расулуллах (сав)га шарттарды даярдаган сыяктуу, ал да Ал-и Мухаммедге шарттарды даярдайт же аларды жайгаштырат (риваят кылгандар күмөн кылышкан). Ар бир ыймандууга ага жардам берүү же чакырыгына жооп берүү (риваят кылгандар күмөн кылышкан) важиб (зарыл). (Ebu Davud, Mehdi 1, (2452)), Риваят кылган: Аз. Хилал Ибну Амр (р.а.), (Et-Tac, Ali Nâsıf el-Hüseynî, 5-т., 617-б.), (Sünen-i Ebu Davud Terceme ve Şerhi, Şamil Yayınevi: 14/410)
◉ «Харис» арстан дегенди билдирет.
Нуманинин Гайбети: «Эй ыймандуулардын Мырзасы, бизге сенин Аз. Мехди (ас)ың жөнүндө кабар бер.» Ыймандуулардын мырзасы мындай деди: «... АЗ. МЕХДИ (АС) ДАЯРДЫКТУУ, ТААСИРИ КҮЧТҮҮ, ЖЕҢИШТҮҮ (ИЙГИЛИКТҮҮ) БИР АРСТАН...» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-т.], Ansariyan Yayıncılık, Derleyen: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 184-б.)