2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (13/20)

Аз. Мехди (aс) Жамаатынын Өзгөчөлүктөрү

Аз. Мехди (aс) Дын Жамаатынын Саны Аз Болот

Аз. Мехди (ас), пайгамбарлар сыяктуу, узун жана кыйынчылыктарга толо бир өмүр сүрөт. Аз. Мехди (ас)дын көздөн кайым (көрүнбөгөн) учуру болот, ал тургай, бул көрүнбөгөн убактын көпкө созулушу, б.а. Аз. Мехди (ас)дын адамдар тарабынан таанылышынын; көрүнүшүнүн кээ бир адамдар ойлогондон бир топ көпкө созулушу ыйманы алсыз кээ бир адамдардын жүрөктөрүнүн катышына себеп болот. Ушул себептен Аз. Мехди (ас)га ишенгендер 313төй, өтө аз санда калат. Бул кишилер Аллах жүрөктөрүнө өзгөчө ыйман жазган, өтө чын ыкластуу адамдар болот.

Эбу Басир айтат: Имам Эбу Абдуллах алейхиссалам мындай деди: «Араптардан Каим алейхиссалам менен (АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН) БИРГЕ ӨТӨ АЗ АДАМ БОЛОТ.» ... Мындай деди: «Калк сөзсүз тазаланат. Тазаланат жана электен өткөрүлөт. Электен көп адамдар эленет.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 239-б.)

Фазл б. Шазан: Абдуллах б. Синан риваят кылат, Имам Жафер Садык айтты:
«Төшөктөрүнөн (үйлөрүнөн) жоголгондор үч жүз он үч киши, Бедир калкынын (Бедир согушуна катышкан Мусулмандардын) санынчалык... алар Каим Мехдинин сахабалары.» Саны Бедир Асхабындай (313). Мурдакылар алардан өтө албаган сыяктуу, кийинкилер да аларга жете алышпайт. Алардын саны Талуд менен дарыядан өткөндөргө барабар. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-i Mehdiyy-il Ahir Zaman, 57-б.)

Араларында аялдар да болгон 314 кишилик бир топ түзүшөт. Алар ар бир заалымды жеңишет. Алардын жүрөктөрү темир сыяктуу жана алар күндүзү арстан, түнү болсо абид (Аллахка көп ибадат кылган). Мурдакылар да, кийинкилер да жанаябастыкта аларга жете алышпайт. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 57-68-б.)

Бедир согушундагы аскерлер сыяктуу 313 кишинин башкаруусун колунда тутуп баары менен (пикирдик жактан) күрөшөт. Себеби бул 313 киши түнкүсүн абид (көп ибадат кылган адам) күндүз баатыр сыпатына ээ. (Kıyamet Alametleri, 169-б.)

Аз. Али (ас) мындай дейт: «... АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫН КОРГОЙТ, АЛАРГА БЕЛГИ ЖАНА АЛААМАТТАР МЕНЕН ЖАРДАМЧЫ БОЛОТ жана АЛАРДЫ ЖЕР ЖҮЗҮНҮН БҮТ АДАМДАРЫНА ҮСТӨМ (ЖЕҢҮҮЧҮ) КЫЛАТ. Ошентип адамдар кааласа, каалабаса акыйкат динге киришет. АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИК, НУР ЖАНА АПАЧЫК ДАЛИЛДЕРГЕ ТОЛТУРАТ. Бүт өлкөлөр толугу менен ага моюн сунат жана анын алдында баш ийишет. Ошентип бүт каапырлар ыйман келтирет жана бүт жамандар ыкластуу кулдар (жаман адамдар оңолуп, хидаят таап чын ыкластуу Мусулмандар) болот.» (İsbat-ul Hudat, 7-т., 49-б.)

Нумани: Сулайман б. Харун эль-Ижли риваят кылат. Имам Хүсейинден мындай дегенин уктум: «БУЛ БУЙРУКТУН ЭЭСИНИН (ИМАМ МЕХДИ (АС)ДЫН) КОРГОЛГОН БИР АСХАБЫ (АДАМДАРЫ) БАР. Адамдардын баары аны таштаса дагы, Аллах бул асхабын ага жөнөтөт, мына ушулар жөнүндө Аллах: «Булар китеп, акылмандык жана пайгамбарлык бергендерибиз. Эгер буларды тааныбастан каапырдыкка адашышса, ант болсун, Биз буга (карата) каапырдыкка адашпаган бир коомду өкүл кылганбыз.» (6/89) аятын түшүргөн жана дагы ушулар жөнүндө: «Эй ыйман келтиргендер, араңардан ким дининен артка кайтса (иртидат этсе), Аллах (ордуна) Өзү аларды сүйгөн, алар да Аны сүйгөн, ыймандууларга карата жөнөкөй, каапырларга карата болсо «күчтүү жана абройлуу», Аллах жолунда жехд (аракет) кылган жана сындагандын сынынан коркпогон бир коомду алып келет. Бул Аллахтын бир жакшылыгы, аны каалаганына берет. Аллах (мээрими) кең, билүүчү.» (5/54) деп буюрган.

Хасан б. Салих-и Беззаздан: Хасан б. Али Аскери алейхис-салам мындай деди: «ЧЫНДЫГЫНДА МЕНИН УУЛУМ – МЕНДЕН КИЙИНКИ КАИМ (АЗ. МЕХДИ (АС)). УЗУН ӨМҮРЛҮҮЛҮКТӨ ЖАНА КӨЗДӨН АЛЫС БОЛУУДА ПАЙГАМБАРЛАРДЫН СҮННӨТҮ АНДА (АЗ. МЕХДИ (АС)ДА) БОЛОТ. БУЛ МӨӨНӨТ КӨПКӨ СОЗУЛДУ ДЕП КЭЭ БИР ЖҮРӨКТӨР ТАШТАЙ КАТУУЛАШАТ. АЛЛАХ ЖҮРӨГҮНӨ ЫЙМАН ЖАЗГАН ЖАНА МЭЭРИМИ МЕНЕН КОЛДОГОН АДАМДАРДАН ТЫШКАРЫ АГА (АЗ. МЕХДИ (АС)ГА) ИШЕНГЕН КАЛБАЙ КАЛАТ.» (Kemal-ud Din, 526-б. жана Bihar-ul Envar, 51-т., 224-б.)

Имам Мухаммед Бакыр (ас) жана Имам Жафер Садык (ас) Аз. Мехди (ас)дын жардамчылары жөнүндө мындай деген: «Алар дүйнөнүн чыгышы менен батышын колуна каратат. АЛАРДЫН АР БИРИНИН КЫРК АДАМДАЙ КҮЧҮ БАР. ЖҮРӨКТӨРҮ ТЕМИРДЕЙ. ОШЕНТИП «ЛА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ ВА АННА МУХАММЕДЕН РАСУЛУЛЛАХ» БҮТ ТАРАПТА ЖАҢЫРАТ ЖАНА УГУЛАТ.» (Bihar-ul Envar, 52-т., 340-б.)

Абдуллах бин Эбу Йафур айтат, Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Жакындаган фитнадан улам араптардын көтөрүлүшчүлөрүнө азап болсун.» МЫНДАЙ ДЕДИМ: «САГА КУРМАН БОЛОЮН, АРАПТАРДАН КАИМ АЛЕЙХИССАЛАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) МЕНЕН БИРГЕ КАНЧА КИШИ БОЛОТ?» «ӨТӨ АЗ» деди эле, мындай дедим: «Аллахка ант болсун, алардан Аз. Мехди (ас)га жардам берем деген көп адам бар.» Айтты: «Калк сөзсүз тазаланат. Тазаланышат жана электен өткөрүлүшөт. Электе көп калк эленет.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 239-240-б.)

Эбу Басир айтат: Имам Мухаммед Бакыр алейхиссалам мындай деди: «... ТАЗАЛАНАТ ЖАНА ТАНДАЛАТ, НАТЫЙЖАДА АРАЛАРЫНДА ФИТНАЛАР ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗБЕГЕН БИР КООМ КАЛАТ.» (Gaybet-i Numani, 245-б.)

Натыйжада силерден КӨЗДӨГҮ СҮРМӨДӨЙ (СУРМА) ЖЕ ТАМАКТАГЫ ТУЗДАЙ ГАНА КАЛАТ. Жана мен силерге бир мисал берем: бир кишинин белгилүү санда буудайы бар. Аны тазалайт жана бир үйгө койот, бир топ убакыттан кийин келгенде анын курттаганын көрөт, аны кайра тандап, тазалап, кайра үйдүн ичине койот. Бир топ убакыттан кийин келгенде анын кайрадан курттаганын көрөт. Кайрадан аны тандап, тазалайт жана бул ишин кайталайт. Аягында курттар эч зыян бере албаган өтө аз бекем буудай калат. Мына силер да ушундайсыңар. АЯГЫНДА АРАҢАРДА ФИТНАЛАР ЭЧ ЗЫЯН ТИЙГИЗЕ АЛБАГАН ӨТӨ АЗ БИР ТОП КАЛАТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 245-б.)

