«Адам Болуу» Дининдеги Орток Психология
Жана Кыймыл-Аракет Калыптары (1/6)

«Адам болуу» дининин жашоо философиясы жана эрежелери Куран ахлагына толугу менен карама-каршы келген жалган, негизсиз бир ишенимге таянат. Бул шайтандык ишеним адамдын бүт жашоосуна өкүмчүлүк кылган, коомдо да табигый жана жарактуу сыяктуу көрүнгөн бир көз-караш. Курандын көп жеринде жаман ахлак модели катары сүрөттөлгөн мамиле жана кыймыл-аракеттер «адам болуу» динин жашагандар тарабынан көбүнчө өзгөчөлөнүү катары кабыл алынат.

Бул жалган дин – эрежелерге толгон бир жашоо калыбы. Коом көп бөлүгү ата-бабаларынан мурас калган бир катар эрежелерге ээ. Бул эрежелер болсо «...Чынында биз аталарыбызды бир үммөт (дин) тутунганын көрдүк жана чынында биз алардын жолун жолдогон адамдарбыз.» (Зухруф Сүрөсү, 23) деген каапыр коомдорго окшоп, Кудайдан келген бир өкүм сыяктуу корголууда.

Бул эрежелер оңойу менен бузулбайт. Тамак жеш адебинен баштап жатуу убакыттарына, сүйүү жана урмат көрсөтүү калыптарынан баштап дос тандоого, конок тосууга чейинки бүт нерселер мурдатан аныкталган эрежелерге ылайык жасалат. Бул жалган динди тандаган жана бул жалган диндин адамы болуу жолунда алдыга жылган ар бир адам коомдун көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган орток бир услупту жана мамилени кабыл алууга мажбур. Ал тургай бул мамилелердин чеберчилик менен аткарылышы бир жогорулук көрсөткүчү катары кабыл алынат. Тандоолор Аллахтын ыраазычылыгына ылайык эмес, «адам болуу» дини койгон, чыныгы эмес, жалган өлчөөлөргө ылайык жасалат. Бул адашкан көз-караш «адам болуу» динин тутунгандардын кыял-жорук жана мамилеринде кеңири масштабдуу бузулууларга себеп болгон. Төмөндө булардын эң белгилүүлөрү жалпысынан анализ кылынмакчы.

1- Жасалма Кыймыл-Аракет, Мамилелер

Ислам дининдеги ак пейилдүүлүк, табигыйлык жана чын көңүлдүүлүк ордуна «адам болуу» дининде табигыйлыктан абдан алыс, ар бири атайын ылайыкташтырылган жана убакыт ичинде адамдын кыялынын бир бөлүгү абалына келген жасалма мамиле жана кыймыл-аракеттер бар.

«Адам болуу» динине тиешелүү адам мындай туура эмес түшүнүктүн натыйжасы болгон бул жасалма кыймыл-аракет жана мимикалары, жасалма сөздөрү менен эң башында эле өзүн байкатып койот. Мындай жасалма мамиле жана кыймыл-аракеттердин баары белги берүү, көңүл буруу, өзүн көрсөтүү, кызыкчылык көздөө сыяктуу белгилүү максаттарды көздөп жасалат.

Белги берүү

«Адам болуу» дининде сезимдер көбүнчө сөз аркылуу эмес, көз-караш жана кыймыл-аракет аркылуу билдирилет. Мунун себеби адамдын көптөгөн сезимдерин апачык билдирүүнүн намысыма тийет деп ойлоп, бой көтөрүшү. Ушул себептен сезимдерин кыймыл-аракет жана мамилелери менен белги кылып, билдирет. Мындай кыймыл-аракет бузуктуктары «адам болуу» дини адамынын кулк-мүнөзүнүн негизин түзөт. Ачуулануу, жүзүн бузуу, кызгануу, тууроо, суктануу сыяктуу сезимдер көбүнчө ушундай кыйыр жолдор менен билдирилет.

Ачуусу келгенде эшикти катуу жабуу, ачууланганын билдире турган көз-караш менен кароо, эч жооп бербестен жолун улантуу, ачууланганын билдирүү үчүн үнүн мүмкүн болушунча кысып сүйлөө «адам болуу» дининдеги адамдын сезимдерин билдирүү кыймыл-аракеттеринин кээ бирлеринен. Көбүнчө ачык жана чын көңүлдөн сүйлөп билдирүү ордуна белги берүү аркылуу билдирүү жолу тандалат.

Ислам дининдеги акылдуулуктун, табигыйлыктан ордуна «адам болуу» дининде кыймыл-аракеттерде төмөндүк (туурамчылык) өкүмчүлүк кылат. Достор арасындагы талаш-тартыштарда ачууланып, башын буруу, сүйлөбөй койуу, эшикти катуу жаап сыртка чыгуу, кокустан артына бурулуп ал чөйрөдөн айрылуу, кабак чытуу жана муну белгилүү бир мөөнөткө улантуу сыяктуу үн-сөзсүз каршы чыгуу аракеттери, күлкүлүү нерселерге атайлап күлбөй койуу, узатылган суроого угуп туруп жооп бербөө же тескери жоопторду берип маңдайындагы адамды тажатуу сыяктуу туурамчы, көнүмүш кыймыл-аракеттер булардын кээ бирлери.

