Кээ бир еврейлер менен Римдик путпарасттардын Аз. Иса (ас)ды өлтүрүү үчүн түзгөн планы – тарыхтын ар кайсы доорлорунда каапырлар көп пайгамбарларга карата курган тузактардын бири. Аллах Куранда каапырлардын качан аларга бир пайгамдар келип, аларды чыныгы дин ахлагын жашоого чакырбасын, сөзсүз ага каршы ар кандай тузактарды курушканын жана ал тургай аны өлтүрүүгө аракет кылышканын кабар берген.
Ант болсун, Биз Мусага китепти бердик жана артынан катары менен элчилер жөнөттүк. Мерйем уулу Исага да апачык далилдер бердик жана аны Рухуъл-Куддус менен тастыктадык. Демек, силерге качан бир элчи напсиңер жактырбаган бир нерсе менен келсе, текеберденип кээ бирлериңер аны жалганчыга чыгарып, кээ бирлериңер аны өлтүрөсүңөрбү? (Бакара Сүрөсү, 87)
Аз. Ибрахим (ас)ды отко таштаган, аскерлери менен бирге Аз. Муса (ас)дын артынан түшкөн, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)ды бир түнү кол салып өлтүрүүгө аракет кылган, Аз. Йусуф (ас)ды кудукта калтырган, «Раббибиз Аллах» дегени үчүн гана ыймандууларды мекендеринен сүргүн кылууга аракеттенгендер, ар кайсы доорлордо жашаганы менен, көз-караш, ойлору окшош болгон адамдар. Баары Аллахка жана элчилерине баш көтөрүүгө аракеттенип, Аллах буйруган дин ахлагына каршы чыгышып, акыретте кылгандарына жооп берээрин унутушкан. Пайгамбарлардын аларга Аллахтын кулусуңар деген эскертүүлөрү, аларды башкаларга жакшылык кылууга, садака берүүгө, Аллах ыраазылыгы үчүн жакшылык кылууга, адилеттүү болууга, кичипейил болууга чакырышы алардын ачууланышына жана Аллах Кабатында тандалган жана таптаза болгон элчилерге каршы тузактар курушуна себеп болгон. Каапырлардын мындай мамилеси бир Куран аятында төмөнкүчө кабар берилет:
... Аларга элчилер жөнөткөн элек. Аларга качан напсилерине жакпаган бир нерсе менен бир элчи келсе, кээ бирлерин жалганчыга чыгарышты, кээ бирлерин болсо өлтүрүштү. (Маида Сүрөсү, 70)
Ошол сыяктуу, Меккелик мушриктердин да Аз. Мухаммед (сав)ды мекенинен чыгаруу жана өлтүрүү үчүн тузактар пландаганы Куранда билдирилген. Раббибиз каапырлар ал тузакты куруп жатканда Өзүнүн да аларга бир тузак курганын кабар берген. Эч күмөнсүз, тузак кургандардын эң жогоркусу Улуу Аллах.
Ал баш тарткандар (каапырлар) сени камоо же өлтүрүү же сүргүн кылуу максаты менен тузак курушкан эле. Алар бул тузакты куруп жатышканда, Аллах да бир тузак (бир жооп) куруп жаткан. Аллах тузак куруучулардын жакшысы. (Энфал Сүрөсү, 30)
Жогоруда да айтып кеткендей, каапырлар Аз. Иса (ас)ды да өлтүрүүгө аракет кылышкан. Өз ойлорунда өтө кылдат бир план түзүп, Аз. Иса (ас)ды колго түшүрүп өлтүрөбүз деп ойлошкон. Тарыхый жана Ислам булактарында орун алган маалыматтар боюнча, кээ бир мушрик еврейлер римдиктерди Аз. Иса (ас)га каршы үгүттөө үчүн Аз. Иса (ас) жөнүндө көптөгөн жалган менен куру дооматтарды чыгарышкан. Ушундайча римдиктердин Аз. Иса (ас)ды өлтүрүүгө аракет кылышын максатташкан. Кээ бир еврейлердин Аз. Иса (ас)га каршы план курганы Куранда төмөнкүчө билдирилген:
Иса аларда каапырдыкты сезгенде: «Аллах үчүн мага жардам бере тургандар ким?» деди. Хаварийлер: «Аллахтын жардамчылары бизбиз; биз Аллахка ишендик, биздин чындап Мусулмандар экенибизге күбө бол» дешти. «Раббибиз, биз (Сенин) түшүргөнүңө ишендик жана элчини ээрчидик. Бизди күбөлөр (шахиддер) менен бирге жаз.» Алар (ишенбегендер) бир план курушту. Аллах да (буга каршы) бир план курду. Аллах план куруучулардын эң жакшысы. (Али Имран Сүрөсү, 52-54)
Аллах алардын тузактарын алар эч күтпөгөн жактан тескериге айланткан. Аз. Иса (ас)ды эч өлтүрө алышкан эмес, аларга бир окшотулуу жасалган. Раббибиз ал тандалган кулун каапырлардын тузактарынан коргоп куткарган. Аз. Иса (ас) өлгөн эмес жана Аллах Кабатында тирүү. Аллахтын Куранда Аз. Иса (ас)га курулган тузактардын бузулганын билдириши Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатында тирүү экендигинин маанилүү далилдеринин бири. Эгер Аз. Иса (ас) кээ бирлер айткандай, өлгөн болгондо (чындыгында бул туура эмес), анда бул каапырлардын курган тузагы максатына жеткен деген мааниге келмек. Себеби ал тузактын негизги максаты – Аз. Иса (ас)дын өлтүрүлүшү эле. Бирок Аллах Аз. Иса (ас)га курула турган ал тузакты бузаарын билдирген жана «... Аллах каапырларга момундардын зыянына эч качан жол бербейт.» (Ниса Сүрөсү, 141) аятынын бир көрүнүшү катары каапырлардын Аз. Иса (ас)ды өлтүрүшүнө жол берген эмес. Куранда көп аятында каапырлардын тузактарынын эч качан ийгиликке жете албашы, ал тузактардын жер менен жексен кылынышынын Аллахтын сүннөтүнүн бир талабы экени кабар берилген. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Чындыгында алар тузак курушту. Бирок алардын тузагы тоолорду ордунан кыймылдата турган болсо да, Аллах Кабатында аларга даярдалган тузак (жаза) бар. (Ибрахим Сүрөсү, 46)
... Чындыгында Аллах каапырлардын тузактарын текке кетирүүчү. (Энфал Сүрөсү, 18)
Же тузак курууну каалап жатышабы? Бирок (чынында) ал каапырлар (өздөрү) тузакка түшүүчүлөр. (Тур Сүрөсү, 42)
Күмөнсүз, Аллах (мушриктердин чабуулу менен тымызын тузактарын) ыйман келтиргендерден алыстатууда. Чындыгында Аллах чыккынчы жана нашүгүр (жакшылыкты билбеген) бир адамды сүйбөйт. (Хаж Сүрөсү, 38)
Чындыгында алар бир тузак пландап жасашууда; Мен дагы бир план куруп даярдап жатам. Сен каапырларга бир мөөнөт бер, аз бир убакыт бер. (Тарык Сүрөсү, 15-17)
Алардан мурдакылар тузак курушкан эле, Аллах(тын азап буйругу) алардын кургандарынын негизине тийди (бузду), ошентип үстүндөгү чатыры баштарына түштү; азап аларга алар сезбеген тараптан келген эле. (Нахл Сүрөсү, 26)
Куранда пайгамбарлардын өлүмдөрү баяндалган кыссалардагы сөздөр менен, Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына көтөрүлүшү баяндалган аяттардын анализи маанилүү бир чындыкты көрсөтүүдө. Бул бөлүмдө Аз. Иса (ас) кыссасы (окуя баяны) менен башка пайгамбарлардын өлүмдөрүн баяндаган сөздөрдүн арапча маанисин жана Куран аяттарында кандайча колдонулганын карайбыз. Куранда пайгамбарлардын өлүшү же өлтүрүлүшү жөнүндө колдонулган сөздөр алдыда терең карала тургандай, «кателе (өлтүрүү), мате (өлүү), халеке (хелак болуу), салебе (асуу)» же бир канча өзгөчө сөздөр. Ал эми Аз. Иса (ас) үчүн Куранда апачык «Аны өлтүрүшкөн жок (ма кателеху) жана асышкан жок (ма салебуху)» сөзү колдонулуп эч кандай өлтүрүү ыкмасы менен өлтүрүлбөгөнүнө басым жасалат. Каапырларга Аз. Иса (ас)га окшоштун көрсөтүлгөнү жана анын Аллах Кабатына көтөрүлгөнү билдирилет. Али Имран Сүрөсүндө болсо Аз. Иса (ас)ды Аллахтын көз жумдураары жана аны Өз Кабатына көтөрөөрү билдирилген:
Аллах Исага айткан эле: «Эй Иса, чындыгында сени Мен көз жумдурам (мүтевеффийке), сени Өзүмө көтөрөм (рафиуке), сени каапырлардан тазалайм жана сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм...» (Али Имран Сүрөсү, 55)
Куранда өлүм маанисине келген сөздөрдүн жана Али Имран Сүрөсүндө айтылган «көз жумдуруу» сөзүнүн колдонуу формалары төмөнкүдөй:
Аяттагы «вефат» сөзү өлүү маанисинен башка маанилерге келет. Аяттардын арапча маанилеринин анализи Аз. Иса (ас)дын биз билген мааниде өлбөгөнүн апачык көрсөтөт. Маида Сүрөсүнүн 117-аятында өлүм окуясы мындайча кабар берилет:
«Мен аларга мага буйрук кылгандарыңдан башка эч нерсе айткан жокмун. (Ал болсо мындай эле:) «Менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка кулчулук кылгыла.» «Алардын арасында кезимде мен аларга күбөмүн. Мени көз жумдурганыңда (тевеффейтени), аларды Өзүң көрүп турдуң. Сен баарына күбө болуучусуң.» (Маида Сүрөсү, 117)
Али Имран Сүрөсүнүн 55-аятында болсо Аллахтын Аз. Иса (ас)ды «көз жумдураары (вефат кылдыраары», каапырлардан коргошу жана аны Өз Кабатына көтөрөөрү кабар берилүүдө. Аяттын тафсиринен (чечмелөөсүнөн) чыккан маани –көптөгөн Ислам аалымы менен муфассирлердин орток пикири боюнча- Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнү. Аятта төмөнкүчө билдирилген:
Аллах Исага айткан эле: «Эй Иса, чындыгында сени Мен көз жумдурам (мүтевеффийке), сени Өзүмө көтөрөм (рафиуке), сени каапырлардан тазалайм жана сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм. Анан Мага гана кайтып келесиңер, талашкан нерселериңер жөнүндө араңарда Мен өкүм берем.» (Али Имран Сүрөсү, 55)
Бул аяттарда айтылган жана котормолордо өлтүрүү же көз жумдуруу деп которулган сөз арап тилинде «вефеа» тамырынан келип чыккан «тевеффа» этиши, жана ал этиш өлүм маанисине эмес, «жандын алынышы» маанисине келет. Арапча тафсирлерде да өлүм маанисинде колдонулбайт. Ислам аалымы Куртубинин тафсири мунун мисалдарынын бири. Куртуби тафсиринде ал сөз үчүн «напсилердин колго алынышы» сөзүн колдонгон. Адамдын жанынын алынышынын дайыма эле өлүм маанисине келбеши Куранда бизге билдирилет. Мисалы, «тевеффа» сөзү колдонулган бир аятта адамдын өлүмү эмес, уйкуда жанынын алынышы жөнүндө сөз кылынат:
Силерди түндөсү көз жумдурган (жаныңарды алган) (йетевеффакум) жана күндүз «күчүңөр жетип жасап жатканыңарды» билүүчү, анан белгиленген ажал жеткенге чейин анда силерди тирилтүүчү Ал... (Энъам Сүрөсү, 60)
Бул аятта «көз жумдуруу» деп которулган сөз менен Али Имран Сүрөсүнүн 55-аятында колдонулган сөз бир, б.а. эки аятта тең «тевеффа» сөзү орун алган. Адамдын түнкү уйкудагы абалы өлүм эмес болгондуктан, жогорудагы аятта колдонулган «йетевеффакум» сөзүнүн өлүмдү айтып жатпаганы, туура котормонун «түнкүсүн жаныңарды алган» болушу керек экени анык. Төмөнкү аятта болсо ушул эле сөз мындайча колдонулат:
Аллах алар өлө турган (мевт) убакта жандарын алат (йетевеффа); өлбөгөндү болсо уйкусунда (жанын алат) (лем темут). Ушундайча, ал жөнүндө өлүм чечими (эль мевте) берилгенди (анын рухун) кармап калат, беркисин (беркисинин рухун) болсо белгиленген бир ажалга чейин кайра салат... (Зүмер Сүрөсү, 42)
Бул аяттан да көрүнүп тургандай, Аллах уктаган адамдын жанын алат, бирок өлүм чечими берилбегендин жанын ажалы келгенге чейин кайрадан салат. Бул абалда адам биз билген мааниде өлгөн болбойт. Белгилүү бир убакыт үчүн гана руху денесинен бөлүнүп, башка бир чен-өлчөмгө кирген болот. Ойгоно турган убакта болсо кайрадан руху денесине тапшырылат.
Уйкунун бир «жан алынуу» катары каралганын, бирок аны менен биологиялык өлүм айтылбаганын көрсөткөн мисалдардын бири – бул Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын уйкудан турганда «Бизди өлтүргөн соң тирилткен Аллахка мактоолор болсун» (Бухари, Китабуъд Деават, 6312) дегенин билдирген куттуу хадис. Эч күмөнсүз, Аз. Мухаммед (сав) бул даанышман сөзү менен уктаганда биологиялык маанидеги өлүм эмес, уктаган адамдын биз түшүнгөндөн башка бир мааниде «жанынын алынаарына» көңүл бурган. Белгилүү Ислам аалымы жана муфассир Ибн Кесир дагы Али Имран Сүрөсүнүн тафсирин жасап жатканда, башка көптөгөн далилдер менен бирге ушул куттуу хадисти да колдонгон. Ибн Кесирдин тафсиринде «тевеффа» сөзүнүн уйкуга ишарат кылаары, ушул эле сөздүн башка аяттарда кандайча орун алганы көрсөтүлүп түшүндүрүлөт. Бул түшүндүрмөлөрдөн соң Ибн Кесир Ибн Эбу Хатимден риваят кылынган бир хадисти да колдонуп пикирин мындайча айтат:
Ибн Эбу Хатим айтат; «Бизге атам... Хасандан риваят кылды, ал «Сени көз жумдурам (жаныңды алам)...» аяты жөнүндө мындай деген: бул жер «Сени уйку өлүмү менен өлтүрөм, б.а. уктатам» маанисинде; Аллах Таала Аз. Иса (ас)ды уктап жаткан кезде асманга көтөргөн... Женабы Хак Аз. Иса (ас)ды күмөнсүз бир чындык катары уйку менен жанын алган соң асманга алган жана ал кезде ага азап көрсөткөн еврейлердин азаптарынан куткарган. (İbn Kesir, Tefsiru'l Kur'ani'l Azim, том I, б. 573-576)
Ислам аалымдарынан Мухаммед Захид эль-Кевсери болсо «тевеффа» этишинин маанисин карап жатып, аятта ал этиштин өлүм маанисине келбегенин айткан жана Зүмер Сүрөсүнүн 42-аятындагы «мевт» сөзүнө көңүл бурган:
Эгер Аз. Иса өлгөн болгондо (бул туура эмес), «Аллах өлүм убактысы келген напсилердин жанын алат.» (Зүмер Сүрөсү, 42) аятында орун алган жана өлүм маанисине келген «мевт» сөзү билдирилмек эмес... Эгер кээ бирлер айткандай, Аллах Таала кадимки өлүмдү (биологиялык мааниде өлүмдү) билдирген болгондо, бул апачык кабар берилмек. Аллах еврейлердин Аз. Иса (ас)ды өлтүрбөгөнү, жанын алуу жана асманга көтөрүүдөн сөз кылып жатат, демек бул жерде кадимки өлүмдөн башка бир маанини түшүнүш керек. (Zahid Kevseri, Nazratün Abire fi Mezaimi men Yünkiru Nüzule İsa kable'l-Ahire, Mısır, 1980, б. 34-37)
Ислам тарыхынын алгачкы муфассирлеринин бири катары кабыл алынган Матуриди да аятта Аз. Иса (ас)дын кадимки биологиялык маанидеги өлүмү жөнүндө сөз болбогонун айткан:
Аяттагы маани өлүм маанисиндеги жанын алуу эмес, дененин дүйнөдөн алынышы маанисиндеги жан алуу. (Maturidi, Tev'vilatü'l Kurani'l Metaun, Beyrut, б. 67)
Ислам аалымдары «тевеффа» этишин жоромолдоодо Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнү, Аллах Кабатына көтөрүлгөнү жана кыямат алдында жер жүзүнө кайра келээри жөнүндө бир пикирге келишкен. Мисалы, белгилүү тафсир аалымы Табери бул этиштин «жерден алуу» маанисинде колдонулганын айтат жана аятты төмөнкүчө түшүндүрөт:
Биздин оюбузча эң бекем көз-караш бул сөздү «колго алуу», «жерден тартуу» маанисинде алуу. Анда аяттын мааниси «сени жерден алып, асманга тартам» абалында болот. Аяттын уландысы болсо акыр заманда каапырларга каршы жеңишке көңүл буруу менен бул пикирди тастыктайт. (Taberi Tefsiri (Табери Тафсири), том III, 290-1)
Элмалылы Хамди Йазыр болсо тафсиринде бул аяттын маанисинин «Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнү, Аллах Кабатында тирүү экени» деп билдирет:
... Биздин оюбузча бул тафсир менен ишенимдин кыскача мааниси мындай: Аллахтан бир сөз болгон жана Рухул-Кудүс менен тастыкталган Месих Исанын руху али алына элек. Рухунун ажалы келе элек. Сөз али Аллахка кайта элек. Анын али дүйнөдө кыла турган иштери бар. (Elmalılı Hamdi Yazır (Элмалылы Хамди Йазыр), Hak Din Kuran Dili, том II, б. 1112-1113)
Жыйынтыктасак, Аз. Иса (ас)дын уйкудагыга окшош абалга салынып Аллах Кабатына көтөрүлгөнүн, окуянын биз билген өлүм эмес экенин, болгону бул чен-өлчөмдөн бир чыгуу экенин айта алабыз. (Туурасын Аллах билет.)
Куранда өлүм жөнүндө айтылып жатканда көбүнчө колдонулган сөз арапчада «өлтүрүү» маанисине келген «кателе» сөзү. Момун Сүрөсүндө «кателе» сөзү төмөнкүчө колдонулууда:
Фараон айтты: «Койо бергиле мени, Мусаны өлтүрөйүн (актул), ал (барып) Раббисине жалбарып-жалынсын... (Момун Сүрөсү, 26)
Аяттагы «Мусаны өлтүрөйүн» сөзү арапчада «актул Муса» деп айтылат. Бул сөз «кателе» этишинен келип чыккан. Башка бир аятта болсо ушул эле сөз төмөнкүчө колдонулууда:
... Пайгамбарларды акыйкатсыздык менен өлтүргөндөрү үчүн эле (йактулуне)... (Бакара Сүрөсү, 61)
Аятта айтылган «өлтүргөндөрү үчүн эле» сөзүнүн арапчасы «йактулуне» деп айтылат жана бул дагы «кателе» сөзүнөн келип чыккан. Жана котормодо да апачык айтылгандай «өлтүрүү» маанисине келүүдө.
Төмөндө пайгамбарлардын өлүмүн баяндаган кээ бир аяттарда «кателе» этишинин кандайча колдонулганы берилген. Кашанын ичинде маанилери билдирилген бүт сөздөрдүн этиш тамыры КАТЕЛЕ :
... Алардын бул сөздөрүн жана пайгамбарларды акыйкатсыздык менен өлтүрүшүн (катлехум) жазабыз... (Али Имран Сүрөсү, 181)
... Текебердик кылып кээ бирлериңер аны жалганчы атап, кээ бирлериңер болсо аны өлтүрөсүңөрбү? (тактулуне) (Бакара Сүрөсү, 87)
... Айткын: «Эгер ишенген (ыймандуу) болсоңор, мурда эмне үчүн Аллахтын пайгамбарларын өлтүрчү элеңер? (тактулуне)» (Бакара Сүрөсү, 91)
Аллахтын аяттарын тангандар, пайгамбарларды акыйкатсыздык менен өлтүргөндөр (йактулуне) жана адамдардан адилеттикти буйругандарды өлтүргөндөр (йактулуне) ;... (Али Имран Сүрөсү, 21)
... Эгер силер чынчыл болсоңор, анда аларды эмне үчүн өлтүрдүңөр (кателтумухум)? (Али Имран Сүрөсү, 183)
... Айткан эле: «Сени сөзсүз өлтүрөм»... (Ле актуленнеке). (Маида Сүрөсү, 27)
Эгер мени өлтүрүү (тактулени) үчүн колуңду мага созо турган болсоң, мен сени өлтүрүү (актулеке) үчүн колумду сага узатпайм... (Маида Сүрөсү, 28)
Өлтүргүлө (уктулу) Йусуфту же аны бир жерге таштап салгыла... (Йусуф Сүрөсү, 9)
Фараондун аялы айтты: «Мен үчүн да, сен үчүн да бир көз чечекейи; аны өлтүрбөгүлө... (ла тактулу)» (Касас Сүрөсү, 9)
«Эй Муса, алдыңкылар сени өлтүрүү (ли йактулу) жөнүндө өз араларында сүйлөшүп жатышат...» (Касас Сүрөсү, 20)
Анан коомунун (Ибрахимге) жообу бир гана: «Аны өлтүргүлө (уктулуху) же күйгүзгүлө» деш болду... (Анкебут Сүрөсү, 24)
Куранда өлтүрүү этиши үчүн колдонулган башка бир сөз болсо «халеке» этиши. Халеке сөзү аяттарда «хелак болуу, өлүү» маанилеринде колдонулууда. Мисалы, Момун Сүрөсүнүн 34-аятында мындай деп айтылат:
... Аягында ал көз жумганда (халеке) айткан элеңер; «Аллах андан соң эч качан бир элчи жөнөтпөйт... (Момун Сүрөсү, 34)
Аятта «көз жумганда» деп которулган сөздүн арапчасы «иза хелеке» деп айтылат жана бул сөздүн мааниси болсо өлүү.
Куранда пайгамбарлардын өлүмү жөнүндө колдонулган дагы бир сөз болсо – бул «мате» сөзү. Мате сөзү аяттарда «өлүү» маанисинде колдонулууда. Себе Сүрөсүндө Аз. Сулайман (ас) жөнүндө мындай деп айтылат:
Ошентип анын (Сулаймандын) өлүмүнө (эль мевте) чечим кылганыбызда, өлүмүн (мевтихи) аларга асасын жеп жаткан бир дарак куртунан башкасы кабар берген жок... (Саба Сүрөсү, 14)
Ушул эле уңгудан чыккан башка бир сөз формасы болсо Аз. Йахйа (Яхья) (ас) жөнүндө колдонулган:
... Ага салам болсун; туулган күнү, өлөр күнү (йемуту) жана тирүү абалда кайрадан-тургузула турган күн да. (Мерйем Сүрөсү, 15)
Бул аятта «өлөр күнү» деп которулган сөздүн арапчасы «йемуту» сөзү. Ушул эле сөз Аз. Йакуб (ас)дын өлүмү жөнүндөгү аяттарда да орун алат:
Же силер Йакубдун өлүм убагында (эль мевте) ал жерде күбө белеңер?.. (Бакара Сүрөсү, 133)
Бул аяттагы «эль мевте» сөзү да ушул эле сөз уңгусунан келип чыгат жана өлүм маанисине келет.
Аз. Мухаммед (сав) жөнүндөгү бир аятта болсо «кателе» жана «мате» этиштери чогуу колдонулат:
Мухаммед болгону бир элчи (пайгамбар). Андан мурда канчалаган элчилер жашап-өткөн. Эми ал өлсө (мате) же өлтүрүлсө (кутиле) силер изиңер менен кайра артка кайтасыңарбы?... (Али Имран Сүрөсү, 144)
Мате (өлүү) тамырынан (уңгусунан) чыккан мевт сөзү пайгамбарлардын өлүмүн баяндаган башка аяттарда да кездешет:
... Айтты: «Аттиң мындан мурда өлүп (митту), эстерден чыгып унутулганымда кана.» (Мерйем Сүрөсү, 23)
Сенден мурда эч бир адамга өлүмсүздүк (эль хулде) берген жокпуз; эми сен өлсөң (митте), алар өлүмсүз калышабы? (Анбия Сүрөсү, 34)
«Мени өлтүрө турган (йумитуни), анан тирилте турган да Ал.» (Шуара Сүрөсү, 81)
Аяттарда орун алып, түздөн-түз өлүү же өлтүрүү этишин эмес, бирок өлүмсүздүктү түшүндүргөн башка бир сөз болсо – бул «халид» сөзү. Халид сөзү үзгүлтүксүз болуу, үзгүлтүксүздүгү улануу маанилерине келет. Анбия Сүрөсүндө «халид» сөзү төмөнкүчө колдонулган:
Биз аларды тамак жебес денелер кылган жокпуз жана алар өлүмсүз (халидийне) эмес эле. (Анбия Сүрөсү, 8)
Куранда пайгамбарлардын өлүмү айтылып жатканда колдонулган сөздөрдүн бири – бул салебе (асуу) этиши. Салебе этиши «асуу, крестке асуу жана өлүм жазасына тартуу» сыяктуу маанилерге келет. Бул этиш аяттарда мындайча колдонулат:
... Чындыгында болсо аны өлтүрүшкөн жок жана аны асышкан жок (ма салебу) ... (Ниса Сүрөсү, 157)
... Бирөө кожоюнуна шарап ичирет, экинчиси болсо асылат (йуслеби)... (Йусуф Сүрөсү, 41)
... Өлтүрүлүшү, асылышы (йусаллебу) гана... (Маида Сүрөсү, 33)
Сөзсүз колдоруңар менен буттарыңарды кайчылаш кесем жана баарыңарды өлүм жазасына тартам (усаллибеннекум) (Аьраф Сүрөсү, 124)
... Силердин колдоруңар менен буттарыңарды кайчылаш кесем жана силерди курма дарактарына асамын (усаллибеннекум)... (Таха Сүрөсү, 71)
... Буттарыңарды кайчылаш кестирем жана силердин баарыңарды чындап асамын (усаллибеннекум). (Шуара Сүрөсү, 49)
Аяттардан да көрүнүп тургандай, башка пайгамбарлардын өлүмү баяндалган аяттарда такыр башка сөздөр колдонулган. Аллах Куран аяттарында Аз. Иса (ас)дын өлтүрүлбөгөнүн, адамдарга ошол сыяктуу көрсөтүлгөнүн, аны Өз Кабатына көтөргөнүн билдирген. Аз. Иса (ас) үчүн «жанын алуу» маанисине келген «тевеффа» этиши колдонулса, башка пайгамбарлар үчүн «кателе» же «мевт» сыяктуу сөздөр колдонулган. Бул маалыматтар болсо бизге Аз. Иса (ас)дын абалынын кереметтүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Аз. Иса (ас)дын өлбөгөн жана өлтүрүлбөгөндүгүнүн маанилүү далилдеринин бири болсо – бул Раббибиздин Аз. Иса (ас)ды Өзүнө көтөргөнүн билдириши. Аяттарда бул чындык кабар берилет:
... сени Өзүмө көтөрөм (рафиуке), сени каапырлардан тазалайм жана сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм... (Али Имран Сүрөсү, 55)
... Тескерисинче (бел), Аллах аны Өзүнө көтөрдү (рефеа). Аллах үстөм жана күчтүү, өкүмдар жана даанышман. (Ниса сүрөсү, 158)
Аллах Аз. Иса (ас)ды Өзүнө көтөрүп, аны каапырлардын тузактарынан коргоп, куткарган. Аяттарда «рафиуке» жана «рефеа» деп колдонулган сөздөрдүн арапча уңгусу «реф» сөзү. «Реф» сөзүнүн сөздүктөгү мааниси «көтөрүлүү». Ислам аалымы Эшари Али Имран Сүрөсүнүн 55-аятын, Ниса Сүрөсүнүн 158-аяты менен чогуу түшүндүргөн жана бул жөнүндөгү пикирин мындайча айткан:
«Аз. Иса (ас)дын тирүү абалда асманга реф кылынганы (көтөрүлгөнү) жөнүндө үммөттүн ижмасы бар.» (Eşari, el-İbane an Usuli'd Diyane, thk. ve ta'l. Fevkıyye Hüseyin Mahmud, Kahire, 1986, II, б. 115)
(Ижма-ы үммөт: ошол кылымда жашаган Ислам аалымдарынан мужтахиддердин бир маселе жөнүндө берилген өкүмдө бир пикирге келиши.)
Ислам аалымдарынын көпчүлүгү бул аяттарды түшүндүрүүдө «Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнү, Аллах Кабатына көтөрүлгөнү жана ал көтөрүлүүнүн руху жана денеси менен бирге болгону» жөнүндө бир пикирде. Ал аалымдардын кээ бирлеринин пикирлери мындай:
Хасан Басри Чантай тафсиринде «рафиуке» сөзүн «Өзүнө көтөрүү» деп тафсир кылган жана «Аллах Аз. Иса (ас)ды руху жана денеси менен бирге жогору көтөрүп алган.» деп пикирин айткан. (Hasan Basri Çantay, Kuran-ı Hakim ve Meal-i Kerim, Cilt I, б. 92)
Ибн Теймиййенин түшүндүрмөсү болсо мындай: «Аллах аны Өз Кабатына көтөрдү... аяты Аз. Иса (ас)дын руху жана денеси менен көтөрүлгөнүн айтууда...» (İbn Teymiyye, Mecnuu Fetava, IV, б. 323)
Захид Кевсери болсо Куранда Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына көтөрүлүшүнүн каршы чыгылгыс ачык жана так экенин айтат. Али Имран Сүрөсүнүн 55-аятын жана Ниса Сүрөсүнүн 157-158-аяттарын далил катары көрсөткөн Кевсери бул аяттарда Аз. Иса (ас)дын «рефи»синин насс (насс: аныктык, ачыктык. Курани Керимде же куттуу хадистерди бир иш же темадагы ачыктык жана натыйжада ачык болгон келам жана аят) өкүмүндө экенин айтат жана аны мындайча баяндайт:
Себеби «реф»тин чыныгы мааниси төмөндөн жогору көздөй жылдыруу. Бул жерде аяттарды салыштырма мааниде түшүндүрүүгө бир негиз жок. Ошондуктан атак-даңк жана макам жагынан жогорулатуу сыяктуу бир маани чыгарууга аракет кылуунун бир далили жок. (Zahid Kevseri, Nazratün Abire, б. 93)
Куран аяттарынан жана Ислам аалымдарынын жоромолдорунан апачык көрүнүп тургандай, Аз. Иса (ас) тирүү абалда, денеси менен бирге Аллах Кабатына көтөрүлгөн. Бул Аллахтын бир керемети жана ыйман келтиргендер өтө кубанып, толкундана турган бир керемет. Аз. Иса (ас)дын руху гана Аллах Кабатына көтөрүлдү же ал көтөрүлүү аркылуу руханий (макамдык) бир көтөрүлүү айтылган деген пикирлер болсо чындыкка туура келбейт. Жогоруда да кээ бир мисалдар келтирилгендей, көптөгөн Ислам аалымдары андай пикирлердин туура эмес экенин эмгектеринде далилдешкен.
