«Адам Болуу» Дининдеги Орток Психология Жана Кыймыл-Аракет Калыптары (3/6)

3- Шылдыңчылдык

Жасалмалык менен бирге шылдыңчылдык да «адам болуу» дининдеги адамдардын орток кыймыл-аракет бузуктуктарынан. Куранда апачык тыюу салынган шылдыңчылдыктын канчалык качынуу керек болгон кыймыл-аракет экендиги бир аятта мындайча билдирилет:

Аркадан (адамдарды) уруштуруп турган жана каш көз ишараттары менен шылдың кылган ар бир адамдын абалы оор (тозок)... (Хумаза Сүрөсү, 1)

Ал эми «адам болуу» дининде болсо бир адамдын мүмкүнчүлүк болгондо эч тартынбастан башка бирөөнү шылдыңдашына жана аны басынтышына тоскоол болгон эч кандай эреже жок. Тескерисинче, шылдың кылган адамга кошулуу бүт адамдарга жаккан бир абал. Шылдыңчыл жана басынтуучу кыймыл-аракеттерге төмөнкү мисалдарды берүүгө болот:

Бир коом ичинде жакын адамдары менен каш-көз ишараттарын жасашып, башка кээ бир адамдарды шылдыңдоо, коом ичинде адамдарды басынтуу максатында алардын каталарын, кемчиликтерин айтуу жана буларды шылдың темасы кылуу, адамдын денесиндеги өзгөчөлүктөрүн шылдыңдоо, маңдайындагы адамдын кемчиликтүү өзгөчөлүктөрүн ал адамды бул өзгөчөлүктөрүнүн тескерисин айтып мактоо менен шылдыңдоо.

Мындан тышкары азил-тамашалар менен же жаман ат жана сыпаттарды ыйгаруу аркылуу адамдарды басынтуу, көз-караш жана мимикалары менен адамдарды басынтуу, алдындагы адамды уят кыла турган абалда аны тууроо, услуп, үн тону жана тандаган сөздөрү менен алдындагы адамды басмырлоого аракет кылуу аркылуу өзүн өйдө көтөрүү, бирөө бир нерсе айтып жатканда анын кемчиликтерин жаңсап башка бирөөлөр менен күлүү, ал укпай турган абалда ал адам жөнүндө шыбырашуу сыяктуу аракеттер «адам болуу» дининде көп кездешет.

Мындан тышкары, чөйрөдө ката же кемчилик кетирген бир адамды жалпылай шылдыңдоо, көңүл көтөрүү үчүн көңүлүндө кири жоктугу же жакшы ниети менен таанылган бир адамга атайылап тийишип, анын ар бир аракетинен, ар бир сөзүнөн шылдыңдай турган бир нерселерди чыгаруу, жактырбаган, басынткысы келген бир адамды атайылап көпчүлүккө таянып басынтуу да «адам болуу» дининин өзгөчөлүктөрүнөн. Чындыгында болсо Куранда шылдыңчылдык, басынтуу, кошумча ат ыйгаруу сыяктуу аракеттер абдан катуу эскертилип, тыюу салынган:

Эй ыйман келтиргендер, бир коом (башка бир) коомду шылдыңдабасын, балким алар булардан жакшыраактыр; аялдар да аялдарды (шылдың кылбасын), балким алардан жакшыраактыр. Өз напсиңерди (өзүңөрдү өзүңөр) бөлүп-басынтпагыла жана бири-бириңерди «начар ылакаптар (тагылган аттар) менен» чакырбагыла. Ыймандан кийин фасыктык (бузукулук) кандай жаман. Ким тообо кылбаса, мына ошолор заалымдардын дал өзү. (Хужурат Сүрөсү, 11)

4- Маани бербестик, камырабастык

«Адам болуу» дининин эң негизги пайдубалдарынын бири – бул маани бербестик. Себеби бул жалган динде маани бербестик акыл, талант жана жеке адамдык жогорулугун көрсөтүү ыкмасы катары колдонулат. Адамдар абдан өзгөчө, маанилүү жана баарынан өйдө бир адам болуп көрүнүүнүн жолу «маани бербестик» деп ишенишет. Ушул себептен өзгөчө жаштар арасында маани бербеген кыймыл-аракеттер кеңири тараган.

Бир лицейдин эң популярдуу кыздарын же эркектерин элестетиңиз. Көбүнчө бул адамдарда жөнөкөй, бүт адамдарга сүйүү, урмат көрсөткөн жана ысык бир мамиле байкай албайсыз. Себеби сонун ахлактын эң маанилүү өзгөчөлүктөрү болгон мындай кыймыл-аракеттер караңгы коомдо уят нерседей кабыл алынат. «Адам болуу» динин тутунгандар арасында популярдуу боло алуу үчүн мүмкүн болушунча бой көтөргөн жана маани бербес (дөңгөч) болуш керек. Баарына салам бербөө, ага гана салам берилген адам болуу болсо абдан маанилүү. Сүйүү көрсөтүүчү эмес, бир гана ага сүйүү көрсөтүлгөн адам болуу да. Чөйрөсүндөгүлөргө маани бербегендей болуп көрүнүү, бир адам чын көңүлдөн бир мамиле жасаганда, суз мамиле кылуу, жакын бир канча досу менен гана жакын мамиледе болуп, башка бүт адамдарга маани бербөө да мындай анормалдуу кыймыл-аракеттерге мисал болот.

Маани бербестиктин дагы бир тарабы бар. «Унутуп коюу, бейкапар болуу» катары билинген бул тарап коомдун дээрлик бүт тарабына жайылган. Мындай маанайдагы адамдар коркунучту байкашпайт, байкашса да акылсыздык менен маани беришпейт. Себеби «адам болуу» дини коркунучка карата бейкапар мамиле кылууну бир артыкчылык катары көрсөтөт. Ушул себептен караңгылыкта камырабастыктан келип чыккан өлүмдөр, майыптыктар, ооруга чалдыгуулар абдан көп кездешет. Мисалы, кабели ток ура тургандай болуп эскирип калган бир аппаратты оңдоонун ордуна «көңүлгө алба, биз мындай нерселерден коркпойбуз» деп, ушул бойдон колдоно берүү маани бербестик, камырабастыктын бир көрсөткүчү. Же болбосо электрдик ток бөлгүчү эскирип, от чыгып кетүү коркунучу бар бир үйдө жашагандардын «эч ойлонбо, бул үй – бекем үй, эчтеке болбойт» сыяктуу сөздөрдү айтып мындай коркунучка маани бербеши... Ал тургай адамдардын көпчүлүгү «биз эски адамдарбыз, бизге эчтеке болбойт» деп жылдар бойу докторго барышпайт, ооруганда эч дарыланбайт. «Адам болуу» дининин мындай камырабастыгы себебинен денесиндеги ракты, шишикти, вирустарын билбестен жашаган жана ал оору аныкталганда болсо өлүмдүн эшигине келип калган адамдар абдан көп.

Мындай маани бербестик себеп болгон дагы бир коркунуч болсо – бул чөйрөгө зыян берүү ыктымалдыгы. Мисалы, кээ бир адамдар 3-4 жашындагы балдарын «эчтеке болбойт» деп үйдө жалгыз калтырып коюшат. Келгенде болсо баласынын мешке жабышканын же газды ачкандыгы үчүн майып болгонун же болбосо дары ичип же терезеден кулап кетип өлүп калганын көргөн адамдар да көп. Мындай кабарлар дайыма гезит барактарына чыгат. Бирок «адам болуу» дининин маани бербестиги бул жерде да көрүнөт. Бул кабарларды окуган адамдар мындай окуяга мен кабылбайм деп ишенгендиктен, андай кылыгын уланта беришет.

Караңгылык ахлагында «бейкапардык» ушунчалык жайылгандыктан, адамдар бири-биринен дайыма «ойлонбо, көңүлүңө алба, эчтеке болбойт» сыяктуу сөздөрдү угушат. Ал тургай, бул диндин бузуку түшүнүгүнөн улам адамдар кандайдыр бир коркунучка каршы чара көрүүдөн же чара сунуштоодон уялышат. Себеби коркок деген айып тагылат. Мисалы, өрт коопсуздугу начар ири ишканада иштегендердин керектүү каражаттарды алып келүүсүн суранышы же эскирген лифттин жаңыга алмаштырылышын суранышы абдан кыйын. Себеби мындай кылса ал жерде иштеген башка адамдар, чоң бир ыктымалдуулук менен, бул адамга коркок адамга мамиле кылгандай мамиле кылышат. Чынында болсо акылсыздык менен «өзүн далилдөө» аң-сезими менен жасалган мындай камырабастыктардын жыйынтыгы көбүнчө бул адамдардын зыянына натыйжаланат.

Бирок бул жерде маанилүү бир нерсени айта кетүү керек. Албетте бир коркунучка кабылганда, ашыкча паника болуу, бир заматта өзүн жоготкондой даражада коркууга кабылуу сыяктуу мамилелер туура эмес. Аллах адамдарга Куранда тобокелдүү болууларын, т.а., оор кырдаалдарда, коркунуч абалдарында да Аллахка ишенип, таянышы керек экенин буйруган. Бул темадагы кээ бир аяттар төмөнкүдөй:

Момундар бир гана ушундай адамдар, Аллах эскерилгенде жүрөктөрү титирейт. Анын аяттары окулганда ыймандарын көбөйтөт жана бир гана Раббилерине тобокел кылышат. (Энфал Сүрөсү, 2)

Айткын: «Аллах биз үчүн жазгандарынан башка, бизге сөзсүз эч нерсе келбейт. Ал биздин Мевлабыз. Жана момундар бир гана Аллахка тобокел кылышсын.» (Тообо Сүрөсү, 51)

... Ким Аллахка тобокел кылса, Ал ага жетиштүү. Албетте Аллах Өз буйругун аткарып-ишке ашыруучу. Аллах бүт нерсе үчүн бир өлчөө кылган. (Талак Сүрөсү, 3)

Жана (Аз. Йакуб) айтты: «Эй балдарым, жалгыз бир эшиктен кирбегиле, башка башка эшиктерден киргиле. Мен силерге Аллахтан эч нерсе бере албайм (кетире албайм). Өкүм бир гана Аллахтыкы. Мен Ага тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бир гана Ага тобокел кылышсын.» (Йусуф Сүрөсү, 67)

Жогорудагы аяттан байкалгандай, Аз. Йакуб (Жакып) балдарына «тобокелдүү болгула» деп кеңеш берүүдө, бирок ошол эле учурда «чара кабыл алгыла» деп да эскертүүдө. Ыкластуу бир Мусулмандын мамилеси да ушундай болушу керек. «Адам болуу» дининин зарылчылыгы болгон маани бербестик, камырабастык да, Аллах жаман деп билдирген тобокелсиздик да туура эмес. Адам ар бир жолуккан коркунучка каршы акылын колдонуп, чара көрүшү керек, бирок ошол эле учурда Аллах кааламайынча, эч кандай коркунучту токтото албашын билип, Раббибизге өзүн тапшырып, тобокел кылышы зарыл.

5- Заалымдык

«Адам болуу» дини коомго абдан айоосуз жана адамгерчиликсиз бир система алып келет. Ушул себептен адамдардын көпчүлүгү чөйрөсүнө эч кам көрбөгөн жана мээримсиз болушат. Натыйжада адамдардын күн сайын бир канча жолу көңүлү чөгөт, сынат, жүрөгү сыгылат. «Адам болуу» дининин заалымдыгы себебинен абдан ачуулуу, стресстүү, азап толо жашоо жашашат. Бүт адамдарга абдан шайыр жана ачык-айрым көрүнгөн адамдардын да дээрлик баары кечинде төшөккө жатканда сааттар бою ыйлаган, ичинен терең стресске кабылган адамдар. Себеби коомдун көп бөлүгүнө «адам болуу» дини өкүмчүлүк кылат жана бул жалган дин алып келген ар бир мамиле жана ар бир мимика адамдар үчүн, өздөрү да ошол нерсени кылып жатышса да, абдан оор бир азап.

Мисалы, материалдык абалы жакшы (анча бай) болбогондуктан жумушуна күн сайын бир эле кийим менен барууга мажбур болгон бир адамды элестетели. Бул адам үчүн күн сайын бир эле кийимди кийип жүрүү көп азап берет. Себеби сөзсүз айланасындагы адамдар бул нерсени өз араларында сөз кылышат, мындай абалдан улам ага маани беришпейт жана «бул кийим сенин үстүңдө айрылат окшойт», «сенин башка кийимиң жок окшойт» сыяктуу эч ойлонбогон, көңүлгө тийе турган тамашалар менен шылдыңдаган бир мамиледе болушат.

Бир жумушта, мектепте, эс алчу жайда, курста же адамдар чогулган кандайдыр бир жерде сөзсүз адамдардын аркасынан сүйлөгөн, аны сөз кылган бирөөлөрдүн болушун билүү да абдан азап берүүчү. Себеби адамдар сөзсүз алардын аркасынан сөз кылгандардын cөзүн бир себеп менен угат жана ушул себептен жүрөктөрүнөн чоң азап сезишет.

«Адам болуу» дининде адамдар абдан назик ыкмалар менен бири-биринин көңүлүн чөктүрүшү мүмкүн. Мисалы жаңы кийим кийген бир адамга «сонун кийим экен, бирок сага анча жарашпаптыр, кечээки кийимиң жакшыраак жарашкан» деп айтуу көбүнчө ал адамды басынтуу үчүн жасалат. Себеби «адам болуу» дининде мактоо, алкоо же жакшы нерселерди айтуу жок. Ушул себептен адамдар бири-биринин жакшы тараптарын макташпайт. Чачын башкача кылып жасаткан бир адамга абдан жагып турса да «бул да жарашыптыр, бирок мурункуң сага жакшыраак жарашчу» деп айтуу да «адам болуу» дининин көзөөчү услуптарынын бири. Бүт сулуулукта бир кемчилик табуу жана сонун нерсенин ордуна кемчиликтүү нерсени айтуу «адам болуу» дининин бир эрежеси. Мисалы абдан сулуу бир адамды «сулуу, бирок мындан сулууларды да көргөм», «сулуу, бирок бул жеринде кемчилик бар», «сулуу, бирок көздөрү жашыл болгондо, мындан да сулуу болмок экен» сыяктуу сөздөрдү айтып мактоодон качуу бул эреженин бир шарты.

Башкалардын каталары, кемчиликтерин айтып күлүү да «адам болуу» дининде жасалган бир заалымдык түрү. Мисалы бир адамдын көзүндөгү бузуктукту, ача болушун шылдың кылуу жана артынан «сени карап жатабы же мени карап жатабы, эч түшүнбөдүм», «көзүн түз карай албайм» деп каткырып күлүү... Одоно бир адамдын колуна бир нерсе берип жатып, «акырын ай, бекем карма» сыяктуу тамашаларды айтуу... Чачтары түшкөн бир адамга дайыма базардагы жаңы чыккан дарыларды санап күлүү, «жаңы чач эгүү ыкмаларын чыгарышыптыр, сени да жөнөтөлү», «бүгүн бир-эки чачың дагы түшкөн окшойт» сыяктуу тамаша-шылдыңдарын айтып өзүнчө каткыруу... Бою кыска бир адамга «төмөнкү тарапта аба кандай», «төмөндөн дүйнө кандай көрүнөт экен» сыяктуу караңгы сөздөрдү айтуу... Булардын баары «адам болуу» дининен чыккан зулумдук ыкмалары. Мындан тышкары, жыгылган адамга күлүп, аны шылдың кылуу, кийими айрылган бирөөнү шылдыңдоо, бир сөздү туура эмес айтып алган бирөөнү тууроо да бул жалган диндин заалымдыктарынын кээ бирлери.

Мындай абалдарда тамаша-шылдың кылынган адам да көбүнчө ага жасалган мындай тамашаларга «адам болуу» дининин мамилелерине ылайык жооп берет. Мисалы, таарынбады деп ойлошсун деп күлүп жооп берет. Бирок ичинен айтылгандардын азабын, кыйноосун сөзсүз сезет. Же ал да берки адамдын бир кемчилигин бетине айтат жана мындай жаман мамилелер эки тараптуу уланып кетет.

6- Ачуусуна тийүү тактикалары

Адамдардын ачуусуна тийүүгө аракет кылуу «адам болуу» дининин башка бир өзгөчөлүгү. Эл арасында көп адамдар ар кандай себептер менен бул ыкманы колдонот. Кээ бири жактырбаган бир адамды тынчсыздандыруу, кээ бири болсо ага кылган жамандыгы үчүн өч алуу максатында ачуусуна тийе тургандай мамиле кылат. Кээ бирөөлөр үчүн болсо башкалардын ачуусуна тийүү бир жашоо калыбына айланып калган. Адамдардын алсыздыктарын ачыкка чыгаруудан жана ачууланганын кароодон ырахат алат жана ушундай жол менен напсисин канааттандырат. Апасына, атасына, мугалимдерине, досторуна жасаган ар бир мамилесинин түпкүрүндө ачууга тийе турган бир тарабы болот. Бирок «адам болуу» дининин мындай өзгөчөлүгү адамдар тарабынан апачык ишке ашырылбайт. Ачуулантуунун белгилүү ыкмалары бар. Булардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

«Оор басырыктуу көрүнүү»

Башкаларды ачуулантуудан ырахат алган адамдар бул ыкманы абдан көп колдонушат. Адамдар абдан маани берген, толкунданган, тынчсызданган темаларда ашыкча эле оор басырыктуу бир мамиле көрсөтүп башка адамдарды ачуулантат. Өзгөчө жаштардын ата-апаларына болгон мамилесинде муну көп жолуктурасыз. Мисалы бир жакка барышына уруксат бербеген апасынан өч алууну каалаган бир жаш кыз апасынын бардык суроолоруна абдан шашпай жана акырын үн менен жооп берет.

Апасы тынчсызданып жоготкон бир нерсесин издеп жатканда жана кызынан жардам сураганда, кызы акырын гана «көрбөдүм» деп башын бурат да, гезит окуусун улантат. Апасы телефондо сүйлөшүп жатып бир нерсени жазып алайын деп кагаз калем сураса, акырын ордунан туруп, жай басып калем-кагазды алып, шашпай буларды апасына алып барат. Апасы чын жүрөктөн жана көңүлдүү бир маанайда мектепте эмнелер кылганын сураганда, бир гана «эч нерсе» деп жооп берет. Күнүнүн кандай өткөнүн чын көңүлдөн сураганда «жакшы» деп жолун улантат. Себеби бул мамилелеринин баарынын апасын ачуулантаарын билет.

Шашып жаткан бир адамга анын ишине тоскоол боло турган жана убактысын ала тургандай негизде шашпай мамиле кылуу да «адам болуу» дининдеги ачуулантуу ыкмаларынан. Мисалы жумушунан кечиккен бир адам эшиктен чыгып баратып, жогорку кабаттагы бөлмөдө сумкасын унуткандыгын айтканда, эч шашпаган кадамдар менен тепкичтерден көтөрүлүп, сумканы алып, уйкусурап акырын алып келүү берки адамды ачуулантуу үчүн гана жасалган бир аракет. Окуучусуна болгон аракети менен бир теманы түшүндүрүүгө аракет кылып жаткан бир мугалимди көңүл бурбаган бир көз-караш менен угуп, аягында болсо жай гана «мен эчтеке түшүнбөдүм» деп айтуу – мугалимин ачуулантып, напсисин канааттандырууну каалаган караңгы адамдын мамилеси.

