Арапча бир текстти толук түшүнүү үчүн, б.а. туура котормо жасоо үчүн көңүл буруу керек болгон кээ бир жагдайлар бар:
1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
Аялдардын кийими жөнүндөгү критерийлерди толук белгилөө үчүн «жамынчы» сөзүнүн арап тилинде кандай колдонулаарына да көңүл буруу керек.
Жалпысынан арап тилинде «жамынчы» сөзү «жабыла турган» нерсе менен чогуу колдонулат. Мисалы, «жабуу» сөзүнүн жанына «стол» сөзү келгенде «столго жапкыч» болуп калат, ошол сыяктуу «жабуу» («хымар») сөзүнүн жанына «баш» («реъс») сөзүнүн келиши менен «хымарү-реъс», б.а. «башка салынчу жоолук» сөзү келип чыгат. Эгер Куранда аялдардын баштарын жабышы буйрулганда, колдонула турган сөздөрдүн бири ушул, б.а. «хымарү-реъс» болмок.
Куранда даарат алуу жөнүндөгү Маида Сүрөсүнүн 6-аятында баштын масх кылынышында «баш» сөзүнө «реъс» менен басым жасалган.
Эй ыймандуулар, намазга турганыңарда жүздөрүңөрдү жана чыканакка чейин колдоруңарды жуугула, баштарыңарды масх кылгыла жана эки томукка чейин буттарыңарды да. (Маида Сүрөсү, 6)
Арапча окулушу: Йа аййуха аллазийна амануу иза кумтум ила ассалати фа игсилуу вужухекум ва айдийакум ила альмарафики ва имсахуу би руусикум.
Апачык көрүнүп тургандай, эгер Аллах аялдарга башыңарга жоолук салынгыла деп буйрук бергенде, бул буйрук Куранда ачык жана так билдирилмек. Бирок аялдардын кийимдери жөнүндөгү аяттарды караганыбызда баш жөнүндө мындай басым жасалбаганын көрөбүз.
2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
Куранда бир жагдайды иликтөөдө ал сөздүн аяттагы башка сөздөр менен кантип колдонулганын жана башка аяттарда ал сөздүн кандай мааниде колдонулганын да кароо керек.
Нур Сүрөсүнүн 31-аятындагы «хымар» («жамынчы») сөзүнүн жанында колдонулган жана анын маанисин тактаган сөз «жуйуб» сөзү; бул сөз жогоруда каралгандай, бүт башка аяттарда да «көкүрөк» аймагы деген мааниде колдонулган. Ошондуктан көкүрөктү жабыш керек экени айтылган.
3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
Арап тили башка көптөгөн тилдерге салыштырмалуу сөзгө бай, ичиндеги маанилери жагынан өтө кенен бир тил. Өтө аз сөз менен өтө көп нерсени айтууга болот жана бир сөз көп түрдүү колдонулуп, бир сөздүн бир канча мааниси болушу мүмкүн. Ошондуктан аяттагы маани апачык болуп турса да, көп тафсирлерде кашаанын ичинде түшүндүрмөлөр, кошумчалар жасалып, котормочунун жеке чечмелөөлөрүнө жараша багыт берилүүдө.
Бул жерде эскерте кетели, Куран котормолорун жасаган кишилердин кээ бирлери салттык Ислам түшүнүгүндөгү кишилерден тургандыктан же көбүнчө ошондой кишилердин котормолору негиз алынгандыктан, аят котормолорундагы жеке чечмелөөлөр да көбүнчө салттык кабыл алынган хадистерге таянып жасалууда. Кашаалар же чечмелөөлөр аркылуу котормочулар –билип же билбей- аяттын маанисин ал темадагы хадистердин маанисине ылайык өзгөртүшүүдө.
Нур Сүрөсүнүн 31-аятын Куран маанилеринин котормолорунан караганыбызда, аяттын эч бир жеринде «жоолук» сөзү кездешпесе да, тафсирчилер тарабынан кашаанын ичинде же түздөн-түз тексттин өзүндө «жоолук» деген сөздүн колдонулганын көрөбүз. Аятта «баш», б.а. «реъс» деген сөз эч болбогонуна жана «жамынчы» сөзү «көкүрөк» деген сөз менен чогуу колдонулганына, б.а. жабуу керек болгон жер –көкүрөк- апачык белгиленгенине карабастан, «кандайдыр бир жамынчы» маанисине келген «хымар» сөзү жанында «баш» деген сөз тургандай, «баш жоолугу» деп которулууда. Ошондуктан аяттагы өкүм өзгөртүлүп, өзгөртүлгөн өкүм жайылтылып салтка айландырылууда жана мындан аялдар башын жабышы керек деген бир жыйынтык чыгарылууда.
Чындыгында болсо, тафсирчилер тарабынан кийин кошулган бул чечмелөө алып салынганда, аяттын апачык көкүрөк аймагын жабууга ишарат кылганы көрүнөт. Аятты түз окуган ар бир адам ушул маанини гана түшүнөт.
http://www.topnews.kg/news/view/kuranda-zhooluk-zhana-hidzhab-zhnnd