Михзем бин Эбу Бурде-и Эседи жана башкалар алып өткөрүшкөн; Имам Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «Аллахка ант болсун, айнектин сынып чачырашы сымал чачырайсыңар. Айнек чачыраганда кайра биригип (мурдакы абалына) кайтышы мүмкүн. Бирок силер, Аллахка ант болсун, кумурадай сынып чачырайсыңар. Жана, Аллахка ант болсун, ушундай тазаланасыңар; натыйжада АРАҢАРДА ӨТӨ АЗ АДАМ КАЛАТ.» (Gaybet-i Numani, 242-б.)

Савфан бин Йахйа мындай дейт: Имам Рыза алейхиссалам мындай деди: «Аллахка ант болсун, силер тазаланып, тандалмайынча, мойнуңарды созуп күткөн (кыям) болбойт (АЗ. МЕХДИ (АС) КӨРҮНБӨЙТ). НАТЫЙЖАДА АРАҢАРДА ӨТӨ АЗЫҢАР БЕРИДЕ (БЕКЕМ) КАЛАТ.» (Gaybet-i Numani, 243-б.)

Аяттар

Аягында буйругубуз келгенде жана тандыр кайнаганда: «Ар биринен экиден жуп (жаныбар) менен алардын зыянына сөз өткөндөрдөн тышкары, үй-бүлөңдү жана ыйман келтиргендерди ага жүктө» дедик. Ансыз да аны менен бирге өтө азы гана ыйман келтирген эле. (Surah Hud, 40)

Чындыгында булар аз сандагы бир топ. (Шуара Сүрөсү, 54)

Аягында Мусага өз коомунун бир тайпа жаштарынан башка, Фараон жана анын адамдары аларды балээге кабылтышынан коркуп, ыйман келтирген болгон жок. Анткени, Фараон чынында жер жүзүндө бой көтөргөн бир залим жана чектен чыккандардан эле. (Йунус Сүрөсү, 83)

Талут аскерлери менен бирге бөлүнгөндө (мындай) деди: «Чындыгында Аллах силерди бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе, эми ал менден эмес жана ким, колу менен бир ууч ичкенден тышкары, аны ичпесе менден. Аз ганасынан тышкары (баары суудан) ичишти. Ал аны менен бирге ыйман келтиргендер менен (дарыядан) өткөндө алар (калгандар): «Бүгүн биздин Жалутка жана аскерлерине каршы (тиреше турган) күчүбүз жок» дешти. (Ошондо) Сөзсүз Аллахка жолугаарын үмүт кылгандар (мындай) дешти: «Канчалаган аз сандагы топ көбүрөөк болгон бир топту Аллахтын уруксаты менен жеңген; Аллах сабыр кылуучулар менен бирге.» (Бакара Сүрөсү, 249)

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Жаштар Болот

Хадисте Аз. Мехди (ас)га да жаштардын жардамчы болоору айтылат. Акыр заманда ыйман келтирбеген адамдардын көп болушу жана дажжал фитнасынын коркутуучу болушу себебинен да Аз. Мехди (ас)дын шакирттерин көбүнчө жаштар түзөт.

Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынын көпчүлүгү жаштардан куралат. Араларында аз санда улгайгандар болот. (Bihar-ül Envar, 52-том, 334-бет)

Тарыхта көп пайгамбарлардын жардамчылары жаштар болгон. Аллах Йунус Сүрөсүнүн 83-аятында мындайча билдирет:

Аягында Мусага өз коомунун бир тайпа жаштарынан башка, Фараон жана анын адамдары аларды балээге кабылтышынан коркуп, ыйман келтирген болгон жок. Анткени, Фараон чынында жер жүзүндө бой көтөргөн бир залим жана чектен чыккандардан эле (Surah Yunus, 83)

Акыр Заманда Адамдардын Көпчүлүгү Аз. Мехди (aс) Дын Жамаатынан Алыс Болушат

Төмөндөгү хадисте адамдардын көпчүлүгүнүн Аз. Мехди (ас)дан алыс тураарына ишарат кылынат. Ал адамдар Аз. Мехди (ас) менен жакындарынын бийик адеп-ахлагын жана Аллах жолундагы чоң пикирдик күрөшүн барктап-түшүнө алышпайт. Акыр заманда адамдардын көпчүлүгүнүн дин ахлагынан алыстаган болушу жана Аз. Мехди (ас) жамаатынын көптөгөн жалган жалаа, кыйынчылык, азаптарга кабылышы себебинен, кызыкчылыгыма зыяны тийет деп коркуп адамдардын Аз. Мехди (ас) менен жамаатына жакындабашы айтылган.

Мындай деди: «Аларды жер жүзүнүн бурчтарынан изде. АЛАРДЫН ЖАШООЛОРУ ЖУПУНУ, ҮЙЛӨРҮ ЖОНДОРУНДА, ЭГЕР ДАЯР ТУРУШСА ТААНЫЛЫШПАЙТ, ЭГЕР ЖОГОЛУШСА ИЗДЕЛБЕЙТ, ООРУП КАЛЫШСА ЭЧ КИМ АЛАРДЫ КӨРГӨНҮ КЕЛБЕЙТ, ЭГЕР ҮЙЛӨНӨЛҮ ДЕШСЕ ЭЧ КИМ МАКУЛ БОЛБОЙТ. ЭГЕР ӨЛҮШСӨ ЖАНАЗАЛАРЫНА ЭЧ КИМ КАТЫШПАЙТ. АЛАР МАЛ-МҮЛКТӨРҮН АРАЛАРЫНДА ТЕҢ КЫЛЫП БӨЛҮШҮШӨТ ЖАНА БИР-БИРЛЕРИН КАБЫРЛАРЫНДА ЗЫЯРАТ КЫЛЫШАТ, БАШКА БАШКА ШААРЛАРДА БОЛУШСА ДА, ТИЛЕКТЕРИ ДАЙЫМА БИР.» (Gaybet-i Numani, 238-б.)

Аз. Мехди (aс) Кайып Кезде Ага Өтө Аз Санда Гана Адам Ишенет, Башка Адамдар Терең Күмөндө Болушат

... Билгиле, уулумдун (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) КӨЗДӨРДӨН АЛЫС БОЛГОН КЕЗИ ӨТӨ КӨПКӨ СОЗУЛАТ. НАТЫЙЖАДА ЫЙМАНДАРЫН АЛЛАХ КОРГОГОНДОРДОН ТЫШКАРЫ БҮТ АДАМДАР АЛ ЖӨНҮНДӨ КҮМӨНГӨ ТҮШҮШӨТ. (Bihar-ül Envar, 51-т., 160-б.; Isbat-ül Hüdat, 6-т., 427-б.)

Аз. Мехди (aс) Дын 30 Адамдан Турган Бир Иштөө Тобу Болот

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин саны 313 киши деп айтылган. Бирок бул кишилердин арасынан, эмгектеринде ага көмөкчү болгон 30 кишилик бир тобу болот. Пайгамбарыбыз (сав) ал кишилердин Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын түшүндүргөн, дарвинизм жана материализм сыяктуу путпарасттык дин түшүнүктөрүн пикирдик жактан кулата турган эмгектерин даярдашында, керектүү маалыматтарды оңой гана таба алышында, убакыт жана көп аракет талап кылган иштерде анын баалуу убактысын коротушуна зарылчылык калтырбастан Аз. Мехди (ас)га жардам беришээрин кабар берген. Ал кишилер өз чөйрөлөрүндө адис кишилер болуп, Аз. Мехди (ас)дын убактысы менен абалы мүмкүнчүлүк бербеген учурларда ага толук жардамчы болгон, илимдүү кишилер болушат.

