Тарых бойу адамдарга жана коомдорго сансыз азап жана балээ алып келген жашыруун бир коркунуч бар.
Бул коркунуч адамдарды фанатизм, алсыздык жана өжөрлүктөр менен жашоого чакырат.
Кээде бир фашисттин түйгөн мушунда...
Коммунист ырдаган бир маршта...
Кээде болсо жаш бир кыз жакшы көргөн жигитине жазган ашык катында ортого чыгат.
Бул коркунучтун аты – романтизм.
Романтизмди кээ бир адамдар зыянсыз бир өзгөчөлүк деп ойлошот. Чындыгында болсо ал – дини жок адамдарга жана коомдорго тиешелүү бир өзгөчөлүк. Шайтандын адамзатты Аллахтын жолунан чыгаруу үчүн колдонгон бир куралы. Акылдын ордуна сезимдерге карап жашоого үндөйт. Акылын колдоно албагандар болсо Аллахтын кудуретин байкай алышпайт жана Анын жаратуу далилдерин зарыл деңгээлде терең ойлоно алышпайт.
Сад Сүрөсүндө буйурулгандай, Аллах Куранды
«аяттарын жакшылап терең ойлонушсун жана таза акыл ээлери сабак алышсын деп» (Сад Сүрөсү, 29)
түшүргөн.
Адамды акылдан алыстаткан романтизм ошол эле учурда адамды динден да алыстаткан болот.
Бул фильмде романтизмдин жакын тарыхта жана күнүмдүк жашоодо кандай чоң азаптарга себеп болгонун карайбыз. Курандын жол көрсөтүүсү менен бул коркунучтан алыстоонун канчалык жеңил экенин көрөбүз.
РОМАНТИКАЛЫК УЛУТЧУЛДУКТУН ЖАРАЛЫШЫ
Романтизм адамдар арасындагы сезимдик мамилелерден саясий идеологияларга чейин тараган абдан кеңири бир жаңылыштык. Романтизмдин саясий идеологияларынын эң негизгиси – бул «романтикалык улутчулдук».
Улутчулдук жана романтикалык улутчулдук эки башка түшүнүк жана аларды адаштырбоо керек. Бир адамдын улутка жана жашаган мекенине болгон сүйүүсү – бул улутчулдук. Мындай сүйүү – сонун нерсе жана шариятка ылайыктуу.
Сүйүүнүн фанатизмге айланышы менен бирге улутчулдук шариятка терс бир абалга айланат. Улутчулдуктун ордун романтикалык улутчулдук ээлейт. Романтикалык улутчул – бул рацисттир. Улутун сүйүү менен бирге башка улуттарга каршы жек көрүүсү пайда болот. Улутунун пайдасы үчүн башка улуттардын жерлерин, байлыктарын басып, ээлеп алгысы келет.
Аллах романтикалык улутчулдукту Куранда «кыжырдуу улут коруучулугу» деп атайт. Мындай мамиленин динден узак жашаган коомдордун бир өзгөчөлүгү экенин болсо бир аятында мындайча кабар берет:
Ал чындыктан баш тарткандар өз жүрөктөрүндө «кыжырдуу улут коруучулугун», караңгылыктын «кыжырдуу улут коруучулугун» жасап-күчөтүшкөндө, ошол замат Аллах элчисине жана момундарга «ишеним жана бейпилдик сезимин» түшүрдү... (Фетих Сүрөсү, 26)
1400 жыл мурун Аллах Куранда сүрөттөгөн мындай көрүнүш бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык тарабын каптады.
Африкадагы уруулар арасындагы согуштар...
Европада дээрлик куралчан урушка айланган футбол мачтары...
Негрлерге, еврейлерге, түрктөргө каршы жек көрүү менен кандуу аракеттер уюштурган уюмдар романтикалык улутчулдуктун бүгүнкү күндөгү көрүнүштөрүнүн бир канчасы гана.
Коомдорду артынан түрткөн жана чоң азаптарга себеп болгон романтикалык улутчулдук кантип пайда болгон?
Бул идеологиянын булагы – Европа.
