Адам Болуу!

Cен эң алгач адам бол!»
«Адам сыяктуу адам болгонуңда мындай нерселерге кабылбайт элек!»

Бул сөздөрдү өмүр бойу канча жолу укканыбызды ким билет. Өзгөчө жаш кезибизде улууларга жакпаган бир нерсени айтканыбызда же алар каалабаган бир нерсени кылганыбызда...

Бул сөздү айткан адам үчүн «адам болуу» бүт нерседен өйдө. «Адам болуу» деген сөздүн мааниси – бул коомдун көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган бир түшүнүккө, маданиятка, кыймыл-аракетке жана жашоого ээ болуу, кадимки деп таанытылган белгилүү калыптарга ээ болуу. Бул баалуулуктар системасы, калыптары жана эрежелери менен коомдун көп бөлүгү тарабынан кабыл алынууда жана ишке ашырылууда. Бул калыптардын жана эрежелердин кайдан пайда болгону, канчалык туура экендиги болсо оңой оңой талашылбайт, канчалык маанисиз экени сындалбайт. Себеби коомдун көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган бул түзүлүштү сындоо, көпчүлүккө каршы чыгуу көп адамдардын ага каршы чыгуу коркунучун да алып келет.

Туура экенине так ишенилген бул түзүлүш белгилүү коомдорго гана тиешелүү бир өзгөчөлүк деп түшүнүлбөшү керек. Бул система Чыгышта болсун, Батышта болсун ар кандай маданияттар орун алган чөйрөлөрдө өзүнө тиешелүү ишеним жана кабыл алуулар системасы катары жашап келүүдө; тыюулары, жазалары жана кеңештери менен өз алдынча, көз-карандысыз бир дин -адам болуунун дини- абалында ишке ашырылууда: «адам болуу дини».

«Адам болуу» - бул Мусулман болуу, Аллахка ишенүү, сонун ахлактуу болуу, ал тургай инсан болуудан такыр башка бир түшүнүк. Аллах Куранда сүрөттөгөн мамиле жана ахлактын бул динде эч кандай орду жок. Ансыз деле «адам болуу» дини Куран ахлагы чыныгы мааниде жашалбаган чөйрөлөрдө пайда болууда жана өнүгүүдө. Көбүнчө коомдо баары таңыркаган, аларды туураган, өйдө, урматтуу деп кабыл алынган адамдар – бул «адам болуу» динин абдан жакшы үйрөнгөн жана бул жалган системаны бардык эрежелери менен ишке ашырган адамдар.

Бул жерде Куранда кеңеш кылынган негизги ахлак принциптерине жана «адам болуу» дининин буларга толугу менен карама-каршы келген чирик логикасына басым жасоо туура болот. Куранда бүт адамдардын Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү экени билдирилет. Демек, адам бир гана Аллахты ыраазы кылууга милдеттүү жана башка адамдардын суктануусу же жактыруусу артынан чуркабашы керек. Куран ахлагын жашаган бир момун «Аллах пендесине жетиштүү эмеспи? Сени Андан башкалары менен коркутуп жатышат...» (Зүмер Сүрөсү, 36), «...жол көрсөтүүчү жана жардамчы катары Раббиң жетиштүү.» (Фуркан Сүрөсү, 31) аяттарына жараша ойлонот жана жашайт. Бүт өмүрү Раббибизди ыраазы кыла алуу максатына арналат. Диндин негизи ушундай. Куранда Аз. Ибрахимден бүгүнкү күнгө чейин узанган акыйкат диндин өзгөчөлүгүнүн бүт жашоосун Аллахка арноо экендиги кабар берилген. Бир аятта мындайча буйурулат:

Айткын: «Раббим чындап мени туура жолго салды, түптүз тик турган бир динге, Ибрахимдин ханиф (муваххид, Аллахты жалгыз деп таануу) динине. Ал мушриктерден (Аллахка шерик кошкондордон) эмес эле.» Айткын: «Шексиз, менин намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Рабби болгон Аллах үчүн.» (Энам Сүрөсү, 161-162)

Адамдын жашоодогу негизги максатынын Аллахтын ыраазычылыгы болушу анын башка адамдар менен болгон мамилелерин да сөзсүз тамырынан өзгөртөт. Бираз муда айтылгандай, адамдын башка адамдарга карата өз алдынча бир милдети жок. Бирок Аллах башка адамдарга кандай мамиле кылуу керек экенин Куранда билдирген жана Аллахтын алдындагы жоопкерчилик башка адамдарга карата да эң боорукер, эң мээримдүү, эң адилеттүү, эң чынчыл мамиле көрсөтүлүшүнө шарт түзөт. Аяттарда момундардын бул багыттагы көз-карашы мындайча сүрөттөлөт:

(Алар) Назирлерин (Аллахка арнагандарын) аткарышат жана жамандыгы жайылган бир күндөн коркушат. Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундарга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедиришип (мындай дешет:) «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз; силерден акы жана алкыш сурабайбыз. Себеби биз (жүрөктү) сыга турган, оор бир күн себебинен Раббибизден коркобуз.» (Инсан Сүрөсү, 7-10)

Аяттардан да байкалгандай, момундардын башка адамдардан бир нерсе күтүү, алардан жооп күтүү сыяктуу бир мамилелери жок. Бул момунга абдан күчтүү жана бекем бир кыял-жорук тартуулайт. Момун ар кайсы чөйрөдө, кимдин алдында болбосун туураны, т.а. Аллахтын буйруктарын аткарат. Эч кимден суктануу, мактоо да күтпөйт, эч кимден тартынбайт да. Бир гана Аллахтын ыраазычылыгын каалайт. Аллах Куранда момундарды «сындагандын сынынан коркпогондор» (Маида Сүрөсү, 54) деп таанытат. Ушул себептен момундун окуяларга жана адамдарга карата кулк-мүнөзү жана мамилеси эч өзгөрбөйт. Ага берилген кызмат орду, даражадан улам көппөйт, кыйынчылык абалга кабылган болсо үмүтсүздүккө түшпөйт. Куранда момундардын мындай туруктуу мүнөзүнө көп көңүл бурулган жана көп мал-мүлк же бийликке жеткендеги мамилелери менен, кыйынчылык жана жакырчылык ичиндеги мамилелеринин бирдей экендиги аяттардан байкалат. Себеби момун ага келген ар түрдүү немат (бул мал-мүлк, бийлик, кызмат даражасы ж.б. болушу мүмкүн) же азап-кыйынчылыктын (адамдар тарабынан сындоого алынуу, кол салууга кабылуу, куугунтукталуу, кедей калуу, күнөөсүз түрмөгө камалуу ж.б. болушу мүмкүн) Аллахтан келгендигин жана бүт бул нерселердин аны тарбиялоо жана сыноо үчүн жаратылган «сыноолор» экенин билет.

Ал эми «адам болуу» дини болсо Аллахтын улуулугун, кудуретин зарыл деңгээлде түшүнө албаган, Аллахтын ыраазычылыгы ордуна адамдардын ыраазычылыгын максат кылган, акырет жашоосу ордуна бул дүйнөдөн үмүт кылган адамдардын дини. Бул шайтандык динде адамдар бири-бирибиздин алдыбызда жоопкерчиликтүүбүз деп ойлошот. Башка адамдарды ыраазы кылуу, башка адамдардын жактыруусуна жетүү, коомдо «статуска» ээ болуу – көбүнчө жашоонун эң негизги максаты.

Ошондуктан момундун мамилесинин тескерисинче, «адам болуу» дининдегилер окуялар жана адамдарга карата өзгөрмөлүү бир мамиле жана мүнөзгө ээ болушат. Башкача айтканда, «адам болуу» дини – бул бир «ылайыкташуу» дини. Жерге, убактысына, адамына, окуясына жараша мамиле, көз-караш жана үндөрдү ылайыкташтырып өзгөртүү керек болот. Чын пейилдүүлүк жана табигыйлык бул жалган динде жок. Бул адашкан ишеним боюнча коомдо ар бир жыныстын, жаштын, окуянын адамы ичиндеги абалга, ээ болгон «статусуна» жараша ар түрдүү мамилелер көрсөтүшү керек.

Аялдар аларга коюлган «эрежелерге» ылайык мамиле кылышы керек, эркектер жана жаш балдар да аларга берилген ролдорду аткарууга милдеттүү. Эгер адам бир окуучу болгон болсо «адам болуу» дини бир окуучунун эмнелерди жасашын талап кылса ошондой болушу керек. Бул абал бир кызматкер, доктор, окутуучу жана жумушчуга да тиешелүү. «Адам болуу» динин тутунгандар коом ичиндеги статусун өздөрүнө жеке кишилик, кулк-мүнөз кылып алышат жана ушул кишиликке ылайык кыймыл-аракет жасашат. Ал эми момундун кишилигин болсо ишеними калыптандырат, бираз мурда айтылгандай, коомдун ага болгон көз-карашы, анын статусу бул кишиликке эч таасир этпейт.

«Адам болуу» дининин коомунда чоңойгон адамга бул ахлак жана кишилик түзүлүшү өзүнөн-өзү жайгашат жана бул жалган диндин эрежелери ошол замат ишке ашырылып баштайт. Коом ичинде өтүмдүү болуунун, жогору болуунун жолдору ушулардан, бул мамиле жана аракеттерден өтөт.

Кийинки бөлүмдөрдө «адам болуу» дининин адамдар тиешелүү болгон чөйрөгө, жаш курагына, социалдык жана маданий абалдарына, жынысына жараша адамдарга үйрөтүлгөн кыял-жорук, мамиле жана сүйлөө калыбын, руханий жана кишилик түзүлүштөрүн, психлогияларын анализ кылабыз. Булардын Куранда сүрөттөлгөн идеалдуу мамиле калыптарынан, кишилик жана ахлак түзүлүшүнөн канчалык алыс экендиги Куран аяттары менен салыштырылганда апачык көрүнүүдө. Натыйжада шайтандын жалган диндеринин бири болгон «адам болуу дининин» Исламдан алыс бир адамга жашоосунун ар бир баскычында кандайча буйруктар бергени ортого чыгат.

«АДАМ БОЛУУ» ДИНИ БОЮНЧА АДАМ БОЛУУ (УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН КАНАЛ 35ТЕГИ (ИЗМИР) ТҮЗ МАЕГИ, 18-январь 2009-ж.)

АДНАН ОКТАР: «Адам болуу» дини адамдар арасында бар. Мисалы, ал чыныгы адам дешет, карайсың, кыймыл-аракеттери, сөздөрү, мимикалары, мамилеси абдан жасалма, бир театрдын оюнчусу сыяктуу. Адамды уялта тургандай даражада, абдан жасалма, сөздөрү жасалма, услубу жасалма, т.а. чын көңүлдөн эмес. Муну менен байланыштуу жүздөгөн мимика, жүздөгөн услуп бар. Мисалы, бирөө келсе, «жылдардан бери сизди күтүп жатканбыз, сиз каяктарда жүрдүңүз» сыяктуу абдан жасалма сөздөр айтылат. Мунун ордуна адам чын жүрөктөн сагынганын, абдан жакшы көрөөрүн айтса болот, ачык айтат. Ал жердеги жасалмалыктын кандай зарылчылыгы бар? Мына ушул – «адам болуу» дини, мен ушуну айтып жатам.

Жасалмалык адамды чарчатат. Табигыйлык абдан сонун, чын пейилдүүлүк абдан сонун, чын жүрөктөн сүйүү абдан сонун, чын жүрөктөн айтылган сөздөр кандай сонун. Ошол үчүн Аллах «чын пейилдүү, ыкластуу пенделерим кутулат» дейт, шайтандан Аллахка корголоном. Чын пейилдүүлүктүн ырахаты менен жасалмалыктын жамандыгы арасында Мусулманга тандоо жаса десе, Куранда бир өкүм болбосо да адам ансыз деле табигыйлыкты тандайт. Себеби табигый, чын пейилдүү адам абдан сулуу, табигый бир аял каякта, жасалма бир аял каякта, туурабы, абдан жаман көрүнөт.