Куранда Зулкарнейн (ас) жана Аз. Сулайман (ас)дын Ислам ахлагын бүт дүйнөгө орноткону билдирилген. Хадистерде болсо Аз. Мехди (ас)дын, Зулкарнейн (ас) жана Аз. Сулайман (ас) сыяктуу, Ислам ахлагын бүт жер жүзүнө орнотоору (жайаары) кабар берилген:
Жер жүзүнө төрт киши малик (ээ, башчы) болгон. Экөөсү момун (ыймандуу), экөөсү каапыр. Момундар Аз. Зулкарнейн (ас) менен Аз. Сулайман (ас), каапырлар болсо Немруд менен Бухтуннасыр. Бешинчи болуп Эхли Бейтимден бирөө (Аз. Мехди (ас)) келет жана ал да дүйнөгө малик (ээ, башчы) болот. (Kitab'ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir Zaman, 10-б.)
Аз. Мехди (ас) Аз. Зулкарнейн (ас) жана Аз. Сулайман (ас) сыяктуу дүйнөгө өкүмдарлык кылат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 30-б.)
Риваяттарда Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрүнүн жана чыгуу алааматтарынын пайгамбарларга түшүрүлгөн китептерде бар экени айтылат. Бул Инжил, Тоорот жана Забурда Аз. Мехди (ас)га байланыштуу маалыматтар бар деген мааниге келет.
Пайгамбарлардын китептеринде «Аз. Мехди (ас)дын иши зулумдук жана жамандык эмес» деп ишарат кылынган. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 47-б.)
Мен Аз. Мехди (ас)ды пайгамбарлардын барактарынан (китептеринен) мындайча көрөм: Аз. Мехди (ас)дын иш-аракеттеринде зулумдук да, катачылык да жок. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер) – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, s. 21)
Бул жөнүндө бир аятта мындайча ишарат бар:
Ант болсун, Биз зикирден (Тоороттон) кийин Забурда да: «КҮМӨНСҮЗ, ЖЕРГЕ САЛИХ КУЛДАРЫМ МУРАСКОР БОЛУШАТ» деп жаздык. (Анбия Сүрөсү, 105)
Имам Бакыр жана Садыктан риваят кылынат: «Бул жердеги (аяттагы) «САЛИХ КУЛДАР» - бул АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН ЖОЛДОШТОРУ.» (Hüseyin es-Şirazi, 113-б.)
Байыркы келишимде (Эски осуят, Ветхий завет) орун алган бул жөнүндөгү кээ бир баяндар болсо төмөнкүдөй:
Йессенин (Жышайдын) денесинен бир бүчүр чыгат жана анын тамырларынан бир өсүмдүк чыгат. Анын үстүнө Рабб (Теңир)дин руху, акылмандык жана даанышмандык руху, кеңеш жана эр жүрөктүк руху, билим жана Раб коркуусу руху түшөт. Ал Раб коркуусунан ырахат алат; ал көздөрүнүн көргөнүнө карап соттобойт (сындабайт); кулактарынын укканына карап чечим чыгарбайт. Алсыздарды адилеттүүлүк менен баалайт; жер жүзүнүн жакырларына акыларын берет. Бир таяк менен урган сыяктуу жер жүзүн сөзү менен урат жана эриндеринин деми менен жаманды жок кылат. Адилеттик анын бел курчоосу... болот. Бөрү козу менен бирге отурат; кабылан улак менен бирге жатат; музоо, арстан жана багылган уй чогуу жашайт жана аларды кичинекей бир жаш бала кайтарат. Уй аюу менен бирге оттойт; балдары чогуу отурушат жана арстан уй сыяктуу саман жейт. Эмчектеги бала кобра жыланынын жанында ойнойт жана сүттөн жаңы чыккан бала кара жыландын уюгуна колун созот. Менин ыйык тоом үстүндө эч жамандык жасалбайт; эми эч зыян тийгизилбейт; себеби деңиздин түбү аны көмгөн сууларга толгон сыяктуу, жер жүзү да Раб илими менен ошондой толот. (Ышайа 11, 1-9)
Давуд урпагынан бирөө берилгендик менен хандык (башкаруучулук) кылат. Өкүм чыгарганда адилеттикти көздөйт, Туураны жасоодо бачым аракет кылат. (Ышайа, 16, 5)
БИРОК ХУЖЖАТ (ДАЛИЛ) (АЗ. МЕХДИ (АС)) КАЛКТЫ ТААНЫЙТ, КАЛК БОЛСО АНЫ ТААНЫЙ АЛБАЙТ. ДАЛ ЙУСУФ (ЖУСУП) СЫЯКТУУ. ЙУСУФ КАЛКТЫ ТААНЫСА, АЛАР ЙУСУФТУ ТАНЫШКАН (ЧАНЫШКАН). Анан Аз. Али төмөнкү аятты окуду: «Кулдарга азап болсун, Элчи аларга келген сайын аны шылдыңдашчу.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 162-б.)
АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС) ААЛАМДАРГА МЭЭРИМ. МУСАНЫН ЖЕТИК ОЙЛУГУ ЖАНА ИСАНЫН БАРКЫ, АЙЙУБДУН САБЫРЫ АНДА... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 69-70-б.)
УЛУУ АЛЛАХ, ИСА БИН МЕРЙЕМ ЖАНА ЙАХЙА БИН ЗЕКЕРИЯГА КИТЕП, ПАЙГАМБАРЛЫК, ИЛИМ ЖАНА АКЫЛМАНДЫК БЕРГЕН СЫЯКТУУ, БУЛ ИМАМГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ЖАШ КЕЗДЕ ИЛИМ БЕРГЕН.
Мунун далили болсо Жафери Салык алейхиссаламдын төмөнкү сөзү: АЛ ТӨРТ ПАЙГАМБАРГА ОКШОШОТ. АЛАРДЫН БИРИ ИСА БИН МЕРЙЕМ. СЕБЕБИ АГА ЖАШ КЕЗИНДЕ АКЫЛМАНДЫК, ПАЙГАМБАРЛЫК, КИТЕП ЖАНА ИЛИМ БЕРГЕН СЫЯКТУУ, АГА ДА ЖАШ КЕЗИНДЕ ИЛИМ БЕРГЕН ЭЛЕ... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 213-б.)
... АЗ. МЕХДИ (АС) ДАВУД (АС) ЖАНА АЛ-И ДАВУД ӨКҮМҮ МЕНЕН ӨКҮМ БЕРЕТ ЖАНА ЭЧ КИМДЕН КҮБӨ МЕНЕН ДАЛИЛ СУРАБАЙТ. (İrşad (Şeyh Müfid), 365-366-б.)
Шейх Мүфид мындай дейт: «Каим-и Ал-и Мухаммед (сав) (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЫЯМ ЭТКЕНДЕ, ДАЛ АЗ. ДАВУД (АС) СЫЯКТУУ, Б.А. БАТЫН (АЛЛАХТАН БОЛГОН) МААЛЫМАТЫ МЕНЕН ӨКҮМ БЕРЕТ, күбө талап кылбастан өкүм чыгарат. АЛЛАХ ӨКҮМДҮ АГА ИЛХАМ КЫЛАТ ЖАНА АЛ АЛЛАХТАН БОЛГОН ИЛХАМГА ЖАРАША ӨКҮМ БЕРЕТ. (İrşad (Şeyh Müfid (Шейх Мүфид)), 365-366-б.)
Абан бин Таалиб мындай дейт: Имам Жафери Садык алейхиссалам менен бирге Меккеде бир мечитте элек. Ал менин колумдан кармап мындай деди: «... Анан бир жарчыга (мүнади) буйрук берет жана ал минтип жар салат: БУЛ АЗ. МЕХДИ (АС); СУЛАЙМАН МЕНЕН ДАВУД СЫЯКТУУ ӨКҮМ БЕРЕТ. БЕРГЕН ӨКҮМҮНДӨ ДАЛИЛ ЖАНА КҮБӨ СУРАБАЙТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 374-б.)
