Денебиздеги кант фабрикасы
ucgen

Денебиздеги кант фабрикасы

1682

Эгер муктаждыгыңыздан көбүрөөк канттуу тамак жесеңиз, денеңиздеги бир система кандагы канттын жогорулап кетишине бөгөт болуу үчүн ишке киришет.

1

1. Эң алгач уйку безинин клеткалары кан суюктугунун ичиндеги миллиондогон молекуланын арасынан кант молекулаларын таап, башкалардан айырмалайт. Ал тургай, кант молекулаларын эсептеп чыккан сымал алардын санынын аз же көп экенин түшүнөт. Көзү, мээси, колдору жок, көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалардын бир суюктуктун ичиндеги кант молекулаларынын санын билиши таң калтырбай койбойт.

2. Эгер уйку безинин клеткалары кандагы канттын көлөмүн муктаждыктан ашыкча деп тапса, ашыкча кантты сактап коюуну чечет. Бирок, ал жумушту өздөрү жасашпайт, алардан абдан алыста жайгашкан башка клеткаларга жасатышат.

3. Алыстагы ал клеткалар бир буйрук келмейинче, кантты сактап коюуну каалашпайт. Уйку безинин клеткалары ал клеткаларга «кантты топтоп баштагыла» деген буйрукту билдирүүчү бир гормон жиберишет. «Инсулин» деп аталган бул гормондун формуласы уйку безинин клеткалары эң биринчи пайда болгондон бери ДНКларына жазылып келүүдө.

4. Уйку безинин клеткаларындагы атайын «ферменттер» (жумушчу белоктор) бул формуланы окушат. Ал формулага карап инсулин өндүрүшөт. Бул өндүрүштө жүздөгөн фермент иштеп, ар бири ар кандай кызматтарды аткарышат.

5. Өндүрүлгөн инсулин гормону эң коопсуз жана эң ыкчам транспорт тармагы болуп эсептелген кан аркылуу көздөгөн клеткаларга жеткирилет.

6. Инсулин гормонунда жазылган «кантты топтоп койгула» деген буйрукту окуган клеткалар бул буйрукка толук моюн сунушат. Кант молекулаларын клеткалардын ичине киргизе турган эшиктер ачылат.

7. Бирок, ал эшиктер туш келди ачылбайт. Кампа клеткалар кандагы жүздөгөн түрдүү молекуланын арасынан кант молекулаларын гана айырмалап, кармап, өздөрүнүн ичине камап коюшат.

8. Клеткалар келген буйрукка эч качан моюн сунбай койбойт. Ал буйрукту туура эмес түшүнүп, туура эмес заттарды кармап же өтө ашыкча кант топтоп салышпайт. Өтө кунт коюп, абдан тартиптүү иштешет.

Ошентип сиз ашыкча канттуу бир чай ичкениңизде бул кереметтүү система ишке кирип, ашыкча кантты денеңизге топтойт. Эгер бул система иштебегенде каныңыздагы канттын көлөмү тездик менен көтөрүлмөк жана комага кирип, каза болмоксуз. Бул ушунчалык кемчиликсиз бир система болгондуктан, керек учурда тескерисинен да иштей алат. Эгер кандагы кант нормадан төмөндөп кетсе, анда уйку безинин клеткалары такыр башка бир гормон, б.а. «глюкагон» бөлүп чыгарышат. Глюкагон мурда кантты топтоп койгон клеткаларга эми «канга кантты коё бергиле» деп буйрук берет. Бул буйрукка да моюн сунган клеткалар топтоп койгон кантты кайра коё беришет.

Мээси, нерв системасы, көзү жана кулагы жок клеткалар кантип мынчалык татаал эсептерди чыгарып, ушунчалык татаал иштерди жасай алышат?

Белоктор менен май молекулаларынан турган бул аң-сезимсиз нерселер кантип адамдардын да колунан келбеген иштерди жасай алышат? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул терең акылдын булагы эмне?

Албетте, бул процесстер бизге бүт ааламды жана бүт жандыктарды башкарган Аллахтын бар экенин жана кудуретин көрсөтүүдө.

Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:300304

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo