Асман, жер жүзү жана бул экөө арасындагы бүт нерселер...
Ушунчалык кооз жана келишкен кемчиликсиз аалам...
Аллахтын бар экендиги жана улуулугу кичинекей бир жандыктан баштап космостогу эбегейсиз чоң галактикаларга чейинки бүт жерде көрүнүп турат.
Бул чындыкты көргөн жана түшүнгөн адамдар чын жүрөктөн ыйман келтиргендер. Алар Аллахтан коркуп-сактанышат жана жашоолорун аңдап түшүнгөн бул чындыкка жараша калыпка салышат. Аллах адамдардын жаратылуу максатын бир Куран аятында мындайча билдирет:
Мен жиндерди жана инсандарды жалаң гана Мага ибадат кылышсын деп жараттым. (Зарият Сүрөсү, 56)
Ыйман келтиргендер бул аяттын өкүмүнө жараша жашашат. Башкалар болсо Аллахтан «коркуп-сактанышпагандар».
Бул адамдар жашоолорунун ким тарабынан, кантип жана эмне үчүн баштатылганын эч ойлонушпайт. Өз ойлорунда ичинде Аллахка жана Анын динине орун болбогон жаңы бир жашоо курганга аракет кылышат.
Куранда мындай бир жашоонун бош жана чирик бир негизге таянгандыгы, аягы кыйроого алып бараары төмөнкүдөй салыштыруу менен түшүндүрүлөт:
Үйүнүн түбүн (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазычылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн түбүн кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт. (Тообо Сүрөсү, 109)
Көп адамдар дин дегенде бир топ ишенимдерди камтыган эрежелер тобун түшүнөт. Динди жана дин ахлагын жашоонун бул адамдардын жашоосунда маанилүү орду жок. Мусулмандар болсо динди Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнүн жолу катары баалашат жана Куранда айтылгандай мындай дешет:
... Шек жок менин намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллах үчүн. (Энъам Сүрөсү, 162)
Кээ бирөөлөр болсо жашоодогу максатын «кадыр-барктуу жана атактуу бир адам болуу» деп белгилейт. Буга жетүү үчүн колунан келген бардык аракетин жумшайт. Бирок булардын баары өлүм менен бирге жок боло турган бош максаттар гана. Ал тургай көпчүлүгү бул жашоодогу кезинде да жок болушу мүмкүн.
Аллахтын ыраазычылыгы жана бейишин максат кылган момун болсо бул максатына жетүү үчүн чындап көп аракет кылат. Мал-мүлкүн жана жанын Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн колдонот. Куранда момундун бул өзгөчөлүгү мындайча сүрөттөлөт:
Эч шек жок, Аллах момундардан жандарын жана мал-мүлктөрүн акысына аларга бейишти берүү үчүн сатып алган. Алар Аллах жолунда согушушат, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт; бул Тооротто, Инжилде жана Куранда Анын үстүндөгү чыныгы убада. Аллахтан да убадасына бекемирээк ким бар? Андай болсо кылган бул соодаңардан улам сүйүнүп-сүйүнчүлөшкүлө. «Чоң кутулуу жана бактылуулук» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 111)
Аллахка «мал-мүлкүн жана жанын саткан» бир адам Аллах ыраазчылыгы үчүн жолуккан эч кандай кыйынчылыктан таасирленбейт. Аллахтын ыраазычылыгы болбогон эч нерсени максат кылбайт. Денесинин жана ээ болгон бүт нерсесинин ээси Аллах, жана ал бүт бул нерселерди Аллах каалаган багытта колдонот.
Ошондуктан, момун болуунун көрсөткүчтөрүнүн бири Аллахтын ыраазычылыгын чын жүрөктөн каалоо жана керек болсо бул жолдо эч нерсесин аябастан аракет кылуу.
Момундун жашоосу толугу менен Аллахка арналат. Аллах үчүн жашайт, Аллах үчүн иштейт жана Аллах үчүн сүйөт.
Аллахты тааныган жана Анын ага берген чоң мээримин көргөн, Аллахтын урматында бар экенин, Аллахтын мээрими менен жашап жатканын жана сүйүп, жактырган бүт нерсенин Аллахтан келгенин аңдап-түшүнгөн момун, албетте, Аллах сүйүүсүнүн жана Аллах үчүн сүйүүнүн бийиктигине жетет. Куранда момундардын сүйүүсү менен башка адамдар арасындагы чоң айырма мындайча билдирилет:
Адамдар арасында Аллахтан башкасын «шерик жана дос» туткандар бар, алар буларды Аллахты сүйгөн сыяктуу сүйүшөт. Ыйман келтиргендердин болсо Аллахка болгон сүйүүсү (баарынан) күчтүүрөөк... (Бакара Сүрөсү, 165)
Аятта билдирилгендей, Аллахка шерик кошуп, бардыгы Аллахка тиешелүү болгон өзгөчөлүктөрдү өз ойлорунда башка жандыктарга, нерселерге тиешелүү деп ойлогондор бул нерселерди Аллахты сүйгөндөй сүйүшүүдө. Бул сүйүү – Аллахка шерик кошуу, башкача айтканда, ширкке таянган сүйүү болуп саналат.
Бар болгон бардык нерселердин Аллахка тиешелүү жана Аллахтан келгенин билген момундар болсо эң көп Аллахты сүйүшөт. Момундардын Аллахты бир жана жалгыз деп таанышынан келип чыккан бул чоң айырма алардын сүйүү түшүнүгүн башка адамдардан толугу менен айырмалуу кылат. Куранда Аллахка шерик кошкондордун Аллахтын «бир жана жалгыз» деп айтылышына чыдай албашы баяндалат:
...Сен Куранда Раббиңди гана «бир жана жалгыз» Кудай (Илах) катары эскергениңде, «жаман көрүү менен качып» артты көздөй кетишет. (Исра Сүрөсү, 46)
Момун аңдап-түшүнгөн чындык болсо мындай: эч нерсенин сулуулугу өзүнө тиешелүү эмес. Бүт нерселердин баарынын жаратуучусу Аллах жана аларга ээ болгон өзгөчөлүктөрүн берген да Аллах.
Бир адам, мисалы, өз келбетин өзү пландап жараткан эмес, демек, анын жүзүндөгү сулуулук Аллахка тиешелүү бир сулуулук.
Аллах бул сулуулукту жоктон бар кылып жараткан адамга убактылуу бир мөөнөткө берген. Акыретте бул сулуулукту кайрадан жана мындан да кемчиликсиз, сулуу кылып жаратуу күчүнө жалаң гана Аллах ээ.
Сулуулуктун чыныгы ээсинин Өз Заты экенин эске салуу үчүн бул жандыктарды өлүм жана жалпы өлүм болгон кыямат менен жок кылат. Кайрадан жаратылуу болсо акыретте болот.
Ошондуктан момун, жолуккан бардык сулуулуктарды, булардын Аллахка тиешелүү экенин жана «чыныгы абалынын» акыретте болгонун билүү менен сүйөт. Ушул себептен, момундун чыныгы сүйүүсү ал сүйгөн бардык нерсени ага берген жана алардын чыныгы ээси болгон Аллахка багытталат.
Момун ээ болгон жана Аллахка ыйман келтирүүгө таянган бул сүйүүнүн тескерисине болсо момун эместер ээ. Алардын сүйүүсү Аллахка шерик кошуу, ширкке таянган. Куранда Аз.Ибрахимдин сөздөрү менен мындай сүйүү төмөнкүчө түшүндүрүлөт:
Ибрахим айтты: «Силер чындыгында Аллахты таштап, дүйнө жашоосунда араңарда бир сүйүү байланышы катары идолдорду кудайлар кылып алдыңар. Кийин кыямат күнү бириңер бириңерден баш тартып, тааныбай каласыңар жана бири-бириңерге каргыш айтасыңар. Силердин жашай турган жериңер от жана эч кандай жардамчыңар жок.» (Анкебут Сүрөсү, 25)
Бедиүззаман Саид Нурси да мындай сүйүүгө ээ болгондорду сонун бир мисал менен түшүндүрөт:
Бир адам колундагы күзгүнү күнгө тосот. Ал күзгү өзүнүн чоңдугуна жараша бир нурду жана жети түстү ичине камтыган бир жарыкты, бир чагылууну күндөн алат. Ошол деңгээлде күн менен бир байланышы болот, аны менен сүйлөшөт. Жана ал жарык чагылткан күзгүнү караңгы үйүнө же үй астындагы бир багына багыттаса, күндүн күчүндөй эмес, ошол күзгүнүн күчүндөй гана жарыктан пайдалана алат. Башка бирөө болсо күзгүнү бир тарапка таштайт, түздөн-түз күнгө чыгат, күчүн көрөт,улуулугун түшүнөт. (Bediüzzaman Said Nursi, Risale-i Nur, 31. Söz, s. 596)
Момун сүйүүсүнүн баарын Аллахка арнайт. Аллахты сүйүү – бул Аллахтын сыпаттары чагылып көрүнгөн бүт нерселерди бул ысым-сыпаттардын Аллахка тиешелүү экенин билүү менен сүйүү.