«Адам Болуу» Дининдеги Орток Психология Жана Кыймыл-Аракет Калыптары (2/6)

2- Сүйлөө Бузуктуктары

Сүйлөө адамдардын ой-пикир, көз-караш жана сезимдерин, каалоолорун тышкы дүйнөгө билдиришине, бири-бири менен кеңири байланыш курушуна жардамчы болот. Ал эми «адам болуу» дининде болсо сүйлөө бул негизги максаттан алыстап, «адам болуу» дининин адамынын бузук психологиясын сыртка чыгаруу куралы абалына келген. «Адам болуу» дининдеги адамдын бардык комплекстери, кыял-жоругундагы бузуктуктар, психологиялык проблемалары, маанайы ал сүйлөп жатканда ортого төгүлөт. Көп адамдар өзүн сыртка чыныгы абалынан башкача жана өйдө көрсөтүүнү каалайт. Мындай өзүн көрсөтүү болсо, кыймыл-аракеттер аркылуу болгон сыяктуу эле, көбүнчө сүйлөө аркылуу да ишке ашырылат. Бул бөлүмдө «адам болуу» дининдеги адамдардын сөздөрүн услуп, мазмун, кыймыл-аракет, мимика жана башка өзгөчөлүктөрү тарабынан карайбыз.

«АДАМ БОЛУУ» ДИНИН ЖАШАГАН АДАМДАРДЫН КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ БУЗУКТУКТАРЫ
«ТАБИТСИЗДИК ЖАНА ТУУРАМЧЫЛЫК ТҮШҮНҮГҮ»
(УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН КРАЛ КАРАДЕНИЗдеги ТҮЗ МАЕГИ, 6-март, 2009-ж.)

АДНАН ОКТАР: Кээде ушундай адамдарды көрөм, чындап эле табитсиз жана сабатсыз, бирок кулагына сөйкө таккан, чачын өзгөчө жасалгалаган, футболка кийген, сөздөрдү өзгөчө чоюп чоюп сүйлөйт, кызыктай бир сүйлөө калыбы чыгарышыптыр, жаңы. Бир кызыктай. Сөздөрдү созуп сүйлөп, кулагына волкманбы эмне, ошондон тагып алган, бир кыймылдарды жасап жүрөт. Ультра модерн көрүнүштө, өз оюнда, бирок толугу менен сабатсыз жана табитсиз. Мен чачын жасалгалаганына каршы эмесмин, же кыскартышына. Көңүлүнө жагып атса, кылсын. Футболка кийишине да, волкман тагышына да. Көңүлүнө жакса, кылсын. Бирок муну менен модерн болдум деп ойлоп жатышы абдан караңгылык. Себеби модерн болуу – бул сүйүү толо болуу, мээримдүү, боорукер болуу, башкалардын көңүлүнө кароо, сөздү ойлонуп сүйлөө, сөзүнүн каякка бараарын билүү, тазалыкка көңүл бөлүү, башка адамдардын тынчын албоо, Жаратуучу себебинен жаратылгандарды сүйүү, гүлдөргө, өсүмдүктөргө, балдарга, сулуулуктарга, бүт нерсеге суктануу, аларды коргоо, окуялардын ички тараптарын көрүү – мына ушул – модерн, заманбап болуу.

Жасалма жана чын көңүлдөн чыкпаган сөздөр

«Адам болуу» дини – бул бир «калыптар» дини. Адам бул калыптарды кабыл алып, ишке ашырса гана, коом тарабынан кабыл алынып, урмат көрөт. Адамдардын мамилелеринде абдан маанилүү бир орду болгон сүйлөөнүн да бул жалган динде өзүнө тиешелүү сансыз калыптары бар. «Адам болуу» дининде сүйлөнгөн сөздөр да чөйрөгө жана абалга жараша бул калыптардан тандалып катарга тизилиши аркылуу куралат. Сүйлөп жаткан адамдын ал сөздөрүн чындап жүрөгүнөн сезип сезбей жатышы эч маанилүү эмес. «Адам болуу» дининдеги адамдын жүрөгүндө сезгендери менен сыртка айткан сөздөрү эки башка болгондуктан, башкача айтканда, ичи-сырты бир болбогондуктан, бир мааниде «эки жүздүүлүк» кылган болот. Кадимки бир адам үчүн эки жүздүүлүк канчалык уят нерсе болсо да, «адам болуу» динин жашаган бир адам мындай абалга кабылганын байкабайт дагы.

Адам «адам болуу» дининде жаман көрүп турса да сүйгөн сыяктуу көрүнүүнү, сүйүп турса да маани бербеген сыяктуу болуп көрүнүүнү, маани бербей турса да урмат көрсөтүүнү, кайгырбаса да кайгырган сыяктуу, кубанбаса да кубанган сыяктуу болуп көрүнүүнү, каалабаса да каткырып күлүүнү же ыйлоону, эч таасирленбесе да абдан таң калган сыяктуу болуп көрүнүүнү үйрөнөт. Шартка жараша бул үйрөнгөндөрүн ишке ашырат.

Жанындагылар да ушундай абалда болгондуктан, жасалмалыкты жектешпейт, кадыресе кабыл алышат. Кезек аларга келгенде алар да ошондой жасалма кыял-жорук көрсөтүүдөн тартынышпайт. Жасалма сүйлөө түрлөрүнүн кээ бирлери төмөнкүлөр:

Окуяларды баяндап жатканда көбүрөөк көңүл бура алуу үчүн аша чапкан бир услуп колдонуу. Жөнөкөй бир нерсени маанилүүдөй, маанилүү бир нерсени болсо жөнөкөйдөй баяндоо. Сүйлөп жатканда, сөздүн эне тилдегиси бар болсо да, башка тилдеги сөздөрдү колдонуп, чет тил билгенин көрсөтүү...

Билбеген бир темада сөз болуп жатканда, байкатпастан билген сыяктуу көрүнүү, ал тема жөнүндө билген бир нерсесин кошумчалап, бул теманы толугу менен билчүдөй болуп көрүнүү. Баяндалган нерселер эч таасир этпесе да, жасалма обу жок реакция берүү жана ичинен сезбесе да таң калган, жактырган, сындаган, кайгырган, тастыктаган, колдогон сөздөрдү колдонуу. Мисалы, чынында таң калбаса да, «шок болдук», «абдан таң калыштуу», «ай ишенбейм»... сыяктуу сөздөрдү айтуу.

Булардын көпчүлүгү ичинен сезгендиктен улам айтылбайт. Чынында маңдайындагы адам да бул сөздөрдүн жасалма экенин билиши мүмкүн. Бирок эң негизгиси – бул калыптардын орду ордунда усталык менен колдонулушу. Башкасы маанилүү эмес. Жасалмалык жана эки жүздүүлүк «адам болуу» дининде ушунчалык табигый абалга келгендиктен, ушунчалык сиңгендиктен, адамдар ачык сөздүү, ичи-сырты бир, чын көңүлдөн сүйлөгөн бир адамга кабылса, анын мындай өзгөчөлүгүн таң калаарлык бир окуя сыяктуу сөз кылышат. «Адам болуу» дини жашалган чөйрөлөрдө адам жасалмалыкта канчалык ийгиликтүү болсо, коом ичинде ошончолук ийгиликтүү болот. Коомдо адамдар суктанган кызмат орундарына жеткен көп адамдарга көңүл бурулганда, бул эрежелерди ишке ашырууда абдан усталык кылганы байкалат. Эркектерде иш карьерасында бир көтөрүлүү куралы болгон жасалма сөздөр аялдарда дос, курдаштар арасында бир мактануу себеби катары колдонулат. Күйөөсүнүн кызмат орду, байлыгы, балдарынын мектептеги абалы, эс алууга барган жерлери, коомдук мамилелери жана иш-аракеттери аша чабуу менен баяндалат. Жасалма сүйлөө түрлөрүнө мисал катары төмөнкүлөрдү да саноого болот:

Бир адамдын тамашаларына, туура эмес болуп калбасын деп же андан тартынгандыктан же ага жагынуу үчүн зордукча күлүү, каалабаса да жасалма каткыруу. Ачуусу келгенде ашыкча сый бир услупка өтүп, ачууланганын үн тону менен билдирүү да «адам болуу» дининде көп кездешкен кыймыл-аракет бузуктуктарынын бир түрү.

«АДАМ БОЛУУ» ДИНИН ЖАШАГАН АДАМДАРДЫН
КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ БУЗУКТУКТАРЫ «ЖАСАЛМАЛЫК»
(УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН КАЧКАР ТВдеги ТҮЗ МАЕГИ, 12-март, 2009-ж.)

АДНАН ОКТАР: «Адам болуу» дини коомдун көп бөлүгүндө бир туугандарыбыз жолуккан бир чындык. Ашыкча жасалмалык, ашыкча жасалма сөздөр, б.а. табигый болбоо. Мисалы, бирөөгө жолугат, «ай-ий, сен каяктарда жүрөсүң, мен сени аябай сагындым.» Аллах жолуктурду, алхамдүлиллах деп айт, чын көңүлдөн бир маек болот. Кайра кайра «чындап абдан кубандым, чындап абдан бактылуу болдум.» Калп айтып ишендирүүгө аракет кылып жаткан сыяктуу. Ант ичет мисалы, ант ичем абдан кубандым дейт. Кайгырышың керек беле, албетте сүйүнөсүң, ушул сыяктуу жасалма, өзүн зордоп айтылган сөздөрдү айтып жатам да. Бул коомдун көп бөлүгүндө адамдарды тынчсыздандырган, жасалма сүйлөө услубу. Чын көңүлдөн сүйлөгөн адамдар да бар. Бул болсо адамга бейпилдик, ырахат берет. Чын көңүлдөн, жүрөгүндөгүн айтат. Бирок жасалма адамда, эртерээк мунун сөзү токтосо, түгөнсө деп ойлойт адам. Мындай сүйлөө калыбына чыдоо абдан оор. Бул жерден да түшүнсө болот адам, эгер ичинен сыгылып атса демек ал «адам болуу» дининде, бирок чын көңүлдөн жана көңүлү ырахат жактырып угуп жатса анын сөздөрүн, анын бар экенинен бейпилдик сезсе, анда ал «адам болуу» дининде эмес, иншаАллах.

(УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН КАНАЛ 35теги (ИЗМИР)
ТҮЗ МАЕГИ, 14-февраль 2009-ж.)

АДНАН ОКТАР: Мисалы абдан жасалма, бир театр артисти сыяктуу акылсыз мимикалар, акылсыз услуп жана бир ыр окуп жаткан сыяктуу услуп. Ушундай кызыктай адамдар болот, абдан жасалма кыймыл-аракеттерди жасайт жана кызыктай бир шоу жасайт, шоуну эске салган абдан кызыктай бир услуп менен баяндайт динди. Жакшылап карагандар, бираз акылын башкаргандар ошол замат байкашат. Акылсыздык менен, дин жөнүндө сөз кылганда атайын бир услуп талап кылынган сыяктуу, көздөрү менен бир чекитти карап, бир нерселерди жасайт, аркасында жеңил бир музыка, чыйылдаган сыяктуу. Булардын кандай зарылчылыгы бар? Дин апачык чындыктын дал өзү.

Чындап көңүл ачып жаткандыгы адамдын да жүзүнөн байкалат. Баары эч бактылуу эмес. Бири-бирине, баарын аруулаймын да, бирок көпчүлүгү бир шоу көрсөтүшөт жана бактылуулук шоусу сыяктуу бир нерсе бул.

Бош жана максатсыз маектер

«Адам болуу» дининин маектериндеги эң белгилүү өзгөчөлүк – бул маектердин бош жана максатсыз болушу. Адамдардын 90%ынан көп бөлүгүндө «жөн эле, сүйлөшүп туруу үчүн эле сүйлөшүү» кааланбаган бир кыймыл-аракет абалына келген. Натыйжа чыкпай турган, калыптанып калган белгилүү темалар мындай бош маектердин негизин түзөт. Мындай маектердин мазмуну абдан кенен. Мындай маектер «адам болуу» дини адамынын күнүмдүк жашоосунун маанилүү бөлүгүн ээлейт. Маектердин көп өзгөрбөгөн калыптанган ачылыштары бар: «Дүйнөнүн эч жеринде жок...», «Европалыктар, башка улуттар мындай кылбайт...», «24 саатта...» деп башталган маектер, «мен өкмөт башчысы болгонумда...», «биз адам болбойбуз...», «алардын баары менин жанымда чоңойду...» сыяктуу маектер менен узайт, кеңейет, бир темадан башка темага өтөт. Билинген же билинбеген ар түрдүү темада пикир билдирүүгө багытталган маектер да көп кездешет. Эч кандай натыйжа чыкпаган, чыгарылса да эч кандай пайда алып келбеген мындай маектер көбүнчө жанындагы адамдарга пикир, көз-караш, жоромол ээси экенин сездирүү комплексине таянат.

Эч нерсе чечпей турган жана хикматсыз (терең мазмунсуз) маектер

«Адам болуу» дининде чындап маектешип, чечилиши керек болгон темалар да татаал жана чечилбей турган тарапка түртүлөт. Абдан кыска мөөнөттө чечиле турган маселелер сааттар бойу узайт. Маектер өз пикирин жактоо, өзүнүкүн бербөө жана өзүн көрсөтүүгө айланат. Жумуштук чогулуштар, достордун чогулушу, үй жашоочуларынын чогулушу дайыма ушундай көрүнүштөргө сахна болот. Хикматсыздык (сөздөрдүн кыска нуска болбошу) маектерди толук камтыйт. Теманы мазмундуу, хикматтуу, акылдуу бир негизде баяндоо эч мүмкүн болбойт. Себеби хикмат бир гана Аллах каалап, тандаган пенделерине берген бир артыкчылык. Бир Куран аятында мындай буйурулат:

Кимге кааласа хикматты ошого берет; шексиз ага хикмат берилгенге чоң бир жакшылык да берилген болот. Таза акыл ээлеринен башкасы сабак алып-ойлонбойт. (Бакара Сүрөсү, 269)

Куранда билдирилген акыл жана хикматка ээ болбогон «адам болуу» дининдеги адам бир канча сүйлөм менен түшүндүрүүгө мүмкүн болгон бир теманы кээде сааттар бойу түшүндүрө албайт. Кээде кыска мөөнөттө баяндала турган теманы атайылап узартып, «даамын чыгарат». Телевизордогу ачык маектерде абдан кыска мөөнөттө чечиле турган маселелер жөнүндө сааттар бойу талаш-тартыш жасалат, бирок эч кандай жыйынтык чыкпайт. Бул жөнүндө Куранда мындайча билдирилген:

Адамдардын арасында ушундайлар бар, билбестен туруп, Аллахтын жолунан адаштыруу жана аны бир оюн-күлкү кылуу үчүн сөздүн «бош жана максатсызын» сатып алышат. Мына ошолор үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Локман Сүрөсү, 6)

«Адам болуу» дининде адам сөздү узатып, теманын маңызына эч кире албайт. Көп сүйлөгөнүнө карабастан эч нерсе түшүндүрө албайт. Керексиз кириштер, маанисиз байланыштар менен абдан жөнөкөй бир теманы да ичинен чыга албай турган бир абалга салат. Сөздөрүнүн арасына өзүнө көңүл бурууга, ой-пикирлерин маанилүү көрсөтүүгө же билимин, маданиятын көрсөтүп, мактанууга багытталган сөздөрдү колдонууга аракет кылат. Эң маанилүү темаларда да өзүн алгачкы планга, маек кылынган теманы экинчи планга койот. «Билгиле, дүйнө жашоосу жалаң гана бир ойун, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана...» (Хадид Сүрөсү, 20) аятында кабар берилген өзгөчөлүктөр «адам болуу» дининин маектеринде абдан көп кездешет.

Буларга дайыма сөз талашуу, бири-биринин сөзүн бөлүү, теманы жарым токтотуп сөздү өз оюнда маанилүү көргөн башка бир темага буруу, орунсуз, билип билбеген бүт темага аралашуу сыяктуу кыймыл-аракеттерди да кошууга болот.

Ойлонбой сүйлөө

«Адам болуу» дининин маектеринде ойлонбостук көп кездешет. Айтып жаткан темасы же колдонгон услубу маңдайындагы адамды кызыктырбаса да муну байкабастан бирдей темпте сөзүн улантуу, мурда айтып берген нерсесин унутуп кайра кайра айтуу, бүт адамдар билген нерселерди аябай оригиналдуу бир теманы айтып жаткандай айтып берүү, убактысы тар бир адамды сөзгө тартып алагды кылуу «адам болуу» динине тиешелүү ойлонбой сүйлөөнүн эң белгилүү мисалдарынан. Ошондой эле, орунсуз жана жаман тамашалар маектердин андан да хикматсыз бир абалга келишине себеп болот.

Ойлонбой сүйлөө сүйлөө калыптарынын бири. Туура эмес түшүнүп калына турган сөздөрдү айтуу, сөздүн каякка, кимге тийерин эсептей албоо, сүйлөп жатканда орунсуз сүйлөө ушул топко кирет. Көбүнчө атайылап басынтуу же шылдыңдоо максаты болбогонуна карабастан, байкабастан айтылган сөздөр менен адамдарды капа кылуу «адам болуу» динине тиешелүү бир кыймыл-аракет. Көп адамдуу чөйрөлөрдө ал жердеги адамдардын ар түрдүү материалдык же денесиндеги кемчилик же майыптыктарын көңүлгө албастан, зарыл бир сөз да болбогонуна карабастан, бул темалар жөнүндө сөз кылуу ал адамдарга тийиши мүмкүн. Мисалы, чачы таз же бойу кыска же жакыр бир адамдын жанында мындай өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу керексиз темалар жөнүндө сөз баштоо, басынта турган тамашаларды айтуу «адам болуу» динине тиешелүү ойлонбой сүйлөөнүн мисалдары арасында.

Урмат-сыйга туура келбеген абалда шылдыңчыл сүйлөө

Кандай гана тема болбосун өзүнүкүн бербеген жана талашкан бир услуп менен сүйлөө «адам болуу» дининин өзгөчөлүктөрүнөн. Ошондой эле, үнүн көтөрүү аркылуу талаштарда жеңүүгө аракет кылуу өзгөчө берки адамга өз пикирин таңуулоонун бир зарылчылыгы катары колдонулат.

Өзүнүн жанында эле отурган адамдарга көңүл бурбастан, алар жөнүндө «бул», «булар» сыяктуу сөздөрдү колдонуу, маңдайындагы адамдын жүзүнө карабастан сүйлөө, тамаша менен сөзүн бөлүү, сөз тийгизүү да «адам болуу» дининде башка адамдарды басынтуу ыкмаларынан. Укканына карабастан, өзүн оор басырыктуудай көрсөтүү үчүн, узатылган суроолорго жооп бербөө, укпамыш болуу да кээ бир колдонулган ыкмалардан. Мындан тышкары, уккан нерсесин атайылап кайталатуу, түшүнүп туруп түшүнбөгөндөй болуу, бир адам бир нерсе айтып берип жатканда ага көңүл бурбаганын жана укпаганын байката турган абалда башка бирөө менен башка бир темада сөз баштоо да – урматсыз жана шылдыңчыл маек мисалдарынын кээ бирлери.

Бир адам айтып берип жаткан темага кызыкпаганын, маани бербегенин көрсөткөн сөздөрдү айтуу «ооба ооба туура айтасың», «ушул темп менен улант» сыяктуу... сөздөрдү колдонуу, мындан тышкары, жогорулук услубун колдонуу («берчи көрөйүн», «келчи бери көрөйүн» сыяктуу...) да бул темага бериле турган мисалдардын кээ бирлери.

Телефондук сүйлөшүүлөр

Телефондо сүйлөшүп жатканда, кадимки үн тону жана услубунан башкача бир үн тонун жана услупту колдонуу да «адам болуу» дининин өзгөчөлүктөрүнөн. «Ало» сөзүн турган жеринин статусуна жараша, башкача жасалма бир абалда айтуу, мисалы башчы же директор болгон болсо үнүн атайылап жоон жана ток бир тонго келтирип, жай жана ашыкча олуттуу бир услуп менен телефонго жооп берүү сыяктуу.

«Адам болуу» дининде телефон менен сүйлөшүп жатканда байкалчу башка аракеттер төмөнкүлөр: бетме-бет сүйлөшкөндө кенен айта албаган нерселерди телефондо кубаттанып айтуу, кызыкчылыгы болгон бирөөнүн телефон чалышын күтүп телефондун жанында турганына карабастан, ал телефон чалганда ылдам жооп бербөө, көпкө чыңгырагандан кийин жооп берүү...

Бирөө менен сүйлөшүп жатканда айланасындагыларга каш көзүн кыймылдатып ишараттар берүү. Өзүн тааныштыруу жана коштошуу убагында жасалма калыптарды колдонуу, ачууланганын билдирүү үчүн аппаратты катуу коюу, сүйлөшүп жатканда ал адамды калп эле мактап, телефонду койгондон кийин ал адам жөнүндө жаман же шылдыңдаган сөздөрдү айтуу сыяктуу кыймыл-аракеттер да «адам болуу» динине тиешелүү.

Артынан уруштуруу жана ушак айтуу

Калем Сүрөсүнүн 10-13-аяттарында «адам болуу» динин тутунгандардын пас, төмөн аракеттери катары менен сүрөттөлөт. Ал аяттар төмөнкүлөр:

Ушулардын эч бирине баш ийбе (ээрчибе): Ант ичип турган, төмөн (пас адам). Болушунча (бирөөлөрдү) айыптап жамандаган, сөз ташыган. Жакшылыкка бут тосуусун уланткан, урушчаак, болушунча күнөөкөр (күнөөгө баткан). Орой, урматсыз жана да сөз тыңшаар. (Калем Сүрөсү, 10-13)

Аяттардын башында айтылган «болушунча айыптап жамандоо» «адам болуу» дининде көп кездешет. Бул шайтандык динди тутунгандар арасында адамдарга өз көзүнчө жакшы мамиле кылып, кийин аркасынан уруштурган адам модели абдан кеңири тараган. Эч ким бири-биринин кемчиликтүү, туура эмес тараптарын аны оңоо максатында сөз кылбайт. Ансыз деле башкалардын каталарын оңдоону көп адамдар каалашпайт. Бир адамдын кандайдыр бир катасы жөнүндө бир гана шылдыңдоо же ушактоо үчүн сөз кылынат.

«Адам болуу» дининде бир көңүл көтөрүү жана алаксуу темасы абалына келген ушак айтуунун коомдук жашоодо маанилүү орду бар. Коомдо мындай жаман кыял-жорук сындалып, андан баш тартуунун ордуна тескерисинче көбүнчө жактагандар байкалат. Куранда болсо бул жөнүндө мындай өкүм берилет:s

Эй ыйман келтиргендер, күмөндөн (божомолдон) абдан качынгыла; себеби күмөндүн бир бөлүгү күнөө. Бири-бириңердин жашыруун тарабын изилдебегиле. Кээ бирөөңөр кээ бирөөлөрдү гыйбат кылып (жамандап) аркадан уруштурбасын, силердин бирөөңөр өлүү бир тууганынын этин жегенди жактырабы?... (Хужурат Сүрөсү, 12)

«АДАМ БОЛУУ» ДИНИН ЖАШАГАН АДАМДАРДЫН КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ БУЗУКТУКТАРЫ
«БОШ МАЕКТЕР» (УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН КАНАЛ 35теги
(ИЗМИР) ТҮЗ МАЕГИ,1-февраль 2009-ж.)

АДНАН ОКТАР: Бош маектер канчалык кыйын, кандай оор, болгондо да жасалма бир адамдын бош сөздөрүн угуу, андай адамдарга көңүл бурсаңыздар дайыма нокдаун болушат. Акылы ордунда бир адам абдан кыйналып кетет андайдан. Эң сонун нерсе ал жерден чыгып кетүү. Ушак кылынып жатканда болсо ушак кылынып аткан адамды мактасаңыз, ушактаган адамдын ырахаттануусун тамагына тыгып койосуз, абдан жакшы болот. Үч беш мактоолуу сөздөрдү айтсаңыз, ушактын эч кандай мааниси калбайт ал үчүн.