Пайгамбар Мырзабыз (сав) ага узатылган «дин эмне?» деген суроого «жүргөн жолуңар» деген жоопту берген. Бул жооп бул теманын маңызын эң даана сүрөттөйт. Дин бир адамдын жана натыйжада адамдардан турган коомдун бардык баалуулуктарын, ахлак эрежелерин, жашоо калыптарын өзүнө камтыйт. Мисалы, Йусуф Сүрөсүнүн 76-аятындагы «дин» сөзү ушул мааниде:
Ушинтип (Йусуф) инисинин жүгүнөн мурда алардын жүктөрүнөн (издеп) баштады, кийин аны инисинин жүгүнөн алып чыкты. Биз Йусуфка ушундай амал үйрөттүк. (Себеби ал) Өкүмдардын дини боюнча инисин (жанында) алып кала алмак эмес... (Йусуф Сүрөсү, 76)
Куранда каапырлардын да бир дин тутунушаары көптөгөн аяттарда кабар берилет. Мисалы Фараон Аз. Муса жөнүндө коомуна мындай дейт:
... Койо бергиле мени, Мусаны өлтүрөйүн да ал (барып) Раббисине жалбарып-жалынсын. Себеби мен (анын) силердин диниңерди өзгөртүшүнөн же жер жүзүндө бузукулук чыгарышынан коркуп турам. (Момун Сүрөсү, 26)
Башка аяттарда болсо каапырлардын пайгамбарлар алып келген акыйкат, чыныгы динге каршы эски батыл (жалган) диндерине «жабышкандыгы» мындайча баяндалат:
Ичтеринен аларга бир эскертүүчүнүн келишине таң калышты. Каапырлар: «Бул калп айткан бир сыйкырчы. Кудайларды жалгыз бир Кудай кылат бекен? Бул өтө таң калыштуу нерсе» дешти. Алардын алдыңкыларынан бир топ: «Жүргүлө (кеттик), өзүңөрдүн кудайларыңарга карата (бекем) чечкиндүү болгула; себеби негизги максат ушул» деп басып кетишти. «Биз муну башка динде укпадык, бул – ойлоп табылган нерсе гана.» (Сад Сүрөсү, 4-7)
Бул жерге чейин айтылгандардан байкалгандай, ар бир адамдын бир дини бар. Аллахтын динин карманбагандар, ал тургай өзүн атеистмин деп тааныштыргандар да чынында «динсиз» эмес, болгону жалган бир динди карманышат. Бул диндердин кээ бирлери учурда «дин» деп аталбашы мүмкүн. Бирок Куранда айтылгандай, алардын баары дин. Мисалы, марксизм да бир мааниде жалган бир дин, себеби бул идеология кээ бир адамдардын «жүргөн жолу». Марксисттер Маркс чыгарган ой-пикир системасын, анын ойлонуу ыкмасын кабыл алышкан. Дүйнөнү ал койгон пикирлерге жараша таразалашат. Кантип жаралганын жана өлүмдүн эмне экенин да Маркстын (жана Энгельстин) илимге сыйбас логикаларына таянып түшүндүрүшөт. Кыскача айтканда, марксизмге ишенишкен жана жашоолорун да ошого ылайык багытташып, окуяларга ошого ылайык баа беришет.
Марксизм бир гана мисал. Ага окшогон жүздөгөн ар түрдүү дин (башкача айтканда, философия, ой-пикир системасы ж.б.) саноого болот. Марксизмге толугу менен карама-каршы идеологиялар да дин. Албетте, бул диндердин баары батыл (жалган, ойлоп чыгарылган) диндер жана түпкүрүндө адамдарды Аллахтын жолунан адаштыруу максатында ойлоп чыгарылган.
Бул жерде баса белгилей турган нерсе төмөнкүдөй: жер бетинде идеологиясы, философиясы, дүйнөгө көз-карашы эмне гана болбосун же ал тургай такыр жок болсо да, акыйкат динден алыстаган адамдардын бүт баары баш ийген жалгыз бир орток жалган дин бар. Бул дин киришүүдө сөз кылынган жана негизги маңызы баяндалган «адам болуу дини». Жана шайтандын адамдарды акыйкат динден адаштыруу жана алыстатуу үчүн кылган аракетинде колдонгон эң жашыруун жана эң таасирдүү куралдарынын бири.