5. Бөлүм Акыр Заман Менен Аз. Мехди (aс) Жөнүндөгү Хадистерди Акыл Жана Аллах Мыйзамына Ылайык Түшүнүш Керек

Аз. Мехди (aс) Дын Келиши Жөнүндөгү Хадистерди Жомок Сымал Жоромолдоо Туура Эмес

Бедиүззаман Саид Нурси Азрети Кастамону Лахикасы'нда (Kastamonu Lahikası) кээ бир жахил (сабатсыз, түшүнүгү жок) дин аалымдарынын хадистерди тышкы маанисине гана карап, акылга сыйбас түшүндүрмөлөр менен жоромолдошоорун, ушул себептен акыл жана абийир менен оңой гана түшүнө турган темаларда өздөрүнүн да күмөнгө түшүшөөрүн, ошол эле учурда илими аз Мусулмандарга да зыян тийгизээрин айтат. Саид Нурси Азрети акыр заман Мусулмандары көп туш болгон мындай жагдайды өтө маңыздуу баян кылган.

... КЭЭ БИР ЗАХИРИ УЛАМАЛАР (хадистердин тышкы маанисин карап өкүм чыгарчу аалымдар) АЛ РИВАЯТ ЖАНА ХАДИСТЕРДИН ЗАХИРИНЕ (тышкы маанисине) КАРАП КҮМӨНГӨ ТҮШҮШКӨН. ЖЕ СЫХХАТЫН (тууралыгын) (уламыш сыяктуу, жомоктордо айтылган чындыкка сыйбас бир нерседей туура эмес) ТАНЫП ЖЕ УЛАМЫШ (ЖОМОК) СЫМАЛ БИР МААНИ БЕРИП, МУХАЛ БИР СУРЕТТИ (дээрлик мүмкүн эмес, акыл менен таразалап түшүнүүгө мүмкүн болбогон өзгөчөлүктөрдөгү бир кишини) КҮТҮП ЖАТКАНДАЙ (айтып беришкендиктен), АВАМЫ МУСЛИМИНГЕ (андай метафизикалык түшүндүрмөлөргө ишене албай кыйналган же ушул себептен ишенбегендиктен, эл арасынан илими жок Мусулмандарга ыймандык жактан) ЗЫЯН ТИЙГИЗИШЕТ. (Kastamonu Lahikası, б. 80)

Чындап эле учурда кээ бир жахил (түшүнүгү жок) дин аалымдары чыгып, Пайгамбар Мырзабыздан риваят кылынган хадистерди дал Саид Нурси Азрети айткандай, тышкы маанисине карап жоромолдошууда жана ушундайча өз ойлорунда Аз. Мехди (ас)дын келишин жаап-жашырууга аракет кылышууда. Саид Нурси бул сөзүндө айткан дин аалымдарынын учурда да дал ошондой ыкмалар менен адамдарды алдоого аракеттенишин, Аллахтын каалоосу менен, Бедиүззамандын бир керемети десек болот.

Мисалы, учурда кээ бир жахил жана фанат дин аалымдары «Аз. Мехди (ас) өтө укмуштуу бир адам болот жана чыгаар чыкпас элдер тарабынан ошол замат таанылат», «Аз. Мехди (ас)га танка, ок, курал-жарак, ал тургай, атом бомбасы да эч нерсе кыла албайт», «Аз. Мехди (ас)дын башынын үстүндө адамдар караганда көрө турган абалда булут үстүндө периштелер болот жана ал периштелер дайыма Аз. Мехди (ас)ды ишарат кылып адамдарга таанытат» деген сыяктуу ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ)ДЫН ХАДИСТЕРИНЕ ЖАНА АЛЛАХТЫН АДАТЫНА ТОЛУГУ МЕНЕН КАРАМА-КАРШЫ КЕЛГЕН БИР СӨЗДӨРДҮ АЙТЫШУУДА.

Аз. Мехди (ас)дын жанында периштелердин болоорун жана ал периштелердин ага жардам берээрин Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадистеринде айткан:

АЗРЕТИ ЖАБРАИЛ (А.С) ЖАНА АЗРЕТИ МИКАИЛ (А.С), КЫРК АЛТЫ МИҢ (46000) ПЕРИШТЕ Имам Мехди (Аз. Мехди (ас))дын ЖАРДАМЧЫЛАРЫ ЖАНА ЖОЛДОШТОРУ арасында болот. (Şeyh Sadooq'un(a.r.) Al-Amaali, отурум: 92, бет: 504; No'mani, Al-Ghaibah бет: 56; Tafseer al-Ayyaashi, том: 1, бет: 197; Bihar-ül Envar, том: 19, бет: 284; бет: 52, бет: 326 Kaamil al-Ziyaaraat'тан алган; том: 52, бет: 356; том: 53, бет: 14, 87; Tafseer al-Burhaan, том: 1, бет: 313; Al -Burhaan Fi Alaamaat-e-Mahdi Aakher al-Zamaan (as), бет: 77; Mikyaal al-Makaarem, том: 1, бет: 29, 73-74)

Бирок АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАНЫНДАГЫ ПЕРИШТЕЛЕРДИН КӨРҮНҮШҮ РУХАНИЙ ААЛАМДА ГАНА ИШКЕ АШКАН ЖАНА ОШОНДУКТАН ПЕРИШТЕЛЕР ГАНА КӨРӨ АЛА ТУРГАН БИР ОКУЯ БОЛОТ.

Аллах (ж.ж.) Куранда Пайгамбарыбыз (сав)дын коомунан кээ бир кишилердин Аз. Мухаммед (сав)дын пайгамбарлыгынын бир далили катары жанында периште түшүрүлүшү керек дешкенин кабар берип, андан соң Пайгамбарыбыз (сав)дын эскертүүчү катары жөнөтүлгөн бир адам, бир элчи гана экенин билдирген:

Эми алардын: «Ага бир казына түшүрүлүшү же АНЫ МЕНЕН БИРГЕ БИР ПЕРИШТЕ КЕЛИШИ КЕРЕК ЭМЕС БЕЛЕ?» дегенинен улам көкүрөгүң кысылып сага вахий болгондордун бир бөлүгүн таштайсыңбы? Сен болгону бир эскертүүчүсүң. Аллах бүт нерсеге өкүл. (Худ Сүрөсү, 12)

Дагы көп аяттарда болсо пайгамбарларды танган кишилердин көбүнчө ишенүү үчүн периштелерди көрүү шартын койгону айтылат:

«Эгер чын сүйлөп жаткан болсоң, БИЗГЕ ПЕРИШТЕЛЕРДИ АЛЫП КЕЛИШИҢ КЕРЕК ЭМЕСПИ?» Биз периштелерди акыйкат менен гана түшүрөбүз. Анда болсо аларга көз ачтырылбайт. (Хижр Сүрөсү, 7-8)

Жана айтышат: «АГА БИР ПЕРИШТЕ ТҮШҮРҮЛҮШҮ КЕРЕК ЭМЕС БЕЛЕ?» Эгер бир периште түшүрүлгөн болгондо, албетте иш бүткөн болмок, анан аларга көз ачтырылмак эмес. (Энъам Сүрөсү, 8)

Чындыгында, БИЗ АЛАРГА ПЕРИШТЕЛЕР ТҮШҮРСӨК, АЛАР МЕНЕН ӨЛҮКТӨР СҮЙЛӨШСӨ ЖАНА БҮТ НЕРСЕНИ АЛДЫЛАРЫНА ЧОГУЛТСАК ДА, АЛЛАХ КААЛАМАЙЫНЧА, БААРЫ БИР АЛАР ИШЕНИШМЕК ЭМЕС. Бирок алардын көпчүлүгү жахилдик кылышууда. (Энъам Сүрөсү, 111)

Алар ӨЗДӨРҮНӨ ПЕРИШТЕЛЕРДИН КЕЛИШИН, же болбосо Раббиңдин келишин же Раббиңдин кээ бир аяттарынын келишин күтүп жатышабы? Раббиңдин аяттарынан кээ бирлери келген күнү, мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен бир жакшылык таппаган болсо, эч кимге ыйманы пайда бербейт. Айткын: «Күткүлө, биз да күмөнсүз күтүп жатабыз.» (Энъам Сүрөсү, 158)

(Каапырдыкка адашкандар) АЛАРГА ПЕРИШТЕЛЕРДИН КЕЛИШИНЕН же Раббиңдин буйругунун келишинен башка бир нерсени күтүп жатышабы? Алардан мурдакылар да ушундай кылышкан. Аллах аларга зулумдук кылган жок, бирок алар өз напсилерине зулумдук кылышты. (Нахл Сүрөсү, 33)

Анан коомунан каапырдыкка адашкан алдыңкылар айтышты: «Бул силерге окшогон бир адам гана. Силерге үстөм болгусу келип жатат. ЭГЕР АЛЛАХ (АНЫН АЙТКАНДАРЫН) КААЛАГАНДА, СӨЗСҮЗ ПЕРИШТЕЛЕРДИ ТҮШҮРМӨК. Биз өтмүш аталарыбыздан да муну уккан эмеспиз.» (Мүминун Сүрөсү, 24)

Айтышты: «Бул элчиге эмне болгон, тамак жейт жана базарларда жүрөт? АГА АНЫ МЕНЕН БИРГЕ ЭСКЕРТҮҮЧҮ БОЛО ТУРГАН БИР ПЕРИШТЕ ТҮШҮРҮЛҮШҮ КЕРЕК ЭМЕС БЕЛЕ?» (Фуркан Сүрөсү, 7)</p>

«Андай болсо (эгер чынчыл болсо), үстүнө алтындан билериктер ташталышы же жанында АНЫ МЕНЕН БИРГЕ ПЕРИШТЕЛЕР КЕЛИШИ КЕРЕК ЭМЕС БЕЛЕ?” Ошентип өз коомун басмырлады, алар болсо ага моюн сунушту. Чындыгында алар бузуку бир коом эле. (Зухруф Сүрөсү, 53-54)

Аларга «Бир гана Аллахка кулчулук кылгыла» деп алдыларынан жана арттарынан элчилер келгенде, айтышты: «ЭГЕР КААЛАГАНДА РАББИБИЗ ПЕРИШТЕЛЕР ТҮШҮРМӨК. МЫНДАН УЛАМ БИЗ СИЛЕРДИН АЛЫП КЕЛГЕН НЕРСЕЛЕРИҢЕРДИ ЖОККО ЧЫГАРАБЫЗ (ТАНАБЫЗ).» (Фуссилет Сүрөсү, 14)

«Же ӨЗҮҢ АЙТКАНДАЙ, асманды үстүбүзгө бөлүк бөлүк түшүрүшүң же АЛЛАХТЫ ЖАНА ПЕРИШТЕЛЕРДИ АЛДЫБЫЗГА (КҮБӨ КАТАРЫ) АЛЫП КЕЛИШИҢ КЕРЕК.» «Же алтындан бир үйүң болушу керек же асманга көтөрүлүшүң керек. Бизге биз окуй ала турган бир китеп түшүрмөйүнчө сенин көтөрүлгөнүңө да ишенбейбиз». Айткын: «Раббимди улуулайм; мен элчи кылынган бир адамдан башкасы эмесмин». Аларга хидаят (туура жол) келгенде, адамдарды ишенүүдөн (ыймандан) алардын: «Аллах элчи кылып бир адамды жөнөттүбү?» деген сөздөрү гана тосуп койду. АЙТКЫН: «ЭГЕР ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ (АДАМ ЭМЕС) ЫРААЗЫ БОЛУП ЖҮРГӨН ПЕРИШТЕЛЕР БОЛГОНДО, БИЗ ДА АЛАРГА АСМАНДАН ЭЛЧИ КАТАРЫ АЛБЕТТЕ ПЕРИШТЕЛЕРДИ ЖӨНӨТМӨКПҮЗ.» (Исра Сүрөсү, 92-95)

Бул аяттардан да апачык көрүнүп тургандай, ыйман кылбагандардын айткан шылтоолору ар доордо бир эле болгон. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын доорундагы каапырлар Пайгамбарыбыз (сав)га ишенбешинин далили катары жанында периште болбошун айтканы сыяктуу, учурда да ыйман кыла албаган кээ бир адамдар Аз. Мехди (ас) сыяктуу вели (олуя) бир адамдын чыгышын кабыл албаш үчүн дал ошол ыкманы колдонушууда.

«Аз. Мехди (ас)дын башынын үстүндө бир периште болот», «бүт адамдар ал периштени көрүшөт» жана «Аз. Мехди (ас)ды ушундайча таанышат» деп, дүйнө шарттарында Аллахтын каалоосу менен эч качан болбой турган бир нерсени айтышып, Аз. Мехди (ас)дын чыгышына өз ойлорунда жолтоо боло алабыз деп ойлошууда.

Хадистерде «Аз. Мехди (ас)дын башынын үстүндөгү бир булуттан бир периштенин жар салып, «Аз. Мехди (ас) ушул, ага моюн сунгула» деп Аз. Мехди (ас)ды таанытаары айтылат, бирок хадисте айтылган булут адамдар көрө ала турган бир булут эмес. Руханий ааламда периштелер менен жин ааламы көрө ала турган бир булут. Мындай окуя периштелер менен жиндер үчүн акылга сыйбас бир көрүнүш болбойт. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде кабар берилгендей, Аз. Мехди (ас) адамдардан тышкары, жиндер менен периштелердин да Аз. Мехдиси болот. Аллах Аз. Мехди (ас)ды 3 бөлөк ааламга тең мээрим катары жөнөткөн. Ошондуктан бул сөз жиндерге жана өзгөчө периштелер ааламына тиешелүү жана мындай көрүнүш алар үчүн кадыресе бир окуя болот. Хадисте айтылган окуя ишке ашып бир периште Аз. Мехди (ас)ды сүйүнчүлөп таанытканда, башка бир хадисте айтылгандай башка периштелер да ал чакырыкты кабыл алып, Аз. Мехди (ас)га жардам беришет. Пайгамбарыбыз (сав)дын бул жөнүндөгү хадистери мындай:

... Аз. Аллах 3000 периштени ага (Аз. Мехди (ас)га) жардамга жөнөтөт. (Nuaym b. Hammad)

Аллах аны (Аз. Мехди (ас)ды) үч миң периште менен колдойт. (El Kavlu-l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki, б. 41)

Ошондуктан бул хадистердин сырттан көрүнгөн маанисине карап жоромол жасабаш керек. Себеби бул жерде «бир булуттун ичинде бир периштенин келип адамдар менен сүйлөшүшү жана аларга Аз. Мехди (ас)ды таанытышы» жөнүндө айтылбаганы анык. Мындай окуя Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)да да, башка пайгамбарлардын эч бирөөсүндө да болгон эмес. Пайгамбарларга да периштелер эч качан периште экени жүз пайыз көрүнүп турган көрүнүштө эмес, дайыма сулуу бир адам кейпинде келишкен. Мындай керемет болсо, адамдардын баары мажбурлуу ыйман келтиришип, Аз. Мехди (ас)ды кабыл алышмак жана эч күмөн санашмак эмес. Бирок мындай абал Аллах Куранда билдирген Аллахтын адатына толугу менен карама-каршы. Себеби Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу мындай керемет болсо, дүйнө жашоосунда адамдар үчүн жаратылган «сыноо» болбой калмак, бул болсо Куран боюнча мүмкүн эмес. Периштелер адамдарга көрүнбөйт. Периштелер Аз. Мехди (ас)га көрүнбөстөн жардам беришет, адамдардын жүрөгүнө Аллахтын каалоосу менен, «Бул киши Аз. Мехди (ас)» деп илхам кылышат. Кээ бир кишилер айткандай, асмандан периштелер адамдарга көрүнүп, «Бул Аз. Мехди (ас). Ага моюн сунгула» десе, ошондой эле булуттан бир кол чыгып, Аз. Мехди (ас)ды көрсөтүп ага моюн сунууну ишарат кылса жана миллиондогон адамдар бул окуяга күбө болушса, бүт мындай ачык жана анык далилдерге карабастан Аз. Мехди (ас) дагы эле Мехди экенин кабыл албаса, анда мындан ал периштелердин эч биринин сөзүнө ишенбейт деген маани келип чыгат. Бул болсо мүмкүн эмес нерсе. Периштелер ачык сүйлөшүшү өз араларында болот.

Аз. Мехди (ас) Меккеге барат жана ал жерде, өзү каалабай турса да, адамдардын «эгер кабыл албасаң, сенин мойнуңа урабыз» деп мажбурлашынан соң Рүкун менен Макам арасында биаттарын (моюн сунууларын) кабыл алат. (El-kavlu'l muhatasar fi alamet-il mehdiyy-il muntazar, б. 32)

Аз. Мехди (ас)дын жанында көрүнгөн бир периште болуп бүт адамдарды ага моюн сунууга чакырса, Аз. Мехди (ас) да өзүнүн Аз. Мехди (ас) экенине анык ишенет. Мындай абалда адамдардын аны мажбурлап Аз. Мехди (ас) экенин кабыл алдырышынын кажети жок болот. Себеби жанында көрүнгөн бир периште турса, анын айткандары туура жана анык далил болгондуктан, Аз. Мехди (ас) каршы чыкмак эмес. Анда Аз. Мехди (ас)дын адамдардын ага моюн сунушун кабыл алышы шарт болмок.

Ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн аалымдар бир-биринен кабарсыз Мехдини издөө үчүн жолго чыгышат жана аалымдардын ар бирине 310дой адам жолдош болот... бир-бирлеринен «ал жерге эмне үчүн келгенин» сурашканда, баары «бул фитналарды токтото турган жана Константинопольду руханий ээлей турган Мехдини издеп жатабыз, себеби биз анын, атасынын апасынын жана аскерлеринин аттарын билдик» деп жооп беришет. (El-kavlu'l muhatasar fi alamet-il mehdiyy-il muntazar, б. 40)

Ислам аалымдарынын Аз. Мехди (ас)ды издеп чыгаары Пайгамбарыбыздын (сав) хадистеринде көп жерде айтылат. Аз. Мехди (ас)дын башынын үстүндө анын Аз. Мехди (ас) экенин айткан көрүнгөн бир периште болсо, бүт адамдар ким экенин жана турган жерин заматта билип калышмак. Ислам аалымдарынын Аз. Мехди (ас)ды издеп чыгышынын эч кажети болмок эмес. Кээ бир жахил дин аалымдары Аз. Мехди (ас)дын чыгышын өз ойлорунда адамдардан жашыра алуу үчүн дагы бир «жол» катары «Аз. Мехди (ас)га танка, ок, курал-жарак, ал тургай, атом бомбасы да таасир бере албайт» дешүүдө. Чындыгында болсо, Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын пайгамбарларга көп тараптан окшошоорун жана алар сыяктуу ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшөөрүн айткан. Аз. Мехди (ас) да пайгамбарлар сыяктуу жалган жалааларга кабылып, ар кандай кыйынчылык, жалаа жана балээлер менен сыналат, жана каапырлар курган тузактарга туш болот. Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистер төмөнкүдөй.

Имам Зейнул Абидин алейхис-салам мындай деген:

«БИЗДИН КАИМИБИЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)) МЕНЕН АЛЛАХТЫН ЭЛЧИЛЕРИ АРАСЫНДА БИР КАТАР ОКШОШТУКТАР БАР. НУХ, ИБРАХИМ, МУСА, ИСА, АЙЙУБ ЖАНА МУХАММЕД САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА АЛИХ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН АР БИРИ МЕНЕН БИР ОКШОШТУГУ БАР. Нух менен узун өмүрлүү болушунда, Ибрахим менен жашыруун төрөлүшүндө жана калктан алыс болушунда; Муса менен корккон абалы (Аз. Мехди (ас)га багытталган коркунучтардын көптүгү; өлтүрүү, тузак куруу, камакка алуу, көзөмөлгө алуу, сүргүн сыяктуу ар кандай кооптуулуктардын көп болушу) жана көздөрдөн алыс жашашында (дайыма жашырынып жашашында); Иса менен элдин ал жөнүндө талаш-тартышка түшүшүндө (кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас) келет», кээ бирлеринин болсо «келбейт» дешинде); Аййуб менен балээден соң кутулуунун келишинде (Аз. Мехди (ас)га да көптөгөн кыйынчылык, оору, дарттардын келиши, бирок Аз. Аййуб сыяктуу Аллахтын мээрими менен баарынан кутулушунда); Мухаммед (сав) менен болсо кылыч менен кыям этишинде (Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттары болгон куттуу желеги, кылычы жана көйнөгүнүн (жемпер) Аз. Мехди (ас)дын жанында болушунда) окшоштугу бар.» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап 3-хадис)

«Эбу Басир айтат: Имам Мухаммед Бакыр Алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Бул КӨЗДӨН КАЙЫМДЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЭЭСИНДЕ ТӨРТ ПАЙГАМБАРДЫН СҮННӨТҮ БАР:... Айттым: «АЗ. ЙУСУФТУН СҮННӨТҮ ЭМНЕ?» АЙТТЫ: «ЗЫНДАН МЕНЕН КӨЗДӨН КАЙЫМ (АЛЫС) БОЛУУ.»... (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 190)

Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде акыр замандын Чоң Мехдисинин дажжалият системасынын кысымдарына, кыйноо менен азаптарына туш болоорун, камалаарын, өлтүрүлүү коркунучу менен жашаарын, колдору менен буттарынан чынжырга байланаарын, мойнуна жез барак асылып, азап менен кыйынчылыкка ташталаарын, элден обочо кармалаарын айткан.

Эгер Аз. Мехди (ас) кээ бирлер айткандай башында көрүнгөн периштелер бар, курал-жарак, танка, ок эчтеке кыла албаган укмуштуу бир жандык болгондо, кантип түрмөгө камалып, кантип кыйноо, кысымчылык көрүп, кыйынчылык ичинде жашамак эле? Эч бир курал-жарак, бомба эч нерсе кыла албаган бир кишиге ким жакындай алат, ким андай кишини камап же кыйнай алат? Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын көздөн кайым (эл көзүнөн алыс) болгон учуру болоорун да айткан. Эгер Аз. Мехди (ас) андай укмуштуу бир адам болгондо, эмне үчүн элден жашынып, көздөрдөн алыс жашамак эле?

Көрүнүп тургандай, кээ бир жахил дин аалымдарынын айткан сөздөрү Бедиүззаман Саид Нурси Азрети айткан сүрөттөөгө толук дал келүүдө. Мусулмандарды ушул сыяктуу ыкмалар менен жаңылтууга жана алдоого аракеттенүү дүйнөдө жана акыретте адамды чоң жоопкерчилик астында калтырышы мүмкүн.

Аллах бир Куран аятында мындай деп билдирет:

Кыямат күнү өз күнөөлөрүнүн баарын жана караңгылык менен адаштыргандарынын күнөөлөрүнүн бир бөлүгүн көтөрүшү үчүн. Карачы, кандай жаман жүктү аркалашууда. (Нахл Сүрөсү, 25)

Аз. Мехди (aс) Дын Келиши Канча Түрдүү Ыкма Менен Жашырылууда?

Аз. Мехди (ас)дын келиши жана бар экени жөнүндө ар кандай жаңылыштыктарга түшкөн көптөгөн адамдар бар. Бул жаңылуулардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

1. Аз. Мехди (ас) буга чейин жашап кеткен, илгери чыккан.

2. Аз. Мехди (ас) руханият, б.а. көзгө көрүнбөс бир рух сыяктуу. Ошондуктан бир адам деп күтүүнүн мааниси жок.

3. Аз. Мехди (ас) келет, бирок бир канча кылымдан кийин келет.

4. Аз. Мехди (ас) катардагы бир адам болот. Аз. Мехди (ас) Бедиүззаман эмгектеринде «Аз. Мехди (ас)дын үч кызматы бар» деп айткан кызматтардын 2- жана 3-кызматтарын орундатат, материалист, дарвинист жана атеист философиялар менен пикирдик күрөш жүргүзбөйт, ыйманга себеп болчу акыйкат, далилдерди баян кылбайт, болгону Рисалелерди (Бедиүззамандын эмгектерин) окуй турган кайсы бир саясий лидер. Ошондуктан өтө таанылган бирөө болбойт.

5. Аз. Мехди (ас) деген бир киши такыр жок жана эч качан келбейт.

6. Аз. Мехди (ас) келиши мүмкүн, бирок бул темаларды изилдөө туура эмес. Аз. Мехди (ас) келгенде биздин кызмат кылып жатканыбызды көрүшү керек, ошондуктан изилдөөнүн кажети жок. Келсе келет, келбесе жок.

7. Башынын үстүндөгү бир периште бүт адамдарга көрүнүп «Бул Мехди, ага моюн сунгула» деши, Аз. Мехди (ас)га танка, ок, курал-жарак эч нерсе кыла албашы зарыл. Мындай өзгөчөлүктөрү жок киши Аз. Мехди (ас) эмес.

8. Акыр заманда көп санда Мехди келет. Үч, беш, он даана Мехди келиши мүмкүн. Баары акырын Мехдилик кызматтарын орундатып көз жумушат, ошондуктан бул чындыкты өтө аз киши билет.

Аз. Мехди (ас)дын келиши жөнүндө Расулуллах (сав)дын ушунчалык ачык хадистери, Бедиүззаман Саид Нурси Азретинин ушунчалык так, түшүнүктүү сөздөрү турганда, муну мынчалык татаал жана түшүнүксүз кылып, жаап-жашырууга аракет кылуу – акыр замандын кызыктай жана олуттуу өзгөчөлүктөрүнүн бири. Аз. Мехди (ас)дын келиши жана бар экени жөнүндөгү жогоруда санап өтүлгөн жаңылыштыктарга түшкөн жүз миллиондогон адам бар. Аз. Мехди (ас) ушул кылымда келет деп ишенгендер болсо башында 313 киши болот. Учурдагы жалпы көрүнүш да мунун ушундай экенин көрсөтүүдө. Расулуллах Мырзабыз (сав) куттуу хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын жанында 313 кишинин чогулаарын айткан.

Ачык, анык хадистер боюнча, Аз. Мехди (ас)ды түшүнө алган 313 кишиден башка эч ким болбойт. Түшүнбөшүнүн себеби жогоруда саналган жаңылыштыктар. Кээ бир адамдар Аз. Мехди (ас)дын бар экенин чындап түшүнбөсө, кээ бирлери шайтандык бир аракет менен билмексен болот жана Аз. Мехди (ас) көрүнгөнгө чейин абал ушундайча уланат. Бедиүззаман Саид Нурси Азрети болсо Аз. Мехди (ас)дын ыймандын нуру менен таанылаарын жана аны байкап жанында боло турган кишилердин өтө аз санда болоорун мындайча билдирет:

Бул озуйпа (милдет) таянган күч жана руханий армиясы ыклас, берилгендик жана биримдик сыпаттарына толук ээ болгон бир катар шакирттер. Канчалык аз болушса да, руханий жактан бир армиядай күчтүү жана кымбаттуу болушат. Мына ошол көп тараптуу, ошол кубаттуу армия Ал-и Мухаммед Алейхиссалату Вассалам жана Аз. Мехдинин эң өзгөчө армиясы. (Emirdağ Lahikası, б. 259)

Аз. Мехди (ас)дын чыгышына тиешелүү бүт алааматтар чыкканына жана ал ишараттар апачык болгонуна карабастан, Аз. Мехди (ас)дын таанылбашы өтө чоң бир керемет. Бирок адамдардын көпчүлүгүнүн көзүнө парда тартылган жана адамдар ушул ачык чындыктарга карабастан, Аз. Мехди (ас)ды байкай албай жатышат. Бул абал акыр замандын күчүнүн чоңдугун, маанилүүлүгүн, баам-парасаттын канчалык жоголгонун, адамдардын кандай акылда экенин көрсөтүүдө.

Бирок Аз. Мехди (ас)дын чындап жалгыз бир киши экенин жана ушул кылымда чыгаарын Аллахтын уруксаты менен бүт дүйнө жакында түшүнөт.

АЗ. МЕХДИ (АС) АКЫЛГА СЫЙБАС ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР МЕНЕН –АЛЛАХ МЫЙЗАМЫНА КАРШЫ АБАЛДА- КЕЛБЕЙТ; БҮТ ПАЙГАМБАРЛАРДАГЫ СЫЯКТУУ, АКЫЛ КАБЫЛ АЛА ТУРГАН –АЛЛАХ МЫЙЗАМДАРЫНА ЫЛАЙЫКТУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР МЕНЕН- КЕЛЕТ

Аз. Мехди (ас) адамдар, кааласа да каалабаса да, ыйман кылууга мажбур боло тургандай бир көрүнүштө чыкпайт. Тескерисинче, Аз. Мехди (ас) кадыресе жана Аллах мыйзамына туура келген бир көрүнүштө болот жана Аллах мыйзамына туура келген кадыресе бир өмүр сүрөт. Ансыз да, ушул себептен Аз. Мехди (ас) эл арасында оңойчулук менен таанылбайт, акырындап кийинчерээк таанылат. Бедиүззаман Саид Нурси айткандай, «жакын шакирттери дагы ыймандын нуру менен гана; ага карашканда Аз. Мехди (ас)ды байкашат.»

«Анын алааматтары келди.» (Мухаммед Сүрөсү, 18) аятынын бир нуктеси (терең мааниси) бул заманда элден момундардын ыйман деңгээлин жана күмөн менен тынчсыздануулардан коргоо үчүн жазылган. Акыр заманда ишке аша турган окуяларга байланыштуу хадистердин бир бөлүгүнүн окшоштуруп баяндалган Куран аяттары сыяктуу терең маанилери бар. Мухкемдер (Курандын жоромол талап кылбаган ачык аяттары) сыяктуу тафсир кылынбайт (чечмеленбейт) жана бүт адамдар биле бербейт. Балким тафсир (чечмелөө) ордуна тевил кылышат (башкача чечмелешет).
... «Чындыгында болсо ал аяттардын тафсирин (чыныгы чечмеленишин) Аллахтан жана илимде тереңдеген жана истикамет (тууралык) ээси болгондордон башкасы биле албайт» (Али Имран Сүрөсү, 7) сыры менен, болуп өткөн соң тевилдери (чыныгы маанилери) түшүнүктүү болот жана эмне ой айтылганы белгилүү болот, илимде расих болгондор (илимде тереңдеген; диний илими бекем жана күчтүүлөр) «Биз буга ишендик. Мухкем (ачык) аяттар да, мутешабих (салыштырмалуу) аяттар да баары Раббибиздин Кабатынан түшүрүлгөн.» (Али Имран Сүрөсү, 7) деп ал жашыруун акыйкаттарды ачыкка чыгарышат. (Şualar, 5. Şua, б. 578)

Биринчи Жагдай:

Ыйман жана сунуш (жоопкерчилик) ыктыяр чөйрөсүндө (эрк жана бир нерсени тандай алуу күчү жагынан) бир сыноо, бир тажрыйба, бир жарыш болгондуктан, пардалуу (үстү жабык) жана терең жана теткик (изилдөө) жана тажрыйба талап кылган теориялык маселелер албетте бедихи (өтө белгилүү жана ачык) болбойт. Жана баары кааласа каалабаса тастыктай турган (бүт баары кабыл ала турган) даражада зарыл болбойт. Ошентип Эбу Бекирлер аъла-йы иллийинге (бийиктердин эң бийигине) чыгышсын жана Эбу Жехилдер эсфел-и сафилинге (төмөндөрдүн эң төмөнүнө) түшүшсүн (үчүн) . Ыктыяр калбаса (адамдагы бир нерсени тандай алуу күчү, б.а. эрк жоголсо) теклиф калбайт (анда кишинин жоопкерчилиги да калбайт) . Жана ушул сыр менен хикматтан (даанышмандыктан) улам, кереметтер сейрек жана кээ-кээде берилет (кээ-кээде гана кереметтер болот) . Дүйнөдөгү сыноо шарттарында көзгө көрүнө турган кыямат алааматтары жана кыяматтын болушун кабар берген белгилер, кээ бир Курандагы мутешабих (өкүмү ачык эмес, чечмелөө керек болгон) аяттар сыяктуу, жабык жана тевилдүү (чечмелөө талап кылган абалда) болот. Бирок, күндүн магрибден (батыштан) чыгышы бедахет даражасында (апачык абалда) бүт адамдарды тастыктоого мажбур кылгандыктан (бүт баары көрүп ишене турган бир окуя болгондуктан) , тообо эшиги жабылат; андан соң тообо менен ыйман макбул болбойт (бул окуя болгон соң, Аллах Кабатында кишинин тообосу жана ыйман келтирилиши кабыл алынбайт) . Себеби Эбу Бекирлер, Эбу Жехилдер менен тастыкта бирге болушат (анда жакшылар да, жамандар да бул чындыктарды кабыл алат жана экөөсү тең бирдей абалда болгон болот) . Ал тургай, Азрети Иса Алейхиссаламдын нүзулү (экинчи жолу жер жүзүнө түшүшү) да жана анын Иса Алейхиссалам экени ыймандын нуру менен билинет; бүт баары биле бербейт.

Экинчи Жагдай:

Пайгамбарларга билдирилген умур-у гайбийе (кайыпка тиешелүү, билинбеген иштердин жана окуялардын) бир бөлүгү майда-бараттары менен билдирилет. Бул жакта эч кыскартуу болбойт жана кийлигише албайт. Курандын жана куттуу хадистин (Пайгамбарыбыз (сав) айткан, Аллахтын Курандан тышкаркы сөздөрү орун алган хадистердин) мухкематы (чечмелөө талап кылбаган ачык болгондору) сыяктуу. Жана калган бир бөлүгү кыскача билдирилет, тафсилат (майда-бараттары) жана тасвираты (баяндары) анын ижтихадына тапшырылат (диний жактан анык өкүмү билдирилбеген нерселер болгондуктан, Пайгамбардын Куран менен хадиске таянып түшүндүрүп өкүм беришине калтырылат). Ыйманга кирбеген хадисат-ы кевнийеге (ыйман темаларынан тышкары, ааламда болгон окуяларга) жана вукуат-ы истикбалийеге (келечекте боло турган окуяларга) тиешелүү хадистер сыяктуу. Бул бөлүктө, Пайгамбарыбыз (А.С.М.) белагаты менен (максатка жана шарттарга эң ылайыктуу жасаган; сонун, маңыздуу сөздөрү менен), салыштырмалуу окшоштуруулар менен, сыноонун сырына туура келген абалда терең баяндап, аларды мисалдар менен түшүндүрөт. Мисалы: бир маекте терең бир добуш угулду. Айтты: «Бул добуш жетимиш жылдан бери тозок тарапка кулап бараткан бир таштын ушул мүнөттө тозоктун түбүнө жетип түшүшүнүн добушу.» Бул кызыктай кабардан беш-алты мүнөттөн соң бирөө келип айтты: «Эй Расулуллах! Жетимиш жашындагы баланча мүнафык көз жумду, тозокко кетти.» (Müslim: Cennet (Муслим: Бейиш), 31, хадис №: 2844; Müsned, 3:341, 346) (Бул мисал) Пайгамбардын бийик белигане келамынын (кемчиликсиз, орундуу, абалга ылайык айткан маңыздуу сөзүнүн) тевилин (чечмеленишин жана түшүндүрмөсүн) көрсөттү.

Үчүнчү Жагдай: Эки Маңыз

The Third Point consists of two 'Points'.

Биринчиси:

Тешбихтер жана темсилдер сүрөтүндө (окшоштуруу жана салыштырма мисалдарды колдонуп) риваят кылынган кээ бир хадистер ортодон убакыт өткөн сайын эл арасында тыштан көрүнгөн мааниси менен туура деп кабыл алынгандыктан, ал хадистер ишке ашкан окуяларга туура келбегендей көрүнгөн. Чындыктын өзү болгонуна карабастан, окуялардын негизи хадистерде айтылганга толук туура келгени байкалбай калууда.

Экинчиси:

Кээ бир хадистер Мусулмандар көпчүлүк болгон же Ислам ахлагы жашалган же халифалыктын борбору турган жер жөнүндө болгону менен, бүт адамдар жөнүндө деп кабыл алынган жана белгилүү бир топ жөнүндө болгонуна карабастан, бүт адамдарды камтыган жана жалпы бир нерседей кабыл алынган.

Төртүнчү Жагдай:

Ажал жана мевт (өлүм) сыяктуу, билинбеген иштердин көптөгөн акылмандык жана максатка ылайык жашыруун сакталышы сыяктуу, дүйнөнүн жандалбаска түшкөн абалы жана өлүмү жана адамдардын жана айбандардын ажалы менен өлүмү болгон кыямат дагы көптөгөн пайда жана акылмандык менен жашырылган...

... Эгер булар апачык белгилүү болгондо, ыймандын кээ бир негиздери менен чындыктары апачык көзгө көрүнөр болуп калмак, баары кааласа каалабаса тастыктамак (бүт адамдар бул чындыктарга ишенип ыйман келтиришмек). Ыктыяр (абийирди колдонуп бир нерсени тандай алуу күчү) менен эркке байланыштуу дүйнө жашоосундагы сыноонун сыры жана ыйман келтирүүнүн артындагы акылмандык менен максат да бузулмак (жок болмок).

Мына ушул сыяктуу көптөгөн максат жана акылмандыктар менен келечек жөнүндөгү билинбеген иштер менен окуялар жашыруун болгондуктан, бүт адамдар ар мүнөттө ажалын да, жашоосун да ойлогондуктан, дүйнө үчүн да, акырет үчүн да иштеген сыяктуу, ар кылымда да кыяматтын болушун да, дүйнөнүн уланышын да ойлогондуктан, бир жагынан убактылуу дүйнө жашоосунда түбөлүк жашоосуна, экинчи жагынан эч өлбөй тургандай болуп дүйнөнү сулуулаганга аракет кыла алат.

... Жана материалдык ааламда келечекте боло турган окуялардын көпчүлүгүнүн ушундай терең сырлары болгондуктан, кайыптан (келечектен) кабар берүүгө тыюу салынган. (Аллахтын мыйзамындагы) «Кайыпты бир гана Аллах билет» эрежесине карата сыйлабастык жана баш ийбестик кылбаш үчүн, медар-ы теклиф (дин талап кылган жоопкерчиликтер, диндин буйруктары менен тыюулары) жана ыйман негиздеринен башка, Аллахтын уруксаты жана буйругу менен, келечек жөнүндө билинбеген жана жашыруун окуялардан кабар бергендер дагы ишарат маанисинде пардалуу жана үстү жабык кабарлар беришкен. Ал тургай, Тоорот жана Инжил жана Зебурда Пайгамбарыбыз жөнүндө келген сүйүнүчтүү кабарлар менен маалыматтар дагы белгилүү деңгээлде пардалуу жана жабык келген; (натыйжада) ал китептерге моюн сунган кээ бир адамдар ал чындыктарды өз пикирлери менен туура эмес жоромолдошуп ыйман келтиришкен эмес. Бирок ыйман негиздери менен байланыштуу темаларда түшүндүрүп жана кайталап кабар берүү жана апачык баяндап берүү адамдын сыноосундагы жоопкерчиликтери жагынан керектүү болгондуктан, Аллахтан алган маалыматтарды адамдар түшүнө тургандай кылып айтып берген Пайгамбарыбыз (сав) акыретке байланыштуу темаларды терең жана дүйнөнүн келечеги жөнүндөгү темаларды болсо кыскача кабар берген.

Бешинчи Жагдай:

... Дажжалдын кылымдарына тиешелүү кереметтери, алар менен байланыштуу абалда риваят кылынгандыктан, ал өзгөчөлүктөрдүн ал кишилердин өзүндө болоору кабыл алынып, ошондой элестетилгендиктен, ал риваяттын мааниси жаап, жашырылган. Мисалы, учак жана поезд менен саякат кылышы...

Мисалы, Ислам дажжалы өлгөндө ага кызмат кылган шайтандын Стамбулдагы Дикилиташта бүт дүйнөгө кыйкыраары кеңири тараган (Müslim: Fiten (Муслим: Фитен), 34) жана бүт баары ал үндү угушат: «Ал өлдү». Б.а. өтө таң калыштуу жана шайтандарды да таң калтыра турган радио менен кыйкырылып, кабар берилет.

Дажжалдын режимине (башкаруусуна) жана курган комитетине (жашыруун жамаатына) жана өкмөтүнө тиешелүү кызыктай абалдары жана коркунучтуу иш-аракеттери анын өзү менен байланыштуу риваят кылынгандыктан мааниси жашырылган. Мисалы (хадисте) «ушунчалык күчтүү жана (ишин) уланта берет; Азрети Иса (ас) гана аны өлтүрө алат (таасирсиз кылат), башка чара жок» (Tirmizi, Fiten: 62; Ebû Dâvud, Melâhim: 14; Müsned, 3:420, 4:226; el-Hâkim, el-Müstedrek, 4:529-530) (деп) риваят кылынган. Б.а. анын кесибин (ыкмасын) жана жырткыч режимин (башкаруусун) буза турган, өлтүрө турган (таасирсиз кылып руханий жок кыла турган) Аллах Кабатынан жөнөтүлгөн жана улук, чын ыкластуу бир дин Исевилерде (Христиандарда) чыгат жана Куран акыйкатына моюн сунган жана Ислам дини менен биримдик түзүп бириккен ал Христиандык дини Азрети Иса Алейхиссаламдын экинчи жолу жер жүзүнө түшүшү менен ал динсиз (атеист) кесип (жол, агым) кыйрап, (руханий) өлөт. Болбосо анын өзүн (дажжалды) бир микроп, бир оору да өлтүрө алат.

Кээ бир хадис риваят кылган кишилердин туура эмес өкүм чыгарып жасаган чечмелөөлөрү хадис сөздөрүнө аралашып хадис деп кабыл алынып, маани (хадистердин чыныгы мааниси) жашырылат. Ошондуктан ал хадистердин ишке ашкан окуяларга дал келгени байкалбай калат, мутешабих өкүмүнө кирет (булар чечмелөө талап кылган хадистер деп кабыл алынат).

Илгерки заманда бул заман (учурдагы) сыяктуу жамааттын жана коомдун руханий кишилиги ачыкка чыкпагандыктан жана көп өзгөчөлүктү жалгыз бир кишиге жүктөө пикири кеңири тарагандыктан, жамааттын өзгөчөлүгү жана чоң иш-аракеттери ал жамааттын башындагы кишилерге берилгендиктен; ал кишилер керемет жана бүт сыпаттарга ылайык жана дал келиши үчүн денесинен жана күчүнөн жүз даража чоң бир ажайып (кызыктай) дене жана укмуш бир айкел жана өтө кереметтүү бир күч жана бийликтүү болушу талап кылынгандыктан ошондой (элестетилип) баяндалган. Ишке ашкан окуяларга туура келбегенде ал риваят мутешабих (салыштырмалуу) болот.

... «Чоң Аз. Мехдинин» абалдары (өзгөчөлүктөрү) мурдакы Аз. Мехдилерге ишарат кылган риваяттарга туура келбегендиктен, мутешабих хадис өкүмүнө кирет (чечмелөө керек болгон хадистер деп кабыл алынат)...

