1. Бөлүм Аз. Иса (aс) Жана Аз. Мехди (ac) Дын Чыгаар Убактысы (2/2)

Дүйнөнүн Өмүрү 7000 Жыл

1. Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени кабар берилген.

Энес Маликден алып айтты. Ал Расулуллах (сав) мындай дегенин айткан: ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Аллах Таала буюрду: РАББИҢ КАБАТЫНДА БИР КҮН СИЛЕР САНАГАНДАН МИҢ ЖЫЛ СЫЯКТУУ. Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда бир муктаждыгын камсыздаса, Аллах Таала ал үчүн күндүздөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй БУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ СООП ЖАЗАТ. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 88-б.)

Амр бин Йахйа Энес жөнүндө Элала бин Зайдга билдирдик, Аллах андан ыраазы болсун, мындай деди: Аллахтын Расулу айткан (сав): ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Улуу Аллах айткан: чынында Сенин Раббиңдин Кабатында бир күн силер санап жаткан миң жыл сыяктуу.[1] (Elkesfu An mucavezeti Hazihilumme el Elf ve Elluma fi Ecvibeti el'-Esile, Suyuti, 10-б.)

Эттаберани Элкебийр айткан: Ахмед бин Эннадрил аскери жана Жафер бин Мухаммедул Арйаниге (же урйани да болушу мүмкүн) кабар бердик, экөө тең айтышты: Элвелийд бин Абдул Мелик бин Серхул Сахраниге кабар бердик, Сүлейман бин Атаул Курейшилхарби кабар бердик, Суллемету бин Абдиллахил Жехни жөнүндө Амр бин эби Шежеати бин Рабиил Жехни жөнүндө Эддеххак бин Землил Жехни айтты:

Бир түш көрдүм, аны Расулуллах (сав)га айтып бердим. Өзүндөгү сөздү айтты: Эй Расулуллах бир кезде мен сени менен ичинде жети даражасы бар бир минбардын үстүндө элем, сен анын эң жогорку бир даражасындасың, (сав) айтты: ичинде жети даражасы бар минбар болсо, мен анын эң жогорку бир даражасындамын, ДҮЙНӨ БОЛСО ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ ... (Elkesfu An mucavezeti Hazihilumme el Elf ve Elluma fi Ecvibeti el'-Esile, Suyuti, 10-б.)

Даккак б. Зейдү Жүхениден риваят кылышты: мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң үстүңкү тепкичинде эле: Ал мындай деди: СЕН КӨРГӨН ЖЕТИ ТЕПКИЧТҮҮ МИНБАР – БУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ БОЛГОН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)

Ахли сүннөт аалымдарынан Хүсамеддин эль-Муттакинин эмгеги Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman аттуу китебинде орун алган бул хадистер боюнча, Пайгамбарыбыз (сав) дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экенин кабар берүүдө. Дагы көптөгөн ахли сүннөт аалымынын эмгектеринде мисалы Муттака Азретинин Kenzu'l-Ummal, №16459-хадисте, Мухаммед Тахир б. Аль эль-Хиндинин эмгеги Tezkiretu'l-Mevduat, I/223'тө, Имам Сахави el-Makasidu'l-hasene (Дейлемиден алынган), I/693, №1243-хадисте, Эль Мунавинин Feyzu'l-Kadir, III/547; №4278-хадисте болсо (Дейлемиден алынган) Байезид Бистами Азретинин Miftahu'l-Cifr аттуу эмгегинде дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени жөнүндөгү хадистер орун алган. Бул болсо ахли сүннөт аалымдарынын бир добуштан муну кабыл алышканын көрсөткөн апачык бир далил.

2. Белгилүү хадис аалымдарынан жана Ханбели мазхабынын куруучусу болгон Имам Ахмед Ибни Ханбел сыяктуу көптөгөн аалымдар бир-биринен алып өткөргөн бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) ага чейин дүйнөдө өткөн убакыттын 5600 жыл экенин билдирүү менен бир календардын башталыш датасына көңүл бурган:

Ахмед Ибни Ханбел Илелинде алып жазган. Исмаил б. Абдүлкерим Абдүссамедден Ал болсо Вехбден риваят кылды: ДҮЙНӨДӨН БЕШ МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ ЖЫЛ ӨТКӨН. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir zaman, 89-б.)