Имам (Аз. Мехди (ас)) КҮЧТҮҮ ОТУЗ ЖАРДАМЧЫСЫ МЕНЕН, жалгыз эмес. (El-Sahife El-Mehdiye'den Seçme Dualar (Эль-Сахифе Эль-Мехдийеден тандалма дубалар), Seyyid Murtaza Müçtehidi Sistani, 49-б., Al-Bihar 52:153)

Аз. Мехди (ас) 3 вазыйпасын (милдетин) орундатып жатканда ага жардамчылык кызматын кемчиликсиз жасаган, ыйманы жана абийири күчтүү, акылдуу, эрктүү, ыкластуу бул момундар Аз. Мехди (ас)ды Ислам ахлагы жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнүн бүт дүйнөгө жайылышы (орношу) менен байланыштуу иштеринде жалгыз ташташпайт. Ошондой эле, бул топ дарвинизм менен материализмдин пикирдик, илимий кулатылышы менен байланыштуу эмгектеринде жана бүт Мусулман өлкөлөрдүн Түрк Ислам Биримдиги астында биригип чоң бир күч пайда кылышы багытындагы маанилүү кызматын орундатышында да дайыма Аз. Мехди (ас)га көмөкчү болушат жана эч качан жалгыз калтырышпайт.

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттеринин Бул Дүйнөгө Багытталган Материалдык Жана Моралдык Эч Умтулуусу Болбойт

Эй Эбу Хурейре! Бул жамаат (АЗ. МЕХДИ (АС) ЖАМААТЫ) татаал жана оор бир жолго түшүшүп, пайгамбарлардын даражасына жетишет. АЛЛАХ АЛАРДЫ ТОЙГУЗГАН СОҢ АЧ КАЛУУНУ, КИЙИНТКЕН СОҢ ЖЫЛАҢАЧ КАЛУУНУ, ИЧИРГЕН СОҢ СУУСУЗ КАЛУУНУ ТАНДАШАТ; АЛЛАХТЫН КАБАТЫНДАГЫЛАРДЫ ҮМҮТ КЫЛЫШЫП БУЛАРДЫ ТАШТАШАТ. СУРАГЫНАН КОРКУШУП АДАЛДЫ ДА ТАШТАШАТ. ДҮЙНӨГӨ ДЕНЕЛЕРИ МЕНЕН ГАНА БАЙЛАНЫШТУУ БОЛУШАТ, АНЫН КАНДАЙДЫР БИР НЕРСЕСИ МЕНЕН АЛЕК ДА БОЛУШПАЙТ.
Алардын Раббилерине болгон моюн сунууларына периштелер менен пайгамбарлар да таң калышат. Алар кандай бактылуу, алар кандай бактылуу! Аллахтын алар менен менин арамды бириктиришин канчалык каалаар элем! ... (el-Vesaya li-İbnü'l-Arabi, Halet Ef. №: 198/2, 486a yaprağı)

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттеринин Жогорку Өзгөчөлүктөрү

Анын (Аз. Мехди (ас)) шакирттеринин табияты АРУУ ЖАНА КЕМЧИЛИКСИЗ БОЛОТ. ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮКТӨН (БИР ИШТИ ЭЛ КӨРСҮН ҮЧҮН КЫЛУУДАН) ЖАНА БҮТ БАШКА КИРЛЕРДЕН ТАЗАЛАНГАН БОЛУШАТ. (Bihar-ül Envar, 52-том, 35-бет)

Алардын (Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин) ЖҮРӨКТӨРҮ ЖАМАНДЫК, КЫЗГАНЫЧТЫК ЖАНА ДУШМАНДЫКТАН ТАЗАЛАНГАН жана кемчиликсиз болот. (Bihar-ül Envar, 52-том, 35-бет)

Алардын (Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин) жүрөктөрү БОЛОТТОН ДА КҮЧТҮҮ болот. Алардын ар бири кырк күчтүү адамга тең болот. (Mikyaal al-Makaarem, 1-том, 65-бет)

Имам-ы Заман (Аз. Мехди (ас))дын шакирттери АСЫЛ, ИЛИМДҮҮ БОЛУШАТ жана ДҮЙНӨНҮН БАШКАРУУЧУЛАРЫ БОЛУШАТ. (Al-Malaahem wa al-Fetan, 205-бет)

Акыр Заманда Адамдардын Көпчүлүгү Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттеринин Баркын Билишпейт

Our Prophet (saas) said this regarding the followers of Hazrat Mahdi (as):
АЛАР АЛЛАХ ЖОЛУНДА КҮРӨШҮШӨТ ЖАНА БОЙ КӨТӨРГӨНДӨР АЛАРДЫ ТӨМӨН КӨРҮШӨТ. АЛАРДЫН БАРКЫ ДҮЙНӨДӨ БИЛИНБЕЙТ, БИРОК АКЫРЕТТЕ ЖАКШЫ ТААНЫЛЫШАТ. (Muntakab el Ezhar, 474-б.)

Хадисте адамдардын көпчүлүгүнүн Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин ыймандарын жакшылап түшүнүп-барктай албашына көңүл бурулган.

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттеринин Руханий Тарабы Күчтүү Болот

Their [followers of Hazrat Mahdi (as)] souls are bright like lamps and their hearts are lighted as wellАз. Мехди (ас)дын шакирттеринин рухтары чырак сыяктуу жарык, алардын жүрөктөрү да жарык кылынган. (Mikyal el-Mekarim, 1-том, 65-бет)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин руханий жактан өтө өнүккөн, терең ыймандуу, чын жүрөктөн Аллахка багытталган кишилер болооруна ишарат кылынууда. Аз. Мехди (ас)дын себепчи болушу менен ал кишилердин Аллахка болгон сүйүүлөрү жана Аллахтан болгон коркуулары өтө күчтүү болот, натыйжада адамдарды сүйүшү, асылдыгы жана боорукердик сезими да башкалардан өтө айырмаланган даражада күчтүү болот. Аз. Мехди (ас)дын шакирттери напсилеринин терс тараптарын толук башкарууга алышып, рухтарын эгоизм (өзүмчүлдүк), кызганычтык, кекенүү, жасалмалык сыяктуу терс өзгөчөлүктөрдөн тазалаган кишилер болушат.

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Тандалган Адамдар Болот

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин жакшы билим алган адамдардан тураарына көңүл бурулган. Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин өз доорунда жакшы билим алган жана асыл болуу менен өзгөчөлөнүшүнүн бир себеби: алар жашаган доордо адамдар асылдык, сылыктык жана сонун мүнөздөн алыстаган болот. Бул жагынан Аз. Мехди (ас) шакирттери эл арасында өтө тандамал кишилер болушат.

Аз. Мехди (ас)дын жардамчылары асыл жана билимдүү болушат. (El-Melahim ve el Fitan, 205-бет)

Аз. Мехди (aс) Дын Кээ Бир Жардамчылары Гана Арапча Билет

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ АРАП БОЛБОЙТ. Башка элдерден болот. БИРОК АРАПЧА СҮЙЛӨШӨТ. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci (Мухаммед б. Ресул Эль-Хүсейин Эль-Берзенжи), Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), 187-б.)

Хадисте берилген маалыматтан Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынын араптардан эмес, башка бир элден экени, бирок арап тилин билишээри түшүнүктүү болууда.

Аллах Аз. Мехди (aс) Ды Жана Жардамчыларын Руханий Күчтүү Жана Таасирдүү Кылган; Аллахтын Уруксаты Менен Дүйнөнүн Бүт Жагында Аллахтын Атынын Эстелишине Себепчи Болушат

Имам Мухаммед Бакыр (ас) жана Имам Жафер Садык (ас) Аз. Мехди (ас)дын жардамчылары жөнүндө мындай деген: «Алар дүйнөнүн чыгышын жана батышын каратышат. АЛАРДЫН АР БИРИНИН КЫРК АДАМДАЙ КҮЧҮ БАР. ЖҮРӨКТӨРҮ ТЕМИРДЕЙ. НАТЫЙЖАДА «ЛА ИЛАХА ИЛЛАЛЛАХ ВА АННА МУХАММЕДЕН РАСУЛУЛЛАХ» БҮТ ТАРАПТА ЖАҢЫРАТ ЖАНА УГУЛАТ.» (Bihar-ul Envar, 52-т., 340-б.)

Аз. Мехди (ас)дын аялдардан жана эркектерден турган шакирттери руханий да, дене жагынан да күчтүү, өтө сапаттуу, бийик жана таасирдүү адамдардан турат жана ар бири кемчиликсиз бир динге чакыруу күчүнө ээ болот. Бүт мындай өзгөчөлүктөрү менен Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынын көрүнүшү укмуш көзгө урунаарлык болот.

Аллах алардын мындай динге чакыруу күчүн себепчи кылып, Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин таасири менен дүйнө жүзүндө бүт адамдарда массалык түрдө ыйманга багыт алуу кыймылы болот. Бүт жерде Аллахтын атын жана даңкын улуулашат жана Ислам ахлагын бүт дүйнөгө орнотушат.

Риваятта «Ла илаха иллаллах ва анна Мухаммеден Расулуллах сөздөрүнүн бүт тарапта жаңыраары жана угулаары» болсо Аз. Мехди (ас)дын Ислам ахлагына чакыруу багытындагы иш-аракеттеринин маалымат каражаттарында, интернетте, телевизорлордо, радиолордо, гезиттерде, журналдарда, кыскасы, дээрлик бүт тарапта тынымсыз жарыяланаарына ишарат кылууда.

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттеринин Ыйманы Өтө Күчтүү Болот

Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынын Аллах жөнүндө кыпындай да күмөндөрү болбойт жана Аллахты кандай таануу керек болсо, ошондой таанышат. (El-Beyan Fi-Akbarı Hz. Mehdi (a.s.) Ahir Zaman (a.s.), 5-бөлүм; Mikyal el-Mekarim, 1-том, 65-бет)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин ыймандарынын тереңдигинен сөз кылынууда. Акыр заманда Аз. Мехди (ас) доорунун алдында адамдар арасында Аллахты тануучу философиялар кеңири жайылган болот. Ушул себептен, чыныгы мааниде Аллахка ыйман келтирген, Аллахтын сыпаттарын чындап таанып Аллахтан корккон кишилер өтө аз санда болот. Аз. Мехди (ас)дын шакирттери болсо эч күмөн санабастан Аллахка терең ыйман келтиришет (ишенишет). Бул жагынан эл арасында өзгөчөлөнүшөт.

Аз. Мехди (aс) Дын Жардамчылары Аларга Жасалган Кысымдан Коркушпайт

Аз. Мехди (ас) колун жардамчыларынын ийини менен көкүрөгү арасына сүрөт, ошентип алар өздөрү жөнүндө бериле турган эч бир өкүмдөн тартынышпайт, эч бир чечим аларга оор келбейт. (Bihar-ül-Envar, 52-том, 345-бет, El Melahim va el Fitan, 205-бет; Mikyaal el-Mekarim, 1-том, бет: 144/235)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин да кысымчылыкка кабылышы мүмкүн экенине көңүл бурулган. Ислам ахлагын жайуу үчүн чын ыкластан аракет кылган дээрлик ар момун кабыла турган кыйынчылыктар Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин да башына келет. Аз. Мехди (ас)дын жардамчылары аларга жасала турган кысымчылыктардан коркушпайт жана чыдамкай болушат. Аз. Мехди (ас) жардамчыларынын зыянына сот өкүмдөрүнүн да чыгышы мүмкүн экенине хадисте ишарат кылынууда. Аз. Мехди (ас)дын жардамчылары алардын зыянына чыга турган чечимдерден тартынышпайт жана Аллах ыраазылыгы үчүн жасаган илимий эмгектеринде, чечкиндүүлүктөрүндө эч азайуу болбойт.

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Аз. Мехди (aс) Алган Чечимдерге Эч Каршы Чыгышпайт

Аз. Мехди (ас)дын шакирттери Аз. Мехди (ас)ды жүргүзгөн күрөштөрүндө да колдошуп, каалагандарын орундатышат жана Аз. Мехди (ас)га бир кулдун ээсине болгонунан да баш ийүүчү жана моюн сунуучу болушат. (Mikyal el-Mekarim, том:1, бет: 65)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин Аз. Мехди (ас)га болгон моюн сунуучулугуна көңүл бурулган. Шакирттери Аз. Мехди (ас) алган чечимдерди эч такыбастан, өтө так орундатышат. Бул алардын Аллахка болгон ыйманындагы тереңдиктин жана чын ыкластуулуктун да көрсөткүчү болот. Хадисте Аз. Мехди (ас)га моюн сунуучу болуунун бир өзгөчөлүк катары айтылышынын себеби: Аз. Мехди (ас) кээ-кээде түпкү максаты (сыры) ошол замат түшүнүктүү болбогон чечимдерди алат. Чын ыкластан ыйман келтиргендерден башка адамдар үчүн Аз. Мехди (ас)дын чечимдерин такып сурабастан орундатуу мажбурлоочу бир сыноо болушу мүмкүн. Аз. Мехди (ас)дын андай чечимдеринде шакирттери эч көйгөй жаратпайт, баш ийүүчү жана моюн сунуучу мамиле көрсөтүшөт.

Кыйынчылык Жана Кысымдар Аз. Мехди (aс) Менен Шакирттерин Коркутпайт

АЛАРДАН «ЖОГОРКУ ЖАНА КҮЧТҮҮ», МАКТАЛГАН АЛЛАХКА ЫЙМАН КЕЛТИРИШКЕНИ ҮЧҮН ГАНА ӨЧ АЛЫШТЫ. (Бүруж Сүрөсү, 8)

Мындай деди: «Аларды жер жүзүнүн бурчтарынан изде. Алардын жашоолору жупуну, үйлөрү жондорунда, эгер даяр турушса таанылышпайт, эгер ЖОГОЛУШСА ИЗДЕЛБЕЙТ, ООРУП КАЛЫШСА ЭЧ КИМ АЛАРДЫ КӨРГӨНҮ КЕЛБЕЙТ, эгер үйлөнөлү дешсе эч ким макул болбойт. Эгер ӨЛҮШСӨ ЖАНАЗАЛАРЫНА ЭЧ КИМ КАТЫШПАЙТ. Алар мал-мүлктөрүн араларында тең кылып бөлүшүшөт жана бир-бирлерин кабырларында зыярат кылышат, башка башка шаарларда болушса да, тилектери дайыма бир.» (Gaybet-i Numani, 239-б.)

Аз. Мехди (ас)га жана шакирттерине мүнафыктардан, каапырлар менен адашкандардан өтө күчтүү кысымчылыктар болот жана алар кыйноолорго, жалааларга туш болушат. Бирок эч ийилишпейт жана жеңилишпейт.

Чындыгында алар бир тузак пландап куруп жатышат; Мен дагы бир тузак куруп жатам. Сен каапырларга бир мөөнөт бер, бир аз убакыт бер. (Тарык Сүрөсү, 15, 16, 17)

Ислам ахлагынын дүйнөгө орношуна аз убакыт калды. Убада кылынган күч жакындап келе жатат:

АЛ УБАДА КЫЛЫНГАН КҮНГӨ ... (Бүруж Сүрөсү, 2)

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттеринин Кээ Бир Өзгөчөлүктөрү:

АЛЛАХТЫН ӨЗГӨЧӨ КУЛДАРЫ. (Kıyamet Alametleri, 198-б.)

Алардын жүрөктөрү темир сымал жана алар күндүз арстан, түнкүсүн болсо абид (көп ибадат кылуучу). (Kitab ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy il Ahir Zaman, 57)

Сөзсүз алар хидаят желектери. (Ramuz el-Ehadis, 1/153)

Аллах жолунда эч бир сындагандын сынынан коркпогон тандалган мусулмандар. (Sünen-i Ibni Mace, 10/259)

(Аз. Мехди (ас)дын) достору эр жүрөк, баатыр, ыкластуу, ыймандуу кишилер, ага моюн сунууда аракетчил. Каякка жана кайсы ишке барышса сөзсүз жеңишке жетишет... (Bihar'ul-Envar, 52-т., 279-б. жана 53-т., 12-б. İkmal'ud- Din, 2-т., 367-б.)

Хүкейм бин Саъд мындай дейт: Имам Эмирүлмүминин Али алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «Каим (Аз. Мехди) алейхиссаламдын асхабы (тобу) жаштар жана араларында улгайгандар жок; көздөгү сүрмө же тамактагы туздай гана. Жана тамактагы эң аз нерсе – туз.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 374-б.)

Бул (Мехдинин) вазыйпа(сы) таянган күч жана руханий ордосу (армиясы) бир гана ыклас жана опаалык (берилгендик) жана бир-бирин колдоочулук сыпаттарына толук ээ болгон бир катар шакирттер (окуучулар). Канчалык аз болушса да, руханий бир ордодой (армиядай) күчтүү жана баалуу болушат. (Emirdağ Lahikası (Эмирдаг Лахикасы, Бедиүззаман Саид Нурси), 259)

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Болгон Жаштардын Кээ Бирлери Зулумдук Жана Кысымдан Улам Дажжалдын Фитнасына Кабылган Үй-Бүлөлөрүнөн Кетишет

Аллах адамдарга бир мээрим катары жөнөткөн элчилердин чакырган акыйкат жолуна түшкөн жана ал кымбаттуу элчилерди жактаган, аларга көмөкчү болгон, Аллах аларга түшүргөн акыйкат китептерге ишенген ыймандуу жаштар тарыхта дайыма айланасындагы адамдардан, жакындарынан, өзгөчө үй-бүлөлөрүнөн көп кысымчылык көрүшкөн. Акыр заманда чыгышы чоң үмүт менен күтүлгөн Аз. Мехди (ас)ды сүйө турган, Анын Аллах Кабатынан жөнөтүлгөн куттуу бир киши экенине чын жүрөктөн ишенип, аны менен бирге Куран ахлагын жашай турган жаш шакирттери болсо «Же силерден мурда жашап-өткөндөрдүн абалы башыңарга келбестен бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?» (Бакара Сүрөсү, 214) аятына ылайык тарых бою Мусулмандардын баштарына келген сымал сыноолорго туш болушат. Ошондуктан Куранда айтылган мисалдар менен Аз. Мехди (ас)дын жамаатындагы шакирттеринин бир бөлүгүнүн баштарына келгендер арасында өтө чоң окшоштуктар болот.

Бир Хадисте Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттеринин Бир-Биринен Башка Досторунун Болбой Турганы, Натыйжада Жоголсо Да Изделбей Турганы Кабар Берилет; Бул Дагы Алардын Кээ Бирлеринин Өз Коомунун, Үй-Бүлөлөрүнүн, Туугандарынын Аларга Болгон Терс Мамилелерине Ишарат Кылууда:

Мындай деди: «Аларды жер жүзүнүн бурчтарынан изде. Алардын жашоолору жупуну, үйлөрү жондорунда, эгер даяр турушса таанылышпайт, эгер ЖОГОЛУШСА ИЗДЕЛБЕЙТ, ООРУП КАЛЫШСА ЭЧ КИМ АЛАРДЫ КӨРГӨНҮ КЕЛБЕЙТ, эгер үйлөнөлү дешсе эч ким макул болбойт. Эгер ӨЛҮШСӨ ЖАНАЗАЛАРЫНА ЭЧ КИМ КАТЫШПАЙТ. Алар мал-мүлктөрүн араларында тең кылып бөлүшүшөт жана бир-бирлерин кабырларында зыярат кылышат, башка башка шаарларда болушса да, тилектери дайыма бир.» (Gaybet-i Numani, 239-б.)

Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Жардамчыларынын Аз. Муса (aс) Ды Ээрчиген Же Кехф Эли (Үңкүр Ээлери) Сыяктуу Аз Сандагы Жаштардан Тураарына Көңүл Бурулат:

Хүкейм бин Саъд мындай дейт: Имам Эмирүлмүминин Али алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «КАИМ (АЗ. МЕХДИ) АЛЕЙХИССАЛАМДЫН АСХАБЫ (ШАКИРТТЕРИ) ЖАШТАР жана АРАЛАРЫНДА УЛГАЙГАНДАР ЖОК; rong> алар көздөгү сүрмө же азыктагы туздай гана. Жана азыктагы эң аз нерсе – туз.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 374-б.)

Аз. Мехди (ас)дын айланасында жаштардын болооруна ишарат кылган башка хадистер болсо төмөнкүдөй:

Аз. Мехди (ас) бизден Эхли Бейттен (урпактарымдан) БИР ЖАШ ЖИГИТ. Улгайгандарыңар ага жете алышпайт, жаштарыңар болсо аны үмүт кылышат. Аллах каалаганын кылат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 23-б.)

Аз. Мехди (ас)дын туучусу (туу көтөрүүчүсү) сакалы суюк, өңү сары кичинекей БИР ЖАШ БОЛОТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 51-б.)

Анын (Аз. Мехди (ас)дын) туучусу чыгыштан Темими уруусуна тиешелүү БИР ЖАШ БОЛОТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 26-б.)

Кысымчылык Жана Зулумдук Себебинен Өз Коомунан Же Үй-Бүлөлөрүнөн Кетип Калган Мусулмандарды Аллах Куранда Мындайча Кабар Берүүдө:

Кехф Эли (Үңкүр ээлери):

Ал жаштар, ҮҢКҮРДҮ КОРГОЛОНУШКАНДА, мындай дешкен: «Раббибиз, Кабатыңдан бизге бир мээрим бер жана ишибизден бизге туураны жеңилдет (бизди ийгиликтүү кыл). (Кехф Сүрөсү, 10)

... Силерди эч кимге сездирип койбосун. СЕБЕБИ АЛАР ҮСТҮҢӨРГӨ ЧЫГЫП КЕЛИШСЕ, СИЛЕРДИ ТАШБАРАҢ КЫЛЫШАТ ЖЕ ДИНДЕРИНЕ КАЙРА КАЙТАРЫШАТ; анда түбөлүк кутулууга жете албайсыңар.» (Кехф Сүрөсү, 19-20)

Аз. Муса (aс) Га Ыйман Келтирген Жаштар:

Аягында МУСАГА ӨЗ КООМУНУН БИР ТАЙПА ЖАШТАРЫНАН БАШКА, Фараон жана анын адамдары аларды балээге туш кылышынан коркуп, ЫЙМАН КЕЛТИРГЕН БОЛГОН ЖОК. Анткени, Фараон чынында жер жүзүндө бой көтөргөн бир залим жана чектен чыккандардан эле. (Йунус Сүрөсү, 83)

Атасы Менен Мамилесин Үзгөн Аз. Ибрахим (aс) :

(Атасы) Айткан эле: «Ибрахим, сен менин кудайларымдан жүз үйрүп жатасыңбы? Эгер (мындай мамилеңди) токтотпосоң, ант болсун, СЕНИ ТАШБАРАҢ КЫЛАМЫН; УЗУН БИР УБАКЫТКА МЕНДЕН АЛЫСТА, (БИР ЖЕРЛЕРГЕ) КЕТ.» (Ибрахим:) «Сага салам болсун, сен үчүн Раббимден кечиришин тилейм, себеби Ал мага абдан берешен» деди. «СИЛЕРДЕН ЖАНА АЛЛАХТАН БАШКА СЫЙЫНГАНДАРЫҢАРДАН (АЛЫСКА) КЕТТИМ жана Раббиме дуба кыламын...» (Мерйем Сүрөсү, 46-48)

Ибрахимдин атасы үчүн кечирүүнү тилеши ага берген бир сөзү үчүн гана эле. АГА АНЫН ЧЫНДАП АЛЛАХКА ДУШМАН ЭКЕНИ БИЛДИРИЛГЕНДЕ АНДАН АЛЫСТАДЫ. Чындыгында Ибрахим өтө сезимтал, жумшак пейилдүү эле. (Тообо Сүрөсү, 114)

Аз. Нух (aс) Менен Уулунун Араларынын Ажырашы:

Нух Раббисине кайрылды. «Раббим, күмөнсүз менин уулум үй-бүлөмдөн жана Сенин убадаң да чындыгында акыйкат. Сен өкүмдарлардын өкүмдарысың» деди. (Худ Сүрөсү, 45)

Мындай деди: «ЭЙ НУХ, АНЫК АЛ СЕНИН ҮЙ-БҮЛӨҢДӨН ЭМЕС. Себеби ал салих (жакшы) эмес бир иш (кылган). Демек билбеген нерсеңди Менден сураба. Чындыгында Мен караңгы-билбегендерден болбосун деп сага кеңеш кылам.» (Худ Сүрөсү, 46)

Аз. Нух (aс) Жана Аз. Лут (aс) Дын Жубайлары Менен Араларынын Ажырашы:

АЛЛАХ КААПЫРЛАРГА НУХТУН ЖУБАЙЫН ЖАНА ЛУТТУН ЖУБАЙЫН МИСАЛ БЕРДИ. Экөөсү тең кулдарыбыздан салих болгон эки кулубуздун никесинде эле; бирок аларга кыянаттык кылышты. Мындан улам (күйөөлөрү) аларга Аллахтан келген эч нерсе менен пайда беришпеди. Экөөсүнө тең: «отко башка кирүүчүлөр менен бирге киргиле» деп айтылды. (Тахрим Сүрөсү, 10)

Аяттардан да көрүнүп тургандай, пайгамбарлар жана Аллахка ыйман келтирген, Аллах ыраазылыгы үчүн жашоо чечимин алган момундар динчил болгону үчүн гана үй-бүлөлөрүнөн, чөйрөлөрүнөн кысымчылык менен зулумдук көрүшсө, алардан жүз бурушуп, дин ахлагын бейпил жана коопсуздукта жашай ала турган башка момундар менен бирге жашашууда. Мындай мамилелеринен Аллах Куранда мактоо менен сөз кылат.

