Китептин киришүү бөлүмүндө бир Мусулмандын жалгыз маанилүү кулк-мүнөзүнүн Мусулмандыгы экендигин жана өзүн башка дүнүйөлүк критерийге карап баалабашын айткан элек. «Мусулман» - Аллахтын ыйман келтиргендерге берген аты (Хаж Сүрөсү, 78) жана бир адам үчүн бул ысымга ээ болуу чоң сыймык. Ошондуктан Мусулмандыкты түшүнгөн бир адам башка ар кандай ат-даражаларды тагынып, кулк-мүнөзүн калыптандырууга аракет кылбайт. Бул оюна да келбейт. Башка дүнүйөлүк критерийлер, мисалы, бир адамдын ата-бабалары, тууган-уругу, коомдук статусу, тили, өңү, чөйрөсү ж.б. сыяктуулардын Аллах Кабатында жана ыйман келтиргендер үчүн бир мааниси жок. Бир аятта бул мындайча баяндалат:
Эй адамдар, чындыгында, Биз силерди бир эркек жана бир аялдан жараттык жана бири-бириңер менен таанышсын деп силерди улуттар жана уруулар (абалында) кылдык. Шексиз, Аллах Кабатында силердин эң жогоркуңар (керим болгонуңар) – бул (улут же ата-баба жагынан эмес) такыбалык (Аллахтан коркуу) жагынан эң алдыңкыңар. Шексиз, Аллах – билүүчү, баарынан кабардар. (Хужурат Сүрөсү, 13)
Муну билген бир момун ичинде жашап жаткан дүнүйөлүк шарттарга жараша мамиле жана кулк-мүнөзүн өзгөртпөйт. Мисалы, чоң бир материалдык байлыкка ээ болгондо, эсирип көппөйт же болбосо жакыр калганда басынып чөкпөйт. Куранда бул жөнүндө мисалдар берилип, Аз. Сулаймандын көп байлыкка ээ болгонуна карабастан жөнөкөйлүгү жана Аллахка болгон баш ийүүчүлүгүнөн жазбаганы баяндалат. Мусулмандардын тескерисинче, төмөн жана алсыз кулк-мүнөзгө ээ адамдар ар бир чөйрө жана шарттарга жараша өзгөрүшөт.
«Мага мал-мүлк берилди» деп көпкөн Карун же болбосо кичинекей бир кемчилик алдында дүрбөлөңгө түшүп, үмүтсүздүккө кабылган башка каапырлар – «Адамга бир немат-жакшылык бергенибизде жүзүн буруп кетет; ага бир жамандык келгенде болсо үмүтсүздүккө түшөт» (Исра Сүрөсү, 83) аятында сүрөттөлгөн терс мүнөздүн мисалдарынан.
Каапырлардын кулк-мүнөзүндөгү мындай туруксуздук «адам болуу» дининде бир жеке кулк-мүнөзгө ээ болуу аракети катары ортого чыгат. Себеби «адам болуу» дини – бул «адам болуу», б.а. коомдо бир статуска, орунга ээ болуу дини. «Адам болуу» динин тутунгандар Мусулмандык сыяктуу чыныгы жана туруктуу бир кулк-мүнөзгө ээ болушпагандыктан, ар кандай дүнүйөлүк наам-даражаларды өзүнө кулк-мүнөз катары кабыл алышат.
Мындай наам-даражалардын эң белгилүүсү – бул кесиптер. «Адам болуу» дининдегилер өз кесибине жараша өзүнө кулк-мүнөз чыгарышат. Албетте Мусулмандардын да кесиптери бар, бирок Аллахка чын жүрөктөн ыйман келтирген бул адамдардын кулк-мүнөздөрүнө жумуш орду, статусу сыяктуу нерселер таасир этпейт. Мусулмандар бир кесип себеп болгон өзгөчө бир маанайга кирбейт, дайыма өзүн карманган мамилесинен жазбайт.
«Адам болуу» дининде адамдар жумушу жана кесибине жараша бааланат. Тапкан акчасына жараша кадыр-баркка ээ болот. Ошондуктан бир адам менен таанышкан соң алгачкы он мүнөт ичинде сөз учугу айланып же анын же атасынын жумушуна келет. Себеби муну билүү ал адамды баалоо үчүн абдан маанилүү. Бир адамды адам ордуна коюп койбоштун критерийи – бул анын карьерасы же алган айлыгы же болбосо кызматтык даражасы. Ар кайсы кесиптеги адамдар чогулганда, көбүнчө бүт баары өз кесибин эң жакшы, эң пайдалуу кесип катары көрсөтүүгө, башкаларынын болсо азыраак маанилүү экенин ишарат кылууга аракет кылышат.
«Адам болуу» дининде ар бир кесиптин өзүнө тиешелүү ар кандай психологиялары бар. Эгер бул кесип жогорку билим талап кылган бир кесип болгон болсо, бул кесипке тиешелүү маанай жана психология ал адамга университетке киргенден баштап мугалимдери тарабынан да, жогорку курстагы студенттер тарабынан да сиңирилип баштайт.
Мисалы, докторлор медицина факультетине өткөндөн баштап, «бүт адамдардын жашоолору жана ден-соолуктары бизден көз-каранды», «биздин кылган ишибиз эң ыйык иш» деген сөздөр менен жуурулуп, мындай психологияны өмүр бою өздөрү менен алып жүрүшөт. Албетте бир доктордун оорулуу бир адамды айыктыруу же өмүрү коркунучта турган бир адамды куткаруу үчүн кылган аракети – сонун жана суктаныла турган иш-аракет. Бирок «адам болуу» дининдеги адамдарда «оорулууну мен айыктырам» деген туура эмес көз-караш бар. Чындыгында болсо шыпаа берүүчү – бул Улуу Аллах. Доктор, дары-дармек, дарылоолор болгону себептер гана. Ошондой эле, аптекада иштегендер да ошондой психологияга кабылышат. Укук факультетин аяктагандар өздөрүн адилеттүүлүктүн негизги таянычы, адамдардын эң акылдуулары, эң тыңдары, сындоо таланты эң күчтүү, окуяларды эң туура кабылдап аныктай алган адамдар катары көрүшөт. Инженерлер болсо күнүмдүк жашоодо көргөн бүт нерселер биздин кесибибиздин жемиши же чыгармасы дешип, биздин ордубуз өзгөчө деп ойлошот.
Соода жана ишкердик менен алектенгендер болсо өздөрүн коомдук жана экономикалык жашоонун бел сөөгү жана орду толгус адамдары катары көрүшөт. Булардын баары «биздин кесибибиз болбогондо, адамдар кыйын абалда калышмак, ал тургай жашоолорун да улантыша алмак эмес, биз канчалык керектүү адамдарбыз» деген сыяктуу сөздөрдү дайыма айтышат.
Бул адамдар кишилик жана кулк-мүнөздөрүн кесиптери алардын аң-сезимине сиңирген ушундай орду алмаштырылгыс, калп ыйыктык, өзгөчөлүк сезимдери себеп болгон бой көтөрүү, барктануу, өзүн көтөрүү, өзүн жактыруу сыяктуу психологиялык адашуулар үстүнө курушат. Ошондуктан «адам болуу» дининдеги адам өз кесибине абдан аяр мамиле кылат. Кесибине карата айтылган ар бир сөздү өзүнө карата айтылган сөздөй кабыл алат жана кесибин намысы сыяктуу коргойт.
Жогорку билим талап кылбаган, көбүнчө дене өзгөчөлүктөрү же тажрыйба же болбосо атадан үйрөнгөн ык, жөндөмгө таянган кесиптердин да «адам болуу» дининде өзүнө тиешелүү өзгөчө психологиялары бар. Мындай жумуштарга кирүүнүн да, киргенден кийинкисинин да, бул жумуштарга тиешелүү чакан ишкана, дүкөн, бутик, бюро сыяктуу ишканалардын да баарынын «адам болуу» дини тарабынан коюлган өздөрүнө тиешелүү ар түрдүү психологиялары жана баалуулуктары бар. Мындай жумуштарда иштегендердин бой көтөрүү, намыс жана өзүн көтөрүүлөрүн сыртка чыгаруу калыптары башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк өзүн басынткан, төмөндүк комплекси, каприз, ачуулуулук, урушчаактык, төмөндүк, акылдуу көрүнүү жана ушул сыяктуу негизде болот.
«Адам болуу» дининин жумуш ахлагы жумуш издеп баштаганда эле байкалып баштайт. Жумуш издегенде эң маанилүү, ал тургай жалгыз критерий – ал иш алып келе турган акча. Эмнеге, кайсы ишенимге, ой-пикирге же адамга кызмат көрсөтүлөөрү, жасала турган жумуштун пайдалары жана зыяндары эч эске алынбайт.
«Адам болуу» дининде аялдар көбүнчө тандаган кесиптердин бири – бул катчылык. Ишканаларда көбүнчө башчылар – эркек, жана катчылык үчүн атайын аял кызматкер издешет. Бул жерде көбүнчө аялдыктын маанилүү бир ролу бар. Талапкерлер жумушка жөндөмдүүлүгү, илими, тажрыйбасы же акылын көрсөткөндүн ордуна, көбүрөөк тышкы көрүнүшү менен жумушка алуучуга жагууга аракет кылат.
Башчылар көбүнчө жумушта же жеке жашоосунда ага дайыма күбө болуп, жанында жүрчү кызматкерлерди абдан аяр тандашат. Ошондуктан аял болсун, эркек болсун катчы – бул башчынын укпас-көрбөс кызматкери. Башкаларга зарыл болгондо калп айта ала турган бир кулк-мүнөзгө ээ болушу зарыл, бирок башчысына эч калп айтпай, абдан бекем болушу керек. Күнүмдүк жашоодо бир алдамчылыкка күбө болуп унчукпай коюу же ага көмөкчү болуу жакшы кабыл алынбайт. Бирок ушул эле окуя ишканада болгондо, «адам болуу» дини муну жумуш ахлагынын бир бөлүгү деп эсептейт. Катчылыктын мындай тарабы – бул кесиптин караңгы коомдогу ахлактык талабы. Эч ким тарабынан сындалбайт.
Башчынын жумуш чөйрөсүнө, ал тургай кээде үй-бүлөсүнө болгон жашыруун иштерин көрмөксөн болуу аркылуу башчынын ишенимине кирет. Башка бүт адамдарга карата башчысы менен орток бир мамиле жана кызыкчылык биримдиги ичинде болот. Катчылар, ошондой эле, башкаларга башчылары менен мактанышат. Башчынын жумушчу сапарга чыгышы, чет өлкө жолугушуулары, тапкан акчасы катчы үчүн мактаныч себептеринен болуп саналат.
Рынокко чыгаруу, сатуу же көргөзмө кызматы сыяктуу жумуштар да катчылык сыяктуу көрүнүшкө ээ жумуштардан. Башчылар талапкерлерди бир чогулуш бөлмөсүндө суракка алат. Аларга төмөн, пас тамашаларды айтып, жоопторун текшеришет. Мындай тамаша, мамилелерди жактырбаганын көрсөткөн жооп бериши ал талапкерге кошумча балл болот. Ушул сыяктуу, көп ар кандай адамдарга жолуккан жумуштарда адамдын эч кандай мамиле жана сөзгө карата түрүнүн өзгөрбөшү, урушчаак болбошу, бул темада камырабас болушу, ал тургай мындайларды жактырганын көрсөткөн мамиле жасашы – изделген шарттар арасында. «Жумуш бүтүргөн сатуучу» кулк-мүнөзү буга абдан ылайыктуу. Бул болсо – сатуу кызматкеринин жумуш ахлагынын талабы. Башкалардын көңүлүнө карабоо, туруксуздук сыяктуу төмөн кулк-мүнөз өзгөчөлүктөрү «адам болуу» дининин жумуш ахлагынын бөлүктөрүнөн. Момундарда болсо бул ахлакка тескерисинче, кадырдуулук, ар-намыс, акылдуулук, туруктуулук сыяктуу бийик ахлак өзгөчөлүктөрү болот.
«Адам болуу» дининде бир адамдын ишканада көрсөтүшү керек болгон мамилелеринин башында «эңсөө, көксөө» сезими турат. Акча табуу эңсөөсү, лидер болуу эңсөөсү, атак-даңк эңсөөсү коом тарабынан суктануу менен кабыл алынат. Ошондуктан ишканаларда көбүнчө материалисттик маанай өкүмчүлүк кылат. Бүт аракет жана мамилелер, бүт сөздөр акча жана кызмат ордуна жетүүгө багытталган. Кызматкерлердин кызматы, орду белгилүү. Бүт адамдар өз кызматынын калыбына кирет. «Жумушу чачынан көптөй болуп көрүнүү», ачуулуу кыймыл-аракеттер, ачуулуу жүз, шашмалык кызматкерлердин көпчүлүгүнө өкүмчүлүк кылат.
«Адам болуу» дининде башчы ишкананын ээси, айлыктарды берүүчү же башкаруучу адам катары каалагандай сүйлөйт, каалагандай мамиле кылат, кааласа кыйкырат, сөгөт же кызматкерлерди басмырлайт. Эмне болгондо да акчаны ал төлөйт. Анын карамагында иштегендерге башкаларга көрсөткөндөй урмат көрсөтүштүн кажети жок. Ошого карабастан, кызматкерлеринин аны абдан сыйлап-урматташын күтөт. Кол алдындагылар анын ар бир кылганына чыдашы керек. Башчы-кызматкер мамилелеринде бир түр «кул» логикасы бар. Башчы айлыгын төлөгөн адамга карата каалагандай мамиле кылып, сүйлөп, аны каалагандай иштетүү укугуна ээмин деп ойлойт.
Кеңседеги кадимки маектерде да жумуш сөздөрү колдонулат. Өз кесиби менен байланыштуу термин жана сөздөрдүн англисчеси орунсуз болсо да, берки адам түшүнбөсө да «мактануу» жолу катары дайыма колдонулат. Телефонду кармоо калыптары бар. Кызматкерлер арасында бири-биринин ишин жактырбоо, аны дайыма оңдоп «билген адамдай» болуп көрүнүү кеңири тараган. Кеңсе ичинде ушакташуу кеңири тараган. Көптөн бери иштегендер бири-биринин ар кандай алдамчылыктарын билишет, бирок өзүнүн кылгандарынын да ачыкка чыгышынан корккондуктан, бирөөнүкүн да айткандан тартынышат.
Жаңы келгенге баары «минип алат», акылдуусунуп ага «аңкоодой» мамиле кылышат, бул адамдын тынбай катасы изделет. Он беш күндүк кызматкер бир күндүктү башкарууга аракет кылат. Мурдатан иштегендер жаңы келгендерге дайыма ар кандай темада акыл үйрөтүп, бүт темада өйдөлүгүн көрсөтүүгө аракет кылышат. Кээде ишкананын ар кайсы бөлүмдөрү арасында уруштар байкалат. «Ушул ишти бүтүрдүм» дегендей маанай менен «жумуш бүтүрүүчү» бир көрүнүш жаратууга аракет кылынат.
Дүкөн, бутик сыяктуу ишканалардагы психология да ушуга окшош эле. Сатуучулар көбүнчө эч нерсеге ээ эмес экенине карабастан, бүт товарлардын, дүкөндүн ээсиндей маанайга киришет. Бул бүт адамдардын алуучу, анын болсо сатуучу абалында болушунан келип чыгат. Иштеген адам ал жерде болгону бир сатуучу болгону үчүн басынат. Эгер «кардардын» материалдык абалы жакшы эмес экенин байкаса, супсак мамиле кылып буюмдарды алдына ыргытып көрсөтөт, дайыма ачуулуу болот. Башында назик болгонго аракет кылат, бирок кардардын саткысы келген буюмун албашын же ала албашын сезип калса, ылдам мүнөзү катуулашып, аны карабай жанындагы достору менен сүйлөшүп, сыртты карап баштайт. Тескери жоопторду берет. Кардарга менин убактымды алып жатасың дегендей маанайын билдирет. Көбүнчө мындай ишканаларда убакыт бош жана максатсыз маектер менен, витрина терезелеринен сыртты, дүкөн күзгүлөрүнөн өзүн кароо менен өткөрүлөт.
Мамлекеттик мекемелерде болсо абдан калыптанып калган бир маанай бар. Мындай жерлердеги ачуулуу жана кабагы салыңкы маанай бүт адамдар тарабынан кабылданып калган. Кызматкерлердин көпчүлүгү басынуу менен аралаш бир бой көтөрүүгө ээ болушат. Буйругу өткөн жалгыз жер – бул өзүнүн бөлүмү. Ошондуктан иши түшүп, ал жерге келген адамдарга катуу жана ал тургай буйрук берген бир услуп колдонушат. Тынымсыз чай ичүү, коюу тамеки түтүнү, кызматкерлер арасындагы акча жетишпестиги, үй-бүлөлүк көйгөйлөр, базар маектери менен бирге иштердин кол учунан жасалышы – көнүмүш көрүнүштөрдөн.
Кызматкерлерде кылган ишин жаман көргөнүн дайыма байкаткан бир үн тону жана ачуулануу байкалып турат. Жумушу түшкөн адам дайыма акырын сүйлөп, жумушун бүтүрө турган кызматкерге чыдашы керек болот. Ашыкча суроо узатуу кызматкердин ачуусуна тийиши мүмкүн. Узатылган суроого жооп келиши да кыйын, терс бир көз-караш менен жооп берилет. Ал тургай ар дайым кызматкердин урушуп берүү ыктымалы бар.
Бирок мамлекеттик мекемелердеги бардык жогоруда саналган терс, ачуулуу, «акылдуу көрүнгөн» кызматкер көрүнүшү ал мекемеге келген жакыр, сабатсыз, өзүн басынткан же жок дегенде жоош бир көрүнүштөгү адамдарга карата жасалат. Ал эми бай, жакшы кийинген, жогорку кызматта иштээри белгилүү болгон адамдарга карата «адам болуу» дининдеги мамлекеттик кызматкерлер андай мамиле кыла алышпайт. Тескерисинче ал адамдарга карата абдан урмат менен мамиле кылышат. Бул болсо көбүнчө чыныгы бир урмат эмес. Басынуу комплексинен, төмөндүктөн, туруксуздуктан келип чыккан начар, пас бир урмат. Андай бай адамдарга урмат көрсөткөн кызматкер алардан кандайдыр бир кызыкчылык деле ала албайт. Бирок көз-карашы ошондой калыптангандыктан, бай адамга кааласа каалабаса урмат көрсөтөт. Мындай урматты түпкүрүндө кызганычтык аралаш бир суктануу деп түшүнүүгө болот. «Адам болуу» дининин төмөн жана өз кызыкчылыгын ойлогон кулк-мүнөзү бул жерде апачык байкалат.
Бүт мындай окуялар жана мамилелер «адам болуу» дининдегилерге кадыресе, көнүмүш нерселер сыяктуу көрүнөт. Бул балыктын сууну байкабаганына окшош. Балык сууну байкабайт, себеби бүт өмүрү суунун ичинде өтөт. «Адам болуу» динидегилер да өздөрүнүн маанайынын, кулк-мүнөзүнүн, мамилелеринин канчалык акылсыз, канчалык төмөн жана канчалык бош экенин байкашпайт. Аларды Аллах жаратканын, бул дүйнөдө убактылуу бир мөөнөт сыноо максатында жашап жатышканын жана акыр аягында Раббибизге барып сурак беришээрин зарыл деңгээлде, жакшылап билип ойлонушпайт. Ушуларды ойлоп, Аллахка шүгүр кылып Анын ыраазычылыгына жетүүгө аракет кылуу ордуна, бүт күндөрүн, бүт өмүрүн майда-чүйдө уруштар, майда кызыкчылык эсептери менен өткөрүшөт. Жылдар бою кичинекей бир кеңседе иштеп, айлыктарын көбөйтүүгө, кызматта көтөрүлүүгө аракет кылышат, башкалар жөнүндө ушак чыгарышып, кызганычтыктан көңүлдөрү чөгөт, стресс ичинде жашап, рол аткарышат. Бирок Аллахтын ыраазычылыгын ойлонушпагандыктан жана акыретти унутушкандыктан, бул кылгандарынын баары бош жана эч мааниси жок. «Адамдардан сурак алуу (убактысы) жакындашты, алар болсо капылеттик ичинде жүз бурушууда» (Анбия Сүрөсү, 1) аятында билдирилгендей, толугу менен «капылеттик» ичинде жашашат жана Куранда мындай адамдар «Алар «(ичине) чумкуган бош бир алектенүү» ичинде ойноп-алаксыгандар» (Тур Сүрөсү, 12) деп аталат.
«Адам болуу» дининде иши түшкөндү, акчасызды, сулуу эмести, өзүнүн карамагында иштегенди басынтуу жалпыга жайылган бир принцип. Кардар менен түз жолугушкан ишканаларда кардардын көрүнүшү жана кийимине жараша мамиле кылынат. Кардар бай көрүнсө назик мамиле кылынат жана маани берилет, ал эми жакыр көрүнсө басынткан, маани бербеген бир мамиле көрсөтүлөт. Дүкөндөрдө, бутиктерде жалпы мамиле ушундай көз-карашта калыптанат.
Ар бир кесиптин өзүнө жараша бир адеби жана эрежеси бар. Бирок товардын рыноктогу баасы кардардын байлыгы же кызматтын өтүмдүүлүгүнө жараша мындай баалуулуктар тепселиши же өзгөртүлүшү мүмкүн. Жарашпаган бир кийимдин жарашканына ишендирүү, сапаты төмөн бир товарды сапаттуу деп сатуу, кымбат товарды арзан деп ишендирүү «адам болуу» дининин тили менен айтканда «профессионалдуулукту» талап кылат. Ансыз деле бул диндегилердин ою боюнча, жумуш ахлагы деген нерсенин өзү да ошол. Жумуш ахлагы деп аталышынын себеби мунун Куран ахлагынан айырмалуу болушунда. Бул ахлак кылмыштын жашыруун жасалышын колдойт. «Адам болуу» дининин туура эмес критерийлери боюнча;
- Апачык уурулук кылуу «адам болуу» динине туура келбейт, бирок ишти ыңгайына жараша кылып, кадыресе көрүнүшкө жамынып, бирөөнүн акысын жеп, өзүнө кызыкчылык алуу – бул «адам болуу» дининин эрежеси.
- Ачык пара алууга тыюу салынат, бирок белек деген ат менен пара алуу эркин.
- Адам өлтүрүү чоң кылмыш, бирок бирөө өлүп баратканда башыма балээ келбесин деп четке качуу акылдуулук.
- Бир адамдын жүзүнө карап сөгүнүү, шылдыңдоо туура эмес, бирок артынан уруштуруу, ушактоо кадыресе көрүнүш.
- Динсиз болуу жаман, бирок «ашыкча» динчил болуу да туура эмес.
Мындан тышкары, «адам болуу» дини өзүнүн логикасына ылайык туура эмес бир Ислам түшүнүгүн да чыгарган. Бул туура эмес түшүнүк боюнча, бир адамдын Курандан айырмаланып өз убактысы жана чөйрөсүнө ылайык, ишине жараган кээ бир ибадаттарды аткарышы туура деп кабыл алынат. Бирок Аллах сүрөттөгөн жашоону толугу менен жашашы, Исламдын бардык эрежелерине баш ийиши ашыкчалык жана туура эмес деп кабыл алынат.