Учурда дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө адамдар «дин» түшүнүгүн абдан туура эмес түшүнүшүүдө. Аллах Куранда сүрөттөгөн дин ахлагы менен коом элестеткен дин ахлагы арасында абдан чоң бир айырма бар.
Бир адам жөнүндө сөз кылынганда, анын дини менен бирге дүйнөгө көз-карашы, идеологиясы, жашоо философиясы же жашоо калыбынын да айтылышы – мунун эң ачык көрсөткүчү. Бул туура эмес логика боюнча, бир адам кандайдыр бир динди тутунушу, мисалы Мусулман болушу мүмкүн, бирок муну менен бирге Мусулмандыктан башка бир жашоо философиясы, дүйнө көз-карашы сыяктууларды кабылдашы эч кандай парадокс жаратпайт. Мусулмандык анын «ишенимдери» менен байланыштуу, бирок мындан тышкары «жашоонун чындыктары» да бар.
Мындай туура эмес көз-карашка ээ «адам болуу» дининдегилердин көпчүлүгү чыныгы динди апачык жокко чыгарышпайт. Тескерисинче жакшы Мусулмандарданбыз дешет. Бирок Исламдын кээ бир өкүмдөрүн өздөрүнүн пас, төмөн акылдары менен жактырышпайт. Буларды өзгөртүү керек деп ойлошот. Албетте бул такыр туура эмес, абдан жаңылыштуу бир пикир. Куранда билдирилген дин – акыркы акыйкат дин жана эч кемчиликсиз. Мындай адамдар кабыл алган диндин тараптары болсо – бул алардын кызыкчылыктарына карама-каршы келбеген бөлүктөр. Ошого карабастан, жакшы Мусулмандарбыз дешет. Чындыгында болсо алардын кылгандары Куранда сүрөттөлгөнү боюнча чыныгы ыйман өзгөчөлүктөрүнө туура келбейт. Жана бир мааниде динден баш тартуу дегенди билдирет. Мындай абалдары Куранда «аяттардын бир бөлүгүн кабыл алып, бир бөлүгүнөн баш тарткандардын» абалын мисал келтирүү менен баяндалат. (Бакара Сүрөсү, 85)
Бул жерде «адам болуу» дининдегилердин эмне себептен Исламдын бир бөлүгүн кабыл алышканын жана эмне үчүн мунун каапырлардын бир өзгөчөлүгү экендигин жакшы аныктоо зарыл. Бир адамдын Исламды кабыл алып жашашынын чыныгы себеби – бул анын бир гана Аллахты Рабби кабыл алып, Ага өзүн тапшырышы. Эгер Ислам мындан башкача бир себеп менен кабыл алынып, анын өкүмдөрү кылынып атса, бул чыныгы бир ыйман болбойт. Куранда сөз кылынган бир адамдар коому болгон мунафыктар мунун эң жакшы мисалы. Алар да Исламды кабыл алышкан сыяктуу көрүнүшөт жана Мусулмандарга окшошуп жашашат. Бирок алардын максаты – Аллахтын ыраазычылыгына жетүү эмес, өз акылдарынча адамдарга көрүнүү. Исламды кабыл алуу менен жакшыраак статуска, кээ бир кызыкчылыктарга жетем деп эсеп кылышат. Куранда мындай адамдар төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Адамдардын ушундайлары бар: «Биз Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет; чындыгында болсо ишенишкен эмес. (Калп) Аллахты жана ыйман кылгандарды алдашат. Чынында болсо алар бир гана өздөрүн алдашууда жана муну байкашпайт.» (Бакара Сүрөсү, 8-9)
Мунафыктар – Исламды Аллах ыраазычылыгынан башка бир максат үчүн кабыл алуунун эч кандай мааниси жок экендигинин мисалы. Ансыз деле алар Исламдын бардык өкүмдөрүн аткарышпайт, башкалар үчүн өз мал-жанын аябаш керек болгон ибадаттардан качышат.
«Адам болуу» дининдегилер да ушуларга окшош абалда. Себеби алар да Исламды Аллахка ыйман келтирген жана Анын ыраазычылыгына жетүүнү максат кылган үчүн кабыл алышкан эмес. Алардын Исламды кабыл алуу себеби – бул каапырлардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон «ата-бабаларды ээрчүү» логикасы. Алар аталарын жол көрсөтүүчү катары кабыл алышкан. Чыныгы диндери – аталарынан калган батыл (жалган, негизсиз) эрежелер гана. Исламды бул эрежелердин бир бөлүгү катары санашкандыктан, кабыл алышууда. Ошондой эле, аталарынан мурас калган көптөгөн Исламда жок нерселерди (ырым-жырым сыяктуу) кабыл алышы жана Исламдын да бир гана өз кызыкчылыктарына карама-каршы келбеген тараптарын кабыл алышы алардын чыныгы, чын жүрөктөн бир ыйманга ээ эмес экенин көрсөтөт. Исламды өздөрүн тиешелүү деп санаган улуттун маданият, үрп-адатынын бир бөлүгү деп ойлошот.
Исламды аталарынан калган эрежелердин бир бөлүгү деп ойлошкондуктан, Исламдын түркүгү болгон Аллах коркуусуна ээ болушпайт. Колдонгон диний сөздөрү көбүнчө Курандагы сөздөр менен бир. Аллахтын бар экендиги, ыйман, бейиш жана тозоктун бар экендиги, орозо кармоо, 5 убакыт намаз кылуу керек деп айтышат. Бирок булар жөнүндө Аллах коркуусу себеп болгон ачык бир абийир менен ой жүгүртүшпөгөндүктөн, алардан эч таасирленишпейт. Куранда момундар сүрөттөлгөндө, алардын Аллахты эстөө жана аяттарына карата абдан аяр мамиле кылаары мындайча билдирилет:
Момундар бир гана ушундай адамдар, Аллах эскерилгенде жүрөктөрү титирейт. Анын аяттары окулганда ыймандарын көбөйтөт жана бир гана Раббилерине тобокел кылышат. (Энфал Сүрөсү, 2)
Ал эми «адам болуу» дининдегилер болсо Аллахты эстегенден таасирленишпейт, б.а. Аллахка карата бир хашйет (урмат толо бир коркуу сезимин) сезишпейт. Аллахты жана акыретти сөз менен гана тастыкташат, ал эми жүрөктөрү болсо бопбош. Куран ахлагын жашашпайт. Куранда мындай өзгөчөлүктөр көптөгөн аяттарда мындайча айтылат:
Айткын: «Эгер билсеңер (айткыла:) Жер жүзү жана андагы нерселер кимдики?» «Аллахтыкы» деп айтышат. Айткын: «Дагы эле кеңеш (сабак) алып, ойлонбойсуңарбы?» Айткын: «Жети асмандын Раббиси (Жаратуучусу) жана улук Арштын Раббиси ким?» «Аллах» дешет. Айткын: «Дагы эле (күнөөлөрдөн) сактанбайсыңарбы?» Айткын: «Эгер билсеңер (айткыла:) Бардык нерселердин мелекуту (мүлк жана башкаруусу) кимдин колунда? Ал коргоп, кубат берет, бирок Өзү корголбойт (коргоого муктаж эмес).» «Аллахтын колунда» дешет. Айткын: «Андай болсо, кантип мындайча сыйкырланып калуудасыңар?» Жок, Биз аларга чындыкты алып келдик, бирок алар чындыгында жалганчылар. (Мүминун Сүрөсү, 84-90)
Ант болсун, аларга: «Асмандан суу түшүрүп, өлгөндөн кийин жер бетин тирилткен ким?» деп сурасаң, шексиз: «Аллах» дешет. Айткын: «Мактоолор Аллахка тиешелүү.» Жок, алардын көпчүлүгү акылын иштетпейт. (Анкебут Сүрөсү, 63)
«Адам болуу» дининдегилердин Аллахтын бар экендигинен таасирленбешинин, Аллахтын буйругуна каршы жашоону эч тартынбастан улантууларынын себеби – бул алардын тастыктаган чындыктын маанисин аңдап-түшүнө турган акылга ээ болбошу. Мындай адамдар Аллахтын күчүн жана кудуретин да зарыл деңгээлде ойлонуп, түшүнө алышпайт. Алар аң-сезимдүү ойлонуп, «Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Ал-и Имран Сүрөсү, 191) аятында сүрөттөлгөн момун мамилесин көрсөтүшкөн эмес. Куранда мындай адамдардын мындай ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес экендиги, себеби акылдары жок экендиги мындайча кабар берилет:
Же сен алардын көбүн (сөз) угат же акылын колдонот деп ойлойсуңбу? Алар жалаң гана айбандар сыяктуу; жок алар жол жагынан көбүрөөк адашкан (жана төмөн). (Фуркан Сүрөсү, 44)
«Адам болуу» дининдегилердин көпчүлүгүнүн дубалары да Куранда момундар кылган дубалардан башкачараак: Аллах коркууларынын артышы, ибадаттарынын жана ыймандарынын туруктуу болушун сурануунун ордуна, бир гана кыйынчылык ичиндеги бир окуяда жолунун ачылышы, жакшыраак унаага ээ болуу, же болбосо сүйгөн бир кыз же эркек менен турмуш кура алуу үчүн ичтен терең Аллахка жалбарышат. Кыйынчылык ичинде болушканда, мисалы оор бир ооруга чалдыкканда же олуттуу бир кыйынчылыкка кабылышканда да Аллахка дуба кылышат, бирок бул кыйынчылыктан кутулганда Аллахты унутуп, Ага кайрадан шерик кошушат. Алардын мындай мүнөзү Куранда мындайча кабар билдирилген:
Немат-жакшылык катары силерге келгендин баары Аллахтан, кийин силерге бир зыян жеткенде (кайра эле) бир гана Ага жалбарасыңар. Анан (Аллах) силерден зыянды кетиргенде, силердин бир тобуңар (ошол замат) Раббилерине шерик кошушат; аларга берген нерселерибизге нашүгүрдүк кылыш үчүн. Андай болсо пайдаланып калгыла, келечекте билесиңер. (Нахл Сүрөсү, 53-55)
Момундардын дубалары болсо Аллахтын ыраазычылыгына, рахматына жана бейишине жете алуу үчүн кылынат. Аллахтын терең ыйман бериши үчүн жалбара жалбара жана ичинен терең дуба кылган момундар Аллахтын дубаларга жооп берүүчү экендигин билүү менен дубаны Аллахка жакындашуунун жакшы бир жолу катары көрүшөт.
«Адам болуу» дининдегилер үчүн болсо ибадаттын эл көргөн абалда кылынышы маанилүү. Ошондуктан намаздарын жалгыз калганда кылышпаса да, адамдар арасында кылуу керек болгондо аяр мамиле кылышат. Аллахтан корккон үчүн жана Анын рахматын үмүт кылган үчүн намаз кылуу керек болгонуна карабастан, адамдардын ыраазычылыгы үчүн намаз кылышат. Аллах Куранда эл көзүнө ибадат кылган адамдар жөнүндө мындайча буйурат:
Мына (ушул) намаз кылгандардын абалы кандай жаман. Алар намаздарында жаңылыштыкта. Алар эл көзүнө (намаз) кылышууда. (Маун Сүрөсү, 4-6)
Байкалгандай, «адам болуу» дининин эң кызык тарабы – Куран жана Исламдын чыныгы абалынан жана рухунан толугу менен башкача бир ишеним системасы болгонуна карабастан, аны тутунгандардын көпчүлүгүнүн өздөрүн ыймандуу деп санашы. Себеби «адам болуу» дини -Курандан тышкары өзүнчө- бир адамдын кандай дин түшүнүгүнө ээ болоорун жана эмнелерди жасаарын, кандай бир Аллахка ишеними болоорун, ахлак түшүнүгүнүн кандайча болушу керек экендигин бардык майда-чүйдөлөрүнө чейин аныктап койгон. Бул адашкан диндин ишеним жана ибадаттары да чыныгы момундардын ишеним жана ибадаттарынан толугу менен башкача. Ал тургай көп тарабынан толугу менен карама-каршы.
Адамга өзүн Мусулманмын деп ойлоттуруп, чындыгында Исламдан такыр алыс бир динди кабыл алдырып жашатышы – бул «адам болуу» дининин эң негизги тузактарынан. «Адам болуу» дининин эрежелерин, ишенимдерин жана ахлагын кабыл алган адам чыныгы дининин «адам болуу» дини экенин байкабайт дагы. Ал шайтан анын алсыздык жана каалоолоруна ылайык кооздоп алдына сунган батыл бир динди жашап жатат, бирок муну байкаган да жок.
Бул батыл динде зарыл деңгээлде Аллахтан коркпогон бирок Аллахтын бар экенин кабыл алган, муну да өз шарттарына жараша кылган туура эмес бир көз-караш бар. Аллахтын «Жаратуучу» сыпаты кабыл алынат, бирок жараткан нерселеринин үстүндөгү чексиз Кудурети жана Күчү ойлонулбайт. Кырсык учурунда адамды куткара турган же үмүтсүз бир ооруну айыктыра турган – бул Аллах; өлүм учурун да Аллахтын аныктаганы кабыл алынат. Бирок, булардан башка, күнүмдүк жашоодо, биржада, технологияда, илимий изилдөөөлөрдө, соодада, саясатта бүт нерсенин Аллахтын каалоосу менен болоору кабыл алынбайт. Бул туура эмес ишенимде бул нерселердин адамдын күчү, акылы жана кийлигишүүсү менен болооруна ишенишет. Аллах –Раббибизди ар кандай кемчиликтерден аруулайбыз- байыркы диний ишенимдердеги сыяктуу болгону бир катар табигый окуяларды жараткан бир кудай катары кабыл алынат. Бул туура эмес ишеним боюнча шамалды соктуруучу, бороонду кылуучу, жер титирөөнү кылуучу – Ал, бирок учакты, космос кемесин, атомдук энергия станциясын куруучу – бул адамдын чексиз акылы! Эч шексиз, бул – такыр туура эмес жана Куранга туура келбеген бир көз-караш. Ааламдагы ар бир деталь, бир адамдын жашоосундагы ар бир көз ирмем, NASA жасаган ар бир изилдөөдөн баштап CERNде жасалган бир экспериментке чейинки бүт нерсе, жаңы табылган бир табылга, ачылыш, кыскача айтканда, ар бир көз ирмем жана ар бир деталь Аллахтын каалоосу, Бийик Акылы жана буйругу менен пайда болот.
Бул туура эмес ишеним системасынын көз-карашы боюнча болсо, Аллах адамды көргөн жерлер да белгилүү. Адамдар намаз, орозо сыяктуу ибадаттарда же дуба кылганда Аллахтын алдында турабыз деп ойлошот, бирок башка учурларда Улуу Раббибиз Аллах укпаган, көрбөгөн учурлар бар деген такыр туура эмес жана чындыкка жатпаган бир ишеним бар. Ошондуктан жасалган көз бойомочулук, алдамчылыктар, ушактар, жашыруун иштерди Аллахтан жашырууга болот деген сыяктуу батыл (жалган) бир көз-караш бар. Куранда мындай батыл көз-караштын туура эмес экендиги кабардалат:
Аллахтын асмандарда жана жердегилердин баарын чындыгында билип тураарын көргөн жоксуңбу? (Өз ара жашыруун чогулуштар уюштурушуп) Шыбырашып жаткан үч адамдын төртүнчүсү - сөзсүз Ал (Аллах); бештин алтынчысы да – Ал. Мындан аз же көп болсун, кайсы жерде болушпасын, сөзсүз Ал алар менен бирге. Кийин (алардын) кылгандарын кыямат күнү аларга кабар берет. Шексиз Аллах – бүт нерсени билүүчү. (Мүжаделе Сүрөсү, 7)
Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздегилердин баарын Ал билет, Анын кабары болбостон бир жалбырак да түшпөйт; жердин караңгылыктарындагы (түбүндөгү) бир урук, суулуусу жана кургагы да баары жана бүт нерсе апачык бир китепте. (Энъам Сүрөсү, 59)
Ал – кайыпты да, күбө болунганды (жашалганды) да билүүчү. Абдан бийик, Улуу. Силерден сөздү жашыруун кармаган да, аны ачыкка чыгарган да, түнкүсүн жашырынган да жана күндүз эл арасында кыдырып жүргөн да (Аллах үчүн) бирдей (Ал баарын билет). (Рад Сүрөсү, 9-10)
Башка бир аятта «адам болуу» дининдегилердин мындай жаңылыштыгы төмөнкүдөй баяндалат:
Же болбосо, алар сыр сактаган нерселерин жана өз ара шыбырашкандарын, чындыгында, Бизди укпайт деп ойлошобу? Жок, (угуп жатабыз) жана алардын жандарындагы элчилерибиз да (бүт баарын) жазышууда. (Зухруф Сүрөсү, 80)
«Адам болуу» дининдегилер Аллахтан зарыл деңгээлде коркушпагандыктан, дин ахлагынын талабы болгон түшүнүктөрдү да өз кызыкчылыктарына ылайык бурмалаганга аракет кылышат. Мисалы, Мусулмандыктын маанисин өзгөртүүгө аракет кылышат. Куранда сүрөттөлгөн Мусулман түшүнүгүнүн ордуна, туура эмес бир Мусулман түшүнүгүн чыгарышат. Чындыгында болсо бул бош аракет, бул адамдар чыгарган же ишенген көз-караш, пикирлери кандай гана болбосун, алардын баары дүйнөдө да, акыретте да жараксыз. Мисалы, «Мен да мүмкүнчүлүк тапсам, кээ кээде намаздарымды кылам, эч кимге бир жамандыгым жок, адам өлтүргөн жокмун, уурулук кылган жокмун, билим алып жатам, жакшы жумушум бар, ийгиликтүүмүн, эмне үчүн мен тозокко түшмөк элем!» сыяктуу Ислам дининде жок сөздөр бул диндегилер тарабынан көп айтылат. Мусулмандык «башка адамдарга жамандык кылбоодон» гана турат деп ойлогон жана акыйкат диндин түркүгүнүн Аллахка эч кандай шартсыз, толук баш ийүү экенин түшүнө албаган бул адамдар өздөрүн өздөрү алдашат. Аллахтын дини тилемчилерге бираз акча берүү же болбосо коңшусу менен жакшы мамиледе болуудан гана турат деп ойлогон жана Курандын жүздөгөн өкүмдөрүн көрмөксөн болгон мындай адамдар кээде мындай ыклассыздыгын логикасы менен түшүндүрүүгө да аракет кылышат. Курандын кээ бир өкүмдөрү жөнүндө «биз жашап жаткан кылымда жашоо ылдамдыгы жогору жана ошондуктан намазга убакыт таба албайм» же болбосо «бул замандын адамдары башкача жана өзүмдү коргоо үчүн чынчылдыкка, жөнөкөйлүккө, мээримге туура келбеген мамилелерди кылуу керек» деген сыяктуу туура эмес логикалар менен ибадаттардан качууга аракет кылышат. Куран аяттарына карата өз ойлорунда бир катар бурмалоолор чыгарууга кол узаткан мындай адамдар төмөнкү аяттын өкүмүнө киришет:
Айткын: «Силер Аллахка диниңерди үйрөтөсүңөрбү? Чынында болсо Аллах асмандардагы жана жердегилерди билет. Аллах – бүт баарын билүүчү.» (Хужурат Сүрөсү, 16)
«Адам болуу» дининдегилер чыныгы бир акырет ишенимине да ээ эмес. Акыретти, диндин башка көптөгөн өкүмдөрү сыяктуу, тил учунан кабыл алышат, чындыгында болсо ага ыйман кылышпайт (ишенишпейт). Бирок Куранда мындай туура эмес көз-караштагылардын абалы жана сабак берүүчү жыйынтыгы төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Адам жакшылык суроодон тажабайт; бирок ага бир жамандык келээр замат, ал үмүтсүз болуп калат. Ал эми ага келген зыяндан кийин тарабыбыздан бир рахмат таттырсак, сөзсүз: «Бул менин (акым). Жана мен кыямат-саатын да келбейт деп ойлойм; эгер Раббиме кайтарылсам да, сөзсүз Анын Кабатында мен үчүн (бул жакшылыктардын) жакшыраагы бар» дейт. Бирок, ант болсун, Биз ал каапырларга кылгандарын кабар беребиз жана ант болсун аларга эң оор азаптан таттырабыз. (Фуссилет Сүрөсү, 49-50)
«Адам болуу» дининде дагы бир топ бар, алар бир катар ар кимден уккан нерселерге таянып, «күнөөлөрүбүздүн жазасын белгилүү мөөнөт тозокто алгандан кийин бейишке киребиз» деп ойлошуп, бул дүйнөдө ар түрдүү арам жана күнөөлөрдү кылууга өздөрүнө уруксат чыгарып алышкан. Өздөрүнүн төмөн акылы менен тозокто белгилүү мөөнөт «кыйынчылык» тарткан соң «сөзсүз бейишке киребиз» деп ойлошот. Чындыгында болсо бул жалган бир ишеним жана адамдын өзүн өзү алдашынын дагы бир мисалы. Куранда бул жөнүндө мындайча айтылат:
Бул алардын: «Биз отко саналуу күндөрдөн башка эч коюлбайбыз» дегени себептүү. Алардын мындай дооматтары аларды диндери жөнүндө жаңылыштыкка түшүргөн. Эми аларды анда эч шек болбогон бир күнү топтогонубузда жана ар бир напсиге (адамга) –алар эч кандай адилетсиздикке учуратылбастан- тапкан-чогултканы толугу менен төлөнгөндө эмне болот? (Али Имран Сүрөсү, 24-25)
Дагы бир аятта да ушундай батыл ишеним жөнүндө айтылат:
Айтышты: «Саналуу күндөрдөн башка, от бизге эч тийбейт.» Айткын: «Аллах Кабатынан бир убада алдыңарбы? Аллах эч убадасынан кайтпайт. Же болбосо, Аллах жөнүндө билбеген бир нерсени айтып жатасыңарбы?». (Бакара Сүрөсү, 80)
Чындык алар ойлогондой эмес. Кийинки аятта акыреттеги абал мындайча кабар берилет:
Жок; ким бир жамандык кылып, күнөөсү аны курчаган болсо, (эми) алар отто калышат, ал жерде түбөлүк жашашат. (Бакара Сүрөсү, 81)
Ошону менен бирге Аллахтан бир кечирим, рахмат катары Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын төмөнкүдөй бир хадиси да бар:
Аз. Пайгамбар (сав) мындай деди: «Жүрөгүндө кыпынчалык ыйманы бар адам оттон чыгат.» Абу Саид айтат: «Ким (бул чындыктан) шек санаса төмөнкү аятты окусун: «Аллах шексиз кыпынчалык да акыйкатсыздык кылбайт...» (Ниса Сүрөсү, 40) (Tirmizi, Sıfatu Cehennem 10, (2601))
«Адам болуу» дининдегилердин жана жалпы эле бардык каапырлардын тозок азабы жөнүндө өздөрүнүн төмөн акылы менен мынчалык начар бир «эрдик» көрсөтүшү – чындыгында алардын Аллахка жана акыретке болгон ыймандарынын алсыз болушунан же такыр ишенбегендиктен келип чыгат. Ал эми момундар болсо бул багытта абдан аяр жана дайыма үмүт жана коркуу ичинде болушат. Аллахтын азабынан коркуп сактанышып, Аллахтын ыраазы болбошу ыктымалынан абдан коркушат. Улуу Раббибиз Аллахка дайыма күнөөлөрүнүн кечирилиши, жүрөктөрүнүн ыймандан тайбашы үчүн дуба кылышат. Куранда мисалы берилген «Раббибиз, бизди хидаятка (туура жолго) жеткиргенден кийин, жүрөктөрүбүздү (ыймандан) тайдырба...» (Али Имран Сүрөсү, 8) сыяктуу дубалар мунун мисалы. Пайгамбар болгон Аз. Йусуф да «Менин жанымды Мусулман абалда ал жана мени салихтердин (ыкластуулардын) арасына кош.» (Йусуф Сүрөсү, 101) деп дуба кылууда.
Кыскача айтканда, момундар эч качан өздөрүн кемчиликсиз, катасыз, эң жакшы адамдар катары көрүшпөйт, тескерисинче колдорунан келишинче кемчиликтерин жоюуга, каталарын оңдоого, өзүн тарбиялап андан да жакшыраак болууга аракет кылышат. Ошондуктан, Курандын көпчүлүк аяттарында билдирилгендей, аларга жасалган эскертүүлөрдү абдан аярдык менен көңүлгө алышат. «Адам болуу» дининдегилер өздөрүн жакшы көрүп, «кемчиликсизмин» деп ойлошкондуктан аларга берилген кеңештерди эч угушпайт. Аллахтын китебине чакырылганда жүз бурушат жана «мен ансыз деле өрнөктүү Мусулманмын» деп сөздү башкага бурууга аракет кылышат. Мындай адамдардын абалы бир аятта мындайча кабар берилет:
Ага Раббиңдин аяттары кеңеш менен эскертилгенде, жүз бурган жана колдорунун алдынан жөнөткөндөрүн (амалдарын) унуткандан да заалимирээк барбы? Биз чындыгында, жүрөктөрү үстүнө аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болгон бир парда (тарттык), кулактарына бир оордук койдук. Сен аларды туура жолго чакырсаң да, алар түбөлүккө чейин эч туура жолду (хидаят) таба алышпайт. (Кехф Сүрөсү, 57)
Ал тургай, «мен абдан динчил бир үй-бүлөнүн баласымын», «менин чоң атам дин темасында суктанылган, пикир суралган бир аалым эле, ажы эле, молдо эле» сыяктуу өзүн актоону максат кылган сөздөрдү айтышат. Же мурда кылган бир жакшылыгын, мисалы кедей адамга берген бир акчасын айтышат жана канчалык жакшы адам экендигин (!) ишарат кылышат. Куранда мындай адамдар жөнүндө төмөнкүдөй айтылат:
Өздөрүн (мактануу менен) тазага чыгаргандарды көрбөдүңбү? Жок, Аллах каалаганын тазалап жогорулатат. Алар «бир курма данегиндеги жипчелик» да адилетсиздикке кабылышпайт. Аллах жөнүндө кандай жалган чыгарып жатышат, бир кара. Бул апачык бир күнөө катары жетиштүү. (Ниса Сүрөсү, 49-50)
Муну менен бирге, «адам болуу» дининдегилер өздөрүнүн туура эмес көз-карашына ылайык кээ бир ибадаттарды чыгарышат жана ушуларды аткаруу менен бейишке киребиз деп ойлошот. Бул диндегилердин оозунан «иштөө да бир ибадат» деген сөздү көп угууга болот. Иштөө сонун нерсе жана ар бир момун таза жана жакшы бир ахлак көрсөтүү менен иштейт. Бирок ишти шылтоо кылып, Аллахтын өкүмдөрүн аткарбай коюу, албетте, ыкластуу бир мамилеге туура келбейт. «Адам болуу» дининдегилер бул логикага таянып өз кесиптерин да бир ибадат дешет. Бул туура эмес көз-караш боюнча, кесиптери менен «кызмат кылышкандыктан», ага кошумча Курандын өкүмдөрүн аткаруунун кереги жок. Мындай сөздү кээде мамлекеттик кызматкер, кээде чачтарач, кээде доктор, кээде соодагер, кээде сатуучу айтат. Алардын баары «адамдарга кесибибиз менен жардамчы болобуз, бул эң чоң ибадат» деп ойлошот. Адамдарга жардамчы болуу жакшы бир сыпат, бирок өзү жалгыз жетиштүү эмес. Анын үстүнө бул чоң бир жаңылыштык.
Бул адамдар өздөрүнө эң жакшы акча, эң жакшы даража, эң жакшы атак-даңк алып келе турган же болбосо өздөрүнө ыңгайлуу жумушту жана жашоо калыбын тандап алышып, андан соң бул кылгандарын ибадат деп аташууда. Ибадат – Аллахка кулчулук (пенделик) кылуу дегенди билдирет. Адамдарга көрсөтүлгөн жардам болсо чындап Аллахтын ыраазычылыгы максат кылынып жасалса гана ибадат болот. Бирок бир адам Куран ахлагын жашабастан туруп, анан «мен ушул адамга жардам берип жатам, ушуну дарылап жатам, бул ибадат» деп айта албайт. Эгер ибадат кылгысы келсе, б.а. Аллахка кулчулук кылгысы келсе, анда ал адам Аллах парз кылган өкүмдөрдү кемчиликсиз аткарууга аракет кылышы зарыл жана аны менен бирге Аллах буйруган ахлакты да толугу менен жашашы керек.
Тообо Сүрөсүндөгү кээ бир аяттар муну эң жакшы түшүндүрөт. Аяттарда Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Меккедеги мушриктердин Каабаны оңдоо жана ажылык үчүн Каабага келгендерге суу берүү адаты жөнүндө сөз кылынат жана мушриктер кылган бул иштин, жакшы бир кызмат болсо да, ибадат катары саналбашы билдирилет. Себеби ибадат, жогоруда да айтылгандай, Аллахка кулчулук кылуу дегенди билдирет. Ал эми мушриктер болсо Аллах ыраазычылыгы үчүн эмес, эл көзүнө жана үрп-адат катары бул кызматты жасашууда:
Шерик кошкондордун, өз каапырчылыгына өздөрү күбө болуп туруп, Аллахтын мечиттерин оңдоого (акы жана укуктары) жок. Кылгандары текке кеткен мына ушулар. Жана алар – отто түбөлүк калуучулар. (Тообо Сүрөсү, 17)
Ажыларга суу берүүнү жана Месжиди Харамды оңдоону, Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген жана Аллах жолунда жихад кылгандын (кылгандарына) тең деп ойлодуңарбы? (Булар) Аллах Кабатында бирдей эмес. Аллах зулумдук кылган бир коомду туура жолго баштабайт. (Тообо Сүрөсү, 19)
«Адам болуу» дини чыгарган туура эмес Ислам түшүнүгүнүн түрлөрүн санап бүтүүгө болбойт. Кээ бир бул диндегилер болсо жүргөн бул жолун туура деп ишенишет жана «Аллах мени сүйөт, сүйбөсө бул үйдү, үй-бүлөнү, мал-мүлктү бермек беле? Ушуга чейин Аллахтан эмне сурасам баары болду» сыяктуу сөздөр менен өздөрүнө болгон ишенимин билдиришет. Ушул сыяктуу сөздөр менен өздөрүн актоого аракет кылып жатышканда, төмөндөгү аяттардын өкүмүнө кирип калаарын байкашпайт:
Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп коюшубузду аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу? Жок, алар сезбей жатышат. (Мүминун Сүрөсү, 55-56)
Дагы бир аятта окуянын чыныгы жүзү төмөнкүдөй баяндалат:
Демек алардын мал-мүлктөрү жана балдары сени кызыктырбасын; Аллах булар менен аларды дүйнө жашоосунда азаптандырууну жана жандарынын каапырлык ичинде кыйынчылык менен чыгышын гана каалайт. (Тообо Сүрөсү, 55)
Эч кимдин өзүн өзгөчө сезүүгө акысы жок. Бир адам Аллахка баш ийип, Анын өкүмдөрүн колунан келишинче аткарып, күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечиришин суранып жатса гана Аллах Кабатында бир кутулуу жана бактылуулук үмүт кыла алат. Аллахка баш көтөрүп, Анын өкүмдөрүнөн билип туруп баш тарткан, Андан башка кудайлар тутунган адамдардын өздөрүн «динчил» сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылышы болсо чын көңүлдүү, ыкластуу мамилеге туура келбейт. Аллах Куранда ушул сыяктуу сөздү айткан кээ бир еврейлер менен байланыштуу мындай буйурууда:
Айткын: «Эй еврейлер, эгер силер (бүт) адамдардан өзгөчөлөнүп, бир гана биз чындап Аллахтын велилерибиз (дос жана сүйүктүү кулдарыбыз) деп ойлоп жатсаңар, анда өзүңөргө өлүмдү тилегиле; эгер чынчыл болсоңор (муну тартынбай ылдам кылгыла).» Чынында болсо, алар колдорунун жасагандары себебинен муну эч качан тилей алышпайт. Аллах заалимдерди билет. (Жума Сүрөсү, 6-7)
«Адам болуу» дининдегилердин Мусулмандык түшүнүгүндө кээ бир ибадаттар гана бар, же көбүнчө эч жок, тилдеринде гана бар. Мусулмандарга жардамчы болуу, Аллах үчүн жашоо, 5 убакыт намаз кылуу, Куранды окуу керек экендиги жөнүндө көп айтылат, бирок бул талаптар аткарылбайт. Ансыз деле «адам болуу» дининде Куран ахлагынын кайсы даражада жашалаары жана чектери Курандан айырмалуу бир абалда аныкталган. «Динди да жашоо керек, бирок чеги менен, бүт нерсенин бир чеги бар. Чектен чыкпаш керек, бүт нерсенин ашыкчасы жакшы эмес» сыяктуу туура эмес көз-караштар бул адамдардын оозунан көп айтылат.
Мындай туура эмес көз-караштагы адамдар диндин «ашыкчасы» дегенде дин үчүн өз мал-жанын аябастан жасалган иш-аракеттерди айтышат. Мындай адамдар Мусулмандар тарабында сыяктуу көрүнүп калбоо, алар менен бирге атынын эскерилбеши, Аллах үчүн кандайдыр бир иш-аракетти кылбоо, мал-жанын Аллах жолунда колдонбоо же муну өз кызыкчылыктарына карама-каршы келбей турган деңгээлде кылуу багытында абдан аяр мамиле кылышат. Куранда диндин бир гана өз кызыкчылыктарына карама-каршы келбеген тараптарын аткаргандар мындайча сүрөттөлөт:
Адамдардын кээ бирлери Аллахка бир учунан ибадат кылат, эгер ага бир жакшылык жетсе, буга ыраазы болот жана эгер ага бир фитна тийсе, жүзү терс бурулат. Ал дүйнөнү жоготту, акыретти да. Мына ушул апачык бир жоготуу. (Хаж Сүрөсү, 11)
Куранда сүрөттөлгөн Мусулмандык болсо – бул Аллахтын ыраазычылыгын жана сүйүүсүн бүт жеке кызыкчылыктарынан өйдө туткан, бир гана акыреттен үмүт кылган, олуттуу бир аракет талап кылган жана Аллахка карата чынчыл болгон бир Мусулмандык. Ал эми «адам болуу» дининде болсо кызыкчылыктар көбүнчө ар кандай ишеним, достук, сүйүүдөн өйдө турат. Ошондуктан «адам болуу» дининдегилер момундарды апачык колдоодон коркушат. Кадыр-баркымды жоготом деп коркуп, ишенимдерин чындап жашай алышпайт. Туура деп билген нерселерин дайыма жактай алышпайт. Алар үчүн алар жашаган коомдун ой-пикирлери, иштери, достору же мал-мүлктөрү Аллахтан жана Анын ыраазычылыгынан маанилүүрөөк. Куранда мындай абалдагы адамдар жөнүндө мындай өкүм берилет:
Айткын: «Эгер силердин атаңар, бала-чакаңар, ага-иниңер, жуп-жубайыңар, тууган-уругуңар, тапкан мал-дүйнөңөр, жүрүшпөй калышынан корккон соодаңар жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллахтан, Анын Пайгамбарынан жана Аллахтын жолунда жихаддан (аракет кылуудан) сүйүктүүрөөк болсо, анда Аллахтын буйругу келгенге чейин күтө тургула. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт. (Тообо Сүрөсү, 24)
Аятта «адам болуу» дини бийик туткан бир катар негизги баалуулуктар саналган жана бул баалуулуктарды Исламдын баалуулуктарынан бийик тутуунун «фасык» (жолдон чыккан, Аллахка баш көтөргөн) бир коомдун өзгөчөлүгү экендиги айтылган. Бул фасыктар коомунун сүйүү түшүнүгү да ушул баалуулуктар арасында орун алат. «Адам болуу» дининде коом жана адамга болгон сүйүү көбүнчө Аллах сүйүүсүнөн өйдө турат. «Адамдардын ыраазычылыгы» Аллахтын ыраазычылыгынан өйдө тутулат. Бул абал Куранда «ширк», т.а. Аллахтан башкасын кудай тутунуу деп айтылат:
Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт... (Бакара Сүрөсү, 165)
Бирок бул адамдар ширк жыгач, тактайдан жасалган идолдорго сыйынуудан гана турат деп ойлошкондуктан, өздөрүн ширктен алыспыз деп ойлошот. Ичинде жашап жаткан системасынын ширк системасы экендиги аларга айтылганда болсо буга абдан ачууланышат. Бирок ширк (шерик) кошкондор канчалык өздөрүн актаганга аракет кылышса да, Аллахтын өкүмү так белгилүү, Куранда «Эч шексиз, Аллах Ага шерик кошкондорду кечирбейт. Мындан башкаларды болсо (алардан) каалаганын кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, албетте ал абдан адашкан.» (Ниса Сүрөсү, 116) аяты аркылуу мушриктердин абалы билдирилген.
«Адам болуу» дининин «батыл китеби» болсо – бул ата-бабалардан келген маданият жана коомдун ошол учурдагы шарттары жараткан эрежелер жыйындысы. Ошондуктан, төмөн бир акылсыздык менен, Куран «жол көрсөтүүчү» катары кабыл алынбайт. Ушул себептен да көбүнчө Куран окулбайт. Куран окуу үчүн бир гана жаназалар сыяктуу белгилүү окуялар болушу керек. Чындыгында болсо бул – чебер жана тымызын шайтандык ыкма менен Курандын адам жашоосунан алыстатылышы дегенди билдирет. Аллах Куранда мындай адамдардын абалы менен байланыштуу мындайча билдирет:
Жана элчи айтты: «Раббим, чындыгында менин коомум бул Куранды ташталган (бир китеп) катары артка ташташты.» (Фуркан Сүрөсү, 30)
Андан соң, коомдун батыл принциптери, кызыктай эрежелери, туура эмес тарбиялап өстүрүү калыптары, ар кимден уккан нерселер кабыл алынат жана Улуу Аллах билдирген динден башка батыл критерийлерге ылайык өмүр сүрүлөт. Ал эми Аллах болсо Курандан башка бир системаны өздөрүнө жол көрсөткүч кылып алгандарга жана ошого карабастан өздөрүн дагы эле Мусулманмын дегендерге мындайча кайрылат:
Силерге эмне болуп жатат? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар? Же (колуңарда) сабак алган бир китебиңер барбы? Ичинде, эмнени тандап-жактырсаңар, сөзсүз силердики болот деген. Же болбосо силер үчүн (Биздин) үстүбүздө кыяматка чейин уланган бир ант барбы, силер кандай өкүм чыгарсаңар, сөзсүз силердики бойдон калат деген. (Калем Сүрөсү, 36-39)
«Адам болуу» дининдегилер Аллах тандаган диндин ордуна өздөрүнүн каалоо жана арзууларын, ата-бабаларынан келген маданиятты же жашаган коомунун батыл эрежелерин жол көрсөтүүчү кылып алышып, жолдон адашышкан. Натыйжада аларга Аллахтын бир рахматы менен жөнөтүлгөн эң кемчиликсиз жана жалгыз кутулуу үмүтү болгон акыйкат динди, аз же көп кыска мөөнөттүк бир дүнүйөлүк кызыкчылыкка саткан болушат. Мунун кандай жаман соода экендиги Куранда мындайча айтылат:
Акыретти берип, дүйнө жашоосун сатып алгандар – мына ушулар; ушул себептен азаптары жеңилдетилбейт жана аларга жардам берилбейт. (Бакара Сүрөсү, 86)
Мына ушулар акыретти берип, бузукулукту сатып алышкан; бирок мындай соодалары бир пайда алып келген жок, (жана) туура жолду да таба алышпады. (Бакара Сүрөсү, 16)
Аллахтын динине (Исламга) кирген бир адамдын негизги өзгөчөлүгү – бул өзүнө бир гана Аллахты Рабби кылышы. Аллахты Рабби кылып тутунган соң, Андан башка эч кандай жандык же нерсени өзүнө жол көрсөтүүчү кыла албайт. Бүт өмүрүн Аллах көрсөткөн негизде, б.а. Анын «...муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн жол көрсөтүүчү болгон...» (Бакара Сүрөсү, 2) китебине, Куранга ылайык калыптандырат. Мындай абалда башка бир ахлак системасын кабыл алышы эч мүмкүн болбойт. Ошондуктан ыйман келтирген бир адам Куран ахлагына толугу менен карама-каршы келген бир ахлактык системага баш ийбейт. Бир тараптан Мусулман болуп, экинчи тараптан аталарынан келген динде жок үрп-адат, салттарды туурабайт. Өз башынча бир «жашоо философиясын» да чыгарбайт. Ал бир гана Мусулман; башка бир аты жок. Ага бул ысымды Аллах берген. Куранда бул мындайча билдирилет:
Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад (аракет) кылгыла. Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(нде болгон сыяктуу). Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады, элчи силерге күбө болушу үчүн, силер да (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми намазды толук (туура) окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар – Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла. Ал кандай жакшы Кожоюн (Мевла) жана кандай жакшы Жардамчы. (Хаж Сүрөсү, 78)
Курандын көптөгөн сүрөлөрүндө ичинде жашаган коомдун батыл дининен толугу менен кол үзүп, бөлүнгөн жана толугу менен Аллахтын динине багытталган момундар жөнүндө сөз кылынат. Ичинде жашаган коомдун батыл динин кабыл алышпаганы үчүн өлүм коркунучуна кабылган жана коопсуздук үчүн үңкүргө корголонгон «Асхабы Кехф» (үңкүр эли) булардын бир мисалы. Куранда Кехф Эхлинин абалы мындайча баяндалат:
Сен, же Кехф жана Раким Эхлин Биздин таң калыштуу аяттарыбыздан деп ойлодуңбу? (Кехф Сүрөсү, 9)
Биз сага алардын кабарларын бир чындык (окуя) катары билдирүүдөбүз. Чындыгында Алар Раббилерине ыйман келтирген жаштар эле жана Биз алардын хидаяттарын арттырган элек. Алардын жүрөктөрүнө (сабыр жана чечкиндүүлүктү) байлаган элек; (падышага каршы) Кыям кылышканда (баш көтөрүшкөндө) айтышкан эле: «Биздин Раббибиз, асмандардын жана жердин Раббиси; Кудай катары биз Андан башкага сыйынбайбыз, (эгер карама-каршысын) айткан болсок, ант болсун, чындыктан чыккан болобуз. Булар биздин коомубуз; Андан башкасын кудайлар кылып алышты, аларга (ал кудайларына) апачык бир далил алып келиши керек эле. Демек Аллах жөнүндө оюнан жалганды чыгарып, жалаа жапкандан заалимирээк барбы?» (Араларынан бирөөсү айтты:) «Демек, силер алардан жана Аллахтан башка сыйынгандарынан бөлүнүп-ажырадыңар, анда (тоолорго чыгып) үңкүргө жашырынгыла да Раббиңер силерге рахматынан (көп көп) жаадырсын жана ишиңерден силерге бир пайданы жеңилдетсин.» (Кехф Сүрөсү, 13-16)
Аяттардан байкалгандай, Аллахтын динине баш ийген бир момун батыл диндеги адамдардан пикирдик жактан толугу менен алыстап, бөлүнүшү керек. Бул сөзсүз эле алыска көчүп кетүү маанисине келбейт. Асхабы Кехф башкалар кол салгандыктан, ал жерден качып, үңкүргө киришкен. Момундар өзгөчө пикирдик, көз-караш жагынан батыл диндеги адамдардан бөлүнүшү керек. Аз. Йусуф буга мисал. Египетте ага жабылган бир куру доомат себебинен зынданга кирген убакта көз-караш жагынан каапырлардан толугу менен бөлүнүп, айрылган. Зынданда ага суроо узаткандарга мындай дейт:
«...Чынында мен Аллахка ыйман келтирбеген, акыретти да тааныбагандардын дал өзү болгон бир коомдун динин таштадым. Аталарым Ибрахимдин, Исхактын жана Йакубдун динине баш ийдим. Аллахка бир нерсени шерик кошушубуз биз үчүн такыр туура эмес. Бул бизге жана адамдарга Аллахтын берешендиги жана ихсаны, бирок адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. Эй зындан курдаштарым, бири-биринен башка (көптөгөн) Раббилер жакшыбы, же Каххар болгон жалгыз бир Аллахпы? Силердин Аллахтан башка сыйынгандарыңар – Аллах алар жөнүндө эч далил түшүрбөгөн, силер жана атаңар ат коюп, атап алганыңардан башка нерсе эмес. Өкүм бир гана Аллахка тиешелүү. Ал Өзүнөн башкасына кулчулук кылбашыбызды буйрук кылган. Туптуура дин – мына ушул, бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт.» (Йусуф Сүрөсү, 37-40)
Дагы бир аятта болсо Аз. Ибрахим жана аны менен бирге ыйман келтирген момундардын батыл диндеги коомдон бөлүнүп-айрылышы мисал көрсөтүлөт:
Ибрахим жана анын жанындагыларда силерге сонун бир өрнөк бар. Өз коомдоруна мындай дешкен эле: «Биз силерден жана Аллахтан башка сыйынган нерселериңерден чындыгында алыспыз. Силерден (эми) тааныбай-баш тарттык. Силер менен арабызда, силер Аллахты жалгыз деп ыйман келтиргенге чейин, түбөлүк бир душмандык жана бир өч пайда болду...» (Мүмтехине Сүрөсү, 4)
Кафирун Сүрөсү болсо момундар менен батыл диндегилердин арасындагы айырманын дагы бир сүрөттөлүшү:
Айткын: «Эй каапырлар. Мен силердин сыйынганыңарга сыйынбайм. Менин сыйынганыма силер сыйынбайсыңар. Мен да силердин сыйынганыңарга сыйынбайм. Силер да менин сыйынганыма сыйынбайсыңар. Силердин диниңер силерге, менин диним мага.» (Кафирун Сүрөсү, 1-6)
Момун батыл диндегилер менен өзүнүн арасындагы айырманы сөзсүз абдан аярдык менен аныкташы керек. Каапырлардын дининин эч бир тарабы, мисалы баалуулуктары, ахлак эрежелери, кыймыл-аракет калыптары, маек калыптары ж.б. момундар тарабынан кабыл алынып жасалбашы керек. Момун батыл диндеги кыймыл-аракеттерди эмес, Куранда сүрөттөлгөн кыймыл-аракеттерди кылууга жоопкерчиликтүү. Себеби Куранда момундардын кадырдуулугуна, ахлагы жана ишенимине эң жарашкан басуу калыбы жана ал тургай үн тону да сүрөттөлөт. Аллах аяттарда мындай буйурат:
Адамдардан жүзүңдү буруп (бой көтөрбө) жана жер бетинде көпкөн абалда жүрбөгүн. Себеби Аллах текебер мактанчаактарды сүйбөйт. Басканда орто бир жолду карма (кичипейилдик менен бас), добушуңду көтөрбө. Себеби добуштардын эң жаманы эшектин добушу. (Локман Сүрөсү, 18-19)
Бирок бул жерде бир нерсеге көңүл буруу керек: батыл диндин көп түрлөрү бар жана кээ бирлери гана, мисалы марксизмдеги сыяктуу, Аллахты жокко чыгарганын ачык айтышат. Ал эми батыл диндегилердин көпчүлүгү, Курандан көргөнүбүздөй, Аллахка ишенебиз, Ага баш ийебиз дешет. Бирок бул ыклассыз сөз жана чындык менен эч байланышы жок. Алардын жашаган жашоосу жана кабыл алган ахлак түшүнүгү алардын бул сөзүнө карама-каршы келет. Бир аятта батыл диндегилердин мындай сөзүнө төмөнкүдөй мисал берилет:
Кабарың болсун; калыс (кошумчасыз) болгон дин бир гана Аллахтыкы. Андан башкаларды өзүнө дос туткандар (мындай дешет:) «Биз буларга бизди Аллахка көбүрөөк жакындаштырсын деп ибадат кылып жатабыз.» Албетте, Аллах өз ара (Ал) жөнүндө талашкан нерселеринин өкүмүн берет. Чындыгында Аллах жалганчы, каапыр адамды туура жолго баштабайт. (Зүмер Сүрөсү, 3)
Башка аяттарда болсо батыл диндегилердин аларга суралганда Аллахтын бар экендигин жана кудуретин кабыл алышаары, бирок тилдери менен кабыл алган бул чындыктын маанисин түшүнө албашы жана Андан коркушпаары кабар берилет:
Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берүүчү ким? Кулактар жана көздөрдүн ээси (малик болгон) ким? Тирүүнү өлүктөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким? Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо айткын: «Силер дагы эле коркуп-сактанбайсыңарбы?» Мына ушул силердин чыныгы Раббиңер – Аллах. Демек акыйкаттан кийин адашуудан башка эмне бар? Кайда бурулуп баратасыңар? Ушундайча Раббиңдин ал бузуку адамдар жөнүндөгү «алар шексиз эч ыйман келтиришпейт» деген сөзү ишке ашты. (Йунус Сүрөсү, 31-33)
Ант болсун, аларга: «Асмандарды жана жерди ким жаратты, күндү жана айды ким (Өз) буйругуна моюн сундурган?» деп сурасаң, шексиз: «Аллах» дешет. Анда кантип (туура жолдон) бурулуп кетишүүдө? (Анкебут Сүрөсү, 61)
Ошондуктан, батыл диндерди аныктоодо абдан аяр мамиле кылуу керек. Батыл диндегилер Курандын да бир гана «өз кызыкчылыктарына карама-каршы келбеген тарабын» кабыл алышы мүмкүн. Бирок, жогоруда айтылгандай, алар Курандын бир бөлүгүн гана кабыл алышат жана Аллахтын өкүмү боюнча, Курандын бир бөлүгүнө ыйман келтирип, бир бөлүгүн жокко чыгаруу каапырдык болот:
...Же силер Китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн жокко чыгарып жатасыңарбы? Эми силерден мындай кылгандардын бул дүйнө жашоосундагы жазасы кордук жана кыямат күнүндө да эң оор азапка жолугушат. Аллах силердин кылганыңардан бейкапар (кабарсыз) эмес. (Бакара Сүрөсү, 85)
Аллах бир аятта момундарга мындай буйурууда:
... (Эми) Бүгүн каапырдык жолун туткандар силердин диниңерден (диниңерди жыгуудан) үмүттөрүн үзүштү. Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, немат-жакшылыгымды толуктадым жана силерге дин катары Исламды тандап-жактырдым... (Маиде Сүрөсү, 3)
Аллах бизге дин катары Исламды тандаган. Жалгыз туура жол Ислам жана андан башка жолдордун баары (бүт диндер) батыл (жалган, далил-негизсиз). Баарыбыз кандай ойлонушубуз, кандай кыймыл-аракет кылышыбыз, кандай сүйлөшүбүз, кандай жашашыбыз керек экенин Аллахтын дининен үйрөнүүгө милдеттүүбүз.
Ошондуктан, Мусулмандын милдети – бул чогуу жашаган коомунун абалын Курандын критерийлери менен анализ кылуу жана ошого жараша аракет кылуу. Эгер сиз жашаган коомдун мүчөлөрү өздөрүнө Рабби катары Аллахты эмес, бири-бирин же ата-бабаларын кабыл алышкан болсо, өздөрүнө жол көрсөтүүчү катары Аллахтын китебин эмес, башка булактарды кабыл алышкан болсо, анда Аллахты унуткан жана Анын өкүмдөрүнөн жүз бурушкан болушат.