2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (7/20)

Аз. Мехди (aс) Чыгаардан Мурда Элдердеги Бузулуулар

Аз. Мехди (aс) Чыкканда Көпчүлүк Намаз Окубайт, Исламда Шараптын Арам Экенинен Да Кабарсыз Болушат

Аз. Хузейфенин айтуусу боюнча, Расулуллах Мырзабыз (сав) мындай деген:

«Эй Хузейфе! Ал күнү (Аз. Мехди (ас) чыкканда) алар Ридде (динден чыгуу) алдында болушат. ШАРАПТЫ АДАЛ ДЕП ОЙЛОШОТ ЖАНА НАМАЗ ДА ОКУШПАЙТ.» (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal)

Аз. Мехди (aс) Чыгаардан Мурда Жалган Жалаа Жана Жалганчы Күбө Көбөйөт

Кыяматтын алдында... жалган күбөгө өтүү көбөйөт, акыйкатка күбөгө өтүү болсо жашырылат. (Ramuz El - Hadis , 1/121)

Жалган жалаанын көбөйүшү кыямат алааматтарынан. (Ölüm- Kıyamet -Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, 450-б.)

Аз. Мехди (aс) Чыгаардан Мурда Элдерде Баңгизат Менен Кылмыштарга Байланыштуу Өлүмдөр Көбөйөт

Али (ас) мындай деген: «АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЫЯМЫНАН МУРДА КЫЗЫЛ ӨЛҮМ жана АК ӨЛҮМ БОЛОТ... (Ikdü'd-Dürer, 98-б., Gaybet-i Numani, 397-б., Gaybet-i Şeyh Tusi, 267-б., Biharü'l-Envar, 52-т., 211-б.)

Хадисте акыр заманда Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда коомдордо кылмыштардын көбөйөөрүнө көңүл бурулган. Хадистен апачык көрүнүп тургандай, учурда АК УУ (ар кандай баңгизат) деп аталган баңгизаттар менен хадисте айтылгандай АК ӨЛҮМ болот жана адамдарды материалдык жана руханий өлтүрөт. Мындан тышкары, хадисте айтылган (кан өңүндө) КЫЗЫЛ ӨЛҮМ менен болсо Аз. Мехди (ас)дан мурда КАНДУУ КЫЛМЫШТАР ЖАСАЛААРЫНА көңүл бурулган. КЫЗЫЛ МЕНЕН АК ӨЛҮМДӨРДҮН санындагы бул көбөйүү Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынан.

Акыр Замандагы Адамдар Арасындагы Сүйүүнүн Жоктугу Кыяматтын Да, Аз. Мехди (aс) Дын Чыгышынын Да Алааматы

Баарына жалпы эмес, ЖАЛГЫЗ (ТААНЫГАН, БИЛГЕН) АДАМДАРГА САЛАМ БЕРИЛ(ГЕН УБАКЫТ КЕЛ)МЕЙИНЧЕ... кыямат болбойт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, İmam Şarani (Имам Шарани), Tezkiretil Kurtubi Bedir Yayınevi, İstanbul 1981, 461-б., № 845)

Амире бинти Нуфейл мындай дейт: «Имам Хүсейн алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «СИЛЕР БИР-БИРИҢЕРДЕН БЕРИ (УЗАК) ЭКЕНИҢЕРДИ АЙТМАЙЫНЧА, БИР-БИРИҢЕРДИН БЕТИНЕ ТҮКҮРМӨЙҮНЧӨ, БИР-БИРИҢЕРДИ ТАКФИР ЭТМЕЙИНЧЕ (каапырлык менен айыптамайынча) ЖАНА БИР-БИРИҢЕРДИ КАРГАМАЙЫНЧА (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГЫШЫ) БОЛБОЙТ. Мындай дедим: Андай болсо ал кезде эч бир жакшылык жок. «Жакшылыктын баары ошол кезде. Каимибиз (Аз. Мехди (ас)) кыям кылат жана булардын баарын жок кылат» деди. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 241-б.)

Нүфейлдин кызы Үмейре мындай дейт: «Аз. Хасандын кызынын мындай дегенин уктум: «Силер күткөн бул иш (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГЫШЫ) КЭЭ БИРЛЕРИҢЕР КЭЭ БИРЛЕРДЕН БЕРИ ЭКЕНИҢЕРДИ, АЛЫС БОЛООРУҢАРДЫ ИЗХАР КЫЛЫП (көрсөтүп) КАРГАШМАЙЫНЧА эч болбойт.» (Bihar Al-Anwar, Vol. 52, p. 211)

Риваяттарда Аз. Мехди (aс) Жок Жерде «Жер Бетиндеги Бүт Нерсенин Бузулаары» Билдирилген

Эбу Хамза мындай дейт: «Имам Садык (ас)га мындай дедим: «ИМАМСЫЗ (АЗ. МЕХДИ (АС) БОЛБОСТОН) ЖЕР БЕТИ БЕКЕМ (ТУРУКТУУ) КАЛАБЫ?» ИМАМ: «ЭГЕР ЖЕР ЖҮЗҮ ИМАМСЫЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)СЫЗ) КАЛСА, АСТЫН-ҮСТҮН БОЛОТ» деди. (Usul-u Kafi, İslamiye baskısı, 1381, 1-т., 334-б.)

Вешша мындай дейт: «Имам Рызадан (ас) «Жер бети имамсыз (Аз. Мехди (ас)сыз) калабы?» деп сурадым. Имам (ас) «Жок» деди. ... Имам (ас) анан мындай деди: «ЖЕР БЕТИ ИМАМСЫЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)СЫЗ) КАЛБАЙТ, АНТПЕСЕ ЖЕР БЕТИ АСТЫН-ҮСТҮН БОЛОТ.» (Usul-u Kafi, 1-т., 334-б.)

Муфаззал бин Өмер Эмирүлмүминин алейхиссалам Күфе шаарынын минбарында мындай деди: «БИЛИП КОЙГУЛА ЖЕР БЕТИ АЛЛАХТЫН ХҮЖЖЕТИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БОЛБОСТОН БУТУНДА ТУРА АЛБАЙТ... ЭГЕР АЛЛАХТЫН ХҮЖЖЕТИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БИР ЗАМАТКА ЖЕР БЕТИНЕН АЛЫНСА, ЖЕР ЭЛДИН ҮСТҮН БАСАТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 162-б.)

Аллах ар доордо жер бетиндеги бузукулуктун алдын алынышына, адамдардын бейпил жана бактылуу жашашына адамдарга Аллахтын динин баяндоочу, ага чакыруучу элчилерин себепчи кылган. Аллах акыр заманда бүт дүйнө жүзүнүн бейпилдик менен кутулуусуна себепчи кылган киши болсо – бул Аз. Мехди (ас). Хадистерде Аз. Мехди (ас) болбогон шартта дүйнө жүзүнүн ар кандай кырсыктар менен кыйроого жана бузулууга туш болооруна, бүт дүйнөдө укмуш бир анархия менен башаламандык жаралаарына ишарат кылынган. Чындап эле Аз. Мехди (ас)дын чыгышына аз калган ушул тапта дүйнөнүн көп тарабында террордун, согуштардын, кыргындардын өкүм сүрүп жатканы байкалууда.

Бедиүззаман Саид Нурси да эмгектеринде Аз. Мехди (ас)дын мындай өзгөчөлүгүнө көңүл бурган.

(Мехдинин) Экинчи озуйпасы (кызматы):
Хилафети Мухаммедийе (асм) наамы менен (Пайгамбарыбыз (сав)дын халифасы (орун басары), б.а. Мусулмандардын руханий лидери наамы менен) Ислам ахлагынын негиздерин кайрадан жандантуу. Ислам ааламынын биримдигин таяныч чекити кылып, АДАМЗАТТЫ МАТЕРИАЛДЫК ЖАНА РУХАНИЙ КОРКУНУЧТАРДАН ЖАНА АЛЛАХТЫН АЗАБЫНАН КУТКАРУУ... (Emirdağ Lahikası, 259-б.)

Бедиүззамандын айтуусу боюнча, Аз. Мехди (ас) Ислам дүйнөсүнүн руханий лидери катары бүт акыр замандын оор фитна менен башаламандыгы ичинде жашаган адамзатты материалдык, руханий бүт коркунучтардан куткарат жана адамдардын Аллахтын азабынан коргонушуна, натыйжада дүйнөдө жана акыретте кутулууларына себепчи болот.

Аз. Мехди (aс) «Адамдар Ар Тарапка Таркаган» Бир Доордо Чыгат

Эбуъл Хижаф Пайгамбардын (сав) үч жолу мындай дегенин риваят кылат: «Аз. Мехди (ас) жөнүндө сүйүнүчтүү кабарлар болсун силерге, ЭЛ ТАРКАГАН жана кыйынчылыктар чыккан КЕЗДЕ АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ...» (Bihar-ul Envar, 51-т., 74-б.)

Риваятта Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурдакы доордо «калктын чачыранды абалда болоору» кабар берилген. Бул болсо адамдардын иштөө, акча табуу сыяктуу ар кандай максаттар менен чет өлкөлөргө кетээрин жана чачыранды абалда болоорун көрсөтүүдө.

Аз. Мехди (aс) Адамдар Арасында Уруш-Талаштар Эң Көп Болгон Кезде Чыгат

Муфаззал бин Өмер айтат, Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «...Жана КАЛКТЫН ЭҢ АЖААНДАРЫ БОЛГОНДО, КӨРҮНҮҮ БОЛОТ (АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ).» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 187-б.)

Аз. Мехди (aс) Адамдар Жамандык, Жырткычтык Жана Зулумдуктан Тажаган Кезде Чыгат

Селеме б. Зүфер мындай дейт: «Бир күнү Хүзейфенин жанында «Аз. Мехди (ас) кыям этти (чыкты)» делгенде, Хүзейфе: «Эгер Аз. Мехди (ас) кыям эткен болсо силер Расулуллах (сав) дооруна жакын адамдарсыңар жана асхаб (сахабалар) дагы эле араңарда жашап жатат. Анда чындап бактылуу жана жыргалчылык адамдары болосуңар. Бирок жок, бул туура эмес, АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР ЖАМАНДЫК, АЙБАНДЫК ЖАНА ЗУЛУМДУКТАН ТАЖАГАН жана эч бир кайып (жашыруун жашаган) ал (киши)дей бийик жана сүйүктүү болбогон БИР КЕЗДЕ КЫЯМ ЭТЕТ.» деди. (El-Havi, 2-т., 159-б.)

Аз. Мехди (aс) Жашыруун Кезде Коомдо Зомбулук, Анархия Жана Пкк (Түркиядагы Террордук Уюм) Террору Болот

Аз. Мехди (ас)дын адамдар арасында көрүнбөгөн бир жашырынуу доору (көздөн кайымы) болот. Бул убакта адамдар Аз. Мехди (ас) жоголду, ал тургай кээ бирлери өлдү деп да ойлошот. Бул Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде мындайча айтылат.

АЛ-И МУХАММЕДДИН КАИМИНИН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЭКИ КӨЗДӨН КАЙЫМЫ (КАМАКТАГЫ УЧУРУ) БАР. БИРӨӨСҮ ЭКИНЧИСИНЕН УЗУНУРААК... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 199-б.)

«Бул кыямдын ээсинин (Аз. Мехди (ас)дын) эки көздөн кайымы бар. БИР КӨЗДӨН КАЙЫМЫ (камакта жаткан учуру) УШУНЧАЛЫК КӨПКӨ СОЗУЛГАНДЫКТАН мындай дешет: «Өлдү.» Кээ бирлери: «Өлтүрүлдү» дешет. Кээ бирлери: «Кетти...» дешет. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 198-б.)

... АЯГЫНДА МЕНИН УРПАКТАРЫМДАН БИРИ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КАЛКТЫН КӨЗДӨРҮНӨН КАЙЫМ БОЛОТ. КАЛК АЛ ЖОГОЛДУ, ӨЛТҮРҮЛДҮ ЖЕ ӨЛДҮ ДЕШЕТ. АНАН ФИТНА ЧЫГАТ ЖАНА БАЛЭЭЛЕР ТҮШӨТ, УРУУЧУЛУК (УЛУТЧУЛДУК) ФАНАТИЗМИ ТИРИЛЕТ, КАЛК ДИНИНДЕ ЖОЛУНАН АДАШАТ. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 163-б.)