Аз. Иса (ас)дын тирүү абалда Аллах Кабатына көтөрүлгөндүгүнүн дагы бир маанилүү далили болсо Ниса Сүрөсүнүн 158-аятындагы арапча «бел» сөзү. Кыргызчага «тескерисинче» маанисинде которулган бул сөздүн арапча грамматикалык мааниси жана колдонуу өзгөчөлүктөрү өтө маанилүү бир чындыкка көңүл бурат. Ал боюнча, «бел» байламтасы тескери маанини билдирген бир сүйлөмдөн кийин келсе, арапча грамматика эрежелери боюнча андан кийин келген сүйлөм мурдакы сүйлөмдүн толук карама-каршысы болушу керек. Демек Аз. Иса (ас) жөнүндөгү аятта «... Аны өлтүрүшкөн жок, тескерисинче (бел) Аллах аны Өзүнө көтөрдү...» деп өлүмдүн карама-каршысы болгон тирүүлүккө ишарат кылынып жатышы ыктымал (туурасын Аллах билет). Бул жөнүндө жакынкы убактардагы Ислам аалымдарынан Шейхүлислам Мустафа Сабри Мырза да мындай жоромол жасаган:
Ниса Сүрөсүнүн 158-аятында орун алган жана «тескерисинче» деп которулган «бел» байламтасы тескери маанини билдирген бир сүйлөмдөн кийин келсе, арапча грамматика эрежелери боюнча андан мурдакы сүйлөм андан кийинки сүйлөмдүн толугу менен карама-каршысы болушу керек. Өлүмдүн карама-каршысы тирүүлүк. Грамматика эрежелери ушуну талап кылат. Эгер бир «бул жерде руханий «реф» жөнүндө сөз болгон» жана «Аз. Иса кадимкидей көз жумган» десек, ал эрежеге каршы келген болобуз. Себеби анда «бел» байламтасынан кийин келген «реф» байламтадан мурда келген, ошол эле учурда тескери бир сүйлөм болгон өлтүрүү жана асуу этиштерине карама-каршы болбойт. Себеби бир киши өлтүрүлгөн да, руху да асманга көтөрүлгөн болушу мүмкүн. Антпесе, бул сөз маанисиз болуп калат жана Курани Керим мындай маанисиз сүйлөмдөрдөн аруу, алыс... «Рефтин» руханий гана болгонун жактагандардын чечмелеши боюнча, аяттын котормо мааниси мындай: «Аны өлтүрүшкөн жок жана асышкан жок... тескерисинче Аллах анын даражасын көтөрдү.» Бул жерде ижаз (маңыздуу сөз) мындай турсун, ортоңку даражалуу бир белагат (даанышман сүйлөө чеберчилиги) да жок... «Имараттын лифти мени ар күнү мен жашаган төртүнчү кабатка чыгарат» дегенде эч бир акылдуу адам бул сүйлөмдөн «мени руханий төртүнчү кабатка чыгарат» деген маанини чыгарбайт. Демек Аз. Иса дагы руханий эле көтөрүлгөн эмес. (Mustafa Sabri, Mevkıfu'l Akl, б. 233)
Саид Рамазан эль-Бутинин İslam Akaidi (Ислам акаиди) аттуу эмгегинде болсо бул мындайча түшүндүрүлгөн:
Аяттын мурдакы бөлүмү менен кийинки бөлүмдөрү арасындагы эки тараптуу төп келүүчүлүк мажбурлуу түрдө бир акыйкатты көрсөтүүдө. Мисалы, бир арап кишинин «мен ач эмесмин, тескерисинче эс алып жатам» деши туура сүйлөм болбойт. Ошол сыяктуу, «Халид өлгөн жок, тескерисинче ал жакшы бир киши» сүйлөмү да сүйлөм мүчөлөрү жагынан мааниси бузук. Туурасы болсо: «Халид өлгөн жок, тескерисинче жашап жатат» болот. «Башчы өлтүрүлгөн жок, ал Аллах Кабатында даражасы жогору бир киши» деп айтуу сүйлөмдүн маанисинде бир кемчиликке алып келет. Себеби анын Аллах Кабатында жогорку даражалуу киши болушу анын өлтүрүлүшүнө тоскоол эмес. «Бел» байламтасы мурдакы сөз менен кийинки сөз арасында бир карама-каршылыкты көрсөтөт. Б.а. «бел» өзүнөн мурдакы бир өкүмдү жокко чыгарат. (M. Said Ramazan el-Buti, Yaratıcının Varlığı ve Yaratılanın Görevi İslam Akaidi, Mavde Yayınları, İstanbul, 1996, б. 338)
Апачык көрүнүп тургандай, жогорку күч-кудуреттүү Аллах Аз. Иса (ас)га курулган тузакты аны тирүү абалда Өз Кабатына көтөрүү аркылуу бузган. Бул далилдердин баары Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатында тирүү экенин жана Раббибиз буйруган бир убакта кайрадан жер жүзүнө келээрин дагы бир жолу көрсөтүүдө. (Туурасын Аллах билет.)
Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына көтөрүлүшү жөнүндө аяттарда кабар берилген маалыматтардын бири – бул Аллахтын Аз. Иса (ас)ды каапырлардан тазалашын кабар бериши. Али Имран Сүрөсүнүн 55-аятында мындай деп айтылат:
... сени Өзүмө көтөрөм (рафиуке), сени каапырлардан тазалайм (мутаххируке) жана сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм... (Али Имран Сүрөсү, 55)
Аяттын арапчасындагы «мутаххируке» сөзүнүн уңгусу «тахара» сөзү, жана анын сөздүк мааниси: таза болуу. Ислам аалымдары аяттагы бул сөздүн Аз. Иса (ас)дын тирүү абалда Аллах Кабатына көтөрүлгөндүгүнүн далилдеринин бири деп кабыл алышат. Ислам аалымдары боюнча аяттын тафсири; «Сени алып жатам, Кабатыма көтөрүп жатам жана сени каапыр жана фажирлер (бузуку, жалганчылар) менен кирдеген бул чөйрөдөн алыстатып жатам» маанисинде.52 Бул боюнча, «Аллахтын Аз. Иса (ас)ды каапырлардан тазалашы» Аз. Иса (ас)ды өлтүрүү үчүн курулган тузактардын бузулушу жана каапырлардын максатына жете албашы, б.а. Аз. Иса (ас)дын тирүү абалда Аллах Кабатына көтөрүлүшү деген мааниге келет. (Туурасын Аллах билет.)
Ошондой эле, аяттагы сүйлөмдөн Аз. Иса (ас)дын тазаланышы деп денеси менен жана каапырлардын арасынан бөлүнүп тазаланышынын айтылып жатканы көрүнүп турат. (Туурасын Аллах билет.) Натыйжада кээ бирлер айткан, Аз. Иса (ас) өлүп руху гана Аллах Кабатына көтөрүлгөн деген пикирдин туура эмес экени дагы бир жолу көрүнүп турат. Аз. Иса (ас)дын рухунун гана көтөрүлүшү аятта билдирилген тазалануунун ишке ашпашы деген мааниге келет.
Аятта билдирилгендей бир тазалануу болушу үчүн Аз. Иса (ас)дын руху жана денеси менен бирге каапырлардын арасынан бөлүнүшү керек. Мындан тышкары, руханий бир тазалануу Аз. Иса (ас) сыяктуу жогорку адеп-ахлактуу, Аллах Кабатында абройлуу жана терең ыймандуу бир пайгамбар үчүн маанисиз. Аз. Иса (ас)дын жогорку адеп-ахлагы Мерйем Сүрөсүнүн 33-аятында мындайча кабар берилген; «Туулган күнүмдө, өлөр күнүмдө жана тирүү абалда кайрадан-тургузула турган күнүмдө да салам мага.» Аз. Иса (ас)дын руху чын ыкластуу бир момун жана Аллахтын элчиси болгондуктан, Аллахтын уруксаты менен, таптаза. Бирок ал турган чөйрө мушриктер менен каапырлардын жаман мүнөздөрү жана жаман иш-аракеттеринен улам таза эмес. Бир аятта Раббибиз мушриктердин адеп-ахлагынын жамандыгынан улам «кир» экенине ишарат кылган:
Эй ыймандуулар, мушриктер кир кишилер; демек бул жылдардан соң эми Харам Мечитине жолобошсун... (Тообо Сүрөсү, 28)
Демек, Аз. Иса (ас)дын каапырлардан тазаланышы анын денеси менен бирге алардын арасынан алысташы маанисине келет. Аллах Аз. Иса (ас)ды каапырлардан жана алар курган тузактардан тазалап коргогон. Бул болсо Раббибиздин Аз. Иса (ас)ды Өз Кабатына көтөрүшү аркылуу ишке ашкан. (Туурасын Аллах билет.)
Египеттик аалым Халил Херрас болсо аятта билдирилген «тазалануу» сөзүнүн мааниси жөнүндө мындай дейт:
Аз. Иса (ас)дын каапырлардан тазаланышы алардын бузуку тузактарынан кутулушу аркылуу болот. Бул болсо Аз. Иса (ас)дын өлүмү жана топуракка көмүлүшү аркылуу эмес, тирүү абалда асманга көтөрүлүшү аркылуу боло алат. Себеби душмандары, Аз. Иса (ас)га окшоткон кишиге кылган сыяктуу, анын денесине да кыйноо жасашы мүмкүн эле... (Halil Herras, Hz. İsa Gelecek mi?, Isparta, Ocak 2002, б. 66)
Аз. Иса (ас)дын каапырлардан тазаланышы Элмалылы Хамди Йазыр тафсиринде да айтылгандай, Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына көтөрүлүшү аркылуу болгон:
... Жана бул көтөрүү аркылуу ал күфүр кылган, каапырлардан сени тазалайм, эми алар менен байланышың калбайт... (Elmalılı Hamdi Yazır, Hak Din Kuran Dili, Cilt II, б. 1112-1113)
Бул бөлүмгө чейин айтылгандардан Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнү жана Аллах Кабатына көтөрүлгөнү апачык түшүнүктүү болду. Бирок Куранда көңүл бурулган дагы бир маанилүү жагдай бар: Аз. Иса (ас) жер жүзүнө кайра кайтып келет.
Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө экинчи жолу келиши Куранда апачык билдирилген. Куранда билдирилген бул далилдер төмөнкүдөй:
Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө түшөөрү жөнүндө ишараттар камтыган аяттардын биринчиси – бул Али Имран Сүрөсүнүн 55-аяты:
Аллах Исага айткан эле: «Эй Иса, чындыгында сени Мен көз жумдурам (мүтевеффийке), сени Өзүмө көтөрөм (рафиуке), сени каапырлардан тазалайм жана сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм. Анан Мага гана кайтып келесиңер, талашкан нерселериңер жөнүндө араңарда Мен өкүм берем.» (Али Имран Сүрөсү, 55)
Аяттагы «сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм» сүйлөмү терең маанилүү. Куранда кыяматка чейин каапырларга үстөм болгон жана Аз. Иса (ас)га чындап моюн сунган (аны ээрчиген) бир топтун бар экени жөнүндө сөз болуп жатат. Бул ээрчигендер кимдер? Аз. Иса доорунда жашаган хаварийлерби, же бүгүн жашап жаткан христиандарбы?
Аз. Иса (ас) Аллах Кабатына көтөрүлөөрдөн мурда аны ээрчигендердин саны өтө аз эле. Жана ал дүйнөдөн кеткен соң христиандык өтө бат бузулуп баштаган. Мындан тышкары, хаварийлер олуттуу бир кысымчылык астында жашашкан. Кийинки эки кылым бою да Аз. Иса (ас)га ыйман келтиргендер ошондой кысымдарга кабылышкан; себеби эч кандай саясий күчтөрү жок эле. Демек өтмүштө жашаган христиандар каапырларга үстөм болгон жана бул аят ошолор жөнүндө деп айта албайбыз.
Андан кийинки убакты, б.а. азыр жашап жаткан христиандарды караганыбызда болсо ансыз да христиан дининин чыныгы абалынын бузулганын, Аз. Иса (ас) чакырган акыйкат динден башка бир дин пайда болгонун көрөбүз. Аз. Иса (ас) Аллахтын уулу деген адашкан бир ишеним кабылданып, үчтөө ишеними (Ата, уул, ыйык Рух) кабыл алынган. (Аллахты аруулайбыз.) Демек дин өзүнүн чыныгы абалынан өтө алыстаган учурдагы христиандарды Аз. Иса (ас)га вахий кылынган акыйкат динге моюн сунгандар катары кабыл ала албайбыз. Куранда үчтөө (троица) ишениминин адашкан бир ишеним экени мындайча билдирилген:
Ант болсун, «Аллах үчтүн үчүнчүсү» дегендер каапыр болушту. Чындыгында жалгыз бир Кудайдан башка кудай жок... (Маида Сүрөсү, 73)
Демек, «сени ээрчигендерди кыяматка чейин каапырдыкка адашкандардын үстүнө өткөрөм» сөзүнүн ачык бир ишараты бар. Аз. Иса (ас)ды ээрчиген жана кыяматка чейин жашай турган бир топ болушу керек. Мындай бир топ, албетте, Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө кайра келиши натыйжасында пайда болот. Жана аны кайра дүйнөгө келгенде ээрчигендер кыяматка чейин каапырларга үстөм кылынат.
Бул темада жогоруда карап өткөн Ниса Сүрөсүнүн 156-158-аяттарынан соң Аллах 159-аятта мындай деп буюрат:
Ант болсун, китеп берилгендерден (эхли китап) өлөрдөн мурда ага ишенбей турган эч ким жок. Кыямат күнү ал болсо аларга күбө болот. (Ниса Сүрөсү, 159)
Бул аяттагы «өлөрдөн мурда ага ишенбей турган эч ким жок» сөзүнүн өтө терең мааниси бар. Бул сүйлөмдүн арапчасы төмөнкүдөй:
"... ве ин мин эхлил китаби илла лейүминенне бихи кабле мевтихи»
Бул жерде кээ бир тафсирчилер «ал» ат атоочу Аз. Иса (ас) эмес, Куран жөнүндө деп ойлошкон жана аятты китеп берилгендер өлөрдөн мурда Куранга ыйман келтиришет деп жоромолдошкон.
Чындыгында болсо бул аяттан мурдакы эки аятта да «ал» ат атоочу талашсыз Аз. Иса үчүн колдонулган:
Жана: «Биз Аллахтын пайгамбары Мерйем уулу Месих Исаны чындап өлтүрдүк» дегени себептүү да (аларга ушундай бир жаза бердик). Чындыгында болсо аны өлтүрүшкөн жок жана аны асышкан жок. Бирок аларга (ошого) окшош көрсөтүлдү. Чындап ал жөнүндө талашка түшкөндөр анык бир күмөн ичинде. Алардын күмөндөн башка бул жөнүндө эч кандай маалыматтары жок. Аны өлтүрүшпөгөнү анык. (Ниса Сүрөсү, 157)
Жок, Аллах аны Өзүнө көтөрдү. Аллах үстөм жана күчтүү, өкүмдар жана даанышман. (Ниса сүрөсү, 158)
Бул аяттардын артынан эле келген аятта колдонулган «ал» ат атоочунун Аз. Иса (ас)дан башка бир киши же нерсе жөнүндө экенин көрсөткөн эч кандай далил жок.
Ант болсун, китеп берилгендерден (эхли китап) өлөрдөн мурда ага ишенбей турган эч ким жок. Кыямат күнү ал болсо аларга күбө болот. (Ниса Сүрөсү, 159)
Башка жагынан, аяттын экинчи сүйлөмү болгон «Кыямат күнү ал болсо аларга күбө болот» деген сүйлөм дагы маанилүү. Куранда кыямат күнү адамдын тилинин, колдорунун жана буттарынын (Нур Сүрөсү, 24; Йасин Сүрөсү, 65), көрүү, угуу сезимдеринин жана терилеринин (Фуссилет Сүрөсү, 20-23) анын зыянына күбө болоору билдирилет. Курандын күбө болушу жөнүндө болсо бир дагы аят жок. Биринчи сүйлөм –грамматикалык жактан же логикалык жактан эч кандай далил болбогону карабастан- Куран жөнүндө айтылган деп кабыл алынса, экинчи сүйлөмдөгү «ал» ат атоочу да Куран жөнүндө деп жакталган болот. Бирок мындай деп айтуу үчүн ачык бир аят талап кылынат. Ошондой эле, мурдакы аятта билдирилген «... Аллах аны Өзүнө көтөрдү» сүйлөмү дагы бул аятта ишарат кылынгандын Куран эмес экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Куран 1400 жылдан бери ыймандууларга туура жол (хидаят) көрсөтүүчү болуп келатат жана Аллах Кабатына көтөрүлгөн жок. Аллах Кабатына Аз. Иса (ас) көтөрүлгөн. Бул дагы аятта кабар берилген «күбө болуунун» Аз. Иса (ас)дын «эхли китапка (китеп берилгендерге)» бере турган күбөлүгү экенин, аятта «ал» ат атоочу менен Куранга ишарат кылынбаганын көрсөткөн дагы бир далил. (Туурасын Аллах билет.)
Башка аяттарда ушул эле ат атооч Куранга ишарат кылган жерлерде (Немл Сүрөсү, 77 жана Шуара Сүрөсү 192-196-аяттардагы сыяктуу) аяттын алдында жана артында Курандан сөз болгонун көрөбүз. Аяттын алдында, артында же аяттын ичинде Куран жөнүндө айтылбаса, бул аятта Куран жөнүндө сөз болуп жатат деш туура эмес болот. Бул аятта болсо апачык Аз. Иса (ас)га ишенүү жана анын ыймандууларга күбө болушу жөнүндө сөз болуп жатат.
Аяттын мааниси жөнүндө дагы бир белгилей кетчү жагдай болсо – бул «өлүмүнөн мурда» сөзүнүн жоромолу менен байланыштуу. Кээ бирлери бул сүйлөм «Эхли китаптын (китеп берилгендердин) өз өлүмдөрүнөн мурда» ишениши деген мааниде деп ойлошууда. Бул көз-караш боюнча, «эхли китаптан (китеп берилгендер, б.а. еврей, христиандар)» болгон ар бир киши ага өлүм келбестен Аз. Иса (ас)га сөзсүз ыйман келтирет. Бирок арап тилинин грамматикасы бул пикирдин туура эмес экенин көрсөтүүдө. Куранда «эхли китап» жөнүндөгү бүт аяттарда көптүк санды көрсөткөн «хум» мүчөсү колдонулган. (Беййине Сүрөсү, 1 жана 6; Хадид Сүрөсү, 29; Хашр Сүрөсү, 2деги сыяктуу.) Бул аятта болсо жекелик санды билдирген «ху» мүчөсү колдонулган. Демек, аятта Аз. Иса (ас)дын өлүмүнөн –б.а. жер жүзүнө экинчи жолу келип биологиялык мааниде өлөрдөн- мурда «эхли китаптын» ага ишенээри кабар берилип жатат. (Туурасын Аллах билет.) Мындан тышкары, Аз. Иса (ас) убагында «эхли китап» сыпатына кирген кээ бир еврейлер ага ыйман келтирбей эле тим болбостон, аны өлтүрүү үчүн тузак да курушкан. Аз. Иса (ас)дан кийин жашап өткөн еврей менен христиандардын болсо Аз. Иса (ас)га –Куранда билдирилгендей- ыйман келтиргенин айтуу мүмкүн эмес. Жыйынтыктасак, аятты жакшылап караганыбызда анын маанисинин төмөнкүдөй экенин түшүнөбүз: «Аз. Иса (ас) өлөрдөн мурда бүт эхли китап (китеп берилгендер) ага ыйман келтиришет». Б.а. Аз. Иса (ас) экинчи жолу дүйнөгө келгенде бүт еврей, христиандар аны ээрчип Мусулман болушат жана Ислам ахлагы бүт жер жүзүнө орнойт.
Ошондой эле, аятта келечек жөнүндө сөз болуп жатканы анык, себеби Аз. Иса (ас)дын «өлүмү» жөнүндө айтылып жатат. Чындыгында болсо ал өлгөн эмес, Аллах Кабатына көтөрүлгөн. Аз. Иса дүйнөгө кайрадан келет жана бүт адамдар сыяктуу жашап өлөт. Экинчиси Аз. Иса (ас)га бүт эхли китап (еврей, христиандар) ыйман келтиришет. Бул дагы али боло элек, бирок сөзсүз болоору кабар берилген бир окуя.
Ошондуктан бул жерде «өлүмүнөн мурда» деп Аз. Иса (ас) жөнүндө айтылган. Эхли китап аны көрүп таанып, ал жашап жаткан кезде ага моюн сунушат жана Аз. Иса (ас) болсо алар жөнүндө акыретте күбө болот. (Туурасын Аллах билет.)
Аз. Иса (ас)дын акыр заманда кайрадан жер жүзүнө кайтышы жөнүндө дагы бир аят – бул Зухруф Сүрөсүнүн 61-аяты. Бул сүрөнүн 57-аятынан баштап Аз. Иса (ас)дан сөз кылынат:
Мерйем уулу (Иса) бир мисал катары берилгенде, сенин коомуң ошол замат андан (жыргап сөз кылып) каткырып күлүшүүдө. «Биздин кудайларыбыз жакшыбы, же албы?» дешти. Аны бир гана талаш темасы болсун деп (мисал) беришти. Жок, алар «талашка жакын жана душман» бир коом. Ал болгону бир кул; ага немат-жакшылык бердик жана аны Исраил урпактарына бир өрнөк кылдык. Эгер Биз каалаганыбызда, албетте силерден периштелер кылмакпыз; жер жүзүндө (силерге) халеф (ордуңарды басуучулар) болушмак. (Зухруф Сүрөсү, 57-60)
Бул аяттардын артынан эле келген 61-аятта Аз. Иса (ас)дын кыямат сааты үчүн бир илим экени айтылат:
Күмөнсүз, ал кыямат сааты үчүн бир илим. Демек андан эч шек санабагыла жана мага баш ийгиле. Туптуура жол ушул. (Зухруф Сүрөсү, 61)
Бул аятта Аз. Иса (ас)дын акыр заманда жер жүзүнө кайтышы кабар берилүүдө. Себеби Аз. Иса (ас) Куран түшүрүлөөрдөн алты кылым мурда жашаган. Ошондуктан ал биринчи жашоосун «кыямат сааты үчүн бир илим (маалымат)», б.а. бир кыямат белгиси катары түшүнө албайбыз. Аят Аз. Иса (ас)дын акыр заманда кайрадан жер жүзүнө келээрин жана анын болсо бир кыямат алааматы болоорун ишарат кылууда. (Туурасын Аллах билет.) Бул аяттагы «Ал кыямат сааты үчүн бир илим» сүйлөмүнүн арапчасы төмөнкүдөй: «Иннеху ле илмун лиссаати.» Бул жердеги «ху» ат атоочун «Куран» деп жоромолдогондор бар. Бирок Куран үчүн «ху» ат атоочу колдонулганда сөзсүз аяттан мурда же кийин же аяттын ичинде Куран жөнүндө сөз кылган башка сүйлөмдөр болот. Башка бир жерде «ху» ат атоочу менен Куран жөнүндө сөз кылынган эмес. Ошондой эле, мурдакы аятты караганыбызда ал жерде да апачык Аз. Иса (ас) жөнүндө «ал» ат атоочу колдонулганын көрөбүз:
«Ал болгону бир кул; ага немат-жакшылык бердик жана аны Исраил урпактарына бир өрнөк кылдык.»
Бул ат атоочтун Куранга ишарат кылаарын айткандар болсо аяттын уландысындагы «Андан эч шек санабагыла жана мага баш ийгиле» сүйлөмүн «далил» катары көрсөтүшөт. Бирок бул сүйлөмдөн мурдакы аяттарда толугу менен Аз. Иса (ас)дан сөз кылынат. Ушул себептен «ху» ат атоочунун мурдакы аяттар менен байланыштуу болушу жана Аз. Иса (ас) жөнүндө айтылып жатышы туурараак болот. Белгилүү Ислам аалымдары да бул ат атоочту аяттарга да, сахих хадистерге да таянып, Аз. Иса (ас) деп түшүндүрүшөт. Элмалылы Хамди Йазырын тафсиринде мындайча чечмеленет:
Сөзсүз, ал саат үчүн бир илим – сааттын келээрин өлүүлөрдүн тирилип, кыям этээрин билдирген бир далил жана белги (алаамат). Себеби Иса элдерге көрүнүшү жана өлүүлөрдү тирилтүү (эмвати ихйа) керемети жана ошондой эле өлүүлөрдүн турушун (эмватын кыямын) кабар бериши жагынан кыяматтын болооруна бир далил болгон сыяктуу, хадисте айтылгандай кыямат белгиси (эшраты саат).
(http://www.kuranikerim.com/telmalili/zuhruf.htm)
Заманбап Ислам аалымдарынан Сеййид Кутуб да тафсиринде Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө кайра келишинин маанилүү далилдеринин биринин ушул аят экенин айтат. Кутубдун тафсиринде мындай деп айтылат:
Аз. Иса (ас)дын кыямат болоордон мурда жер жүзүнө түшөөрү жөнүндө көптөгөн хадистер бар тилибизде. Бул аят да ошого ишарат кылат. «Ал кыяматтын болоорун көрсөтүүчү бир илим.» Б.а. Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө түшүшү менен кыяматтын жакындаганы белгилүү болот. Экинчи бир окуу формасында аят мындайча окулат: «Ве иннеху ле алемун лиссати». Б.а. анын түшүшү кыяматтын белгиси, алааматы. Эки окуу формасы тең бир эле маанини берет. Аз. Иса (ас)дын асмандан түшүшү – туура сөздүү жана ишенимдүү Пайгамбар, Ага салат жана салам болсун, сөз кылган жана улуу Куран ишарат кылган бир кайып кабары. Кыямат күнүнө чейин өзгөрбөстөн кала турган бул эки булактан келген маалыматтардан башка, бул маселе жөнүндө кандайдыр бир адамдын сүйлөй турган бир сөзү болушу мүмкүн эмес. (Seyyid Kutub, Fizilali'l Kuran, http://www.sevde.de/Kuran-Tevsiri/Kuran_Tefsiri.htm)
Кевсери эң илгерки акаида китептеринде да бул аяттын Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө келишине далил катары колдонулганын айтса, Өмер Насухи Билмен тафсиринде болсо бул аят мындайча чечмеленет:
Жана кыямат жакындаган болушу үчүн Иса Алейхиссаламдын бир алаамат экенин жана кыяматтын болоорунун күмөнсүз экенин кабар берет... Иса Алейхиссаламдын жер жүзүнө түшүшү да кыямат шариятынан саналат... (Ömer Nasuhi Bilmen, Kuran-ı Kerim'in Türkçe Meal-i Alisi ve Tefsiri, Cilt VII, 3292)
Мындан тышкары, дагы бир нерсени айта кетүү керек: Куранда эч бир пайгамбардын кыямат үчүн бир илим экени айтылган эмес. Аз. Мухаммед (сав), Аз. Ибрахим (ас), Аз. Нух (ас), Аз. Муса (ас), Аз. Сулайман (ас), Аз. Йусуф (ас), Аз. Давуд (ас), Аз. Йакуп (ас) жана дагы көптөгөн пайгамбардын өмүрү Куранда терең баян кылынат, бирок эч бири жөнүндө мындай сөз айтылган эмес. Бул дагы Аз. Иса (ас)дын –Аллахтын каалоосу менен- башка пайгамбарлардан айырмалуу бир өзгөчөлүккө ээ экенине ишарат кылууда. Бул өзгөчөлүк – Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына алынган соң кайрадан жер жүзүнө кайтарыла турган болушу. (Туурасын Аллах билет.)
Аз. Иса (ас)дын экинчи келишине ишарат кылган башка аяттар болсо төмөнкүдөй:
Периштелер: «Мерйем, чындыгында Аллах Өзүнөн бир сөздү сага сүйүнчүлөөдө. Анын аты Мерйем уулу Иса Месих. Ал дүйнөдө жана акыретте «тандалган, барктуу, урматтуу» жана (Аллахка) жакын кылынгандардан. Бешикте да, жетилгенде да адамдар менен сүйлөшөт. Жана Ал чын ыкластуулардан» дешти. «Раббим, мага бир адам тийбесе, кантип балалуу болушум мүмкүн?» деди. (Бирок) Аллах эмнени кааласа жаратат. Бир иштин болушун чечсе, ага «Бол» гана дейт, ал болсо ошол замат болуп калат. Ага Китепти, даанышмандыкты, Тооротту жана Инжилди үйрөтөт. (Али Имран Сүрөсү, 45-48)
Аятта Аллахтын Аз. Иса (ас)га Тооротту, Инжилди жана ошондой эле «Китепти» үйрөтөөрү кабар берилүүдө. Ушул эле сөз Маида Сүрөсүнүн 110-аятында да орун алган:
Аллах минтип айтат: «Эй, Мариям (Мерйем) уулу Иса, сага жана энеңе болгон нематымды эстегин. Мен сени Рухул-Кудүс менен кубаттадым, бешикте (жаткан) кезиңде да, жетилген кезиңде да адамдар менен сүйлөшчү элең. Сага Китепти, даанышмандыкты, Тооротту жана Инжилди үйрөттүм. Уруксатым менен ылайдан канаттууга окшош (бир нерсени) жасачусуң...» (Маида Сүрөсү, 110)
Эки аятта тең кездешкен «китеп» сөзүн караганыбызда, мунун Куранга ишарат кылаарын көрөбүз. Аяттарда Тоорот менен Инжилден тышкары жөнөтүлгөн акыркы акыйкат китептин Куран экени билдирилет. (Аз. Давуд (ас)га берилген Забур да Эски Осуяттын (Ветхий Завет) ичинде.) Ошондой эле, Курандын башка бир аятында, Али Имран Сүрөсүнүн 3-аятында «китеп» сөзү Инжил менен Тоороттон тышкары Куранды айтуу үчүн колдонулган:
Аллах... Андан башка Кудай (Илах) жок. Тирүү, каим. Ал сага Китепти Акыйкат жана андан мурдакыларды тастыктоочу катары түшүрдү. Ал Тоорот менен Инжилди да түшүргөн эле. (Али Имран Сүрөсү, 2-3)
Китеп сөзү Куранга ишарат кылган башка кээ бир аяттар төмөнкүдөй:
Аллах Кабатынан жандарындагы (Тоорот)ту тастыктаган бир Китеп келгенде, -чынында андан мурда каапырларга каршы жеңиш сурап жатышкан- мына билип-тааныгандары келгенде, аны танышты. Аллахтын каргышы каапырларга болот. (Бакара Сүрөсү, 89)
Силерге өзүңөрдөн, силерге аяттарыбызды окуй турган, силерди тазалай турган, силерге Китеп жана даанышмандыкты жана билбегениңерди үйрөтө турган бир элчи жөнөттүк. (Бакара Сүрөсү, 151)
Демек, Аз. Иса (ас)га үйрөтүлө турган үчүнчү «Китептин» Куран экени жана мунун болсо Аз. Иса (ас) акыр заманда дүйнөгө кайтканда гана мүмкүн экени анык. Себеби Аз. Иса (ас) Куран түшүрүлөөрдөн болжол менен 600 жыл мурда жашаган. Ошондой эле, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринде Аз. Иса (ас)дын дүйнөгө экинчи жолу келгенде Инжил менен эмес, Куран менен өкүм берээрин кабар бергени да мунун бир далили:
Кырк (40) жыл Аллахтын Китеби жана менин сүннөтүм менен өкүм берип, көз жумат. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir Zaman, б. 92)
Бул жерден да апачык көрүнүп тургандай, Аз. Иса (ас) кайрадан жер жүзүнө келгенде, Курандагы өкүмдөр менен өкүм берип, Аз. Мухаммед (сав)дын сүннөтүн улантат. Бул дагы аяттардагы мааниге толук дал келүүдө. (Албетте туурасын Аллах билет.)
Бул аяттарда көңүл буруу керек болгон дагы бир жагдай бар: Аз. Иса (ас) жөнүндө айтылган бул нерсе, мындан мурдакы темадагы сыяктуу, башка эч бир пайгамбар жөнүндө айтылган эмес. Мисалы, Аз. Муса (ас)га Тоороттун түшүрүлгөнү, Аз. Ибрахим (ас)га берилген барактар бар экени, Аз. Давуд (ас)га Забурдун вахий кылынганы Куранда айтылат. Же пайгамбарлардын алардан мурдакы доорлордо түшкөн китептер бар болсо, ал китептерди билишкени кабар берилет. Бирок эч бир пайгамбар жөнүндө анын доорунан кийин түшүрүлө турган бир китептин да аларга үйрөтүлгөнү айтылбайт. Өзүнөн мурда түшүрүлгөн, өзүнө вахий кылынган жана өзүнөн кийин түшүрүлө турган китепти билээри айтылган жалгыз пайгамбар – бул Аз. Иса (ас). Бул дагы Аз. Иса (ас)дын кайрадан жер жүзүнө келээринин жана экинчи жолу келгенде өзүнөн кийин вахий кылынган китеп менен, б.а. Куран менен өкүм берээринин ишараттарынын бири. (Туурасын Аллах билет.)
Бүт булардан тышкары, «Күмөнсүз, Аллах Кабатында Исанын абалы Адамдын абалы сыяктуу...» (Али Имран Сүрөсү, 59) аяты дагы Аз. Иса (ас)дын кайтып келишине ишарат кылып жатышы мүмкүн. Тафсир аалымдары көбүнчө бул аятты эки пайгамбардын тең атасыз болушуна, Аз. Адамдын Аллахтын «Бол» буйругу менен топурактан жаратылышы менен Аз. Иса (ас)дын да «Бол» буйругу менен атасыз төрөлүшүнө ишарат кылат дешет. Бирок аяттын экинчи ишараты да болушу мүмкүн. Аз. Адам (ас) бейиштен жер жүзүнө түшүрүлгөн сыяктуу, Аз. Иса (ас) да акыр заманда Аллахтын Кабатынан жер жүзүнө түшүрүлүшү мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.) Көрүнүп тургандай, Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө кайра кайтып келээри жөнүндөгү Куран аяттары апачык.
Куранда Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына алынганын айткан башка бир аят болсо Мерйем Сүрөсүндө орун алат:
«Туулган күнүмдө, өлөр күнүмдө жана тирүү абалда кайрадан-тургузула турган күнүмдө да салам мага.» (Мерйем Сүрөсү, 33)
Бул аят Али Имран Сүрөсүнүн 55-аяты менен чогуу каралганда өтө маанилүү бир чындыкка ишарат кылат. Али Имран Сүрөсүндөгү аятта Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатына көтөрүлгөнү айтылат. Бул аятта өлүү же өлтүрүлүү жөнүндө эч маалымат берилген эмес. Бирок Мерйем Сүрөсүнүн 33-аятында Аз. Иса (ас)дын өлөр күнү жөнүндө сөз болуп жатат. Бул экинчи өлүм болсо Аз. Иса (ас)дын экинчи жолу дүйнөгө келип, белгилүү мөөнөт жашаган соң көз жумушу аркылуу гана болушу мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.)
Аз. Иса (ас)дын кайрадан дүйнөгө келиши жөнүндө дагы бир далил болсо Маида Сүрөсүнүн 110-аятында жана Али Имран Сүрөсүнүн 46-аятында орун алган «кехлен» сөзү. Аяттарда мындайча буюрулат:
Аллах минтип айтат: «Эй, Мариям уулу Иса, сага жана энеңе болгон нематымды эстегин. Мен сени Рухул-Кудүс менен кубаттадым, бешикте (жаткан) кезиңде да, жетилген (кехлен) кезиңде да адамдар менен сүйлөшчү элең...» (Маида Сүрөсү, 110)
«Бешикте да, жетилгенде (кехлен) да адамдар менен сүйлөшөт. Жана Ал салихтерден (чын ыкластуулардан).» (Али Имран Сүрөсү, 46)
Бул сөз Куранда жогорудагы эки аятта гана жана бир гана Аз. Иса (ас) үчүн колдонулат. Аз. Иса (ас)дын жетилген кезин сүрөттөө үчүн колдонулган «кехлен» сөзү «отуз менен элүү жаштар арасында, жаштык доору аяктап улгайууга кадам таштаган, жашы кемелге (кемчиликсиздикке) жеткен киши» маанисине келет. Бул сөз Ислам аалымдары арасында бир ооздон «35 жаштан кийинки убакка ишарат кылат» деп которулат.
Аз. Иса (ас)дын жаш кезинде, т.а. отуз жаштын баштарында асманга көтөрүлгөнүн, жер жүзүнө түшкөн соң кырк жыл тураарын айткан жана Ибни Аббастан риваят кылынган хадиске таянган Ислам аалымдары Аз. Иса (ас)дын улгайуу доорунун кайра дүйнөгө келген соң болоорун, ошондуктан бул аяттын Аз. Иса (ас)дын түшүшүнө бир далил экенин айтышат. (Muhammed Halil Herras, Faslu'l-Makal fi Ref'I İsa Hayyen ve Nüzulihi ve Katlihi'd-Deccal, Mektebetü's Sünne, Kahire, 1990, б. 20)
Куран аяттарын караганыбызда бул сөздүн бир гана Аз. Иса (ас) үчүн колдонулганын көрөбүз. Бүт пайгамбарлар адамдар менен сүйлөшүп, аларды динге чакырышкан. Баары жетилген кезинде динге чакыруу милдетин орундатышкан. Бирок Куранда башка пайгамбарлар жөнүндө мындай бир сөз колдонулган эмес. Бул сөз Аз. Иса (ас) жөнүндө гана колдонулган жана кереметтүү бир абалды айтып жатат. Себеби аяттарда катары менен келген «бешикте» жана «жетилген кезде» сөздөрү эки чоң кереметтүү убакка көңүл бурат.
Имам Табери Taberi Tefsiri (Табери Тафсири) аттуу эмгегинде бул аяттардагы сөздөрдү мындайча чечмелейт:
Бул сөздөр (Маида Сүрөсү, 110) Аз. Иса (ас)дын өмүрүн аяктап улгайган кезинде адамдар менен сүйлөшө алышы үчүн асмандан түшөөрүнө ишарат кылууда. Себеби ал жаш кезинде асманга көтөрүлгөн...
Бул аятта (Али Имран Сүрөсү, 46) Аз. Иса (ас)дын тирүү экенине далил бар жана ахли сүннөт да ушундай көз-карашта. Себеби аятта анын улгайган кезде да адамдар менен сүйлөшөөрү айтылат. Улгайышы болсо асмандан жер жүзүнө түшкөн кезде гана болот. (Taberi Tefsiri, İmam Taberi, том 2, б. 528; том 1, б. 247)
Бирок кээ бир кишилер «жетилген» сөзүн чыныгы маанисинен алыстатып жоромолдошуп, Курандын жалпы логикасына ылайык баалашпайт. Ал кишилер пайгамбарлар дайыма жетилген жана кемелге жеткен кишилер болушат, ошондуктан бул сөз пайгамбарлардын бүт өмүрлөрүнө ишарат кылат дешет. Албетте, пайгамбарлар Аллах кемелге жеткирген, бышып жетилген кишилер. Бирок Аллах Ахкаф Сүрөсүндө бышып жетилүү жашынын 40 жаш экенине ишарат кылат. Аятта мындай деп айтылат:
Биз адамга ата-энеңе жакшы мамиле кыл деп кеңеш бердик. Энеси аны кыйналып көтөрүп жүрдү жана аны кыйынчылык менен төрөдү. Анын (кош бойлуу кезде) көтөрүп жүрүлүшү менен сүттөн чыгышы отуз ай. Анан күчтүү (жетилген) убакка жетип кырк жыл (жаш)ка жеткенде: «Раббим, мага, эне жана атама берген нематка шүгүр кылышымды жана Сен ыраазы боло турган салих бир ишти кылышымды мага илхам кыл; мен үчүн салих (ыкластуу) урпактар бер. Чындап мен тообо кылып Сага бурулдум жана чындап мен Мусулмандарданмын» деди. (Ахкаф Сүрөсү, 15)
«Кехлен» сөзүнүн чечмелениши да, Курандагы башка маалыматтар сыяктуу, Аз. Иса (ас)дын кайрадан жер жүзүнө келишине ишарат кылууда. (Туурасын Аллах билет.)
Куранда өмүр сүрүп жаткан кезде жер жүзүнөн жүздөгөн жыл кетип, кайра кайткан башка мисалдар да кабар берилет.
Бул мисалдардын бири Бакара Сүрөсүндө баяндалган «жүз жыл өлгөнү» айтылган бир адамдын өмүрү менен байланыштуу:
Же асты үстүнө келген, эч ким жашабаган бир шаарга жолуккан сыяктууну (көргөн жоксуңбу?) Айтты эле: «Аллах бул жерди өлүмүнөн кийин кантип тирилтет болду экен?» Буга жооп катары Аллах аны жүз жыл өлүү абалда койду, кийин аны тирилтти. (Жана ага) Айтты: «Канча болдуң?» Ал: «Бир күн же бир күндөн аз болдум» деди. (Аллах ага:) «Жок, жүз жыл болдуң (уктадың), бирок тамагыңды жана суусунуңду кара, али бузула элек; эшегиңди бир кара; сени инсандарга өрнөк-далил кылуубуз үчүн (муну мындай кылдык). (Эшектин) Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди? деди. Ага (кишиге) баары белгилүү болгондон кийин ал айтты: «(Эми) Чындыгында Аллахтын бардык нерсеге күчү жете турган экендигин билем.» (Бакара Сүрөсү, 259)
Жогоруда айтып кеткендей, аяттарда Аз. Иса (ас)дын жанынын алынганы айтылат. Жогорудагы аятта болсо толук бир өлүм (мевт) айтылган. Ошондуктан чындап өлгөн бир кишинин да Аллахтын каалоосу менен бул дүйнөдө кайра тирилтилгени Куранда кабар берилген бир чындык. Куранда ушуга окшогон башка окуялардан да мисалдар берилет.
Бул жагдайга ишарат кылган дагы бир мисал болсо – бул Кехф Сүрөсүндөгү «Асхабы Кехф» окуя баяны.
Аллах өз доорунун динге каршы өкүмдарынын зулумдугунан коргонуу үчүн үңкүргө корголонгон бир жаштар тобу жөнүндө кабар берген бул баянда (кысса) алардын көп жылдар уктаган соң кайра ойготулганы айтып берилет.
Аяттар төмөнкүдөй:
Ал жаштар, үңкүргө корголонушканда, мындай дешкен: «Раббибиз, Кабатыңдан бизге бир мээрим бер жана ишибизден бизге туураны жеңилдет (бизди ийгиликтүү кыл).
Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). (Кехф Сүрөсү, 10-11)
Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң, бирок алар (терең уйкуда) уктап жатышат. Биз аларды оң тарапка жана сол тарапка айлантып турдук. Иттери болсо эки колун сунуп жаткан. Аларды көргөнүңдө, алардан артка бурулуп качмаксың, алардан ичиңди коркуу каптамак.
Ушундайча, бири-биринен сурашсын деп аларды тирилттик (ойготтук). Араларынан бир сүйлөөчүсү айтты: «Канча турдуңар?» Айтышты: «Бир күн же күндүн бир (канча сааттык) бөлүгүнчөлүк турдук.» Айтышты: «Канча турганыңарды (болгонуңарды) Раббиңер жакшыраак билет; эми бирөөңөрдү мобул акчаңар менен шаарга жөнөткүлө, кайсы тамак таза болсо карап, силерге андан бир ырыскы алып келсин; бирок өтө этият болсун жана силерди эч кимге сездире көрбөсүн. (Кехф Сүрөсү, 18-19)
Куранда жаштардын үңкүрдө канча жыл турганы так айтылбайт. Ал жөнүндө «жылдар бою» деп айтылат, мындан мөөнөттүн өтө кыска эмес экени түшүнүктүү болот. Мындан тышкары, канча мөөнөт турганы жөнүндө адамдардын божомолдошу да өтө узун бир мөөнөт болгон 309 жыл:
Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл турушту жана дагы тогуз (жыл). Айткын: «Канчалык турушканын Аллах жакшыраак билет. Асмандардын жана жердин кайып кабарлары Аныкы. Ал кандай жакшы көрүүдө жана кандай жакшы угууда. Андан башка алардын бир досу (велиси) жок. (Ал) Өз өкүмүндө эч кимди орток кылбайт.» (Кехф Сүрөсү, 25-26)
Дүйнө шарттары боюнча адамдардын мынча көп убакыт укташы мүмкүн эмес. Ошондуктан бул аятта биз билген маанидеги бир уйкуга эмес, Кехф элинин убакыт менен мейкиндик болбогон башка бир чен-өлчөмгө алынышына жана кайрадан дүйнөгө жөнөтүлүшүнө ишарат кылынып жатышы ыктымал. (Туурасын Аллах билет.)
Уйкудан ойгонгон адамдар сыяктуу бул кишилер да кайрадан жашоого кайтышкан. Ошол сыяктуу, Аз. Иса (ас) да убактысы келгенде кайрадан дүйнөдөгү жашоого кайтып, Аллах ага тапшырган барктуу милдетин орундаткан соң, «Айтты: «Ал жерде (дүйнөдө) жашап, ал жерде өлөсүңөр жана ал жерден чыгарыласыңар.» (Аьраф Сүрөсү, 25) өкүмүнүн бир талабы катары бүт адамдар сыяктуу дүйнөдө өлөт. (Туурасын Аллах билет.)
Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатында тирүү экени жана акыр заманда жер жүзүнө кайра келээри хадистерде кеңири орун алган. Эң чоң жана ишенимдүү хадис булактары катары кабыл алынган Кутуби Ситте де, Имам Маликинин Муватта сында, Ибн Хузейме менен Ибн Хиббандын Сахихтеринде, Ибн Ханбел жана Тайалисинин Мүснед деринде Аз. Иса (ас) жөнүндө хадистер бар. Мындан тышкары, көптөгөн Ислам аалымдары Аз. Иса (ас)дын өлбөгөнү жана жер жүзүнө кайра келээри жөнүндө изилдөө, анализдерди жасашып, бул багытта булак боло турган ар кандай китеп, трактаттарды даярдашкан.
Аз. Иса (ас)дын Аллах Кабатында тирүү экени жана кайрадан дүйнөгө келээри жөнүндө жыйынтыгын айткан Ислам аалымдарынын башында мезхеп имамыбыз болгон Эбу Ханифа (Имам Азам) турат. Эбу Ханифа Фыкхы Экбер аттуу эмгегинин акыркы бөлүмүндө мындай дейт:
Дажжалдын, Яжуж менен Мажуждун чыгышы, күндүн батыштан чыгышы, Аз. Иса (ас)дын асмандан түшүшү жана башка кыямат алааматтары, сахих (ишенимдүү) кабарларда жеткирилгендей, акыйкат, болот. (Ebu Hanife, Nu'man b. Sabit (150/767), Fıkh-ı Ekber, Çeviren: H. Basri Çantay, Ankara, 1982)
Аз. Иса (ас)дын келиши жөнүндө риваят кылынган хадистер теватур даражасында. Көп изилдөөчүлөр да аалымдарыбыздын пикирлеринин ушундай экенин айтышат. Теватурдун аныктамасы Чоң Лугатта (Büyük Lugat) мындайча жасалган:
ТЕВАТУР: Күчтүү кабар, ичинде калп ыктымалы болбогон жана бир жамаатка таянган күчтүү (ишенимдүү) кабар.
МҮТЕВАТИР ХАДИС болсо – бул жалгандан ойлоп табуу үчүн бириге албай турганчалык көп сандагы бир жамаат тарабынан риваят кылынган хадистер.
Ислам аалымы Сеййид Шериф Гүржани мүтеватир хадис түшүнүгүн мындайча түшүндүрөт:
МҮТЕВАТИР КАБАР – бул равилердин (риваят кылгандардын) саны ушундай бир даражага жеткен бир кабар; анча көп риваятчынын жалган ойлоп табуу үчүн биригиши мүмкүн эмес болот. Мындай риваят кылынган кабар жөнүндө лафыз (сөздөр) менен маанилер дал келсе, ал «мүтеватир-и лафзи» деп аталат. Эгер баарынын арасында орток мааниде биримдик болуу менен бирге лафыздар (сөздөр) арасында карама-каршылыктар бар болсо, ал «мүтеватир-и маневи» деп айтылат. (Muhtasar-ı Seyyid-i Şerif, б. 46)
Аз. Иса (ас) менен байланыштуу куттуу хадистердин кээ бирлери мындай:
Аллахка ант, сөзсүз жана сөзсүз Мерйем уулу Иса түшөт, адилеттүү бир өкүм берүүчү, адилеттүү бир өкүмдар катары түшөт... (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), Bir Şerhin-Nevevi, том II, б. 192; Kitab-ul İman, Bab-u Nuzül-i İsa İbn-i Meryem, Kenzul Ummal, 14/332)
Иса бин Мерйем адилеттүү бир өкүм берүүчү жана адилеттүү бир имам катары түшмөйүнчө кыямат болбойт... (Sünen-i İbni Mace (Сүнени Ибни Маже), 10/340)
Напсим кудурет колунда болгон Аллахка ант ичем, Мерйем уулу Исанын адилеттүү абалда түшүшү жакын... (Ebu Hureyre ra / Buhari (Бухари), Büyu 102, Mezalim 31, Enbiya 49; Müslim (Муслим), İman 242 (155); Ebu Davud (Эбу Давуд), Melahim 14 (4324); Tirmizi (Тирмизи), Fiten (Фитен) 54 (2234)
Анан Мерйем уулу Иса түшөт жана Мусулмандардын амири ага: «Кел, бизге намаз кылдыр» дейт. Анда Аз. Иса: «Жок, Аллахтын бул үммөткө бир тартуусу катары силердин кээ бирлериңер кээ бирлериңерге амирсиңер (башчысыңар)» дейт. (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), т. 1, б. 209)
Аны менен (Аз. Иса менен) менин ортомдо эч бир пайгамбар жок. Ал (Аз. Иса) күмөнсүз түшөт. Аны көргөнүңөрдө тааныгыла! Ал орто бойлуу, өңү агыш кызыл. Сарыга бойолгон эки кийимчен болот. Жамгыр жаабаса да чачынан суу тамат. Ислам үчүн (илимий) күрөш жүргүзөт. Дажжалиятты жок кылат, анан жер жүзүндө толук кырк жыл турат. Анан өлөт жана намазын Мусулмандар кылышат. (Buhari, Müslim, Ebu Davud ve Tirmizi (Бухари, Муслим, Эбу Давуд жана Тирмизи), Büyük Hadis Külliyatı (Чоң хадис жыйнагы), Rudani, 5-том, б. 380)
«Имамыңар силерден болгон абалда Мерйем уулу (Иса) араңарга түшкөндө кандай болот экенсиңер?» деди. (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), т. 1, б. 208)