Арапча Билген Кемчиликсиз Мусулман, Билбеген Кемчиликтүү Деген Логика Туура Эмес

Салих (чын ыкластуу) бир Мусулман болуунун эң негизги шарттарынын бири – бул чын ниет. Такыбалуу бир момун болуу үчүн негизгиси – бул арап тилин билүү же билбеш эмес, Аллахты абдан сүйүү, Аллахтан абдан коркуу, Аллахтын ыраазылыгынын эң көбүн издөө жана максат кылуу. Арапча билгендин баары жакшы Мусулман болот же арапча билбеген Мусулман боло албайт деген сыяктуу пикир туура эмес. Дүйнө жүзүндө болжол менен 280 миллион адам арапча сүйлөйт. Ал адамдар арап тилинин грамматикасын, морфологиясын, акцентсиз окууну өтө жакшы билет. Бирок ал адамдардын көпчүлүгү атеист болуп, материализмди жакташууда же коммунизм, фашизм сыяктуу дин ахлагына туура келбеген идеологияларды кабыл алышууда. Иракта, Египетте, Ливияда, Сирияда, Алжирде, Мароккодо, Тунисте өтмүштө Мусулмандарга кысымчылык көрсөтүп, көптөгөн Мусулмандардын түрмөлөрдө оор шарттарда күн өткөрүшүнө себеп болгондор да өтө жакшы арапча билишет. Чын ыкластуу бир Мусулман болуунун эң негизги шарттарынын бири – бул чыныгы ниет.

Көптөгөн арапча билим берген университеттин философия бөлүмдөрүндө өздөрүнүн төмөн акылдары менен Исламды сындаган, Куранды сындаган (Куранды аруулайбыз), Пайгамбар Мырзабыз (сав)ды сындаган (Пайгамбарыбыз (сав)ды аруулайбыз) сабактар бар. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө көптөгөн университетте арап тили жана адабияты бөлүмү бар, ал бөлүмдөрдөн миңдеген адам диплом алып бүтүрүшүүдө. Бирок ал адамдардын көпчүлүгү материалист, коммунист жана ал тургай атеист болушууда. Өтө жакшы арапча билген бирок Пайгамбарыбыз (сав)га өзүнүн караңгы логикасы менен акаарат айтууга барган кишилердин саны өтө көп. Арапчаны өтө жакшы, өтө туура окуган адамдар да бар. Фатиха Сүрөсүн өтө жакшы окуган масондор, коммунисттер, фашисттер да бар. Ошондуктан, арапча билген жакшы Мусулман болот деген логика туура эмес. 70 миллион калкы бар Түркияда арапча билгендердин саны өтө көп эмес, бирок Ислам бул өлкөдө кемчиликсиз жашалууда.

Мусулмандар Куранды үйрөнүү үчүн да, фыкых илимин үйрөнүүү үчүн да белгилүү Ислам аалымдары даярдаган тафсирлер менен шарият китептерине кайрылышат. Ал эмгектерде бир Мусулманга керектүү бүт маалыматтар кемчиликсиз баяндалган. «Мен жакшыраак түшүндүрөм» деген адамдын сөздөрү эмес, ахли сүннөт аалымдарынын эмгектери Мусулмандар үчүн маанилүү. Мусулмандар ал эмгектерди окуп илим алышат. Мисалы, Куран үйрөнүүнү каалаган бир Мусулман Элмалылы Хамди Йазырдын Курани Керим тафсирин окуп толук маалымат ала алат. Фыкых (шарият) илимин үйрөнүүнү каалаган бир Мусулман болсо Өмер Насухи Билмендин «Чоң Ислам илмихал»ин (Ömer Nasuhi Bilmen, Büyük İslam İlmihali) окуйт. Көбүрөөк маалымат алгысы келсе "Dürrul-Muhtâr"' жана "Redd-ül-Muhtâr" эмгектерин окуйт. Мусулмандар илимин жогорулатуу үчүн жахил (сабатсыз, түшүнүгү жок) «аалым», молдолордун сөздөрүн укпайт, Имам Раббанинин «Мектубат»ын, Имам Газалинин «Ихйа»сын, Мансур Али Насыфтын «Таж Тержүме»син, «Нимети Ислам»ды окушуп, керектүү бүт маалыматты алышат. Исламды туура үйрөнүүнүн жолу да ушул.

«Куранды Жана Хадистерди Түшүнүү Үчүн Сөзсүз Арапча Жана Тажвид Илимин Билүү Керек» Деген Сөздөргө Жооп: «Аз. Мехди (aс) Интернет Илимин Колдонот»

1) Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө Куранды жана хадистерди өз эне тилинде кемчиликсиз бир арапча менен окуган жүз миллиондогон арап бар. Бирок бул Куранды билүү жана аны менен жашоо үчүн жетиштүү эмес.

2) Куранды билүү жана аны менен жашоо чын ниет менен болот. Негизгиси – бул Куран менен хадистерди арапча жатка билүү эмес, түшүнүп чын ниет менен ошого карап жашоо. Аллах Куранда «бир гана чын ниеттүү кулдарынын кутулууга жетээрин жана бейишке бараарын» билдирген. (Саффат Сүрөсү, 40) (Саффат Сүрөсү, 74).

3) Ал өлкөлөрдө жүз миңдеген коммунист, атеист, масон же дарвинист адамдар бар. Арапчаны суудай билген ал адамдар кааласа Куранды тажвид менен кемчиликсиз окуй алышат. Бул алардын динчил жана такыба болгонун көрсөтпөйт.

4) Иракта, Египетте, Ливияда, Сирияда, Алжирде, Мароккодо, Тунисте өтмүштө Мусулмандарга кысымчылык кылган, көптөгөн Мусулмандын түрмөлөрдө оор шарттарда кармалышына себеп болгондор да арапчаны өтө жакшы билишет. Курандын Фатиха Сүрөсүн өтө жакшы окуган масондор, коммунисттер, фашисттер да бар. Ошондуктан «арапча билген жакшы Мусулман», «арапча билбеген болсо жакшы Мусулман эмес» деген логика туура эмес.

5) Дүйнөдөгү дарвинисттер, материалисттер, атеисттер, коммунисттер бир адамдын арапча же тажвид илимин билишинен эмес, чын ниеттүү динчил болушунан таасирленишет. Илим жана философия менен дарвинизмдин жер менен жексен кылынышынан коркуп, паника болушат.

6) Аз. Мехди (ас)дын да эң негизги жана эң натыйжалуу өзгөчөлүгү «терең ыйманы» болот. Болбосо АЗ. МЕХДИ (ас) да Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу УММИЙ (ИЛИМСИЗ) БОЛОТ.

7) Аз. Мехди (ас)дын көп темада терең изилдөө жасоо, чет тилдерди үйрөнүү же тил тамырларын изилдөөгө убактысы болбойт, бирок бул анын кемчиликсиз кызмат кылышына тоскоол болбойт. Бедиүззаман Аз. Мехди (ас)дын «УБАКЫТ ЖАНА АКЫБАЛЫ ЖАГЫНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БОЛБОШУН, УШУЛ СЕБЕПТЕН ДАЯР ЭМГЕКТЕРДЕН ПАЙДАЛАНААРЫН» айткан:

Билгин, Аз. Мехди (ас) чыкканда бүт Мусулман олуялар жана эл сүйүнөт. АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АЛЛАХТАН БОЛГОН, Б.А. РУХАНИЙ КОЛДОО КӨРГӨН АДАМДАРЫ (шакирттери) БОЛОТ. Анын (Аз. Мехди (ас)дын) чакырыгын колдошот жана АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАРДАМ БЕРИП АНЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКИРИШЕТ. Өлкөгө тиешелүү бүт оор жүктөрдү ошолор аркалашат. АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БЕРГЕН МИЛДЕТТЕН (КЫЗМАТТАН) УЛАМ АГА (Аз. Мехди (ас)га) КӨМӨК КӨРСӨТҮШӨТ...

Анын (Аз. Мехди (ас)дын)... ишенген кишилери, б.а. ВАЗИРЛЕРИ БОЛСО ИШЕНИМДҮҮЛӨРДҮН ЭҢ ИШЕНИМДҮҮЛӨРҮ.

... АЛЛАХ БИР ТОП КИШИНИ АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ВАЗИР ДАЙЫНДАГАН...

... Өзгөчө АЛ ВАЗИРЛЕР БҮТ ТАРМАКТА ЧЫНДАП АРИФ (илимдүү) КИШИЛЕР БОЛУШАТ.

... ДАГЫ АЛ ВАЗИРЛЕРДИН БЕЛГИЛҮҮ БИР ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ – АЛАРДЫН ЭЧ КАЧАН СОГУШ МАЙДАНДАРЫНДА (КААПЫРЛАРГА ЖАНА АТЕИСТ АГЫМДАРГА КАРШЫ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ИЛИМИЙ КҮРӨШТӨ) ЖЕҢИЛҮҮГӨ ТУШ БОЛБОШУ... ("Futuhat-El Mekkiye", 366-бап, т.3, б. 327- 328)

8) Шейх Экбер Мухйиддин Араби Азрети Аз. Мехди (ас)дын көп иште ага жардамчы боло турган «вазирлеринен», б.а. «шакирттеринен» сөз кылган:

Билгин, Аз. Мехди (ас) чыкканда бүт Мусулман олуялар жана эл сүйүнөт. АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АЛЛАХТАН БОЛГОН, Б.А. РУХАНИЙ КОЛДОО КӨРГӨН АДАМДАРЫ (шакирттери) БОЛОТ. Анын (Аз. Мехди (ас)дын) чакырыгын колдошот жана АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАРДАМ БЕРИП АНЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКИРИШЕТ. Өлкөгө тиешелүү бүт оор жүктөрдү ошолор аркалашат. АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БЕРГЕН МИЛДЕТТЕН (КЫЗМАТТАН) УЛАМ АГА (Аз. Мехди (ас)га) КӨМӨК КӨРСӨТҮШӨТ...

Анын (Аз. Мехди (ас)дын)... ишенген кишилери, б.а. ВАЗИРЛЕРИ БОЛСО ИШЕНИМДҮҮЛӨРДҮН ЭҢ ИШЕНИМДҮҮЛӨРҮ.

... АЛЛАХ БИР ТОП КИШИНИ АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ВАЗИР ДАЙЫНДАГАН...

... Өзгөчө АЛ ВАЗИРЛЕР БҮТ ТАРМАКТА ЧЫНДАП АРИФ (илимдүү) КИШИЛЕР БОЛУШАТ.

... ДАГЫ АЛ ВАЗИРЛЕРДИН БЕЛГИЛҮҮ БИР ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ – АЛАРДЫН ЭЧ КАЧАН СОГУШ МАЙДАНДАРЫНДА (КААПЫРЛАРГА ЖАНА АТЕИСТ АГЫМДАРГА КАРШЫ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ИЛИМИЙ КҮРӨШТӨ) ЖЕҢИЛҮҮГӨ ТУШ БОЛБОШУ... ("Futuhat-El Mekkiye", 366-бап, т.3, б. 327- 328)

9) Мындан тышкары, Аз. Мехди (ас)дын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – ал Аллахтан келген даанышмандык жана илимдер менен жабдылат. Хадистерде бул мындайча айтылган:

«Аз. Мехди (ас) бизден, Эхли Бейттен. АЛЛАХ АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) БИР ТҮНДӨ ОҢДОЙТ. (б.а. тообосун кабыл алат же даанышмандыктар менен жабдыйт. (Sünen-i İbni Mace Kitabü-l 'fiten Tercemesi ve Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10, Mütercim: Haydar Hatipoğlu, Бап: 34, б. 348)

«Эй Эхли Бейт! Мехди (ас) бизден. Азиз жана жалил АЛЛАХ АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) БИР ТҮНДӨ ОҢДОП, ИРШАД КЫЛАТ (туура жолду көрсөтөт).» (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, İmam Şarani, б. 437)

10) Аз. Мехди (ас) Аллахтын берешендиги менен укмуштуу бир илимге ээ болот. Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын башка адамдарда болбогон «ВЕХБИ (ЖАШЫРУУН) ИЛИМДЕРГЕ ЖАНА ЛЕДҮН ИЛИМИНЕ ЭЭ БОЛООРУ» кабар берилген. Мухйиддин Араби Азрети Аз. Мехди (ас)дын мындай өзгөчөлүгүн төмөнкүчө баян кылат:

1. ПАРАСАТТУУ БОЛУШУ

2. Ыйык китепти түшүнүшү


3. Аяттардын маанисин билиши


4. ДАЙЫНДАЙ ТУРГАН КИШИЛЕРИНИН РУХАНИЙ АБАЛЫ МЕНЕН ИШ-АРАКЕТТЕРИН БИЛИШИ


5. Ачууланганда да мээрим менен адилеттиктен четтебеши

6. Жандыктардын класстарын билиши


7. ИШТЕРДИН ТАТААЛ ТАРАПТАРЫН БИЛИШИ. Себеби булардан кабардар болгон бир лидер бере турган өкүмдөрүндө жаңылбайт. Аз. Мехди (ас) салыштыруу илимин аны менен өкүм берүү үчүн эмес, андан качынуу үчүн билет. Себеби берген өкүмү туура бир илхам натыйжасы болот. Б.а. Аз. Мухаммед (сав) алып келген Куранга ылайык өкүм берет. Ушул себептен Пайгамбарыбыз (сав) аны сүрөттөп жатканда «Менин изимден жүрөт, ката кетирбейт» деген. Мындан көрүнүп тургандай, Аз. Мехди (ас) жаңы бир дин алып келбейт, акыйкат дин болгон Куранга моюн сунат.

8. Адамдардын муктаждыгын жакшы түшүнүшү. Себеби алардын ар кандай иштерине жарашы үчүн Аллах аны башка адамдарга башчы кылып тандаган. Лидерлердин мамиле менен иш-аракеттери өздөрүнөн мурда эл кызыкчылыгын көздөшү керек... Элдин пайдасына каршы нерселер менен алектенип, алардын иштерине жарабаган бир лидер айдалышы керек. Себеби аны менен башка адамдар арасында эч айырма калбаган болот.


9. ӨЗГӨЧӨ АНЫН ЗАМАНЫНДА МУКТАЖДЫК БОЛГОН КАЙЫП ИЛИМДЕРИН БИЛИШИ. Себеби ошондо гана жаңы жаңы чыккан маселелерди чече алат. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayınları, Kıyamet Alametleri, б. 189)


11) Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүгү укмуш акылдуу, терең ыймандуу жана абийирлүү болушу. Ансыз да бир мужтахид менен мужеддид үчүн эң негизгиси жана керектүүсү – бул анын терең ыйманы менен күчтүү абийири.

12) Мындан тышкары, Аллах акыр заманда компьютер менен интернет технологиясын Аз. Мехди (ас)дын кызматына берет. АЗ. МЕХДИ (ас) ЖАТТОО МЕНЕН ӨЗҮНҮН ЭС-ТУТУМУНУН ОРДУНА, ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КОМПЬЮТЕРДИН ЭС-ТУТУМУН КОЛДОНОТ, УШУЛ СЕБЕПТЕН УКМУШ КӨП МААЛЫМАТКА ЭЭ БОЛОТ. Дүйнөдө эч ким интернеттей көп маалыматка ээ эмес. Эч кимдин эсинде анча көп маалыматты тутушу; миңдеген адам араң эсинде тута алган интернеттеги маалыматтын баарын өзүндө топтошу мүмкүн эмес. Ошондуктан Аз. Мехди (ас) интернет аркылуу ар кандай маалыматты алат жана ал доордун бүт маалымат архивдерин колдонот. Каалаганда дүйнөнүн бүт маалыматы маңыздуу абалда ага келет. Демейде бир аалым өз илимин гана колдонсо, Аз. Мехди (ас) интернет аркылуу өтө кеңири масштабдуу бир кеңешмени жана маалымат архивин колдонот. Өз доорунун бүт аалымдарынын илимдеринен жана өз тармагындагы адистердин баарынан пайдалануу менен эң туура жана кемчиликсиз маалыматтарга жете алат.

13) ИНТЕРНЕТТЕГИ МААЛЫМАТТЫН КӨПТҮГҮ СЕБЕБИНЕН АЗ. МЕХДИ (ас)ДЫН КУРАН, ХАДИС ЖАНА МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАТТОО МУКТАЖДЫГЫ ДА БОЛБОЙТ. Илгерки доорлордо ал замандын шарттары арапча билүүнү талап кылгандыктан, Куранды арапча жатка билүү маанилүү эле. Бирок БҮГҮНКҮ КҮНДӨ КУРАНДЫН БҮТ ТИЛДЕРДЕГИ МААНИЛЕРИНИН КОТОРМОЛОРУ ИНТЕРНЕТТЕ БАР. Ошондуктан интернет бул муктаждыкты жойду. Себеби интернетте ар кандай маалыматка оңой гана жетүүгө болот. Тажвид жана Курандын котормосу үчүн керектүү илимдерде адис боло алуу үчүн сөздөрдүн бүт арапча уңгуларын толук билүү, алардын башка тилдерде кандайча колдонулаарын түшүнүү керек. Ал үчүн парсы, еврей тилдери сыяктуу ар кандай тилдерди да билүү зарыл. Чындыгында болсо эч кимдин бүт сөздүктөрдүн баарын жатка биле албашы анык. Ал үчүн компьютер менен интернетке муктаждык бар. Арапча ар бир сөздүн ар кандай маанилери, Курандын арапча дагы, башка тилдеги дагы түшүндүрмөлүү котормолору, Кутуби Ситте хадистеринин арапчалары жана ар бир сөзүнүн маанилери түшүндүрмөлөрү менен интернетте бар. Интернетке киргендердин баары ал маалыматтарды оңой гана ала алышат. АЗ. МЕХДИ (ас) да интернеттеги ал маалыматтарды колдонуп арапча, парсча, еврей тили сыяктуу көптөгөн чет тилдеги изилдөөлөрүндө дайыма ал багыттагы тил адистеринен жана кеңири аалымдар тобунан пайдаланат; ОШЕНТИП АРАПЧАНЫН ЭҢ БАЙЫРКЫ ТИЛ ТАМЫРЫНА ЧЕЙИН БИЛЕТ. Мындан тышкары, интернетте генетика, молекулярдык биология, палеонтология, биохимия сыяктуу бүт илим тармактарындагы жана ар кандай темадагы бүт маалыматтар да бар. Эч ким баарын жатка биле албаган бул маалыматтар Аллахтын бир берешендиги менен интернетте даяр абалда адамдардын кызматына сунулган. Аз. Мехди (ас) да интернет аркылуу бул маалыматтардын баарына ээ болот.

14) БҮТ БУЛАРДЫН НАТЫЙЖАСЫНДА БОЛСО АЗ. МЕХДИ (АС) ТЕҢДЕШСИЗ БИР ДҮЙНӨ МААЛЫМАТЫНА ЭЭ БОЛОТ ЖАНА БҮТ АЛ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНДЫСЫ МЕНЕН АБИЙИРИНИН ҮНҮ МЕНЕН ТУУРАЛАРДЫ АНЫКТАЙТ. АЛЛАХТЫН ИЛХАМЫ МЕНЕН ИШ-АРАКЕТ КЫЛГАНДЫКТАН КАТА КЕТИРБЕЙТ ЖАНА ЭЧ КЕМЧИЛИКСИЗ ЖОРОМОЛ ЖАНА ӨКҮМДӨРДҮ ЧЫГАРАТ. Мунун натыйжасында болсо эң күчтүү аалымдын да Аз. Мехди (ас)дын мындай илими алдында илими жетишсиз болуп калат. УШУЛ СЕБЕПТЕН АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАШАП ӨТКӨН ЭҢ ЖОГОРКУ МУЖЕДДИД ЖАНА МУЖТАХИД ӨЗГӨЧӨЛҮГҮНӨ ЭЭ БОЛОТ.

15) Аз. Мехди (ас) өз заманынын бүт маалымат архивин колдонгондон тышкары, кеңешүүнү да өтө жакшы жасайт. Ошентип эң туура маалыматты абийири менен эң туура баалайт. ЖАНА БЕРЕ ТУРГАН ЧЕЧИМДЕРИНДЕ КАТА КЕТИРБЕЙТ. Шейх Мухйиддин Араби Азрети Пайгамбарыбыз (сав)дын муну баяндаган бир хадисин мындайча алып жазган:

Ушул себептен Пайгамбар (сав) аны (Аз. Мехди (ас)ды) сүрөттөп жатканда «Менин изимден жүрөт; ката кетирбейт» деген. Мындан көрүнүп тургандай, Ал (Аз. Мехди (ас)) шарият алып келбейт, шариятка моюн сунат (б.а. Аз. Мехди (ас) жаңы бир китеп алып келбейт, Куранга моюн сунат). Жана ошол эле учурда КҮНӨӨДӨН ДА АЛЫС. БУЛ ЖЕРДЕГИ КҮНӨӨСҮЗДҮК – АНЫН ӨКҮМ БЕРҮҮДӨГҮ КҮНӨӨСҮЗДҮГҮ. Себеби чыныгы мааниде күнөөсүздүк Пайгамбарда гана болушу мүмкүн. Ал (Аз. Мехди (ас)) болсо Пайгамбар эмес, Вели (Олуя). Олуялар күнөө кылуудан корголушкан; күнөөсүз эмес. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, б. 190)

16) «Аз. Мехди (ас) бизден, Эхли Бейттен. АЛЛАХ АНЫ (МЕХДИНИ) БИР ТҮНДӨ ОҢДОЙТ (б.а. тообосун кабыл алат же даанышмандыктар менен жабдыйт). (Sünen-i İbni Mace Kitabü-l 'fiten Tercemesi ve Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10, Mütercim: Haydar Hatipoğlu, бап: 34, б. 348)


«Эй Эхли Бейт! Мехди (ас) бизден. Азиз жана жалил АЛЛАХ АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) БИР ТҮНДӨ ОҢДОП, ИРШАД КЫЛАТ (туура жолду көрсөтөт).» (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, İmam Şarani, б. 437)

Тексттин мурдакы бөлүмдөрүндө терең айтылып кеткендей, Пайгамбарыбыз (сав)дын бул хадистеринде «Аллах Кабатынан Аз. Мехди (ас)га бир түндө кереметтүү өзгөчөлүктөр менен илимдердин берилээри» кабар берилген. Бирок хадистерде айтылган «БИР ТҮНДӨ» сөзү ошол эле учурда бүгүнкү күндөгү интернет технологиясы аркылуу ыкчам жетүүгө мүмкүн болгон ар кандай маалыматка жана Аз. Мехди (ас)дын интернет аркылуу бир түндө ал маалыматтарды алып илимин жогорулатаарына да ишарат кылууда. Аз. Мехди (ас) интернет технологиясын колдонуп радио, телевизор жана чөнтөк телефондору сыяктуу кеңири байланыш каражаттары аркылуу Ислам ахлагынын жайылышына жана дүйнөнүн бүт тарабындагы адамдардын иршад болушуна (хидаят (туура жолду) табышына) да себепчи болот. Аз. Мехди (ас)дын түнү-күнү жасаган ал иршад кызматы башка хадистерде да айтылат. Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин өзгөчө түнү жасаган иш-аракеттерине мындайча көңүл бурган:

Бедир согушундагы аскерлер сыяктуу 313 кишинин башында туруп айланага сес көрсөтөт. Себеби ал 313 киши ТҮНКҮСҮН АБИД (КӨП ИБАДАТ КЫЛГАН АДАМ) күндүз баатыр сыпатына ээ. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayınları, б. 169) Араларында аялдар да болгон 314 кишилик бир топ түзүшөт. Алар заалымдардын баарын жеңишет. Алардын жүрөктөрү темирдей жана алар күндүз арстан, ТҮНКҮСҮН БОЛСО АБИД. Мурдакылар да, кийинкилер да өз мал-жанын аябастыкта аларга жете алышпайт. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 57-68) (Al-Muttaqi al-Hindi, Al-Burhan fi Alamat al-Mahdi Akhir az-Zaman, p. 57-58)

Бул хадистерден, Бедиүззаман да айткандай, күндүз көп иштер менен алек болгон Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин түнкүсүн интернетти колдонуп ар кандай фыкых маалыматтарын ала алаары жана адамдарды туура жолго чакыраары көрүнүп турат. Бул хадистердеги «ТҮНКҮСҮН БОЛСО АБИД (ИБАДАТ КЫЛУУЧУ)» сөзү менен Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин динге чакыруу иш-аракеттерин күндүзү эле эмес, интернет, телевизор жана радио сыяктуу каражаттар менен түнкүсүн да улантаарына көңүл бурулган.

Куранда да «Чындыгында түн кубанычы (түн ибадаты адамдын ички дүйнөсүнө болгон) таасири жагынан күчтүүрөөк, окуу жагынан бекемирээк.» (Муземмил Сүрөсү, 6) аяты менен билдирилгендей, Пайгамбарыбыз (сав) түндөрү иш-аракет кылган сыяктуу, Аз. Мехди (ас) да түнкүсүн көптөгөн илимий баяндарды жасап, адамдарды агартат.

17) Пайгамбарыбыз (сав)дын көптөгөн хадисинде «акыр заманда Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин кызматына бериле турган бул интернет технологиясынын кемчиликсиздигине жана жаттоо муктаждыгынын жоголооруна» ишараттар бар. Бул хадистердин кээ бирлери мындай:

... АЛАР (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ШАКИРТТЕРИ) БҮТ ДҮЙНӨНҮ МҮНӨТТӨР ИЧИНДЕ БАСЫП ӨТҮҮ КҮЧҮНӨ ЭЭ. (Bihar-ül Envar, том 52, б. 318; Mikyaal al-Makaarem, том 1, б. 148 Basaaer al-Darajaat'dan aktarıyor.)

Аз. Мехди (ас) менен шакирттери интернет аркылуу дүйнөнүн каалаган жери менен бир канча мүнөт ичинде байланыш кура алышат.

АЗ. МЕХДИ (АС)ГА ААЛАМ АЛАКАНЫНА САЛГАНДАЙ КӨРҮНӨТ. (Bihar-ül Envar, том 52, б. 328)

Хадисте Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин акыр замандагы интернет технологиясынан пайдаланаары көрүнүп турат.

Имам Жафери Садык алейхиссаламдын уулу Мухаммеддин риваяты боюнча Имам алейхиссалам мындай деди: «АЗ. МЕХДИ (АС) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ ар мамлекетке бир элчи жөнөтөт жана ар бир элчиге мындай дейт. «СЕНИН ОСУЯТЫҢ КОЛУҢДА». Түшүнбөгөн бир абалга туш болсоң жана өкүм берүүдө кыйналсаң КОЛУҢА КАРА ЖАНА КОЛУҢДА ЖАЗЫЛГАНДЫ ЖАСА.»... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, б. 381)

Аз. Мехди (ас) доорунда башчы кызматындагылар байланышты жана билбеген нерселерин изилдеп билүүнү колдорундагы компьютерлер, компьютерлүү чөнтөк телефондору менен интернет аркылуу кылышат.

Аз. Мехди (ас) ЖАЛЫНДУУ ХИДАЯТ ШАМАНАСЫ (ФАКЕЛ) МЕНЕН ААЛАМДЫ КЫДЫРАТ жана салихтердей жашайт. (El-Mehdiyy-il Mev'ud, т. 1, б. 281-282 жана 266 жана 300.)

Аз. Мехди (ас) менен шакирттери телевизор, интернет жана спутник аркылуу дүйнөлүк масштабда динге чакыруу жасап адамдардын хидаятына себепчи болушат.

Иштер ээсине (Аз. Мехди (ас)га) аманат кылынганда Улуу Аллах ал үчүн дүйнөнүн эң төмөнкү жерин бийик кылат, эң бийик жерлерди болсо ылдыйлатат. ОШЕНТИП БҮТ ДҮЙНӨНҮ АЛАКАНЫНЫН ИЧИН КӨРГӨНДӨЙ КӨРӨТ. Араңардан кимиңер алаканынын ичинде бир тал чач болсо аны көрө албайт? (Bihar-ül Envar, 5- том, б. 328)

Аз. Мехди (ас) доорунда спутниктик телеберүү, телевизор жана интернет системалары Аз. Мехди (ас)га кызмат кылат.

Пайгамбарыбыз (cав) Медреседе Таалим Алган Эмес, Аз. Мехди (aс) Да Медреседе Окубайт, Ага Берилген Атайын Илимдер Менен Гана Өкүм Берет

Пайгамбарыбыз (сав) да уммий эле, б.а. окуп-жазганды билчү эмес. Ал атайын бир медресе таалимин алган эмес эле. Чет тил таалимин да алган эмес эле. Пайгамбарыбыз (сав) арап тилин гана билчү, Аллах ага жашыруун жана ледүн илимдерин насип кылган. Хижрий жыл санагы боюнча 1400-жылы чыга турган жана акыр замандын чоң мужеддиди, кутбу, эң чоң акыркы вели (олуя) болгон Аз. Мехди (ас) да кандайдыр бир медресе таалимин албайт, жашыруун жана ледүн илимдерине гана ээ болот. Аллах Аз. Мехди (ас)ды бир түндө оңдойт, б.а. Аз. Мехди (ас) бир түндө өтө терең илимдерге ээ болот.

Пайгамбарыбыз (сав) да Аз. Мехди (ас)дын ушундай өзгөчө бир илим менен илимдендирилгенин мындайча кабар берген:

Эль-Мехди бизден, Эхли Бейттен. АЛЛАХ АНЫ БИР ТҮНДӨ ОҢДОЙТ (б.а. тообосун кабыл алат же даанышмандыктар менен жабдыйт). (Sünen-i İbni Mace Kitabü-l 'fiten Tercemesi ve Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10, Mütercim: Haydar Hatipoğlu, бап: 34, бет: 348)

Аз. Мехди (aс) Алгач Чыкканда Таанылбайт

Имам Раббани Азрети Аз. Мехди (ас)дын КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА ЧЫГААРЫН, өз доорунда кылым башынан он сегиз жыл өтсө дагы анын чыкпаганын айткан:

Бирок бул чыгуу Аз. Мехди (ас) чыгаарда боло турган чыгуу эмес. Себеби АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЧЫГЫШЫ КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА БОЛОТ. Азыр болсо кылымдын башынан он сегиз жыл өттү. (İmam-ı Rabbani, Mektubat-ı Rabbani, 381. Mektup, б: 1184)

Имам Раббани Азретинин «АНЫН ЧЫГЫШЫ КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА БОЛОТ» деген сөзү АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГУУ АЛААМАТТАРЫНЫН КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА БОЛУП БАШТАЙТ ДЕГЕН МААНИГЕ КЕЛЕТ; кылым башталаары менен Аз. Мехди (ас) чыгат, Ислам ахлагы ошол замат орнойт жана Аз. Мехди (ас)ды көрөөр замат адамдар тааныйт ДЕГЕН МААНИГЕ ЭМЕС.

Чындап эле Имам Раббани Азрети айткандай, ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛДАН БҮГҮНКҮ КҮНГӨ ЧЕЙИНКИ 30 ЖЫЛДЫК УБАКЫТ ИЧИНДЕ ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ) АЙТКАН АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГУУ БЕЛГИЛЕРИНИН ДЭЭРЛИК БААРЫ БОЛДУ. (китепте бул белгилер орун алган.)

Имам Раббани Азретинин бул жердеги «АЗЫР БОЛСО КЫЛЫМДЫН БАШЫНАН ОН СЕГИЗ ЖЫЛ ӨТТҮ» деген сөзү да маанилүү. Имам Раббани Азрети бул сөзүндө эгер Аз. Мехди (ас) чыккан болгондо, дилгир жана кереметтүү вели (олуя) бир адам катары өзүнүн да кылым башынан ал кезге чейин өткөн 18 жыл ичинде болуп өткөн чыгуу белгилеринен Аз. Мехди (ас)ды ыймандын нуру менен сезээрине жана байкаарына ишарат кылган. Бирок Имам Раббани Азрети жашаган доордо кылым башталышынан он сегиз жыл өтсө дагы Аз. Мехди (ас)дын чыгуу белгилери болгон эмес, жана ошондуктан Аз. Мехди (ас) да чыккан эмес.

Ошондуктан Имам Раббани Азрети Аз. Мехди (ас) чыгаар замат Ислам ахлагы бүт дүйнөгө орнойт, натыйжада Аз. Мехди (ас)ды көргөндүн баары ошол замат тааныйт деген сыяктуу ойду эч айткан эмес. Өзү сыяктуу терең илимдүү олуя кишилердин гана Аз. Мехди (ас)ды байкай алаарына көңүл бурган.

Аз. Мехди (ас) алгач чыкканда бүт адамдардын ошол замат тааныбашы, эл арасында жүрсө дагы билинбеши, ДИЛГИР ЖАНА КЕРЕМЕТТҮҮ ОЛУЯ АДАМДАРДЫН АНЫ ЫЙМАН НУРУНАН, ЫЙМАН ТЕРЕҢДИГИНЕН ЖАНА ЫЙМАН САЛАБАТТУУЛУГУНАН ТААНЫЙ АЛААРЫ Саид Нурси Азретинин сөздөрүнөн да көрүнүп турат:

Бирок айткан элек: Бул дүйнө тажрыйба майданы. Акылга эшик ачылат, бирок ыктыяры колдон алынбайт. ДЕМЕК АЛ ИНСАНДАР (б.а. акыр замандын негизги инсандары –АЗ. МЕХДИ (ас) менен АЗ. ИСА (ас)), ал тургай, ал укмуш дажжал дагы ЧЫККАНДА КӨПЧҮЛҮГҮ, АЛ ТУРГАЙ ӨЗҮ ДА БАШЫНДА дажжал экенин БИЛБЕЙТ. БАЛКИМ ЫЙМАН НУРУНУН КӨҢҮЛ КОЮШУ МЕНЕН АЛ АКЫР ЗАМАН ИНСАНДАРЫ (б.а. акыр замандын негизги инсандары АЗ. МЕХДИ (ас) жана АЗ. ИСА (ас)) ТААНЫЛЫШЫ МҮМКҮН. (Sözler, 343-344-беттер)

Имам Раббани сыяктуу дилгир жана кереметтүү олуя бир адам болгон Бедиүззаман Саид Нурси Азрети Мектубат аттуу эмгегинде Аз. Иса (ас)ды да кайрадан дүйнөгө келгенде бүт адамдардын билбешин, жанындагы ТЕРЕҢ ЫЙМАНДУУ ШАКИРТТЕРИ ТАРАБЫНАН ЫЙМАНДЫН НУРУ МЕНЕН ТААНЫЛААРЫН айткан:

... АЗРЕТИ ИСА АЛЕЙХИССАЛАМ КЕЛГЕН КЕЗДЕ, бүт адамдар АНЫН ЧЫНЫГЫ ИСА экенин билиши зарыл эмес. АНЫН МУКАРРЕБ ЖАНА ХАВАССЫ (терең ыймандуу жакын шакирттери) ыймандын нуру менен АНЫ ТААНЫЙТ. Бедахет (заматта жана апачык) даражасында БҮТ БААРЫ АНЫ ТААНЫБАЙТ... (Mektubat, б: 60)

ИМАМ РАББАНИ АЗРЕТИНИН СӨЗДӨРҮНӨН ДА, САИД НУРСИ АЗРЕТИНИН АЙТКАНДАРЫНАН ДА АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГААРЫ МЕНЕН ИСЛАМ АХЛАГЫ ЗАМАТТА БҮТ ДҮЙНӨГӨ ОРНОП, АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ АДАМДАР ТАРАБЫНАН ОШОЛ ЗАМАТ ТААНЫЛАТ ДЕГЕН МААНИ КЕЛИП ЧЫКПАЙТ.

Аз. Мехди (ас) чыкканда Ислам ахлагы дүйнөнүн төрт тарабына заматта жайылып орносо, анда Аз. Мехди (ас)ды баары таанып, байкамак. Андай шартта Аз. Мехди (ас) эч кандай кыйынчылык көрмөк эмес. Чындыгында болсо, Аз. Мехди (ас)дын калк тарабынан таанылбашы, ал тургай ал жагынан Аз. Йусуф (ас)га окшошоору, кыйынчылык менен кысымчылыкка кабылаары, Аз. Муса (ас) сыяктуу өлтүрүлүү, тузак курулуу, туткунга алынуу, сүргүн кылынуу сыяктуу ар кандай коркунучтун ичинде, жашынып жашаары Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринде апачык айтылган:

... АНАН АЗ. МЕХДИ АЛЕЙХИССАЛАМ АЗ. ЙУСУФКА ОКШОШОТ ЖАНА АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КАЛКТЫ КӨРГӨНҮН БИРОК КАЛКТЫН АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КӨРӨ АЛБАГАНЫН жана Аз. Али да айткандай АСМАНДАН ЖАР САЛЫНГАНГА ЧЕЙИН АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КӨРҮНБӨШҮ АНЫК. (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 167)

Эбу Басир айтат: Имам Мухаммед Бакыр Алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Бул КӨЗДӨН КАЙЫМДЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЭЭСИНДЕ ТӨРТ ПАЙГАМБАРДЫН СҮННӨТҮ БАР...» Айттым: «АЗ. ЙУСУФТУН СҮННӨТҮ ЭМНЕ?» АЙТТЫ: «ЗЫНДАН ЖАНА КӨЗДӨН КАЙЫМ (АЛЫС) БОЛУУ.»... (Şeyh Muhammed b.İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 190)

Седири Сейрефи айтат: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссаламдан уктум: Мындай деди: «БУЛ ИШТИН ЭЭСИНДЕ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДА) ЙУСУФКА БИР ОКШОШТУК БАР.» МЫНДАЙ ДЕДИМ: «СЕН БИЗГЕ БИР КӨЗДӨН КАЙЫМДЫ ЖЕ КЕРЕМЕТТИ КАБАР БЕРИП ЖАТКАНДАЙСЫҢ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б. 189)

Имам Зейн-ул Абидин алейхиссалам мындай деген: «Биздин каимибиз (Аз. Мехди (ас)) менен Аллахтын элчилери арасында бир катар окшоштуктар бар. Нух, Ибрахим, Муса, Иса, Аййуб жана Мухаммед саллаллаху алейхи ва алих пайгамбарлардын ар бири менен бир окшоштугу бар. Нух менен узун өмүрлүү болушунда, Ибрахим менен жашыруун төрөлүшүндө жана калктан алыс болушунда; МУСА МЕНЕН КОРККОН АБАЛЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА БАГЫТТАЛГАН КОРКУНУЧТАРДЫН КӨПТҮГҮ; ӨЛТҮРҮҮ, ТУЗАК КУРУУ, КАМАККА АЛУУ, КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ, СҮРГҮН СЫЯКТУУ АР КАНДАЙ КООПТУУЛУКТАРДЫН КӨП БОЛУШУ) ЖАНА КӨЗДӨРДӨН АЛЫС ЖАШАШЫНДА (ДАЙЫМА ЖАШЫРЫНЫП ЖАШАШЫНДА); Иса менен элдин ал жөнүндө талаш-тартышка түшүшүндө (кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас) келет», кээ бирлеринин болсо «келбейт» дешинде); Аййуб менен балээден соң кутулуунун келишинде (Аз. Мехди (ас)га да көптөгөн кыйынчылык, оору, дарттардын келиши, бирок Аз. Аййуб сыяктуу Аллахтын мээрими менен баарынан кутулушунда); Мухаммед (сав) менен болсо кылыч менен кыям этишинде (Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттары болгон куттуу желеги, кылычы жана көйнөгүнүн (жемпер) Аз. Мехди (ас)дын жанында болушунда) окшоштугу бар.» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап 3-хадис)

Кыяматтын Жылына Ишарат Кылган Хадистердеги Бир-Бирине Карама-Каршыдай Көрүнгөн Маалыматтар Айтып Берүүдөгү Каталар, Хадистерде Айтылгандардын Орток Жерине Караш Керек

Кыяматтын боло турган убактысына ишарат кылган хадистер каралганда, берилген убакыт жагынан хадистерде дал келбестиктер бар экени көрүнөт.

Мындай жагдайда хадистердеги маалыматтардын бир добуштан көңүл бурган орток жерине кароо керек. Мисалы, дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени жөнүндө ахли сүннөттүн чоң аалымдарынан Суйути Азрети жыйнаган 8 хадис анализ кылынганда, ал хадистердин баарында бир эле нерсенин айтылганы, араларында бир орток маани бар экени көрүнөт.

Хадистерде айтылган окуялардын окшоштугу, бирок убакыт бирдиги жагынан карама-каршылык болушу хадистердин Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан бүгүнкү күнгө чейинки риваяты учурунда ката кетирилген болушу ыктымал экенин көрсөтөт. Ушул себептен кыяматтын качан болоорун баяндаган хадистердеги риваят каталарын кадыресе кабыл алып, хадистердин орток маанисине көңүл буруу керек.

1. Түшүндүрмө:

Кыяматтын убактысын сүрөттөгөн хадистерден акыр заман башталган соң кыяматка чейин адамдардын орточо 120 жыл жашаары түшүнүктүү болууда. Бул мөөнөт болсо башында атеист системалар жайыла турган, анан Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жана Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө келиши менен бирге Ислам ахлагы бүт дүйнөгө жайылып орной турган, эң акыркы баскычта болсо Ислам ахлагы дүйнө жүзүнөн толугу менен алсыздап өчө турган жана атеизм орной турган дүйнөнүн акыркы доору болот. Б.а. бул 120 жылдык мөөнөттүн башында жана аягында атеизм (динсиздик) агымы күчтүү болот, бул процесстин ортосунда болсо Ислам ахлагынын дүйнөгө орношу, б.а. алтын кылым болот.

Кыяматтын убактысын алыс көрсөтүп өз ойунда адамдардын коркушуна жолтоо болууга аракет кылуу акылдуу жана туура бир мамиле болбойт. Кыямат узак убакыттан кийин боло турган болсо дагы, ансыз да ар бир адам өлгөн кезде кыяматты көрөт. Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте мындай деп айтылат:

Бир маекте терең бир добуш угулду. Айтты: «Бул добуш жетимиш жылдан бери тозок тарапка тоголонгон бир таштын ушул мүнөттө тозоктун түбүнө жетип түшүшүнүн добушу.» Бул таң калыштуу кабардан соң бирөө келип айтты: «Эй Расулуллах! Жетимиш жаштагы баланча мүнафык көз жумду, тозокко кетти. (Müslim: Cennet (Муслим: Бейиш), 31, хадис №: 2844; Müsned (Муснед), 3:341, 346)

Бул хадистен да көрүнүп тургандай, Пайгамбарыбыз (сав) ал кезде жашап жатса да, башка адамдар да жашап жатса дагы, хадисте айтылган мүнафык өлүп, суракка алынып, тозокко кеткен. Бүт окуялар өтө бат болуп бүткөн. Ушул себептен өлгөндөрдүн баары өз кыяматын көрүп күбө болгондуктан, адамдар коркпосун деп гана кыямат убактысын көп убакытка кечиктирип айтуу бир жагынан калп айтуу болот, экинчи жагынан чындыктарды өзгөртпөйт.

2. Түшүндүрмө:

Күндүн батыштан чыгышы жөнүндөгү хадистин экинчи түшүндүрмөсү болсо Аз. Мехди (ас)дын батыш тарабынан чыгаары болушу ыктымал. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте Аз. Мехди (ас)дын «батыштан» чыгаары айтылат.

Хафыз Эбу Нуайм риваят кылган куттуу хадисте Ресули Экрем Мырзабыз мындай деген: Мына (ошондой мүшкүл (кыйын, оор) бир) заманда МАГРИП (БАТЫШ) МАМЛЕКЕТИНИН ЭҢ АЛЫСКЫ АЙМАГЫНАН жана Ресули Экрем Мырзабыздын куттуу кызы Фатманын урпактарынан бирөө чыгат. Мына ошол зат акыр заманда иш-аракет кыла турган Аз. Мехди (ас). Жана Аз. Мехди (ас)дын чыгышы болсо кыямат белгилеринин алгачкысы. (Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Müellif Ali bin Hüsammeddin el Muttaki, Kahraman Neşriyat Kitabevi, б: 16)

Мындан тышкары, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган башка бир хадисте болсо Аз. Мехди (ас) күнгө окшоштурулган.

АЗ. МЕХДИ (ас) БҮТ САНАА МЕНЕН ЗУЛУМДУКТАРДЫ КЕТИРЕ ТУРГАН КҮН. Берешендик кылганда өтө берекелүү бир жамгыр. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, б. 188)

Белгилүү болгондой, Түркия Ислам өлкөлөрүнүн эң батышында жайгашкан. Хадистеги маалыматтар Аз. Мехди (ас)дын Түркиядан чыгаарына ишарат кылууда. Бул хадис эске алынганда, күндүн батыштан чыгаарын кабар берген куттуу хадистеги маалымат да ушул сыяктуу Аз. Мехди (ас)дын батыш тарабынан чыгаарына ишарат кылган десек болот.

Анда, Аз. Мехди (ас)дын чыгаар жылы катары Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын башка хадистерине таянып Хижрий 1400-жылды негиз алсак, «күн батыштан чыккандан 120 жылдан кийин кыямат башталат» деген сөз Хижрий 1520-жылдарга туура келет. Саид Нурси берген даталарда да Хижрий 1520-жылдар Мусулмандык алсыздап баштай турган жана каапырдык система дүйнөгө толук орной турган жылдар. Бедиүззаман Саид Нурсинин айтуусу боюнча, бул жылдардан жыйырма-жыйырма беш жылдан соң кыямат күтүлөт. (Туурасын Аллах билет.)

Акыр Заманда Аз. Мехди (aс) Менен Күрөшкөн Кээ Бир Калп «Аалымдар» Болот

"Fütühat-ül Mekkiye" (Фүтүхат-үл Меккийе) аттуу эмгегинде Мухйиддин Араби эль Эндүлүси Азрети мындай дейт:

...Аз. Мехди (ас) динди Пайгамбардын (сав) убагындагы дал өзүндөй ишке ашырат. Жер жүзүнөн мезхептерди жок кылат. Калыс жана акыйкат динден башка бир дагы мезхеп калбайт. АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ДУШМАНДАРЫ ИЧТИХАД ААЛЫМДАРЫН ТУУРАГАНДАР БОЛОТ. Себеби алар Аз. Мехди (ас)дын мезхеп имамдарына карама-каршы өкүм бергенин көргөндө аны ЖАКТЫРЫШПАЙТ, БИРОК КАРШЫ ДА ЧЫГА АЛЫШПАЙТ... АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КЫЛЫЧЫ БИР ТУУГАНДАРЫ. Кылычынан коркушкандыктан кааласа каалабаса өкүмдарлыгына (руханий лидерлигине) моюн сунушат...

... АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) АЧЫК ДУШМАНДАРЫ ФУКАХА (ФЫКЫХ-ШАРИЯТ ААЛЫМДАРЫ) БОЛОТ. СЕБЕБИ КАЛК АРАСЫНДА АБРОЙЛОРУ ЖОГОЛОТ. АЛ ТУРГАЙ, ӨКҮМ ЧЫГАРУУ БАГЫТЫНДА ИЛИМДЕРИ ДА АЗАЙАТ. Бул имамдын (Аз. Мехди (ас)дын) келиши менен аалымдардын өкүмдөрдөгү келишпестиктери да чечилет... ЭГЕР КОЛУНДА КЫЛЫЧ (ИЛИМ) БОЛБОГОНДО АНЫН ӨЛҮМҮНӨ ФАТВА (ӨКҮМ) БЕРИШМЕК. Бирок Женабы Хак (Улуу Аллах) аны (Аз. Мехди (ас)ды) берешендиги менен жана кылыч (бир туугандары) менен тазалайт, АЛАР АГА (Аз. Мехди (ас)га) МОЮН СУНУШАТ. СЕБЕБИ ЭЛ АРАСЫНДА АБРОЙЛОРУ ЖОГОЛОТ, АЛ ТУРГАЙ, ӨКҮМ ЧЫГАРУУ БАГЫТЫНДА ИЛИМДЕРИ ДА АЗАЙАТ. Аз. Мехди (ас)дын келиши менен аалымдардын өкүмдөрүндөгү келишпестиктер да чечилет. Андан (Аз. Мехди (ас)дан) бир жагынан коркушат, экинчи жагынан бир нерселер үмүт кылышат. ЖҮРӨГҮНӨН АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) ЖЕК КӨРҮШӨТ. БИРОК ОШОГО КАРАБАСТАН КААЛАСА-КААЛАБАСА ӨКҮМҮН КАБЫЛ АЛЫШАТ. (Medineli Allâme Muhammed b. Resul el-Hüseynî el-Berzencî, Kıyamet Alametleri, б: 187, Pamuk Yayıncılık)

Анын (Аз. Мехди (ас)дын) доорунда дин бүтүндөй рей (аалымдар чыгарган өкүмдөр)ден тазаланып баштапкы калыбына келет. БЕРЕ ТУРГАН КӨП ӨКҮМДӨРҮНДӨ УЛАМАНЫН МЕЗХЕПТЕРИНЕ КАРАМА-КАРШЫ КЕЛЕТ. МЫНДАН УЛАМ АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) АЛЫС БОЛУШАТ. Себеби алар өз күмөндөрүндө, чындап Аллах имамдарынан соң бир мучтахид калтырган эмес деп ойлошот... (Muhyiddin Arabi, "Futuhat-El Mekkiye", 66-бап, т: 3, б: 327- 328)

Бул жөнүндө башка кээ бир маалыматтар мындай:

ҮММӨТҮМДӨН БАШЫ ЧАЛМАЛУУ ЖЕТИМИШ МИҢ ААЛЫМ КИШИ ДАЖЖАЛГА МОЮН СУНУШАТ. (İmam Ahmed bin Hanbel, Müsned, б: 796)

... КЭЭ БИР ЗАХИРИ УЛАМАЛАР (хадистердин тышкы маанисин карап өкүм чыгарчу аалымдар) АЛ РИВАЯТ ЖАНА ХАДИСТЕРДИН ЗАХИРИНЕ (тышкы маанисине) КАРАП КҮМӨНГӨ ТҮШҮШКӨН. ЖЕ СЫХХАТЫН (тууралыгын) (уламыш сыяктуу, жомоктордо айтылган чындыкка сыйбас бир нерседей туура эмес) ТАНЫП ЖЕ УЛАМЫШ (ЖОМОК) СЫМАЛ БИР МААНИ БЕРИП, МУХАЛ БИР СУРЕТТИ (дээрлик мүмкүн эмес, акыл менен таразалап түшүнүүгө мүмкүн болбогон өзгөчөлүктөрдөгү бир кишини) КҮТҮП ЖАТКАНДАЙ (айтып беришкендиктен), АВАМЫ МУСЛИМИНГЕ (андай метафизикалык түшүндүрмөлөргө ишене албай кыйналган же ушул себептен ишенбегендиктен, эл арасынан илими жок Мусулмандарга ыймандык жактан) ЗЫЯН ТИЙГИЗИШЕТ. (Бедиүззаман Саид Нурси Азрети, Kastamonu Lahikası, б: 80)

... ИМАМ-Ы МЕХДИ (ас) ЧЫККАНДА өзгөчө ФУКАХА (ФЫКЫХ (ШАРИЯТ) ААЛЫМДАРЫ) АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ДУШМАН БОЛОТ. АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КЫЛЫЧЫ БИР ТУУГАНДАРЫ. Колунда кылыч болбогондо –Б.А. БИР ТУУГАНДАРЫ БОЛБОГОНДО- ЗАМАНДЫН ФУКАХАСЫ (ФЫКЫХ ААЛЫМДАРЫ) АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)) ӨЛҮМҮНӨ ФАТВА БЕРИШМЕК (ӨКҮМ ЧЫГАРЫШМАК). Бирок Женабы Хак аны (Аз. Мехди (ас)ды) берешендиги менен жана кылыч (БИР ТУУГАНДАРЫ) менен тазалайт, алар ага (Аз. Мехди (ас)га) ишенип баш ийишет. ӨКҮМҮН ИШЕНБЕГЕН ДА КАБЫЛ АЛУУГА МАЖБУР БОЛУП ТЕСКЕРИСИН ЖАШЫРЫШАТ. (Ramuz el-Hadis, б: 56 73)

Келээри убада кылынган Аз. Мехди (ас) диндин баркын көтөрүүнү, сүннөттү кайрадан жандандырууну каалаган кезде, диндин маңызында, чыныгысында жок нерселерди диндин буйругу деп ойлогон кээ бир адамдар таң калып мындай дешет: БУЛ АДАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ДИНИБИЗДИ ЖОК КЫЛУУНУ ЖАНА ШАРИЯТЫБЫЗДЫ КЫЙРАТУУНУ КААЛАП ЖАТАТ. (Mektubat-i Rabbani (Мектубат-ы Раббани), 1/535)

Аз. Мехди (aс) Убагындагы Караңгы Аалымдар Менен Байланыштуу Хадистер, Риваяттар Жана Түшүндүрмөлөр

Пайгамбар Мырзабыз (сав) кыямат белгилеринин бири катары илимдин жоголуп караңгылыктын орноорун айткан:

Аллах Таала илимди силерге тартуу кылган соң (эсиңерден) мажбурлап тартып албайт. Бирок аалымдарды илимдери менен бирге жамаат ичинен алат, рухтарын алат. Анан чымкый жахил (караңгы) бир топ калат. Эл алардан диний муктаждыктарын сурашат, алар болсо (аят, хадисти карабастан) өздөрүнүн ойуна жана каалоосуна карап фатва берип, өздөрү да жолдон чыгышат, башкаларды да жолдон чыгарышат. (Buhari Tecrid-i sarih: 2174)

◉ «Дажжалша Исфехан еврейлеринен чалмалуу жетимиш миң киши моюн сунат (аны ээрчийт). (Müslim, Et-Tac Ali Nâsıf el-Hüseynî, c.5/s.627)

«ҮММӨТҮМДӨН БАШЫ ЧАЛМАЛУУ ЖЕТИМИШ МИҢ ААЛЫМ КИШИ ДАЖЖАЛГА МОЮН СУНАТ (ДАЖЖАЛДЫ ЭЭРЧИЙТ).» (İmam Ahmed Bin Hanbel, Müsned, sf. 796)

◉ Расулуллах (с.а.в) мындай деген: «Үммөтүмө ушундай бир заман келет, башчылары заалым, аалымдары ач көз жана такыбасыз болушат, ибадат кылгандары рийакар (эл көзүнө), соодагерлери пайызчы, кемчиликтерди жашыруу соодада гана болот. Аялдары дүйнө сулуулугуна берилишет. Ал кезде жамандары аларга жугат, жакшылары дуба кылып, аларга жооп берилбейт.» (Bihar'ul-Envar, c. 23, s. 22) (Bihar al-Anwar, Vol. 23, p. 22)

Үммөтүм жаман аалымдар, караңгы адиббер (ибадат кылуучулар) себебинен кыйрайт. [Darimi]

◉ Кыяматта бир дин аалымы тозокко ташталат. Тааныгандар ага «Сен дүйнөдө диндин буйруктарын айтып берчү элең. Эмне үчүн бул азапка түштүң?» дешет. Ал болсо «Адамдарга күнөө бул, кылбагыла» деп, өзүм кылчумун. «Кылгыла» дегендеримди болсо кылчу эмесмин. Мунун жазасын тартып жатам» дейт. [Buhari (Бухари)]

◉ Ушундай бир заман келет, аалымдар фитна элементи болушат. [Ebu Nuaym]

◉ Имам Раббани Азрети айтат: Дүнүйө артынан кууган дин аалымдарынын сөздөрүн угуу, китептерин окуу уу жегендей зыян. Жаман дин аалымдарынын зыяндары жугуштуу. Жамааттарды бузат, элдерди бөлөт. Тарыхта Ислам мамлекеттеринин баштарына келген балээлерге дайыма жаман дин аалымдары себеп болду. Мамлекет кызматкерлерин туура жолдон ошолор адаштырды. Пайгамбар Мырзабыз (Мусулмандар 73 бөлүккө бөлүнөт. Алардын 72си тозокко кирет, бирөөсү гана тозоктон кутулат) деди. Бул 72 жолдон чыккан топтун башчылары дайыма жаман дин аалымдары болгон. Тозоктон кутула турган жалгыз топ болсо – бул сүннөт жолунан жүргөндөр. (47. Mektup)

◉ «Бидат (кошумча) ээси, руханий кичине адамдардын жанынан илим издөө кыямат алааматтарынан.» (Camiu's-sağir: 2475) (Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, sf. 53)

◉ «Дүйнөгө карата зайыттык тилде калмайынча, такыбалык да жасалма болмоюнча кыямат болбойт.» (Camiu's-sağir: 9856) (Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, sf. 53)

◉ Пайгамбар Мырзабыз акыр замандын абалын кабар берген: «Адамдарга ушундай бир заман келет: Исламдын аты гана, Курандын болсо сүрөтү гана калат. Мечиттер тышкы көрүнүшү жагынан жаркыраган, бирок ичтери хидаяттан бош (куру кол) болот. Алардын аалымдары асман астындагылардын эң жамандары. Фитна алардан чыкты жана кайра аларга кайтат.» (Beyhaki) (Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, sf. 54)

◉ Расулуллах –саллаллаху алейхи ва саллам- Мырзабыз куттуу хадисинде мындай деди: «Үммөтүмө ушундай бир заман келет: Исламдын аты гана, ыймандын сүрөтү, Курандан болсо тамга менен басмалар калат. Аракеттери курсак, диндери акча, кыбылалары аялдары болот. Алар азга канаат кылышпайт, көпкө болсо тоюшпайт.» (Kıyamet ve Alametleri, Ömer Öngüt, sf. 50)

◉ ИМАМ-Ы МЕХДИ (ас) ЧЫККАНДА өзгөчө ФУКАХА (ФЫКЫХ (ШАРИЯТ) ААЛЫМДАРЫ) АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ДУШМАН БОЛОТ. АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КЫЛЫЧЫ БИР ТУУГАНДАРЫ. Колунда кылыч болбогондо –Б.А. БИР ТУУГАНДАРЫ БОЛБОГОНДО- ЗАМАНДЫН ФУКАХАСЫ (ФЫКЫХ ААЛЫМДАРЫ) АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)) ӨЛҮМҮНӨ ФАТВА БЕРИШМЕК (ӨКҮМ ЧЫГАРЫШМАК). Бирок Женабы Хак аны (Аз. Мехди (ас)ды) берешендиги менен жана кылыч (БИР ТУУГАНДАРЫ) менен тазалайт, алар ага (Аз. Мехди (ас)га) ишенип баш ийишет. ӨКҮМҮН ИШЕНБЕГЕН ДА КАБЫЛ АЛУУГА МАЖБУР БОЛУП ТЕСКЕРИСИН ЖАШЫРЫШАТ. (Ramuz el-Hadis, б: 56 73)

◉ Анын (Аз. Мехди (ас)дын) доорунда дин бүтүндөй рей (аалымдар чыгарган өкүмдөр)ден тазаланып баштапкы калыбына келет. БЕРЕ ТУРГАН КӨП ӨКҮМДӨРҮНДӨ УЛАМАНЫН МЕЗХЕПТЕРИНЕ КАРАМА-КАРШЫ КЕЛЕТ. МЫНДАН УЛАМ АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) АЛЫС БОЛУШАТ. Себеби алар өз күмөндөрүндө, чындап Аллах имамдарынан соң бир мучтахид калтырган эмес деп ойлошот... (Muhyiddin Arabi, "Futuhat-El Mekkiye", 66-бап, т: 3, б: 327- 328)

Акыр Замандын Ыйманы Алсыз Дин Аалымдары

«Кыямат алааматтарынан жана акыр заман окуяларынан жана кээ бир амалдардын пазилет жана соопторунан сөз кылган куттуу хадистер жакшылап түшүнүлбөгөндүктөн, акылдарына ишенген КЭЭ БИР ИЛИМДҮҮЛӨР алардын бир бөлүгүн алсыз же тема (хадис) дешкен. ЫЙМАНЫ АЛСЫЗ ЖАНА ТЕКЕБЕР КЭЭ БИРЛЕР БОЛСО (акылын сүйгөн, өзүн өйдө, кемчиликсиз жана жогору сезген; жана өз напсисин кудай кылган кишилер болсо (Аллахты аруулайбыз)), ТАНУУГА (КААПЫРДЫККА) ЧЕЙИН БАРЫШКАН.» (Sözler, б: 355)

Бедиүззаман Саид Нурси «ыймандары алсыз» жана «өтө текебер» кээ бир аалымдардын Аз. Иса (ас)дын чыгышын жана Аз. Мехди (ас)дын келишин бурмалап же жокко чыгараарын кабар берген. Бедиүззаман көңүл бурган бул «аалымдардын» андай мамилеси болсо алардын чындыгында социалист, дарвинист жана материалист билим алган кишилер болушунан келип чыгат. Ал кишилер – өздөрүнөн жогору бир макамдын бар экенин кабыл албаган, баары өзүн өз-өзүнчө кудайлаштырган (Аллахты аруулайбыз), өздөрүн дүйнөнүн эң илимдүүсү кабыл алган жана баарынан жогору көргөн адамдар. Ушул себептен бир мезхепке моюн сунууну да, Аз. Мехди (ас)ды ээрчүүнү да кабыл алышпайт. Аз. Мехди (ас)дын чыгышын да, Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө келишин да кабыл алгысы келбешинин себеби ушул.

Бедиүззаман өз сөзүндө, ал кишилердин, алар ойлогондон тескерисинче, Аллахка болгон ишенимде күмөн санаган, ыймандары алсыз, акылдары кем кишилер экенин айткан. Пайгамбарыбыз (сав) көз жумган соң Эхли Бейтке кол салган, Аз. Осман, Аз. Өмер, Аз. Али жана Аз. Хусейин менен Эхли Бейт имамдарын шейит кылган көз-караш да ушул эле. Бул кир (пас) адам модели – текебер, чектен чыккан, жашыруун атеист, фитна чыгаруучу саясат түшүнүгү менен руху да, жүзү да карарган адам мүнөзү.

Акыр Замандын Ыймандары Алсыз Дин Аалымдарынын Мүнөздөрү

◉ Эң негизги белгиси жүздөрүндө нур болбошу; таш боор бир кебетеде болушу.

◉ Көз-караштары кыйшык жана көздөрү жек көрүүгө толо. Мимикалары өтө жасалма. Өздөрүн дайыма алдыга чыгарышат.

◉ Сүйлөгөндө эч нерсени Аллахка бербейт; Аллахтын жаратканын айтуудан өтө качынышат (Аллахты аруулайбыз).1 Сүйлөгөндө тагдырдан, тозоктон, бейиштен сөз кылуудан качынат; бул темаларды мүмкүн болушунча айткылары келбейт.

◉ Бир темада сөз кылып жатканда өздөрүн баарын билгендей көрүп баяндашат.1 Сый-урматсыз жана дайыма талашып-тартышууга даяр бир услупта болушат.

◉ Сүйүүнү, урматтоону, боорукердик, мээримди билишпейт.

◉ Чектен чыккан жана тап берүүчү мамилелери менен көңүл бурушат.

◉ Баарын билгендей жана өтө илимдүүлөй мамиле жасашат.

◉ Динди бир кесип же бир аброй себепчиси катары көрүшөт.

◉ Арапча же башка бир тилди билбеген бирөө менен сүйлөшүп жатканда, маңдайындагы адамдын же элдин көпчүлүгүнүн чет тилди билбегенин билип туруп, өзүн илимдүү көрсөтүү жана мактануу үчүн гана тынымсыз арапча аралаштырып сүйлөшөт.

◉ Ушакчы, тымызын, жашыруун кекчил мүнөздөрү бар.

◉ Сулуулуктан, сүйүүдөн, боорукердиктен, мээримден, кооздуктан сөз кылгылары келбейт.

◉ Дин менен байланыштуу маселелерди Куранга, хадиске, абийирге карап жоромолдошпойт. Жоромол, баалоолорун өздөрүнүн кир логикалары жана пас акылдары менен жасаганга аракеттенишет.

◉ Динсиздерге (атеисттерге) жагынуу, алардын колдоосун алуу үчүн эки жүздүү сүйлөшөт. Чын ыкластуу диндарларга карата кычкыл жана орой мамиле кылышат.

◉ Дүйнөнүн утурумдук экенин көп айткылары келбейт. Ишенбеген нерселерине ишенгендей көрүнүшөт.

◉ Топторго бөлүнүү, бөлүүчү маанайда. Бириктирүүчү эмес.

◉ Атеисттерге урмат көрсөтүп, жагынууга аракет кылышат. Чын ыкластуу диндарларга карата болсо басмырлоочу, орой мамиле жасашат. Кызганчаактыгын жашырууга аракет кылышат, бирок апачык билинип турат.

◉ Атеисттер (динсиздер) андай кишилерди өтө барктап, маани беришет. Диндарларга кол салууда көбүнчө ушундай уятсыз кишилер колдонулат. Динсиздер динге жана диндарларга кол салгысы келгенде, ушул кишилерди колдонушат. Динсиздердин аларга көрсөткөн урматынан улам текебердиги андан да өсөт.

◉ Майда-бараттарга кирип демагогия кылууда өтө «уста» болушат. Абал жана шарттарга жараша, хамелеон сыяктуу түрлөрүн өзгөртүшөт. Динсиздерди жактап, диндарларга каршы сөздөрдү айтып жагынууга аракеттенишет. Динсиздердин кол алдында мындай уятсыз бир топ дайыма болот.

Аз. Мехди (aс) Дын Имам Раббани Жашаган Кылымда Эмес, Биз Жашап Жаткан Хижрий 1400-Жылы Чыккандыгынын Кээ Бир Далилдери

Имам Раббани Азрети Мектубатында Аз. Мехди (ас)дын анын доорунда чыкпаганын айткан. Мунун далили катары эки маанилүү далилди айткан.