Жогорудагы хадисте болсо Пайгамбарыбыз (с.а.в) «... АНАН ФИТНА ЧЫГАТ ЖАНА БАЛЭЭЛЕР ТҮШӨТ, УРУУЧУЛУК (УЛУТЧУЛДУК) ФАНАТИЗМИ ТИРИЛЕТ, КАЛК ДИНИНДЕ ЖОЛУНАН АДАШАТ.» деп Хижрий 1400-жылдар (1979-1980-жж.) менен бирге коомдо башаламандык менен фитналар башталган, адамдар дин ахлагынан алыстап марксисттик, коммунисттик, атеисттик жана дарвинисттик пикирлерге бурула турган бир доорго көңүл бурууда. Чындап эле коомдо «80-жылдар» деп аталган өзгөчө Түркияда анархия, террор, башаламандык жана бейпилсиздик өтө өнүккөн, калктын жан, мал-мүлк коопсуздугу, бейпилдиги жоголгон, адамдар Ислам дининен алыстаган бир доорго кирилген. Өзгөчө ПКК (PKK) террору Түрк коомунда Күрт-Түрк бөлүнүүчүлүгү багытында фитна чыгарып, коом ичинде улутчулдук рухунун жаралышына себеп болгон. Элди Ислам дининин жылуу, тынчтыкты каалаган, сүйүү толо, бейпил рухунан алыстатып, коммунисттик, марксисттик жана дарвинисттик бир пикирге тарткан. Бирок Аз. Мехди (ас)дын чыгышы (көрүнүшү) менен иншаАллах бул батыл (негизсиз, жалган) идеологиялар пикирдик жактан жер менен жексен болот жана Аллах ишеними өтө ылдам бүт дүйнө жүзүндө таркайт.

Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Алааматтарынын Бири – Бул Адамдардын Туура Жолдон Чыккан Болушу

Аз. Али мындай дейт: «АДАМДАР АДАШУУ ЖОЛУНДА ОҢ МЕНЕН СОЛДУ КАРМАНГАН, ТУУРА ЖОЛДУ БИР ТАРАПКА ТАШТАШКАН.» (Nehc-ul Belaga, Hutbe 150)

Аз. Мехди (aс) Кыйынчылыктар Көбөйгөн Бир Доордон Соң Чыгат

Эбуъл Хижаф Пайгамбардын (сав) үч жолу мындай дегенин риваят кылат: «Аз. Мехди (ас) жөнүндө сүйүнүчтүү кабарлар болсун силерге, эл таркаган жана КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЧЫККАН КЕЗДЕ АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ...» (Bihar-ul Envar, 51-т., 74-б.)

Пайгамбарыбыз (cав) Акыр Заманда Палестинада Зулумдук Болоорун Кабар Берген

Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда дүйнөнүн көп аймагында дажжалият себеп болгон башаламандык, уруш, кан төгүүлөрдүн, фитналардын болоорун кабар берген. Мусулмандардын да бул оор шарттарда ар кандай кыйынчылыктарга кабылаарын айткан. Пайгамбарыбыз (сав) дажжалият фитнасы таасирдүү болот деген жерлердин бири – бул Палестина. Хадистеги Бейтүл Макдис сөзү Акса Мечитине жакын бир жер маанисине келет, б.а. Палестина аймагы жөнүндө сөз болууда. Учурда дал Пайгамбарыбыз (сав) кабар бергендей, палестиналык Мусулмандар чоң бир курчоо астында, жокчулук, ачарчылык жана ар түрдүү кыйынчылыктар менен сыналышууда.

Наим Каабдан алып, мындай деди:
Дажжал Бейтүл Макдисте (Акса Мечитине жакын бир жер, Палестина) ЫЙМАНДУУЛАРДЫ КУРЧОО АСТЫНА АЛАТ ЖАНА АЛАРГА (ЫЙМАНДУУЛАРГА) УШУНЧАЛЫК КҮЧТҮҮ БИР АЧАРЧЫЛЫК КЕЛГЕНДИКТЕН, ачтыктан жааларынын кылын да жегенге мажбур болушат. (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр заман Мехдисинин алааматтары), 48-б.)