Ортоңку кылымда бир канча феодалдын башкаруусунда жашаган элдер 17-кылымдан баштап, жалгыз бир борбордук башкаруунун астына чогулушуп, улут-мамлекеттерди курушту. Алгач Англия жана Франция, алардын артынан башкалары болуп бир топ Европа өлкөсү бир канча улут-мамлекет абалына келишти. 19-кылымга келгенде болсо, көптөгөн Европа өлкөсү улуттук мамлекеттерин курушкан эле.
Мындай өзгөрүүдөн артта калган эки өлкө гана калган эле:
Германия жана Италия...
Бул эки өлкөдө тең хандыктар же шаар мамлекеттеринин бийлиги көп жылдарга созулду. Башкача айтканда, бул өлкөлөр улуттук биримдикти курууда бир топ артта калышты. Бул абал радикалдуу улуттук агымдардын пайда болушуна себеп болду. Натыйжада улутчулдуктун ордун фанатикалык сезимдер ээледи.
Фанатикалык улутчулдуктун эң жеткен чеги болсо – тарыхтын эң кандуу режимин курган фашизм эле.
Фашисттик идеологиянын алдыңкылары тарыхта «романтикалык улутчулдар» катары таанылышат. Романтикалык улутчулдар өз улуттарынын мистикалык жана сырдуу бир «рухка» ээ экендигине ишеништи... Жана мындай рух урматында башка улуттардан өйдөбүз деп ойлошту.
Башкача айтканда, сезимдери акылдарын басып кетти...
1933-жылы Гитлер жана анын аскерлери немец коомуна карата «романтикалык мээ жууш» иш-чарасын башташты. Бул иш-чара менен немец расасын тазалоо аркылуу бүт дүйнөнү башкара турган «немец хандыгын» курабыз деген чакырыкты жасашты. Адамдар Гитлердин кекке толгон жана кабанаак сөздөрүн өздөрүн жоготуу менен көз жаштары ичинде угушту. Негизинде жолдон адашкан ойлорго ээ бир романтик болгон Гитлер элдер үчүн метафизикалык күчтөргө ээ бир «лидер» эле.
1930-жылдардын аягында болсо немец калкынын көпчүлүгү бул кыялдын ишке ашаарына ишеништи. Бул максатта өлкөдөгү бардык башка улуттарды өлкөдөн чыгаруу керек дегенди кабыл алышты.
Жана адамзат тарыхтын эң караңгы күндөрүн жашап баштады...
Миллиондогон күнөөсүз адамдар фашисттердин үрөй учурган лагерлеринде жан берди.
РОМАНТИКАЛЫК УЛУТЧУЛДУКТУН КАНКОРДУГУ
Адамзат тарыхынын эң кандуу жылдары... Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар...
Бул согуштардын эң негизги себеби – романтикалык улутчулдук жана алар ээ болгон идеология.
Германияда басымдуулук кылган романтикалык улутчулдук агым акырындап англис, француз жана орус коомдоруна да таасирин тийгизди. Маселелерди келишимдер жолу менен чечүүгө мүмкүн болгонуна карабастан, биринчи дүйнөлүк согуш чыгып кетти. Жана бул согушта 9 миллион адам көз жумду.
Романтиктер марштар менен жана жалындуу ыр саптары менен «немец руху», «англис даңкы», «француз тайманбастыгы» сыяктуу сезимдерди калктын аң-сезимине сиңиришти. Башкаруучулар мындай сезимдерге алданып, акылга сыйбас чечимдерди алышты жана башка улуттарга каршы кандуу пландар курушту.
Чындыгында болсо жаңылышты... Азапка туш болгон өздөрүнүн калкы эле...
Экинчи дүйнөлүк согушта да ушундай канкор мамиле өкүм сүрдү. Бул жолу Гитлер, Муссолини, Сталин сыяктуу романтиктер себебинен 55 миллион адам жашоосунан айрылды.
Романтикалык улутчулдуктун канкордугу дүйнөлүк согуштардан башка учурларда да өзүн көрсөттү. Ар түрдүү өлкөлөр, уруулар, уюмдар арасындагы согуштар жана талаштардын көпчүлүгүнүн себеби – кайра эле романтизм эле.
Адамдарды азаптарга түрткөн мындай идеологиянын парда аркасында болсо бүт адамзатка душман болгон бир күч турат. Бул – адам урпактарын адаштыруу үчүн кыяматка чейин аракет кыла турган шайтан. Аллах Куранда шайтандын адамдарды согуш, баш аламандык жана кол салууга чакыраарын мындайча кабар берет:
(Аллах) Айткан эле: Бар, алардан ким сени ээрчисе, шексиз силердин жазаңар – тозок, кемчиликсиз бир жаза. Алардан күч жеткире алгандарыңды үнүң менен адаштыр, аттууларың жана жөө (аскер)лериң менен аларга ызы-чуу чыгар... (Исра Сүрөсү, 63-64)
РОМАНТИКАЛЫК УЛУТЧУЛДУКТУН ПИКИРДИК ФУНДАМЕНТИ
Романтикалык улутчулдар улуттар арасындагы күрөштү жана согушту колдогон сөз жүзүндө илимий теориялардан кубат алышкан.
Булардын эң негизгиси – Дарвиндин эволюция теориясы.
Дарвин «Адамдын келип чыгышы» аттуу китебинде адам расаларынын кээ бирлери башкаларынан өйдө деген көз-карашты айткан эле. Европалык ак расаларды «алдыңкы расалар», негрлерди, азиялыктарды, ал тургай түрктөрдү да «жарым-маймыл алгачкы расалар» деп атаган. Ал тургай, расалар арасында дайыма согуш жана күрөштөр болуп турушу керек деген ойун жактады.
Романтикалык улутчулдар расист ойлорун дал ушул теорияга таяндырышты. Дарвин жана анын Германиядагы эң ири жактоочусу болгон биолог Эрнст Гегель романтик фашист улутчулдугунун таянуучу негизи абалына келишти. Америкалык тарыхчы Даниель Гасман Улуттук социализмдин илимий булактары аттуу китебинде бул жөнүндө мындай деп жазат:
Германиядагы расизмден илхам алган Социал дарвинизм расизм, империализм, романтизм, анти-семитизм жана национализм агымдарынын жалгыз бир дене астында биригип, жалгыз бир идеология абалына келишине кызмат кылды... Романтик немец улутчулдугунун чындыгында толугу менен акылга сыйбас жана мистикалык пикирлерине илимий салымын жасаган киши – Германиянын эң негизги дарвинисти болгон Эрнст Гегель эле. (Daniel Gasman, The Scientific Origins of National Socialism, New York, 1971, s. 23)
Дүйнөлүк согуштардын артында орун алган идеология да дарвинизмдин диалектика (күрөш, уруш-талаш) теориясы эле. Биринчи дүйнөлүк согушту тутанткан генералдардын кат жана күндөлүктөрүндө дарвинизмдин «жандуулар күрөш менен алдыга жылат жана расалар да согушуу менен бийиктейт» деген сыяктуу пикирлери жолугат.
Мисалы, биринчи дүйнөлүк согуштун генералдарынан Фридрих фон Бернарди согуштар жана табияттагы сөз жүзүндөгү «күрөш мыйзамдары» арасындагы байланышты мындайча баяндаган:
Согуш – биологиялык бир муктаждык, табияттагы элементтердин күрөшү сыяктуу зарыл; биологиялык тараптан керектүү натыйжалар берет, себеби бул натыйжалар жандуулардын негизги өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу. (Antony Smith,”İnsan, Yapısı ve Yaşamı”, İstanbul,1979/ s.33)
Австрия-венгриянын башкы командачысы генерал Франз Барон Конрад фон Гоетзендорф болсо согуштан кийинки эскерүүлөрүн мындай деп жазган эле:
Дүйнөлүк согуштун чоң балээси адамзаттын жашоо күрөшү принцибине толук дал келген негизде ишке ашты. Адамдардын жана мамлекеттердин жашоолорунун негизги күчү менен пайда болгон бул согуш – бошонушу керек болгон бир чагылган заряды сыяктуу табияттын бир эрежеси. (James Joll, Europe Since 1870: An International History, 1990, s.164)
Биринчи дүйнөлүк согушту башкарган генералдар ушул сыяктуу социал дарвинист пикирлер менен миллиондогон аскерди эч ойлонбостон, максатсыз өлүмгө жөнөтүштү. Романтик улутчулдук дарвинизм менен бириккенде, кандуу бир согуш идеологиясы пайда болгон эле.
Бүгүнкү күндө нео-фашисттерде жана Ку Клукс Клан сыяктуу фашист уюмдарда дагы эле социал дарвинист ураандар колдонулууда. Дарвиндин теориясы дагы эле романтик улутчулдук жана расизмдин эң негизги таянычы милдетин улантууда.
КОММУНИСТТИК РОМАНТИЗМ
Романтизм адамдарды башкарган идеологиялардын бири – коммунизм.
Коммунисттик идеология Карл Маркс жана Фридрих Энгельс тарабынан калыптанган. Бул эки ойчул эч далилсиз кабыл алган материалисттик философияны коомдук илимдерге киргизишти.
Маркс жумушчу (пролетариат) революциясынын жана анын артынан боло турган социалисттик ааламдын сөзсүз болчу нерсе экендигин айткан.
Маркстын ойу бойунча революция жумушчулардын инициативасы менен башталмак...
Революция боло турган жерлер болсо Англия сыяктуу өнөр-жайы өнүккөн өлкөлөр болмок...
Бирок тарых бул прогноздордун эч биринин ишке ашпаганын көрсөттү. Индустриалдашкан өлкөлөрдүн эч бирөөсүндө революция болгон жок. Тескерисинче, жумушчулардын социалдык жана экономикалык шарттары жакшырды.
Маркстын прогноздорунун баары туура эмес болуп чыкты.
Бирок Марксисттер романтикалык бир өжөрлүк менен коммунисттик идеологияны жактоону улантышты. Маркс революция өзүнөн-өзү болот деп айткан эле. Марксисттер болсо бул кыялды уюмдар куруп, кандуу аракеттер менен ишке ашырууга аракет кылышты...
Маркстан кийин анын көз-караштарын жактаган жана революция кыялдарын уланткан Ленин эле. Ленин Маркстан айырмаланып, революциянын Россия сыяктуу өнөр-жайы өнүкпөгөн өлкөлөрдө ишке ашаарын айтты. Лениндин ойу бойунча Россияда ийгиликтүү ишке ашырылган коммунизм бүт дүйнөгө жайылмак.
Бирок Маркс сыяктуу Лениндин да кыялдары ишке ашпады...
Курган системасы ийгиликке жете алган жок жана коммунизм дүйнөгө жайылган жок...
Тескерисинче, Советтер Союзу жана Чыгыш Блогу узун мөөнөттүү бир артка кетүүдөн кийин чөктү...
Коммунисттик Кытай эркин рынок экономикасын кабыл алды...
Бүгүнкү күндө коммунизм 20-кылымдын эң ийгиликсиз эксперименти катары кабыл алынууда.
20-кылымда чөккөн система – жалаң гана марксизм курган системалар эмес. Марксизм таянган материалисттик философия да кыйрады. Аалам чексизден бери бар, жаратылган жок деген сыяктуу материалисттик көз-караштардын туура эмес экендиги аныкталып, Дарвиндин эволюция теориясы жараксыз абалга келди жана рухтун бар экендигинин илимий далилдери табылды.
Бирок бардык бул чындыктарга карабастан, коммунисттик уюмдар дагы эле иш-аракеттерин улантышууда. Мунун эң негизги себеби болсо – бул алардын идеологияларына болгон романтикалык көз-карандылыгы.
Чынжырларын сындырган күчтүү пролетария афишалары...
Түйүлгөн муштумдар...
Согуш жана өлүм жөнүндө сөз кылган революция марштары...
Коммунисттик уюм жана режимдер анализ кылынганда, мындай романтикалык элементтердин көп колдонулганы байкалат.
Миллиондогон жашоосун жоготкон коммунист лидерлер адамдардан өзгөчө сыяктуу көрсөтүлөт. Мунун максаты – лидерлерге карата сезимтал бир жакындык пайда кылуу болуп саналат.
Революция сөзү идол (пут) кылып алынган. Бир коммунист үчүн революция – бул бардык жамандыктардын бүтүшү жана жакшылыктардын башталышы.
«Гүлдөр ичиндеги сонун өлкө», «алыстардагы кызыл күн» - булар көп колдонулган романтикалык коммунисттик сүрөттөөлөр.
Романтизм коммунисттердин кийген кийимдерине да таасир эткен. Жаш активисттер ток-жашыл (хаки) өңдүү аскердик кийимдер жана десанттык кепка менен өздөрүн партизандардын лидери Че Гуеверага окшотушат. Бөлмөлөрүндө сөзсүз «Че» сүрөттөрү бар.
Мотивацияларын Чеге арналган Латын мелодияларынан алышат.
Кыскача айтканда, адамдар коммунизмди романтикалык бир байлануу, бир ностальгия катары жашашууда. Акылга сыярлык жана илимий бир негизи жок болгонуна карабастан, дагы эле коммунизмди жактагандардын бар болушу ушундай сезимдик алдануу себебинен.
ДИНДИ ЖАМЫНЫП ИШКЕ АШЫРЫЛГАН РОМАНТИЗМ
Романтизм чындыгында динге туура келбеген бир психология болгонуна карабастан, кээде туура эмес жол менен динди жамынып адамдарга таасир берет.
Чыныгы дин менен романтикалык дин түшүнүгү арасындагы эң маанилүү айырма болсо – бул ыклас (ихлас) түшүнүгү. Ыклас – бул бир иштин жалаң гана Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн жасалышы. Ал эми романтикалык дин түшүнүгүндө болсо, башка адамдардын ыраазычылыгына жетүү же сезимталдык бир канааттануу алуу бир топ көбүрөөк маанилүү.
Аллах Куранда Анын ыраазычылыгы үчүн кылынбаган ибадаттардын жараксыз экендиги менен байланыштуу мындай буйурат:
Мобул намаз кылгандардын абалы оор, алар намаздарында жаңылуу ичинде, алар (намаздарын) эл көрсүн үчүн кылышууда. (Маъун Сүрөсү, 4-6)
Романтизм ыкласты жоготот жана динди сезимдик муктаждыктарды канааттандыруу үчүн жашатат. Мындай жол менен адамдар туура эмес бир дин түшүнүгүнө түртүлүшөт. Динди жалаң гана бир психологиялык ырахат алуу куралы катары көрүшөт.
Аллах адамга акылын колдонушун жана акыл жолу менен ыйман келтирүүсүн буйруйт. Романтикалык дин түшүнүгүндө болсо акыл колдонулбайт. Пайгамбарыбыз (сав) да бир хадисинде «Акылы жоктун дини жок» деп айткан.
Көптөгөн романтикалык дин түшүнүгүндө адамдын өзүн азаптоосу маанилүү бир аракет катары кабыл алынат. Өздөрүн крестке асуу менен Аз.Исага жакындаштым деп ойлогон христиандар бар. Будизмде ачка калуу же ыңгайсыз жерлерде уктоо ыйык аракеттер деп саналат.
Ислам мындай романтикалык түшүнүктөрдөн алыс. Чындыкты талап кылат. Себеби, Аллах чындыктын өзү... Бул чындыкты түшүнө алуу үчүн адамдын романтизмден кутулушу, чындыктарды акылы менен издеши шарт. Аллах талап кылгандай ыйманга ээ болуу акыл жолу менен гана мүмкүн болот.
КҮНҮМДҮК ЖАШООДО РОМАНТИЗМ
Романтизмди эң көп жолуктурган жерибиз – бул күнүмдүк жашообуз.
Көп адамдар башына келген терс окуяларга каршы сезимтал жооп беришет. Мисалы, адилетсиздикке каршы ачууланат же үмүтсүздүккө түшөт, каалаганына жетпесе, кайгырат... Чындыгында болсо мындай аракеттердин эч бири проблеманы чечпейт.
Сезимтал адамдар көчөдө баратканда, жерде жаткан бирөөнү көргөндө, кайгырат жана боору ооруйт. Бирок өтүп, кете беришет...
Чыныгы Мусулмандын аракети – бул адамга жардам берүү. Бул – сезимталдык эмес, Аллах Куранда сүрөттөгөн бир пайгамбар өзгөчөлүгү болгон «элпек жана адамдарга жакын болуу» өзгөчөлүгү.
Сезимталдык болсо мусулман ахлагына жат нерсе жана ал ар кандай түрлөрдө ортого чыгат.
Бул түрлөрдүн бири – кайгыруу жана пессимизм.
Адам сулуулуктардан ырахат ала турган бир абалда жаратылган. Кубаныч жана бакыт ичинде жашагысы келет... Аллахка ишенген жана Куран ахлагын өзүнө сиңирген бир адам дайыма кубанычтуу жана санаасыз болот.
Бактысыздык жана кайгыруу болсо ыйман келтирген адам эч кабылбай турган бир сезим. Аллах Куранда мындай деп буйурат:
...Ким Менин хидаятыма (туура жолума) ээрчисе, эми ал жаңылып-адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Мени эстөөдөн (зикирден) баш тартса, эми ал үчүн азаптуу бир жашоо бар... (Таха Сүрөсү, 123-124)
Кайгыруу жана бактысыздык ичинде жашагандар – сезимтал адамдар. Алар жашоолорун кокустуктар негизинде болууда деп ойлойт. Терс окуяларды шанссыздык жана кемчилик катары карашат. Дайыма кайгыга салчу бир кабар же жаман бир сөз угуу тынчсыздануусу менен жашашат. Жашоого көз-карашы пессимисттик маанайда...
Момундар болсо башына келген окуялардын Аллахтын каалоосу менен болгонун билишет. Мисалы, бир момун абдан каалаган бир ишке кире албаганда, кайгырбайт. Аллах белгилеген мындай жыйынтыкты санаага батпастан жана ишеним менен кабыл алат. Себеби, ал үчүн бул жыйынтыктын жакшылык экенин билет.
Албетте, Аллах адамдарды кыйынчылык жана азаптар менен сынашы мүмкүн. Бирок, момун мындай кыйынчылыкка дуушар болгондо, кайгырбайт жана үмүтсүздүккө түшпөйт, сезимге алдырбайт... Аллахтын аны сынап жатканын билет. Мындай кыйынчылыктарды чечүү жолунун ыйлоо, кайгыруу же даттануу эмес экендигин билет. Кыйынчылыктан чыгуу жолу – Аллахтан жардам суроо, жалаң гана Ага ишенип таянуу жана мындай ишеним менен проблемаларды чечүүгө аракет кылуу...
Болор-болбос нерсеге кыжырдануу...
Ачуусун жеңе албоо...
Күч колдонуу...
Бардык мындай аракеттер акылынын ордуна сезими менен аракет кылган адамдардын өзгөчөлүктөрү.
Сезимталдык аялдарда көбүнчө кайгыруу, пессимисттик жана ыйлоо аркылуу көрүнөт. Эркектерде болсо бат ачуулануу жана күч колдонуу аркылуу ортого чыгат.
Гезиттерди караганыбызда кылмыштардын көбүнчө кокустан келген ачуу жана сезимталдык менен жасалганын көрөбүз.
Кубанычтуу бир кеченин аягында кокустан ачууланып, кылмыш жасагандар...
Биржада жоготкон акчалары үчүн үй-бүлөсүн өлтүргөндөр...
Фанаттардын мушташына айланган спорттук таймаштар...
Бардык мындай көрүнүштөр Куранда буйрук кылынган акылдуулуктан алыстаган, заматтык сезимдери менен аракет кылган адамдар себебинен болууда. Ачууга бат алдырган сезимталдык коркунучтуу нерсе.
Акылы жана эрки жок, дин ахлагынан алыс жашаган адамдар сезимдерин башкара алышпайт. Шайтандын ар бир «от чачуусуна», азгырыгына баш ийишет. Чындыгында болсо Аллах шайтандын коргонууну буйрук кылган. Бул абалдан кутулуунун жолу – сезимталдыктан кутулуу жана Аллах Куранда үйрөткөн акылдуулук менен жашоо.
Адамдагы романтикалык сезимдердин бири – ыраазылык сезими. Жашообуздун ар бир көз ирмеминде ар кандай немат-жакшылыктарга жолугабыз. Бул нематтар көбүнчө ар кандай себептер аркылуу бизге келип жаткандай көрүнөт. Бирок кандай көрүнбөсүн биздин негизги милдетибиз – бул Аллахка ыраазычылык билдирүү, башкача айтканда, шүгүр кылуу. Себеби бардык бул жакшылыктарды жөнөткөн бир гана Аллах.
Ал эми сезимтал адамдар үчүн абал башкача. Алар ээ болгон жакшылыктарын аларга жеткирген себептерди гана карашат. Аллах себепчи кылган нерселер жана адамдардан жардам күтүшөт, өздөрүн алардын алдында милдеттүү сезишет.
Ушул себептүү бул адамдардын алдында басынышат.
Кайгылуу ыр саптары...
Жамгырда басуу...
Сааттар бойу кыялдануулар...
Жана делбе болуу...
Бардык бул көрүнүштөр романтик адамдарга тиешелүү нерселер.
Бул адамдар көбүнчө чөйрөсү менен жакшы мамиле түзө албайт.
Меланхолиялык сезимдер себебинен көп стресске киришет. Бул адамдарда жалгыздык сезими, стресс, өзүн-өзү өлтүрүү каалоосу кадимки абалга келет.
Тамеки жана алкоголь колдонушу көбөйөт.
Ал тургай мындай сезимтал аракеттер жыныстык жолдон азууларга, гомосексуализмге да жол ачууда.
Кыскача айтканда, түнт адамдар өздөрүнө руханий жана денесине да зыян беришет.
Чындыгында болсо булардын баары керексиз нерселер. Аллах адамды дүйнөгө сыноо үчүн белгилүү бир убакытка жөнөткөн. Аллахка ыйман келтирип, баш ийген бир адам үчүн дүйнөдөгү эч бир проблема маанилүү эмес. Кайгыра турган, проблема кыла турган эч нерсе жок. Аллах Куранда ыйман келтирип, Аллахка толук өзүн тапшырган адамдардын эч качан кайгырбастыгын мындайча кабар берген:
...Мындан кийин силерге Менден бир хидаят (туура жол) келгенде, ким Менин хидаятымды ээрчисе, аларга коркуу жок жана алар кайгыга батышпайт. (Бакара Сүрөсү, 38)
Эгер бир адам бүт бул нерселерге карабастан, кайгыга батып, пессимист болуп жатса, Аллахтын чексиз мээримине корголонуп, Куран ахлагын жашоо аркылуу бул балээден алысташы зарыл.
Романтикалык сүйүү түшүнүгү сезимталдыктын эң көп кездешкен түрү. Бул сезим үй-бүлө ичиндеги мамилелерден достук мамилелерине чейин абдан кеңири тараган.
Сүйүү – бул Аллах адамга берген бир жакшылык. Бирок бул сезим Ислам ахлагына ылайыктуу болбогондо, туура эмес көрүнүшкө айланат. Жана Аллахка шерик кошуу менен коштолот.
Натыйжада мындай сонун сезим романтикалык сүйүүгө айланат. Романтикалык сүйүү байланууга таянат, акылга эмес. Аллах берилип, байлануунун адамдарга пайда алып келбестигин мындайча билдирген:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу инсандарга «сулуу жана өзүнө тартуучу» кылынды. Булар – дүйнө жашоосунун жалган көркөмдүктөрү. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Ал-и Имран Сүрөсү, 14)
Романтикалык сүйүү түшүнүгү эң көп аял-эркек мамилелеринде кездешет. Мындай мамилелерде адамдар бири-бирин жашоолорунун эң негизги максатына айлантышат. Өздөрүн Аллахка жактыруу ордуна бири-бирине жагынууга аракет кылышат. Аллах жана дин үчүн кылбаган аракеттерин бири-бири үчүн жасашат. Ал тургай бири-бирине сыйынабыз деп да айтышат.
Бул адамдар сезимдери себебинен чоң балээлерге кабылышат. Мисалы, сүйүүсүнө тоскоолдук кылынган жаштар өзүн-өзү өлтүрүү менен бири-бирибизге жетебиз деп ойлошот. Жана Аллах тыйуу салган бир күнөө болгон өзүн-өзү өлтүрүүгө барышат. Себеби, романтизм акылдарын колдонуусуна тоскоолдук кылат.
Аллахты унуттурган, Аллах сүйүүсүнө тоскоол болгон, Аллах сүйүүсү ордуна тандалган романтикалык сүйүү адамды ширкке (Аллахка шерик кошууга) түртөт.
Бул багыттагы кеңири тараган бир жаңылыштык – бул коом тарабынан романтикалык сүйүү түшүнүгүнүн макталуу менен колдоо көрсөтүлүшү. Жана адамдарга кичинекейинен баштап бул балээге түрткөн пикирлердин берилиши. Мисалы, бүгүнкү күндө фильмдердин, сериалдардын көпчүлүгүндө романтизм рекламасы жасалат.
Бул фильмдерде ашыкча улуктанган сүйүү сөздөрү жана аракеттери көп жолугат. Романтикалык сүйүүгө чындыкка туура келбеген негизде басым жасалат.
Кыйратуучу бир сезим болгон берилүү сүйүүнүн бир көрсөткүчү катары кадимки нерседей көрсөтүлөт.
Тынымсыз талашып, жарашуулар туруктуулук жана сүйүүнүн бир көрүнүшү катары көрсөтүлөт. Жана коом мындай аракеттерге чакырылат.
Чыныгы сүйүү түшүнүгү болсо бардык адамдардын Аллахтын бир алсыз кулу экенин билүү жана аларды Аллахка жакындыгы себептүү сүйүүдө турат. Мындай түшүнүккө ээ болгон инсан адамдарды ахлактарына карап сүйөт. Сүйүлүүгө татыктуу адам – бул Аллах белгилеген сонун ахлак өзгөчөлүктөрүн көрсөткөн адам.
РОМАНТИЗМДИН ДЕНЕГЕ ЗЫЯНДАРЫ
Сезимталдык адамдын рухуна жана денесине көптөгөн маанилүү зыяндарды алып келет. Руханий кыйынчылыктар адамдын тышкы көрүнүшүнө да таасир берет. Адамдын жүзү, көз-караштары, мимикалары, кол жана бутунун кыймылдары, үн тондору сезимталдыктын маанилүү көрсөткүчтөрүнөн.
Сезимтал адамдарда психосоматикалык оорулар көп кездешет. Психосоматикалык оорулар – бул руханий проблемалар себеп болгон денедеги бузулуулар. Мындай оорулар менен бирге иммунитет системасы да чөгөт.
Жана дененин оору, вирустарга каршы туруу күчү азайат.
Чачтар түшөт жана агарат... Тери бузулат... Көздөр суз абалга келет... Тынымсыз өкүм сүргөн стресстер себебинен денеде кайра оңолбос бузулуулар пайда болот.
Бүгүнкү күндө кан басымы, жүрөк, ашказан, ал тургай рак сыяктуу оорулардын стресс жана депрессия себебинен күчөй тургандыгы билинүүдө. Стресстүү бир адамдын денесинде био-химиялык реакциялар жана энергия керектөөсү максимум деңгээлге чыгат. Стресс абалы көпкө уланганда болсо дененин функциялары өзгөрөт... Тең салмаксыздыктар башталат...
Бардык бул проблемалардын себептеринин бири – бул романтизм. Бактылуу, бейпил, кубанычтуу адамдардын бул адамдарга салыштырмалуу бир топ көп өмүр сүрөөрү жана ден-соолугу да чың болоору илимий чындык.
Бакыт, бейпилдик, чыныгы жана туруктуу кубанычка болсо Аллахка өзүңдү тапшыруу (толук баш ийүү) менен гана жетүүгө болот.
Бул фильмде романтизмдин ар кандай чөйрөлөрдөгү көрүнүштөрүн карап чыктык.
Тарыхтын эң кандуу күндөрүнө жана адамзатты азапка түрткөн психологиялык проблемаларга романтизм себеп болгонун көрдүк.
Романтизмдин күнүмдүк жашоодогу көрүнүштөрүн жана зыяндарын таразаладык.
Бардык бул мисалдар романтизм адамзатты кыйроого түрткүсү келген шайтандын куралдарынын бири экенин ап-ачык көрсөтүүдө.
Адамды акыл жолунан алыстатат, фанатикалык сезимдер менен акылга сыйбас ой-пикир жана аракеттерге түртөт.
Романтизмден кутулуунун жолу болсо – дин адамга үйрөткөн акылдуулукту аңдап түшүнүү жана акылга таянган Куран ахлагы менен жашоо.
Аллах Куранда ыйман келтирген адамдардын азап жана кайгыруудан алыс болоорун мындайча кабар берген:
Аллах такыба (Аллахтан корккон) адамдарды ыйман келтирип жана ыймандарын ишке ашыруу менен жеңишке жетишкендиги үчүн куткарат. Аларга жамандык жетпейт жана алар кайгыга кабылышпайт. (Зүмер Сүрөсү, 61)