Пайгамбарыбыз (cав) Доорунда Жашаган Сахабалардын Кээ Бирлери Да Аллахка Ыйман Келтиргени Жана Куран Ахлагына Ылайык Бир Жашоону Тандаганы Үчүн Үй-Бүлөлөрүнөн Олуттуу Кысым Көрүшүп, Камалышып, Зомбулук Көрүшкөн:

Үммү Гүлсүм Бинти Укде жети жыл бою үй-бүлөсүнүн кысымчылыгы менен Мекке мушриктеринин арасында жашоого мажбур болгон. Расулуллах (сав)га моюн сунган учурдан баштап башка Мусулмандар сыяктуу ал да ар кандай кыйноо, кысымдарга туш болгон. Дин ахлагын ташташы үчүн эң башында атасынан жана башка мушриктерден зулумдук, кысымдыкка кабылган... Бүт кыйынчылыктарга карабастан ага ыйманынан улам кысым көргөзгөн ҮЙ-БҮЛӨСҮН ТАШТАП ӨЗҮ ЖАЛГЫЗ ЖАСАГАН ХИЖРАТ (КӨЧ) САПАРЫ момундарга өрнөк болгон

Мусъаб Ибни Умейр (ра) Мусулман болгонун үй-бүлөсүнөн жана чөйрөсүнөн жашырып Пайгамбарыбыз (сав)ды жашыруун зыярат кылууну уланткан. Жашыруун намаз кылганын үй-бүлөсү билип калганда болсо өз туугандары тарабынан кармалып камалган жана Эфиопияга хижрат (көч) мүмкүнчүлүгү чыкканда алгачкы кербен менен бирге дин ахлагын кысымсыз жашоо үчүн ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН КАЧЫП ЭФИОПИЯГА ХИЖРАТ КЫЛГАН.

Аз. Селеме да Аллахка ыйман келтиргени үчүн үй-бүлөсүнөн көп убакыт бою кыйноо көргөн бир сахаба. Аз. Селеме менен бир тууганы Харис ыйман келтирип Пайгамбарыбыз (сав)ды ээрчишкени менен, калган үч бир тууганы Эбу Жахил, Ас жана Халид Аллах билдирген дин ахлагынан жүз бурушкан жана ыйман келтирген бир туугандарына душман болушкан. Аз. Селеме көп убакыт бою эң жакындары тарабынан кыйноого алынган. Бир туугандары Аз. Селеме дин ахлагынан баш тартышы үчүн ар кандай жолду колдонушкандыктан, Аз. Селеме аягында ӨЗ ЖАНЫН КОРГОО ЖАНА ИСЛАМ АХЛАГЫН ТОСКООЛДУКСУЗ ЖАШАЙ АЛУУ ҮЧҮН ЭФИОПИЯГА ХИЖРАТ КЫЛГАН (КӨЧКӨН).

Дажжал Фитнасы Эң Жогорку Даражага Жете Турган Акыр Заманда Аз. Мехди (aс) Дын Жанында Боло Турган Жаштардын Кээ Бирлерин Үй-Бүлөлөрүнүн Жана Чөйрөлөрүнүн Дажжалдын Жолуна Чакыраары Пайгамбар Мырзабыз (cав) Дын Хадистеринде Апачык Көрүнүп Турат:

Аз. Мехди (ас)дын мындай мажбурлоого туш болгон кээ бир шакирттеринин Куранда мисал берилген башка момундар сыяктуу чечимге бараары анык:

(Дажжал) Бир бедуинге мындай деши да анын фитнасынан. «Эгер сага атаң менен энеңди тирилтсем, менин сенин Раббиң экениме күбөлүк бересиңби?» Бедуин «ооба» дейт. Эки шайтан энеси менен атасы көрүнүшүндө келип мындай дешет: «ЭЙ БАЛАМ АНЫ ЭЭРЧИ (АГА МОЮН СУН). АЛБЕТТЕ АЛ СЕНИН РАББИҢ». (Tirmizi (Тирмизи))

Аллах Куранда ЭНЕСИ, АТАСЫ, БИР ТУУГАНЫ, БАЛАСЫ БОЛСО ДАГЫ, АДАМДЫ Аллах ЖОЛУНАН ТОСУУГА АРАКЕТТЕНГЕНДЕРДИ ДОС ТУТПООНУ ЖАНА АЛАРДАН ЖҮЗ БУРУУНУ БУЙРУК КЫЛАТ:

Биз адамга эне жана атасына (карата) жакшылыкты (туу тутушун) кеңеш кылдык. Эгер алар БИЛБЕГЕН БИР НЕРСЕНИ МАГА ШЕРИК КОШУШУҢ ҮЧҮН АРАКЕТ КЫЛЫШСА, АНДА АЛАРГА МОЮН СУНБА. Мага кайтып келесиңер. Анан жасагандарыңарды силерге кабар берем. (Анкебут Сүрөсү, 8)

Эй ыйман келтиргендер, эгер ЫЙМАНДЫН ОРДУНА КААПЫРДЫКТЫ ЖАКШЫ КӨРҮП-ТАНДАШСА, АТАЛАРЫҢАРДЫ ЖАНА БИР ТУУГАНДАРЫҢАРДЫ ДОС ТУТПАГЫЛА. Силерден ким аларды дос тутса, мына ошолор зулумдук кылуучулар. (Тообо Сүрөсү, 23)

Эй ыйман келтиргендер, чындыгында, СИЛЕРДИН ЖУБАЙЛАРЫҢАРДАН ЖАНА БАЛДАРЫҢАРДАН КЭЭ БИРЛЕР СИЛЕР ҮЧҮН ДУШМАН. Андай болсо алардан сактангыла. (Тегабүн Сүрөсү, 14)

Аллахка жана элчисине баш көтөргөн адамдар менен бир жакшы көрүү (жана достук) байланышы болгон Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген эч бир коом (топ) таба албайсың; АЛАР АТАЛАРЫ, БАЛДАРЫ, БИР ТУУГАНДАРЫ, ӨЗ УРПАКТАРЫ БОЛСО ДАГЫ. (Мүжаделе Сүрөсү, 22)

Бүт бул аятттардан жана хадистерден апачык көрүнүп тургандай, АЗ. МЕХДИ (АС) УБАГЫНДА ЖАШАГАН ЖАНА БУЛ КЫМБАТТУУ ХИДАЯТ ЛИДЕРИН ЭЭРЧИГЕН ЖАШТАРДЫН КЭЭ БИРЛЕРИ дажжалдын таасири астындагы үй-бүлөлөрүнөн илгеркилердин баштарына келгендей мамилелерге туш болушат жана аларга карата Аллах Куранда билдирген «МАМИЛЕСИН ҮЗҮҮ» жолун тандашат.

Аз. Мехди (aс) Менен Шакирттери Аллах Аларга Тартуу Кылган Күч Менен Абдан Натыйжалуу Болушат

Аз. Али (ас) мындай дейт: «... АЛЛАХ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЖАРДАМЧЫЛАРЫН КОРГОЙТ, АЛАРГА БЕЛГИ ЖАНА АЛААМАТТАР МЕНЕН ЖАРДАМЧЫ БОЛОТ жана АЛАРДЫ ЖЕР ЖҮЗҮНҮН БҮТ АДАМДАРЫНА ҮСТӨМ (ЖЕҢҮҮЧҮ) КЫЛАТ. Ошентип адамдар кааласа, каалабаса акыйкат динге киришет.
АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИК, НУР ЖАНА АПАЧЫК ДАЛИЛДЕР МЕНЕН ТОЛТУРАТ. Бүт өлкөлөр толугу менен ага баш ийет жана ага моюн сунат. Натыйжада бүт каапырлар ыйман келтирет жана бүт жамандар ыкластуу кулдар (жаман адамдар оңолуп хидаят (туура жол) таап чын ыкластуу Мусулмандар) болушат.» (İsbat-ul Hudat, 7-т., 49-б.)

* Аллахтын Аз. Мехди (ас) менен жардамчыларына «БЕЛГИ ЖАНА АЛААМАТТАР МЕНЕН» жардам берээри билдирилген. Хадистеги бул маалымат боюнча, Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде бүт майда-чүйдөсүнө чейин берилген тышкы көрүнүштөрү жана чыгуу алааматтары адамдардын «ушул киши Аз. Мехди (ас) экен» деп күчтүү күмөн менен (чындыкка эң жакын күчтүү ыктымалдык менен) ишенишине себепчи болот. Бул алааматтар Аз. Мехди (ас)дын өз кереметиндей болот жана Аллахтын бир керемети катары кабыл алынат. Бул адамдардын ыйманынын андан да өсүшүнө себепчи болот жана натыйжада бул кереметтер да Аз. Мехди (ас)га динге чакыруу иштеринде (Аллахтын уруксаты менен) өзүнчө бир күч берет.

