Лицей жаштарында же бул доордон кийинчерээк башталган дагы бир «адам болуу» дининин маданияты – бул флирт (жүрүү) психологиясы. Флирт доору – бул өз кызыкчылыгын ойлогон жана өзүмчүл болуп чоңойгон жаш кыз жана эркектердин туура эмес аял-эркек мамилесин куруп баштаган жана кийинки баскыч болгон туура эмес үй-бүлө куруу түшүнүгүнө даярданган доор.
Бир кызга аны менен флирт кылышын же болбосо «аны менен жүрүшүн» сунуш кылган бир эркек кыймыл-аракети, сүйлөө калыбы, проблемалары, каприздери, кыдырган жерлери жана жакындоо калыбы, т.а. толугу менен аныкталган бир программа жыйнагын сунуштаган болот. Бул программа эки тараптуу ишенбестикке таянган жана ишке ашырылганда эки тарапты тең уят кылып, кулк-мүнөзүн буза турган сыпатка ээ. Мындай мамиле модели жылдар бойу адамдар арасында өз «каада-салттарын» коргоп, бир гана убакыттын шарттарына жараша адамдардын бара турган жерлери жана кийимдери, услуп жана кыймыл-аракеттери гана өзгөрүлгөн абалда ишке ашырылып келет.
Флирт доору убагында эки тараптын да маанайы, аң-сезими, окуяларга көз-карашы бирдей. Ансыз деле мындай доор жашалышы үчүн биринчи шарт – бул доор талап кылган маанайда болуу. Кадимки бир маанай ичинде бул система талап кылган кыймыл-аракеттерди сиңирүү эч мүмкүн эмес. Бул өзгөчө психология эки тараптын тең сезимдери гана өкүмчүлүк кылган, акыл жана ахлактык баалуулуктар маанисиз болгон бир чөйрөдө гана жашалышы мүмкүн.
Айланага мындай «достошуу» менен канчалык мактана алаары бирге жүрүп баштоо чечими алынып жатканда эң көп таасир эткен фактор болуп саналат. Чогуу жүргөн адамды жактырбаса да, айланадагы адамдарга эч тартынбастан көрсөтө ала турган бирөөнүн болушу, бир жерге жалгыз барбоо маанилүү. Жүргөн адамынын болбошу ал адам үчүн уят нерсе катары каралат. Эки тарап тең бири-бирине жакындоо үчүн өзүнүн жеке кулк-мүнөзүн колдонушпайт, чыныгы жүзүн көрсөтүшпөйт. Башка бир кулк-мүнөз менен мамиле кылышат.
Бири-бири менен достошууну каалаган эки адамдын таанышып, жолугушуп, сүйлөшүп жана көрүшүп башташы дайыма бирдей калыпта болот:
Кыз (же эркек) жактырган адамы менен таанышуу үчүн белгилүү чөйрөлөргө барып баштайт. Алгач бир конокто, мектепте же эс алчу жайда бир адамды тандайт. Ага көрүнүү үчүн айланасында басып, көңүл бура тургандай каткырып баштайт, анын тобуна кирүүгө жана достору менен таанышууга аракет кылат. Бул кадамдарды жасап жатканда өзгөчө жактырган кызга (же эркекке) болгон кызыгуусун сездирбеши шарт, бирок өзүнүн болгон көңүлү анда болот.
Таанышкандан кийин эң биринчи тышкы көрүнүшү жана байлыгына каралат. Унаасынын маркасы, жашаган району, эс алчу жайлары, окуган жери, атасынын кызматы, кийимдеринин маркасы, таккан жасалгалары алгачкы таанышууда аны менен мамиле куруп курбоо жөнүндө дээрлик толук пикир берет. Булардын баары мээде бааланат жана пайда-зыян эсеби жасалып, ал адам менен жүрүп-жүрбөө чечими алынат.
Таанышкан соң кезек телефон номерлерди алып, бир жерге чакырууга келет. Алгач эркектин чакыруусу маанилүү. Барган жерлерде акчаны эркек төлөөгө милдеттүү. Эртеси күн кыз күн бою телефон чалышын күтөт жана көбүнчө үйдөн сыртка чыкпайт. Эркек болсо абдан маани бергенин көрсөтпөө үчүн атайылап эрте чалбайт, кечирээк чалат. Телефон менен сүйлөшүп жатканда көп тасмаларда орун алган кызыктай кыймыл-аракеттер жасалат (мисалы, радионун кабели колго оролот) жана айланадагы эч нерсеге көңүл бурулбайт. Кыз каалабаса да бираз жай кыймылдашы зарыл. Бири-биринен көбүрөөк убакытка алыста болгондо, эки тарап тең романтикалык кыймыл-аракеттерди жасайт. Сезимтал көрүнгөн ырларды көпкө угуп, ыйлашат жана өздөрүн жасалма бир стресс абалына киргизишет.
Жолугушуп баштагандан кийин бүт жактырган нерселери өзгөртүлүп ылайыкташтырылат. Берки адамга жаккандай кийинүү, музыка угуу, түшүнбөгөн нерселерди түшүнгөндөй болуп көрүнүү, бири-бирине жагынуу, кыскача айтканда, бир көз бойомочулук процесси башталат. «Адам болуу» дининдеги негизги психология болгон «бири-биринин ыраазычылыгын максат кылуу» абалы эң жогорку деңгээлде жашалат. Окуянын олуттуулугу өскөн сайын эки тараптуу белек бермейлер башталат жана барган сайын алынган белектердин баасы өсөт. Ал ортодо алынган белектер үй-бүлөлөргө, досторго көрсөтүлүп, мактанылат. «Мени ушул белектерге ылайыктуу даражада жактырат» дегендей сөздөр айтылат. Эки тарап тең бири-биринин үй-бүлөлөрү жана чөйрөлөрү жөнүндө маалымат алууга аракет кылат. Үй-бүлөсү эгер бай болсо, эртерээк берки адамга үйүн көрсөткүсү келет. Үй-бүлөсү бай эмес болсо, үйүнөн алыс кармоого аракет кылып, калптарды айтып баштайт. Ээ болбогон нерселерин өзүнүкүндөй кылып, барбаган жерлерине бардым деп айтып баштайт. Беркинин аны ушуга жараша баалаарын билгендиктен, муну абдан чеберчилик менен жасаганга аракет кылат. Чөйрөсүн көпчүлүк кылып көрсөтүү да бир байлык алааматы. Тааныбаган адамдарды таанышы сыяктуу айтып берет. Сүйлөшүлгөн темалар да дайыма белгилүү.
«Адам болуу» дининде, башка тармактардагы сыяктуу эле, аял-эркек мамилелеринде да Аллахтын ыраазычылыгын максат кылуу, Аллах койгон критерийлерге ылайык чечим алуу багытында эч аракет жасалбайт. Динчил жана Аллахтан корккон адам катары таанылуу бул караңгы жана төмөн көз-карашта кадыресе кабыл алынбайт. Бул тема «ар бир адамдын ишеними өзүнө» сыяктуу маанисиз сөздөр менен жабылат.
«Жүрүү» окуясы – дос чөйрөсүнө мактана алуу үчүн да абдан маанилүү. Бир эркектин канча көп кыз менен жүргөнү көрүлсө, ошончолук суктанылып, мактанат. Ошондой эле бир эркектин сулуу бир кыз менен жүрүшү да досторунун көзүн күйдүрүү максатында болот. Кыздар да көбүнчө кымбат, кооз унаасы бар эркектер менен жүрүүнү каалашат. Себеби мектептин жанында курдаштарынын унааны көрүшү алар үчүн бир кадыр-барк болот. Жүргөн адамынын үйүнүн жакшы болушу да курдаштарынын суктанышы жагынан маанилүү.
Бирге жүрүүлөр сүйүү жана сый-урматка таянбайт. Мамилелер дайыма бош убакыт өткөрүү, кыдыруу, тамактануу, айланадагыларга мактануу жана бири-биринен пайдаланууга таянгандыктан, убакыт өткөн сайын мамилелерде уруш-талаштар жана тажоо байкалып баштайт. Кыздар көбүнчө ар бир урушта ыйлашат, эркектер болсо маани бербей, сезимсиз көрүнүүгө аракет кылышат. Бири-бирине ээ чыгуу, бири-бирин кысымга алуу жана өз ара ишенбестик чөйрөсү бираз мөөнөттөн кийин азапка айлана баштайт.
Араларында бекемдик, туруктуулук сыяктуу түшүнүктөр болбойт. Эки тарап тең бирге жүргөн адамынын андан сулуураак же жарашыктуураак, байыраак жана атактуураак бирөөнү тапканда, ошол замат аны таштап кетээрин билет жана дайыма мындан тынчсызданат. Ансыз деле ар бир мүмкүнчүлүктө бул нерсе айтылып, бир коркутуу куралы катары колдонулат. Бири-бирин урматтоо да бир убактан кийин жоголуп баштайт. Бири-бирин ашыкча өйдө коюп алышканын, бири-биринин алсыз бир адамдар гана экенин убакыттын өтүшү менен байкашкандыктан, бирөөсүнүн алсыздыгы биразга байкалганда эле андан сууйт жана ага болгон сүйүүсүн жоготот. Анын уйкудан жаңы турган абалы, тердеши, жүзүнө бүдүр чыгышы, ооруп калышы ага болгон сүйүүсүнүн азайышына себеп болот.
Көпчүлүктүн арасында бири-бирин дайыма басынтышат. Өзгөчө «келесоо» абалына түшпөө үчүн досторунун жанында аны жактырбаганын көрсөткөн, кемчиликтерин ортого койгон сөздөр, шылдыңдар айтылат.
Бүт бул нерселерге карабастан андан жакшысын таба албоо коркуусу мамилелерди улантат. Ортодогу уруш жана ажыроолорго карабастан, башка бирөөнү таба алышпаганда кайра бири-бирине кайтышат. Жакшы-жаман болсун жүргөн бир адамынын болушу айланага жалгыз көрүнүүдөн жакшыраак.
Ажырашуу учурунда биринчи кимдин ташташы да абдан маанилүү. Биринчи таштаган өзү болуу үчүн да ажырашкандар көп болот. Ортодо уруш чыгаруу жана каприз көрсөтүү болсо «оңой бирөө эмес» экенин көрсөтүү үчүн абдан маанилүү. Ажырашуунун аркасынан эгер жараша турган болсо ала турган белеги абдан маанилүү. Себеби ала турган белегинин баасы аны канчалык сүйгөнүн көрсөтөт. Флирт доору – кыздын да, эркектин да жеке кулк-мүнөзүнүн, ахлактык баалуулуктарынын, өздөрүнө болгон урмат-сыйынын акырын акырын жоголуп баштаган бир доору болот. Негизинен мактануу, материалдык көз-караш, жыныстык мамилелер, пессимизм жана жасалмалык үстүнө курулган мындай бир доордун бүт нерсени жаңыдан үйрөнүп тарбияланып баштаган бир адамдын келечектеги жашоосуна таасир берген кыйратуучу жана туруктуу таасирлери болот.
Бул жерде саналгандардын баары «адам болуу» дининде «флирт» же болбосо «жүрүү» катары билинген мамиле моделинин чындыгында канчалык бош, канчалык азап берүүчү экендигин көрсөтүүдө. Сырттан караган көп адамдар үчүн болсо флирт дүйнөнүн эң таттуу, эң сонун нерсеси сыяктуу көрүнөт. Мындай имидж өзгөчө бул темадагы тасмалар аркылуу жаратылган. Миңдегени которулган мындай тасмаларда флирт эки адамды абдан бактылуу кылган, жашоону гүлзарга айланткан, адамга жашоосунун эң жакшы көз ирмемдерин жашаткан бир мамиле катары көрсөтүлөт. Бирок мындай кооздолгон көрүнүш чындыктарга эч качан туура келбейт. Себеби «адам болуу» дининде, башка бардык мамилелер сыяктуу, аял-эркек мамилеси да жасалма жана өз кызыкчылыктарын ойлогон бир көз-караш менен жүргүзүлөт. Эки тарап тең бой көтөрүүнү жакшы көрүшү, жасалмалыгы, ишенимсиздиги себебинен азап берүүчү бир маанайга кабылат.
Бул – чындыгында абдан бош болгон дүйнө жашоосунун адамга кооз көрсөтүлгөн болушунун бир натыйжасы. Куранда дүйнө жашоосунун кооз көрсөтүлгөндүгү көп жолу айтылат. Адамдарды адаштыруу үчүн кыяматка чейин аракет кыла турган шайтандын да негизги өзгөчөлүгү – бул адамга дүйнөнү кооз көрсөтүшү. Шайтандын бул жөнүндөгү убадасы төмөнкүдөй:
(Шайтан) Айтты: «Раббим, мени күүлөгөн (адаштырган) нерсең үчүн, ант болсун, мен да жер бетинде аларга (Сага баш көтөрүүнү жана дүнүйөлүк арзууларды) кооздоп-сулуу көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз күүлөп-адаштырам.» (Хижр Сүрөсү, 39)
Эгер адам акылын колдонбосо шайтандын сөзүн угат жана дүйнөдөгү бош, утурумдук жана азап берүүчү нерселердин тышкы көрүнүшүндөгү адаштыруучу кооздугуна алданат. Бул флирт же болбосо «жүрүү» мамилесине да тиешелүү. Жаш кыз же эркек тасмаларда көргөн, айлана-чөйрөдөн үйрөнгөн сезимталдык атмосферага кирет жана флирт кылуу менен дүйнөнүн эң бактылуу адамы болом деп ойлойт. Чындыкта болсо кыска бир мөөнөттөн кийин ортодо эч ал ойлогондой кемчиликсиз бир мамиле жок экенин түшүнөт. Бирок бул да аны ойлонууга багыттабайт, мурдакы сүйгөнүмдөн тажадым жана жаңысын табышым керек деп ойлойт. Же болбосо үй-бүлөлүк жашоону оюнда чоң бир максат катары койот жана чыныгы сонун күндөр үйлөнгөндөн кийин башталат деп ойлойт. Мына ушул жерде чыкпас бир айлампага кирген болот жана акылын колдонмоюнча өлгөнгө чейин бул айлампанын ичинде калат. Эми ал Курандагы «Чындыктан баш тарткандарга дүйнө жашоосу жагымдуу (кооз) көрсөтүлдү...» (Бакара Сүрөсү, 212) аятындагы абалга кирген жана «Жамандык катары жасагандары өзүнө жагымдуу-кооз кылынып, аны кооз көргөн»дөргө кошулган болот (Фатыр Сүрөсү, 8). Башка бир аятта болсо бул адамдардын абалы төмөнкүчө билдирилет: «Акыретке ишенбегендер; Биз аларга кылгандарын кооздоп койгонбуз, ошондуктан алар сокурлук ичинде адашкан абалда кезип жүрүшөт» (Намл Сүрөсү, 4)
Дүйнөнүн кооздугу алдамчы, себеби чыныгы жана түбөлүктүү эмес. Дүйнөдөгү немат-жакшылыктар акыреттеги немат-жакшылыктардын кемчиликтүү бир мисалы, бир өрнөгү катары жаратылган. Жана бул нематтардан чындап ырахат алуу аларды Аллах бергендигин жана акыреттин кемчиликтүү бир мисалы катары жаратылганын түшүнүү менен гана мүмкүн болот. Дүйнөдө бейпилдик жана бакытка жетүүнүн жалгыз жолу да – бул Аллахка багытталуу. Себеби аятта да билдирилгендей, «...жүрөктөр бир гана Аллахты эстөө менен тынчтанат (бейпил болот).» (Рад Сүрөсү, 28)
«Адам болуу» динин тутунгандар муну түшүнүшпөгөндүктөн, Аллахты унутуп, дүйнөнүн утурумдук кооздугун чыныгы, бекем жана түбөлүктүү деп ойлошуп жаңылышууда жана азапка кабылышууда. Бир аятта каапырлардын дүйнө жашоосуна алдануусу мындайча сүрөттөлөт:
Каапырлар болсо; алардын амалдары түптүз бир талаадагы закымга окшойт; суусаган аны бир суу деп ойлойт. Аягында ага жеткенде эчтеке таба албайт жана жанында Аллахты табат. Анын эсебин толугу менен берет. Аллах эсепти абдан так тутуучу. (Нур Сүрөсү, 39)
Бул жерге чейин да каралгандай, «адам болуу» дининин критерийлери ичинде жашаган жана Аллах ыраазычылыгынан алыс болгон бир аял-эркек мамилесин үмүт, кыял жана күтүүлөр тарабынан караганда алыстан кооз, сонун көрүнгөн бир закымдан (мираж) айырмасы жок. Бирок бул нерсенин чыныгы жүзү байкалганда, бул күтүү жана кыялдардын бош, эч баркы жок, азап жана кыйынчылыктарга толо экендиги көрүнөт. Себеби бул сүрөттөлгөн моделде адамдар өз табиятына тескери абалда жашашууда. Чындыгында болсо адам Куранда билдирилген сонун ахлактан жана ага бул ахлакка ылайык мамиле кылынышынан ырахат алат. Куранга тескери келген мамиле, сөз жана кыймыл-аракет табиятка тескери келгендиктен, ар бир адамды сыгат, тынчсыздандырат. Мисалы, Куранда билдирилген сүйүүдө мээрим, ишеним жана толеранттуулук бар. «Адам болуу» дининдеги сүйүүдө болсо кызганычтык, таш боордук жана көбүнчө сый-урматсыздык да орун алат.
Бул система – суктануу керек болгон эмес, тескерисинче качуу керек болгон бир сүйүү түшүнүгү. Эң туурасы – бул Аллах жараткан адам табиятына жараша мамиле кылуу, мээрим жана сүйүү көрсөтүү.
АДНАН ОКТАР: Эң биринчиден, романтик болуп көрүнүү оюнунун өзү күлкүлүү. Бир адамдын театр оюнчусу сыяктуу көрүнүштөргө кириши, оюн ойношу, чыныгы жүзүн жашырып, толугу менен жасалма мимикалар менен, услуп, сөздөрү менен бир театр сахнасында бир оюн коюп жаткандай жашашы бир тараптан күлкүлүү, бир тараптан оор, бир тараптан азап. Мындай адам менен сүйлөшүү да абдан кыйын. Мен адамдардын көпчүлүк бөлүгүнүн жасалма экенин көрөм. Акылдуу бир адам жасалмалыктан абдан тартынат, жасалма бир адамды кароо, аны менен сүйлөшүү абдан тынчсыздандыра турган нерсе. Мисалы аялдарда да кээде эркектерге карата андай мамилелер болот, эркектерде да аялдарга карата жасалма мамилелер болот. Чоң эле жигит аялдай болуп ыйлайт, анормалдуу аракеттерди жасап, сезимтал сөздөрдү сүйлөйт, бул аялдын абдан ачуусун келтирет, абдан тынчсыздандырат. Аялдын да жасалмалыгы, сүйбөй туруп сүйгөн сыяктуу көрүнүшү, кээде бай бирөөнү көргөндө, колу-бети да кыйшык болбосо, унаасы да болгон болсо, кокустан «ашык» болуп калганын, жашоодо биринчи жолу мындай нерсеге кабылганын, мурда мындай сезимге эч кабылбаганын айтып, ал байкушумду алдап, бир мөөнөттөн кийин өзү каалагандай абалга алып келе алат... Б.а. чынын айтканда дүйнөнүн көп бөлүгүндө чоң бир театр көрсөтүлүүдө. Бул театрдын көптөгөн аткаруучулары бар. Бири-бирине көптөгөн ролдорду ойношууда. Бул туура эмес. Мына акыр заманда, Аз. Мехди (ас) доорунда бул театрдын сахнасы жабылат жана адамдар андан соң чыныгы адам болушат, чыныгы сүйүү менен мамиле кылышат, чыныгы акылды ортого чыгарышат, чыныгы жүзүн көрсөтүшөт. Андан соң маскалар алынып салынат. Адамдардын көпчүлүгү маска менен жүрүшөт. Бул маскалар алып салынат. Ушул маскалардан улам адамдар бактылуу эмес. Мен сыртка чыкканда адамдардын көпчүлүгүнүн күлгөн жүзүн көрө албаймын, бактылуу көрбөймүн. Себеби маскага жолугам. Чыныгы адам адамга жагат. Чыныгы жүз адамга жагат. Маска адамга эч жакпайт. Жасалмалык адамга такыр жакпайт.
Б.а. бир чыныгы гүл бар, мисалы чыныгы бир роза бар, анан пластикадан жасалган роза бар, сатылат, пластикадан жасалган. Азыр адамдар ошол жасалмаларын колдонушууда көп жерде. Чыныгы розаны жасалмасын жасоого, тууроого аракет кылышат, ашыктыкты тууроого аракет кылышат, ашык көрүнүшүндө бир театр артисти сыяктуу бир нерселер жасоого аракет кылышат, бирок берки адам муну ошол замат байкайт, б.а. эмне үчүн сүйөсүң дегенде, унаасы үчүн, үйү үчүн жана көрүнүшү үчүн дейт. Ал жерде ансыз деле ашык деген нерсенин калбаганы ачык белгилүү, себеби адамдын көрүнүшү дегенде, көрүнүшүнө бир нерсе болсо аны жаман көрүп калаары жана ылдам качаары белгилүү. Акчасынан айрылганда да андан качаары белгилүү, унаасынан айрылганда да андан качаары белгилүү. Андай болсо бул оюндун эмне кереги бар? Бирок кээ бир байкуш адамдарды ушинтип алдашууда, ал болсо чындап ишенет.