Аз. Мехди (aс) Дын Чыгаарынан Мурдакы Кысымчыл Шарттардан Улам Эч Ким Аллахтын Атын Эркин Эскере Албайт

Шейх Тусинин Эль-Эмали китебинде: «Бүт дүйнө бузукулукка толот. ЭЧ КИМ АЛЛАХ ДЕЙ АЛБАЙТ. Анан Улуу Аллах менден жана менин үй-бүлөмдөн бир затты (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөтөт. Андан мурдакылар адилетсиздик менен толтургандай, ал (Аз. Мехди (ас)) болсо дүйнөнү адилеттүүлүккө толтурат.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-том], Ansariyan Yayıncılık, Топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 120-б.)

Шейх Тусинин Эль-Эмали китебинде: «Дүйнө ушунчалык кысымчылык менен адилетсиздикке толгондуктан, ЭЧ КИМ АЛЛАХТЫН ЫСЫМЫН ЖАШЫРУУН ЭМЕС (АЧЫК) АЙТА АЛБАЙТ. Анан Аллах дүйнөнү кысымчылык менен адилетсиздикке толгон сыяктуу, чынчылдык менен адилеттүүлүккө толтура турган жакшы бир коомду (Аз. Мехди (ас) жамаатын) алып келет.» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-том], Ansariyan Yayıncılık, Топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)

Аз. Мехди (aс) Адамдар Кыйынчылык, Зулумдуктардан Даттанган Кезде Чыгат

Эбуъл Хижаф болсо Пайгамбардын (сав) үч жолу мындай дегенин риваят кылат: «Аз. Мехди (ас) жөнүндө сүйүнүчтүү кабарлар болсун силерге. ЭЛ ТАРКАГАН ЖАНА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЧЫККАН (КӨБӨЙГӨН) КЕЗДЕ АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ. ЗУЛУМДУК МЕНЕН ЖЕМЕГЕ ТОЛГОН ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ТОЛТУРАТ. КУЛДАРДЫН ЖҮРӨГҮНӨ АЛЛАХКА КУЛЧУЛУКТУ ОРНОТОТ ЖАНА АДИЛЕТТҮҮЛҮГҮ БҮТ БААРЫН КАПТАЙТ (ОРОЙТ). (Peygamberin Ehl-i Beytinden Olan Hz. Mehdi (a.s.), 16-б.; Bihar-ül Envar, 51-т., 74-б.)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын калк мазхабдарга бөлүнүп, топ-топ болуп бир-биринен бөлүнгөн, улутчулдук бөлүнүүчүлүгү болуп жаткан, экономикалык кыйынчылыктар көбөйгөн, анархия менен террор күчөгөн бир убакта чыгаары кабар берилген. Пайгамбарыбыз (сав) бул хадисти 3 жолу кайталаган. Бул кезде адамдардын экономикалык кризис, кымбатчылык жана баштарына келген материалдык жана руханий кыйынчылыктардан, зулумдуктардан улам тынымсыз арызданышаарын да айткан.

Аз. Мехди (aс) Чыгаардан Мурда Башкаруу Системалары Жыгылып, Экономикалык Төмөндөөлөр Болот

Булардын баары (акыр заман алааматтары) ӨЛКӨЛӨР ӨЗГӨРҮП, КУЛДАР АЛСЫЗ АБАЛГА ТҮШКӨН ЖАНА АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГААРЫНАН ҮМҮТ ҮЗҮЛГӨН БИР УБАКТА БОЛОТ. Мына ошондо менин урпактарымдан болгон КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БИР КООМ (ТОП) МЕНЕН ЧЫГАТ ЖАНА АЛЛАХ БУЛ КООМ (ТОП) АРКЫЛУУ АКЫЙКАТТЫ ҮСТӨМ КЫЛЫП, АЛАРДЫН ИЛИМИЙ КЫЛЫЧЫ МЕНЕН БАТЫЛДЫ (ЖАЛГАНДЫ) ӨЧҮРӨТ... Эй адамдар, Аз. Мехди (ас)дын чыгышын бир-бириңерге сүйүнчүлөгүлө. Себеби Аллахтын убадасы чындык, куру убада эмес. Анын өкүмү артка кайтарылбайт. Ал бүт нерсени хикмат (терең максат, маани) менен жасайт жана бүт баарын билет. АЛЛАХТЫН ЭЭЛЕШИ (ЖЕҢИШИ) ЖАКЫН. (Yenabiu'l-Mevedde, 440-б.)

Пайгамбарыбыз (сав) акыр заман жөнүндөгү куттуу хадистеринде Аз. Мехди (ас) чыгаардан (көрүнөөрдөн) мурда боло турган кээ бир окуяларды кабар берген. Бул хадистер акыр замандын ичинде жашап жатканыбызды түшүнүшүбүз үчүн өтө маанилүү алааматтар. Бул хадисте болсо Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын чыгаарынан үмүт үзүлгөн, калп «дин аалымдары» «Аз. Мехди (ас) руханий бир нерсе, мурда келип өтүп кеткен, Аз. Мехди (ас)дын келишин күтпөгүлө, Аз. Мехди (ас) бул кылымда келбейт, бир топ кылымдан кийин келет, ошондуктан Ислам ахлагынын дүйнөгө орношу бул кылымда болбойт...» сыяктуу сөздөрдү айта турган бир доорду сүрөттөгөн. Ал доордо дүйнө кабыла турган кризистерди кабар берип, кээ бир өлкөлөрдө саясий режимдердин өзгөрөөрүн айткан. Чындап эле биз жашап жаткан доордо коммунисттик режим менен башкарылган көптөгөн өлкөдө башкаруу системалары өзгөрүп, катары менен чоң экономикалык кризистер болду. Азыр дагы 2007-жылдан бери бүт дүйнөнү олуттуу таасири астына алган жана дүйнөнүн эң белгилүү уюмдары 7 жылга созулаарын айткан чоң бир экономикалык кризис уланып жатат. Мындан тышкары, бүт дүйнөгө жайылган жугуштуу оорулар, маданий кризистер (чөгүүлөр) да биринин артынан бири болуп жатат. Бул алааматтардын катары менен бир шурунун үзүлгөн мончоктору сымал болуп жатышы Аз. Мехди (ас)дын чыкканын жана өз кызматын кылып жатканын көрсөтүүдө. Башка хадистерден да түшүнүктүү болгондой, хадисте Аз. Мехди (ас) ичинен чыга турган коом – бул Түрк коому (эли). Аллах Аз. Мехди (ас) менен баатыр Түрк коомун себепчи кылып Аллахтын динин илим, билим жана табигый-так илимдер менен башка бүт диндерден үстөм кылат. Аз. Мехди (ас) доорунда иншаАллах Түркиянын лидерлиги менен бир Түрк-Ислам Биримдиги курулат.

Аз. Мехди (aс) Адамдар Аларды Башкара Турган Бир Адамды Да Таппай Калган Кезде Чыгат

Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда ал жашаган коомдогу адамдар аларды башкарышы үчүн ар чөйрөдөн көп адамдарды башкаруучу кылып, бирок өздөрү издеген адилеттүүлүктү, бейпилдикти, эсенчиликти, тынчтыкты жана коопсуздукту коомдо түзө алышкан эмес болот. Ал эми Аз. Мехди (ас) менен бирге бүт дүйнөгө Аллахтын дини менен Куран ахлагы орнойт. Аз. Мехди (ас) чыккан соң эч ким, хадисте айтылгандай, «эгер биз бийликке жетип өкмөт түзгөнүбүздө адилеттүү болмокпуз» дей албайт. Аз. Мехди (ас) Аллахтын уруксаты менен Куран ахлагы жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтү менен өкүм берип, анын себеби менен бүт дүйнөгө дин ахлагы алып келген адилеттик, бейпилдик, сүйүү жана мээримдүүлүк маанайы орнойт.

Хишам б. Салим Имам Садык (ас)дын мындай дегенин риваят кылат:

«КАЛКТЫН БҮТ ЧӨЙРӨЛӨРҮ БИЙЛИККЕ ЖЕТМЕЙИНЧЕ, АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫКПАЙТ.» Ошентип эч ким «ЭГЕР БИЗ БИЙЛИККЕ ЖЕТИП ӨКМӨТ ТҮЗГӨНҮБҮЗДӨ АДИЛЕТТҮҮ БОЛОТ ЭЛЕК» дей албайт. . (Bihar-ül Envar, 52-т., 244-б.)