* Аллах Аз. Мехди (ас)ды жер жүзүнүн бүт адамдарына ТОЛУГУ МЕНЕН ЖОГОРУ ЖАНА ҮСТӨМ (ЖЕҢҮҮЧҮ) КЫЛАТ». Аз. Мехди (ас) атеизмди, материализмди, дарвинисттик философияны толугу менен жеңет. Куранды ушунчалык жакшы чечмелеп түшүндүрөт; ушунчалык так жана даана жоопторду айткандыктан, адамдар Аз. Мехди (ас)дын чын ыкласы жана айткан далилдеринин күчү менен –Аллахтын каалоосу менен- кааласа каалабаса дин ахлагын жашап башташат.

* Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде «АДИЛЕТТИК түшүнүгүнүн Аз. Мехди (ас)дын эң негизги өзгөчөлүгү болоору» айтылган. Аллахтын уруксаты менен, Аз. Мехди (ас) чыккан соң бүт дүйнөдө теңдешсиз бир адилеттик өкүм сүрөт.

* «Аз. Мехди (ас)дын бүт жер жүзүн НУР менен толтураары» кабар берилген. Аз. Мехди (ас) ээрчиген Курани Керим бир нур. Эң башында Курани Керимдин нурунун бүт дүйнөгө жайылаарына ишарат кылынууда. Ошондой эле, Аз. Мехди (ас)дын өзү да нурдуу, шакирттери да нурдуу. Аз. Мехди (ас) айланасына да нур чачат, бүт дүйнөнү нурдантат; айланасындагы адамдарга жакшы көрүү, боорукердик жана сүйүү чачат.

Мындан тышкары, Аз. Мехди (ас)дын алдындагы бир жардамчысы болгон, ага шарттарды даярдаган Саид Нурси Азретине жана анын кереметтүү эмгеги болгон Risale-i Nur Külliyatı'на (Рисале-и Нур жыйнагына) да бир ишарат бар. Себеби Саид Нурсинин ысмында да, эмгектеринде да «нур» бар. Эмгектери нурдуу эмгектер. Бул эмгектердин да дүйнөгө жайылаарына, дүйнөгө нур чачаарына бир ишарат жана бир шилтеме бар.

* Аз. Мехди (ас) бүт дүйнөгө «АПАЧЫК ДАЛИЛДЕР» сунат. Эмгектерин апачык, танууга мүмкүн эмес, Куранга таянган жана илимий далилдер менен түшүндүрөт; бул далилдери менен бүт каапырдык ой-пикир системаларын пикирдик жактан жер менен жексен кылат.

Аз. Мехди (aс) Дын Сабактарын Уккандар Эрте Менен Илимдүү Болуп Турушат

«... (Анын (Аз. Мехди (ас)дын) жакшылыгы менен) ТҮНКҮСҮН КАРАҢГЫ (САБАТСЫЗ), КОРКОК ЖАНА САРАҢ БОЛГОН КИШИ ЭРТЕ МЕНЕН ИЛИМДҮҮ, ЭР ЖҮРӨК ЖАНА ЖООМАРТ БОЛОТ. (Аллахтын) жардамы анын (Аз. Мехди (ас)дын) алдында жүрөт... Аллахтын элчисинин кадамдарынан жүрөт жана эч ката кетирбейт; Ал (Аз. Мехди (ас)) көрбөстөн аны колдогон бир периште болот, көңүлсүз (соолуган) адамды өйдө тургузат жана алсызга жардам берет, иштери сөздөрүнө туура келет жана сөздөрү кылгандарына жараша болот...» (Al-Futuhatu'l Makkiyah, 6-б.)

АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫККАНДА (КӨРҮНГӨНДӨ) Аллах ыйман келтиргендерге ушунчалык көрүү жана угуу күчүн бергендиктен, ОРТОДО ЭЧ БИР ПОЧТОЧУ БОЛБОСТОН АЗ. МЕХДИ (АС) ТУРГАН ЖЕРИНЕН БҮТ ДҮЙНӨГӨ КАЙРЫЛАТ, АЛАР БОЛСО АНЫ УГУШАТ, АЛ ТУРГАЙ КӨРҮШӨТ. (Muntakab el Ezhar, 483-б.)

Имам (ас) (Аз. Мехди (ас)) дүйнөнүн чыгыш менен батышын (руханий) ээлеп Исламды (Ислам ахлагын) дүйнөнүн төрт тарабына эгемен кылат... АЛЛАХ ТААЛА АДАМДАРГА УШУНДАЙ БИР КҮЧ БЕРЕТ; (натыйжада) БҮТ АДАМДАР ТУРГАН ЖЕРИНЕН АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) СӨЗДӨРҮН УГАТ жана Имам (ас) Исламга жашоо берет... (Bihar'ul-Envar, 52-т., 279-б. жана 53-т., 12-б. İkmal'ud- Din, 2-т., 367-б.)

Хадистеги «... ТҮНКҮСҮН КАРАҢГЫ (САБАТСЫЗ), КОРКОК ЖАНА САРАҢ БОЛГОН КИШИ ЭРТЕ МЕНЕН ИЛИМДҮҮ, ЭР ЖҮРӨК ЖАНА ЖООМАРТ БОЛОТ...» деп Аз. Мехди (ас)дын түндөрү ыктымал телевизор каналдары жана интернет аркылуу элге сабак өтөөрү жана элге ушундайча таалим берээри түшүнүктүү болууда. Булардын кайсы бирин көргөн бир киши ал сабактардан таасирленип; сабак башталганда сабатсыз, коркок жана сараң болсо Аз. Мехди (ас)дын сабактарын уккан соң илимдүү, эр жүрөк жана жоомарт болот. Хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын сабактарынын ушунчалык кереметтүү таасирге ээ болооруна басым жасоодо.

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Акыр Замандагы Технологиядан Пайдаланышат

Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынын бүт дүйнөнү бир канча мүнөттө кыдыра турган күчү болот. (Mikyal el-Mekarim, Том:1, бет: 144)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын жардамчылары колдоно турган акыр заман технологиясына ишарат кылынган. Аз. Мехди (ас)дын шакирттери интернет менен спутниктик телеберүү системаларынан пайдаланышат жана ушундайча дүйнөдө каалаган жерин заматта көрүп-көрсөтө алышат. Аз. Мехди (ас)дын шакирттери технологияны жана илимди пайдаланган, заманбап кишилер болушат.

Дүйнөдөгү эч нерсе Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринен жашыруун калбайт. (Mikyaal al Makaarem, том:1, бет: 235-236)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын жардамчыларынын керек болгон ар кандай маалыматты оңой гана таба алаары айтылууда. Учурда бул интернет аркылуу мүмкүн болууда. Пайгамбарыбыз (сав) 1400 жыл мурда маалымат жана байланыш ыкмаларынын жеңилдеп, ылдамдашына ишарат кылган жана Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин бул технологиядан пайдаланаарына көңүл бурган.

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Калу Белада Аллах Алардан Убада Алган Ыймандуулардан Турат

Али бин Эбу Хамза айтат: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «Каим алейхиссалам (Аз. Мехди (ас)) кыям эткенде элдин көпчүлүгү аны танат. Себеби ал өспүрүм бир жигит кезинде чыгат. АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) ЗЕРР ААЛАМЫНДА АЛЛАХ УБАДА АЛГАН МОМУНДАР ГАНА КАБЫЛ АЛАТ.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 247-б.)

Аз. Мехди (aс) Тобунан Болгусу Келген Бир Мусулман Сабырдуу, Такыба Жана Сонун Мүнөдүү Болушу Керек

Имам Жафер Садык (ас) мындай дейт.
КИМ КАИМДИН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) АСХАБЫНАН (ТОБУНАН) БОЛГУСУ КЕЛСЕ КҮТҮШҮ КЕРЕК ЖАНА КҮТҮП ЖАТКАН УБАКТА ТАКЫБА ЖАНА СОНУН МҮНӨЗДҮҮ БОЛУШУ ЗАРЫЛ. (Biharu'l Envar, 52-т., 140-б., хадис, 5)

Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан болгон Имам Жафери Садык (ас) Азрети Аз. Мехди (ас)дын жакындарынан жана анын тобунан болууну каалаган Мусулмандардын Аз. Мехди (ас)дын чыгышын күтүп жаткан кезде Куранга ылайык иш-аракеттерди кылууну жана Аллах ыраазы боло турган сонун мүнөздө болууну кеңеш берген.

Аз. Мехди (aс) Ды Сүйгөндөр Дүйнөнүн Ар Тарабындагы Телевизор Жана Радио Программалары Аркылуу Анын Сөздөрүн Угушуп; Учак Менен Же Башка Ылдам Унаалар Менен Өтө Кыска Убакыт Ичинде Аз. Мехди (aс) Дын Жанына Барышат

Аллах Аз. Мехди (ас)дын шакирти боло турган кымбаттуу кишилерди тагдырда атайын тандап даярдаган. Аллах Касас Сүрөсүнүн 68-аятында «Раббиң каалаганын жаратат жана тандайт; тандоо алардын колунда эмес.» деп билдирген. Бул аяттан да апачык көрүнүп тургандай, бир кишинин ыйман келтириши, чын жүрөктөн такыбалуу бир Мусулман болушу Аллахтын ал кишиге хидаят бериши менен гана мүмкүн болот. Бир адам канчалык каалабасын, Аллах кааламайынча жакшы көргөн кишисин хидаятка жеткире албайт. Акыр заманда чыгышы чоң бир кубаныч жана толкундануу менен күтүлгөн, хадистерде бүт пайгамбарлардын илимдерине ээ болоору жана дүйнөнүн эң бийик мүнөздүү адамы болоору билдирилген Аз. Мехди (ас)дын жанындагы шакирттеринен болуу баркына да Аллах тагдырда аныктаган тандалган кишилер жетишет.

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган бул хадисте Аллах жер жүзүндө атайын тандап даярдаган бул кишилердин Аз. Мехди (ас)дын сөздөрүн дүйнөнүн ар тарабындагы телевизор жана радио берүүлөрү аркылуу угуп, учак менен же башка ылдам унаа каражаттары менен өтө кыска убакыт ичинде Аз. Мехди (ас)дын жанына келишээрине ишарат кылынууда.

Имам Садык (ас) мындай деген: (Аз. Мехди (ас)) Рүкн менен Макам арасында туруп, бийик үн менен кайрылат: «Эй менин өкүлдөрүм, өзгөчө досторум, эй МЕН ЧЫКПАСТАН АЛЛАХ МАГА ЖАРДАМ БЕРИШИ ҮЧҮН ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ ДАЯРДАГАН КИШИЛЕР, моюн сунуп мага келгиле.» Алар ЖЕР ЖҮЗҮНҮН ЧЫГЫШ ЖЕ БАТЫШЫНДА МЭЭРАП (ТӨРКҮ ТАРАП) ЖЕ ТӨШӨКТӨРҮНДӨ ТУРГАН АБАЛЫНДА ИМАМ МЕХДИ (АС)ДЫН ҮНҮН УГУШАТ. Бул жалгыз үн алардын БААРЫНЫН КУЛАГЫНА ЖЕТЕТ ЖАНА БААРЫ АНЫ КӨЗДӨЙ ЖӨНӨШӨТ. КӨП ӨТПӨСТӨН КӨЗ АЧЫП ЖУМГАНЧА БААРЫ АЛДЫНА БАРЫШАТ. Бул (улуу чогулуш) Рүкн менен Макам арасында (күн чыгаардан мурда) болот.» (Bihar-ül Envar, 53-т., 7-б.)

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Дүйнөнүн Каалаган Жагы Менен Интернет Аркылуу Бир Канча Мүнөт Ичинде Байланыш Кура Алышат

МҮНӨТТӨ БАСЫП ӨТҮҮ күчүнө ээ. (Bihar-ül Envar, 52-том, 318-бет; Mikyaal al-Makaarem, 1-том, 148-бет Basaaer al-Darajaat'дан алган.)

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Босфор Көпүрөсүнөн Өтүшөт, Учак Менен Саякат Кылышат

... (Аз. Мехди (ас)дын шакирттери) СУУ ҮСТҮНДӨ БАСЫШАТ ЖАНА БУЛУТТАР ҮСТҮНДӨ ЖҮРҮШӨТ... (Bihar-ül Envar, 52-том, 318-бет; Mikyaal al-Makaarem, 1-том, 148-бет Basaaer al-Darajaat'дан алган.)

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган бул хадисте Аз. Мехди (ас)дын шакирттеринин Босфор көпүрөсүнөн өтөөрүнө, жана учак менен саякат кылышаарына ишарат кылынууда.

Аз. Мехди (aс) Дын Шакирттери Өлгөн Жаныбар Менен Өсүмдүк Фоссилдерин Тирүүлөрү Менен Салыштырып Адамдарга Көрсөтүшөт, Ушундайча Аллахтын Уруксаты Менен Дарвинизмди Жана Материализмди Таасирсиз Кылышат

Аллахтын уруксаты менен алар (Аз. Мехди (ас)дын шакирттери) ӨЛҮКТӨРДҮ ЖАНДАНТЫШАТ... (Bihar-ül Envar, 52-том, 318-бет; Mikyaal al-Makaarem, 1-том, 148-бет Basaaer al-Darajaat'дан алган.)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • 1. Китеп Аз. Иса (aс) Жана Аз. Мехди (aс) Ушул Кылымда Келет - Баш Сөз
  • 1. Бөлүм Аз. Иса (aс) Жана Аз. Мехди (ac) Дын Чыгаар Убактысы (1/2)
  • 1. Бөлүм:Аз. Иса (aс) Жана Аз. Мехди (ac) Дын Чыгаар Убактысы (2/2)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (1/20)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (2/20)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (3/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Алааматтары (Белгилери) (1/3)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (4/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Алааматтары (Белгилери) (2/3)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (5/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Алааматтары (Белгилери) (3/3)
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (6/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Чыгаарынын Үмүт Үзүлүшү Да Анын Чыгуу Алааматтарынан
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (7/20) - Аз. Мехди (aс) Чыгаардан Мурда Элдердеги Бузулуулар
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (8/20) - Аз. Мехди (aс) Ды Башында Адамдардын Көпчүлүгү Байкашпайт
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (9/20) - Аз. Мехди (aс) Түркиядан Чыгат Жана Стамбулда Иш-Аракет Жүргүзөт
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (10/20) - Аз. Мехди (aс) Ыйык Аманаттар Менен Бирге Чыгат
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (11/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Жогорку Мүнөзү Жана Руханий Бийиктиги
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (12/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Пайгамбарларга Жана Олуяларга Окшош Өзгөчөлүктөрү
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (13/20) - Аз. Мехди (aс) Жамаатынын Өзгөчөлүктөрү
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (14/20) - Аз. Мехди (aс) Доорунун Мүнафыктары Тарыхтагы Эң Чектен Чыккан Мүнафыктар Болот
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (15/20) - Аз. Мехди (aс) Доорундагы Жалган «Дин Аалымдары
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (16/20) - Аз. Мехди (aс) Доорунда Кан Төгүлбөйт, Ислам Ахлагы Илимий Иш-Аракеттер Менен Бүт Дүйнөгө Жайылат
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (17/20) - Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Бирге Илимий Күрөш Жүргүзөт, Аз. Иса (aс) Аз. Мехди (aс) Га Баш Ийет
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (18/20) - Аз. Мехди (aс) Дын Башка Кээ Бир Өзгөчөлүктөрү
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (19/20) - Аз. Мехди (aс) Доорунда Еврейлер
  • 2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (20/20) - Пайгамбар Мырзабыз (cав) Кабар Берген Акыр Заман Технологиялары
  • 3. Бөлүм: Аз. Иса (aс) Ушул Кылымда Жер Бетине Кайрадан Келет
  • 4. Бөлүм Аз. Иса (aс) Менен Аз. Мехди (aс) Доорунда Боло Турган Алтын Кылым
  • 5. Бөлүм Акыр Заман Менен Аз. Мехди (aс) Жөнүндөгү Хадистерди Акыл Жана Аллах Мыйзамына Ылайык Түшүнүш Керек
  • 6. Бөлүм Мехдилик Окуясы Күчтүү Далилдерге Таянат
  • 7. Бөлүм Күтүлгөн Аз. Мехди (aс) Жөнүндө Бүт Ислам Аалымдарынын Пикирлери (1/2) - Кутуби Ситтеде Орун Алган Мехдилик Жөнүндөгү Кээ Бир Хадистер
  • 7. Бөлүм Күтүлгөн Аз. Мехди (aс) Жөнүндө Бүт Ислам Аалымдарынын Пикирлери (2/2) - Ахмед Мухсин Мерич