(Ойдон) Чыгарышкан кечилдикти болсо Биз аларга жазган (буйруган) жокпуз. Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү көздөп (ойлоп чыгарышты), бирок аны да жакшылап аткарышкан жок. (Хадид Сүрөсү, 27)
Фанатизм Аллах жөнөткөн динге эмес, ата-бабаларынан үйрөнгөн мушриктикке жана ойдон чыгарылган өкүмдөргө ылайык жашоого таянган бир система. Тарых бою бүт пайгамбарлар бир эле атеизм менен эмес, өз доорунун фанаттары, мушриктери (Аллахка шерик кошкондор) менен да күрөшүшкөн.
Фанаттардын эң негизги өзгөчөлүгү болсо, алар пайгамбарларды жактырбай, диндин оңой болушуна ишенбей, Аллах арам кылгандан (тыюу салгандан) башка арамдарды чыгарышкан. Бир аятта мушриктердин мындай мүнөзү төмөнкүчө кабар берилет:
Тилдериңер менен калптарды чыгарып, бул адал, тигил арам дебегиле. Себеби Аллахка карата жалган чыгарган болосуңар. Күмөнсүз, Аллахка карата жалган чыгаргандар кутулууга жетишпейт. (Нахл Сүрөсү, 116)
Чындыгында болсо, адал жана арамдар Куранда апачык айтылган. Адалдар өтө көп, дин оңой. Мусулмандар Аллах кабар берген чектердин ичинде өтө эркин жашашат. Раббибиз «Аллах силерге жеңилдик каалайт, кыйынчылык каалабайт» (Бакара Сүрөсү, 185) деп айткан. Фанаттар үчүн болсо дин канчалык оор болсо, ошончолук жакшы болот. Оордоштуруу үчүн Пайгамбарыбыз (сав) жана сахабалардан чындыкка сыйбас мисалдарды келтиришет. Ал чындыкка сыйбас нерселерди кылбагандар болсо Пайгамбарыбыздын (сав) шапаатына жете албайт, ал тургай, каапыр болот дешет. Ал тургай, өздөрү ойлоп чыгарган ал системага моюн сунбагандар менен «согушуу» керек дешет. Ошентип өзүн өзү туюкка салган бир системаны пайда кылышат.
Сүннет-и мүеккедени (Пайгамбарыбыз дайыма кылган иштерди) таштоо арамга жакын. Шапааттан ажырап калууну зарыл кылат. Себеби Расулуллах (сав): «Ким менин сүннөтүмдү таштаса, шапаатыма жете албайт» деген.
Сүннөттү биротоло таштагандар жөнүндө Имам Мухаммед «согушулат», Имам Эбу Йусуф болсо «жазаландырылып тарбияланат» деген.
Ахли сунна имамдарыбыз мындай дешкен; бир адамга «тырмактарыңды ал» деп айтылса жана ал адам сүннөттөн жүз буруу максатында «албайм» десе, каапыр болот. (Ибни Хажер Хейтеми)
Фанаттар мындай сөздөрү менен Пайгамбарыбызга (сав) да жалаа жапкан болушат. Муну унутпаш керек: Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтү – бул Куран. Расулуллах (сав) Куранга туура келбеген эч нерсени эч качан айтпайт жана кылбайт.
Фанаттардын мындай системасынын эң жаман тараптарынын бири болсо, өздөрү да айткандарын кылышпайт. Куранда жок арамдарды, тыюуларды чыгарышып, ал тыюуларга өздөрү да моюн сунушпайт, тыюуларга моюн сунбаганы үчүн дайыма басынып жүрүшөт. Себеби өздөрүнүн эки жүздүүлүгүнө өздөрү күбө болушат. Буга кээ бир мисалдарды келтире кетели:
Фанаттар күлүү арам (күнөө) дешет, бирок өз ара маектеринде көп көп күлүп, тамашалашышат
«Аз күл. Себеби көп күлүү жүрөктү өлтүрөт (катуулаштырат).» (Тирмизи, Зүхд, 2; Ибн Маже, Зүхд, 19)
«Каткыруу шайтан.» (Ыйман жана күфүр китеби / Усул-у Кафи китеби / Эль-Кулейни, 1068-б.)
«(Ашыкча) тамашалашуулардан, күлдүрүүлөрдөн алыс болгула; себеби ал адамдын жүзүнүн суусун кетирет.» (Ыйман жана күфүр китеби / Усул-у Кафи китеби / Эль-Кулейни, 1068-б.)
Чындыгында болсо аз күлүү жана бактысыздык – Куран боюнча, Аллах каапырларга жана мүнафыктарга (эки жүздүүлөргө) берген бир балээ:
Демек кылгандарынын жазасы катары аз күлүп, көп ыйлашсын. (Тообо Сүрөсү, 82)
Бактысыздар отто, алар ал жерде (азап менен) дем алып, чыгарышат. (Худ Сүрөсү, 106)
Ыймандуулар болсо Аллахты өтө сүйүүнүн, Аллах берген жакшылыктарды көрүп шүгүр кылуунун кубанычына бөлөнүп жашашат. Аллах жараткан бүт нерсенин жакшылык экенин билип, кубанычта жана бейпил өмүр сүрүшөт. Дүйнөдө да, акыретте да бактылуу болушат.
Немат-жакшылыктын кубанычын сен алардын жүздөрүнөн көрөсүң. (Мутаффифин Сүрөсү, 24)
Фанаттар аял менен эркектердин бир жерде болушу арам (болбойт) дешет. Бирок күн сайын автобуста, маршруткада, окуу жайында, ишканада аялдар менен аралаш жүрүшөт. Интернетте да аялдар эркектер менен, эркектер аялдар менен сырдашып, достошушат.
«Бир эркек менен (бейтааныш) бир аял жалгыз калбасын, антпесе алардын үчүнчүсү шайтан болот.» (Тирмизи риваят кылган, Элбани болсо «Сахихуъл-Жами», №2165- хадисте бул хадис сахих (ишенимдүү) деген.)
Жаштык жиндиликтин бир бөлүгү, аялдар болсо шайтандын тузагы. (Э.Нуайм)
«Силерден бирөөңөрдүн башына темирден бир ийненин сайылышы ага адал болбогон (бейтааныш) бир аялга тийип кетишинен жакшыраак болот.» (Таберани жана Бейхаки, Макъал б. Йесардан риваят кылган, Элбани болсо «Сахихуъл-Жами», №5045- хадисте бул хадис сахих (ишенимдүү) деген.)
Аялдар менен кол алышкан тозокко кирет дешет, бирок жумушта, окуу жайда, чогулуштарда аялдар менен кол алышып көрүшүшөт.
(аялдар) кол алышкандын колдору түбүнөн байланып, тозокко салынат. Керексиз жана жактырып-каалоо менен сүйлөгөн ар бир сөзү үчүн миң жыл тозокто калат. (Р. Насыхин)
Аялдын бетин кароо да арам (күнөө) дешет, бирок көп жерлерде чогуу болуп, жүзүн карап сүйлөшөт, ал тургай, тамашалашышат. Телевизор программаларында аялдардын жүзүн карап сүйлөшөт.
Бейтааныш аялды көргөндө, жүзүңөрдү андан бургула! Күтүүсүздөн көрүп калуу күнөө болбосо да, кайра караган күнөө болот. (Эбу Давуд, Дарими)
Куранда аял менен эркек жакын келбесин деген өкүм жок. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда да аял жана эркек сахабалар чогуу согушка барышкан. Ал тургай, бир идиштен даарат алышкан. Ажылыкта аялдар менен эркектер чогуу ибадат кылышат. Аллах аял менен эркектин бир жерде, чогуу болушуна эмес, никесиз байланышка тыюу салган.
Курандагы Йусуф кыссасында (баянында) Аз. Йусуф вазирдин үйүндө жашап, ал үйдө вазирдин аялы да болот жана Аз. Йусуф менен вазирдин аялы бир жерде болушат. Ал тургай, вазирдин аялы шаардын атактуу аялдарын чакырган бир конокто Аз. Йусуф да болгон жана аялдар Аз. Йусуфтун сулуулугунан катуу таасирлеришкен. Катуу таасирленүүдөн улам колдорундагы мөмөнүн ордуна колдорун кесип алышкан. Аз. Йусуф вазирдин аялы менен сүйлөшүп, маектешкен. Бирок никесиз байланышка эч жакындаган эмес, андан болгон күчү менен алыс болуп, өзүн коргогон.
Үйүндө жашаган аял аны менен болгусу келди жана эшиктерди бекем жаап: «Каалоолорум сен үчүн, келчи» деди. (Йусуф) Мындай деди: «Аллах сактасын. Себеби Ал менин Кожоюнум, ордумду сонун кылган. Чындыгында, заалымдар кутула алышпайт.» Ант болсун, аял аны каалаган эле, эгер Раббиңдин (зынага (никесиз байланышка) тыюу салган) анык далилин көрбөгөндө, ал да (Йусуф да) аны каалаган эле. Ошентип Биз андан жамандыкты жана никесиз байланышты артка кайтаруу үчүн (ага далил жөнөттүк). Себеби ал мухлис (чын ыкластуу) кулдарыбыздан эле. (Йусуф Сүрөсү, 23-24)
(Аял) Алардын кылгандарын укканда, аларга (бир чакыруучу) жөнөтүп, отуруп сүйөнө турган орундар даярдады жана ар биринин колуна (алдыларындагы мөмөлөрдү аарчуу үчүн) бычак берди. (Йусуфка болсо:) «Чык, аларга (көрүн)» деди. Ошентип алар аны (укмуш сулуулугун) көргөндө (адамзаттан жогорку бир заттай) өтө жогору көрүп, (таң калгандан) колдорун кесип алышты жана: «Аллахты аруулайбыз, бул бир адам баласы эмес. Бул жогору бир периште» дешти. (Йусуф Сүрөсү, 31)
Аз. Муса кыссасында болсо Аз. Шуайбдын кыздары Аз. Мусанын жанына келип, аны менен сүйлөшүп, андан жардам сурашкан. Аз. Муса аларга жардам берген соң Аз. Мусаны аталары менен тааныштыруу үчүн да алар алпарышкан. Аталарына Аз. Мусанын ишенимдүү жана күчтүү бир адам экенин айтышкан.
Медйен суусуна барганда, суу алып жаткан бир топ адамдарды көрдү. Алардын артында (жаныбарларын сууга алып баруудан тартынган) эки аял көрдү. (Ал) Айтты: «Бул кандай абал?» «Чабандар малдарын сугармайынча, биз сугара албайбыз; атабыз жашы улгайган бир киши.» дешти. Ошол замат алардын малдарын сугарып берди, андан соң көлөкөгө барып айтты: «Раббим, чындыгында мага берчү ар кандай жакшылыгыңа муктажмын.» Көп өтпөстөн ал эки (аял)дын бири (уялган абалда) басып, ага келди. «Атам биздин ордубузга малдарды сугарып бергениң үчүн сени сыйлоого сени чакырып жатат» деди. Анан ага келип, болуп өткөндөрдү айтып бергенде, ал: «Коркпо» деди. «Заалымдар коомунан кутулдуң.» Алардан (аялдардан) бирөө: «Эй атаке, аны акы төлөп жалда; себеби акы төлөп жалдагандарыңдын эң жакшысы ошол күчтүү, ишенимдүү (бир адам).» (Касас Сүрөсү, 23-26)
Аз. Сулайман Саба ханышасын динге чакырып, бир жерде, чогуу болуп маек курушкан. Ал тургай, Аз. Сулайман Саба ханышасы үчүн бассейн сыяктуу көрүнгөн бир жертаман даярдап, Саба ханышасы аны көргөндө, Аз. Сулаймандын алдында этегин жогору көздөй тарткан. Саба ханышасы Аз. Сулайманга «Сулайман» деп аты менен кайрылган.
Ага: «Сарайга кир» деп айтылды. Аны көргөндө терең бир суу деп ойлоду жана (этегин жогору көтөрүп) буттарын ачты. (Сулайман:) Мындай деди: «Чындыгында бул тунук айнектен жасалган бир сарайдын жертаманы.» «Раббим, чындыгында мен өзүмө зулумдук кылдым; (эми) мен Сулайман менен бирге ааламдардын Рабби Аллахка моюн сундум» деди. (Немл Сүрөсү, 44)
Пайгамбарыбыз (сав) да Указ жарманкесинде аял-эркек деп бөлбөстөн, бүт баарын динге чакырган. Аялдар менен сүйлөшкөн. Мусулман болгон аялдар да дайыма Пайгамбарыбыз (сав) менен эч тартынбай диалог түзүшүп, ар кандай темада аны менен кенен сүйлөшүшкөн. Ошондуктан фанаттар айткандай аялды бөлүп, аял менен сүйлөшүүгө, маектешүүгө тыюу салган бир түшүнүк Куранда жок.
Фанаттар сүрөт арам дешет. Бирок окуган жана жазган бүт журналдарында, гезиттеринде, интернет сайттарында сүрөт бар.
«Тозокто эң күчтүү азапка кабыла турган кишилер – сүрөтчүлөр.» (Бухари-Тесавир, 89)
«Ким сүрөт тартса, Аллах аны кыямат күнү тарткан сүрөтү үчүн аларга рух үйлөгөнгө чейин азаптайт. Эч качан рух үйлөй да албайт.» (Кутуби Ситта, хадис №2168)
Сүрөткө түшүү арам (күнөө) дешет, бирок өздөрүн көп көп сүрөткө тартып социалдык медиада бөлүшүшөт. Сүрөттү илип коюу да күнөө дешет, бирок жумуштарында, үйлөрүндө, саясий чогулуштарында, бүт жерде сүрөттөрдү асып коюшат.
Мевдуди айтат: Лидерлерден сүрөттөрү же плакаттары, митинг жана жүрүштөрүнүн сүрөттөрү эч динге туура келбейт жана чыныгы муктаждык жана мажбурлукка жатпайт. Өзгөчө лидерлердин сүрөттөрү Аллахтын кулдарын сүрөттүн арам кылынышына себеп болгон коркунучка өтө жакындатат.
«Аллахтын жанында азабы эң оор болгон адамдар сүрөт тарткандар же сүрөткө тарткандар.» (Муслим 6:369)
Ал эми Куранда болсо сүрөттүн же фотографиянын арам (күнөө) экендиги жөнүндө бир дагы аят жок. Сүрөт да, фотография да Аллахтын чеберчилигинин бир чагылуусу. Эгер бир адам өзүн кудаймын деп сүрөт тартып же сүрөткө тартып жатса, бул ал адамдын акылынын кемдигин жана уятсыздыгын көрсөтөт. Бир адамдын туура эмес ойдо болушу Аллахтын чеберчилигинин миллиондогон адамга жетишине себепчи боло турган бир сулуулукка тыюу салганга эч себеп болбойт.
Фанаттар музыка угуу арам (күнөө) дешет. Бирок өздөрү музыка угуп, ал тургай, социалдык тармактарда музыканы бөлүшүшөт. Тойлордо, аскерге жөнөткөндө жана башкаларда баары чогуу музыка угуп, бийлешет.
«Ким болсо да бир музыкалуу чогулушта бир ырчы кыз ырдаган ырды укса, акырет күнү анын кулактарына ээриген коргошун куюлат.»
Музыка уккан бир кишиге бейиште руханийлерди угууга уруксат берилбейт. (Куртуби 14/53)
Аллах ырды, аны алып-сатууну, акчасын, үйрөтүүнү жана угууну арам кылган (тыюу салган). (Мухаммед Газали, Небеви Сүннет)
«Ыр жүрөктө нифак (бузукулук) пайда кылат.» (Эбу Давуд)
«Музыка-ыр зынаага (никесиз байланышка) алпарчу бир тепкич сыяктуу.» (Бихар-үл Энвар, 79-т., 247-б.)
Музыка – Аллах адамдарга тартуулаган эң сонун жакшылыктардын бири. Рухка таасир берген бул жакшылык ыймандуулардын шүгүр кылышына жана Аллахка жакындашына себепчи болот. Бейиште болсо музыканын эң сонуну болот. Бир ырдын сөзүндө динге туура келбеген сөздөр бар болсо, албетте, аны укпаш керек, бирок бул бүт ырларга тыюу салууну талап кылбайт. Куранда да музыканын арам (күнөө) экени жөнүндө аят жок.
Фанаттар ырды арам (күнөө) дешет, бирок өздөрү ыр окушат.
«Силерден бирөөңөрдүн ичинин ... канга толо болушу ырга толо болушунан жакшыраак.» (М. Месабих 4/4809)
Фанаттар сакалды алуу арам (күнөө) дешет, бирок күн сайын эрте менен жумушка баратып сакалын алышат, көпчүлүгүнүн сакалы жок.
«Чач жана сакал алып мүчө алгандын (сакал алууну мүчө алуу катары көрүшүүдө) Аллах Кабатында насиби жок.»
Эль-Менхелүъл-азбул Мевруд» аттуу китепте мындай деп айтылган: «Сакал алуу мужтахид имамдар Эбу Ханифа, Имам Малик, Имам Шафи жана Имам Ахмед жана башкалардын пикиринде арам (күнөө). Аят жана хадистерден өкүм чыгаруу милдетин аткарган бүт фукаханын (шарият аалымдарынын) сөздөрү сакал алуунун арам экендиги тууралуу ачык.» (эль-Менхел:1/186-188)
Сакал алуу Аз. Пайгамбарыбыздын (сав) келбетинен чыгуу болот. Аллахтын пайгамбары сакалын эч алган эмес. Аз. Пайгамбар (сав) Мырзабыз сакалсыз элчилерден жийиркенчү. Бир жолу алдына келген Йемен элчилеринин сакалсыз абалын көргөндө жийиркенип, жүзүн бурган.
Көрүнүп тургандай, фанатизм – динде жок тыюуларды чыгарып, ал тыюуларга өздөрү да моюн сунбаган бир система. Өз колдору менен түзгөн негизсиз диндин өкүмдөрүн өздөрү да толук аткарышпайт. Бул өздөрүн мүнафыктай (эки жүздүүдөй) көрүп, дайыма басынып жашашына себеп болот. Ошондуктан чын ниеттен динге жана Аллахка бурулушпайт.
Бул негизсиз, жасалма системанын ичинен чыгуунун жалгыз жолу – бул Куранга толук моюн сунуу. Куранды толук ээрчиген кутулат. Муну унутпаш керек, Аллахтын дини оңой, Аллах кулдарына кыйынчылыкты жана зулумдукту каалабайт:
Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) күрөшкүлө. Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(нде болгон сыяктуу). Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады, элчи силерге күбө болушу үчүн, силер да (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми намазды толук (туура) окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар – Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла. Ал кандай жакшы Кожоюн (Мевла) жана кандай жакшы Жардамчы. (Хаж Сүрөсү, 78)