Өзүн өйдө көрсөтүү жана башкаларды басынтуу

«Адам болуу» динин кармангандар эртеден кечке тынымсыз бири-биринен өйдө болууга, колдорунан келишинче маңдайындагы адамды басынтууга аракет кылышат. Себеби маңдайындагы адамды басынтканда гана өзүм өйдө болом деп ойлошот.

Ачуулуу жана терс көрүнүү, абдан көп жумушу бардай болуп, башкаларга убакыт бөлө албачудай көрүнүү сыяктуу мамилелер көбүнчө фирма ээси же жогорку кызматтагы адамдар тарабынан карамагында иштегендерге карата жасалат. Маңдайындагы адамды адам ордуна койбогонун көрсөткөн мамиледе болуу да - «адам болуу» дининде кадимки кабыл алынган мамиле түрлөрүнөн. Коом ичинде сүйлөп жатканда белгилүү адамдарды гана карап сүйлөө, белгилүү адамдарды ал чөйрөдө жок сыяктуу мамиле кылуу да «адам болуу» дининин басынтуу иш-аракеттеринен. Маңдайындагы адамга тиешеси бар экенин билип турган бир тема жөнүндө сөз кылып жатканда, ага маани бербегенин көрсөтүү үчүн аны карабастан, жанындагыларга сүйлөө да көп жасалган мамилелердин бири.

Маңдайындагы адам бир теманы түшүндүрүп жатканда, анын жүзүнө карабастан колундагы иши менен алектенүүсүн улантып, мүмкүн болушунча көңүл бурбаган сыяктуу мамиле кылуу, ал сураган суроого угуп туруп жооп бербөө «адам болуу» дининде бир аброй белгиси катары кабыл алынат жана жогору боло алуунун, кээ бир нерселерден «өйдө» экенин көрсөтүү жолдорунун бири катары кабылданат. Көңүл бурбаган сыяктуу көрүнүү бир басынтуу ыкмасы катары жашоонун ар кайсы баскычында абдан тыкандык менен ишке ашырылат. Мисалы, салам берилген адам болуу абдан маанилүү. Маңдайындагы адамдын биринчи салам беришине абдан маани берилет. Саламды укмаксан болуу да маңдайындагы адамды басынтуу ыкмасы катары колдонулат. Ал эми Куранда билдирилген ахлак көрсөткүчү болсо такыр башкача:

«(Силерге) бир салам айтылганда, силер андан коозураак кылып салам бергиле же ошол даражада жооп кайтаргыла...» (Ниса Сүрөсү, 86)

Бир катар жасалма аракет жана мамилелер менен башка адамдардан өйдө болууга, өзүнүн кемчиликтерин жашырууга аракет кылуу – бул бир гана Аллахка жана акыретке толук ишенбеген адамдарда байкалган бир көз-караш бузуктугу. Аллахты зарыл деңгээлде аңдап-түшүнө албаган «адам болуу» дининин адамдары, бир гана Аллахка ишенип таянган жана Аллахтан башка эч нерседен тартынып коркпогон момундардын тескерисинче, дайыма коркуу, бейпилсиздик, тынчсыздануу жана кыял-жорук бузуктугу ичинде жашашат. Башка адамдардын алдында уят болуу, төмөн болуп калуу, басмырлануу, башкалардын көңүл бурбай калышы сыяктуу тынчсыздануулар бул адамдардын күнүмдүк жашоолорунда маанилүү бир маселе болот. Ушул себептен, өз ичтеринен буга каршы өз ойлорунда бир коргонуу механизмин иштеп чыгышат. Бул алардын эң маанилүү алсыздыктарынын бири. Көбүнчө коомдун ичинде мындай алсыздыктарын жаап-жашыруу үчүн «эң жакшы коргонуу – бул кол салуу» сыяктуу туура эмес бир логика менен аракет кылышат.

«АДАМ БОЛУУ» ДИНИН ЖАШАГАН АДАМДАРДЫН
КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ БУЗУКТУКТАРЫ: «БОЙ КӨТӨРҮҮ»
(УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН КАНАЛ 35ТЕГИ (ИЗМИР) ТҮЗ МАЕГИ, 1-февраль 2009-ж.)

АДНАН ОКТАР: Фараондор, Немруттарда да бул нерсе бар, адамдын бой көтөрмөйү бар. Ал бүт денени каптаганда адам акылдан азат. Аң-сезими жабылат. Шайтандашат, Дажжальдар, Фараондор жана Немруттардын өзгөчөлүгү ушундай. Кээде адамдарда да болот, ал. Б.а. ал дене башкаруусун жоготот, акылдан азат адам, бой көтөрүү жана өзүн жакшы көрүү себебинен. Аны контролдой албайсың, андан соң аң-сезими толук жабылгандай болуп калат. «Толук көбөт» дейт Саид Нурси Азреттери, б.а. бүт денеси толук көбөт дейт. Бой көтөрүүдөн жиндиге айланат, өзүн жакшы көрүүдөн. Бүт нерседе өзүн жакшы көрөт, ар бир пикирим туура деп ойлойт, бар ушундай адамдар, билбейм сиз жолуктуңузбу? Б.а., «бүт нерсени мен билем», «эң жакшы мен билем», «эң акылдуу менмин», «эң сонун мен сүйлөйм», «эң туура анализди мен жасайм, туура жыйынтык чыгарам», «менден өйдө жок» деген пикирдегилер бар. Чынында болсо Аллах айтат, шайтандан Аллахтын коргоосун сурайм, «Ар бир билүүчүдөн жакшыраак билүүчү бирөө бар» дейт. Бирок ал адамдын ою боюнча болсо, эң жакшы билүүчү ал гана.

Башкалардын көңүлүн буруу

Көпчүлүк чогулган чөйрөлөрдө адамдардын көңүлүн бура алуу, бар экенин сездирүү, өзүн көрсөтүү максатында колдонулган жасалма кыймыл-аракет жана мамилелерден эң кеңири тараган түрлөрү төмөнкүлөр:

Чөйрөгө терс кыймыл-аракеттерди кылып, өзгөчө көрүнүүгө, өзүн өзгөчө көрсөтүүгө аракет кылуу, көңүлдүү, чын пейилдүү бир чөйрөдө оор басырыктуу болуп көрүнүү, аз сүйлөө же олуттуу болуш керек болгон бир чөйрөдө жеңил ойлуу кыймыл-аракеттерди жасоо... Окуяларга ашыкча реакция көрсөтүү же ашыкча көңүлкош мамиле кылуу аркылуу башкалардын көңүлүн бурууга аракет кылуу. Ичинен күйүп жатса да, бир окуяны абдан сабырдуу кабылдаган сыяктуу көрүнүү. Кыймыл-аракеттерин кокус өзгөртүү, күлүп жатып кокустан эч себепсиз эле олуттуу болуп калуу же тынч турган жеринен кокустан ар кандай кыймылдарды жасап баштоо, каткырып баштоо. Кадимкидей сүйлөп жатып эле бир заматта услубун обу жок өзгөртүү, мисалы үнүн көтөрүү же ашыкча эле кысып сүйлөп баштоо. Ошол эле учурда мимикаларын жана колунун кыймылдарын обу жок өзгөртүү. Өзгөчө калыпта отуруп, туруу көргөзмөлөрүн жасоо. Ушундай жолдор менен башкалардын көңүлүн өзүнө дайыма бурдурууга аракет кылуу. Бирөө ага көңүлүн бурганга чейин ага жакындык көрсөтпөө, андан соң ага маани берүү, ага чын пейилден мамиле кылган, жакындык көрсөткөндөргө көңүлкош мамиле кылуу, бой көтөрүү менен кароо, ага көңүл бурбаган, аны басынткандарга жагынууга, алардын көңүлүн бурууга аракет кылуу...

Көп адамдуу чөйрөлөрдө көңүл буруу үчүн колдонулган ыкмалардын кээ бирлери болсо төмөнкүлөр: «өзүн абдан жумушу көптөй көрсөтүү», «өзүн ооруп, кыйналып жаткандай көрсөтүү», «атайылап ката жасоо, проблема чыгаруу», «көрбөгөн бир нерсесин көргөн сыяктуу болуп баяндоо»... Ага маани берилбеген же көңүл бурулбаган чөйрөлөрдө башкалардын көңүлүн буруу үчүн же башкалардан айырмалуу жана өзгөчө бир мамиле көрө алуу максатында өзүн көрсөтүү да бул ыкмалардын бири. Мындай көрсөтмөлөрдүн баары рол ойноого таянат. Бир канча мисалдар берели:

Калп эле таң калгандай, ачуулангандай, сүйүнгөндөй же жактыргандай болуп көрүнүү, буларды көрсөтүүчү мимика жана кыймыл-аракеттерди жасоо. Каштарын көтөрүү, каштарын чытуу, жаман кароо, ишарат менен кароо, эриндерин чүйрүү, көздөрүн кысуу ж.б... Каршы чыккан кыймыл-аракеттерди жасоо, мисалы, бир темада өзү да ошол эле пикирде болгонуна карабастан, атайылап каршы чыгуу сыяктуу...

Билинген кээ бир өзгөчөлүктөргө ээ болгонуна карабастан, булар жөнүндө атайылап сөз кылбай, башкалардын сөз башташын күтүү, бул өзгөчөлүктөрү айтылганда болсо жөнөкөй болуп көрүнүү, жана ушундайча башка айтылбаган, билинбеген көп артыкчылыктары бар, бирок уялчаактыгынан айта албай жүргөн сыяктуу болуп көрүнүү.

Кызыкчылык күтүү

Чын көңүлдөн жасалбаган, жасалма кыймыл-аракеттерди кылуунун себептеринин бири – адамдардан күтүлгөн ар кандай кызыкчылыктар. Жактырбаган, бирок бир кызыкчылыгы болгон бир адамга жагынууга аракет кылуу, кошоматчылык кылуу, ар бир мүмкүнчүлүктө ага көрүнүүгө аракет кылуу, башчысына же директоруна карата жасалма урмат көрсөтүү, шарттар өзгөргөндө болсо эч уялбастан «сатып кетүү» «адам болуу» динин тутунгандардын көз-карашы боюнча кадимки эле нерсе болуп саналат.

Мындан тышкары, тартынуудан улам же корккондуктан чындыкты айта албоо жана муну бүт адамдарга укук берүү, демократ болуу сыяктуу калп сөздөр менен жашырууга аракет кылуу да көп жасалган кыймыл-аракеттерден.

Өзүн көрсөтүү

Билгиле, дүйнө жашоосу жалаң гана бир ойун, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана... (Хадид Сүрөсү, 20)

Жогорудагы аятта «адам болуу» дининин маанилүү бир өзгөчөлүгү болгон мактануу жана өзүн көрсөтүү аракетинин адамдар арасында канчалык кеңири тараганына көңүл бурулууда. Ислам дининде жашоонун эң негизги максаты – бул Аллахтын ыраазычылыгына жете алуу, ал эми «адам болуу» дининде болсо жашоонун эң негизги максаты – бул адамдардын ыраазычылыгына жете алуу. Ушул себептен «адам болуу» дининде өзүн көрсөтүүнүн мааниси зор. Чөйрөсү тарабынан жактырылган, суктанылган же урмат көрсөтүлгөн адам болуу бүт нерседен маанилүүрөөк болот. Бул жалган динде адамдар чөйрөлөрү үчүн кийинишет, чөйрөлөрү үчүн сүйлөшөт, үй жасалгалашат, кесип тандашат, китеп окушат. Бул нерселерди кылуудагы эң негизги максат – бул адамдардын урмат-сыйына, суктануусуна жете алуу. Мисалы, китеп саткан дүкөнгө барып, китеп алууда эң кызыккан темадагы китепти эмес, эң көп сатылган китепти карашат. Кайсы китепти окуганда мактанганга болооруна жана учурдун модасына кайсы китеп ылайыгыраак экенине карашат. Себеби бул жерде китеп окуунун максаты бир нерселерди үйрөнүү, маалымат алуу же өзүн өнүктүрүү эмес, максат - чөйрөсүнө баяндап бере турган бир нерселерди табуу.

Көп адамдар баласын тарбиялаганда анын сабырдуу, толеранттуу, ыймандуу, мээримдүү, жоомарт бир адам болушу үчүн аракет кылуунун ордуна, туура эмес болсо да чөйрөсү тарабынан кадыресе кабыл алынган өзгөчөлүктөргө ээ болушу үчүн аракет кылышат. Мисалы, эң атактуу мектепке киргизе алуу үчүн аракет кылышат, таланты болбосо да пианино курсуна жөнөтүшөт, досторуна мактануу үчүн гана балдарынын «апа» деген сөздүн ордуна «мами», «мама» сыяктуу эне тилинде колдонулбаган сөздөрдү колдонушун каалашат, баласынын бой көтөргөн адам болуп чоңойушун кадыресе көрүшөт. Себеби «адам болуу» дининде бала абдан маанилүү бир «мактануу» темасы болуп саналат. Баласынын жакшы бир окуу жайында окушу, бир канча чет тил билиши, сулуу болушу, жакшы кийиниши, досторунун арасында популярдуу болушу же таланттуу болушу ата-эненин чөйрөдөгү кадыр-баркы үчүн абдан маанилүү. «Адам болуу» дини маектеринде ата-энелер балдарынын канчалык бой көтөрбөгөн, жөнөкөй, боорукер же жумшак экенин эмес, адамдар көз арта турган жогоруда айтылган өзгөчөлүктөрүн айтууну туура көрүшөт. Ошондуктан балдарынын ахлагына эмес, көрүнүшүнө көңүл бурушат.

Мактануу темаларынын дагы бир түрү – бул «суктандыра турган бир үй» ээси болуу. Адамдар үй тандоодо өзүнө ыңгайлуулугуна эмес, чөйрөлөрүнүн көз-карашына маани беришет. Кайсы жерде жана канча кабаттуу болсо, кандай пейзаждуу, канча метр квадрат болсо аларды көбүрөөк абройлуу кылаарына карашат. Үйүнүн ичин да толугу менен чөйрөлөрүнүн көз-карашына ылайык жасалгалашат. Башка түс көңүлдөрүнө жакса да, мода болгон түстү тандашат. Креслолор абдан ыңгайсыз болсо да, кымбат баалуу жана көз арттыра турган болсун деп гана ошондойлорун сатып алышат. Атактуу бир адиске кылдырдык деп мактануу үчүн гана эч жакпаган келбетте үйүн жасалгалаганга мажбур болушат. Көп убактысы үйүндө өткөнүнө карабастан, мынчалык көп акча короткон бөлмөсү эскирип, көрүнүшү начар болуп калбасын деп конок келбеген учурларда ал бөлмөгө эч кимди киргизишпейт. Ал тургай кээ бир адамдар эмеректердин үстүн материалдар менен жаап, өздөрү башка кичинекей бир бөлмөдө жашашат. Т.а. үйүнүн бир жарымын мактанууга, элге көрүнүүгө, бир жарымын болсо жашаш үчүн колдонушат.

Мактануу адамдар үчүн ушунчалык чоң бир каалоо болгондуктан, эң жакын көргөн адамдарына да сөзсүз мактангылары келет. Муну эң жакшы ишке ашыруунун бир жолу – бул конок чакыруу. Келген адамдарды көргүсү келген үчүн эмес, бир гана аларга «өздөрүн көрсөтүү» үчүн конок чакырышат. Чакыруунун ар бир майда-чүйдөсү ушул максатта даярдалат. Тамактар да даамына жараша эмес, бай көрсөтүү өзгөчөлүгүнө жараша тандалат. Бул жерде максат коноктордун бул тамактан ырахат алышы эмес, максат алардын бул тамакка коротулган акчага көз артышы. Мындай чөйрөдө бүт адамдар бири-биринин кийимине, бут кийимине, сумкасынын маркасына, эмеректерге, тагынган баалуу таштарына же колдонулган атырларына карашат.

Конокко келгендердин бардык сөздөрү «мактануу жарышын» элестетет. Маектерде бүт адамдар бир темада өзүн көрсөтүүнү каалайт. Аялдар башка өлкөлөргө жасаган саякаттары, барган өлкөнүн сулуулуктары, кызматчы табуунун кыйынчылыктары, сатып алган кийимдеринин маркалары, чачтарачтары, зергерлерге заказ кылган жасалгалары жөнүндө сөз кылышып, өздөрүн көрсөтүүгө жана башка аялдарды басынтууга аракет кылышат. Эркектер жумушунда жетишкен ийгиликтери, чөйрөсүнүн көп болушу, экономика жана саясий темалардагы жоромолдору же бир теманы абдан жакшы билген адамдай болуп айткан сунуштары менен алдыга чыгууга аракет кылышат. Ошондуктан, мындай «адам болуу» дини маектеринде чын жүрөктөн, ысык жакындык, достуктун жаралышы эч мүмкүн эмес. Чынында эле мындай коноктор коноктон кайтканда, артта калгандарды сындоо менен кечени жыйынтыкташат. Маектешкен адамдарынын жасалмалыгынан, мактанууларынан аябай тажашканын, үй ээсинин табитинин жок экенин, үйдүн жасалгасынын начар, тамактардын даамсыз экенин айтышат. Натыйжада «адам болуу» дини өкүмчүлүк кылган мындай меймандыктан абдан тажаган, сыгылган жана кыйналган абалда кайтышат.

Калп билерман, акылдуу көрүнүү

«Адам болуу» дининде жашаган бир адам Куранда билдирилген акыл жана түшүнүк кескиндигинен абдан алыс. Ошого карабастан, бул адамдар өз акылдарын абдан жакшы көрүшөт жана башка адамдардан өздөрүн абдан акылдуу элестетишет. «Адам болуу» дининин адамы бүт адамдарга бүт темаларда пикир бере ала турган бир акылга ээмин деп ойлойт. Оңдон солдон уккан жарым-жартылай, ар кимден уккан нерселерди башынан өткөргөн окуяларынан өз оюнча чыгарган жыйынтыктарына аралаштырып, чоң бир жашоо тажрыйбасына ээмин деп ойлошот. Бүт адамдарга ар бир мүмкүнчүлүктө бул тажрыйбасын далилдөөгө аракет кылат. Бул жерде акыл, мээ, ахлак жана маданият сыяктуу өзгөчөлүктөр экинчи планда калат. Эң маанилүү шарттардын бири – бул адамдын жашы. Мындай калп жогорулукка «мен сенден көп кийим жыртканмын», «мен канча иштерди кылып жүргөндө сен жаш бала болчусуң» сыяктуу сөздөр менен басым жасалат.

Пикир айткан, өзүнчө билерман болгон адамдын кандайдыр бир темада жаңылганы байкалса да, аны мойнуна алган учуру абдан аз кездешет. «Адам болуу» дининин адамы жаңылууну, ката кылууну, жаңылганынын билинип калышын эч каалабайт. Себеби эң негизгиси - натыйжа алынышы, чындыктын, тууранын табылышы эмес, көбүнчө өз комплекстеринин канааттанышы.

