Адамдарга ушундай бир заман келет; карапайым калк Куран окуйт, ибадатка өзүн арнайт (бирок) бидъат (диндеги негизсиз кошумчалар) иштер менен алек болушат; сезбеген тараптан ширкке (Аллахка шерик кошууга) адашышат. СӨЗДӨРҮ ЖАНА ИЛИМДЕРИ МЕНЕН ЫРЫСКЫ ТАБЫШАТ, ДИНДИ ШАЙМАН КЫЛЫП ДҮНҮЙӨ ТАБЫШАТ. БИР КӨЗҮ КӨР ДАЖЖАЛДЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ МЫНА УШУЛАР. (Râmûz-ul Ehâdîs, Hadîs No: 6255)
Пайгамбарыбыз (сав)дын бул куттуу хадисинде акыр заманда бир катар адамдардын динге ойдон чыгарылган, негизсиз кошумчаларды кошкон кээ бир адамдарды ээрчий турганы айтылууда. Ал убакта кээ бир жалганчы аалымдар чыгып Ислам динин адамдарга ушунчалык туура эмес түшүндүргөндүктөн, көп адамдар алардын айткандарын динде бар деп ойлошот. Ушул себептен ширкке киргенин, чыныгы дин ахлагынан алыстаганын сезишпейт.
Ал жалганчы аалымдардын бир өзгөчөлүгү – алар динди шайман кылып, акча табышат. Б.а. бир Мусулман катары динге кызмат кылуудан эч кандай акы албашы керек болгонуна карабастан (Энъам Сүрөсү, 90), алар ошого барышат. Пайгамбарыбыз (сав) мындай кишилердин акыр заманда дин ахлагына каршы күрөшкөн дажжалият системасына кызмат кылаарын да кабар берген. Белгилүү болгондо й, Пайгамбарыбыз (сав) башка бир хадисинде акыр заманда кээ бир жалган «аалымдардын» дажжалияттын буйругуна моюн сунаарын билдирген:
ҮММӨТҮМДӨН БАШЫ ЧАЛМАЛУУ (БАШЫН ЧАЛМА МЕНЕН ОРОГОН) ЖЕТИМИШ МИҢ ААЛЫМ КИШИ ДАЖЖАЛДЫ ЭЭРЧИШЕТ. (İmam Ahmed Bin Hanbel, Müsned, 796-б.)
Бул хадистер Аз. Мехди (ас) чыга турган доор болгон Хижрий 1400-жылдары тымызындык менен Мусулмандардын аракетине жолтоо болууга аракет кылуу аркылуу, динде жок кошумчаларды динде бардай көрсөтүү жана фитна чыгаруу аркылуу дажжалият системасын колдогон, Куран ахлагынан алыс, динди өз кызыкчылыктары үчүн колдонууну көздөгөн, Ислам ахлагынын дүйнөгө жайылып, орношун каалабаган жаман ниеттүү жалганчы дин аалымдарынын болоорун апачык кабар берүүдө.
Аз. Али (ра)дан:
Акыр заманда ушундай бир коом чыгат; КУРАН ОКУШАТ БИРОК ТАМАКТАРЫНАН ЫЛДЫЙ ӨТПӨЙТ. ДИНДЕН ОКТУН ЖААДАН ЧЫГЫШЫ СЫЯКТУУ ЧЫГЫШАТ. АЛАР МЕНЕН КҮРӨШҮҮ АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН БИР ШАРТ. КӨРҮНҮШҮНДӨ ЧАЧТАРЫ КЫРЫЛГАН.
(Hadislerle Hz. Ali, İmam Nesai, Ebu Abdurrahman Ahmed Bin Şuayb, 142-б.)
Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде Аз. Мехди (ас) убагында, б.а. акыр заманда жашай турган кээ бир жалган «дин аалымдарына» көңүл бурган. Мындай хадистердин бири Аз. Али (ра)дан риваят кылынган. Бул куттуу хадисте Пайгамбарыбыз (сав) ал кишилердин арап тилин так (акцентсиз) сүйлөшү, Куранды тажвиддүү окушу менен мактанган, бирок диндин өкүмдөрүн аткарууга, Курандын аяттарын туура түшүнүп ошого жараша жашоого келгенде болсо өтө эки жүздүү, жалганчы жолду тандаган кишилер болоорун айткан. Пайгамбарыбыз (сав) ал кишилердин абалын «... Куранды окушат, бирок тамактарынан ылдый өтпөйт...» деп сүрөттөгөн. Ал жалганчы, жасалма дин аалымдары кылган иштери жана сүйлөгөн сөздөрү менен байкабастан Курандын акыйкат жолунан бүтүндөй чыгышат. Ал кишилер Исламдын дүйнөгө жайылып, орношунан сөз кыла алышпайт, Мусулмандардын аракетин токтотуу максатын көздөшөт. Чын ыкластуу Мусулмандарга тиешелүү болгон Аллахтан үмүткөр болуу жана тагдырга моюн сунуу маанайынан алысташат жана окуяларга караңгы адамдардай үстүртөн карашат. Сүйлөгөн сөздөрү Куранга, Ислам ахлагына карама-каршы келет. Чыныгы Мусулмандар бир тараптан Аллахты жана динди тангандар менен пикирдик күрөш жүргүзүп жатып, экинчи жактан дин ахлагынын орношун жашырууга жана Мусулмандар арасында фитна-бузукулук чыгарууга аракеттенген ушундай кишилер менен күрөшүшөт. Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде андай кишилер менен илимий күрөш жүргүзүүнү ар Мусулмандын милдети деп айткан. Болгондо да, акыр заманда андай кишилерди Мусулмандар таанышы үчүн Пайгамбарыбыз (сав) алардын чачы жөнүндө бир маалымат да берген.
«ЧЫГЫШТАН БАШТАРЫ КЫРЫЛГАН ЭЛДЕР ЧЫГАТ; ТИЛДЕРИ МЕНЕН КУРАН ОКУШАТ (БИРОК) ТАМАКТАРЫНАН ЫЛДЫЙ ӨТПӨЙТ. АЛАР ДИНДЕН ЖААДАН ОКТУН ЧЫГЫШЫ СЫЯКТУУ ЧЫГЫШАТ.» (Râmûz-ul Ehâdîs, хадис №: 6294)
Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда Куранды өтө жакшы билген, чачтары кырылган кээ бир кишилердин чыгаарын кабар берген. Бирок ал кишилер сүйлөгөн сөздөрү менен динди жактап жаткандай көрүнгөнү менен, айткандары, динге кошкон кошумчалары жана туура эмес дин түшүнүктөрү менен октун жаадан чыгышы сыяктуу Ислам дининен алыс болушат. Андай туура эмес түшүнүгү натыйжасында Куранга жана чын ыкластуу Мусулмандарга каршы күрөшкөн маанайда болушат.
1. Расулуллах (сав) айтты: Дажжал Ыспахан (исфахан) еврейлерден чыгат. Аны менен бирге баштарында чалмалуу 70 миң еврей бар. (El-kütüb's-sitte ve süruhuha, müsnedu Ahmed B-Hanbel 3-4, Tunus: Daru Sahnun, 1992. 22-т. (503-б., 447)
2. 1816. Энес радыйаллаху анх'дан риваят кылынышы боюнча, Расулуллах саллаллаху алейхи ва саллам мындай деди: «Исфахан еврейлеринен чалмалуу (башка жана моюнга оролгон материал * Башка оролгон селденин ийинге ташталган учу) жетимиш миң киши дажжалдын артынан ээрчийт.» (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), 8-том, 500-бет)
3. Расулуллах (сав): ҮММӨТҮМДӨН БАШТАРЫ ЧАЛМАЛУУ 70 МИҢ КИШИ ДАЖЖАЛДЫ ЭЭРЧИЙТ (ДАЖЖАЛГА МОЮН СУНАТ). (Ebu Bekir Abdürrazzak b. Hemmam, Abdürrazzak es San'ani, El Musaannef, XI, 393)
Белгилүү Ислам аалымы Суйути Азрети тоголок селде (чалма) еврейлердин кийими болсо да, Расул-и Экремдин башкача типте селде (чалма) кийгенин айткан. Көз-карашын далилдөө үчүн болсо El-Ehâdîsü'l-hisân fî fazli't-taylasan аттуу бир эмгек жазган.
