Өткөн жылдары –кийинчерээк экинчи бөлүгү менен бирге-эң көп көрүлгөн жана жактырылган кинотасмалардын бири болгон Матрицада (The Matrix) жасалма мээ (artificial intelligence) деп аталган машиналардын дүйнөнү басып алганы жана адамзатты энергия булагы катары гана колдонуп, адамдарга элестүү бир дүйнөнү жашатып жатканы сценарийлештирилген. Андан соң экинчисинин жарык көрүшү менен бирге көптөгөн адамдар тарабынан көрүлгөн «Матрица» - бул виртуалдык реалдуулукту жасаган бир компьютер программасынын абдан өнүккөн бир түрүнүн аты.
«Нео» аттуу тасманын башка каарманы – бул системанын ичинде, чоң бир программа жазуу фирмасынын бир компьютер программисти. Жашаган жерин жана 20-кылымдын акыркы жылдарында өтүп жаткан өмүрүн чындык деп ойлоодо. Чынында болсо чыныгы денеси 2199-жылдарда ичи суюктук менен толтурулган, сырты бир кабык менен оролгон капсулага окшош бир жерде турган болот. Ал жерде ага эмне көрсөтүлсө ошону көрүп, эмне сездирилсе ошону сезип, жашап жаткан болот. Чындыгында денеси такыр башка бир чөйрөдө жана убакытта болгонуна карабастан, өзүн шаардагы көп адамдар арасында жумушуна барып келген, компьютер программасын түзүү менен алектенген бир адаммын деп ойлоодо. Кыскача айтканда, «Матрица» деп аталган жасалма бир дүйнөдө өзүн чыныгы бир жашоодо жашап жатам деп ойлоп жаткан болот.
Чындыктарды –Неонун элестүү (жасалма) бир дүйнөдө жашап жатканын- билген «Морфиус» аттуу каарман тасма бою Неого чындыктарды айтып берүүдө. Мисалы, ага ушуга чейин көргөн, уккан, жыттаган, даамын сезген, денеси менен сезген нерселеринин материалдык бир реалдуулугу жок экенин; булардын ага мээсинин ичинде көрсөтүлгөн элестүү сүрөттөлүштөр экенин далилдери менен түшүндүрүп берүүдө. Эмки бөлүмдөрдө тасманын каармандарынын бул жөнүндөгү маектеринен мисалдар берилет.
Виртуалдык реалдуулук жана электрдик сигналдардан турган дүйнө
Учурдагы технологиянын өнүгүшү урматында «сырткы дүйнө» же «зат» болбостон туруп, кабылдоолордун чындыктай сезилиши мүмкүн экени жөнүндө көптөгөн мисалдар алынды. Өзгөчө акыркы жылдары абдан өнүккөн «виртуалдык реалдуулук» түшүнүгү бул багытта абдан ынандыраарлык далилдерди берүүдө.
Виртуалдык (санариптик) реалдуулук – бул бир сөз менен айтканда, компьютерде жасалган үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдүн кээ бир каражаттардын жардамы менен адамдарга «чыныгы бир дүйнө» сыяктуу көрсөтүлүшү. Учурда көп тармактарда ар кандай максатта колдонулуп жаткан бул технология, ушул себептен, «жасалма реалдуулук», «виртуалдык дүйнөлөр», «виртуалдык чөйрөлөр» сыяктуу аттар менен да аталууда. Виртуалдык реалдуулуктун эң маанилүү өзгөчөлүгү – бул атайын каражаттарды колдонгон бир адамдын көргөн сүрөттөлүштү чындык деп ойлоп, алданышы. Ушул себептен, акыркы жылдары виртуалдык реалдуулук сөзүнүн англис тилиндеги аталышынын башына «immersive» сөзү да кошулуп айтылууда жана бул сөздүн мааниси – «кирип кетүү, өзүн алдыруу» (Immersive Virtual Reality: өзүңдү алдыруучу виртуалдык реалдуулук).
Виртуалдуу дүйнөнү жасоо үчүн керектүү болгон каражаттарда колдонулган система беш сезимибизге тиешелүү болгон системанын дал өзүндөй. Мисалы, колдонгон адамдын колуна кийген мээлейдин ичиндеги механизмдин таасири менен манжасынын учтарына кээ бир сигналдар берилет жана бул сигналдар мээге жиберилет. Мээ бул сигналдарды жоромолдогондо, бул адам, жок эле бир жибек кездемеге же бети одур-бодурлуу сүрөтү бар бир вазага тийген сыяктуу сезимге кабылууда.
Виртуалдык реалдуулук колдонулуп баштаган маанилүү тармактардын бири – бул медицина.Мичиган университетинде иштеп чыгылган бир ыкма менен келечектеги докторлор жана өзгөчө тез жардам кызматкерлери жасалма бир операция чөйрөсүндө билим алышууда. Бул тажрыйбада бир бөлмөнүн таманына жана дубалдарына операция бөлмөсүнө тиешелүү сүрөттөлүштөр, бөлмөнүн ортосуна болсо бир операция столу жана бир «оорулуунун» сүрөттөлүшү чагылдырылууда. Келечектеги докторлор болсо үч өлчөмдүү көз айнектерин тагып, бул санариптик оорулууга операция жасоону башташууда. Сүрөттөрдө да көрүнгөндөй, бул сүрөттү көргөн бир адам кайсынысынын чыныгы, кайсынысынын санариптик экенин айырмалай албайт.
Матрица аттуу тасмада да тасманын эки каарманына бир креслодо чалкалап жаткан абалында нерв системаларына бир компьютер туташтырылганда, өздөрүн такыр башка бир жерлерде көрүшүүдө. Бир кадрда чыгыш спорттору менен машыгып жатканын, башка бир кадрда болсо өздөрүн такыр башка бир кийимдерди кийип, көчө толгон адамдардын арасында басып баратканын көрүшүүдө. Тасманын каарманы Нео көрүп жаткандарынын реалдуулугун көрүп, булардын бир компьютер тарабынан жасалган сүрөттөлүштөр экенине ишене албаганын айтканда болсо, компьютердеги сүрөттөлүш токтотулуп коюлууда жана бул адам чындык деп ойлогон дүйнөнүн чындыгында бир сүрөттөлүш экенине ишенүүдө.
Тасманын бир сахнасында чындыгында башына кабельдер туташтырылган абалда, жаман кийимдерди кийип, абдан эски бир креслодо жаткан Нео компьютер программасы жүктөлгөн соң өзүн такыр башка кийим кийген абалда, башка бир жерде көрүүдө. Жаман көрүнүштөгү кийимдери өзгөрүп, чачы өсүп калган. Симуляция чөйрөсүндө чыныгы абалынан такыр башка бир көрүнүштө болуп калган болот.
Морфиус: Бул биздин жүктөө программабыз. Бүт нерсени жүктөй алабыз. Кийим, каражаттар, курал-жарак, окутуу симуляцияларын, муктаж болгон бүт нерсебизди.
Нео: Азыр бир компьютер программасынын ичиндебизби?
Морфиус: Буга ишенүү өтө кыйынбы? Кийимдериң башка. Колдоруңдагы жана башыңдагы туташуулар жоголуптур. Чачың өзгөрүптүр. Азыркы көрүнүшүң убактылуу бир өздүк көрүнүшүң. Виртуалдык өздүгүңдүн мээдеги бир чагылуусу.
Сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, тасмадагы Нео аттуу каарман көргөндөрүнүн элес деп айтууга эч мүмкүн болбогондой реалдуу болушунан улам чындыкты кабыл алгысы келбей жаткан болот. Андан соң чындыктарды билген Морфиус экөө арасында мындай бир маек болот:
Нео: Бул чындык эмеспи? (креслону көрсөтүп)
Морфиус: Чындык деген эмне? Чындыкка кандай аныктама бересиң? Эгер сезгендериң, жыттап, даамын сезип, көрө алган нерселериң жөнүндө айтып жатсаң, анда чындык – мээге жөнөтүлгөн электрдик сигналдардын жоромолдонушу.
Морфиус аттуу билерман киши тарабынан Неого чындык деп ойлогон дүйнөнүн чындыгында симуляция гана экени көрсөтүлөт. Бул бүт көргөн нерселерине тиешелүү. Автоунаалар, шаардагы ар түрдүү үндөр, жол, бийик имараттар, океан, адамдар, кыскача айтканда, бүт нерсенин баары компьютер программасы аркылуу мээде пайда кылынган сүрөттөлүштөр гана. Көңүл бурулган болсо, Морфиус аттуу каарман жогорудагы сөздөрүндө чындык деп кабыл алынган кабылдоолордун мээге жиберилген электрдик сигналдардын жоромолу экенин илимий тараптан айтып берүүдө.
Бул жөнүндө китептерибизде орун алган түшүрдүрмөлөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Биз жашап жаткан дүйнө жөнүндөгү бүт маалыматтар бизге беш сезимибиз аркылуу келет. Б.а. биз көзүбүз көргөн, колубуз тийген, мурдубуз жыттаган, тилибиз даамдаган, кулагыбыз уккан бир дүйнөнү тааныйбыз. Төрөлгөндөн бери ушул сезүү органдарынан көз-каранды болгондуктан, «сырткы дүйнөнүн» сезүү органдарыбыз бизге тааныткандан башкача болушу мүмкүн экенин эч ойлогон эмес болушубуз керек.
Чындыгында болсо, учурда көптөгөн илим тармагындагы изилдөөлөр такыр башка бир түшүнүктү алып келип, сезүү органдарыбыз жана сезген дүйнөбүз жөнүндө олуттуу шектенүүлөрдүн пайда болушуна себеп болду.
Мындай жаңы түшүнүктүн чыгуу чекити болсо төмөнкүдөй: биз «сырткы дүйнө» катары кабылдаган нерселерибиз – электрдик сигналдардын мээдеги таасирлери гана. Алманын кызылдыгы, тактайдын катуулугу, ал тургай, апаңыз, атаңыз, үй-бүлөңүз, бүт мал-мүлкүңүз, үйүңүз, жумушуңуз жана бул китептин саптары – болгону мээңиздеги электрдик сигналдар гана. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы),II. baskı, s. 198).
Биз «көрүп жатабыз» дегенде, чындыгында көзүбүзгө келген сигналдардын электрдик сигналга айланып мээбизде пайда кылган «таасирин» көрөбүз. Б.а.«көрүп жатам» дегенибизде, чындыгында мээбиздеги электрдик сигналдарды көрөбүз.Өмүр бою көргөн нерселерибиздин баары бир канча см кубдук көрүү борборунда пайда болот. Окуп жаткан бул саптарыңыз да, алдыңызды караганда көргөн учу-кыйырсыз пейзаж да ушул кичинекей жерде пайда болууда. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы),II. baskı, s. 200)
Биз көргөн, тийген, уккан жана «зат», «дүйнө» же «аалам» деп атаган түшүнүктөр – болгону мээбизде пайда болгон электрдик сигналдар гана.(Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы),II. baskı, s. 203)
Бул жерде дагы бир таң калыштуу чындыкка кезигебиз: мээбизде чындыгында түстөр да, үндөр да, сүрөттөлүштөр да жок.Мээбизден бир гана электрдик сигналдарды таба алабыз.Бул философиялык бир көз-караш эмес, сезүү органдарыбыздын (кабылдоолорубуздун) иштеши жөнүндөгү илимий түшүндүрмө. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 16)
Көрүү кубулушу абдан көп баскычта ишке ашат. Көрүү учурунда кандайдыр бир заттан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн алдыңкы тарабындагы линзанын ичинен сынуу менен өтөт жана көздүн арткы тарабындагы торчого тескери абалда түшөт. Ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылган көрүү импульстары нервдер аркылуу мээнин арткы тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир аймакка жетишет. Бул электрдик сигнал бир катар процесстен соң мээдеги бул борбордо сүрөттөлүш катары кабылданат. Б.а. көрүү кубулушу чындыгында мээнин арткы тарабындагы кичинекей, жарык эч кире албаган, капкараңгы бир чекитте ишке ашат. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 199-200)
Көрүнүп тургандай, Матрица тасмасындагы тема китептерибизде айтылган илимий чындыкка абдан окшошот. Тасмадагы маектерде да, жогорудагы китептерден алынган сүйлөмдөрдө да айтылгандай, биз мээбизде көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдү гана көрөбүз. Канчалык чындыктай көрүнсө да, бүт кабылдоолорубуз – бул мээбиздин жоромолдору гана. Ошондуктан, биз көргөн, өзүбүз да анын бир бөлүгү болгон сүрөттөлүштөрдүн жасалма сигналдар менен жасалып, жасалбаганын эч качан так айта албайбыз. Башкача айтканда, чындык менен элестин арасындагы айырманы эч айта албайбыз.
Эми бул теманы тасмадан бөлүмдөргө орун берүү менен дагы тереңирээк карайлы.
Элестер менен чындыктардын арасындагы окшоштук
Кинотасмадан алынган кадрлардан көрүнүп тургандай, тасманын каарманы Неого чындыктарды көрсөткөн Морфиус анын бир элестүү дүйнөдө жашаганын жана башынан өткөрүп жаткандарын чындык деп ойлогонун эми телевизордо көрсөткөн сүрөттөлүштөр аркылуу айтып берүүдө. Нео матрицанын ичинде көргөн бийик имараттар, автоунаалар, заманбап көрүнүш жана башка детальдардын баары мээсинде ага көрсөтүлгөн кабылдоолор (сүрөттөлүштөр) гана. Дүйнөнүн ошол учурдагы чыныгы абалы болсо такыр башкача; талкаланып, кыйраган бир планета. Бирок Нео ага айтып берилгенге чейин дайыма чыныгы бир дүйнөдө жашап жатам деп ойлогон жана жашоосунун чындык экендиги жөнүндө эч күмөндө болбостон, бул элестүү дүйнөгө алдануу менен көп жылдар бою жашаган.
Морфиус: Бул сен билген дүйнө - 20-кылымдын аягындагы дүйнө. Учурда болгону мээге таасир берген бир симуляциянын бөлүгү. Муну «Матрица» деп атайбыз. Бир элес (жасалма) дүйнөсүндө жашап жаткан элең. Бул учурдагы абалы менен чыныгы дүйнө... Чындыктын чөлүнө кош келдиң...
Тасманын бул кадрлары менен байланыштуу китептерибизде мурда айтылган жоромолдордун кээ бирлери төмөнкүдөй:
... «Сырткы дүйнөгө» эч качан жете албайбыз, демек бул дүйнөнүн чындап бар экенин кантип биле алабыз?
Албетте, биле албайбыз. Тескерисинче, бүт нерселердин баары болгону кабылдоолордун жыйындысы гана болгондуктан, кабылдоолор болсо мээде гана болгондуктан, биз үчүн бар болгон – бул кабылдоолор (элестер) дүйнөсү. Биз тааныган жалгыз дүйнө - бул мээбиздин ичиндеги, ал жерде тартылган, үн кошулган жана түркүн түстүү кылынган, кыскача айтканда, мээбизде пайда болгон бир дүйнө, жана биз бар деп так айта алган жалгыз дүйнө да мына ушул.
Мээбизде көрүп жаткан сүрөттөлүштөрдүн материалдык (заттык) бир оригиналынын бар экенин болсо эч качан далилдей албайбыз. Бул кабылдоолор (сүрөттөлүш ж.б.лар) «жасалма» бир булактан келип жаткан болушу да ыктымал.
Муну мындай бир мисал менен элестетүүгө болот:
Алгач мээңизди денеңизден сыртка чыгарып, айнек бир идиштин ичинде жасалма жол менен жашата алдык деп элестетели. Анан мунун жанына ар түрдүү электрдик сигнал өндүрө алчу бир компьютерди койолу. Анан кандайдыр бир жерге тиешелүү сүрөттөлүш, үн, жыт сыяктуу маалыматтарды жасалма жол менен бул компьютерде өндүрүп, бул жерде сакталган сигналдарды мээңизге жөнөтөлү. Бул сигналдарды кабылдоону уланткан сайын мээңиз (башкача айтканда «сиз») бул сигналдарга тиешелүү жерди көрүп, жашай берет.
Бул компьютерден мээңизге сизге тиешелүү электрдик сигналдарды да жөнөтө алабыз. Мисалы, бир столдо отурганда, сиз кабылдаган бардык көрүү, угуу, тийүү сыяктуу сезимдерге тиешелүү электрдик сигналдарды мээңизге жөнөткөнүбүздө, мээңиз өзүн бөлмөсүндө отурган бир ишкер элестетет.
Компьютерден келген сигналдар уланып турса эле, бул элестүү дүйнө да улана берет. Болгону бир мээ гана экенин болсо эч качан түшүнбөйт. Себеби мээнин ичинде бир дүйнө пайда болушу үчүн мээдеги тиешелүү борборлорго керектүү сигналдардын жетиши жетиштүү. Бул сигналдар жасалма бир булактан, мисалы, бир эске сактоочу каражаттан же башкача бир булактан келип жаткан болушу мүмкүн. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 206-207)
Кабылдоолорубуздун чындыктай туюлушу сырткыдүйнөдө заттык бир оригиналы бар экенин далилдебейт
Кабылдоолорубуздун (мээбиздин сыртында) заттык бир оригиналы бар экенин эч качан далилдей албайбыз. Себеби мээбизде кабылдоолор пайда болушу үчүн сырткы дүйнөгө муктаждык жок. Учурда –китептин башында да айтылгандай- симуляторлор сыяктуу көптөгөн технологиялык жетишкендиктер бул чындыктын эң маанилүү далилдери. Тасманын каарманы Неого да үйрөнүү максатында кирген симуляция чөйрөсү чындыктай туюлууда. Натыйжада мушташуу учурунда ийгиликке жетүү үчүн булчуң күчтүү болушу керек, жана ал чөйрөдө чындап эле абадан дем алып жашап жатамын деп ойлоодо. Чындыгында болсо чыныгы денеси бир креслодо компьютер системасына туташкан абалда жаткан болот.
Тэнк: Мушташты үйрөнүү жөнүндө кандай дейсиң?
Нео: «Джиу-джитсу». Джиу-джитсу үйрөнөмүнбү?
Жүктөлүп бүткөн соң...
Нео: Кунгфу билемин.
Морфиус: Мага көрсөт.
Морфиус: Бул бир мушташ программасы. Матрицанын программаланган чындыгына окшош. Ошондой негизги эрежелери бар. Жердин тартылуу күчү сыяктуу. Бул эрежелер бир компьютер системасынын эрежелеринен айырмасыз. Кээ бир эрежелер өзгөрүшү мүмкүн. Кээ бирлерин бузууга болот.
Учурда да тасмадагыга окшош бир технология колдонулуу менен адамдарга ар башка жерлерде жашаган сыяктуу сезим берилүүдө. Жана бул адамдар көргөн, уккан, кылган нерселерине чындык сыяктуу реакция беришүүдө. Кээде бир бөлмөдөй чоңдуктагы бир имараттын бүт дубалдарына жана таманына стерео сүрөттөлүштөр чагылдырылып, бул бөлмөгө кирген адамдар кийген стерео көз айнектер менен бөлмөнү кыдырып, өздөрүн такыр башка жерлерде, мисалы, бир шаркыратманын жээгинде, бир тоонун чокусунда, деңиздин ортосундагы бир кеменин бортунда көрө алышат. Башка кийилген каскалар үч өлчөмдүү, перспектива жана мейкиндик сезимин берген сүрөттөлүштөрдү пайда кылышат. Сүрөттөлүштөр адамдын боюна жараша берилет жана мээлей сыяктуу кээ бир каражаттар аркылуу тийүү сезими камсыз кылынат. Ошентип бул каражаттарды колдонгон адам көргөн виртуалдык дүйнөдөгү буюмдарга тийе алат, аларды ордунан жылдыра алат. Бул жерлерде адам көргөн сүрөттөлүштөгү үндөр да абдан чындыкка окшош. Үн ар тараптан, ар кандай перспективага жараша бериле алат. Кээде дүйнөнүн ар кайсы тарабындагы бир канча адамга бир эле виртуалдык чөйрө көрсөтүлөт. Ушундайча, мисалы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн, ал тургай, ар кайсы материктен үч адам өздөрүн беркилер менен бирге ылдам жүргөн бир унааны айдап бараткандай же чогулуштан соң ойлорун айтып, маектешип жаткан абалда көрө алышат.
Бул мисалдар биз өзүбүздү бир жерде көрө алышыбыз үчүн сырткы дүйнөнүн бар болушунун шарт эмес экенин көрсөтүүдө. Биз дүйнө жөнүндө кабылдаган сезимдер, сүрөттөлүштөр, даамдар жана жыттардын баары жасалма бир булактан келсе да, чындап бар болсо да, биз буларды бир-биринен айырмалай албайбыз. Биз кандай болгондо да, баары бир мээбиздин ичинде гана жашайбыз жана сырттагы заттын оригиналына эч жете албайбыз.
Сүрөттөлүштөгү сапат, деталдардын көптүгү сизди жаңылтпасын!
Тасманын башка бир сахнасында болсо симуляция чөйрөсүндө Неого Матрица аттуу виртуалдык дүйнө тааныштырылат. Бүт нерсе чындыкка абдан окшош. Нео көчөдө бараткан адамдардын светофорлордо токтогонун, анан жашыл жанганда болсо басышын улантканын көрөт. Ал тургай, көпчүлүктүн арасынан бирөөнүн анын мүрүнөн түртүп кеткенин, денесинин чайпалганын сезет.
Морфиус: Матрица бир система, Нео... Ичинде, айлананы караганыңда эмне көрүп жатасың? Бизнесмендер, мугалимдер, адвокаттар, жыгач усталар. Куткарууга аракет кылган адамдардын мээлери. Аларды куткарганга чейин системанын бир бөлүгү бойдон кала беришет... Түшүнүшүң керек, бул адамдардын көпчүлүгү системадан чыгууга даяр эмес. Араларынан көпчүлүгү системага ушунчалык үмүтсүздүк менен көз-каранды болгондуктан, аны коргоо үчүн согушушат...
Нео чөйрөнү чындыктай кабыл алып, айлананы каранып жатканда, Морфиус «токтот» буйругун берет жана бир заматта айланасындагы сүрөттөлүш катып, токтоп калат. Адамдар кандай абалда болсо, дал ошол абалында катып калышат, бассейндин агып жаткан суусу токтойт, канаттуу асманда турган жеринде катып калат. Бул сүрөттөлүштүн ичинде бир гана Морфиус менен Нео маектерин улантышат. Нео абдан таң калат, ошондо гана айланасындагы бүт нерсенин ал жашап жаткан элестердин бир бөлүгү экенин, чындыгында жок экенин жакшыраак түшүнөт.
Морфиус: Токтот.
Нео: Бул матрица эмеспи?
Морфиус: Сага бир нерсе үйрөтүү үчүн даярдалган бир программа.
Бул тасмадагы окуялардын адам жашоосунда да ушул сыяктуу эмес экенин далилдөө мүмкүн эмес. Бир адам канчалык ынандыраарлык детальдарга толгон бир жерде болсо да, буларды мээсинде гана жашап жатат. Өзүнүн сыртында бул окуялардын, жерлердин, адамдардын оригиналдары бар болсо да, аларга жете албайт. Муну түшүндүргөн түшүндүрмөлөрүбүздүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Адам бир экран сыяктуу жерде 3 өлчөмдүү, туптунук, абдан реалдуу бир тасма көрүүдө. Бул экранга жабышып тургандай абалда болгондуктан, кадрлардан (тасмадан) бери чыгып, өзүнүн абалын көрө албайт. (Sonsuzluk Başlamış Durumda (Түбөлүк жашоо башталды), s. 43)
... заттар дүйнөсү болсо да, болбосо да, адам мээсиндеги элестер дүйнөсүн гана көрөт. Заттардын оригиналына эч качан кезиге албайт. Болгондо да, ар бир адамга копиясын көрүп жатканы жетиштүү. Мисалы, түркүн түстүү гүлдөргө толгон бир бакчаны кыдырган бир адам чындыгында бул бакчанын оригиналын эмес, мээсиндеги копиясын көрөт. Бирок бул бакча ушунчалык реалдуу болгондуктан, ар бир адам мээсинде пайда болгон бакчадан чыныгы бир бакча сыяктуу ырахат алат. Ал тургай, ушул күнгө чейин миллиарддаган адам ушул бакча сыяктуу, көргөн бүт нерселеринин оригиналын көрүп жатам деп ойлогон... (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 48)
Аллах кемчиликсиз жана сансыз көп детальдарга ээ болгон ааламды дайыма, эч кемчиликсиз жаратууда. Болгондо да бул жаратуу ушунчалык кемчиликсиз болгондуктан, жер бетинде ушул күнгө чейин жашап өткөн миллиарддаган адамдар бул ааламдын жана көргөн бардык нерселеринин элес экенин түшүнө алышкан эмес жана дайыма заттын өзүн (оригиналын) көрүп, кармап жатабыз деп ойлошкон. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 91)
Кээ бир адамдардын чоң жолдон бат өткөн бир автобусту же бул автобус себеп болгон бир кырсыкты заттын материалдык оригиналын көрүп, ага тийип жаткандыгыбыздын апачык бир далили деп ойлошунун себеби – бул сүрөттөлүштүн адамды жаңылта турганчалык реалдуу көрүнүшү жана сезилишинде. Сүрөттөлүштөгү, мисалы, чоң жолдогу тереңдик жана перспективанын кемчиликсиздиги, ал сүрөттөлүштө (б.а. бир чөйрөдө) көрүнгөн заттардын түс, форма, көлөкө жагынан кемчиликсиздиги, үн, жыт жана катуулук сезимдеринин абдан даана болушу жана сүрөттөлүштүн («жашоо тасмасынын») ичинде бир логикалык бүтүндүктүн болушу кээ бир адамдарды жаңылтууда. Жана кээ бир адамдар ушулардын натыйжасында алардын элес экенин унутуп коюшууда. Бирок мээде пайда болгон элестер канчалык кемчиликсиз болбосун, баары бир алар элес бойдон кала берет. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 178-179)
Физика мыйзамдары да кабылдоолорубуздун(мээбиздин) бир жоромолу
Морфиус Нео заттын чыныгы жүзү жөнүндөгү чындыктарды түшүнүшү үчүн көптөгөн ыкманы колдонуп көрөт жана ага көп далилдерди берет. Мурдакы бөлүмдө үйрөтүүнүн бир бөлүгү катары Матрица аттуу системасынын бир копиясында сүрөттөлүштүн катытып коюлганын, ушундайча чындыктай көрүнгөн бүт нерсенин чындыгында виртуалдык бир реалдуулук экенин көрсөткөнүн айттык эле. Неонун ал жердеги таалими төмөнкүдөй маек менен уланат:
Нео: Алар эмне?
Морфиус: Сезимдик программалар. Системадан көз-каранды абалда ар түрдүү программага кирип, чыга алышат. Системадан чыгарбагандарыбыздын баары потенциалдуу бир агент. Матрицанын ичинде дээрлик баары бир агент же эмес. Алардан жашынуу менен жана качуу менен жашап келдик, бирок алар эшик кароолдору. Бүт эшиктерди ээлешкен. Ачкычтар аларда. Эртеби, кечпи бирөө алар менен согушушу керек.
Нео: Бирөөбү?
Морфиус: Сага калп айтпайм. Бир агентке каршы чыгып, аны менен согушкандардын баары каза болушту. Алардын колунан келбегенди сен жасайсың.
Нео: Эмнеге?
Морфиус: Бир дубалдын ичинен муштум урган агенттерди көрдүм. Адамдар аларга бир магазин ок коротушту; бирок абаны гана атышты. Күчтөрү жана ылдамдыктары эрежелерге таянган бир дүйнөгө көз-каранды. Ошондуктан сенчелик ылдам жана күчтүү боло алышпайт.
Нео: Эмне дегиң келип жатат? Окторду кармай аласың дейсиңби?
Морфиус: Жок Нео. Менин айтайын дегеним мындай: даяр болгонуңда мунун кажети болбойт.
Бул маектерде да Морфиус Неого физика эрежелери менен ойлонбошун кайра кайра айтууда. Матрица аттуу системада «агент» деп аталган коопсуздук кызматкерлери системадагы виртуалдык каармандардын денелерин колдонуу аркылуу бүт нерсени башкара алышууда. Бирок бул система мээлерге көрсөтүлгөн жасалма бир дүйнө болгондуктан, Неонун эч мүмкүн эместей көрүнгөн нерселерди да жасай алаары баяндалууда.
Кийинки сахналарда болсо тасмадагы каармандар керек болгондо адамзаттан жогору бир кубаттуулук көрсөтө алаары көрсөтүлөт. Муну абдан реалуу жашашат. Бирок бул чындыгында компьютер тарабынан мээде көрсөтүлгөн элестер гана. Тасманын каарманы Нео мындай толкундатуучу окуяларды жашап жатам деп ойлоп жатканда, чындыгында креслосунда гана отурган болот.
Ал эми, Морфиус болсо Неонун мээсин өмүр бою аң-сезимине сиңген ойлордон куткарууга –тасмадагы сөз менен айтканда мээсин эркин кылууга- аракет кылат. Ушул максатта эки каарман тең бир секирүү программасына туташышат. Ал жерде Морфиус бир-биринен алыс жана абдан бийик имараттар арасында учуп бараткандай болуп секирет жана Нео мээсин эркин кылганда (б.а. аң-сезимин тазалаганда) муну кыла алаарын айтат. Бирок Нео бир компьютер программасында экенин билсе да, өзүн физика эрежелеринен көз-карандысыз кылып ойлоно албайт. Башкача айтканда, реалдуу болбогон бир чөйрөгө абдан маани берип, секиргенде кулайм деп коркот.
Көрсөтүлгөн кадрларда Нео бул чоң имараттар арасында секирем деп аракет кылып жатып, секире албайм деп корккондуктан, бетон жерге түшкөнүн көрөбүз.
Тасмада илимий фантастикалык элементтер бар болуу менен бирге, тасмадагы ишараттардын терең мааниси бар. Мисалы, заттын жана мейкиндиктин элес экенин түшүнгөн бир адам башка адамдар билбеген абдан маанилүү дагы бир сырды түшүнөт: дүйнөдөгү учурдагы себеп-натыйжа байланыштары заттын физикалык өзгөчөлүктөрү натыйжасында же адамдар арасындагы байланыштардын натыйжасында пайда болуп жаткан жок. Зат бир элес болгондуктан, физикалык таасири болушу мүмкүн эмес. Ар бир физикалык таасир өз-өзүнчө жаратылат. Мисалы, ыргытылган бир таш терезени сындырбайт; таштын ыргытылышы менен терезенин сынуу сүрөттөлүштөрү өз-өзүнчө жаратылат. Кемелерди сууда сүздүргөн «суунун көтөрүү күчү» же канаттууларды асманда кармаган «абанын көтөрүү күчү» да элестер катары жаратылышат. Ошондуктан негизи ушул сыяктуу «күчтөрдүн» баары чындыгында буларды жараткан Аллахка тиешелүү.
Тасмада да бул чындыктарды түшүнгөн башкы каарман компьютерге туташкан бир креслодо жатып, Матрица деп аталган виртуалдык дүйнөгө киргенде, физика мыйзамдарынан тышкары кыймылдарды жасай алганын көрөт. Мисалы, кадрларда көрүнүп тургандай, өзүн октордон кача ала турганчалык ылдам кыймылдай алаарын көрүүдө. Болгондо да баары ушунчалык чындыктай болгондуктан, актер көзүн креслодо ачканда, дагы эле таң калып жаткан болот. Бул дагы бир дүйнөнү адамдарга жашатуу үчүн сырттагы чыныгы (реалдуу) заттарга муктаждык жок экендигинин абдан маанилүү бир далили.
Заттын чыныгы жүзүн түшүндүргөн эмгектерибизде бул жөнүндө да айтканбыз жана физика эреже, мыйзамдарынын да мээде пайда болоорун мындайча түшүндүргөнбүз:
Аллах биз жашаган сүрөттөлүштөрдү бизге бир себеп-натыйжа байланышы ичинде, кээ бир мыйзамдарга көз-каранды сыяктуу көрсөтөт. Мисалы, түн менен күндүз – биздин мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштөр. Жана биз түн менен күндүздүн күнгө жана жердин кыймылдарына жараша алмашкан сыяктуу кабылдайбыз. Мисалы, мээбиздин ичиндеги сүрөттөлүштө күн төбөдө турганда, күн түш болду деп билебиз жана күн батып баратканда болсо айлананын караңгылап баратканына күбө болобуз. Аллах ааламга тиешелүү элестерди жаратканда, мындай себеп-натыйжа байланыштарын да бирге жараткан. Эч качан күн батканда, күндүз болбойт. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 199)
Мээбиздин ичиндеги элесте колубуздан койо берген калемибиз дайыма жерге түшүүдө. Буга себеп болгон себеп-натыйжа байланышынын изилдениши натыйжасында «жердин тартылуу күчү мыйзамын» табабыз. Аллах рухубузга көрсөткөн сүрөттөлүштөрдү белгилүү себептерге жана мыйзамдарга көз-каранды сыяктуу көрсөтүүдө. Бул себептердин жана мыйзамдардын жаратылышынын бир себеби – бул жашоонун сыноо үчүн жаратылган болушу. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 200)
Аллахтын бүт бул элестерди эч кандай мыйзамга жана себепке муктаж болбостон жаратууга күчү жетээрин унутпоо керек. Мисалы, Аллах бир урук болбостон, гүлдү жарата алат, булут болбостон жамгыр жаадыра алат же күн болбостон туруп көлөкөнү, түндү жана күндүздү жарата алат. Аллах Фуркан Сүрөсүнүн 45-45-аяттарында алгач көлөкөнү жараткандыгын, андан соң күндү ага далил кылганын билдирүүдө. Түштөрүбүз бул жаратууну жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Түшүбүздө күндүн заттык бир оригиналы болбостон туруп, күндөн келген нурду, ысыкты, жарыкты чыныгы жашоодогу сыяктуу сезебиз. Бул тараптан караганда, түштөр – Аллахтын күн болбостон туруп күнгө тиешелүү сезимдерди мээбизде жарата алышынын көрсөткүчтөрүнүн бири. Бирок Аллах Өзү жараткан сыноо чөйрөсүндө адамдар үчүн бүт нерсенин бир себебин да жараткан. Күндүздүн себеби – күн, жамгырдын себеби болсо – булут. Булардын баары мээбизде Аллах өз-өзүнчө жараткан сүрөттөлүштөр. Бир себептин натыйжадан мурун жаратылышы аркылуу Аллах бул сыноо чөйрөсүндө «бүт нерсе белгилүү мыйзамдар менен иштейт» деп ойлошубузга жана натыйжада илимий изилдөөлөр жасашыбызга шарт түзүүдө.(Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат),s. 202-203)
Аллах жараткан сүрөттөлүштөрүн белгилүү себептерден көз-каранды сыяктуу көрсөтөт. Мисалы, бир алма бутагынан үзүлгөндө, дайыма жерге түшөт, эч качан асманга көтөрүлүп кетпейт же абада туруп калбайт. Аллах жараткан бул себептердин жана мыйзамдардын изилдениши болсо илимдин темаларын түзөт... (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат),s. 201)
Аллах себеп болбостон да натыйжаны жаратууга кудуреттүү. Мисалы, бир адамдын түшүндө күн жок болсо да, күндүн нурлары менен жылынганын сезиши – мунун бир далили. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат),s. 202)