«Адам Болуу» Дининде «Үй-Бүлө» Психологиясы

«Адам болуу» дининде үй-бүлөлүк доору жаш кыз жана эркектин белгилүү бир жашка келиши менен башталат. Эми ата-эне балдарынын «кубанычын» көрүүнү жана көп жылдар берген эмгегинин натыйжасын акырын акырын алууну каалашат. Демейде «адам болуу» дининин үй-бүлө куруулары флирттен айырмаланып, кадимки таанышуулар менен болбойт. Белгилүү жашка келген эркек менен кыздар сөзсүз үй-бүлө курушу керек деген түшүнүк бар болгондуктан, муну ишке ашыруу үчүн бир канча ыкма колдонулат. Эгер адамдар мында ийгиликке жете алышпаса, анда жумуш үй-бүлөлөргө, туугандарга жана досторго түшөт. Бирок бул адамдар жакшы аракет кылышпаса, анда үй-бүлө куруу үчүн жасалма жолугушуу жана таанышуулар уюштурулат. Мындай жолугушуулардын да ар жерде таанылган, билинген чеберлери бар. Чөйрөдө жаштарды жолуктуруу менен аты чыккан, көбүнчө жашы өтүп калган мындай адамдар убакыттарын ылайыктуу маданияттагы, ылайыктуу бай, ылайыктуу сулуу жана ылайыктуу райондо жашаган жаштарды издөө менен өткөрүшөт. Дээрлик ар бир үй-бүлөнүн мындай бир чоңу же таанышы болот.

Ушундайча үй-бүлөлүк доордун таанышуу баскычы башталган болот. Таанышуу уюштурулгандан кийин эки тарап тең бири-бирин үй-бүлөлөрү аларга үйрөткөн сүзгүчтөн өткөрүп башташат. Үй-бүлөсүнүн кичинесинен бери ал үчүн короткон убакыт жана мүмкүнчүлүктөрүнүн акысын аларга берүү убактысы келген болот. Жакшы бир үй-бүлө куруу чөйрөсү үчүн да, өзү үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да керектүү жана шарт. Таанышкан соң эгер эки тарап тең бири-биринин жашаган районун, социалдык статусун, кийиминин маркасын же унаасын жактырышкан болсо, бир тамак жана жолугушуу уюштурулат. Бул жолугушуу үчүн кийим жактыруу мөөнөтү абдан көп убакыт алат. Эки тарап тең жолугушууда эмне кийээрин эртеден кечке ойлонот. Ал тургай мындай ойлонуу процессине үй-бүлөлөр жана курдаштар да кошулушат жана кийиле турган кийимдерди баары жабыла тандашат.

Эки тараптын үй-бүлө курууга макулдук бериши анчалык көп убакыт талап кылбайт. Аял бул эркек мени бага алат деген пикирге келсе, турмушка чыгат. Эркек болсо ал аялдын аны жумуш же коомдук чөйрөсүндө жакшы көрсөтөөрүнө, жанында жакшы көрүнөөрүнө ынанышы зарыл. Сөйкө салуу чечими алынат. Сөйкө салуу – бул «жүрүүнүн» коом тарабынан тастыкталган абалы.

Жасалмалык эң башынан баштап окуянын эң негизги өзгөчөлүгү болот. Эркек алган гүлдөрү, белектери менен чектүү чөнтөгүн кыйнайт, кызга жана анын үй-бүлөсүнө көрүнүү менен өзүн бай жана жоомарт көрсөтүүгө аракет кылат. Себеби ал кыз менен үйлөнүшү анын байлыгы жөнүндөгү имиджден көз-каранды. Бул доордо акча коротуудан тартынбаш керек болот, себеби коротулган акчалар келечекте эки тарапка тең үй, акча, кийим, атак-даңк ж.б. катары ашыкчасы менен кайра келет. Үй-бүлө кыска убакыт ичинде күйөө бала талапкери жөнүндө бир коомдун пикирин сурамжылоону баштаган болот. Бүт адамдардын күйөө бала жөнүндөгү көз-караштары алынат. Негизги максат «кандай, айланадагылар жактырган бир талапкерби?» суроосуна жооп алуу. Күйөө бала талапкеринин киреше деңгээли, мал-мүлкү жөнүндө маалымат алынып, адамдарга айтып берилет. Эгер материалдык абалы жакшы болсо сырткы көрүнүшү жана ахлагы анчалык маанилүү болбойт.

Андан соң үй-бүлөлөр жолугуп башташат. Бул жолугушуу бир соода жолугушуусу сыяктуу болот. Кыздын үй-бүлөсү кызы үчүн эмне алаарын эсептейт. Бул түздөн-түз акча болбосо деле атак-даңк, аброй, үй, эмерек сыяктуу бир акы.

Чечим алынгандан кийин той үчүн акча чогултула баштайт. Кызга белектер алынат. Сөйкө салууну кыз тарап кылат. Анын акысы катары кымбат бир той күтөт. Кайсы тараптын той үчүн канча акча каржаары алдын ала аныкталган. Толугу менен чыгымдар бөлүшүлөт. Тойдогу ичимдиктерге чейин кайсы тараптын эмне алаары белгилүү. Үй-бүлөнүн материалдык абалы чыгымдарды каржылоого жетээрлик болбосо да үй-бүлө карыз алып же болбосо бир нерселерин сатып муну сөзсүз төлөйт. Берки тарапка уят болбоо, жакыр көрүнбөө бул критикалуу убакта абдан маанилүү.

Эки тараптын тең жакын чөйрөлөрү акысыз жеп-ичип көңүл ачуу үчүн тойдун болушун төрт көздөп күтүшөт. Бирок бир тараптан келин жана күйөө балага алтын-күмүш тагышы, белек алышы керек болгондуктан, мунун азабын тартышат. «Эң арзанга кандай белек ала алабыз?» проблемасы башталат. Келин менен күйөөнүн аталарынан кызыкчылык күткөндөр жакшы белек беришип, үй-бүлөнүн жакын досу болуп көрүнүшөт.

«Адам болуу» дининин үй-бүлө куруу менен байланыштуу тойлорун карасак, дүйнө жашоосунун алдамчы кооздугу болгон мактануу жана адамдардын ыраазычылыгын максат кылуу оорусунун эң жогорку деңгээлде болгонун көрөбүз. Үй-бүлөлөрдүн сөйкө салуу, той сыяктуу салтанаттуу тойлор өткөрүшүнүн негизги себеби – бул адамдарга көрүнүү. Мисалы, сеп ачылган күнү бүт коңшулар үйгө чакырылат. Буюмдар бүт баарына көрсөтүлүп, курдаш, дос, коңшуга мактанылат. Чакырылгандар болсо көбүнчө абдан жактырганын айтышып обу жок макташат. Бирок көбүнчө үйүнө кайтышканда болсо абдан начар, жарыбаган буюмдар берилгенин айтышат.

Той Психологиясы

«Адам болуу» дининде адамдардын жашоосунда абдан маани берилген белгилүү бурулуш чекиттери бар, булардын бири – бул той. Той өзгөчө кыздар үчүн ушунчалык маанилүү болгондуктан, ал күн келгенде бүт нерсе өзгөрөт, бүт кыялдар орундалат деп ойлошот. Бирок көп адамдар үчүн той күнү жашоосунун эң азаптуу жана эң стресстүү өткөргөн күнү болот. Себеби көпчүлүк адамдарда болгон стресс жана тобокелсиздик себебинен тойлордо дээрлик чоң бир «желмогуз» жашалат. Мунун кээ бир себептери төмөнкүлөр.

Тойдо келин, күйөө жана үй-бүлөлөр белгилүү бир кызыкчылыктарды эсептеп жатышканда, коноктор да өздөрүнчө кызыкчылык эсептешет. Сөйкө салуулар жана тойлор үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жакшы талапкер табышына идеалдуу жерлер болот. Ушул себептен кыздарын же балдарын мүмкүн болушунча кымбат баалуу кийимдерди кийгизип, чогуу ала барышат.

Тойдо сезимтал сөздөр айтылат. Кээ бирөөлөр орунсуз, себепсиз эле ыйлашат. Эмнеге ыйлаганын өзү да билбейт. Үй-бүлөнүн эң жакындары жана чоңдору эң көп ыйлашат. Ал ортодо «колумда чоңойду» деген сөздү да сөзсүз айтышат. Келиндин эрте мененден баштап кийим жана чач даярдыгы башталат. Ал күндүн чачтарач чыгымдары болушунча кымбат болот. Бүт баары ал күнү кубанычтуу жана жоомарт болушат. Кыз тарап чачтарачтагы кызматкерлерге ал күнгө чейин эч бербегендей көп акчалар берип, аристократ жана бай көрүнүүгө аракет кылат. Ал күнү бүт баары профессионалдуу бир уюштуруучу сыяктуу болушат. Айланага буйруктар берип, акчаларын чачышат. Эне керектүү-керексиз бүт нерсеге жана бүт баарына акча берет; ата мындан улам уруш чыгарат. Бул убакыт ичинде бурчка барып ыйлагандар көп болот.

Андан соң кезек сүрөткө түшүүгө келет. Сүрөтчүнүн алдындагы үстүндө булут сүрөттөрү болгон кызыл, көк, ак түстүү кездемеден болгон фондун алдына келин бир столго отургузулат. Күйөө келиндин жанында койкойот. Жасалмалыгы апачык көрүнүп турган сүрөттөр тартылат. Бул сүрөттөр кийин өмүр бойу адамдарга көрсөтүлөт. Ансыз деле сүрөткө түшүү максаты да ошол. Келин кандай той кылып, кандай келин көйнөгү менен тою болгонун, күйөө болсо жаш кезинде кандай «мактанаарлык» экенин келечекте бүт адамдар көрүшү зарыл.

Никеге кирип баратканда унаанын айланасы аары уюгундай толот. Унаанын арткы айнегинде торт калдыктары жабышкан, үстүндө жалтырак капталган кардон тамгалар. Булар келин менен күйөөнүн баш тамгалары. Унаанын номеринде «үйлөнүп жатабыз», «үйлөндүк» же «бактылуубуз» сыяктуу калыптанып калган жазуулар орун алат. Көп унаалардын алдына пластикадан жасалган бир куурчак коюлат. Бул кийинчерээк төрөлө турган наристенин ишараты. Үй-бүлөлөр келин менен күйөөнүн каерде, эмне кылышаарын, кимдерге эмне жооп беришээрин, каерде күлүмсүрөп, каерде ыйлашаарын алдын ала чечип коюшкан.

Тойго келген коноктор да кичинекей кызыкчылык эсептерин жасашат. Жакында кызынын сөйкө салдысын кыла турган же күйөөгө узата турган бар болсо, жакшы алтын-күмүш тагат, келечекте кызына да кымбат нерселер тагылсын деп. Алтын-күмүштөрдү эң жакшы көрүнө турган абалда, той салонунун ортосуна чейин келип бүт баарына көрсөтүп тагышат. Коноктордун баары кеченин жылдызы болууну каалашат. Кийимдер ошого жараша тандалат. Тараптар алтын-күмүш тагуу жөрөлгөсүн атайылап видео камера менен тартышат. Максат – кимдин эмне такканын аныктоо. Коноктордун бири бир нерсе такканда, кийин ага да аныкына тең нерсе алып барыш керек болот. Андан жакшысын тагуу «келесоолук», жаманын тагуу болсо жакырдык белгиси катары кабыл алынат. Ушинтип бүт баары өз милдетин аткарган болот. Коноктор бекер тамактан бактылуу. Үй-бүлөлөр бир тараптан мактануунун, экинчи тараптан жакшы бир «соода» кылган болуунун бакытын жашашат. Келин менен күйөө болсо абдан чарчаңкы жана кыйналган болушат. Бүт столдорду кыдырып кол өбүү, кол алышуу жөрөлгөлөрү жасалат. Бүт адамдардын көзү аларды карайт. Абдан этият кыймылдаш керек болот.

Биз сүрөттөгөн түрдөгү тойлордогу адамдардын дээрлик баарынын акылында окшош нерселер бар: башка адамдарга көрүнүү, материалдык эсептер жана этияттык менен аткарылышы керек болгон жасалма кыймыл-аракеттер. Ошол эле учурда бул адамдардын дээрлик эч биринин оюнда Аллах жок. Эч бири ичине сүңгүгөн алагдылыктан суурулуп Аллахты ойлоону, Аны тасбих кылып аруулоону, Раббибизге мактоо айтууну ойлонбойт. Кыймыл-аракеттеринин Аллахтын ыраазычылыгына туура келип келбеши жөнүндө да эч салыштыруу жасашпайт. Керексиз короткон акчаларынын ысырапкорчулук өкүмүнө кирээри мүмкүн экенин ойлоп да койбойт.

Буга чейин айтылгандар – «адам болуу» дини коомунун ичинде маданий, социалдык жана материалдык тараптардан стандарттуу деңгээлдеги бир адамдар тобунун үйлөнүү учурунда көрсөткөн кадимки мамиле жана кыймыл-аракеттеринин, психологияларынын бир баяны. Албетте мындан айырмалуу психологияда жана чөйрөдө үйлөнгөн адамдар да болгон. Коомдун ар кайсы катмарларынын үйлөнүү темасында таанышуу болсун, тойго даярдык болсун, той болсун бири-биринен абдан айырмалуу тараптары болушу мүмкүн. Кээ бирөөлөр үй-бүлөлөр же ортомчулар аркылуу таанышса, кээ бирөөлөр болсо университетте же иштеген жеринде же болбосо дос чөйрөсүндө турмуш кура турган адамы менен таанышат. Кээ бирөөнүн тою жөнөкөй бир той салонунда (мисалы кафеде), кээ бирөөнүкү беш жылдыздуу отелде абдан мактанаарлык, атактуу өтөт. Кээ бирөөлөр адат-салттарга ылайык өткөрөт, кээ бирөөлөр болсо Батышты туурап, кээ бирөөлөр өзгөчө бир нерселерди кылып көңүл бурууга аракет кылат. Бирок өзгөчөлөнгөн нерселер – жерлер, жасалгалар жана жуптардын бири-бири менен таанышуу жолдору гана. Эң негизги нерсе «адам болуу» дининин коомдорунун бардык тармактарында турмуш куруунун такыр туура эмес логика менен жүргүзүлүшүндө. Үйлөнүү – бири-бирин сүйгөн жана урматтаган эки адамдын нике аркылуу байланышы эмес, ичинде жүздөгөн караңгы адат жана кызыктай жөрөлгөлөр орун алган, мактанычка, кызыкчылык эсептерине таянган, жасалма жана эл көзүнө кыймыл-аракеттерге толгон бир кызыктай окуя абалына келип калган.

Маданий жана коомдук статустары кандай гана болбосун, бүт катмарлардагы «адам болуу» дининдегилердин мактаныч, күтүүлөрү жана кызыкчылыктары менен үйлөнүү окуясына болгон көз-карашы, психологиялары дээрлик баарыныкы окшош: б.а., «Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир ойун, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана...» (Хадид Сүрөсү, 20) аятында билдирилген көз-карашка ээ жана аны толугу менен ишке ашырышат. Ансыз деле «адам болуу» дининде Аллахтын ыраазычылыгынын эң көбүн максат кылуу, Аллахтын койгон чектеринен чыкпоо, Ал аныктаган негизде өмүр сүрүү сыяктуу түшүнүктөр жок болгондуктан, жалгыз бир жол катары напси, каалоо, амбициялардын жолу калган болот. Калыптар, ыкмалар өзгөрсө да, көз-караш дайыма бирдей бойдон кала берет.

Үй-Бүлө Курган Соң

Жогоруда сөз кылынган туура эмес көз-караш үйлөнгөн соң да уланат. Биринчи күнү эрте менен бир-биринин төшөктөн турган абалын көргөн аял менен эркек алгачкы бушаймандыгын татышат. Көбүнчө андан мурда бир-бирин ал абалда көрбөгөндүктөн, бири-бирине жагымсыз көрүнүп баштайт. Бир үйдө чогуу жашап баштаганда, бири-биринин мурда билбеген ар кандай адаттарына жана кулк-мүнөзүндөгү кадыресе болбогон тараптарына күбө болуп башташат. Мурда оюнда улуктап, «идеалдуу» кылып алган адамынын акырындап баркы кетип баштайт жана натыйжада кыска мөөнөттө аралары сууп баштайт. Ичинен сезген мындай терс сезимдер барган сайын өсүп отурат. Ортодогу сүйүү түшүнүгү үстүртөн болгондуктан, бираздан кийин сүйүү деп ойлогон сезимдери мажбурдуу бир көнүмүш адатка айланганын көрүшөт.

Биринчи айларда туура эмес болуп калбасын деп мындай сезимдерин сездирбеген жана жакшы мамиледе жашоого аракет кылган аял-күйөө убакыттын өтүшү менен урматтарын жоготуп, катуу, көңүл калтырган, сиркеси суу көтөрбөгөн жана бири-биринин көңүлүнө карабаган абалга айланып, бири-биринен сууганын байкаткан мамилелер кылып башташат. Бирок муну айланага сездирбегенге аракет кылышат. Бирок чөйрөлөрү ансыз деле муну байкап турушат жана бул процесс табигый бир окуя катары кабыл алынат. Үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы күндөрүнүн «бал айы» деп аталышы мунун кызыктуу бир көрсөткүчү; демек кыска мөөнөттөн кийин бал айынын аяктаары, тажоо, азап, ал тургай уруш толо айлар жана жылдардын башталаары белгилүү.

Жылдардын өтүшү менен бирге балдар, акча сыяктуу жалпы көйгөйлөр жана булар себеп болгон психологиялык чөйрө үйдө өкүмчүлүк кылат. Үй тургундары арасында тынымсыз бири-бирине ачууланган мамилелер болот. Акча дайыма сөз кылынган темага айланат. Күйөө-аял арасындагы бири-бирине ээ чыгуу, кызганычтык сыяктуу темалар бүтпөс бир уруш-талаштарга себеп болот. Эркектин дайыма жумушу жөнүндө сөз кылышы, аялынын сөздөрүн укпашы, дайыма телевизор көрүшү, аялына жана балдарына көңүлкош жана алыс мамиледе болушу үйдүн кадимки чөйрөсүнө айланат.

Үй көбүнчө жыйналбаган абалда болот. Ошондой эле тазалыкка да маани берилбейт. Ошондуктан адамдар сырттан бирөөнүн үйдүн кадимки абалын көрүшүн каалашпайт. Үйдөгү эмеректер, гарнитуралар, дасторкон сыяктуу буюмдар үй тургундарына ылайыктуу эмес, көбүрөөк коноктор суктана тургандай негизде алынып жасалгаланат. Конокторго атайын бир бөлмө даярдалат. Бул бөлмөдө үй тургундары көп отурушпайт; ал бөлмө үйдүн көрсөтмө тарабы. Үйдүн эң кымбат жана эң жакшы буюмдары ал жерде конокторго көрсөтмөгө коюлат. Албетте бир адамдын коноктору үчүн атайын чөйрө даярдашы жана алардын бейпилдигин максат кылышы – сонун бир ахлак өзгөчөлүгү болот. Бирок, мурдараак да айтылгандай, «адам болуу» динин жашаган адамдарда конокко атайын бөлмө даярдалышынын себеби ал адамдын бейпилдиги жана көңүлү эмес, ага мактануу максатында болот.

Үйдөн башка мактана турган эң чоң нерсе – бул балдар. Ансыз деле балага болгон көз-караш башынан туура эмес. Ата-эне балага ээ чыгышат, ага жашоо берген бизбиз деп ойлошот жана ошол көз-карашта мамиле кылышат. Бүт нерсени Аллах жараткандыгын жана бүт нерсенин чыныгы ээсинин Ал экендигин эч ким ойлонбойт. Балага ээ чыккан ата-эне белгилүү мөөнөттөн кийин аны колдонуп айланага мактанып башташат. Баласынын акылдуу же сулуу экенин көп айтып, ал баладагы сулуулук же акылды алар жасап койгонсуп, мактанышат. Ал тургай баланын кандайдыр бир жакшы тарабы жөнүндө «мени тарткан да, ошол үчүн ошондой болгон» деген сыяктуу жоромолдорду жасап, «менин да тиешем бар» дегендей пикир айтышат. Убакыт өткөн сайын бала менен мактануу чөйрөсү кеңейет. Окуган жерлери, дос чөйрөсү, кыдырган жерлери бир мактануу темасы катары тааныш, курдаштарга айтып берилет. «Адам болуу» дининин үй-бүлөлөрүндө бала менен мактанып гана тим болбостон, баланы жашоонун максаты жана маңызы кылып алуу адаты да кеңири тараган. Кээ бир ата-энелер балдарын жашоосунун жалгыз максаты катары көрүшүп, бүт өмүрүн ага жакшы бир келечек даярдоого арнашканын айтышат. Чындыгында болсо бүт адамдардын жашоосунун жалгыз максаты Аллахка пенделик кылуу болушу керек. Жашоо бир гана Аллахка арналышы зарыл. Бир адамдын баласын карап, чоңойтушу да бир гана Аллах ыраазычылыгы үчүн кылына турган ибадат болот.

Аялдардын бүт өмүрү үй-бүлө куруу максатына ылайыкташкан. Жаш кыз кезинен баштап бул максат жашоонун эң негизги максаты катары кабыл алынат. Кыздардын салмагы, кийимдери, окуусу, жактырган нерселери, чөйрөлөрү дайыма жакшы, ийгиликтүү, пайдалуу бир турмушка чыгууга ылайыкташтырылат. Жаш кыздардын көпчүлүгү университетке «күйөө табуу» үчүн барышат. Себеби күйөө, өзгөчө бай бир күйөө жашоонун гарантиясы катары кабыл алынат. Жаш кыз кыялында аны багып, коргоп, карай турган бир күйөө модели жаратат жана бүт жаштыгын аны издөө менен өткөрөт. Ал эми Куранда бизге билдирилгени боюнча, адамга ырыскы берүүчү, колдоп-коргоочу, андан жардам үмүт кылууга ылайыктуу – бул бир гана, жалгыз Аллах.

Мындай көз-караш боюнча турмуш куруу эки адамдын бири-бирине болгон сүйүүсүн көрсөтүүнүн шариятка ылайык бир жолу катарынан чыгат жана, көп айтылгандай, бир «ишкана, уюмга» айланат. Үйлөнүү учурунда болсо мындай «соода» келишимин ийгиликтүү жыйынтыктоонун толкундануу жана бактысы баштан өткөрүлөт. Бирок кыска мөөнөттөн кийин ортого чыккан сүйүүсүздүк, урматсыздык жана мамиле бузуктуктары адамдарда бир нерселерди туура эмес кылганы жөнүндө сезим пайда кылат. Аллахка багытталып, Куран ахлагы менен мамиле кылмайынча мындан артка кайтып кутулуунун жолу көбүнчө жок. Болсо да ал жол маселени чечпейт. Себеби турмушту бузуу да, турмуш куруу сыяктуу эле, «адам болуу» дининин эрежелери менен жүргүзүлүп, андан кийинки жашоо да «адам болуу» дининин эрежелерине ылайык улантылат.

Эгер бир ката изделе турган болсо, окуяларды бир-бирден анализ кылбастан, бүт мындай окуялардын түбүнөн орун алган, бүт мындай бурмаланган системанын таянычы болгон жана адамдарды дайыма бактысыздыкка, азапка жана жоготууга түрткөн батыл (негизсиз) философиядан, т.а. «адам болуу дининин» өзүнөн издөө керек.

«АДАМ БОЛУУ» ДИНИНДЕ ТУРМУШ КУРУУ ПСИХОЛОГИЯСЫ
(УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН КАЧКАР ТВдеги ТҮЗ МАЕГИ, 29-январь 2009-ж.)

АДНАН ОКТАР: Мисалы кыз турмуш кураарда карай турган белгилүү шарттары бар. Алгач акчасы, акча биринчи даражада. Андан соң билими, кийин жакшы бир кызматта болушу, унаасы, дачасынын болушу, б.а. улам көбөйгөн өзгөчөлүктөрдү карашат. Минтип караганда, Аллах ага берген күчтүү ашыктык сезимин колдоно албайт ал адам. Натыйжада ал үйдүн ага эч кандай пайдасы болбойт. Үй бопбош бир жердей гана сезилет ага. Эч кандай таасири болбойт. Унаасы да аны бир жерден башка жерге алпарган тунуке жыйындысы, бир металл жыйындысындай сезилет. Булар Аллахка болгон сүйүү жана Аллахка болгон ашыктык менен гана бир мааниге ээ боло турган нерселер. Ошондуктан Пайгамбар Мырзабыз (сав) айтат, мал-мүлкү үчүн турмуш курган мал-мүлкүнөн айрылат, сулуулугу үчүн турмуш курган сулуулугунан айрылат дейт. Бир күнү грипп болот, сулуулугу бир заматта жоголот, жийиркениши мүмкүн, адам эч күтпөгөн нерсесинен да жийиркениши мүмкүн. Мисалы анын бир алсыз абалын көрүп көңүлү калат жана эч качан андан кутула албайт.

...Акча андай адамдарга тескерисинче азап алып келет, себеби акчаны сактоо үчүн көп чара көрүү керек болот. Мисалы чектерим төлөнбөдү дейт, андан азап чегет, акчасын банкка койот, банк банкрот болсо эмне кылам дейт, жаздыгынын астына койот, дагы эле болбойт, сейфке койот, аны таап алышса эмне болот дейт. Б.а. абдан азап тартат, абдан тынчсызданат. Аллахты сүйүү менен гана адам бейпил боло алат, тобокелдүү жана көңүлү тынч боло алат. Акча көбөйгөн сайын адамдардын көпчүлүгүндө бейпилсиздик жана азап да көбөйөт. Муну сыртта да, айланада да көрүп жатабыз, көп окуялар бар, бир-бирден мисал бербей эле койойун, бирок адамдар муну айланаларында көп көрүшөт.