Амр бин Саддан:
ЭЛДЕР (СЫРТЫНАН) МЕНИН УРПАГЫМА ЧАКЫРЫШСА ДА, МЕНИН УРПАГЫМДАН АЛЫС БОЛУШАТ. БУЛ УШУНДАЙ ЖАМАН БИР КООМ; АДЕП-АХЛАГЫ (НАМЫСЫ) ЖОК. ЗӨӨКҮРЛӨРГӨ АРАЛАШЫП, ЗОМБУЛУКЧУЛАРГА ФИТНА ҮЙРӨТҮШӨТ, БАШЧЫЛАРГА КАН ТӨКТҮРҮШӨТ.
(Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 170-б.)
Кыямат алааматтарын жана акыр заман окуяларын жана кээ бир амалдардын жакшылык жана соопторун баяндаган куттуу хадистер жакшы түшүнүлбөгөндүктөн, акылдарына ишенген КЭЭ БИР ИЛИМДҮҮЛӨР алардын кээ бирлерин алсыз (анча ишенимсиз) же мевзу (хадис) дешкен. ЫЙМАНЫ АЛСЫЗ ЖАНА ТЕКЕБЕР (ЭНАНИЙЕТИ КАВИ) КЭЭ БИРЛЕР болсо (акылын жакшы көргөн, өзүн өйдө, кемчиликсиз көргөн; жана напсисин идолдоштурган кишилер (Аллахты аруулайбыз)) танууга (каапырдыкка) чейин барышкан.» (Sözler, 355-б.)
Бедиүззаман Саид Нурси өтө текебер, ыйманы алсыз, материалдык көз-караштарга алдырган кээ бир жахил (сабатсыз) дин аалымдарынын Аз. Мехди (ас) келбейт деп күрөш жүргүзөөрүн кабар берген. Бедиүззаман «текебер (энанийети кави)» сөзү менен ал кишилердин өз акылын сүйгөн, өзүн өйдө, кемчиликсиз көргөн; жана өз напсисин идолдоштурган (кудайлаштырган) кишилер экенине көңүл бурган (Аллахты аруулайбыз). «Ыйманы алсыз» сөздөрү менен болсо алардын мындай көз-карашта болушуна ал дин аалымдарынын Аллах ишениминин алсыз болушу, динден күмөн санашы, динди бир кесип же аброй алып келүүчү нерседей көрүшү себеп болоорун айткан.
Бирок ал кишилердин Аз. Мехди (ас) келбейт деп ишениши Аз. Мехди (ас)дын келүү алааматтарынын бири жана Аз. Мехди (ас)дын чыгаарынын өтө жакындаганын көрсөткөн бир көрүнүш.
Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда кээ бир кишилердин «Аз. Мехди келбейт экен, Аз. Мехди жок экен» сыяктуу сөздөрдү айтышынын же Мехдиликти танышынын Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын бири экенин билдирген. Бул хадистердин бири мындай:
«Адамдар үмүтсүз болуп, «ЭЧ АЗ. МЕХДИ ДЕГЕН ЖОК ЭКЕН» деп жаткан убакта Аллах Аз. Мехди (ас)ды жөнөтөт...» (Ali Bin Husameddin el-Muttaki, Kitab-ul Burhan fi-Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)