Мындай чөйрөдө чоңойгон балдарда да кичинекей жаштан баштап мындай өзгөчөлүктөр орун алып баштайт. Мисалы, маданияттуу, интелектуалдуу, бай, бирок Ислам ахлагынан алыс бир түзүлүшкө ээ бир үй-бүлөнүн баласы көбүнчө калп билерман, калп акылдуу, адамдарды басынткан, өзүн бүт темаларда туура жана жетиштүү деп ойлогон бир кыялга ээ болот. Кичинекейинен эле «чоңойуп кайра кичирейгендей» бир көрүнүшү болгон мындай жаш балдар, Ислам ахлагы менен тарбияланбаса, бул негизсиз кулк-мүнөздү өмүр бойу өздөрү менен алып өтүшөт.

«АДАМ БОЛУУ» ДИНИН ЖАШАГАН АДАМДАРДЫН
КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ БУЗУКТУКТАРЫ «ЭГОИСТТИК ЖАНА ӨЗҮМЧҮЛДҮК»
(УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН БҮЙҮКХАБЕР МАЕГИ, 12-декабрь 2008-ж.)

АДНАН ОКТАР: Материалисттик-дарвинисттик көз-караш өзү менен бирге эгоист жана өзүмчүл маанайды, башкача айтканда, өзүмчүлдүк философиясын алып келет. Мен кутулайын, башкалар эмне болсо ошол болсун, мага тийбеген жылан миң жыл жашасын деген түшүнүк өнүгөт. Эгоизм абдан коркунучтуу нерсе. Абдан тынчсыздандыруучу бир нерсе. Өзүмчүл коомдор, өзүмчүл адамдар. Өзүмчүл топтор эгоист мамиле кылышкандыктан, дайыма өз кызыкчылыктарын гана көздөшөт. Натыйжада албетте мыйзамды тебелешет. Укукту тебелешет, сулуулук, сүйүү, боорукердик, мээрим, урмат сыяктуу сезимдерди эч керексиз деп ойлошот. Ошондуктан азыр дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризис да болгон күчү менен ушул себептин негизинде өнүгүп жатат. Адамдар абдан тобокелдүү болушса, Аллахка тобокел кылышса, бүт нерседе бир жакшылык көрүшсө, мээримдүү болушса, коңшусун өзүнөн көбүрөөк коргоп колдошсо, «коңшусу ач кезде ток болгон бизден эмес» сөзүн, Пайгамбарыбыз (сав)дын бул сонун сөзүн сонун бир ахлак эрежеси катары көңүлдөрүнө түйүшсө, такыр башка бир чөйрө болот. Мисалы, садака берилбей жатат, зекет дээрлик эч мүмкүн эмес, чындыгында болсо Мусулмандар жакырларды колдошу керек, адамдарга жакшылык кылышы керек. Өзгөчө карыздарды кечишет, карыздардын кечилиши абдан маанилүү. Жана коркуп, амбиция кылып бир нерсе чогултушпайт, алтын, күмүш, акча жыйнашпайт, аны Аллах жолунда колдонушат, себеби Аллахтан келээрин үмүт кылышат. Ошол себептен азыр бир кысылуу болду бүт дүйнөдө. Себеби бардык адамдар акчаларын сактап жатышат, баары алтын күмүшүн сактап жатат, эч ким өндүрүш жасагысы келбей жатат, бүт адамдар коркуу жана тынчсыздануу менен натыйжаны күтүп жатат. Мындай болбойт. Бул бир коллапс, башкача айтканда, толугу менен бир кыйроо. Бул бир оору.

(УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН ЧАЙ ТВдеги ТҮЗ МАЕГИ, 28-февраль 2009-ж.)

АДНАН ОКТАР: ... мисалы улгайган нурдуу бир чоң атага да, туурабы, ага мээрим менен мамиле кылат, жолдон өтүшүнө жардам бергиси келет, колунда оор бир буюму бар болсо аны алгысы келет, автобуста орун берет. Бирок динсиз тарбияланган, эгоист, өзүмчүл тарбияланган бир адам улгайган бир адам көрдүбү, көзүн буруп сыртты карап баштайт. Мисалы, жолдо баратса көзүн бурат, мисалы адам эңкейип, кыйналып баратат, сен болсо арстан сыяктуу күчтүүсүң, ал колдорунан пакеттерди, «ата, каерге чейин десеңиз, алып барып берейин» де, туурабы, урмат жана сүйүү көрсөт, адам ушулардан бактылуу болот. Аллах ага ошондо күч-кубат берет, бакыт берет, кубаныч берет. Өзүн ал жерде акылдуу элестетет, чындыгында болсо ал заалымдыктын, өзүмчүлдүктүн азабына ошол замат кабылган болот. Ошол замат анын таягын жеген болот.

Тең салмаксыз, кокус кыймыл-аракеттерди жасоо

«Адам болуу» дининде адамдардын тең салмаксыз тараптарынын болушу кызык жана кадыресе кабыл алынат. Ушул себептен көп адамдар өздөрү абдан нормалдуу бир кулк-мүнөзгө ээ болгонуна карабастан, атайын «тең салмаксыз» кыймыл-аракеттерди жасайт. Себеби бул чөйрөсүндөгү адамдар арасында урмат көрүшүнө жана аброй топтолушуна себеп болот. «Адам болуу» дининин мындай туура эмес түшүнүгү себебинен башкалардын көңүлүн буруу үчүн өз жанын коркунучка салгандар да болушу мүмкүн. Өзгөчө жаштар досторуна мактануу жана адамдар суктансын деп акылсыздык менен эр жүрөктүк көргөзмөлөрүн жасашат. Мисалы, машинасын катуу айдашат. Абдан кооптуу бир жерде алдындагы машинадан өтүүгө аракет кылат. Атайылап алдында келе жаткан машинаны көздөй айдап, акыркы мүнөттө башка тарапка буруп жиберет. Өз жашоолорун да, башка адамдардын жашоосун да көзгө албай, өзүн «жиндидей эр жүрөк, өлүмдөн да коркпойт» деп айттыргылары келет. Чынында болсо бир адам түпкүрүндө өлүмдөн коркпогондуктан эмес, «адам болуу» дининин таасиринде калгандыктан, мындай аракеттерге барат. Бирок унутпоо керек, машинаны акылдан азгандай ылдамдык менен айдап, бир эр жүрөктүк көргөзмөсү жасаган бир жаш жигит дал ошол учурда бир кырсыкка кабылса, жүзүндөгү ал көпкөндүк жоголуп, абдан корккон бир жүзгө айланат. Жардам сурап, өлбөш үчүн дуба кылып баштайт. Ал кезде «адам болуу» дини толугу менен өз таасирин жоготот жана анын ордуна Аллах коркуусу келет.

«Тең салмаксыз» көрүнүүнүн башка бир ыкмасы болсо – башкалар корккон, тартынган, ошондуктан, суктанган бир адам боло алуу үчүн кээ кээде ачуусун жеңе албаган адамдай болуп көрүнүү. Бир нерсеге ачууланганда, муштумун түйүп, дубалды уруу, айнекке муштуму менен уруп колун канатуу, жүзүн колдору менен жаап бир мөөнөткө чейин өзүн басуу, ошол замат алкоголь ичип баштоо - «адам болуу» динине ылайык жасалган белгилүү кыймыл-аракеттерден. Ал тургай көп адамдар «менин жинди тарабым бар» же «караңгы бир тарабым бар, бирок кээ кээде чыгат» сыяктуу сөздөрдү айтып, өздөрүн жарым жинди көрсөтүү менен адамдар арасында абройлуу болууга аракет кылат.

Адамдын жашоосун коркунучка салган кээ бир спорт түрлөрү да көбүнчө бул имиджди жаратуу үчүн жасалат. Көп адамдар жаракат алуудан, майып болуп калуудан же өлүмдөн коркконуна карабастан, чөйрөсүнө мактануу үчүн гана мындай спортторго барышат. Бул тарабынан «адам болуу» дини кадыресе, нормалдуу акылга ээ адамдарды да анормалдуу кыймыл-аракет жасоого жана оорулуу бир кулк-мүнөзгө мажбурлаган болот.

Эпсиз, жөндөмсүз болуп көрүнүү

«Адам болуу» дининде бай адамдар колунан жумуш келбеген адамдар болушу керек деген бир туура эмес ишеним бар. Мындай ишенимдин логикасы мындай пикирге таянат: бай адамдардын кара күч талап кылган жумуштарын кыла турган кызматчылары болот. Мисалы, тамактарын өздөрү жасабайт, ашчылары бар. Үйлөрүн өздөрү тазалашпайт, тазалык кызматкерлери бар.

Кийимдери айрылганда, өздөрү тигишпейт, бир буюм сынганда аны жерден жыйнаштыруу үчүн өздөрү аракет кылышпайт, бир жерге барыш керек болгондо адрести айдоочуга берип койуп, жолду табууну ага таштайт, соода-сатыкка өздөрү барбайт, үйгө чакыртышат, ооруганда докторду үйгө чакырат, оорукана процедураларынын эмнелер экенин билишпейт. Машинасы бузулса, дөңгөлөгү жарылса, кандайдыр бир буюмуна зыян келсе, буларды оңдоо үчүн сөзсүз жанындагы кызматкерин жумшашат. Бул нерселердин баары бай адамдарга тиешелүү жашоо калыбы. Ушул себептен башкалардын жардамы менен жашоого көнгөн мындай адамдар өздөрү жумуш жасап үйрөнүүгө аракет кылышпайт.

Мындай көз-караш өзүн бай кылып көрсөтүп, мактангысы келген көп адамдын чынында колу абдан эптүү болгонуна карабастан, «жөндөмсүз туурамчылыгын» жасашына себеп болот. Ушул себептен өзгөчө аялдар арасында «колу көнгөн эмес, эч нерсе билбеген адам» болуп көрүнүү абдан кеңири тараган. Мисалы, бир жаш кыз чындыгында билсе да, «мен чай демдегенди билбейм, мен такыр тамак жасай албайм, өмүрүмдө ашканага кирип бир тамак даярдаган эмесмин, мен эч тиккенди билбейм, бүгүнкү күнгө чейин колума ийне-жип кармабадым» сыяктуу сөздөрдү айтышынын түпкү себеби ушунда. Ушундай жол менен бүт ишин башкасына кылдырганга мүмкүнчүлүгү бар, бай бир адам болуп көрүнүүгө аракет кылышат.

Жактырбоо

Бир адам бир буюмду эмне үчүн жактырбайт жана ага маани бербейт? Себеби анын колунда андан жакшыраагы бар. Мисалы, сарайда жашаган бир адам бир квартираны жактырбай, анын жасалгасын сындашы мүмкүн. Бирок жеркепеде жашаган бир адам үчүн кооз бир квартира чоң бир сарайга окшошот. Себеби ал мындан бир топ жаман шарттарда жашап жатат.

Бир адам башка бир адамдын акылын эмне үчүн жактырбайт? Себеби өзүн андан акылдуураакмын деп ойлошу мүмкүн. Бир адам башканын пикирин эмне үчүн жактырбайт? Себеби өзүнүн жакшыраак пикирлери бардыр. Бир адам башка адамдын кылган ишин эмне үчүн жактырбайт? Себеби өзүн ал ишти жакшыраак кыла алам деп ойлоп жаткандыр. Ошондуктан, бир нерсени жактырбоо көбүнчө ал нерсенин жакшыраагы менде бар деген мааниге келет.

Ушул себептен чөйрөлөрүнө бүт нерсенин эң сонунуна ээ адамдай болуп көрүнүүнү каалагандар көргөн нерселеринин эч бирөөсүн жактырышпайт. Ал тургай жактырышса да, муну байкатышпайт, бир кемчилик таап сөзсүз сындагысы келет. Мисалы, достору менен бирге бир люкс ресторанга барган бир адам өмүр бойу мынчалык люкс бир ресторанга барбаган болсо да, ал жердин тамактарында же жасалгасында же болбосо официанттарынын кыймыл-аракетинде бир кемчилик табууга аракет кылат. «Менимче тамактары анчалык жакшы эмес эле, көрүнүшү начар эле, жасалгасы начар экен» сыяктуу сөздөр менен сындоо аркылуу мындан алда канча жакшы жерлерди көргөм деген көрүнүштү жаратууга аракет кылат.

Жаш кыздар өздөрүнөн сулуураак бир кыз көрүшкөндө, сөзсүз ал адамда бир кемчилик таап өздөрүнүн өйдө экенин көрсөткүсү келет. Мисалы, чачтарынын сулуу экенине ишенген бир кыз өзүнөн сулуу бир кызды көргөндө, «чачтары кандай, чачтарынын өрүмү эч жарашпаптыр же чачтары суюк окшойт» сыяктуу сөздөр менен сындап түпкүрүндө өзүнүн сулуураак экенин көрсөтүүгө аракет кылат. Мойну узун бир кыз өзүнөн мойну бираз кыска, бирок сулуу бир кызды көргөндө ошол замат «бойу кыска» сыяктуу сөздөр менен ал кызды басынтууга аракет кылат.

«Адам болуу» дининин мындай туура эмес түшүнүгүнөн улам бир адамдын өзүнөн өйдө көргөн, акылдуураак, сулуураак, таланттуураак деп көргөн бир адам жөнүндө анын мындай өзгөчөлүктөрүн мактаган бир негизде сөз кылганын көрбөйсүз. Мисалы, бир гезит кабарчысынын өзү теңдүү башка бир кабарчыны мактаган, өзүнөн акылдуу көргөн же анын пикирлеринин, услубунун жакшыраак экенин баяндаган бир макаласын көрүү абдан кыйын. Бир ырчынын өзүнө тең деп көргөн башка бир ырчыны макташы, анын сулуураак жана таланттуураак экенин айтышы абдан сейрек кездешет. Көбүнчө, тескерисинче, бул адамдардын бири-бирин абдан сындашканын көрөсүз. Мисалы, бир психолог башка психологдун сунуштарын жактырбайт, бир диета адиси башка адистин ыкмасын сындайт, бир телевизор алып баруучусу башка алып баруучулардын сөзсүз бир кемчилигин табат. Мунун себеби – бул өзүнүн талантын, акылын же даражасын өйдө коюу аракети.