Пайгамбарыбыз (сав)дын дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл, Пайгамбарыбыз (сав)га чейин өткөн убакыттын болсо 5600 жыл экенин билдирген бул убакыттарды белгилүү бир календарга карап баалоо керек. Бул жылдарды эч качан адамзат тарыхынын башталышы болгон Аз. Адам (ас)дын дүйнөгө түшүрүлүү жылы катары карабаш керек. Пайгамбарыбыз (сав)дын Меккеден Мединага көчү (хижраты) Хижрий календарынын башталышы, Аз. Исанын төрөлүшү Григорий календарынын (учурда колдонулуп жаткан календарь) башталышы катары кабыл алынып, тарыхый эсептөөлөр жүргүзүлүп, бул жылдардын мурункусу жана кийинкиси деп бөлүнгөн сыяктуу, Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бул 7000 жылдык убакыт дагы анын заманында башталгыч катары кабыл алынган бир окуяга карата берилген болушу ыктымал. Пайгамбарлар тарыхы бою болуп өткөн; мисалы, Аз. Ибрахим (ас) же Аз. Нух (ас)дын төрөлүшү, Аз. Ибрахим (ас)га пайгамбарлык милдетинин берилиши же Аз. Ибрахим (ас)дын бир жерден бир жерге көчүшү же Аз. Нух (ас)дын кемеге түшүп топон суунун башталышы же болбосо топондун аякташы же башка пайгамбардын өмүрүндө болуп өткөн ушул сыяктуу башка көптөгөн маанилүү окуянын жылына ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн. Бул жерде эң негизгиси – бул Пайгамбарыбыз (сав)дын ошол календарь башталышына карап эсептөө жасап, дүйнөнүн өмүрүнүн ал календарь боюнча 7000 жыл экенин айтышы жана ага чейин ал башталыштан баштап 5600 жыл өткөнүн апачык кабар бериши.

Белгилүү ахли сүннөт аалымы Берзенжи Азрети үммөттүн өмүрүнүн Хижрий 1500-жылдан ашпашын айткан. (Туурасын Аллах билет.)

БУЛ ҮММӨТТҮН ӨМҮРҮ МИҢ ЖЫЛДАН АШАТ, БИРОК МИҢ БЕШ ЖҮЗ ЖЫЛДАН АШПАЙТ... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed b. Resul el-Hüseyni el-Berzenci, Pamuk Yayıncılık, İstanbul, 2002, 299-б.)

«МЕНИН ҮММӨТҮМДҮН ӨМҮРҮ 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.» (Suyuti, el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Arapça) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89)

Үммөттүн өмүрү башка, дүйнөнүн өмүрү болсо башка. Акыркы 1000 жылдын эң улуу мужеддиди Саид Нурси Азрети Мусулмандардын Аллахтын буйругу келгенге чейин акыйкат жолдо болоорун жана 1506-жылдарга чейин үстөмдүгүн улантаарын, 1545-жылы болсо кыяматтын болушунун ыктымал экенин (туурасын Аллах билет) айткан:

«Үммөтүмдөн бир тайпа Аллахтын буйругу келгенге чейин (кыяматка чейин) акыйкат үстүндө болот.»

«Үммөтүмдөн бир тайпа...» бөлүмүнүн жифр эсебинин натыйжасы (сандык мааниси) 1542 (2117) болуп бар болуунун аягына ишарат кылат. «Акыйкат үстүндө болот.» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо, жифр эсебинин натыйжасы 1506 (2082), бул жылга чейин ачык жана ашкере, балким үстөм; анан оо 1542 (2117)-жылга чейин жашыруун жана жеңилген абалда акыйкатка чакыруу милдетин улантаарына ишарат кылат. «Аллахтын буйругу келгенге чейин» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо; жифр эсебинин натыйжасы 1545 (2120) болуп, каапырдын башына КЫЯМАТТЫН КЕЛИШИНЕ ишарат кылат. (Kastamonu Lahikası, 33-б.)

Ахли сүннөт аалымдарынан Берзенжи менен Имам Суйути Азреттеринин да, Устад Саид Нурсинин да Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерге карап айткандары боюнча үммөттүн өмүрүнүн Хижрий 1500-жылдардан ашпашы түшүнүктүү болууда.

Дүйнөнүн Өмүрүнүн 7000 Жыл Экенин Айткан, Суйути Азретиден Алынган Куттуу Хадистер

1

Ибни Асакир айтат: Эбу Саид Ахмед б. Мухаммед Багдади арадагы рави уландысы менен риваят кылды. Энес б. Малик (ра)дан, Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан:

Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда бир муктаждыгын камсыздаса, Аллах Таала ал үчүн күндүздөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй ушул дүйнөнүн жети миң жылдык өмүрү бою сооп жазат.

2

Ибни Абийй айтат: Эбу Исхак, Ибрахим б. Абдуллах Небти, арадагы рави уландысы менен риваят кылган. Энес б. Малик (ра)дан, Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан:

Дүйнөнүн өмүрү акырет күндөрүнөн жети күн. Аллах Таала: «Сенин Раббиңдин жанындагы бир күн силер санаган миң жыл сыяктуу.» деп буюрган.

3

Ибни Эби Дүйнө, Земмил Эмелинде мындай дейт: Али б. Саид, Хамза б. Хишандан, Ал болсо Саид б. Жубейрден риваят кылышкан,

TДүйнө акырет апталарынан бир апта.

4

Ибни Эби Хатем Тафсиринде Ибни Аббастан риваят кылган:

Дүйнө акырет апталарынан бир апта болуп, жети миң жыл жана мунун алты миңи өткөн.

5

Ибни Аббастан сахих (ишенимдүү) катары алынган мындай бир риваят бар.

Ал мындай деген: дүйнө жети күн. Ар бир күн миң жыл сыяктуу. Жана Расулуллах (сав) болсо анын аягында жөнөтүлдү.

6

Табарани Кебиринде мындай дейт, Ахмед б. Надр эль-Аскери жана Жафер б. Мухаммед-үл Ферйаби алып өткөрүшкөн; (рави уландысы менен) Даккак б. Зейди Жүхениден риваят кылышкан. Ал мындай деген:

Мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң үстүңкү тепкичинде эле. Ал мындай деди: сен көргөн жети тепкичтүү минбар ушул дүйнөнүн өмүрү болгон жети миң жыл, Мен болсо анын акыркы миңинде болом.

7

Ибни Абд-ил Хамид Тафсиринде мындай дейт; Мухаммед б. Фадл, Хаммад б. Зейдден, ал болсо Йахйа б. Атикден, ал болсо Мухаммед б. Сиринден, ал болсо Мусулман болгон ахли-китап бирөөдөн риваят кылышкан:

Аллах асмандар менен жерлерди алты күндө жараткан. Раббимдин жанында бир күн силер дүйнө жашоосунда санаган миң жыл сыяктуу. Жана дүйнөнүн ажалы алты күн, жетинчи күнү кыямат болот. Алты күн өттү жана силер жетинчи күндөсүңөр.

8

Пайгамбар (сав) убагында Адам (ас)дан бери 5600 жыл өткөнү жөнүндө Ахмед Ибни Ханбел Илелинде алып өткөргөн. Исмаил б. Абдүлкерим Абдүссамедден, Ал болсо Вехбден риваят кылган:

Дүйнөдөн беш миң алты жүз жыл өткөн. (Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, AHİR ZAMAN MEHDİSİNİN ALAMETLERİ, Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Kahraman Neşriyat Kitapevi, 88-б.)


Кайсы Ислам Аалымдары Пайгамбарыбыз (cав) Дын Хадистерине Таянып Дүйнөнүн Өмүрүнүн 7000 Жыл Экенин Билдирген?

Бедиүззаман Саид Нурси – Табери – Берзенжи – Дейлеми – Бистами – Ахмед Бин Ханбел – Суйути – Менави – Ибни Кесир

1) Бедиүззаман Саид Нурси Адамзаттын Өмүрүнүн 7000 Жыл Экенин Айткан

«... АДАМ ЗАМАНЫНАН (АЗ. АДАМ (АС) УБАГЫНАН) ОО КЫЯМАТКА ЧЕЙИН КУРАН КҮНДӨРҮ МЕНЕН АЙТЫЛГАН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ...» Barla Lahikası, 286-б.)

"A GROUP FROM MY COMMUNITY WILL REMAIN IN TRUTH UNTIL ALLAH'S COMMAND."

«Үммөтүмдөн бир тайпа...» бөлүмүнүн жифр эсебинин натыйжасы (сандык мааниси) 1542 (2117) болуп бар болуунун аягына ишарат кылат. «Акыйкат үстүндө болот.» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо, жифр эсебинин натыйжасы 1506 (2082), бул жылга чейин ачык жана ашкере, балким үстөм; анан оо 1542 (2117)-жылга чейин жашыруун жана жеңилген абалда акыйкатка чакыруу милдетин улантаарына ишарат кылат. «АЛЛАХТЫН БУЙРУГУ КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН» (ШАДДА САНАЛАТ) БӨЛҮМҮНҮН БОЛСО; ЖИФР ЭСЕБИНИН НАТЫЙЖАСЫ 1545 (2120) БОЛУП, КААПЫРДЫН БАШЫНА КЫЯМАТТЫН КЕЛИШИНЕ ИШАРАТ КЫЛАТ. (Kastamonu Lahikası, 33-б.)

Саид Нурси үммөттүн өмүрүнүн ХИЖРИЙ 1506- жылга чейин болоорун айткан:

«... Биринчи сүйлөм МИҢ БЕШ ЖҮЗ (1500) натыйжасы менен акыр заманда бир тайпа мужахиддин (дин үчүн эмгектенгендердин) акыркы убактарына жана экинчи сүйлөм МИҢ БЕШ ЖҮЗ АЛТЫ (1506) натыйжасы менен үстөм болгон мүжахеденин (Аллах жолунда жасалган аракеттин) жылына... ишарат кылат. (...) бул жылга чейин (1506) көрүнгөн жана ашкере (ачык, белгилүү), балким үстөм абалда уланаарына ишарат кылат.» (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, 46-б.)

2) Табери Дүйнөнүн Өмүрүнүн 7000 Жыл Экенин Айткан:

«... Абдуллах бин Аббас риваятында Аз. Адамдан Аз. Нухка чейин 2256 жыл; Нухтан Ибрахимге 1079 жыл; Аз. Мусадан Аз. Сулаймандын Бейти Макдис мечитин курганга чейин 506 жыл. Андан Искендерге чейин 220 жыл. Искендерден Аз. Иса төрөлгөнгө чейин 369 жыл. Аз. Исадан Пайгамбарыбызга чейин 551 жыл. Арадагы 434 жыл падышалар арасы убакыттан саналган. Бирок хаварийлердин (апостол) айланага жайылып ал ишти жасаганы айтылат ЖАНА ДҮЙНӨНҮН 7000 ЖЫЛ КЫЛЫНГАНЫ АЙТЫЛАТ...» (Табери котормосунан, 289-290-б.)

3) Китаб-Үл Бурхан Фи Аламет-Ил Мехдийй-Ил Ахир Заман Китебинде Дүйнөнүн Өмүрүнүн 7000 Жыл Экени Айтылат:

Энес Маликтен алып айтты. Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан:

Дүйнөнүн өмүрү акырет күндөрүнөн жети күн. Аллах Таала буюрган: Раббиң Кабатында бир күн силер санагандан миң жыл сыяктуу.
Энес б. Маликтен, Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан:
Энес бин Маликтен: «Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда муктаждыгын камсыздаса, Аллах ал үчүн түндөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй, УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ сооп жазат.» (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 88-б.) (Al-Burhan fi Alamat al-Mahdi Akhir al-zaman, p. 88)

Ибни Аббастан сахих катары алынган төмөнкүдөй бир риваят бар, Ал айткан; ДҮЙНӨ ЖЕТИ КҮН, АР БИР КҮН МИҢ ЖЫЛ СЫЯКТУУ жана Расулуллах (сав) болсо анын аягында жөнөтүлгөн. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)

Даккак б. Зейдү Жүхениден риваят кылышкан. Мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң үстүңкү тепкичинде эле: Ал мындай деди, сен көргөн жети баскычтуу МИНБАР УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ БОЛГОН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ... (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)

4) Тандалма Хадис Китептеринде Дүйнөнүн Өмүрүнүн 7000 Экени Айтылат:

«АДАМДАН КЫЯМАТКА ЧЕЙИН ДҮЙНӨНҮН ЖАНА АДАМЗАТТЫН ӨМҮРҮ 7000 ЖЫЛ.» (Kenzu'l-Ummal, хадис №: 16459.)
(Muhammed Tahir b. Ali el-Hindî, Tezkiretu'l-Mevduat, I/223.)
Sahavî, el-Makasıdu'l-hasene (Дейлемиден алынган), I/693, хадис №: 1243. .
Munavî Feyzu'l-Kadir, III/547; хадис №: 4278 (Дейлемиден алынган) .

«... САБИЛЕР МЕНЕН БЕРКИ ҮЧ ЖАЛГЫЗ КУДАЙГА СЫЙЫНГАН ДИНДИ КАРМАНГАНДАР ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЖЫЛ ЭКЕНИН БИР ДОБУШТАН АЙТЫШАТ...» (Bayezid Bistamî, Miftahu'l-Cifr)

5) Пайгамбар Мырзабыз (cав) Үммөтүнүн Өмүрүнүн 1500 Жылдан Ашпашын Кабар Берген:

«Менин үммөтүмдүн өмүрү 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.»
(Suyuti, el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Арапча) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89.)

Имам Суйути Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде ҮММӨТТҮН ӨМҮРҮНҮН 1500 ЖЫЛДАН АШПАШЫН билдиргенин кабар берген: Бул үммөттүн өмүрү миң (1000) жылдан өтөт, бирок бир миң беш жүз (1500) жылдан ашпайт. (Kıyamet Alametleri, 299-б.) (Celaleddin Suyuti'nin "El-Kesfu Fi Mücazeveti Hazin el-Ümmeti El Elfe Ellezi Dellet Aleyh el-Asar" аттуу китебинен алынган)

6) Пайгамбарыбыз (cав) Дын «Мен Адамзаттын Асыр (Түштөн Кийинки) Убактысында Келдим» Деген Хадиси:

МЕН АДАМЗАТТЫН АСЫР УБАГЫНДА КЕЛДИМ. (Ahmed bin Hanbel. İlel.sh. 89.)

Бул хадис «Менин үммөтүмдү өмүрү 1500 ЖЫЛДАН көп ашпайт.» хадиси менен бирге каралганда;

КҮНДҮН ТӨРТТӨН ЖЕ БЕШТЕН БИРИ БОЛГОН АСЫРДАН ШАМГА ЧЕЙИНКИ УБАКЫТТЫ 1500 ЖЫЛ ДЕП КАБЫЛ АЛГАНЫБЫЗДА, АДАМЗАТТЫН ӨМҮРҮНҮН 6000-7500 ЖЫЛ АРАСЫНДА ЭКЕНИ БЕЛГИЛҮҮ БОЛОТ. (Туурасын Аллах билет.)

Акыр Заман Алааматтарынын Акыркы 30 Жылда Чогуу Болуп Өткөнү Дүйнөнүн Өмүрүнүн 7000 Жыл Экенин Тастыктайт

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган жана эң белгилүү хадис имамдарынан болгон Имам Суйути алып өткөргөн 8 сахих (ишенимдүү) хадисте дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени, Пайгамбарыбыз (сав)га чейин бул мөөнөттүн 5600 жылы өткөнү кабар берилген.

7000ден 5600дү кемиткенибизде болсо 1400 жыл калат.

Башка бир хадисте болсо Пайгамбарыбыз «Үммөттүн өмүрүнүн 1500 жылдан көп ашпашын» кабар берген.

Учурда Хижрий 1430-жылдарда жашап жатканыбызды жана Хижрий 1500-жылга чейин Хижрий 14-кылымдын ичинде болоорубузду эске алсак, анда Аз. Мехди (ас)дын сөзсүз ушул кылым ичинде чыгышы керек экени түшүнүктүү болот.

Себеби Аз. Мехди (ас) чыгышы мүмкүн болгон башка бир кылым калбай калууда.

Хижрий 1400-жылдын башынан баштап Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде билдирген акыр заман алааматтарынын дээрлик баарынын катары менен чыгышы акыр заманда экенибизди жана Аз. Мехди (ас)дын ушул кылым ичинде чыгаарын апачык көрсөтүүдө.

Ошондой эле, бул алааматтардын акыркы 30 жыл ичинде баары чогуу ишке ашышы дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экенин, Пайгамбарыбыз (сав)га чейин бул мөөнөттүн 5600үнүн өткөнү жана Ислам үммөтүнүн моюн сунган өмүрүнүн болсо 1500 жылдан көп ашпашы жөнүндөгү хадистерди тастыктоодо. (Китептин алдыдагы бөлүмдөрүндө бул алааматтар терең каралган.)

Расулуллах (cав) Дан Соң Кыямат Жакын

Расулуллах (сав): «Мен кыямат боло турган саатта жөнөтүлдүм. Бирок мунун мындан өтүшү сыяктуу мен кыямат саатынан өтүп бир аз алдыда келдим!» деди жана ортому менен сөөмөйүн көрсөттү. (Күтүби Ситте, Мүстеврид Ибну Седдад эль-Фихриден риваят кылынган, хадис №5026) Тирмизи, Фитен 39, (2214).] [50]

Расулуллах (сав): «Мен кыямат ушундай жакын кезде жөнөтүлдүм!» деди жана сөөмөйү менен ортомун жанаштырып көрсөттү. (Күтүби Ситте, Сехл Ибну Саъддан риваят кылынган, хадис №5025)
[Бухари, Рикак 39, Тафсир, Назиат 1, Талак 25; Мүслим, Фитен 132, (2950).] [49]

Абдуллах Ибну Хавале эль-Эзди (ра)нин жанына түштүм. Мага: «Расулуллах (сав) бизди олжо алгыла деп жөө жөнөттү. Биз болсо кайттык жана эч олжо ала албадык. Чарчаганыбызды жүзүбүздөн түшүнүп арабызда түздөлүп: «Эй Аллахым, аларды мага тапшырба; мен аларды мойнума алуудан алсызмын! Аларды өздөрүнө да тапшырба, бул иштен өздөрү да алсыз. Аларды башка адамдарга да тапшырба, өздөрүн биринчи ойлошот!» деди. Анан колун башымын үстүнө койду жана «Эй Ибну Хавале! Халифалыктын (Мединадан) Арзы Мукаддесеге (Дамаскка) жылганын көрсөң, билип кой, эми зилзалалар (жер титирөөлөр), азаптар, чоң окуялар жакын болот. Ал күнү кыямат адамдарга ушул колумдун башына болгон жакындыгынан да жакын болот» деди. (Күтүби Ситте, Ибну Зугб эль-Эйадиден риваят кылынган)

Ушул окуялар болмоюнча кыямат болбойт... жер титирөөлөр көбөйөт... (Ramuz-El Ehadis, 476/11)

Кыяматтан мурда эки чоң окуя бар... жана андан соң зилзалалуу жылдар. (Ramuz-El Ehadis, 187/2)

Ушул окуялар болмоюнча кыямат болбойт... Өлүмдөр жана киши өлтүрүүлөр (кыргындар) көбөйөт... (Camiü's-Sagir, 3:211, Müsned, 2:492, 4:391, 392)

Расулуллах (сав) мындай деди: «Убакыт жакындашмайынча кыямат болбойт. Бул жакындашуу ушундай болот: бир жыл бир айдай, ай бир аптадай, апта болсо бир күндөй, күн сааттай, саат болсо бир тамызгынын күйгөнүндөй (кыска) болот.» (Күтүби Ситте, Энестен риваят кылынган, хадис №5041)

Күн Батыштан Чыккан Соң Кыяматка 120 Жыл Калышы Мүмкүн Эмес

Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир хадисинде кыяматтын чоң алааматтарынын бири катары күндүн батыштан чыгаарын кабар берген.

«Күн батыштан чыгат, адамдар жалпылай ыйман келтирет, бирок мурда ыйман келтирбегендердин ыйманы аларга бир пайда алып келбейт.» (Тежрид-и Сарих котормосу, XII 307; Мүслим, Фитен, 118)

Хижрий 13-кылымдын улуу мужеддиди Саид Нурси Азрети болсо бул керемет окуянын кантип ишке ашышы ыктымал экенин Şualar (Шуалар) китебинде мындайча айткан:

Күндүн батыштан чыгышы жана астынан даббетүъл-арздын чыгышы. Бирок күндүн батыштан чыгышы болсо апачык (далилдөө муктаждыгы жок даражадагы) бир кыямат алааматы. Жана ашкерелиги (апачык болгону) үчүн акылдын эрки менен байланыштуу болгон тообо эшигин жабуучу бир хадисе-и семавийе (Аллах жараткан окуя) болгондуктан, тафсири (жоромолу) менен мааниси ачык, түшүндүрүүнүн кажети жок болот. Бирок: Аллаху алем, ал чыгуунун (күндүн чыгышынын) көрүнүштөгү себеби: дүйнө башынын акылы болгон Курандын анын башынан чыгышы менен акылын жоготуп, Аллахтын уруксаты менен башын башка планетага сүзүү аркылуу кыймылынан артка кайтып, батыштан чыгышка өзгөрүп күн батыштан чыгып баштайт. Ооба, жерди күн менен, жер жана асман менен күчтүү байлаган хаблуллахиъл-метин (Аллахтын руханий жиби) болгон Курандын тартуу күчү үзүлсө, жер жүзүнүн жиби үзүлүп, ээн баш, бекерчи болуп тескери жана жөнгө салынбаган кыймылынан күн батыштан чыгат. Бир жагынан, сүзүшүү натыйжасында Аллахтын буйругу менен кыямат болот деген бир түшүндүрмөсү бар. (Şualar, Beşinci Şuâ, 510-б.)

Куттуу хадисте айтылган окуя жөнүндөгү Саид Нурси Азретинин түшүндүрмөлөрү да эске алынганда, кыяматтан бир аз мурда боло турган бул чоң алааматтын ыктымал бир куйруктуу жылдыздын сүзүшү менен дүйнөнүн айлануу багытынын тескериге айланышы натыйжасында болоору көрүнүп турат. Мындай чоң өзгөрүүдөн соң катары менен чоң жер титирөөлөр, күчтүү бороондор болуп, цунамилер пайда болот, жердин тартылуу күчү бузулат, атмосфера катмары жоголот, озон катмары бузулат, мунун натыйжасында космостогу бүт зыяндуу нурлар жерге келип баштайт жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн табигый кырсыктар болот, чоң ыктымалдык менен кыямат процесси ушундайча башталган болот. Физика эрежелери жоголо турган мындай бир шарттарда жашоо мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, СЫНОО ДА ТОЛУГУ МЕНЕН БҮТКӨН БОЛОТ. Бедиүззаман Азретинин бул маанилүү жана укмуштуу окуяны «тообо эшигин жабуучу бир Аллахтан келген окуя» деп аташы да күн батыштан чыккан соң сыноонун бүтөөрүнө ишарат кылууда.

КЫЯМАТ КҮН БАТЫШТАН ЧЫККАНДАН 120 ЖЫЛДАН КИЙИН БОЛОТ ДЕП АЙТУУ БОЛСО БҮТ БУЛ ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРГӨ КАРАМА-КАРШЫ КЕЛЕТ.

Аллах бул дүйнө шарттарын сыноого ылайык кылып жараткан. Дүйнөдө акылдын эркин алып койо турган окуялардын болушуна Аллах уруксат бербейт, себеби антпесе сыноо керек эмес болуп калат. Аллах дүйнөдө керемет катары жараткан окуяларды дагы бир көз-караш боюнча бир түшүрдүрмө (жооп) табуу мүмкүн кылып жасайт. Мунун натыйжасында болсо Аллах Ага ыйман келтирген, Ал жараткан окуялардагы тереңдикти, сырды, чеберчиликти көрө алган адамдар менен ыйман келтирбеген же күмөнсүрөп жүргөн адамдарды бир-биринен айырмалайт. Чын ыкластан ыйман келтиргендер менен жасалма, акылы менен ыйманы алсыз адамдар бирдей болуп калбашы үчүн Аллах дүйнө жашоосунда акылдын эркин ала турган, б.а. адамдардын эрктерин, өзүнчө ойлонуу жана тандоо жөндөмүн алып салып, көрөөр замат сөзсүз ыйман келтиришине себеп боло турган окуяларды жаратпайт.

Күндүн батыштан чыгышы болсо өтө кереметтүү жана акылдын эркин ала турган бир окуя. Бул окуя болгон соң сыноо бүткөн болот, тообо кылуу мүмкүнчүлүгү Аллахтын каалоосу менен калбайт жана кыямат башталат.

Устад Саид Нурси Азрети муну Beşinci Şua (Бешинчи Шуа)да төмөнкү хикматтуу тараптары менен баса белгилеген:

Ыйман менен теклиф (жоопкерчилик) эрк жагынан (эрк менен бир нерсени тандай алуу күчү жагынан) бир сыноо, бир тажрыйба, бир жарыш болгондуктан, пардалуу жана терең жана изилдөө менен тажрыйбага муктаж болгон назари маселелер (көз-караш жана ой-пикирге таянган жана баштан өтпөгөн маселелер) албетте ачык (анык) болбойт. Жана бүт адамдар кааласа каалабаса, тастыктай турган даражада мажбурлуу ишене турган абалда болбойт. Ошентип Абу Бакирлер ала-йы иллиййинге (бийиктердин эң бийигине) чыгышсын жана Абу Жахилдер эсфел-и сафилинге (төмөндөрдүн эң төмөнүнө) түшүшсүн. Ыктыяр (бир нерсени тандай алуу күчү, эрк) калбаса, теклиф (жоопкерчилик) боло албайт. Жана ушул сыр жана хикмат үчүн, кереметтер сейрек жана анда-санда берилет. Бир жагынан, дар-ы теклифте (дүйнөдө) көзгө көрүнө турган кыямат алааматтары менен кыямат шарттары кээ бир мүтешабихаты Куранийе (Куранда бир-бирине окшогон, метафориялык мааниси да болгон аяттар) сыяктуу жабык жана жоромол жасай турган абалда болот. БИРОК КҮНДҮН БАТЫШТАН ЧЫГЫШЫ АНЫК ДАРАЖАДА (ДАЛИЛДӨӨНҮН КЕРЕГИ ЖОК ДАРАЖАДА) БҮТ БААРЫН ТАСТЫКТООГО (ИШЕНҮҮГӨ) МАЖБУР КЫЛГАНДЫКТАН, ТООБО ЭШИГИ ЖАБЫЛЫП, ТООБО МЕНЕН ЫЙМАН КАБЫЛ БОЛБОЙТ. (Beşinci Şua)

Күн батыштан чыккан соң бул дүйнөдөгү жашоо дагы 120 жылга уланат деген пикирдин туура эмес экенин эки тараптан анык көрүнүп турат. Биринчиси, сыноо жок, тообо кылуу мүмкүнчүлүгү бүткөн шарттарда 120 жыл жашоонун уланышы Аллахтын мыйзамына туура келбейт. Экинчиси болсо, күндүн батыштан чыгышы менен бирге катары менен баштала турган кыямат окуялары адамзаттын жашоосуна мүмкүндүк бербейт. ЧОҢ ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР БОЛГОН, ДЕҢИЗДЕР ЖАРЫЛЫП, ЦУНАМИЛЕР, ӨТӨ КҮЧТҮҮ БОРООНДОР БОЛГОН, АТМОСФЕРА ЖОГОЛГОН, ОЗОН КАТМАРЫ ЖОК БОЛГОН, ЖАНА ДАГЫ КӨПТӨГӨН УКМУШТУУ ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР БОЛУП ЖАТКАН ШАРТТАРДА 120 ЖЫЛ МЫНДАЙ ТУРСУН, 120 СААТ ДА ЖАШОО МҮМКҮН БОЛБОЙТ. Ушунчалык үрөй учурган, бирок ошол эле учурда Аллахтын улуулугу кемчиликсиз көрүнгөн андай шарттарда АДАМДАР ЭҢ КӨП 120 МҮНӨТ ЖАШАШЫ МҮМКҮН. БИРОК ОКУЯЛАРДЫН КАТААЛДЫГЫ АДАМДАРГА АЛ УБАКЫТТЫ 120 ЖЫЛДАЙ СЕЗДИРЕТ.

Бирок Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадисте айткан «күндүн батыштан чыгышы» салыштырмалуу мааниде да болушу мүмкүн. Анда хадис Аз. Мехди (ас)дын чыгышына ишарат кылган болот. Бул хадистер «күн» деп Аз. Мехди (ас) айтылган болушу ыктымал. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган башка бир хадисте Аз. Мехди (ас) күнгө салыштырылган.

АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ КАЙГЫ МЕНЕН ЗУЛУМДУКТАРДЫ ЖОГОТУУЧУ КҮН. Берешендик кылганда өтө берекелүү бир жамгыр. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 188-б.)

Күндүн батыштан чыгышы деп айтылган сөздөгү «батыш» сөзүнүн мааниси болсо бул хадис башка куттуу хадистер менен бирге каралганда түшүнүктүү болот. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган башка бир хадисте Аз. Мехди (ас)дын «батыштан» чыгаары айтылган:

Хафыз Эбу Нуайм риваят кылган куттуу хадисте Расули Экрем Мырзабыз мындай деген: мына (ошондой мүшкүл бир) убакта МАГРИП (БАТЫШ) МАМЛЕКЕТИНИН ЭҢ АЛЫСКЫ АЙМАГЫНАН жана Расули Экрем Мырзабыздын урматтуу кызы Фатманын урпактарынан бир адам чыгат. Мына ошол зат акыр заманда иш-аракет кыла турган Мехди (ас). Жана Мехди (ас)дын чыгышы болсо кыямат алааматтарынын биринчиси. (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр заман Мехдисинин алааматтары), Müellif Ali bin Hüsammeddin el Muttaki, Kahraman Neşriyat Kitabevi, 16-б.)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын «магрип, б.а. батыш өлкөлөрүнүн эң алыскы аймагынан» чыгаары кабар берилген. Белгилүү болгондой, Түркия Ислам өлкөлөрүнүн эң батышында жайгашкан. Хадистеги маалыматтар Аз. Мехди (ас)дын Түркиядан чыгаарына ишарат кылууда. Бул хадис эске алынганда күндүн батыштан чыгаарын кабар берген куттуу хадистеги маалымат да Аз. Мехди (ас)дын батыш тараптан чыгаарына ишарат кылып жатат деп ойлоого болот.

Анда, Аз. Мехди (ас)дын чыгышы катары Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын башка хадистерине таянып, Хижрий 1400-жылды негиз алсак, күндүн батыштан чыгышынан 120 жылдан кийин кыямат башталат деген сөз Хижрий 1520-жылдарга туура келет. Саид Нурси берген жылдарда болсо Хижрий 1520-жылдар Мусулмандык алсырап баштай турган жана каапырлардын системасы дүйнөгө толук жайыла турган жылдар. Саид Нурсинин айтуусу боюнча, бул жылдардан жыйырма-жыйырма беш жылдан кийин кыямат күтүлөт. (Туурасын Аллах билет)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР