Динди акылдуу, көңүлгө туура келген негизде жана ыйман акыйкаттарына таянган бир услуп менен түшүндүрүүнүн маанилүүлүгү
ucgen

Динди акылдуу, көңүлгө туура келген негизде жана ыйман акыйкаттарына таянган бир услуп менен түшүндүрүүнүн маанилүүлүгү

1168

Адамдарга Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын түшүндүрүү, Ислам ахлагынын кооздуктарына чакыруу – ар бир Мусулмандын мойнундагы милдет. Бирок бул милдетти ишке ашырууда Аллах Куранда билдирген жолду жолдоо абдан маанилүү. Аллах билдирген, Пайгамбарыбыз (сав) жолдогон жолдон башка өзүнүн акыл жана ойуна туура келген бир жолду жолдогон киши динди түшүндүрүүдө ийгиликтүү боло албаган сыяктуу эле, көп адамдардын динден алысташына да себеп болушу мүмкүн.

Курандын көптөгөн аятында адамдардын Аллах жараткан нерселер жөнүндө ойлонушу зарыл экендиги билдирилген. Адамдар асмандар менен жердин жаратылышы, мөмөлөр, өсүмдүктөр, деңиздер, жаныбарлар, өзүнүн денелери, кыскача айтканда, айланасында көргөн бүт нерселер жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырылышкан. Мисалы, Ал-и Имран Сүрөсүнүн 191-аятында мындайча буйурулат:

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.»

Ошондуктан, Куранда илим макталууда жана илимдин Аллахтын чеберчилигин үйрөнүү жолдорунун бири экени кабар берилүүдө. Мусулмандардын Аллах көрсөткөн бул жолду адамдарга динди түшүндүрүүдө да эң натыйжалуу колдонушу абдан маанилүү. Илим жана технология абдан өнүккөн жана адамдардын маалыматка жетүүсү абдан оңой абалга келген азыркы кылымда адамдарга сунулган маалыматтардын илимий табылгалар жана далилдер менен бекемделиши тахкики, башкача айтканда, чыныгы жана бекем ыймандын калыптанышында абдан маанилүү бир себепчи болот. Илимдин бардык тармактары ааламдардын бир Күч тарабынан жаратылганын ап-ачык көрсөтүп турган бул кылымда илимди колдонбоо, жана ал тургай, тескерисинче, акылга жана логикага сыйбаган, жахил (караңгы) түшүндүрмөлөр жасап, динди баяндоого аракет кылуу болсо абдан туура эмес кадам болот.

«Биз аяттарыбызды сыртта (айлана-чөйрөдө) да, алардын өздөрүндө (напсилеринде) да аларга көрсөтөбүз» (Фуссилат Сүрөсү, 53) аяты толугу менен байкалып жаткан бул кылымда генетика, микробиология, палеонтология, геология, астрономия сыяктуу сансыз илим тармактары адамдарга өз денелеринде да, сыртта (айланада) да бүт нерселерди Аллахтын жараткандыгынын далилдерин, Жараткандын теңдешсиз чеберчилигин толук көрсөтүүдө. Илим – Аллах Мусулмандарга берген бир немат-жакшылык, динди түшүндүрүүдө колдонуулары үчүн жараткан илимий бир курал. Бул күчтүн абдан жакшы колдонулушу Ислам ахлагынын дүйнөгө жайылышында маанилүү ролго ээ. Мына ушул себептен ыйман акыйкаттарына таянган дин түшүндүрүү ыкмасы Аллахтын уруксаты менен абдан таасирдүү жана ийгиликтүү жол болмокчу.

Бирок, ыйман акыйкаттарын түшүндүрүүдөн мурун адамдардын акылдарын жапкан, алдын ала шектенүүлөргө себеп болгон жана түшүндүрүлгөндөрдү ачык, тунук аң-сезим, акыл менен угушуна тоскоолдук кылган батыл (далилсиз) ишенимдердин, тагыраак айтканда, путтардын (идолдордун) жок кылынышы абдан маанилүү. Аллах Куранда Аз. Ибрахим (ас)дын өз доорундагы бардык путтарды талкалаганын кабар берүүдө. Аз. Муса (ас) да коомундагы кээ бир адамдар тутунуп алган путту талкалап, күлүн деңизге сапырган. Бул кыссалар (окуялар) Мусулмандардын да жашаган доорундагы путту илимий жер менен жексен кылышы зарыл экенине ишарат кылууда. Азыркы доордун адамдарды Аллахтан жана Ислам ахлагынан алыстаткан эң чоң путу болсо – бул дарвинизм. Көпчүлүк адамдардын Аллахтын бар жана жалгыз экенин түшүнүшүнө тоскоол болгон дарвинизмдин жалган экенин илимий далилдер менен ачыкка чыгарылышы, илимий эч кандай баалуулугу жок экенинин далилдениши жана мунун акылдуу, логикага ылайык жана илимий жол аркылуу ишке ашырылышы адамдардын аң-сезиминин жабылышына себеп болгон маанилүү бир тоскоолдуктун жоголушуна себепчи болот. Дарвинизмдин жараксыз экенин көргөн, жылдар бойу калп, жасалма бир идеология менен алдатылганын аңдап, түшүнгөн бир адам сөзсүз чындыкты издеп баштайт. Мындай изденүү натыйжасында ааламдагы кемчиликсиз тең салмактуулукту, жандуулардагы кемчиликсиз системаларды, өзүнүн денесиндеги жалгыз бир клетканын ичинде да укмуштуудай бир аалам бар экенин көргөн бир адам бүт бул нерселердин жогорку күч жана кудурет ээси болгон бир Жаратуучунун, тагыраак айтканда, Аллахтын чыгармасы экенин оңой гана түшүнөт. Аллахтын чеберчилигин көргөн, Аллахтын жаратуусундагы идеалдуудукту түшүнгөн кишинин Аллахка (хаккел йакин) чындап ыйман келтирээри, бул ыймандын натыйжасында дин ахлагын толугу менен жашашы анык.

Мындай ап-ачык чындыктарга карабастан, кээ бир адамдардын динге туура келбеген түшүндүрмөлөр менен, акылга жана логикага сыйбаган маалыматтар сунуп, Исламды түшүндүрүүгө аракет кылышы болсо адамдардын түпкү аң-сезиминен динди ишенүүгө жана жашоого эч мүмкүн эмес бир система сыяктуу кабылдашына себеп болот. Бул болсо көпчүлүк адамдардын Аллахтан жана динден алыс болушунун эң маанилүү себептеринин бири. Ушул себептен, бардык Мусулмандардын динди түшүндүрүүдө акылдуу, сылык, урмат көрсөткөн бир услуп (сүйлөө калыбы) менен, ыйман акыйкаттарына жана илимге таянган ыкма менен баян кылышы керек. Ислам ушундай жол менен түшүндүрүлгөндө жана Аллах Куранда билдирген, Пайгамбарыбыз (сав) жашагандай абалда жашалганда, эч шексиз, адамдар топ топ Аллахтын динине киришет жана Ислам ахлагы абдан кыска мөөнөттө бүт дүйнөгө жайылат.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo