«Адам Болуу» Дининдеги Орток Психология Жана Кыймыл-Аракет Калыптары (4/6)

9- «Адам болуу» дининде улгайуу психологиясы

«Адам болуу» дининин ар бир жаш категориясы үчүн аныктаган бир мамиле калыптары бар. Мунун жазылуу бир тексти жана түшүндүрмөсү жок. Бирок адамдар дүйнөнүн кайсы жеринде жашабасын муну билишет жана ишке ашырышат. Мисалы, 50 же 60 жаштарга келип калганда жашоо калыптарын, сөздөрүн, кийимдерин, үн тондорун, услуптарын «адам болуу» дининин калыптарына ылайык өзгөртүшү керек экенине ишенишет.

Бул өзгөрүүнүн негизги принциби дүйнө жакшылыктарынан кол тартуу, арыздануу жана көңүлсүздүккө таянат. Мындай жашка келген адамдар көбүнчө жашоодон арызданып башташат. «Кандайсың?» деген суроого бул жашта берилчү жооп көбүнчө «эптеп жүрөбүз, билгениңдей» же «эмне кылалы, оорулар менен алпурушуп жүрөбүз» сыяктуу терс жооптор. Себеби жашоодон ырахат алууга укугум жок жана бул жаштан кийин бардык жакшылыктардан алысташым керек деген жалган бир ишенимдери бар. Өзгөчө аялдарда менопауза жана эркектерде андропауза доорлору – «адам болуу» дини боюнча кыймыл-аракет толугу менен өзгөрүшү керек болгон бир доор. Бул баскычка кирген көп адамдар сулуулуктардан толугу менен баш тартат. Денесин карабай коюшат. Көрүнүшүнө да, тазалыгына да маани бербей калат. Күңүрт кийимдер кийип башташат, көбүнчө кара, кара-боз сыяктуу түстөрдү тандашат. Бул бир «улгайуу азасы» сыяктуу.

Жандуу, көзгө жагымдуу түстөр, мисалы кызыл, сары, жашыл, ачык кызыл сыяктуу өңдөгү кийимдер керек эмес деп ойлошот. Чындыгында болсо бул толугу менен акылга сыйбас бир эреже. Адамдар Аллах жараткан өңдөрдү ар кандай жашта колдоно алат жана бул немат-жакшылыкты канча жашта болсо да пайдалана алат. Бул жаштарда кээ бир адамдардын мамилелери жана услуптары да толугу менен өзгөрөт. Денесинде алсыздык болбогонуна карабастан көп адамдар мындай жашка келгенде жай, акырын кыймылдаган, алсыз бир адам болуу керек деп ишенишет. Ушул себептен жооптору жайлап калат, чындыгында абдан ылдам сүйлөй алганына карабастан, атайылап шашпай, акырын сүйлөп баштайт. Кыскача, бат эле айтып бере турган бир нерсени шашпай кыймылдап көпкө баяндайт. Муну улгайгандыктын бир талабы деп ойлойт.

Жаш кезинде абдан ачык көңүл, жайдары болгон бир адам улгайганда бир заматта кубанычын, үмүтүн, кыймылдуулугун, жандуулугун өз эрки менен жок кылат. Мисалы, кооз бир пейзаж, сулуу бир адам, сонун бир ыр же ага кылынган сонун бир мамиледен кубанбайт жана толкунданбайт. Тескерисинче мындай көз ирмемдерде кубануунун ордуна кайгырат.

«Адам болуу» дини алып келген жалган эрежелер боюнча адамдар бул жаштардан кийин өлүмдү күтүп башташы керек. Ушул себептен 60 жаштарга келген дээрлик бүт адамдардын жашоосун өлүмдү күтүү менен өткөргөнүн көрөсүз. Бул жаштан кийин кыла турган эч нерсе калбады деген ишеним өкүмчүлүк кылгандыктан өндүрүш толугу менен токтойт. Албетте мындай жаштар - өлүм адамга абдан жакындаган жана бул чындык унутулбашы керек болгон бир доор. Бирок «адам болуу» динин жашагандар бул жерде да жаңылууга кабылышып, ахлактарын оңдоп, Аллахтан абдан коркуп жана Аны абдан сүйүү менен өлүмгө даярдык көрүшпөйт. Тескерисинче, алардыкы – одоно бир акылсыздык менен акыретти да унутуп, бүт нерседен өзүн тартып «убакыт өлтүрүү» деп айтылган, бир гана өлүмдү күтүп өткөрүлгөн бош бир жашоо.

Жаш кезинде пикир, сунуштар чыгарган бир адам бул талантын колдонбой калат, абдан мээлүү жана таланттуу болгон бир адам жашы өтүп калган үчүн гана эч нерсе түшүнбөгөн, угушу начарлаган, ой жүгүртүшү кыйындаган, эч нерсе колунан келбеген бир адам сыяктуу көрүнүп баштайт. Көп адамдар акыркы жыйырма жылын терезенин түбүндө отуруп сыртты кароо менен же эртеден кечке телевизордогу сериалдарды көрүү менен, дүйнөгө тиешелүү кооздуктардын баарынан кол үзүү менен өткөрөт. Мунун зыяндарынын бири болсо – бул өзүн ойлонбоого, кыймылдабоого жана мүмкүнчүлүктөрүн колдонбоого көндүргөн бул адамдардын мээсинин иштешинин бара бара жайлашы жана эрте акылдан азууга алып келиши. Албетте мындай бир ахлакты жана жашоо калыбын тандаган бир адамдын акыреттеги жоготуусу бир топ жогору болот.

Бүт адамдардын денесинин мүмкүнчүлүгүнө жараша, чындап бир оорусу болмоюнча, денесин да, мээсин да иштетиши жана дүйнөдө акырет үчүн жакшылык, соопторду кылууну улантышы туура болот. Аллах бир аятында «Андай болсо, бошогонуңда, эч (бош) отурбастан (дуба жана ибадат менен) чарчоону улант» (Инширах Сүрөсү, 7) деп буйрук кылууда. Эч шексиз, Аллахтын буйругу ар кайсы курактагы адамдардын баарына тиешелүү.

10- «Адам болуу» дининде адамдарды бөлүү

«Адам болуу» дининин эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул адамдарга баа берүү жолу. Бул шайтандык динде адамдар түпкүрүндө бай жана кедей деп экиге бөлүнөт. Эки топко өз-өзүнчө бир көз-караш бар жана натыйжада башка-башка мамиле кылынат. Бай жана кедей адамдарга кылынган мамиленин ар түрдүүлүгү бардык мимикаларга, үн тонуна жана ал тургай кароо калыбына чейин дүйнөнүн дээрлик бүт тарабында окшош. Бир америкалык да бул жалган диндин талабына ылайык мындай кыймыл-аракетти жасайт, бир орус да, бир француз да...

Кыскача мындай мамиле айырмачылыктарын төмөнкүдөй топтосок болот:

1- Өздөрүнөн байыраак жана атактуураак адамдарга карата көбүнчө караңгы адамдар жумшак жана акырын бир үн тонун колдонушат жана мүмкүн болушунча назик сүйлөшөт. Кедей бир адамга карата үн тону табигый болот, адамдын чыныгы үнү кандай болсо ошонусу ортого чыгат. Сөздөрү катуулашат, назик болуу муктаждыгы жоголот. Айтыла турган нерсе абдан кыска жана так айтылат. Бир жумуш ордунда мүдүргө карата колдонулган үн тону жана услуп менен ал жерде иштеген чай ташыгандарга колдонулган услуп арасындагы айырма буга бир так мисал боло алат. Мүдүрдөн бир кызыкчылык күткөндүктөн кызматкерлер ага баа беришкенин сездирүү максатында мүмкүн болушунча назик, жөнөкөй жана урмат көрсөткөн бир үн тонун жана услуп колдонушат. Бирок чай ташыган кызматкерден бир кызыкчылык күтүшпөйт жана ушул себептен ага сүйлөгөндө ага баа бербеген бир услупту тандашат.

2- Бай бир адам келгенде кыймыл-аракеттер шашкалактуу жана тыкан болот. Бүт нерсенин ал каалагандай болушу, бүт каалоолорунун аткарылышы, ага жакпаган бир абал пайда болбошу үчүн бүт баары шашкалактап калышат. Кедей бир адам келгенде болсо көбүнчө эч ким ага маани бербейт. Абдан шашпай, акырын кыймылдашат. Бай адам эшиктен киргенде ордунан турушат, үстү-башын оңдошот, өзүн оңдоп отурушат. Кедей адамга болсо ордунан турушпайт, ал тургай аны карашпайт да, оңдонуп отурушпайт.

3- Байга көбүнчө «сиз» деп кайрылышат. Кедей бир адамга болсо түз эле «сен» деп кайрылышат. Мисалы, бир дүкөнчү дүкөнгө келген бай бир кардарды сөзсүз «эмне каалайсыз» сыяктуу урмат көрсөткөн бир сүйлөм менен тосуп алат. Бирок эгер эшиктен кирген бир кардардын кедей экенин байкаса «эмне аласың» же «эмнени карап аттың эле» сыяктуу басынткан бир сөз айтат.

4- Байга карата абдан тыкан бир урмат көрсөтүлөт. Бай адамдын жашы кичүү болсо да ага карата улууга көрсөтүлгөндөй урмат көрсөтүлөт. Ал тургай жашы кичүү адамдардын да колунан өбүлөт жана ордунан туруп орун берилет. Жакыр адамга болсо жашы улуу болсо да жаш балага мамиле кылынгандай мамиле кылынат. «Эмне кылып жатасың», «эмне кааладың эле, айт көрөлү» сыяктуу жаш балдарга колдонулган сөздөр колдонулат.

«Адам болуу» дининин адамдарды бөлүшүн жана бул көз-караштын адамдардын мамилелерине кандайча чагылганын кандайдыр бир дүкөнгө киргенде эле апачык көрүүгө болот. Бир кийим дүкөнчөсүнө бай жана атактуу бир кардар кирди дейли. Мындай кардар кирээр замат бүт дүкөн кызматкерлеринин көңүлү ал адамда болот. Жылмайыңкы жүз менен ылдам салам беришип, эмне каалаганын сурашат. Көргүсү келген кийимдер бир же бир канча кызматкер тарабынан ылдам алдына жайылат. Ал бирин көрүп бүтө электе экинчиси алынып келинет. Кызматкерлер дайыма жылмайып карашат жана урмат көрсөтүшөт. Эгер жанында баласы болсо ал тынымсыз макталат. Канчалык жагымдуу жана сулуу бир бала экендиги, канчалык акылдуу экендиги айтылат. Бала тентек жана кыялы начар болсо да ар бир кыймыл-аракетине назик мамиле менен жооп берилет. Дүкөндө бир нерсени сындырып койсо, «эчтеке болбойт» деген сөз кайра кайра айтылат.

Ушул эле дүкөнгө жакыр бир кардар кирди дейли. Эгер кийимдеринен жана кыймыл-аракетинен кедей адам экендиги байкалса, бул адамдын дүкөнгө киришине эч ким көңүл бурбайт. Ал бирөөнүн жанына барып бир нерсе сурамайынча, эч ким ага келбейт. Бир нерсени көргүсү келгенде, эч көңүлсүз жана шашпай кыймылдап, сураган нерсеси көрсөтүлөт. Сатуучулар көбүнчө сурагандан башка нерсесин өз алдынча көрсөтпөйт. Мындан тышкары, кардарлардын каалагандарын көрсөтүүдө жүзүндө абдан жактырбаган жана кыйналган бир көрүнүш болот. Бул адамдын эртерээк дүкөндөн кетишин каалагандыктан, бир тараптан ага каалаганын көрсөтүп жатып, экинчи тараптан атайылап сыртты карайт же дүкөндөгү башка адам менен сүйлөшөт. Кардарга эч маани бербегенин жанындагы кызматкер бир адам менен маегин эч бөлбөө аркылуу байкатат. Эгер бул адамдын жанында баласы болгон болсо жана тентек болсо, ачуулуу абалда «балаңды кара» деп айтат.

Бул мисал «адам болуу» дининин адамдарга көз-карашын абдан так ортого койот. Бул жердеги логиканы жана мамиле калыбын бир банк кызматкеринде, бир официантта, сатуучуда, дүкөнчүдө же бут кийим оңдоочуда көрүүгө болот. Дүйнөнүн кайсы тарабына барбаңыз, ушуга окшогон мамилелердин көпчүлүгүнүн дин ахлагынан узак жашаган адамдарга өкүмчүлүк кылганын көрөсүз.

«Адам болуу» дининде бир адамга урмат көрсөтүп, көңүл буруу үчүн ал адамдын белгилүү бир материалдык күчү болушу шарт. Байлык көбөйгөн сайын «адам болуу» динине тиешелүү адамдардын ал адамга болгон суктануусу да өсөт. Мисалы бир ресторанга барганыңызда, байлыгы менен таанылган бир кардарга абдан маани берилгенин көрөсүз. Ал тургай эгер өлкөнүн саналуу байларынын бири болгон болсо андан акча да алынбашы мүмкүн. Анын бул ресторанга келиши бир аброй болуп эсептелет жана эч качан кызмат акы төлөшү талап кылынбайт. Ал эми жакыр бир кардардын акыны төлөөгө акчасы жетпесе, чоң чууга айланат. Акчасы жетпеген үчүн шылдың кылынып, басмырланып, ал жерден куулат. Б.а., бай адамдан акча талап кылынбай, жакыр адамдын болсо акыны акыркы тыйынына чейин төлөшү талап кылынат.

Бул эки адам арасындагы жалгыз айырма – бул байлык. Ушул себептен бул жерде көрсөтүлгөн урмат жана өзгөчө мамиле да түпкүрүндө бай адамдын кыял-жоругуна жана ахлагына эмес, бир гана акчасына болууда. Бул дагы «адам болуу» дининин кир, жаман тараптарынын бирөөсү.

Ислам дининде болсо адамдарга бир гана ахлагына жараша баа берилет. Жакыр, бирок сонун ахлактуу бир адам, бай бирок Аллахтын буйруктарына каршы келген бир адамдан эсе эсе жогору. Ошондуктан Ислам дининде адамдарды бөлүүгө эч жол берилбейт. Байлык, атак-даңк, күч эмес, сонун ахлак маанилүү болгон бир түшүнүк бар. Аллах бир аятында мындай буйурат:

Биздин Кабатыбызда силерди (Бизге) жакындата турган силердин мал-мүлкүңөр же бала-чакаңар эмес; бир гана ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылгандар башка. Мына ошолор; алар үчүн кылгандарынын акысы катары эсе эсе сыйлыктар бар жана алар бийик сарайларында бейпилдик (тынчтык) ичинде (болушат). (Саба Сүрөсү, 37)

11- «Адам болуу» дининде дос тандоо критерийлери

Ислам дининде дос тандоодо жалгыз критерий – бул адамдын ахлагы. «Адам болуу» дининде болсо дос тандоо критерийи такыр башкача. Ар бир маданияттын өзүнө тиешелүү көптөгөн эрежелери бар. Мисалы, «бой көтөргөн», «модерн» көрүнгүсү келген бир чөйрөдөн бир адам өзүнө дос тандоодо сөзсүз өзүнүн маданиятына туура келген бирөө болушуна көңүл бурат. Ошондуктан эң алгач сырткы көрүнүшүнө карайт. Таза, жарашыктуу, кийимдери үтүктөлгөн, классикалык кийим кийген бирөөнүн ордуна «өзгөчө» кийимдер кийген, мойнуна жоолук байлаган, бутунда калың, чоң спорттук бут кийим болгон, тазалыгына көңүл бурбаган, күмүш тагынган, эчки сакалдуу же кырмызы лак койгон бирөө менен достошууну тандайт. Себеби «адам болуу» дининде көбүнчө мындай көрүнүш чагылдырган белгилүү бир «маданият» бар. Бул - дүйнөгө маани бербеген, ахлактык баалуулуктарга көңүл бурбаган, адамдарды баалабаган, «эч ким мага кийлигише албайт жана эч кимдин алдында жоопкерчиликтүү эмесмин» деп ойлогон жалган (батыл) бир жашоо көз-карашы.

Достук критерийин адамдардын бир гана материалдык абалына карап аныктаган чөйрөлөр да бар. Мындай «адам болуу» дининин чөйрөлөрүндө бир адамдын аны менен сүйлөшүүгө, пикирин алууга, достошууга боло турган адам болуп болбогонун түшүнүү үчүн алгач кийимдеринин бааларына жараша бир бирден баалоо керек. Костюмунун, бут кийиминин, сумкасынын, атырынын, кол саатынын, көйнөгүнүн, ал тургай байпактарынын да маркасы абдан маанилүү. Кийимдеринен кийин, эгер көрүнөө жерде болгон болсо, унаасынын бар же жок экенин билүү, эгер бар болсо анын маркасын билүү маанилүү болот. Булар алгачкы кадам үчүн керектүү талаптар. Экинчи кадамда болсо бул адамдын үй-бүлөсү менен байланыштуу маалымат алуу керек болот. Атасынын кесиби, кайсы жерде билим алганы, апасынын чөйрөсү, барган чачтарачы, эс алууга барган өлкөлөрү, дачаларынын каерде экендиги, шаардын кайсы районунда жашаары сыяктуу өзгөчөлүктөр – узак мөөнөткө достошуп достошпоо үчүн чечим алуу баскычында талап кылынган маалыматтардан. Эгер бир адам бардык мындай өзгөчөлүктөрдөн «жарактуу баа» алган болсо, анда бул адамдын ахлагы, кыял-жоругу, ишеними же дүйнө көз-карашы кандай гана болбосун, эч айырмасы жок, сөзсүз достошууга боло турган адам категориясына кирет.

Бардык мындай өзгөчөлүктөргө ээ, бирок эч кайсы багытта маданияты, илими жок, эч адамгерчиликсиз, орой, эч кимдин көңүлүнө карабаган же ахлагы абдан начар адамдар бар. Чөйрөлөрүн шылдың кылып, дайыма эң алгач өзүнүн кызыкчылыктарын коргошот. Көңүл алууну, кечирим суроону, катасын мойнуна алууну билишпейт. Кызыкчылыктарына туура келбегенде, эч тартынбастан жалган айтышат, башкалардын көйгөйлөрүнө маани беришпейт. Эч кимдин бейпилдиги, бактылуулугу же ден-соолугу үчүн кандайдыр бир кыйынчылыкка киришпейт, башкалар үчүн өз мал-жанын сарптоону билишпейт. Бирок, ушуга карабастан, мындай адамдардын чөйрөсүндө көп адамдар топтолгонун көрөсүз. Түпкүрүндө ахлагынын бузуктугун билип туруп бүт адамдардын бул адамга жакын болушунун жалгыз себеби – бул «адам болуу» дининдеги туура эмес критерийлер.

Ушул себептен караңгы коомдордо көбүнчө ар түрдүү коомдук топтордон келген, материалдык абалы бири-бирине окшошпогон адамдардан турган бир достор тобун жолуктура албайсыз. Байлар сөзсүз байлар менен, орто абалдагылар орто абалдагы адамдар менен, маданияттуулар маданияттуулар менен, жакырлар болсо өздөрүнө окшош адамдар менен достошушат.

Куран ахлагы боюнча достук жана курдаштыктын жалгыз бир критерийи бар: адамдын чын көңүлдүүлүгү, сонун ахлагы, Аллах сүйүүсү жана коркуусу. Момундар арасында кимдин мал-мүлкүнүн канчалык экендиги, кимдин кайсы окууну бүтүргөнү, кимдин эмне кесипке ээ экендиги, кимдин шаардын кайсы бөлүгүндө жашагандыгынын эч кандай мааниси жок. Себеби момундардын достугу мындай дүнүйөлүк баалуулуктардын эч кандай мааниси болбогон, чыныгы мекен акыретке карата болот. Бир момундун башка момунга болгон сүйүүсүнүн жана боорукердигинин чыныгы булагы болсо – бул Аллахтын ал момундагы көрүнүшү, күчтүү бир Аллах сүйүүсү жана чыныгы бир Аллах коркуусу.