Бул китепте «адам болуу» дининин биз жашаган коомдо пайда болгон кээ бир маанилүү тараптарын карап чыктык. Бирок, «адам болуу» дининин бир гана биз жашаган доор жана коомго тиешелүү батыл бир дин эмес экендиги бир чындык. Тескерисинче, бул шайтандын дини ар бир доордо жана ар бир аймакта акыйкат динден адашкан коомдордун орток дини абалында. Болгону бул жасалма диндин калыптарында бир катар өзгөрүүлөр болот. Убакыт жана аймакка жараша коомдордун үрп-адаттары, кыймыл-аракет калыптары өзгөрөт, бирок түпкү логика ошол бойдон калат. Мисалы, «адам болуу» дининин эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон өзүн көрсөтүп, мактануу ар кандай коомдордо, ар кандай абалда ишке ашышы мүмкүн же болбосо бой көтөрүү жана текеберленүүнү көрсөткөн мимика жана ишараттар ар кандай абалда жасалып жаткан болушу мүмкүн. Бирок натыйжада түпкү көз-караш бирдей.
Бул көз-караш – китептин башынан бери баса айтып келаткандай, «адам болуу» дининин Аллахты унутуп, Куранда билдирилгендей, «(Аллахты) аркаларында унутулган (маанисиз) бир нерсе кылып алган» (Худ Сүрөсү, 92) болушунун бир натыйжасы. Бул жасалма диндегилер бул дүйнөгө Аллахка кулчулук кылуу үчүн келишкенин, жалгыз кутулуунун Анын ыраазычылыгы экендигин билишпейт. Чынында болсо, бизди жараткан, бизге эне курсагында калып жана келбет берген, бизди бул дүйнөгө жайгаштырган, бул дүйнөнү биз үчүн төшөп-даярдаган, бизге ырыскы берген, бизди жашаткан жана өлтүрө турган – бул Аллах. Биздин Андан башка эч бир Велибиз (досубуз), Раббибиз, Ээбиз, Кудайыбыз жок. Андан келдик жана Ага баратабыз. Бул дүйнөдө да көпкө турбайбыз.
Демек, бар болушубуздун, бул жашообуздун маңызы ушундай экен, анда убактылуу бир мөөнөт жашай турган бул дүйнөнүн кичинекей кызыкчылык эсептерине кирүү, дүйнөдө бири-бирибизге мактануу, жок боло турган мал-мүлккө күчтүү арзуу менен байлануу, Аллахтын дининен тышкары өзүбүзгө башка жол көрсөтүүчүлөр, башка максаттар, башка «амбицияларды» тандоо – акылдуунун иши болбойт. Бул дүйнө акыреттин бир эгин талаасы катары жаратылган. Аллахтын жолуна баш ийүү, «Аллахка бекем байлануу» менен гана акыретте Аллахтын рахматына жана бейишине жетишибиз, бул дүйнөдө да бактылуу, бейпил бир өмүр сүрүшүбүз мүмкүн. Бизге Аллахтын буйругу да ушундай:
... Аллахка бекем байлангыла, силердин Мевлаңар (Кожоюнуңар) – Ал. Ал кандай жакшы Мевла (Кожоюн) жана кандай жакшы жардамчы. (Хаж Сүрөсү, 78)
Бул китеп боюнча карагандарыбыздын баары бизге «адам болуу» дини чыгарган туура эмес ой пикир, көз караш, адат жана мамилелерди көрсөтүүдө. «Адам болуу» дининин мындай өзгөчөлүктөрүн Куранда сүрөттөлгөн акыйкат дин менен салыштырганыбызда, экөөсү арасында канчалык чоң айырма бар экенин апачык көрөбүз. Бул айырма – ыйман менен каапырдыктын айырмасы. Башкача айтканда, Аллахтын дини менен шайтан чыгарган батыл дин арасындагы айырма. Ошондуктан, «адам болуу» дини менен Исламдын кандайдыр бир тараптан окшош болушу, Мусулмандардын «адам болуу» дининин кандайдыр бир бөлүгүн кабыл алышы эч мүмкүн эмес. Ошондуктан момун «адам болуу» дининин коому арасында ылдам айырмаланып байкалат; коомдун мүчөлөрү анын өздөрүнөн эмес экенин кыска мөөнөттө түшүнүшөт. Бирок анын кандайча алардын динине мынчалык карама-каршы бир кулк-мүнөзгө ээ экендигин түшүнө алышпайт. Момундун логикасы алардын логикасына толугу менен карама-каршы. Ансыз деле, ушул себептен, тарых боюнча «адам болуу» дининдегилер момундардын кандай логикада экендигин аңдап-түшүнө алышкан эмес жана ал тургай, аларга «жинди» деп айып тагышкан.
Чынында болсо, өздөрүнүн системасынын эч кандай логикага туура келген, акылдуу бир таянычы жок. Сүйлөгөн сөздөрү көбүнчө бири-бирине карама-каршы келет. Исламды ээрчүү керек дешет, кийин болсо буга өз ойлорунда чектерди коюшат. Диндин кээ бир өкүмдөрүн өздөрүнүн төмөн акылдары менен «жактырышат», бирок көп «ашыкча» кетпеш керек деп кээ бир өкүмдөрдүн аткарылбашына тараптар болушат. «Биз Мусулманбыз» дешет, бирок Исламга ылайык жашагылары келбегенин айтышат.
Мындай логикага сыйбаган, парадоксалдуу сөздөрүнөн да байкалгандай, бир «адам болуу» дининдеги адамдын диний темаларда жасаган жоромолдору, айткан пикир жана көз-караштары көбүнчө Куран аяттарына толугу менен карама-каршы келет. Куранда мындай адамдар жөнүндө төмөнкүдөй билдирилет:
Адамдардын кээ бирлери, эч кандай маалыматы же жол көрсөтүүчүсү же нурдуу китеби болбостон туруп, Аллах жөнүндө талаша берет. Аллахтын жолунан адаштыруу максатында «бой көтөрүү менен моюн толгоп» ушундай кылат. Дүйнөдө ал үчүн шерменделик бар, кыямат күнү болсо күйгүзүүчү азапты таттырабыз. (Хаж Сүрөсү, 8-9)
Чынында болсо, Курандагы чыныгы динди түшүнүп ишке ашыруу үчүн аң-сезимдин толук ачык болушу жана акылга муктаждык бар, мындай өзгөчөлүктөргө болсо момундар гана ээ. Каапырлардын жана мушриктердин болсо аң-сезимдери жана кабылдоолору жабык, аңдап-түшүнө албаган адамдар экендигин Аллах көптөгөн аятында билдирген:
Аллах алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр баскан; көздөрүндө пардалар бар. Жана аларга чоң азап бар. (Бакара Сүрөсү, 7)
Ант болсун, тозок үчүн жиндерден жана адамдардан көп санда киши жараттык (даярдадык). (Алардын) Жүрөктөрү бар, муну менен аңдап-түшүнө алышпайт; көздөрү бар, муну менен көрө алышпайт; кулактары бар, муну менен уга алышпайт. Булар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар. (Араф Сүрөсү, 179)
... Чындыгында алар аңдап-түшүнбөгөн бир коом болгону себептүү, Аллах алардын жүрөктөрүн буруп койгон. (Тообо Сүрөсү, 127)
Ошондуктан, «адам болуу» дини – бул акылсыз жана аң-сезимсиз адамдардын батыл дини. Чынында болсо, акылы жана абийири (выжданы) аны дин ахлагын жашоого багыттайт, жана чынында адамдын чыныгы атак-даңкы, абройу жана түбөлүк бактылуулугу ушул динде, т.а. Исламда.
Эки диндин бирин тандоо адамдын колунда. Бир аятта бул мындайча баяндалат:
Динде мажбурлоо (жана басым жасоо) жок. Шексиз, туура жол (рүшд) адашуучулуктан апачык ажыратылган. Эми ким таагуттан баш тартып, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, абдан бекем бир тутканы кармаган болот. Аллах – угуучу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 256)
Айтышты:
«Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)