◉ Бул далилдердин биринчиси Аз. Мехди (ас)дын кылымдын башында чыгуу шарты.

◉ Экинчиси болсо анын чыгышынын Пайгамбарыбыз (сав) билдирген алааматтардын катары менен ишке ашышы менен чогуу болушу.

Имам Раббани Азретинин 381-Мектуптагы сөзү:
Бирок бул чыгуу АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГААРДА БОЛО ТУРГАН ЧЫГУУ ЭМЕС. Себеби АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) ЧЫГЫШЫ КЫЛЫМДЫН БАШТАРЫНДА БОЛОТ. АЗЫР БОЛСО КЫЛЫМДЫН БАШЫНАН ОН СЕГИЗ ЖЫЛ ӨТТҮ. (İmam-ı Rabbani, Mektubat-ı Rabbani, 381. Mektup, б: 1184)

Имам Раббани бул сөзүндө Аз. Мехди (ас)дын хижрий бир кылымдын башында чыгаарын айтууда.

◉ Бирок Раббани жашаган доордо хижрий бир кылымдын башынан 18 жыл өтсө дагы, Аз. Мехди (ас)дын чыкканын көрсөткөн белгилердин бирөөсү да ишке ашкан эмес.

Бул дагы ал доордо Аз. Мехди (ас)дын чыкпай тургандыгынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн башында турат. Себеби Аз. Мехди (ас) чыкканда хижрий бир кылымдын башынан баштап Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген акыр заман белгилери катары менен болуп башташы керек.

◉ Бирок бул белгилер Раббани жашаган хижрий кылымдын башынан баштап 18 жыл бою жана кийин хижрий 1400-жылга чейин катары менен болгон эмес. Бирок хижрий 1400-жылдын башталышы менен бирге бул белгилер (алааматтар) үзүлгөн бир шурунун мончокторунун түшүшү сыяктуу катары менен ишке ашты.

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ИМАМ РАББАНИ ЖАШАГАН КЫЛЫМДА ЭМЕС, БИЗ ЖАШАП ЖАТКАН ХИЖРИЙ 1400-ЖЫЛЫ ЧЫККАНДЫГЫНЫН КЭЭ БИР ДАЛИЛДЕРИ

◉ Имам Раббани Азретинин доорунда түндү жарык кылган чоң бир от1 көрүлгөн эмес.

Ал эми 1979-жылдын 15-ноябрында Стамбул Босфор кысыгында чоң бир мунайзат танкери жарылган. Чоң бир жарылуу болуп, ал танкер менен ичиндеги мунайзаттын күйүшү бир канча күнгө созулган. Күйүү учурунда чоң жалын чыгып, айлананы жарыткан жана кара түтүн буркураган. Муну маал-маалы менен жарылуулар коштогон.

◉ Имам Раббани Азрети убагында Иран-Ирак согушу2 болгон эмес.

Ал эми 1980-жылдын октябрь айында Иран-Ирак арасында бир согуш башталган. Ал согуш – Пайгамбарыбыз (сав) мындан 1430 жыл мурда Аз. Мехди (ас)дын чыгуу белгилеринин бири катары билдирген бир согуш.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо чыгыш тараптан бир оттун көрүнүшү3 сыяктуу бир окуя болгон эмес.

Ал эми 1991-жылы Ирак аскерлери Саддамдын буйругу менен Кувейтке тиешелүү мунайзат кудуктарын аткылашкан жана бул кол салуу натыйжасында Кувейт менен Перс булуңун чоң бир от каптаган. Бул окуя менен Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын чыгуу белгилеринин бири катары билдирген хадис хижрий 1400-жылдарда ишке ашкан.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Евфрат дарыясынын суусу эч токтотулган эмес.4

Ал эми 1973-жылы Евфрат дарыясына курулган Кебан дамбасы менен тарыхта биринчи жолу Евфраттын суусу бир дамба менен тосулган.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Евфрат дарыясынын суусу токтогон соң ал аймакта чоң бир террор болгон эмес жана көп санда адам каза тапкан эмес.5

Ал эми Евфрат дарыясына дамба курулгандан көп өтпөй хижрий 1400-жылдардын башында ошол эле аймакта ПКК террору башталган жана көп санда адам каза болуп, көп түрк аскерлери шейит болгон.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Евфрат-Дижле арасында чоң бир согуш болгон эмес.6

Ал эми 1980-жылы башталган жана 8 жылга созулган Иран-Ирак согушу – эки Мусулман өлкө арасында хижрий 1400-жылы башталган жана бул хадиске толук дал келген бир согуш.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Каабага кандайдыр бир чабуул болгон эмес жана Каабада кан төгүлгөн эмес.7

Ал эми хижрий 1400-жылдын биринчи күнү болгон 1979-жылы 21-ноябрьда Каабага кандуу чабуул уюштурулган жана көп киши өлтүрүлгөн. Кайра 7 жылдан соң хижрий 1407-жылы Каабада андан да кандуу бир окуя болуп, көп санда ажы шейит болгон. Кааба тарыхында бир жолу болгон бул террор себебинен Каабада таваф (Каабаны айлануу) токтогон.

◉ The community of Islam was not left leaderless in the time of Imam Rabbani.

Imam Rabbani lived between 1564 and 1624. During his lifetime 8 Ottoman sultans, from Solomon the Magnificent to Mustafa I acted as caliph of Islam. In other words, this sacred position was occupied during the time of Imam Rabbani. Yet it is revealed in the hadith of our Prophet (saas) that there will be no caliph at the head of the community of Islam when Hazrat Mahdi (as) appears. One hadith of our Prophet (saas) on the subject reads:

Имам Раббани Азрети жашаган доордо Ислам үммөтү халифасыз калган эмес.

Раббани Азрети христиан жыл эсеби боюнча 1564-1624-жылдар арасында жашаган. Анын доорунда Кануни Султан Сулайман – 1-Мустафа да кошо 8 Осмон империясынын падышасы Ислам үммөтүнүн халифалык милдетин аркалашкан. Б.а. Раббани Азрети жашаган доордо халифалык макамы жана ал руханий макамга ээ кишилер бар эле. Ал эми Пайгамбарыбыз (сав) риваяттарда Аз. Мехди (ас) чыккан кезде Ислам үммөтүнүн башында бир халифа (руханий лидер) болбой турганын билдирген. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте мындай деп айтылат: (Аз. Мехди (ас)) Дүйнөдө аты белгилүү бир халифа калбай калганга чейин чыкпайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, бет: 54) (Ibn Hajar al-Haythami, Al-Qawl al-Mukhtasar fi `Alamat al-Mahdi al-Muntazar, p. 54)

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо эки жыл катары менен Рамазан айында ай менен күн тутулуулар болгон эмес.8

Ал эми Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас) чыга турган акыр заманда бул асман кубулуштарынын болоорун айткан. Дал Пайгамбарыбыз (сав) билдиргендей, хижрий 1400-жылдар ичинде эки жыл катары менен Рамазан айында 15 күн аралык менен күн менен ай тутулуулары болгон. Бул тутулуулар 1981- жана 1982-жылдары болуп өткөн.

*1981-жылы (хижрий 1401-жылы) Рамазан айынын 15-күнү ай, 29-күнү болсо күн тутулган.

◉ Кайра «экинчи жолу» 1982-жылы (хижрий 1402-жылы) Рамазан айынын 14-күнү ай, 28-күнү болсо күн тутулган.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Афганистан басып алынган эмес

Ал эми Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде «Таликанга (Афганистанга) жаман болду»9 деп, Аз. Мехди (ас) чыга турган доордо бул өлкөнүн басып алынаарына көңүл бурган. Чындап эле хижрий 1400-жылы (1979-жылы) Афганистан топурактарына советтер союзу тарабынан басып алуу жасалган.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Азербайжан басып алынган эмес

Ал эми Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда «Азербайжандан сөзсүз бир от чыгаарын»10 билдирген. Чындап эле 1990-жылы Тоолуу Карабагды талашкан армяндар тарабынан Азербайжанга кол салуу болгон жана көптөгөн азери Мусулман бир тууганыбыз шейит кылынган.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Люлин жана Галилей куйруктуу жылдыздары (комета) катары менен дүйнөгө жакын жерден өтүшкөн эмес.

Галилей куйруктуу жылдызы11 1986-жылы дүйнөгө жакын жерден өткөн. Ал 76 жылда бир өтүп турат. Куйруктуу жылдыздын бул акыркы өтүшү жыл жагынан хижрий 1400-жылдарга туура келген.

Раббани Азрети Мектубатында Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде кабар берген жана акыр заманда чыга турган эки баштуу, батыштан чыгышты көздөй (башка куйруктуу жылдыздардын кыймыл багытына карама-каршы) кыймылдаган бир куйруктан жылдыз жөнүндө сөз кылган.12 Ал жылдыз – 2009-жылы дүйнөгө жакын жерден өткөн Люлин куйруктуу жылдызы. Илимпоздор бул жылдыз эми 1000 жылдан кийин гана кайра дүйнөгө жакын жерден өтүшү мүмкүн дешүүдө.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Сирия менен Египет башчылары өлтүрүлгөн эмес. 13

Ал эми, дал хадистерде билдирилгендей, хижрий 1400-жылдын алдында Египет менен Сирия амирлери катары менен киши колдуу болуп өлтүрүлүшкөн. Бул окуялардын кээ бирлери мындай:

◉ 1920-жылы Сириянын мурдакы президенти Салах Аль-Дин Беетар,

  • - 1921-жылы Сирия премьер-министри Дроуби Паша,
  • - 1949-жылы Сирия премьер-министри Мухсин аль-Барази,
  • - 1951-жылы Иордания ханы Абдуллах,
  • - 1982-жылы бомбалуу кол салуу менен Ливияда фалангист лидери Бешир Жемайел.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо египеттиктердин туткунга алынышы сыяктуу бир жагдай болгон эмес. 14

Ал эми 1956-жылы 26-октябрьда Израил Египетке кол салды жана Синай жарым аралын басып алды. Андан соң кайра Израил-Египет арасында 6 күндүк согуш болду. Учурда дагы эле Иордан дарыясынын батыш жээги, Голан дөбөлөрү жана Иерусалим Израилдин карамагында турат. Бул согуштар учурунда өтө көп санда египеттик Израил аскерлери тарабынан туткунга алынды же шейит кылынды.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо чаң-түтүндүү караңгы бир фитна15 болгон эмес. 15

Ал эми 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында болгон дүйнө тарыхынын эң чоң террордук кол салуулары бул хадиске көп жагынан дал келет. Бул окуялардын артынан өтө чоң бир чаң менен түтүн булуту айлананы каптап калган.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо дүйнөлүк масштабга жайылган кыргындар болгон эмес. 16

Ал эми 20-кылымда болсо Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарда эле болжол менен 250 миллион адам каза тапкан. 20-кылымда иштеп чыгылган курал-жарак технологиясы жана ошого жараша чыккан согуш стратегиялары натыйжасында кыргындар, басып алуулар жана согуштар өтө көп санда адамдардын өлүмүнө себеп болгон. Палестинада, Руандада, Босния-Герцеговинада, Чеченистанда, Чыгыш Түркистанда (Синьцзян), Иракта жана дүйнөнүн дагы көп жеринде өтө көп адамдар көз жумду.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Мусулмандар менен еврейлер согушушкан эмес. 17

Ал эми, Мусулмандар менен еврейлер арасындагы пикир келишпестиктер 20-кылымдын баштарынан бүгүнкү күнгө чейин уруш, согуштар менен коштолуп келатат.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо дүйнөдө Аллахты апачык жокко чыгарган бир көрүнүш болгон эмес. 18

Ал эми, өз ойлорунда Аллахты жокко чыгарган адашкан агым болгон атеизм 19-кылымдын аягынан баштап жайылган. Материализм жана дарвинизмдин жайылышы менен өздөрүнө философиялык жана калп «илимий» бир таяныч таптык деп жаңылган атеисттердин саны 20-кылымда көбөйгөн. Аз. Мехди (ас) доорунда атеизм, материализм, дарвинизм жана коммунизм сыяктуу адашкан ишеним системалары илим-пикир менен жок кылынат. Куран ахлагы жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтү бүт дүйнө жүзүндөгү адамдарга жайылат. Раббани Азрети жашаган доордо мындай каапырдык система дүйнөгө жайылган да жок, Аз. Мехди (ас) тарабынан ал системалар пикир менен жок кылынып дин ахлагы да дүйнөгө орногон жок.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Мусулмандар бир-бири менен согушушкан эмес. 19

Ал эми, хижрий 1400-жылдын баштарынан баштап кээ бир мусулман өлкөлөр арасында согуштар болуп баштаган. Иран-Ирак согушу, Ирактын Кувейтти басып алышы бул хадистин хижрий 1400-жылдан кийин чыкканын көрсөтүүдө.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо дүйнөдө чоң бир анархия менен башаламандык болгон эмес. 20

Ал эми, Аз. Мехди (ас) чыккан, өткөн 20-кылым дүйнөдө анархия менен террор күчөгөн, чоң кыргын менен согуштар болгон, анархия менен башаламандык эң бийик чекке жеткен бир кылым болду.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо «бир армиянын чөлдө жоголушу»21 сыяктуу бир окуя болгон эмес.

Ал эми, 2003-жылы Ирактын басып алынышы учурунда Ирак армиясынын 15000 кишилик Көйрөңдөр аттуу аскердик бөлүгү жоголуп кеткен.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо ирактыктардын акчасынын түгөнүшү, акча бирдигинин айлануудан алынышы сыяктуу окуя болгон эмес. 22

Ал эми, 2003-жылы Ирактын басып алынышы учурунда Ирак динары айлануудан алынып салынып, Ирак динары өтө ыкчам наркын жоготкон.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Багдад от-жалын ичинде калган эмес. 23

Ал эми, 2003-жылы Иракты басып алуу учурунда биринчи күндөн баштап Багдад эң көп бомбалоого кабылган шаар болуп, хадисте айтылган окуя ишке ашкан.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Ирак кайрадан түзүлгөн эмес. 24

Ал эми, 2003-жылкы басып алуудан соң бүлгүнгө айланган Ирак учурда өтө ыкчам кайра оңдолуп, түзүлүп баштады.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо бийик имараттар курулган эмес. 25

Ал эми, биз жашап жаткан хижрий 1400-жылдар өтө бийик имараттар курулган бир кылым болууда.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо адамдар камчысынын учу менен сүйлөшкөн эмес, б.а. телефон ойлоп табыла элек болчу. 26

Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде «Арабистанда да дарыялар менен бакчалар пайда болмоюнча кыямат болбойт.» (Ahmed b. Hanbel, Müsned (Ахмед б. Ханбел, Мүснед), 17/22, хадис №: 8819) деп, чөл жерлеринде айыл-чарбаны жакшыртуу иштеринин жасалаарын кабар берген. Бүгүн болсо Арабистандын чөл топурактарына суу жеткирилип, эң суу жок жерлерден да айыл-чарба түшүмдөрү алынууда.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо адамдын өз үнү өзү менен сүйлөшкөн эмес, б.а. үн жазуу каражаттары али ойлоп табыла элек болчу. 27

Бул технологияларда өзгөчө 20-кылымда олуттуу өнүгүүлөр болуп баштаган.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо чоң шаарлардын жок болушуна себеп болгон окуялар, согуштар болгон эмес. 28

Бирок Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштар учурунда да, акыркы жылдары болгон чоң жер титирөөлөрдө да көптөгөн мега-шаарлар жер менен жексен болду. Хиросима менен Нагасаки шаарлары атом бомбаларынын ташталышы натыйжасында адам жашагыс болуп калды.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде кээ бир маанилүү жерлерин айтып кеткен чоң бир окуя болгон эмес.29

Ал эми, Пайгамбарыбыз (сав) хадисте айтып кеткен ал маанилүү жагдайлар хижрий 1400-жылдын алдында болуп өткөн 1977-жылы 1-майдагы «1-май Таксим (Стамбул) окуяларына» өтө окшошуп кетет.

◉ Имам Раббани Азрети жашаган доордо кургакчылыктан соң көп жаан-чачындар болгон эмес. 30

Ал эми, Пайгамбарыбыз (сав) акыр заманда, өзгөчө Люлин куйруктуу жылдызы өткөн соң көп жаан-чачын болоорун айткан. Чындап эле 2009-жылы 24-февральда Люлин куйруктуу жылдызы өткөн соң март айынан баштап өзгөчө Түркияда өтө көп жаан-чачындар болгон. Андан мурда Түркияда кургакчылык орун алып жаан-чачын аз болуп жатат деп арыздангандар көп болуп жаткан эле, бирок куйруктуу жылдыз өткөн соң элдер жаан-чачындын көп болушу себебинен үйлөрүнөн эвакуацияга да мажбур болушкан. Мисалы, Дим дамбасынын дарбазалары жаан-чачындын көптүгүнөн сынган.

Санап өткөн бул белгилердин баары Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан акыр заманда чыгаары билдирилген Аз. Мехди (ас)дын белгилеринин бир бөлүгү гана. Бирок ушул белгилер дагы Аз. Мехди (ас)дын Раббани Азрети жашаган доордо эч чыкпагандыгынын бир көрсөткүчү. Имам Раббани өзү жашап жаткан хижрий кылымдын алгачкы 18 жылына чейин жана андан кийин да чыкпаган бул алааматтардан улам, Аз. Мехди (ас)дын анын кылымында чыгышынын мүмкүн эмес экенин айткан. Ал эми биз жашап жаткан хижрий 1400-жылдын алгачкы күнүнөн баштап болсо бул белгилер бир-бирден чыгып баштаган. Бул жагдай Аз. Мехди (ас)дын ушул кылымда чыккандыгынын, Аллахтын уруксаты менен, анык жана так бир көрсөткүчү.

Булактар:

1- Хүсейин б. Али (РА)дан риваят кылынган:

«Асманда чыгыш тараптан түндү жарык кылган чоң бир от көргөнүңөрдө, мына ошол убак – Аз. Мехди (ас)дын келээр убагы.» (mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

2- Шавваль айында көтөрүлүш Зилкадеде согуш сөздөрү, Зилхижжада болсо согуш болот. (Kıyamet Alametleri, б: 166)

3- Ант ичем, бир от силерди оройт. Ал от бүгүн Берехут деген өрөөндө өчүк абалда. Ал от ичинде укмуш азабы менен адамдарды оройт. Ал от адамдарды, мал-мүлктөрдү күйгүзүп жок кылат. Сегиз күн ичинде шамал менен булуттай учуп дүйнөнүн бүт тарабына таркайт. Түнкү ысыгы күндүзгү ысыктыгынан күчтүүрөөк. Ал от адамдардын башынын үстүнөн арштын астына чейин жакындап жер бети менен асман арасында чагылгандай коркунучтуу бир күркүрөк болот, деди. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б: 461)

4- Евфрат дарыясынын суусу тартылып алтын казынасын ачыкка чыгараар убактысы жакындап келатат. Ким ошол кезде ал жерде болсо ал казынадан эч нерсе албасын. (Riyazü's Salihin, 3/332)

5- «Евфрат дарыясынын суулары тартылып алтындан бир тоо пайда болот, адамдар аны алуу үчүн согушат жана АР ЖҮЗ КИШИНИН БИРӨӨСҮ гана аман калат. Бул убак келгенге чейин кыямат болбойт.» (Müslim, Fiten, 29)

6- «Евфрат менен Дижле арасында Зевра (Багдад) деген бир шаар болот. Ал жерде чоң бир согуш болот. Аялдар туткунга алынып, эркектер болсо кой союлгандай союлушат.» (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т: 5, бет: 38, El Muttaki)

7- Шаввальда согуш кыйкырыктары, Зилхижжада согуш менен кыргын (уруш) болот, ошондой эле Зилхижжада ажы тонолот, ал тургай, көчөлөр кандан өтө алгыс болот жана арамдар чайналат. Байтул Муаззаманын жанында чоң күнөөлөр жасалат. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б: 37)

8- Рамазандын биринчи түнү ай, ортосунда күн тутулат. (Kıyamet Alametleri, б: 199) Мехди үчүн 2 алаамат бар... Мунун биринчиси, Рамазандын биринчи түнү айдын, экинчиси болсо ортосунда күндүн тутулушу. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б: 47)

Рамазанда эки жолу ай тутулуу болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б: 53) Мехди чыгаардан мурда бир Рамазан ичинде күн эки жолу тутулат. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б: 440) (Mukhtasar Tazkirah al-Qurtubi, p. 440)

9- Таликанга (Афганистанга) жаман болду. Күмөнсүз, Аллах Тааланын ал жерде алтын менен күмүш эмес казыналары бар.» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б: 59)

10- ...Эбу Басир айтат: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: Атам мага мындай деди: «АЗЕРБАЙЖАНДАН СӨЗСҮЗ БИР ОТ ЧЫГАТ. ЖАНА ЭЧ НЕРСЕ АНЫН АЛДЫНДА ТУРА АЛБАЙТ. МЫНДАЙ ОКУЯ БОЛГОНДО ҮЙҮҢӨРДӨ ОТУРГУЛА. Биз эмне кылсак силер да ошону кылгыла. (Б.а. биз үйдө отурганда силер да отургула.) Жана биздин кыям этүүчүбүз (Аз. Мехди (ас)) кыймылдаганда ылдам жана эч токтобостон аны көздөй чуркагыла... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani б: 311)

11- Ал келээрден мурда чыгыштан нур чачкан бир куйруктуу жылдыз көрүнөт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б: 53)

12- Кайталап, ЧЫГЫШ ЖАКТАН ЧЫККАН НУРДУУ УСТУНДАН сурап жатасыңар. Белгиле, асхаб берген кабар боюнча, Расулуллах (сав) Мырзабыз мындай деген: «Убада кылынган Мехди (ас)дын чыгуу белгилери болгон Аббаси Малик Хорасанга барганда, ЧЫГЫШ ТАРАПТА ЭКИ ТИШТҮҮ (1) ЖАРКЫРАГАН (2) БИР МҮЙҮЗ (3) ЧЫГАТ.» (Imam Rabbani, Letters of Rabbani, 381st Letter, p .1184)

13- Андан мурда Дамаск (Сирия) менен Египет маликтери (өкүмдар, мамлекет башчысы) өлтүрүлөт... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б: 49)

14- «Сирия калкы Египеттик урууларды туткунга алышат.» (El Kavl-ul Muhtasar Fi Alamat-il Mehdiyy-il Muntazar, б: 49)

15- Чаңдуу түтүндүү, караңгы бир фитна болот, муну башкалары ээрчийт... (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б: 26)

16- Мехдиден мурда көп кыргындар боло турган чоң бир фитна болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, б: 37)

17- Мусулмандар менен еврейлер согушмайынча кыямат болбойт... (Müslim, Tirmizi)

18- Аллах апачык жокко чыгарылган абалга келмейинче кыямат болбойт. (Kitabül Burhan Fi Alametil Mehdiyyil Ahir Zaman, б: 27)

19- Эки чоң Ислам армиясы бир-бири менен согушмайынча кыямат болбойт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б: 454, №831) Аз. Эбу Хурейре (ра) айтат: Расулуллах алейхиссалату вассалам айтты: «Мусулмандардан эки топ өз ара согушмайынча кыямат болбойт. Алар араларында чоң согуш кылышат, бирок доолору бир.» (Buhari, Fiten: 24, Menakıb: 25, İstitabe: 8; Müslim, İman: 248, Fiten: 17) (Sahih Muslim)

20- Кыяматтын алдында анархия менен башаламандык күндөрү бар. (Suyuti, Cami'üs Sagir, 3/211)

21- Мехдинин беш алааматы бар. Алар: Сүфйани, Йемани, асмандан бир кыйкырык (жар салуу), Бейдада бир армиянын чөгүшү жана күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү. (Naim Bin Hammad)

22- «Ирактыктардын колунда өлчөй турган бир таразасы жана соода кыла турган бир акчасы дээрлик жок болуп калат.» (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т:5, б: 45)

23- Акыр заманда Багдад оттор менен жок кылынат... (Risalet-ül Huruc-ül Mehdi, том: 3, бет: 177)

24- ... Иракка кол салынмайынча кыямат болбойт. Жана Ирактагы күнөөсүз адамдар Дамаскты (Сирияны) көздөй башпаана издешет. Дамаск кайрадан түзүлөт, Ирак да кайрадан түзүлөт. (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т:5, б: 254)

25- Бийик бийик имараттар курулмайынча кыямат болбойт. (Ölüm, Kıyamet ve Diriliş, б: 468)

Имараттардын көк тиреген абалга келиши... (Kıyamet Alametleri, б: 146)

26- Кишиге камчысынын учу сүйлөмөйүнчө кыямат болбойт. (Ölüm, Kıyamet ve Diriliş, б: 471)

27- Кишиге (өз) үнү сүйлөмөйүнчө кыямат болбойт. (Ölüm, Kıyamet ve Diriliş, б: 471)

28- «Чоң шаарлар кечээ эч жоктой болуп кыйрайт.» (Kitabül Burhan Fi Alametil Mehdiyyil Ahir Zaman, б: 38)

29- «Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда мединада капкара таштар да кан ичинде жоголо турган чоң бир окуя болот. Бул окуяда бир аялдын өлтүрүлүшү бир камчынын шилтенишиндей оңой болот. Жана бул окуя 2 километрдейге созулат.» (EI-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-iI Muntazar, 41)

30- Аз. Мехди (ас) чыгаарда кош куйруктуу бир куйруктуу жылдыз чыгат жана ушунчалык жаркыраган болгондуктан, толгон айдай жаркырайт. Бул жылдыз чыккан соң ушундай бир жамгыр жаайт, чоң зыяндарды алып келет. Бирок элдер ал жамгырларды кубанып тосуп алышат. Себеби андан мурдакы 3 жылда эч жамгыр жаабаган болот. (Murtaza Lakha, R &K Tyrell Basımevi, Londra, 1993)

Аз. Мехди (aс) Имам Раббанинин Көзү Өткөн Соң Эмес, Пайгамбар Мырзабыз (cав) Дын Көзү Өткөн Соң 1000 Жылдан Кийин Күтүлүүдө

Имам Раббани Азрети Мектубат-ы Раббани аттуу эмгегинде 261-Мектупта Аз. Мехди (ас)дын ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ)ДЫН КӨЗҮ ӨТКӨНДӨН 1000 (МИҢ) ЖЫЛ ӨТКӨН СОҢ «миң менен экинчи миң жыл арасында» келээрин айтат: (İmam-ı Rabbani, Mektubat-ı Rabbani, 1-том, 261. Mektup, б: 628)

Mektubat-ı Rabbani

Бул жерде Имам Раббани апачык жана таптак ӨЗҮНҮН КӨЗҮ ӨТКӨН СОҢ ЭМЕС, ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН КӨЗҮ ӨТКӨН СОҢ деп айтууда. Бул сөз маанилүү, себеби кээ бир адамдар Имам Раббани Азретинин эч бир жоромолго мүмкүндүк бербей турганчалык ачык болгон «Б.А. РАСУЛУЛЛАХ МЫРЗАБЫЗДЫН КӨЗҮ ӨТКӨН СОҢ» деген сөзүн «Имам Раббанинин көзү өткөн соң» дешип ТУУРА ЭМЕС ЖОРОМОЛДОШУУДА.

Аз. Мехди (ас)дын чыгышына тынчсызданган ал кишилер өз ойлорунда Аз. Мехди (ас)дын чыгышын мүмкүн болушунча кийинки жылдарга кечиктирүүгө аракет кылышып, ушул жол менен өз ойлорунда 500-600 жыл утканга аракеттенишүүдө.

Чындыгында болсо, ИМАМ РАББАНИ АЗРЕТИНИН ЖОГОРУДАГЫ СӨЗДӨРҮ БОЮНЧА, ИНШААЛЛАХ, АЗ. ИСА (АС) МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС) УШУЛ МИҢ МЕНЕН ЭКИНЧИ МИҢ ЖЫЛ АРАСЫНДА КЕЛИШЕТ.

Мехдилик Жашырыла Турган Эмес, Сүйүнчүлөнө Турган Окуя

Аз. Мехди (aс) Дан Сөз Кылынышы Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Белгилеринен

Хижрий 13-кылымдын мужеддиди Бедиүззаман эмгектеринде Аз. Мехди (ас)дын келиши жана Ислам ахлагынын бүт дүйнөгө жайылышы жөнүндө бүт Мусулмандарга жол көрсөтө турган маанилүү баяндарды жасаган. Бирок кээ бир чөйрөлөр Бедиүззаман эмгектеринде кеңири орун берген «Мехдилик темасында ачык сөз кылуу көп жагынан туура эмес жана жакшы болбойт» деп айтышууда.

Чындыгында болсо «Мехдилик маселеси жаап-жашырыла турган эмес, сүйүнчүлөө керек болгон бир нерсе». Аз. Мехди (ас)дын келиши түздөн-түз Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан сүйүнчүлөнгөн жана Пайгамбарыбыз (сав)дын бул темада мүтеватир (өтө ишенимдүү) деп кабыл алынган көптөгөн хадистери бар. Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде «АЗ. МЕХДИ МЕНЕН СҮЙҮНЧҮЛӨШКҮЛӨ. Ал Курейштен жана Эхли Бейтимден бир киши.» (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Ahir zaman, б: 13) деп, мунун Мусулмандар үчүн бир кубанычтуу кабар экенин билдирген. Башка бир хадисинде болсо Пайгамбарыбыз (сав) «Аз. Мехди (ас) чыгат, БААРЫ БИР ГАНА АЛ ЖӨНҮНДӨ СҮЙЛӨШӨТ, анын сүйүүсүн ичет жана АНДАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕДЕН СӨЗ КЫЛЫШПАЙТ.» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б: 33) деп, Аз. Мехди (ас) чыгаар кезде бүт адамдардын ал куттуу инсандан сөз кылаарын кабар берген. Пайгамбарыбыз (сав) билдирген бул хадистер учурда ишке ашып баштады жана бүт адамдар Аз. Мехди (ас)дан сөз кылып жатышат.

Бедиүззаман да эмгектеринде бул темага көп токтолуп, жүздөгөн бет бою муну ар тараптан баян кылган. Эгер муну жашыруу керек же окуунун кереги жок деп ойлогондо, албетте буга байланыштуу баяндарын рисалелерге (Рисале-и Нур) кошмок эмес. Кошпош керек болгон бир жагдай болгондо, Бедиүззаман эмгектеринде анын «махрем» экенин жана жарыялабаш керек болгону үчүн рисалелерге киргизилбегенин көп жерлерде айткан. Бедиүззамандын мындай сөздөрүнүн бири төмөнкүчө:

Рисалелер болсо, ал сыяктуу рисалелерди махрем дегенбиз... басып чыгарылышына уруксат берген эмеспиз... (Bediüzzaman ve Talebelerinin Mahkeme Müdafaları, б: 187)

Бедиүззаман да айткандай, жашыруун нерсе басып чыгарылбайт. Бирок Мехдилик темасында болсо абал толук тескерисинче. Бедиүззаман Аз. Мехди (ас)дын келишин жүздөгөн бет бою түшүндүрүп, баяндаган жана мунун жашырыла турган бир маселе эмес экенин апачык айткан. Канча жылдан бери рисалелердин миллиондогон адамдар тарабынан окулуп жатышы да бул теманын жашыруун эмес, ачык айтылган бир тема экенин апачык көрсөтөт.

Бирок Бедиүззамандын бул темага көз-карашы апачык болгонуна карабастан, бул туура эмес көз-карашка Бедиүззамандын сөздөрүнө бир катар туура эмес маанилерди кошуу менен колдоо табууга аракет кылынууда. Бул максатта колдонулган жана туура эмес жоромолдонгон Бедиүззамандын сөздөрүнүн бири мындай:

Бир туугандарымдын экинчи жаңылыштыгы; фани (убактылуу) жана кыйратууга мүмкүн болгон бир кишини кээ бир тараптары менен биринчи озуйпада (милдетте) пишдарлык (алдылык) кылган Нур шакирттеринин руханиятын өкүлчүлүк кылган ал алсыз бир тууганына беришүүдө. Бирок бул эки илтибас (жаңылыштык, адаштыруу) да Рисале-и Нурдун чыныгы ыкласына жана эч нерсеге, ал тургай руханий жана акыреттик макаматка да курал болбошуна бир тараптан зыян тийгизген сыяктуу, саясатчыларды да эвхама (куру санаага) салып, Рисале-и Нурдун нешрине (басып чыгрылышына, жайылышына) зыяны тийет. Бул заман шахс-ы маневи (руханий киши) заманы болгондуктан, мындай чоң жана баки (түбөлүктүү) акыйкаттар фани (убактылуу) жана алсыз жана ката кетириши мүмкүн болгон кишилерге таянып курулбайт. Натыйжада: Ал келе турган заттын ысмын берүү, үч озуйпасы (кызматы) чогуу эске келип жатат, туура эмес болот. Бир жагынан эч нерсеге курал болбогон Нурдагы ыкласка зыяны тийет, авам-ы мүминин (илим-билими аз болгон момундардын) оюнда акыйкаттардын күчү белгилүү даражада кемийт, йакинийет-и бүрханийе (йакин (күбө болгондой) даражасында белгилүү болгон, танууга мүмкүн болбой турган абалда чындыктарды далилдеген анык далил) да казайа-йы макбуледеги (кабыл аларлык өкүм менен пикир, маани бериле турган заттардын айткандары жана ушул себептен кабыл алынган) акыйкатка жакын күчтүү пикирге айланат, өжөр далилге, ишаратка жана кежир, текебер динсиздикке (болгон) толук үстөмдүгү (жеңиши) мүтехаййир (жаңылуудагы) ыймандууларда көрүнбөй баштайт; саясатчылар куру санаага түшүп тынчсызданып, жана кээ бир хожалар (аалым, молдолор) каршы чыгып баштайт. Ошол үчүн Нурларга ал ысымды берүү мүнасип (ылайыктуу) болбойт. Балким мужеддиддир, анын пишдарыдыр (алдыдыр) дегенге болот. (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, б: 10)

Бедиүззамандын бул сөзүндө айткандары бурмаланып, «Аз. Мехди (ас) маселесинен апачык сөз кылуу өтө зыяндуу болот деп айткан» дешүүдө. Бирок бул пикир такыр туура эмес бир жоромолго таянат. Себеби Бедиүззаман бул сөздөрүн өзү жашаган доорго карата айткан. Бедиүззаман шакирттеринин ага карата Мехдилик жөнүндө оң күмөндө экенин (б.а. аны Мехди болушу мүмкүн деп күмөн кылышканын), бирок мунун «чаташтыруудан келип чыккан бир жаңылыштык экенин» айтууда. Ушул себептен өзү жөнүндө «мындай деп айтпагыла; мени Мехди сыяктуу көрсөтпөгүлө» деп айтып жатат. Бирок көңүл бурулган болсо, Бедиүззаман бул жерде «Мехдилик жөнүндө сөз кылуунун эмес; «туура эмес бир пикирге таянганы үчүн аны Аз. Мехди (ас) катары көрсөтүүнүн» туура эмес жана зыяндуу болоорун» айтып жатат. Ал доордо Бедиүззаманга карата мындай туура эмес бир пикирдин жайылышынын ыкласка зыян тийгизээрин, кээ бир саясатчылардын тынчсызданышына себепчи болушу, Рисале-и Нурдун басып көбөйтүлүшүнө зыян тийгизиши мүмкүн экенин жана Рисале-и Нурдун каапырларга болгон үстөмдүгүнүн жарым калаарын эскертүүдө. Бедиүззаман мындай туура эмес бир жакшы күмөндө болуунун (Бедиүззаманды Мехди деп күмөн кылуунун) Мехдилик темасында туура эмес бир «күчтүү күмөн» пайда болушуна жана натыйжада ыймандуулардын туура эмес багытталышына себепчи болоорун; мындай адашуу натыйжасында мунун Мусулмандардын чыныгы Аз. Мехди (ас)ды байкашына тоскоол болушу мүмкүн экенин айтууда.

Бедиүззаман, мындан тышкары, бул жердеги сөздөрү менен өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин да көп жолу апачык айткан. Мисалы, «мен Аз. Мехди (ас)дын үч милдетинин баарын орундаттым» деген жок. Көңүл бурулган болсо, өзүнүн «Аз. Мехди (ас)дын биринчи милдети болгон ыйман акыйкаттары жөнүндө Аз. Мехди (ас)га алдылык (андан мурдагы кызматкерлик) гана кылганын жана муну да кээ бир тараптардан гана орундатканын» айтууда. «Ал келе турган заттын ысмын берүү... туура эмес болот» деген сөздөрү менен «бул ысымдын Аз. Мехди (ас) болбогонуна карабастан, ага берилишинин туура эмес болоорун жана ыкласка зыян тийгизээрин; ушул себептен Аз. Мехди (ас) ысмынын ага эмес, ал келе турган затка берилишин» айтууда. Өзүн болсо «балким мужеддид жана Аз. Мехди (ас)дын пишдары, б.а. алдындагысы десеңер болот» деп айтууда.

Булардан тышкары, Бедиүззамандын Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө берген жылы, белгилүү болгондой, 2011-жыл. Мынчалык маанилүү бир окуянын ишке ашышына ушунчалык аз убакыт калса дагы, бул темадан дагы эле сөз кылбаш жана жаап-жашыруу, албетте, туура эмес.

Бедиүззамандын сөздөрү апачык. Бедиүззаман рисалелердин «авамдан хавасска (илими аз болгон катардагы бир адамдан Курандык жана руханий сырларды билген, илим, ибадат жана такыбалык жолунда көтөрүлгөн Аллах олуясына) же бир ортоңку класс окуучусунан бир философко чейин окугандардын баары оңой гана түшүнө ала турган» (Kastamonu Lahikası, б: 70) (Şualar, б: 549) эмгектер экенин айткан. Бедиүззамандын бул жөнүндөгү сөздөрүнүн кээ бирлери мындай:

... Рисале-и Нур бул кызматты эң кооптуу бир заманда жана эң керектүү жана кылдат бир убакта, бүт баары түшүнө турган абалда, Куран акыйкаттары жана ыймандын эң терең жана эң жашыруундарын абдан күчтүү далилдер менен далилдейт. (Şualar, бет: 748)

... Рисале-и Нурду аял, эркек, мамлекеттик кызматкер жана соодагер, аалым жана философ сыяктуу ар кандай элдин катмары окуп түшүнө алат... (Şualar, бет: 549)

Ушуга карабастан, Рисалелерди өзгөчө сырларды билген, өзгөчө чечмелөө күчү болгон жана өзгөчө жөндөмдөргө ээ кээ бир өзгөчө кишилер гана түшүнө алат деп, Бедиүззамандын сөздөрүнө апачык маанисинен башка жоромолдорду чыгаруу такыр туура эмес. Андай болсо каалагандардын баары Бедиүззамандын сөздөрүнөн өзүнүн көз-карашына жараша жаңы туура эмес ойлорду чыгара берет. Натыйжада Рисалелер Бедиүззамандын чыныгы сөздөрүн эмес, ал сөздөрдү өзүнүн илими жана түшүнүгүнө жараша чечмелеген кишилердин пикирлерин чагылткан эмгектерге айланат. Мындай чечмелөө логикасынын Бедиүззамандын нуска жана чын ыкластуу бир тил менен калемге алган Жыйнагына кандай зыян берээрин жакшылап ойлоп көрүү керек.

Бедиүззаман Ага Мехдилик Жөнүндө Жакшы Күмөн Кылгандарга Аз. Мехди (aс) Эмес Экенин Далилдери Менен Айтып Берген

Жашап жаткан доорунда шакирттеринен жана жакын чөйрөсүнөн Бедиүззаманга «Аз. Мехди (ас) эмессизби» деген маанайда бир катар суроолор узатылган. Тарых бою ушул сыяктуу суроолор Бедиүззамандан мурда жашап өткөн мужеддидерге да узатылып, шакирттеринен аларды Мехди деп санагандар болгон. Алар да шакирттерине Мехди эмес экенин, Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрүнүн аларга туура келбешин далилдери менен айтып беришкен. Аз. Мехди (ас)дын качан жана каерде чыгаарын, кандай өзгөчөлүктөрдө болоорун, илимий күрөшүн, Ислам ахлагын кандайча орнотоорун терең сүрөттөп беришкен. «Мен Аз. Мехди (ас) эмесмин, себеби Аз. Мехди (ас) мындай жашта болот, бул жактан чыгат, мындай өзгөчөлүктөрдө болот, сеййид болот» деген сыяктуу Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистерине ылайык бир катар жоромолдорду жасашкан.

Бедиүззамандын болсо бул жөнүндө пикирлерин сурагандарга эки түрдүү жообу болгон;

1) Өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин апачык айткан жана аны Мехдисиң деп күмөн кылгандарга «Аз. Мехди (ас) эмес экенин жана эмне үчүн боло албашын» эмгектеринде терең түшүндүрүп айтып берген.

2) Аны Мехдисиң деп күмөн кылгандарга «жакшы күмөн илгертен бери болуп келатат, буга каршы чыгууга болбойт; ушул себептен мен дагы жакшы күмөн кылгандарга эч нерсе дечү эмесмин» деп жооп берген, бирок ал кишилерге да ага айтылган «Мехдилик таңуулоосун кабыл албаганын» айткан.

1) Бедиүззаман «Мехдилик сыпатын эч кабыл албаганыма бүт бир туугандарым күбө болушат» (Şualar, б: 365) деген жана буга рисалелерде жүздөгөн бет далилдерди жазган:

Бир темада суроо суралганда Бедиүззамандын ага эмне деп жооп бергени маанилүү жана өзү Аз. Мехди (ас) эмес экенин апачык айткан. Бедиүззаман эмгектеринде «өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин» (Emirdağ Lâhikası, б: 266), «Аз. Мехди (ас)дын өзүнөн бир кылымдан кийин келээрин» (Kastamonu Lâhikası, б: 57), «өзүнүн Аз. Мехди (ас)дын бир жигити, аскери жана алдыдагысы экенин» (Barla Lâhikası, б: 162), «эмгектери жана жасаган иштери менен Аз. Мехди (ас)га пайдубал даярдаганын» (Sikke-i Tasdik-ı Gaybî, б: 189), «аны жана Рисале-и Нурларды Аз. Мехди (ас) деп ойлоонун болсо бир жаңылыштык жана чаташтыруу экенин» (Emirdağ Lahikası, б: 266) айткан.

«Аз. Мехди (ас)дын «сеййид» болоорун» (Tenvir, Şualar, б: 365), «саясат, салтанат жана диянат ааламында үч чоң милдетти чогуу орундатаарын» (Şualar, б:456) (Şualar, б: 590) (Emirdağ Lahikası, б: 259-260), «Пайгамбарыбыз (сав)дын халифасы, б.а. бүт Мусулмандардын руханий лидери наамы менен Ислам ахлагынын негиздерин кайрадан жандантаарын» (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, б: 9), «бүт дүйнөгө тынчтык менен адилеттик алып келээрин» (Emirdağ Lahikası, б: 259) (Mektubat, б: 411-412), «Мужеддид-и Экбер», б.а. «эң чоң мужеддид» сыпатында болоорун» (Tılsımlar Mecmuası, б: 168), «Ислам биримдигин түзөөрүн» (Emirdağ Lahikası, б: 260), «бүт Ислам ааламынын, Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактары болгон сеййиддердин жана бүт Мусулмандардын колдоосуна ээ болоорун» (Emirdağ Lahikası, б: 260), «Христиан дүйнөсү менен биримдик түзөөрүн» (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, б: 9), «Аз. Иса менен бирге намаз кылышаарын» (Şualar, б: 493), «Куран ахлагын бүт дүйнөгө орнотоорун жана бүт адамдарды туура жолго салаарын» (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, б: 9) (Mektubat, б: 473) терең баяндаган.

Бедиүззаман өзү жашаган убакта «бүт Мусулмандарды бир асман астына топтоп Ислам биримдигин курган эмес; бүт ыймандуулардын халифасы (руханий лидери) сыпатына ээ болгон эмес». «Бүт дүйнөгө адилеттик менен акыйкатты алып келген эмес, «Ислам ахлагын бүт жер жүзүнө жайып орноткон эмес». «Мужеддид-и экбер жана Хаким (өкүмдар) сыпаттарына ээ болгон эмес», «бүт Ислам аалымдарынын, Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактары болгон сеййиддердин жана бүт Мусулмандардын колдоосун алган эмес.» Өмүрүн Куран ахлагына чакырууга арнап, бул багытта ар кандай жан аябастыктарга барган жана өтө чоң бир ыйман кызматын жасаган. Өз кылымынын мужеддиди катары мойнундагы милдетин эң сонун даражада орундаткан. Бирок анын динге чакырыгы күч-кубат жана өкүмдарлык ичинде эмес, материалдык жана моралдык жактан өтө оор шарттарда жана теңдешсиз кыйынчылыктар ичинде өткөн. Өкүмдар (өкүм берүүчү) сыпатында болгон эмес; тескерисинче кысымчылык көрүп, өмүрүн туткундук, материалдык кыйынчылыктар астында өткөргөн. Айтылып кеткендей, кеңири масштабда адамдардын колдоосуна ээ болгон эмес, тескерисинче ар кандай адилетсиздиктерге кабылып, кыйноолорду тартып, өмүрүнүн көп бөлүгүн камак жана сүргүн сыяктуу шарттарда өткөргөн. Жогоруда саналган мүмкүнчүлүктөрдүн жана орундатыла турган милдеттердин болсо өзүнөн кийинки кылымдын мужеддиди катары Аз. Мехди (ас)ге насип болоорун айткан.

2) Бедиүззаман Аз. Мехди (aс) Эмес Экенин Далилдери Менен Бирге Айтып Берген, Бирок Аны Мехдисиң Деп Күмөн Кылгандарга Эч Нерсе Дебешин Айткан:

Жашап жаткан доорунда жакын чөйрөсүнөн Бедиүззаманга Мехдилик жөнүндө күмөн кылгандар болгон. Ал тургай Бедиүззаман шакирттеринин мындай пикирлерин айткан сөздөрүн рисалелердин ар кайсы бөлүмдөрүнө кошкон. Бирок, белгилүү болгондой, бир багытта бир кишиге күмөн кылынышы ал пикирдин чындыкты чагылтаарын көрсөтүүчү бир далил эмес. Бедиүззаман да рисалелеринде муну айткан. «Ага жакшы күмөндө болгон кишилердин болушу мүмкүн экенин; анын илгертен бери болуп келгенин, ага каршы чыгууга болбошун; бирок чындыгында мунун бир чаташтыруу жана жаңылыштык экенин» айткан. Бедиүззамандын бул жөнүндөгү сөздөрүнүн бири мындай:

... Рисале-и Нурдун руханиятын бир Аз. Мехди (ас)дай көрүшүүдө (жеке пикирлеринде ушундай кабыл алышууда). Ал руханияттын бир мүмессили (өкүлү), Нур шакирттеринин биримдигинен келген бир руханият жана ал руханиятта кандайдыр бир деңгээлде мүмессили (өкүлү) болгон бечара котормочусун күмөн кылышкандыктан, кээде ал ысымды (Аз. Мехди (ас) ысмын) ага да беришүүдө. Чындыгында бул бир илтибас (чаташтыруу) жана бир сехив (ката, жаңылыштык), бирок алар анда месьул (жоопкерчиликтүү) эмес. Себеби жакшы күмөн илгертен бери болуп келатат жана ага каршы чыгылбайт. Мен да ал бир туугандарымдын көп эмес жакшы күмөндөрүн бир дуба жана бир тилектей жана Нур шакирттеринин бекем ишенимдеринин бир чагылышы катары көргөнүм үчүн аларга көп кийлигишчү эмесмин. (Emirdağ Lahikası, б: 248)

Бедиүззаман Рисале-и Нурдун руханиятын жана ал эмгектердин автору катары өзүн кээде Аз. Мехди (ас) болушу мүмкүн деп ойлошконун, бирок мунун бир чаташтыруу жана ката экенин айткан. Мындай пикирдеги адамдардын аны ыйманга баштоочу акыйкаттарды баян кылуу жагынан баалашканын, бирок Аз. Мехди (ас)дын калган эки милдети болгон «Ислам биримдигин түзүү, бүт Ислам дүйнөсүнүн лидери болушу жана Ислам ахлагын дүйнөгө орнотуунун анда көрүнбөгөнүн эске алышпаганын» айткан. Ушул себептен Рисале-и Нурга жана ага Мехдиликти ыйгаруунун болгону бир «күмөн» гана экенин белгилеген.

Бедиүззаман «Аз. Мехди (aс) Дын Сеййид Болоорун; Өзүнүн Болсо Сеййид Эмес, Күрт Экенин» Эмгектеринде Көп Жолу Айткан

Бедиүззаман өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин айткан далилдердин бирөөсүндө «Аз. Мехди (ас)дын сеййид болоорун, бирок өзүнүн сеййид эмес экенин» айткан. Бедиүззаман бул чындыкты апачык айткан сөздөрүнүн кээ бирлери мындай:

... Мехдилик сыпатын эч кабыл албаганыма бүт бир туугандарым күбө болушат. Ал тургай, Денизлидеги илимдүү кишилер эгер Саид мехдилигин жарыяласа бүт шакирттери кабыл алышат дегенине карата Саид каршы чыккан жазуусунда айткан: «мен сеййид эмесмин, Мехди сеййид болот» деп аларды танган... (Şualar, б: 365)

Мен өзүмдү сеййид (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан) деп билбеймин. Бул заманда санжыралар белгисиз. Ал эми акыр замандын ал улуу инсаны болсо Ал-и Бейттен (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан) болот. (Emirdağ Lahikası, б: 247-250)

Бедиүззаман, мындан тышкары, эмгектеринде Пайгамбарыбыз (сав)дын бир хадисин эске салып, «сеййид болгон бир кишинин сеййиддигин жашырышынын Куран ахлагына туура келбешин» айтып, бул боюнча сөзүнүн анык туура экенин айткан:

Сеййид эместин сеййидмин жана сеййид болуп туруп эмесмин дегендер экөө тең күнөөкөр жана духул жана хуруж (баш көтөрүү) арам болгондуктан... хадис жана Куранда дагы, тескерисине же кем кылууга (жашырууга) тыюу салынган. (Muhakemat, б: 52)

Эгер Бедиүззаман сеййид болгондо, аны жашырышы үчүн эч кандай себеп жок эле. Себеби Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын урпактарынан болуу жашыруу керек болгон бир өзгөчөлүк эмес; тескерисинче Мусулмандар үчүн чоң бир аброй. Дүйнө жүзүндө миллиарддаган сеййид бар жана баары сураганда сеййид экенин ачык айтышат. Ошондуктан Бедиүззаман да эгер сеййид болгондо ага мындай бир суроо узатылганда «Ооба сеййидмин, шерифмин, бирок Аз. Мехди (ас) эмесмин» деп; өзүнүн Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан болгонун айтуудан өтө кубаныч сезмек. Себеби «сеййид экенин кабыл алышы Аз. Мехди (ас) экенин да кабыл алышын» талап кылган бир жагдай эмес. Бирок, ошого карабастан, сеййид эмес экенин көп жолу апачык айткан. Мындан тышкары, Бедиүззаман рисалелерде көп жолу «күрт» экенин айтып ага далилдер көрсөткөн (Münazarat, б:84; Tarihçe-i Hayat, б:228; Bediüzzaman ve Talebelerinin Mahkeme Müdafaları, б:18). Ошондой эле, эгер өзүн Аз. Мехди (ас) болушум мүмкүн деп ойлогондо, миллиондогон киши окуган эмгектеринде буга толугу менен карама-каршы келген жүздөгөн бет түшүндүрмөлөрдү жазып; Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрүнүн өзүнө туура келбешин жана ал куттуу заттын өзүнөн кийинки доордо келээрин ондогон далилдер менен баян кылмак эмес.

Ошону менен бирге, «ар сеййид киши, сөзсүз Аз. Мехди (ас) болот деген нерсе да жок». Дүйнө жүзүндө миллиондогон сеййид адам бар. Бир кишинин сеййид болушу Аз. Мехди (ас) болушун талап кылбагандыктан, сеййид болгон ар бир адам муну кубануу менен жана эч тартынбастан айта алат. Болгондо да, Бедиүззаман «менин бул багыттагы бир гана кемчилигим сеййид эместигим, эгер сеййид болгонумда Аз. Мехди (ас) болмокмун» да деген эмес. Тескерисинче, «Аз. Мехди (ас)дын бүт өзгөчөлүктөрүн, кыла турган теңдешсиз кызматтарын көпкө баян кылган жана алардын өзү жашаган доордо али ишке ашпаганын айткан».

Аз. Мехди (aс) Душманы Дажжалият Менен Суфйанияттын Таасири Бедиүззаман Жашаган Кезде Учурдагыдай Күчтүү Эмес Эле

Учурдагы Ислам өлкөлөрүнүн жана бүт дүйнө Мусулмандарынын абалы Аз. Мехди (ас) орундата турган милдеттердин Бедиүззаман доорунда орундатылбаганын апачык көрсөтүүдө. Суфйаният менен дажжалияттын таасири Мусулман өлкөлөрдө өтө күчтүү сезилүүдө. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө дин эркиндиги керектүү деңгээлде эмес. Бедиүззаман тирүү кездеги Мусулмандар кабылган кыйынчылык, азаптар болсо мынчалык оор эмес эле. Бул дагы Аз. Мехди (ас) сыяктуу, суфйан менен дажжалдын иш-аракеттеринин ал доордо али жасалбаганын көрсөтүүдө. Дажжал жана суфйан менен күрөшүү чөйрөсү пайда болбостон Аз. Мехди (ас)дын милдетин орундатышы болсо эч мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, учурда бүт Ислам ааламы менен Мусулмандар өз араларында өтө бөлүнүп-жарылган абалда. Бедиүззаман өзү жашаган доорунда бүт дүйнө Мусулмандарын бириктирүү боюнча бир роль ойногон эмес. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде бүт Мусулмандарды бириктирүүчү сыпатына Аз. Мехди (ас)дын ээ болоору айтылат. Бедиүззаман да Аз. Мехди (ас)дын бул өзгөчөлүгүн мындайча билдирген:

... ал зат бүт ыймандуулардын руханий жардамдары менен жана Ислам биримдигинин көмөгү менен жана бүт улама жана эвлийанын (аалымдардын жана олуялардын) жана өзгөчө Ал-и Бейттин урпактарынан (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан) ар кылымда күчтүү жана көп санда болгон миллиондогон жан аябас сеййиддердин (Пайгамбар урпактарынан болгон жан аябас кишилердин) жардамы менен ал чоң озуйпаны (милдетти) орундатканга аракет кылат. (Emirdağ Lahikası, б: 260)

Бедиүззаман бул сөзүндө Аз. Мехди (ас)дын үчүнчү кызматын айтып кеткен. Ал боюнча, Аз. Мехди (ас) Куран ахлагы унутулган бир доордо адамдардын кайрадан дин ахлагына кайтышына себепчи болуп, Ислам биримдигин курат жана бүт Мусулмандардын биригип баары чогуу Аз. Мехди (ас)дын бул кызматындагы жардамчылары болоорун билдирген. Бүт Мусулмандар кире турган мындай чоң масштабдагы бир биримдик менен колдоо Бедиүззамандын доорунда болгон эмес. Бедиүззаман да сүйүнчүлөгөндөй, мындай чоң массанын руханий жардамдары акыр заманда гана Аз. Мехди (ас) менен бирге түзүлөт жана Ислам ахлагынын бүт дүйнөгө жайылып орнотулушунда чоң роль ойнойт.

Бедиүззаман Ар Кандай Темада Рисалелердеги Түшүндүрмөлөрдүн Жетиштүү Экенин Айткан

Бедиүззаман «Бир Рисале-и Нур шакирти катары мен да ушуларды ээрчиймин» деп, өмүр бою эмгектеринде жазгандарынын тууралыгын кайра кайра тастыктаган. Рисалелердин ар бири миңдеген нускалуу китептер. Ошондуктан эмгектеринде апачык «мен өзүмдү сеййид деп билбеймин» деп жаткан болсо, кээ бир кишилердин «Бедиүззамандын бул сөздөрү туура эмес; ал палан күнү бизди чакырып, шериф да, сеййид да, Аз. Мехди (ас) дагымын деген» деп айтышы Бедиүззаман Саид Нурси Азретине карата өтө жаман бир акарат, чоң бир зулумдук жана жалган жалаа болот. Себеби бул Бедиүззамандай баалуу жана жогорку адеп-ахлактуу бир инсандын бул боюнча жазгандарын «жалган» деп айтуу маанисине келет. Жүздөгөн бет бою жазгандарына каршы, Бедиүззаман «эки үч кишиге гана бүт жазгандарынын калп экенин айткан» дегендей сөздөр андай сөздөрдү айткандардын мойнуна күнөө болот. «Бедиүззаман Азрети миллиондогон адамдарды алдады, калп айтты; анын чыныгысын, туурасын үч беш кишиге айтты» дегендей сөздөрдү эч кабыл алуу мүмкүн эмес.

Башка жагынан караганда, Бедиүззамандын өзүнүн Аз. Мехди (ас) эмес экенин айтышы үчүн «мен Аз. Мехди (ас) эмесмин» деп айтып коюшу гана жетиштүү. Мындай куттуу бир инсандын «жүздөгөн бет өтө кеңири бир калп айтканын; үммөттү алдаганын, ал жазылгандардын бир алдамчылык экенин» айтуу бир тантырактык гана. Сүйгөндүгү үчүн болсо дагы мынчалык оор бир акарат кылуу такыр туура эмес.

Бедиүззаман сыяктуу терең ыймандуу улуу бир мужеддиддин эмгектеринде ойлогон жана ишенген нерселерине карама-каршы баяндарды жасашы эч мүмкүн эмес. Ошондуктан Бедиүззамандын көзү өткөндөн бир топ жылдан кийин мындай сөздөрдү айтып чыгуу, канчалык жакшы ниет менен, Бедиүззаманды сүйүү үчүн кылынып жаткан болсо дагы, Бедиүззаманга карата жасалган чоң бир жалган жалаа болот. Аны жалганчы көрсөткөн жана жүздөгөн бет үммөттү алдады деген мындай мамиле болсо эч бир абийир кабыл албай турган бир көрүнүш.

Мындан тышкары, эч кандай далилге таянбаган андай сөздөрдү колдоо үчүн Аз. Иса (ас) жөнүндө да чындыкка сыйбас бир катар сөздөр айтылууда. Белгилүү болгондой, Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Мехди (ас) доорунда Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер бетине келээри айтылат. Аз. Мехди (ас)дын имамдыгында Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас) бирге намаз окуп, жети жыл жер жүзүндө бирге өкүмдарлык кылышат. Бирок бул окуялардын эч бири Бедиүззаман тирүү кезде болгон эмес. Бедиүззаман Аз. Иса (ас) менен бирге болгон эмес. Муну да ар кандай жолдор менен бурмалоого аракет кылышып; «Аз. Иса (ас) рух абалда гана келет» же «Бедиүззаман тирүү кезде келип, көз жумуп көмүлгөн» деген сыяктуу негизсиз пикирлерди айтышууда. Чындыгында болсо Бедиүззаман эмгектеринде апачык сөздөр менен жана өтө көп жолу Аз. Иса (ас)дын денеси менен «бир адам» абалында жер жүзүнө келээрин айткан. Аз. Иса (ас)дын «Христиан руханийлери менен биримдик кураарын, дажжал менен күрөшүп аны пикирдик жактан таасирсиз кылаарын» белгилеген. Бул сөздөрүнүн бирөөсүндө Бедиүззаман Аз. Иса (ас)дын бир руханият эмес, бир адам экенин мындайча айткан:

... асмандар ааламында АДАМДЫК ДЕНЕСИ МЕНЕН турган КИШИ ИСА АЛЕЙХИССАЛАМ ал акыйкат диндин башына өтөөрүн.... (Mektubat, бет: 60)

Мындан тышкары, Бедиүззаман Аз. Иса (ас)дын дажжал менен болгон күрөшүн баян кылган сөздөрүндө да бир руханият менен бир руханият арасында боло турган окуядан эмес; Аз. Иса (ас)дын жеке өзүнүн дажжалдын жеке өзүнө карата жүргүзө турган бир күрөштөн сөз кылат:

... Жооп: Хадис-и сахихте (тууралыгы анык болгон хадисте) риваят кылынган: «Азрети Иса Алейхиссаламдын келээрин жана Ислам шарияты менен амал кылаарын, дажжалды өлтүрөөрүн» ыйманы алсыздар алыс көрүшүүдө (болбойт деп ойлошууда). Анын акыйкаты түшүндүрүлүп берилсе, эч алыс көрүнө турган жери калбайт. (Mektubat, б: 58-59)

Башка бир сөзүндө болсо Бедиүззаман дажжалдын таасиринин кереметтүү бир пайгамбар тарабынан гана жок кылышы мүмкүн экенин белгилеп, Аз. Иса (ас)дын бир руханият эмес, кереметтер көрсөтө турган өзгөчөлүктөрдөгү бир инсан болоорун дагы бир жолу апачык айткан:

... укмуштуу жана кереметтүү (кереметтер ээси) жана бүт баары кабыл ала турган БИР ЗАТ гана болушу мүмкүн: АЛ ЗАТ биздин жана көп адамдардын пайгамбары болгон АЗРЕТИ ИСА АЛЕЙХИССАЛАМ.... (Şualar, бет: 463)

Бедиүззамандын Аз. Иса (ас) жана Аз. Мехди (ас)дын келиши жөнүндөгү бул апачык сөздөрүнө карабастан, жеке маектерди далил көрсөтүү менен айтылган жогорудагы сыяктуу сөздөр – ушундай баалуу бир мужеддид жазган рисалелердин баарын күмөндүү кылып койо турган өтө кооптуу иш-аракеттер. Ушул сыяктуу, көптөгөн кишилер ар кандай сөздөрдү айтып чыгып «Бедиүззаман Саид Нурси бул жерде мындай деген, бирок булардын баары бир тактика, калп; туурасын бизге айткан» десе, бул канчалык туура болот? Мындай абалда белгилүү мөөнөттөн соң Рисале-и Нурдагы ар темада андай нерсе айтылып башташы мүмкүн жана Бедиүззамандын эмгектери чыныгы маанисинен жана даанышмандыгынан барган сайын алыстайт. Мындай коркунучтун алдын алуу болсо Бедиүззамандай баалуу бир Ислам аалымынын түздөн-түз жазып тастыктаган апачык сөздөрүн коргоо менен мүмкүн болот. Бедиүззаман да эмгектеринде, бүт башка темалардагы сыяктуу бул темада да эң туура түшүндүрмөлөрдүн рисалелерде экенин эскертип, рисалелерде жазылгандарды окуганда өзү менен көрүшкөндөй эң туура маалыматтарды алуу мүмкүн экенин айткан.

Рисале-и Нурдун ар бир китеби бир Саид. Силер кайсы китепти карасаңар мени менен маңдай-тескей сүйлөшкөндөн он эсе жакшыраак пайдаланасыңар жана чындап мени менен көрүшкөн болосуңар. Рисале-и Нур мага эч кандай муктаждык калтырбайт. (Emirdağ Lahikası, б: 159)

... Себеби айтат: «Мени менен көрүшкүсү келген эгер акырет үчүн, Рисале-и Нур үчүн болсо, Рисале-и Нур мага эч муктаждык калтырган эмес. Миллиондогон нускасынын ар бири он Саиддей пайда берет... Эгер Рисале-и Нурдун кызматына, жайылышына тиешелүү болсо; мага кызмат кылган чындап жан аябас шакирттерим жана руханий балдарым жана бир туугандарымдын менин атымдан көрүшүшү жетиштүү, мага эч муктаждык жок... (Emirdağ Lâhikası-2, б: 214)

Бедиүззаман эмгектеринде ушул эле чындыкты айткан шакирттеринин сөздөрүнө да орун берген. Булардын кээ бирлери мындай:

Эй хожалар (аалымдар) жана жүрөк элдери! Сурай турган суроолоруңардын жоопторун Рисале-и Нурдан таба аласыңар. Эхл-и кешф (көзгө көрүнбөгөн кайып чындыктарын Аллахтын берешендиги менен ачып түшүнгөн олуялар) жана жүрөк элинен бирөөсү мен сыяктуу алсыз бир адамдан Аз. Мехди (ас)ды сурап жатат. «Качан келет...» Али Аз. Мехди (ас)ды түшүнө элек. Даббетүл Арз кимдер экенин билбейт. Алар жөнүндө рисалелерде бир бахис (сөз, түшүндүрмө) бар. Ар бир мүшкүл (татаал) суроонун жообун ошол рисалелерден издегиле, табасыңар. (Mustafa Hulusi, Barla Lahikası, б: 143)

... бул жөнүндө айтайын, устатыбыз Бедиүззаман бир Нур шакиртине Рисале-и Нурдан кээде окуп берүү кубанычын бергенде, түшүндүрбөй, мындай дейт: «Рисале-и Нур ыйман маселелерин керектүү даражада түшүндүргөн. Рисале-и Нурдун хожасы (мугалими) – Рисале-и Нур. Рисале-и Нур башкалардан сабак алууга муктаждык калтырган эмес. (Sözler, б: 772)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР