Белок өндүрүшүнүн кантип башталаарын, кайсы процесстерден тураарын карадык. Бирок өндүрүш жасоо үчүн эң керектүү нерсенин чийки зат экени баарыбызга белгилүү. Ал чийки заттар өндүрүш процессине кошула алышы үчүн белгилүү процесстерден өтүп, тазаланып, колдонууга ыңгайлуу абалга алып келиниши керек. Мисалы, пластмасса сыяктуу көп продукттар мунайзаттан алынганы менен, өндүрүш этабына келгенге чейин тазаланып, химия лабораторияларында көптөгөн ара процесстерден өткөн соң өндүрүшкө даяр чийки затка айланат.
Ушул эле технологиянын мындан да татаалы клеткада колдонулат.
Клеткадагы лаборатория
Клеткага кирген азыктар өтө масштабдуу химиялык процесстер натыйжасында майдаланып, жаңы өндүрүштөр үчүн чийки затка айландырылат. Натыйжада эми аларды ар кайсы тармакта колдонууга болот. Ал чийки заттар синтезделе турган белокторду түзө турган аминокислоталарды эле эмес, клетка ар кандай иштеринде колдоно турган химиялык заттарды да камтыйт.
Ичинде бул процесстер жасалган «лизосома» аттуу органелл өтө жогорку технологиялуу бир химия лабораториясын эске салат. Лизосомада болжол менен 36 түрдүү фермент ар кандай азык заттарды сиңирүү үчүн кызмат кылат. Мисалы, белок сиңирүү үчүн 5, нуклеиндик кислоталар үчүн 4, полисахариддер үчүн 15, липиддер үчүн 6, органикалык сульфаттар үчүн 2, органикалык фосфаттар үчүн 4 түрдүү фермент ишке киришет. Бир эле ферменттин химиялык түзүлүшү, физикалык өзгөчөлүктөрү, кылган татаал иштери менен укмуш ылдам кыймылдашы эске алынганда, 36 түрдүү ферменттин болжол менен 1 микрондук (миллиметрдин миңден бири) бир органеллде кызмат кылышынын канчалык чоң бир керемет экени жакшыраак көрүнөт. Мынчалык күчтүү майдалоочулар ушунчалык гармонияда, клеткага да, бир-бирлерине да эч зыян тийгизбестен иштешет.
Клетканын ичиндеги транспорт системасы
Клетканын ичинде өндүрүлгөн продукттар жана ал продукттардын чийки заттары болсо «эндоплазмалык ретикулум (тармак)» деп аталган каналдар аркылуу ташылат. Белок өндүргөн рибосомалар да көбүнчө ушул транспорттук линиянын жакын жерлерине жайгаштырылган. Заводдордун атайын автожол, темир жолу жана деңиз жолуна жакын жерлерге курулушу сыяктуу.
Клетканын пакеттөө системасы
Клетканын ичиндеги ар бир майда-бараттын улуу бир акыл менен, өтө аяр жаратылганы ачык көрүнүп турат. Мунун дагы бир мисалын клетканын ичиндеги «пакеттөө системасын» караганыбызда көрө алабыз.
Заманбап соода жана өнөр-жайда өндүрүлгөн бир товар үчүн эң негизги маселелердин бири – бул пакеттөө, экинчиси болсо керектөөчүгө жеткирүү. Өзгөчө тамак-аш өнөр-жайында продукттун бузулбастан, көп убакытка чейин чыдай турган кылып пакеттелиши шарт. Учурдагы технология бул маселелерге акыркы бир канча он жылда гана чечүү жолун таба алды. Ал эми клеткаларда болсо жогорку технологиялуу бир пакеттөө, ташуу жана кампалоо (сактап коюу) системасы адамзат жаратылгандан баштап миңдеген жылдан бери, миллиарддаган адамдын ар биринин триллиондогон клеткасында дайыма иштеп келатат.
Бул пакеттөө ишин Гольджи аппараты деп аталган бир клетка органелли жасайт. Чыгарылган заттарды чогултуп, кичинекей вакуольдор абалында пакеттейт. Пакеттелген ал заттар муктаждыкка жараша же сакталат же болбосо сыртка чыгарылат.