«Оор басырыктуу көрүнүүнүн» дагы бир түрү – бул узатылган суроолорго толук жооп бербөө. Мисалы «үйдүн бүт тарабын карадым, бирок бут кийимимди таппадым. Сен көргөн жоксуңбу?» деген суроого бир гана «ооба» деп жооп берүү бир ачуулантуу тактикасы. Мунун аркасынан «каерден көрдүң» суроосуна бир гана «бөлмөдө» жообун берүү жана кайсы бөлмө экенин да, анын кайсы жеринде экенин да айтпоо берки адамдын бир канча суроо узатышын талап кылат. «Кайсы бөлмөдө, бөлмөнүн кайсы жеринде, кайсы шкафта, шкафтын кайсы койгучунда» сыяктуу суроолорду сураш керек болот. Натыйжада жалгыз бир сүйлөм менен чечиле турган тема бир канча мүнөткө узартылып, берки адамды убара кылып ачууга тийе турган абалга келет. Ушул себептен суралган суроолорго толук жана так жооп бербөө - «адам болуу» дининин ачуулантуу ыкмаларынын бири.

Укмаксан, көрмөксөн, түшүнмөксөн болуу...

Караңгы коомдордо бул ыкманы көбүнчө урушкан адамдар бири-биринен өч алуу үчүн колдонушат. Урушкан адамдын ачуусуна тийип тынчсыздандыруу, анын көңүлүн чөктүрүү үчүн жасашат. Ушундайча бираз болсо да өч алдым деп ойлошот. Мисалы урушуп кеткен бир адам турган бир көпчүлүк арасында ал адам тарапка карап сүйлөбөө, ал жерде андай адам жок сыяктуу мамиле кылуу, бүт адамдардын тамашасына күлүп жатып аныкына күлбөй койуу, баарына салам берип ага салам бербей койуу, баары менен коштошуп аны менен коштошпоо, баарынын ал-абалын сурап анын жанынан унчукпай өтүп кетүү «адам болуу» дининин эрежелери боюнча «сага маани бербейм, билип кой» маанисине келет.

Бул ыкма ачуулантууну жашоо калыбы кылып алган адамдар тарабынан да абдан көп колдонулат. Ага сүйлөгөн бир адамдын сөздөрүн абдан жакшы угуп туруп укмаксан болуу, «кечир, сен акыркы жолу эмне дедиң эле», «бир нерсе дедиңби» сыяктуу суроолор менен ал адамга көп маани бербегенин көрсөтүү бул адамдар жасаган бир «адам болуу» дининин мамилеси. Түшүнүп туруп бир теманы кайра кайра айттыруу да ачуулантуунун бир ыкмасы. Мисалы ага «бираз жай кыймылдап жатасың, батыраак кыймылдасаң ийгиликке жетесиң» деген бир адамдын эмне айткысы келгенин абдан жакшы түшүнүп туруп «кандайча жай» сыяктуу суроо узатуу берки адамга кыйынчылык жаратуу жана аны бул айткан сөзү үчүн бушайман кылуу үчүн жасалат. Апасынан тыканыраак болушу эскертилген бир жаш кыз жооп катары «кантип мындан да тыканыраак болоюн» сыяктуу сөздөр менен жооп бериши да бул сынга каршы иштеп чыгылган бир ачуулантуу тактикасы. Чынында болсо ар бир адам батыраак кыймылдоонун же тыкан болуунун эмне экенин жаш бала кезинде үйрөнөт жана буларды аткаруу абдан оңой.

«Сөз тийиштирүү»

Ачуулантуунун башка бир ыкмасы «сөз тийиштирүү» деп билинген бир мамиле бузуктугу. Мисалы тааныган бирөө аркылуу фирмага кирген жана жогорку кызмат ордуна көтөрүлгөн бир кызматкер катышкан бир чогулуш учурунда «биздин колдоочуларыбыз да күчтүү болсо, биз да кыска жолдон көтөрүлсөк кана» деп айтуу буга бир мисал. Же каалабастан болгон бир ката себебинен зыянга себепчи болгон бир адамдын жанында «кээ бир адамдардын катасынын зыянын биз тартып жатабыз, көрүп турганыңыздай» сыяктуу сөздөрдү айтуунун максаты да «сөз тийиштирүү». Бул жерде атын атабоо, атайылап «кээ бир адамдар» деп айтуу «адам болуу» дининин жаман, пас эрежелеринен.

Досунун сынактарда дайыма андан жакшыраак баа алышын кызганган бир окуучу бул досунун жанында «эрте мененкиге чейин окуп, байкатпаган канчалаган адамдар бар» деп айтышы сөз тийиштирип аны ачуулантуу үчүн жасалат.

Көз-караш менен ачуулантуу

Адамдар көбүнчө сөз менен түшүндүрө албаган нерселерин көз-караштары аркылуу түшүндүрүү жолун тандашат. Себеби көз-караш менен жасалган бир ишаратты эч качан далилдөөгө далил жок жана адамдар көз-караштарындагы маанини оңой гана жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Мисалы маңдайындагы адамды өч алууну көксөгөн бир көз менен караган бир адам «ошол учурда толкундандым, көз-карашым ошол үчүн өзгөргөн болушу мүмкүн, өч менен эч байланышы жок» десе муну бүт адамдар кабыл алышы керек болот. Же көз-карашында шылдыңчылдык болгон бир адам «жоок, мен сени чындап угуп жатам, кокус эсиме бир нерсе түшүп кетти да, ошондон балким күлгөн сыяктуу көрүнүп кеткендирмин» десе буга эч ким каршы чыга албайт. Себеби көз-караштагы шылдыңчылдыктын ачык бир далили жок. Бирок адам көз-карашы аркылуу башкаларга ар түрдүү оң же терс пикирин билдире алат. Ушул себептен караңгы коомдордо ачуулантуу ыкмасы катары бир гана көз-караштарын колдонгон көп адамдар бар.

Мисалы адамдар көбүнчө урушуп кеткен бир адам менен сүйлөшүүгө мажбур болгондо, анын көздөрүнө эч маани бербегендей, муздак карашат. Бул көз-караш – ал адамга маани бербегенин көрсөткөн жана натыйжада аны ачууланткан бир көз-караш. Көңүлүнө жакпаган жана абройун төмөндөткөн бир нерсе айтылганда, көзүн жарым жумуп, жай ачып жаап жана ошол эле учурда маани бербегендей карап, угуу да «адам болуу» дининин бир бөлүгү.

Берки адамга маани бербегенин байкатып ачуулантуу үчүн болсо көздөрүнө шылдыңчыл карашат. Бул ыкма жүзү күлбөй турганда, көздөрдүн күлүшү аркылуу болот. Маңдайындагы адамдын олуттуу бир сөзүн олуттуу бир жүз менен, бирок көздөрүндө күлүмсүрөө менен караган бир адам мындай мамилеси менен «айта бер, бирок айткандарың бир кулагымдан кирип, экинчи кулагымдан чыгып жатат» деген сөздү башкача билдирген болот.

7- Жаңы пикирлерге жана сын-пикирге жабык болуу

«Адам болуу» динин жашаган бир адам кулк-мүнөзү жана ахлагы жагынан өмүр бою эч кандай алдыга жылбайт. Себеби «адам болуу» дини сын-пикирге жана жаңы пикирлерге толук бир тыюу койгон. Бир адамдын өзүнөн чоң, бай, маданияттуу, жогорку кызматтагы, сулуу жана тажрыйбалуу бир адамга сын-пикир айтышы же ага жаңы пикирлерди сунушташы дээрлик эч мүмкүн эмес. Ал тургай «адам болуу» дининде ушунчалык катуу эрежелер бар болгондуктан, 20-30 жылдык достуктар жалгыз бир сын-пикир себебинен бир заматта толук үзүлүп калышы мүмкүн.

Мисалы, «адам болуу» дини боюнча бир адамдын кыймыл-аракети, ахлагы, кыял-жоругу же мимикалары менен байланыштуу башка адамдын пикирин алышы жана андан кеңеш сурашы абдан уят нерсе. Ушул себептен көбүнчө караңгы коомдордо адамдардын өзү менен байланыштуу темаларда башка адамдын пикирин алганын жана андан кеңеш сураганын жолуктура албайсыз. Мисалы, «менин кыял-жоругумда сага жакпаган бир нерсе барбы? Күлүшүмдө, мимикамда же басышымда кандайдыр бир кемчилик барбы? Мага кулк-мүнөзүм менен байланыштуу бере турган кеңешиң барбы? Кандай адам болсом силерге көбүрөөк жагат? Тандаган кийимдеримди кандай дейсиң, бул жөнүндө кеңешиң барбы?...» сыяктуу суроолорду угуу дээрлик эч мүмкүн эмес. Себеби бир адамдын өзүн өнүктүрүү үчүн чөйрөсүнөн пикир алышы «адам болуу» дининин аң-сезимине толук карама-каршы. Бүт адамдар өзүн «эң жакшы, эң маданияттуу, эң көптү билген, эң акылдуу» деп элестетишет. Кемчиликтери жана өзүн өнүктүрүшү керек болгон тараптары бар экенин билсе да муну чөйрөсүнө байкаткысы келбейт.

«Адам болуу» дини пикир суроого жабык болгондой эле, сын-пикирге да толугу менен жабык. Мисалы өз чөйрөсүндө адис бир доктор же бир инженерди элестетели. Ага келген бир адам эгер башка бир адистин пикиринин аныкынан башкача экенин айтса, сөзсүз «анда бар ошого көрүн же анда бар үйүңдү ошого оңдот» сыяктуу жоопторду беришет. Өз чөйрөсүндө адис болгон адамдар көбүнчө кесиптештеринин пикирлерин уккулары келбейт жана сөзсүз өзүнүн айтканынын аткарылышын каалашат.

Бул ишеним боюнча бир адамдын өзүнөн кичине бирөөдөн, мисалы жээнинен сын-пикир алышы эч мүмкүн эмес. Дээрлик эч бир өспүрүм таякесине же тайежесине кыял-жоругу менен байланыштуу бир кеңеш айта албайт. Бир тууганынын сабырдуураак, чыдамкайыраак же жумшагыраак болушун каалаган бир өспүрүм муну ага айтканда, чоң бир ыктымалдуулук менен, же шылдыңчыл, же маани бербеген же болбосо ачууланган бир мамилеге кабылат. «Бул жашымда сенден кеңеш алмак белем» деген көз-караш менен жашаган адамдар өздөрүнөн кичүүлөрдүн акылына муктаж эмесмин дешет. Чындыгында болсо сонун ахлактуу, ыймандуу бир жаш өспүрүм ыймансыз, бирок улгайган бир адамдан эсе эсе акылдуу, абийирдүү жана руханий жактан жетилген болушу мүмкүн.

Куранда билдирилген Аз. Ибрахимдин атасын туура жолго чакыруу үчүн айткандары бул темага бир мисал боло алат:

Китепте Ибрахимди да эсте. Чындыгында ал – чындыкты сүйлөгөн бир Пайгамбар эле. Атасына айткан эле: «Атаке, укпаган, көрбөгөн жана сени кандайдыр бир нерседен көз-карандысыз кылбаган нерселерге эмне үчүн сыйынып жатасың?» «Атаке, чындыгында мага сага келбеген бир илим келди. Эми мени ээрчигин, сени туура бир жолго жеткирейин.»

«Атаке, шайтанга кулчулук кылба, шексиз шайтан Рахман (болгон Аллах)ка баш көтөргөн.» «Атаке, чындыгында мен сага Рахман тарабынан бир азаптын келишинен корком, анда (сен) шайтандын досу болосуң.» (Атасы) Айткан эле: «Ибрахим, сен менин кудайларымдан жүз үйрүп жатасыңбы? Эгер (мындай мамилеңди) токтотпосоң, ант болсун, сени ташбараң кыламын; узун бир убакытка менден алыста, (бир жерлерге) кет.» (Ибрахим:) «Сага салам болсун, сен үчүн Раббимден кечиришин тиленем, себеби Ал мага абдан берешен» деди. (Мерйем Сүрөсү, 41-47)

«Адам болуу» дининде кызматтык даража жана маданият да сын-пикир алууга тоскоол болот. Бир жумушчу өзү иштеген заводдун мүдүрүнө эч кеңеш айта албайт. Иш менен байланыштуу болсун, ал адамдын кулк-мүнөзү менен байланыштуу болсун, же башка темада болсун. Мисалы, чөйрөсүндөгүлөргө карата таш боор жана диктатордук мамиле кылган бир мүдүр эгер жумушчуларынын биринен бул жөнүндө бир кеңеш алган болсо, чоң бир ыктымалдуулук менен, анын эң биринчи иши бул жумушчуну кызматтан чыгаруу болот. Себеби «адам болуу» дини боюнча бул чоң бир шылдың болуп саналат.

Чындыгында болсо бул абдан туура эмес бир көз-караш жана Куран ахлагы менен эч байланышы жок. Мындай сын-пикир келиши ар бир адам үчүн абдан чоң бир жакшылык жана жакын достуктун бир көрсөткүчү. Куранда адамдарга бири-бирин жакшылыкка чакыруулары жана жамандыктан тосуулары буйрук кылынган. Аллахтын бул буйругун аткарган бир адамга тоскоол болуу, өзүнө сунушталган бир жакшылыктан жүз буруу, албетте абдан жаман бир мамиле.

8- Конокторго көз-караш

Бир адамдын руханий баалуулуктарын жоготушу менен бирге бул боштуктун ордун динсиздик системасына таянып курулган «адам болуу» дини толтурат. Ислам ахлагы болбогон бир жерде сөзсүз «адам болуу» дини бар. «Адам болуу» дини болгон жерде болсо адамгерчилик, башкалардын көңүлүн байкоо, эч нерсесин аябоо сыяктуу сонун ахлакка ылайыктуу мамилелер жок.

Бул абалды «адам болуу» дининин адамдарынын конокко болгон көз-карашын мисал кылып түшүндүрүүгө болот. Бирок «адам болуу» дининин көз-карашынан мурун Ислам ахлагы конок жөнүндө сунуштаган сонун өзгөчөлүктөрдү айтып берүү пайдалуу болот.

Куран ахлагын жашаган бир адамдын үйүнө конок болуп бардыңыз дейли. Сизди үйүндө тоскон адам келгениңизге абдан кубанат. Себеби Ислам ахлагында конок тосуу сонун нерсе жана конок абдан жогору коюлат. Ушул себептен үйгө киргениңизден баштап сиз менен жаңы таанышкан адамдар болушса да жылмайган жүз менен, жакын жана ысык кабыл алынасыз. Сизди коноктогон адамдын мүмкүнчүлүктөрү чектүү болсо да колундагы болгон нерсесин сизге сунат. Себеби Куранда Аллах конокко ал али каалай электе муктаж нерселеринин сунулушун бир конок күтүү адеби катары үйрөтөт. Куранда билдирилген Аз. Ибрахимдин конокторго болгон мамилеси Ислам ахлагында конокко кандай көз-карашта болуу керек экенин көрсөтүүдө. Аяттарда мындай буйурулат:

«Сага Ибрахим тоскон конокторунун кабары келдиби? Анын жанына киришкенде: «Салам» дешкен эле. Ал да: «Салам» деген эле. «(Мен тааныбаган) Жат бир топ.» Ылдам (аларга) сездирбестен үй-бүлөсүнө барып, көп өтпөстөн семиз бир торпок менен (кайра) келди. Анан аларга жакындатып (тамак сунду); «Алыңыздар (жеңиздер)» деди. (Зарият Сүрөсү, 24-27)

Аяттарда байкалгандай, Аз. Ибрахим тааныбаса да конокторуна абдан назик мамиле жасаган жана аларга сездирбестен, аларды уялтпастан аларга даам узаткан.

Бирок «адам болуу» дининдеги адамдардын мамилеси мындай абалда абдан өзүмчүл жана адамгерчиликсиз болот. Эгер «адам болуу» дининин таасири астында болгон бир адамдын үйүнө конокко барсаңыз, ал жерде «жүк болуу» сезимин эң көп сезесиз. Себеби караңгылык ахлагында конок ашыкча бир «тамак жегич» катары кабылданат. Эки тараптуу кызыкчылык алып-берүүсү болгон адамдар араларындагы мамилеси бузулбашы үчүн мажбур бири-бирине кезек менен белгилүү убактарда барып турушат. «Адам болуу» дининин эрежелери боюнча бир адам башка адамдын үйүнө барганда, кезек сөзсүз ал адамга келет. Эки-үч жолу катары менен бир тарап экинчи тарапка конок болбойт.

Бул көз-караштын натыйжасында коноктун эртерээк үйүнө кайтышы күтүлөт. Бир канча сааттан ашык ал адамга чыдалдайт. Эгер тамакка чакырылбаган болсо алдына эч качан тамак коюлбайт. Мүмкүн болушунча эң аз чыгым менен конокту үйүнө узатуу көз-карашы менен каралгандыктан, эң арзан негизде тыштан сатып алынган бир канча нерсе дасторконго коюлат. Үйдөгүлөр көбүнчө тамактардын жакшыларын өздөрүнө калтырып, жамандарын сунуу жана ушундайча пайда алуу аракетин кылышат. Коноктун бир чыныдан ашыкча жеши абдан терс кабыл алынат жана эгер бираз көбүрөөк тамак кааласа, үй ээлери артынан «абдан көп жеди, эртерээк кетсе, жакшы болот эле» сыяктуу сөздөр менен коноктун канчалык «тарбиясыз» экенин сөз кылышат. Коноктун үйдү кыдырышы да эч жактырылбайт, канчалык көпкө турса да отурган бөлмөнүн чегинен чыгылышы кааланбайт. Бөлмөдөн чыкканда үйдө бир тынчсыздануу болгону ага сездирилет.

Эгер конок алыс бир жерден келген болсо жана бир канча күн калышы керек болсо, анда үй ээлеринин чыдамы абдан кетет. Бир мөөнөттөн кийин коноктун жеген ар бир тамагы, кылган ар бир кыймылы, кийген ар бир кийими тынчсыздандырып баштайт. Идишиндеги жеген зайтун данектеринен ичкен чайынын санына чейин, канча чыны тамак ичкенинен канча жолу жуунганына чейин жана канчалык суу колдонгонуна чейин баарын эсептеп чыгышат. Ар бир кыймылында коноктун үйдө ашыкча экенин ага сездиришет. Ушул себептен мындай үйдө бейпил жашоо эч мүмкүн эмес.

Бирок албетте бул абалдын башка тарабы да бар. Үйдө конок катары жүргөн адам да «адам болуу» дининин эрежелерине ылайык мамиле кылат. Ал да конок болгон үйдө максимум пайда алууга аракет кылып, чөйрөсүндөгүлөрдү тынчсыздандырганын ойлонбойт. Ал да бир тараптан «ойлонбостук» кылат.

Натыйжада «адам болуу» дининде адамдар ар кайсы учурда өздөрүнө да, чөйрөсүндөгүлөргө да кыйноо берген бир чөйрө түзүшөт. Мунун себеби болсо алар ээ болгон Курандан узак, жаман ахлак. Ислам дини бир адамда пайда кылган жакындык менен «адам болуу» дининин караңгы ахлагы арасындагы карама-каршылык, бул мисалдагы сыяктуу, күнүмдүк жашоонун бүт чөйрөлөрүндө апачык байкалат. «Адам болуу» дини пайда кылган адамгерчиликсиз, ойлонбос, өзүмчүл мамилелерден улам көп адамдар бейпил жашай алышпайт, ичтери сыгылат, жакын, ишенимдүү жана абдан жакшы көргөн бир дос таба албайт. Бирок ушуга карабастан «адам болуу» дини дүйнөдө миллиондогон адамдар тарабынан абдан бир өжөрлүк менен улантылат. Жана ушундайча адамдар өздөрүн өздөрү азапка салышкан болушат. Бул абал Куранда адамдарга мындайча баяндалат:

Шексиз, Аллах адамдарга эч нерсе менен зулумдук кылбайт. Бирок адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышууда. (Йунус Сүрөсү, 44)