Адамдардын көпчүлүгүн, алар байкабаса да, таасири астына алган жалган, негизсиз (батыл) бир дин бар. Бул - өзүн ачык тааныштырбаган жашыруун бир дин. Эч кандай жазылуу эрежелери жок. Аты да жок. Бирок адамдардын кыймыл-аракеттерин, ой-пикирлерин башкарат. Көп адамдар эч маани берип, байкабастан жашоолору боюнча бул диндин эрежелерин аткарышып, бул диндин буйрук жана тыюуларына ылайык жашашат. Бул жалган (батыл) дин – Мусулмандык, Христиандык же Мусевилик (Иудейлик) эмес. Бул жалган динге баш ийген адамдардан суралганда балким «Мен Мусулманмын» же «Мен Христианмын» деши мүмкүн. Кээ бир адамдар динсиз же ал тургай атеист болушу да мүмкүн. Бирок булардын баары чынында бул жашыруун динди тутунушат.
Бул жалган дин башында адамдардын алдына толугу менен коюлуп, аларга сунуш кылынбайт. Адамдар бул динди бул дүйнөгө келгенден баштап алган көп жылдык «тарбиянын» натыйжасында кабыл алышат. Ошондуктан, кыймыл-аракет, ой-пикир, мамилелеринин, ал тургай, мимикаларынын да бул динге таянганын байкашпайт.
Бул жалган дин аны тутунгандарга максат катары «адам болууну» көрсөтөт. «Адам болуу» - бул ошол диндин баалуулуктарын кабыл алуу, эрежелерин, тыюуларын жана кыймыл-аракет калыптарын жасоо, анын кулк-мүнөз өзгөчөлүктөрүнө ээ болуу дегенди билдирет. Коом тарабынан кабыл алынуу, алардан бөлүнүп калбоо, белгилүү бир жерге жетүү үчүн адам болуу шарт. Бул дин «адам болуу» дини. Биз бул динди «адам болуу дини» деп атайбыз. «Адам болуу» дини адамдарды жасалмалыкка, жасалма аракеттерге түртөт. Бул жалган динди тутунгандар көбүнчө чын жүрөктөн, көңүлү каалагандай эркин жана табигый аракет кыла алышпайт. Ичинде турган чөйрөгө ыңгайлуу деп ойлогон аракет калыптарын, сүйлөө калыптарын, мимикаларды колдонушуп, дээрлик дайыма роль ойношот. Ушуга карабастан, өздөрүн абдан табигый жана кадимки абалда өмүр сүрүп жатам деп ойлошот.
Бул жалган система натыйжада өзүнө да чын пейилден мамиле кыла албаган, жасалма бир адамдык кыял-жорукка ээ адам моделдерин чыгарат. Бүт тараптан азап жана кыйналуу бере турган мындай шайтандык бир диндин коомдун бардык тараптарын таасири астына алышынын эң маанилүү себеби – жогоруда айтылгандай, бул диндин атынын коюлбагандыгында. Бул шайтандык динди тутунгандар бул диндерин сынга алуу, аны таштоо же өзгөртүү жөнүндө бир саамга да ойлонушпайт. Себеби алар жашап жаткан системанын бир дин экенин билишпейт. Алар баш ийген системасын «жашоонун чындыктары, өзгөрбөс эрежелери» катары көрүүнү бир эрдик деп ойлошот.
Адам ичинде турган мындай абалдан баш тартмайынча, «адам болуу» дининен айрылмайынча, Исламды толук түшүнө албайт жана жашай албайт. Себеби Исламдын негизги шарттарынын бири – бул табигый болуу (жасалма болбоо) жана ыкластуулук. Бир адамдын Ислам менен жашашы жана натыйжада чыныгы бактылуулук жана кутулууга жетиши ал адам Аллахка, өзүнө жана башка адамдарга карата абдан ыкластуу, табигый болгондо гана мүмкүн болот. Ыйман бир гана ыкластуулук, чын пейилдүүлүк үстүнө курулат. «Адам болуу» дининин таасиринен кутулуу үчүн болсо эң алгач бул шайтандык динди аныктап, сүрөттөө керек. Бул китептин максаты да ушул. Эмки бөлүмдөрдө «адам болуу» дининин өзгөчөлүктөрүн терең карайбыз.
Окурмандын милдети болсо бул жалган диндин өзгөчөлүктөрүн анализ кылып жатканда өзүн да таразалашы жана сындашы. Себеби канчалык адамдар мойнуна алгысы келбесе да, «адам болуу» дининин бүт адамдарга кандайдыр бир деңгээлде сөзсүз таасири тийип жатышы мүмкүн. Адамдын жашоосунун ар бир көз ирмемине кийлигишкен мындай караңгы динден кутулуу үчүн болсо эң алгач көңүл койуу жана чын ниеттүүлүк талап кылынат.