«Адам Болуу» Дининдеги Орток Психология Жана Кыймыл-Аракет Калыптары (5/6)

12- Өз кызыкчылыгын ойлоо

Куранды жол көрсөтүүчү катары кабыл алган бир адамдын эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын өз мал-жанын башкалар үчүн эч аябашы. Себеби мындай бир адам бүт мал-мүлктүн Аллахка тиешелүү экендигин жана Анын ыраазычылыгына жетүү үчүн ага аманат катары берилгенин, ошондуктан Раббибиз көрсөткөн негизде сооп, жакшылык жолунда каржашы керек экенин билет. Мындай каржоо – Исламдын эң негизги ибадаттарынын бири.

Момундардын ээ болгон мал-мүлктөрүн колдорунан келишинче каржашы, б.а. Аллах Куранда санап көрсөткөн адамдарга «... жакырлар, кедейлер, зекет иши боюнча жооптуулар, көңүлдөрү Исламга бурулушу үмүт кылынгандар, кулдар, карыз болуп калгандар, Аллах жолундагылар жана жолдо калгандарга» (Тообо Сүрөсү, 60) бериши зарыл. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жасала турган мындай ибадат момундар үчүн чоң бир ырахат, кубаныч жана бактылуулук булагы болот. Куранда көптөгөн аяттарда бул ибадаттын маанисине басым жасалат.

Бакара Сүрөсүнүн 177-аятында чыныгы жакшылыктын «мал-мүлккө болгон сүйүүсүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, кедейлерге, жолдо калганга, сурап-тиленгенге жана кулдарга (азаттыкка чыгуу үчүн) бергендердин мамилеси» экендиги; Инсан Сүрөсүнүн 8-аятында момундардын «аны сүйүп (жегиси келип) турганына карабастан, тамакты кедейге, жетимге жана туткундарга жедиришээри» билдирилет. «Жакшы көргөн нерселериңерден кайыр-садака бергенге чейин эч жакшылыкка жете албайсыңар. Эмне кайыр-садака кылсаңар, шексиз Аллах аны билет» (Али Имран Сүрөсү, 92) аяты да бул нерсенин маанисин көрсөтүүдө.

Момундардан турган бир коомдун да эч шексиз эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнүн маанилүү жолдорунан болгон кайыр-садака жана өз мал-жанын аябоону аткаруу болуп саналат. Коомдун мүчөлөрү өзүнүн жеке кызыкчылыктарын эмес, момун коомдун жалпы кызыкчылыктарын ойлонот жана ошого жараша мамиле кылышат. Өз кызыкчылыктары менен башка бир момундун кызыкчылыгы туура келбеген учурда болсо, Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн, өзүнүн эмес, ал момундун кызыкчылыгына ылайык мамиле кылат. Куранда Мединага көчүп келген момундар менен Мединалык момундар арасындагы жогорку ахлак мисалдары төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

Алардан мурда ал мекенди (Мединаны) даярдап, ыйманды (көңүлдөрүнө) жайгаштыргандар болсо, хижрат кылгандарды (көчүп келгендерди) сүйүшөт жана аларга берилген нерселерден улам ичтеринде бир муктаждык (сезимин) сезишпейт. Өздөрү муктаж болуп турушса да, (Мусулман бир туугандарын) өз напсилеринен өйдө тутушат. Ким напсисинин «сараң жана өзүмчүл каалоолорунан» сактанган болсо, мына ошолор фелах (кутулуу)га жетишкендер. (Хашр Сүрөсү, 9)

Ал эми «адам болуу» дини толугу менен жеке кызыкчылыктарга таянган бир коом моделин курушат. «Адам болуу» дининде чоңойгон бир адамга жаш кезинен баштап өз кызыкчылыгын ойлогон жана өзүмчүл бир мүнөздүү болушуна түрткү берилет. Үй-бүлөсүнөн, досторунан, коомдун көпчүлүгүнөн көргөн өрнөк адам модели – бул өзүмчүл, ар кандай чөйрөдө өз кызыкчылыгын карап коргогон адам модели. Мындай «тарбия» натыйжасында убакыттын өтүшү менен «кемесин куткарган капитан» болууну үйрөнөт.

«Тыңдык» (эпчилдик) жана «шуулдактык» «адам» болушу керек болгон бир адамда болуучу өзгөчөлүктөрдөн болуп саналат. Ар кандай чөйрөдө жана жумушта өз кызыкчылыгына максимум пайда ала алуу тыңдыктын бир көрсөткүчү катары каралат. Буга ылайык адам ар кандай чөйрөдө өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлошу керек жана «эң көп пайда» принциби менен аракет кылышы зарыл. Адамдар арасындагы мамилени да эң көп пайда принциби калыптандырат. Жумуш ордунда башчы кызматкерлерден, кызматкерлер башчылардан колдон келишинче көп пайда «чыгарууга» аракет кылышат. Соодада кардар сатуучудан, сатуучу кардардан, достор бири-биринен эң көп пайдаланууга аракет кылышат.

«Адам болуу» дини жашалган коомдордо ашыкча иштетүү кадыресе көрүнүш кабыл алынат жана коомдун жалпы ахлагы абалына келген. Бүт адамдар кызматтык укуктарына ылайык кол алдында иштегендерди мүмкүн болушунча көп иштетүүгө аракет кылат. Коомдо мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонбоо болсо акылсыздык, адамдар айткандай «келесоолук» деп бааланат. «Бул дүйнөгө бир келесиң» философиясына таянган мындай көз-караш адамдарда Аллах коркуусунун жок болушунан келип чыгат. Мындай кызыкчылык жарышы адамды төмөн, пас бир кулк-мүнөздүү кылат.

Ошол эле учурда «адам болуу» динине тиешелүү кээ бир адамдардын да кээде башкалар үчүн өз мал-жанын сарптаганын, жардыларга, муктаж адамдарга жардам бергенин жолуктурууга болот. Бирок бул жерде маанилүү бир нерсе бар: «адам болуу» дининин мындай калп «берешен» адамдары кылган каржоолорун, момундардыкы сыяктуу Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жана чын көңүлдөн эмес, адамдарга көрүнүү үчүн жасашат. Бир аятта мындай адамдардын абалы төмөнкүчө билдирилет:

Эй ыйман келтиргендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенбестен, адамдардын көзүнө (мактануу үчүн) мал-мүлкүн садака кылган сыяктуу миннет (садака берилгендерден алкыш сыяктуу бир нерсе үмүт кылып) жана (аларды) басмырлап садакаларыңарды жараксыз (соопсуз) кылбагыла. Мындайдын абалы үстүндө топурак турган бир таштын абалына окшойт; үстүнө себелеген бир жамгыр жааса эле, аны (ал ташты) жыпжылаңач кылып койот. Алардын тапкандарынан эч нерсеге күчтөрү жетпейт. Аллах каапырлар коомун туура жолго баштабайт. (Бакара Сүрөсү, 264)

Мындай адамдарды жакырларга же жетим балдарга жардам берүү үчүн курулган уюмдарга чоң көлөмдөрдө жардам бергенин көрүүгө болот. Бирок бул жардамдары сөзсүз маалымат каражаттарында жарык көрөт жана жүз миңдеген адамдар бул кишилердин «боорукердигине» күбө болушат. Ансыз деле максаттары ушул. Бул адамдар чынында абдан сараң болушат жана башка адамдарга кичинекей да жардам беришпейт. Кылган мындай көрсөтмө жардамдары аркылуу чындыгында бир соода кылган болушат. Берген акчасына коомдо жакшы бир имидж сатып алышууда. Бул бир тараптан мактаныч, экинчи тараптан болсо пайдалуураак инвестициялар жасашы үчүн бир «капитал» болот. Куранда мындай адамдардын чындыгында сараң экендиги жана кылган кайыр-садакаларынын да эл көзүнө экендиги мындайча кабар берилет:

Алар сараңдык кылышат, адамдарга да сараңдыкты буйрушат (кеңеш кылышат). Аллах берешендиги менен аларга бергенин жашырышат. Биз ал каапырларга басмырлоочу бир азап даярдап койгонбуз. Жана алар мал-мүлктөрүн адамдарга мактануу үчүн садака кылышат, Аллахка жана акырет күнүнө болсо ишенишпейт. Шайтан кимге дос болсо, ал кандай жаман дос. Аллахка жана акырет күнүнө ишенип, Аллах аларга берген ырыскыдан садака кылышса, бул аларга зыян алып келмек беле? Аллах аларды жакшы билет. (Ниса Сүрөсү, 37-39)

Сараңдыктын динден баш тарткандардын мүнөзү экендиги бир аятта мындайча билдирилет:

Эми, ал жүз үйрүгөндү көрдүңбү? Аз гана берди жана калганын колунда таштай бекем тутту. (Нежм Сүрөсү, 33-34)

Калем Сүрөсүндө «адам болуу» дининдеги мындай сараң кыялдуу бакча ээлеринен сөз кылынат. Ал аяттар төмөнкүдөй:

Чындыгында, Биз ал бакча ээлерине балээ бергендей, буларга да балээ бердик. Алар эрте менен (эртелеп жана эч кимге кабар бербестен) аны (бакча мөмөлөрүн) сөзсүз жыйнап алууга ант ичишти. Алар сөзсүз ушундай кылабыз дешкен эле. (Калам Сүрөсү, 17-18)

Анан таң азанда бири-бирин чакырышты: «Эгер түшүмүңөрдү жыйнап ала турган болсоңор, эртерээк туруп-жөнөгүлө.» Ошентип шыбырашып жолго түшүштү: «Акырын, бүгүн ал жерге эч бир кедей кирип, бизге жолукпасын». (Калам Сүрөсү, 21-24)

Аяттарда сүрөттөлгөн бакча ээлери жардыларга көрүнбөстөн жумуштарына барууга аракет кылышууда. Себеби жардыларга жардам бергилери келген жок, бирок бир жардыга жолукканда ага акча берүүгө мажбур болушат. Аларды мындай кылууга «адамдар биз жөнүндө тескери ойлоп калбасын» деген тынчсыздануулары мажбурлоодо. Кыскача айтканда, жасалма, эл көзүнө жана пас бир кыял-жорукка ээ болушат. Бул – «адам болуу» дининин жалпы кыял-жоруктарынын бири.

Момундун адамгерчилиги жана жогорулугу болсо бир гана Аллахтын ыраазычылыгын каалагандыгына жана алардын дүйнөдө бир жакшылык жана сооп жарышы ичинде болушуна таянат. Аллахты ыраазы кылуу үчүн адамдардын мал-мүлккө ээ болуу жолунда кылган «тың аракеттери» эмес, кылган иштеринде Анын ыраазычылыгын канчалык деңгээлде максат кылганы маанилүү. Аллах Кабатында туура болгон тыңдык болсо – бул Исламдын, момундардын кызыкчылыктарын дайым коргоо, момундардын жыргалчылык жана бейпилдигин жогорулатуу, Аллахтын ыраазычылыгынын дайыма эң көбүн максат кылуу, напсисинин жаман каалоолоруна алданбоо, шайтандын жана напсисинин тузак жана азгырыктарына алданбоо, ыйманын жана акылын барган сайын тынымсыз өстүрүү, ахлагын барган сайын сонун кылуу жолунда толук көңүл коюу. Натыйжада Аллахтын ыраазычылыгынын эң көбүн каалаган момундардын өзгөчө, сонун мүнөзү алардын көрүнүшүнө да чагылат. Куранда бул абал мындайча сүрөттөлөт:

Мухаммед – Аллахтын элчиси. Жана анын жанындагылар да каапырларга карата катуу, өз араларында болсо мээримдүү. Алардын рүку кылгандарын, сажда кылгандарын көрөсүң; алар Аллахтан бир фазл (берешендик жана ихсан) жана ыраазычылык каалашат. (Алардын) Белгилери жүздөрүндөгү сажда изи. Алардын Тоороттогу мүнөздөрү ушундай: Инжилдеги мүнөздөрү болсо: бир эгинге окшош; өнүп чыккан, анан кубаттандырган, анан калыңдашкан, анан бутагында түздөлүп бийик өскөн (жана бул) эгин сепкендерге жагат. (Бул мисал) Аны менен каапырларды ачуулантуу үчүн. Аллах араларынан ыйман келтирип, салих (чын ыкластуу) амалдарды кылгандарга бир кечирим жана чоң бир сыйлык убада кылган. (Фетих Сүрөсү, 29)

Адам байлоо психологиясы

«Адам болуу» дининде жашоосун уланта алуу үчүн сыртка карата өзүн чыныгы абалынан башкача көрсөтүү маанилүү жана зарыл болгон сыяктуу эле, башкаларды өзү каалаган абалга киргизүү, аны көзөмөлгө алуу жана башкаруу, өзү каалагандай багыттоо да ошончолук маанилүү. Муну кыскача «адамды байлоо» деп коюшат. Адам байлоонун өзүнүн ыкма жана тактикалары бар жана «адам болуу» дининде алдыга чыгуунун жолдорунун бири да адам байлоо чеберчилигиндеги усталыкка байланыштуу. Адам байлоо «адам болуу» дининде ушунчалык маанилүү болгондуктан, атайын ушул темада акыл үйрөтүү үчүн көптөгөн китептер жазылган.

Албетте адам байлоодо колдонулган эң чоң курал – бул адамдардын «адам болуу» дининин өзгөчөлүктөрүнөн келип чыккан алсыздыктары. Адам канчалык «адам болуу» дининин рухуна ээ болсо, ошончолук байлануу мүмкүнчүлүгү өсөт.

«Адам болуу» дининдеги адамдын бой көтөрмөлүгү, өзүн көрсөтүү жана мактанууга болгон кызыгуусу, макталууну, башкалардын суктануусун жакшы көрүшү, сезимталдыгы, өзүн чыныгы абалынан башкача көрсөтө алуу, жагына алуу аракети сыяктуу алсыздыктары башкалардын аны «чебер» ыкмалар менен каалаган багытта колдонушун жеңилдетет.

«Байлана турган» адамдын бир адам үчүн кызыкчылык ала турган бир мүмкүнчүлүккө ээ болушу аны байлоо үчүн жетиштүү себеп болот. Бул мамлекеттик кызматкерден баштап үй-бүлө куруу үчүн «көзгө урунган» бир күйөө талапкерине чейин ар кандай адам болушу мүмкүн. Ар кандай коомдук тармактарда- жумуш, окуу жай, соода, саясат, коомдук жашоо, үй-бүлөлүк... сыяктуу- байланганда кызыкчылыкка ээ болушуна, социалдык же экономикалык абалынын жогорулашына жардамчы боло ала турган адамдар бар. Ал адамды шарттарга жана абалга жараша туура байлай алса гана болгону!

Байлоонун даражалары байлагандын чеберчилиги, таланты, аракети жана чечкиндүүлүгү менен түз байланышта. Ошол сыяктуу байлана турган адамдын мээси, тыңдыгы, комплекстери, күтүүлөрү жана алсыздыктары болсо анын байланып калышына жана байлануу даражасына таасир эткен факторлордон.

13- Кошоматчылык

«Адам болуу» дини ортого койгон төмөн, пас адам мүнөздөрүнүн дагы бирөө - бул кошоматчылык (жандоочулук). Кошоматчылардын эң белгилүү өзгөчөлүктөрү – бул алардын бай болбогонуна карабастан бай сыяктуу жашашы, сатып алуу мүмкүнчүлүгү жетпесе да кымбат кийимдерди кийиши, жакшы үйлөрдө жашашы, үй-бүлөлөрү экономикалык жактан оор абалда болгонуна карабастан бай бир чөйрөдө жашашы. Кошоматчылар мындай мүмкүнчүлүктөргө кээ бир адамдардын «эсебинен» ээ болушат. Өздөрүнө дос кылган ал адамдын акчасы, чөйрөсү, мүмкүнчүлүктөрү, үйү, машинасы жана ал ээ болгон ар түрдүү мүмкүнчүлүктөн пайдалануу менен жашоосун улантышат. Мунун «акысы» үчүн болсо кошоматчылыгын кылган адамдын ар түрдүү кошоматын кылуу, аны мактоо, напсисин ыраазы кылуу, ага болгон ишенимине жетүү сыяктуу кызматтары бар.

Эгер чөйрөңүзгө жакшылап көз чаптырсаңыз, коом ичинде дээрлик ар бир бай же атактуу адамдын жанында бир кошоматчыны көрө аласыз. Негизи экөө тең окшош кийинсе да, бирдей услуп менен сүйлөшсө да, кайсысынын кошоматчы, кайсысынын кошоматчылык кылынган адам экенин ошол замат байкай аласыз. Себеби кошоматчылар көбүнчө басмырланган, шылдыңдалган, кызмат кылган, берки адамды дайыма мактаган, сөздөрүн тастыктаган, каалоолорун аткарган, анын көңүлүнө караган, үстүнөн «айланган» адам болушат. Беркиси болсо макталган, каалоолору аткарылган, сөздөрү тастыкталган жана басмырлаган тарап болот.

Кошоматчынын эң чоң кызматы – бул жанындагынын көңүлүн көтөрүү, күлдүрүү, ага болгон ишенимин сактоо. Өзүн жаман сезгенде анын жакшы, сулуу экенине ишендирүү, көңүлү чөккөндө көңүлүн көтөрүү, тамаша айтканда күлүү, көйгөйлөрүн угуу, ага чечүү жолдорун чыгаруу же эч ким сыйлабаган адамга сый-урмат көрсөтүп аны ыраазы кылуу.

Ушул себептен бул эки адам күнүн толугу менен бирге өткөрүшөт. Бүт жерге чогуу барышат, соода-сатыкты да бирге жасашат, көңүл ачуучу жайларга чогуу барышат, үйдө чогуу жашап, ал тургай түндөлөрү да бирге болушат. Кошоматчылар соода-сатыкта көбүнчө кошоматчылык кылган адамынын кийимдерди кийип көрүшүн күтөт, кийинишине жардамчы болот, сумкасын кармап турат, чөнтөк телефонуна чалгандарга анын атынан жооп берет, айткандарын жеткирет, кийимдеринин кайсысынын жарашканын айтат жана бардык каалоолорун аткарышат. Кийимдерди кийип көргөн адам болсо өзүнө көптөгөн нерселерди алган соң, кошоматчысына да бир канча кийим алып берип, анын кылган кызматынын акысын төлөгөн болот. Көбүнчө тамактанууга, чачтарачка же бир көңүл ачуу борборуна барышканда, бай тарап сөзсүз кошоматчысынын да эсептерин төлөйт.

Кошоматчылардын дагы бир белгилүү өзгөчөлүгү өз үйлөрүндө эмес, көбүнчө кошоматчылыгын кылган адамдардын үйүндө турушат. Ал үйдүн мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланышат, курдашынын гардеробундагы кийимдерин кийишет, ошол үйдө тамактанышат, ал үйдүн кызматчыларын өзүнө да кызмат кылдыртат. Бирок буларды кыла алуу үчүн курдашынын апа-атасын тынымсыз мактайт, көңүлдөрүн алат, абдан элпек мамиле кылат. Чындап эле ата-эне балдарынын көңүлү жана жалгыз калбашы үчүн бул адамды үйдүн бир мүчөсүндөй көрүп башташат жана бул абалга моюн сунушуп аны карап башташат. Мындан тынчсызданышпайт, себеби адамдарды «байлоо» өзгөчөлүгү кошоматчынын эң таланттуу тараптарынын бири. Кошоматчы - өз кызыкчылыгы үчүн ар кандай калыпка кире алган бир адам. Эл оозунда айтылгандай «ар кимге көңүлүнө жараша ширин сүйлөөнү» жана алдамчылыкты жакшы билет. Ким кандай услупту жактырса, ылдам ошол услупту колдонот. Өзүнүн жеке бир кишилиги, мүнөзү жок. Мындай жаман, пас ахлакка ээ адамдар көбүнчө намыссыз жана уятсыз болгондуктан, кызыкчылыктары үчүн ылдам мүнөзүн өзгөртө беришет.