Белгилүү өлкөлөрдө белгилүү убактарда аялдарга берилген укуктардын жылдыгы жыл сайын белгиленет: аялдардын эркектер менен тең укукта билим алуу укугу, мамлекеттик кызматта иштей алуу укугу, шайлоо жана шайлануу укугу, аялдардын ажыраша алуу укугу... Дүйнө көнүп калган бул майрамдардын түпкүрүндөгү кызыктай түшүнүктү болсо көп киши байкай бербейт.
Бул кызыктай түшүнүк аялдардын укугу кайсы түшүнүк менен алынган деген суроодон башталат. Аялдын толук табигый болгон укуктарын алуу кимдин жана кантип колунда болушу мүмкүн? Жана ошондуктан аялга укуктарын кайра берүүнү кантип «бир маданият көрсөткүчү» катары кабыл алууга болот?
Аял ансыз да укуктары менен бирге төрөлөт. Ага бул укуктарды Аллах берген. Куран – бул укуктар менен артыкчылыктар сүрөттөлгөн, аял макталган жана аялды абдан барктаган бир жол башчыбыз. Куранда айтылышынча, аял – кеңеш алына турган бир мамлекет башчысы, белгилүү максатты көздөп күрөшкөн адам жана ошол эле учурда сулуулук менен назиктиктин символу болгон бир гүл. Курандагы аялдын милдеттери эркектерден эч айырмаланбайт. Бирок аял кадыр-барктуу болгондуктан, дайыма коргоого алынган. Аллах Куранда аялды өйдө туткан.
Ошондуктан адамдардын ар кандай себептерден улам тарыхта же бүгүнкү күндө аялдардын укуктарын тебелеши туура эмес ишенимдерден, көз-караштардан жана идеологиялардан келип чыккан. Туура эмес идеологиялар чыгарган тыюулардын алып салынышы майрамдала турган бир жетишкендик эмес, бир уятсыздыктын жоюлушу болот.
Ислам дини аялдарды өйдө койгону менен, кээ бир Ислам өлкөлөрүндө аялдардын абдан эзилип жатканы белгилүү. Өзгөчө кээ бир калктар Исламдын ордуна өтө кооптуу жана туура эмес бир диний ишенимде болушууда. Бул туура эмес ишенимдин эң көзгө урунаарлык тараптарынын бири – бул жашоонун бүт тармагында сүйүүнүн ордуна жек көрүүнүн басымдуулук кылышы. Жана бул түшүнүктүн эң жек көргөн нерселеринин бири аялдар болууда. Аял Куранга карама-каршы келген абдан көп сандагы ойдон чыгарылган нерселер менен экинчи топтогу бир жаранга айландырылып, кадыр-баркы түшүрүлүп, коомдон, социалдык жашоодон, ал тургай, жашоонун баарынан изоляция кылууга аракет кылынган.
Кээ бир өлкөлөрдө канчалаган жылдан бери уланып келген аялдарды жаман көрүү жана кысымчылык көрсөтүү саясаты, белгилүү болгондой, кээ бир өлкөлөрдүн мыйзамдарында жана күнүмдүк жашоосунда да өкүм сүрүүдө. Бирок өзгөчө акыркы убактарда Ортоңку Чыгыш жана Африка сыяктуу аймактардагы ички кагылышуулар, туура эмес түшүнүктөгү радикалдуу топтордун ар кайсы жерлерде активдешүүсү, курчоого алынган аймактардын көбөйүшү аялдарды эзүүчү террорду ансайын күчөттү. Ирак, Сирия, Кашмир, Афганистан, Чыгыш Түркстан, Судан, Сомали, Аракан (Ракхайн) сыяктуу аймактарда аялдарга карата жасалган кылмыштар, кыйноолор жана зордуктоолор өтө кеңири тараган. Бирок бул аймактарда кагылышуулардын барган сайын күчөшү аялдар жөнүндөгү бул чындыкты көмүскөдө калтырууда.
Адам укуктарын байкоо уюму (Human Rights Watch) 6-февральда жарыялаган “No One is Safe” (Эч ким коопсуздукта эмес) темалуу 105 беттик отчетто Иракты караган. Отчетто өзгөчө абактарда күнөөсүз кармалган, сабалган, ар кандай кыйноо жана зордуктоолорго кабылган ирактык аялдардын абалына көңүл бурулган эле. Адам уурдоо, кыйноо, аялдарга өлүм жазасын берүү жана зордуктоо окуяларынын үрөй учурарлыгына токтолушкан эле.
Отчеттун Иракты тандашынын, албетте, өзгөчө бир себеби бар. Отчетто атайын демократияны куруу үчүн тандалып алынган жана эркиндешкен бир Ирактын аял укуктары жагынан кандай абалда экендигин көрсөтүү максат кылынган. Ушунун негизинде демократиялашуу этабына жете албаган башка өлкөлөрдө абалдын кандай экенин болжолдоо, албетте, кыйын болбойт.
1995-жылы Хиллари Клинтон айткан «аял укуктары – адам укуктары» деген сөз эң туура. Бирок бул түшүнүк турмушка ашышы үчүн аял укуктары темасында жасалган түшүндүрүү иштери, демонстрациялар, ачууланган топтордун ачуулуу сөздөрү же жасалма батышташтыруу аракеттери керектүү жыйынтыкты бербейт. Аял укуктарынын адам укугу экенин түшүнүшү үчүн өзгөчө ойдон чыгарылган, туура эмес пикирлердин таасири астында калган Мусулман коомдорго аялдын Куранда кантип таанытылганын жеткирүү керек.
Аялдарды эзүү, албетте, Ислам өлкөлөрүндө эле кездешкен бир маселе эмес. Бул, ошондой эле, көптөгөн туура эмес идеологиялар да алып келген бир балээ. Бирок, мындай эзүүлөр эгер өзгөчө Ислам өлкөлөрүндө токтотула алса, маселе дүйнөлүк масштабда да чечилет. Куранда сүрөттөлгөн аялдын жогорулугу жана аялдарды коргоо түшүнүгүнүн жайылышы менен, албетте, аялдардын эзилүү, кыйноого алынуу жана зордукталуу сыяктуу нерселерге кабылышынын да алды алынат. Аялды кадырлап сыйлаган коомдор башка коомдорго да өрнөк болуп, аялдарга жасалган туура эмес мамилелердин дүйнөлүк масштабда жоюлушуна да жол ачат.
Аялды керектүү деңгээлде кадырлаган коомдор дайыма бактылуу, эркин жана өнүккөн коомдор болот. Аялды барктаган коомдор артка кетпейт, алар дайыма өнүгүп, демократиялашат. Ошондуктан аялдарды коргоо жана аларды кадырлоо бүт калктардын бир муктаждыгы.
Эгер туура эмес бир ишеним же идеология алып келген зыяндардан кутулууну кааласак, ал зыяндарга каршы чыгуу эле жетиштүү болбойт, ал туура эмес ишенимди туурасы менен алмаштыруу маселени чындап чечет. Ошондуктан аялдар чындап баркталып, эзилбеши үчүн элдерге Аллахтын аялдарды кантип кадырлаганын жеткирүү шарт. Мунун бирден бир жолу болсо туура таалим берүү болуп саналат.
Аднан Октардын New Street Times'да жарыяланган макаласы:
http://www.topnews.kg/news/view/ajal-ukuktary-menen-birge-trlt
http://www.harunyahya.org/tr/Makaleler/183651/Kadin-haklariyla-birlikte-dogar