Адамдар Чыгуу Жолун Издеп, Аягында Кутулууну –Аллахтын Буйругу Менен- Аз. Мехди (aс) Дан Табышат

Аз. Жафер Садык (ас) мындай дейт: «Калк (адамдар) бүт тарапта (куткаруучу) издешет. Андан башкасын таба албай, кайра аны (Аз. Мехди (ас)ды) көздөй чуркашат.» (Bihar, 52-т., 326-б.)

Аз. Бакыр (ас) Эбан б. Таглибге мындай деди: «... Аз. Мехди (ас) да бизден жана акыр заманда динди коргойт.» (İsbat-ul Hudat, 2-т., 559-б.)

Акыр Заманда Адамдардын Жүздөрү Бузулуп, Сулуу Эмес Болуп Калат

Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде акыр заманда адамдардын кебетелеринин өзгөрөөрүн, келбетинин бузулаарын, үстүндө «адам» сыпатынын калбашын, чочко менен маймыл сыяктуу түрү суук жана келбетсиз болуп калышаарын, жүздөрүнүн нурсуз, маанисиз жана жагымсыз бир көрүнүштө болоорун жана адам кейипинин жоголоорун; көңүлсүз, өлүктөрдөй байкуш, кубанычсыз, маанайсыз адамдар пайда болоорун кабар берген.

Айше (ра)дан: «БУЛ ҮММӨТТҮН АЯГЫНДА хасф (жерге чөгүү), МЕСХ (КЕБЕТЕНИН ӨЗГӨРҮШҮ) жана казиф (таш жаашы) болот...» (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci (Эль Хүсейин Эль Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 111-б.)

Акыр заманда жерге чөгүү, таш жаашы болот жана АДАМ КЕЙПИНЕН ЧЫГУУ БОЛОТ. (Hz. Sehl İbni Saad, Ramuz El Ehadis, 2-том, 302/8-б.)

(Ибни Маже) Эби Умаме (ра)дан: «ҮММӨТҮМДӨН БИР КООМ жеп (ичип) жыргап жатышат, эрте менен МАЙМЫЛ МЕНЕН ЧОЧКО БОЛУП ТУРУШАТ..» (Taberâni) Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci (Эль Хүсейин Эль Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 111-б.)

Эволюция Менен Маймылдан Пайда Болгонбуз Деп Ишенген Кээ Бир Адамдар Маймыл Менен Чочко Мүнөзүндө Жана Көрүнүшүндө Болушат

Риваяттардын ишараты боюнча акыр заманда адамдарды Аллах жараткан эмес, кокустуктар натыйжасында пайда болушкан деп ойлогон кээ бир адамдар болот (Аллахты аруулайбыз) жана ал адамдар «биз жана үй-бүлөлөрүбүз маймылдарбыз» дешет. Хадистерде «эволюция менен» жаралганына ишенген, өздөрүн маймыл, б.а. бир айбанбыз деген мындай адамдардын «кебетелеринин да маймылга окшошоору» кабар берилген. Адамдык сулуулугу бузулуп, нурсуз, жагымсыз жана патологиялык келбетте болуп калышат жана үстүлөрүндөгү адамдык жагымдуулук, сулуулук жок болот.

Хадистерде берилген маалыматтардан, мындан тышкары, Пайгамбарыбыз (сав) «маймыл» деп сыпаттаган жана «маймылдар сыяктуу болоорун» кабар берген бул адамдардын «өздөрүн маймыл катары көрүшөөрү жана маймыл мүнөзүндө болушаары» түшүнүктүү болууда.

Мухаммед (сав)дын нафси кудуреттүү колунда болгонго касам (ант) ичем, ҮММӨТҮМДӨН БИР ЖАМААТ ... ЭРТЕ МЕНЕН ТУРГАНДА ЧОЧКО МЕНЕН МАЙМЫЛ КЕБЕТЕСИНДЕ ТУРУШАТ... (Аз. Убаде РА) (Kıyamet Alametleri, Râmûz el-Ehàdîs'ten Dersler, 459/2)

«Нафсим кудуреттүү колунда болгонго ант ичем, ҮММӨТҮМДӨН КЭЭ БИР АДАМДАР ... БИР МАЙМЫЛ ЖАНА ТӨМӨН (ЧОЧКО) КЕЙПИНЕ АЙЛАНЫШАТ.» (Râmûzu'l-Ehadîs, Hadîs no: 5711)

(Ибни Маже) Эби Умаме (ра)дан: «ҮММӨТҮМДӨН БИР КООМ жеп (ичип) жыргап жатышат, эрте менен МАЙМЫЛ МЕНЕН ЧОЧКО БОЛУП ТУРУШАТ..» (Taberâni) Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci (Эль Хүсейин Эль Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 111-б.)

Али б. Эбу Талип жана Эбу Хурейре (ра)дан алып айтылышы боюнча, Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи ва саллам мындай деген: «... КЕБЕТЕЛЕРДИН МАЙМЫЛ ЖЕ ЧОЧКОГО АЙЛАНЫШЫН, асмандан таш жана ошого окшоштордун жаашын КҮТКҮЛӨ!» (Тирмизи) (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci (Эль Хүсейин Эль Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 114-б.)

Дарвинизмди Жактаган Кээ Бир «Дин Аалымдары» Маймыл Менен Чочко Сыяктуу Болушат

Үммөтүмдүн ичинде коркунучтуу окуялар болуп, АДАМДАР КОРГОЛОНУУ ҮЧҮН ААЛЫМДАРЫНЫН ЖАНЫНА КАЙТЫП КЕЛИШЕТ ЖАНА БИР ЗАМАТТА АЛАРДЫН МАЙМЫЛ ЖАНА ЧОЧКО ЭКЕНИН КӨРҮШӨТ. (İmam Şarani (Имам Шарани), Ölüm Kıyamet Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri Muhtasaru Tezkiretil Kurtubi, 470-б.)

Акыр заманда кээ бир калп «дин аалымдары» дарвинизмди жакташат жана өздөрүнүн эволюция менен пайда болгонуна ишенишет. Өздөрүн маймылбыз, б.а. бир айбан түрүбүз деп айтышкандыктан, Пайгамбарыбыз (сав) да бул кишилерди «маймыл» деп сыпаттап, «маймылдар сымал болушаарын» кабар берген.

Хадисте, ошондой эле, кээ бир калп «дин аалымдарынын» «чочко сыяктуу кежир, катуу, киши жактырбаган, орой, колуна киргендин баарын жеген, мээримсиз жана рухсуз болооруна» ишарат кылынган.

Хадистерде Айтылган «Асмандан Таш Жана Ошого Окшоштордун Жаашы» Учурда Дүйнөнүн Көп Жерлерине Багытталган Бомбалоолор Аркылуу Болууда

Айша (ра)дан: «БУЛ ҮММӨТТҮН АЯГЫНДА ХАСФ (ЖЕРГЕ ЧӨГҮҮ), месх (кебетенин өзгөрүшү) ЖАНА КАЗИФ (ТАШ ЖААШЫ) БОЛОТ...» (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci (Эль Хүсейин Эль Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 111-б.)

Али б. Эбу Талип жана Эбу Хурейре (ра)дан алып айтылышы боюнча, Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи ва саллам мындай деген:
«... ЗИЛЗАЛА, ЖЕР МЕНЕН ЖЕКСЕН БОЛУУ БАЛЭЭСИН, кебетелердин маймыл же чочкого айланышын, АСМАНДАН ТАШ ЖАНА ОШОГО ОКШОШТОРДУН ЖААШЫН КҮТКҮЛӨ!» (Тирмизи) (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci (Эль Хүсейин Эль Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 114-б.)

АКЫР ЗАМАНДА ЖЕРГЕ ЧӨГҮҮ, ТАШ ЖААШЫ ЧЫГАТ жана адам кейпинен чыгуу болот. (Hz. Sehl İbni Saad, Ramuz El Ehadis, 2-том, 302/8-б.)

Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде акыр заманда «асмандан таш жана ошого окшоштордун жаашын», «зилзалалар болоорун», «жер менен жексен болуу балээсинин болоорун» жана «жерге чөгүү окуяларынын болоорун» кабар берген. Биз жашап жаткан кылымда дүйнөнүн көп тарабында бомбалоо аркылуу асмандан таш жаап жатат. Жерге түшкөн бомбалар, хадисте «таш жана ошого окшоштордун жаашы» деп айтылгандай, жердеги топурак менен ташты көтөрүп, адамдардын үстүнө учурууда жана анын натыйжасында болсо чоң масштабда адамдар өлгөн балээлер болууда.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР