Адамдардын көпчүлүгүн, алар байкабаса да, таасири астына алган жалган, негизсиз (батыл) бир дин бар. Бул - өзүн ачык тааныштырбаган жашыруун бир дин. Эч кандай жазылуу эрежелери жок. Аты да жок. Бирок адамдардын кыймыл-аракеттерин, ой-пикирлерин башкарат. Көп адамдар эч маани берип, байкабастан жашоолору боюнча бул диндин эрежелерин аткарышып, бул диндин буйрук жана тыюуларына ылайык жашашат. Бул жалган динге баш ийген адамдардан суралганда балким «Мен Мусулманмын» же «Мен Христианмын» деши мүмкүн. Кээ бир адамдар динсиз же ал тургай атеист болушу да мүмкүн. Бирок булардын баары чынында бул жашыруун динди тутунушат.
Бул жалган дин башында адамдардын алдына толугу менен коюлуп, аларга сунуш кылынбайт. Адамдар бул динди бул дүйнөгө келгенден баштап алган көп жылдык «тарбиянын» натыйжасында кабыл алышат. Ошондуктан, кыймыл-аракет, ой-пикир, мамилелеринин, ал тургай, мимикаларынын да бул динге таянганын байкашпайт.
Бул жалган дин аны тутунгандарга максат катары «адам болууну» көрсөтөт. «Адам болуу» - бул ошол диндин баалуулуктарын кабыл алуу, эрежелерин, тыюуларын жана кыймыл-аракет калыптарын жасоо, анын кулк-мүнөз өзгөчөлүктөрүнө ээ болуу дегенди билдирет. Коом тарабынан кабыл алынуу, алардан бөлүнүп калбоо, белгилүү бир жерге жетүү үчүн адам болуу шарт. Бул дин «адам болуу» дини. Биз бул динге, кыскача, «адам болуу дини» деген атты ыйгардык.