Денебиздеги ар бир клетка бөлүнүп көбөйөт. Бөлүнүү учурунда клетканын ядросундагы ДНК дагы копияланышы керек. ДНКны копиялоо процесси болсо адамды укмуш таң калтыра турган, кемчиликсиз биир уюшкандык, дисциплина жана тартип менен жасалат.
Ичинде 3 миллиард тамгадан турган бир маалымат сакталган ДНК молекуласы спираль формасындагы бир тепкичке окшошот. Копиялоо процесси башталганда алгач «ДНК-геликаза» аттуу фермент ал жерге келип, ДНКнын спираль формасын сыдырманы ачкандай ачып баштайт. Натыйжада ДНКнын спираль формасында бири-бирине оролгон колдору бөлүнөт. «ДНК-геликаза» ар дайым өз убактысында кызматта болот жана өз милдетин эч кемчиликсиз, адашпастан, эч ката кетирбестен, ДНКга эч качан зыян тийгизбестен орундатат.
Андан соң кезек «ДНК-полимераза» ферментине келет. Бул ферментке болсо ДНКнын экиге бөлүнгөн колдорун экинчи бир кол менен толуктоо милдети жүктөлгөн. Ал үчүн ДНКнын бир колун түзгөн ар бир маалыматтын тушуна туура келчү маалыматты таап алып келет. Көңүл буруңуз! Атомдордон турган, кандайдыр бир маалыматы, аң-сезими же акылы бар деп эч ким ойлобогон бир фермент ДНКнын жарым колун (бөлүгүн) толуктоо үчүн керектүү маалыматтарды аныктап, аларды андан соң клетканын ичиндеги тиешелүү жерлерден алып келип өз ордуна жайгаштырууда. Бул процесс учурунда эч бир ката кетирбей, 3 миллиард тамганы бир-бирден эң туура аныктап толуктайт. Ал ортодо дагы бир полимераза ферменти ДНКнын экинчи жарымын ушул сыяктуу толуктайт. Бул процесс учурунда ДНК спиралынын экиге бөлүнгөн бөлүктөрү кайрадан бири-бирине оролбошу үчүн «спиральды кармап туруучу» ферменттер ДНКны учтарынан кыймылдатпай кармап турушат.
Көрүнүп тургандай, ДНКны копиялоо учурунда көптөгөн ферменттер аскердик дисциплинада, илим жана акылды талап кылган иштерди аткарышат. Сиздин колуңузга 3 миллиард тамгадан турган бир текст берилип, аны басма машина менен копиялашыңыз талап кылынганда, эч бир ката кетирбестен аны копиялай алмак эмессиз. Сөзсүз бир жерде бир ката кетирип, бир сапты же жок дегенде бир тамганы калтырып кетмексиз. Бул ферменттер болсо копиялоо ишин мындай каталарды кетирбестен орундатышат.
Дарвинисттер болсо бүт бул ферменттерди, ДНКдагы миллиарддаган тамгадан турган маалыматты, ДНКны копиялоо процессин, бул кемчиликсиз уюштурууну кокустан келип чыккан дешет. Эволюционисттердин ушунчалык чындыктан алыс бир гипотезага ишениши өтө чоң бир окуя, ал тургай, өзүнчө бир керемет. Эволюционисттердин мынчалык логикасыз көз-караштарга эч далилсиз ишенишинин бир гана себеби бар: бул алардын материализмден кутула албашы жана Аллахтын бар экенин четке кагуудагы өжөрлүгү.
Клетканын ядросунда жайгашкан ДНК аттуу молекула – дененин маалымат базасы. Ошондуктан клетка көбөйүү үчүн бөлүнүүдөн мурда сөзсүз ДНКсын да копиялашы керек.
Спираль формасындагы ДНКны копиялоо үчүн кайра эле ДНКдагы маалыматтарга карап өндүрүлгөн көптөгөн ферменттер өтө акылдуу жана уюшкан иш-аракеттерди жасашат.
ДНК копияланаардан мурда ДНК-геликаза аттуу ферменттер келип, ДНКнын спираль формасын сыдырмадай ачышат. Кызгылт-сары түстөгү формалар ушул ферменттин кыймылын чагылдырууда.
ДНКнын колдорун бири-биринен ажыратууда кайра оролуп калбашы үчүн сүрөттө жашыл түстө көрсөтүлгөн спиральды стабилдештирүүчү ферменттер эки колду тең кыймылдатпай кармап турушат.
Ал ортодо ДНК-полимераза ферменттери эки колдун тушуна ага туура келүүчү маалыматтарды улап башташат. Ошентип эки даана ДНК спиралы пайда боло баштайт. Сүрөттөгү сары формалар копиялоо жумушун жасаган ДНК-полимераза ферменттерин чагылдырууда.
Бул аң-сезимсиз заттардын кемчиликсиз бир кызматташуусунун жана дисциплиналуу, акылдуу иш алып барышынын натыйжасында, ДНК катасыз жана кемчиликсиз копияланат.
Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.
Которгон Жунус Ганиев