Имам Зейн-ул Абидин алейхиссалам мындай деген: «БИЗДИН КАИМИБИЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)) МЕНЕН АЛЛАХТЫН ЭЛЧИЛЕРИ АРАСЫНДА БИР КАТАР ОКШОШТУКТАР БАР. НУХ, ИБРАХИМ, МУСА, ИСА, АЙЙУБ ЖАНА МУХАММЕД САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА АЛИХ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН АР БИРИ МЕНЕН БИР ОКШОШТУГУ БАР. НУХ менен узун өмүрлүү болушунда, ИБРАХИМ менен жашыруун төрөлүшүндө жана калктан алыс болушунда; МУСА менен корккон абалы (Аз. Мехди (ас)га багытталган коркунучтардын көптүгү; өлтүрүү, тузак куруу, камакка алуу, көзөмөлгө алуу, сүргүн сыяктуу ар кандай кооптуулуктардын көп болушу) жана көздөрдөн алыс жашашында (дайыма жашырынып жашашында); ИСА менен элдин ал жөнүндө талаш-тартышка түшүшүндө (кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас) келет», кээ бирлеринин болсо «келбейт» дешинде); АЙЙУБ менен балээден соң кутулуунун келишинде (Аз. Мехди (ас)га да көптөгөн кыйынчылык, оору, дарттардын келиши, бирок Аз. Аййуб сыяктуу Аллахтын мээрими менен баарынан кутулушунда); МУХАММЕД (сав) менен болсо кылыч менен кыям этишинде (Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттары болгон куттуу желеги, кылычы жана көйнөгүнүн (жемпер) Аз. Мехди (ас)дын жанында болушунда) окшоштугу бар.» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап 3-хадис)
Имам Мехди (ас) ИЛИМ САНДЫГЫНЫН КОРГООЧУСУ, БҮТ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН (АС) ИЛИМДЕРИНИН МУРАСКОРУ жана БҮТ БААРЫНАН КАБАРДАР. (Bihar-ül Envar, 95-том, 378-бет; 102-том, 67- жана 117-бет; Mikyaal al-Makaarem, 1-том, 49-бет)
«Азрети Мехди (ас)да өткөн пайгамбарлардын кээ бир өзгөчөлүктөрү бар. Алардын арасында АЗРЕТИ АДАМ (АС) ЖАНА АЗ. НУХ (АС)ДАГЫ УЗУН ӨМҮРЛҮҮЛҮК да бар.» (Bihar-ul Envar, 51-том, Ansariyan Yayıncılık, топтогон: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 217-б.)
Ахмед б. Исхак мындай дейт: «Имам Аскери алейхис-саламдын алдына бардым ... Азрети мындай деди:
... Эй Ахмед б. Исхак! АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БУЛ ҮММӨТТӨ «ХЫЗЫР» АЛЕЙХИС-САЛАМ ЖАНА «ЗУЛ-КАРНЕЙН» СЫЯКТУУ... (Kemal-üd Din 2-т. 384-б.) (Hz. Mehdi Aleyhisselam, Abdullah Turan, Al-i Taha, 157-б.)
Хадистеги маалымат Курандагы Аз. Зулкарнейн (ас) менен Аз. Хызыр (ас) (Аз. Кыдыр (ас)) кыссаларынын (окуя баяны) бир тараптан Аз. Мехди (ас)га да ишарат кылаарын көрсөтүүдө.
Бул багытта Аз. Мехди (ас)дын да Аз. Хызыр (ас) сыяктуу болоору, анын адеп-ахлагы менен тарбиясын алаары; ал сыяктуу Ледүн илимин билээри жана ушул илим менен иш-аракет кылаары түшүнүктүү болууда.
Ошондой эле, Курандагы Аз. Хызыр (ас) кыссасында Аз. Муса (ас)дын Аз. Хызыр (ас)дын кылгандарынын хикматын (түпкү маанисин, маңызын) билбестен каршы чыгышы сыяктуу, акыр заманда да адамдар ледүн илими менен иш-аракет жүргүзгөн Аз. Мехди (ас)ды чындап түшүнүп, барктай алышпайт. Аз. Мехди (ас)ды да адамдар такыр туура эмес түшүнүшөт жана ушул себептен калк ага абдан карама-каршы чыгат. Бирок чындыгында Аз. Мехди (ас)дын бүт кылгандары, Аллахтын жакшылыгы менен, жашыруун илим жана акылмандыктарга толо болот.
Пайгамбарыбыз (сав)дын башка хадистеринде да Кехф кыссасынын башынан аягына чейин адамдарды дажжалдын фитнасынан куткара турган Аз. Мехди (ас)га ишарат кылаары билдирилген. Жогорудагы хадис менен Кехф кыссасынын акыр заманга ишарат кылаары жөнүндөгү төмөнкү хадистердин баары Аз. Мехди (ас)дын Кехф кыссасында айтылган Аз. Зулкарнейн (ас) сыяктуу бүт дүйнөгө өкүмдарлык кылаарын да көрсөтүүдө:
Силерден ким дажжалга үлгүрсө КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫН АГА ОКУСУН, бул сүрөнүн аягы дажжалдын фитнасынан кутулушуңар. (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/121)
СЕНДЕН (ЭЙ МУХАММЕД,) ЗУЛ-КАРНЕЙН ЖӨНҮНДӨ СУРАШАТ. АЙТКЫН: «СИЛЕРГЕ АНДАН «КЕҢЕШ ЖАНА ЭСКЕРТМЕ КАТАРЫ» (КЭЭ БИР МААЛЫМАТТАР) БЕРЕМ. (Кехф Сүрөсү, 83)
Пайгамбарыбыз (сав)дын көп хадистеринде Курандын Кехф кыссасында акыр заманга, Аз. Мехди (ас)дын бүт жер жүзүнө Ислам ахлагын орнотушуна жана дажжалдын пикир менен таасирсиз кылышына ишараттар бар экени билдирилген. Кехф кыссасын хадистердеги ушул маалыматтардын негизинде караганыбызда, чындап эле бул аяттарда баяндалган окуялардын акыр заман жөнүндө өтө маанилүү маалыматтарды берээрин көрөбүз. Булардын бири бул кыссада айтылган Аз. Зулкарнейндин ысмында жашырылган.
Ислам булактарында Аз. Зулкарнейндин ысмы жөнүндө мындай маалымат берилген:
Зулкарнейн сөзү арапча. «Зу» жана «карнейн» сөздөрүнүн биригишинен пайда болгон. «ЗУ» ЭЭ ЖАНА МАЛИК ДЕГЕНДИ БИЛДИРЕТ. «КАРН» БОЛСО КӨКҮЛ, УБАКЫТ, КҮН МААНИЛЕРИНЕ КЕЛЕТ. «КАРНЕЙН» «КАРН»ДЫН ЭКИЛИГИ, Б.А. ЭКИ ДААНАСЫ ДЕГЕНДИ БИЛДИРЕТ. (el-Firuzabadî, el-Kamusu'l-Muhît, Kahire 1332, IV, 257 vd)
Белгилүү болгондой, Аз. Мехди (ас)дын ысымдарынын бири «САХИБҮЗ ЗАМАН». Бул болсо «ЗАМАНДЫН ЭЭСИ» маанисине келет. Аз. Зулкарнейн (ас)дын аты да «Зу: Ээ», «Карн: Заман (убакыт» жана «Карнейн: Эки заман» сөздөрүнүн биригишинен түзүлгөн. Бул жагынан караганда Аз. Зулкарнейндин ысмы «ЭКИ ЗАМАНДЫН ЭЭСИ» маанисин берүүдө. Эч күмөнсүз, Аз. Зулкарнейн менен Аз. Мехди (ас)дын ысымдарынын бир мааниге келиши – Курандын Зулкарнейн кыссасында баяндалган окуялардын Аз. Мехди (ас) убагында Аз. Мехди (ас) себепчи болуп ишке аша турган кээ бир окуялар жөнүндө маалымат берээрине өтө маанилүү бир ишарат. Пайгамбарыбыз (сав) да бир хадисинде «Аз. Мехди (ас) жашаган доордун Аз. Зулкарнейн (ас)дын доору сыяктуу болоорун» кабар берүү аркылуу бул чындыкка көңүл бурган:
Ахмед б. Исхак мындай дейт: «Имам Аскери алейхис-саламдын алдына бардым ... Азрети мындай деди: ... Эй Ахмед б. Исхак! АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БУЛ ҮММӨТТӨ «ХЫЗЫР» АЛЕЙХИС-САЛАМ ЖАНА «ЗУЛ-КАРНЕЙН» СЫЯКТУУ... (Kemal-üd Din 2-т. 384-б.)
Бул маалыматтардын баары Аз. Мехди (ас)дын Аз. Иса (ас) заманынын да, өз заманынын да ээси болоорун көрсөтүүдө.
Маден б. Эбу Талхадан риваят кылынган: «КИМ КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫНАН ОН АЯТТЫ ЖАТТАСА, ДАЖЖАЛДЫН ФИТНАСЫНЫН КООПСУЗ БОЛОТ.»
Эбу Давуд мындай деди: «Дүштү Ваиде Катадеден мындайча алып айтты, бирок ал мындай деди: «КИМ КЕХФ СҮРӨСҮНҮН АЯГЫНАН ОН АЯТ ЖАТТАСА», ШУБЕ БОЛСО КАТАДЕДЕН РИВАЯТЫНДА «КЕХФ СҮРӨСҮНҮН АЯГЫНАН» ДЕДИ». (Sünen-i Ebu Davud (Сүнени Эбу Давуд), 5/122)
Эбу Дердадан риваят кылынган. Пайгамбар мындай деди: «КИМ КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫНАН ҮЧ АЯТ ОКУСА ДАЖЖАЛ ФИТНАСЫНАН КОРГОНГОН БОЛОТ.» (Sünen-i Tirmizi (Сүнени Тирмизи), 5/30)
Эбу Үмаме эль- Бахилиден риваят кылынган: «... ким анын (дажжалдын) тозогунун балээсине туш болсо, Аллахтан жардам тилесин жана оттун Ибрахимге таасири сыяктуу, бул от да ал адамга муздак жана эсендик болсун үчүн КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШЫНДАГЫ АЯТТАРЫН ОКУСУН.» (Sünen-i İbni Mace (Сүнени Ибни Маже), 10/332)
... Ким дажжалдын оту менен балээге туш болуп, сыналса, Аллахтан жардам сурасын жана КЕХФ СҮРӨСҮНҮН БАШ ЖАГЫНДАГЫ АЯТТАРДЫ ОКУСУН. Натыйжада дажжалдын оту ага карата муздак жана эсендик болот. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, 494-б.)
Сөзсүз ал, адамдардын башына келген жамандыктар себебинен, Аз. Мехди (ас) аларга эң сүйүктүү болгонго чейин чыкпайт. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 27-б.)
Жер жана асман жашоочулары андан (Аз. Мехди (ас)дан) ыраазы болот. (Heysemi, VII т., 313-б.; Ebu Nuaym'dan, Suyuti (Суйути), II т., 58-б.; Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 31-б.)
Аллах бүт адамдардын жүрөктөрүн анын (Аз. Мехди (ас)дын) сүйүүсү менен толтурат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)
Аз. Мехди (ас) адамдарга келет; аны жаңы келин сыяктуу жакшы көрүп, сүйүп кучакташат... (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 35-б.)
Анын (Аз. Мехди (ас)дын) халифалыгынан (руханий лидерлигинен) жер менен асман жашоочулары, бүт жапайы айбандар, куштар, ал тургай деңиздеги балыктар да ыраазы болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 31-б.)
Бул фитналардын эң акыркысы күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү; мына ошондо андан бүт баары ыраазы боло турган Аз. Мехди (ас) чыгат. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 38-б.)
Аллах анын (Аз. Мехди (ас)дын) сүйүүсүн адамдардын жүрөктөрүнө салат. Ошентип алар күндүздөрү арстанга айланган жана түндөрүн ибадат менен өткөргөн бир коом болушат. (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")
Мухаммед үммөтүнөн ыраазы болбогон бир дагы адам калбайт. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci (Аль-Хүсейни Эль-Берзенжи), Kıyamet Alametleri, 163-б.)
Жүзү сулуу, жыты жагымдуу, жарашыктуу (сөөлөттүү), бирок адамдарга сылык жана жакын. (Mehdi, Deccal, Mesih, 102-б.)
Хадистерде Аз. Мехди (ас) убагында анын атынын көп сөз кылынаары айтылат. Бул Аз. Мехди (ас)дын ысмынын дүйнөнүн төрт тарабына жетээрин көрсөтөт:
Асмандан бир жарчы (мүнади) «Акыйкат Ал-и Мухаммедде» деп бакырган кезде Аз. Мехди (ас) көрүнөт. Бүт баары ал жөнүндө гана сүйлөшөт, анын сүйүүсүн ичет жана андан башка эч нерседен сөз кылышпайт. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 33-б.)
Бир жарчы (мүнади) асмандан «Акыйкат Аз. Мухаммед (сав) элинде» деп бакырган соң Аз. Мехди (ас) сүйүүсү адамдардын жүрөктөрүнө орнойт жана андан башка эч нерсе жөнүндө сөз кылынбайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 20-б.)
Эбу Саид Пайгамбардын (сав) мындай дегенин риваят кылат: ... АСМАН ЖАНА ЖЕР ЖҮЗҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫ АНДАН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДАН) ЫРААЗЫ БОЛУШАТ... (El-Beyan, 72-б., Es-Sevaik-ul Muhrika, 161-б., Yenabi-ul Mevedde, 2-т., 177-б.)
... Асмандардын жана жердин жашоочулары ал жетишпегендиктен дарт ичинде болушат, ыйман келтирген эркектер менен ыйман келтирген аялдар ал (Аз. Мехди (ас)) жок кезде сагынуу менен күтүшөт жана башаламандык ичинде болушат. (El-Sahife El-Mehdiye'den Seçme Dualar, Seyyid Murtaza Müçtehidi Sistani, 65-б., Kifayetul Athar: 158; El-Bihar 36: 337 жана 51: 109)
Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде Аз. Мехди (ас) көрүнөөрдөн мурдакы доордо ыймандуулардын да, асман менен жердеги жандыктардын да Аз. Мехди (ас)дын көрүнүшүн сагынуу менен күтүшөөрүн билдирген. Аз. Мехди (ас)дан мурда ыймандуулардын зулумдук жана кысымчылык астында кыйынчылык ичинде күн өткөрөөрүнө көңүл бурган. Ошондой эле, дарвинист жана материалисттик система өкүмдарлык кылган дүйнөлүк тартип ичинде жашашкандыктан адамдардын азап тартаарын, бирок бир тараптан терең сагынуу менен Аз. Мехди (ас) көрүнгөн соң келе турган бейпил жана коопсуз жашоону үмүт кылышаарын кабар берген.
Чынында эле Аз. Мехди (ас) көрүнөөрдөн мурдакы доордо дүйнөгө жайылган сүйүүсүздүк, ач көздүк жана душмандык маанайы жана бул маанай себеп болгон бейпилсиздик, каргаша жана анархия ыймандуулардын Аз. Мехди (ас)га болгон мындай сагынычын андан да күчөтөт.
Пайгамбардын (сав) мындай дегени айтылган: «Бизден болгон акыйкат үчүн Каим (Аз. Мехди (ас)) кыям этмейинче эч качан кыямат болбойт. Бул болсо Аллах уруксат берген бир убакта болот. Аны ээрчиген кутулат, андан артта калган болсо кыйрайт. Эй Аллахтын кулдары, Аллахтан корккула: АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫККАНДА (КӨРҮНГӨНДӨ) БҮТ БААРЫН ТАШТАП, КОЛДОГУ БОЛГОН МҮМКҮНЧҮЛҮК МЕНЕН АНЫ КӨЗДӨЙ ЧУРКАГЫЛА. Себеби ал Аллахтын халифасы (Мусулмандардын руханий лидери) жана менин камкорчум.» (Bihar-ul Envar, 51-б., 65-б.; İsbat-ul Hudat, 6-т., 382-б.)
... Эгер Аллах сени үлгүртсө, АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) МОЮН СУНУУГА ЧУРКА (АНЫ ЭЭРЧИ) ЖАНА АНДАН ЭЧ КАЧАН АЙРЫЛБА. ЭГЕР ҮЛГҮРҮП, АГА ЖЕТСЕҢ ЖАНА ХИДАЯТ ТАПСАҢ АНДАН ЭЧ АЙРЫЛБА. Ах –жана колу менен көкүрөгүн көрсөтүп- аны канчалык көргүм келет.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-б.)
ЭЧ НЕРСЕ СЕНИ АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) МОЮН СУНУУДАН (АНЫН ШАКИРТИ БОЛУУДАН, АНЫ ЭЭРЧҮҮДӨН) ТОСПОСУН, сага жолтоо болгондор дайыма фитна издегендер. Сүйлөгөндө жамандыкты сүйлөшөт, унчукпаганда бузуку жана ичтери ирик. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 252-б.)
Хумран бин Аъйандан, Имам Мухаммед Бакыр алейхиссалам мындай деди: «Бул диниңерди кандарга буланган тыбырчылаган абалда көрүп жаткан сыяктуумун. Жана аны силерге биз эхли бейттен бирөөдөн (Аз. Мехди (ас)дан) башка эч ким кайтара албайт. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) СИЛЕРГЕ АР ЖЫЛЫ ЭКИ ЖОЛУ БЕЛЕК АЛЫП КЕЛЕТ, АЙЫНА ЭКИ ЖОЛУ СИЛЕРГЕ ЫРЫСКЫ БЕРЕТ, илим менен акылмандык силерге анын убагында берилет. Натыйжада аял өз үйүндө улуу Аллахтын китеби жана Расулуллах (сав)дын сүннөтүнө карап өкүм берет.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 216-б.)
Хадисте берилген маалыматтардан Аз. Мехди (ас) кызматка дайындаган кишилери аркылуу Мусулмандарга мал-мүлк менен белек таратаары; эл арасында турганда өзү да өз колу менен көп санда белек менен мал-мүлк таратаары түшүнүктүү болууда.
Селеме б. Зүфер мындай дейт: «Бир күнү Хүзейфенин жанында «Аз. Мехди (ас) кыям этти (чыкты)» деп айтылганда, Хүзейфе: «Эгер Аз. Мехди (ас) кыям эткен болсо силер Расулуллах (сав) дооруна жакын адамдарсыңар жана асхаб (сахабалар) дагы эле араңарда жашап жатат. Анда чындап бактылуу жана жыргалчылык адамдары болосуңар. Бирок жок, бул туура эмес, АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР ЖАМАНДЫК, АЙБАНДЫК ЖАНА ЗУЛУМДУКТАН ТАЖАГАН ЖАНА ЭЧ БИР КАЙЫП (ЖАШЫРУУН ЖАШАГАН) АЛ (КИШИ)ДЕЙ БИЙИК ЖАНА СҮЙҮКТҮҮ БОЛБОГОН БИР КЕЗДЕ КЫЯМ ЭТЕТ.» деди. (El-Havi, 2-т., 159-б.)
Сөзсүз ал, адамдардын башына келген жамандыктар себебинен, АЗ. МЕХДИ (АС) АЛАРГА ЭҢ СҮЙҮКТҮҮ БОЛГОНГО ЧЕЙИН ЧЫКПАЙТ. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 27-б.)
АЛЛАХ БҮТ АДАМДАРДЫН ЖҮРӨКТӨРҮН АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) СҮЙҮҮСҮ МЕНЕН ТОЛТУРАТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)<
Аз. Имам Рыза мындай деди: «... ЧЫККАНДА БОЛСО АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) МОЮН СУНУУ КЕРЕК...» (Yenabi-ul Mevedde, 2-т., 197-б.)
Айлана тымтырс кезде, элдин көзүнө көрүнбөсө да (Аз. Мехди (ас)) эч качан адамдардын оюнан кетпейт. (Muntehabu'l Eser, 277-б.)