Жыйынтык: Эскертүү Аллахтан Корккондорго Гана Жардам Берет

Сен кеңеш берип, эскерт; себеби чынында кеңеш менен эскертүү ыймандууларга жардам берет. (Зарият Сүрөсү, 55)

Аллах бул дүйнө жашоосунда адамдарга сабак алууга жете турганчалык мөөнөт берет жана бул мөөнөт ичинде аларга ар түрдүү жолдор менен эскертүүлөрдү жасайт. Өзгөчө адам күн сайын жолуккан көп окуялар бул эскертүүлөрдүн арасына кирет. Мисалы, күн сайын көптөгөн өлүм окуясынын болуп турушу, булардан кабардар болушубуз, ал тургай күбө болушубуз Аллахтан келген бир эскертүү. Аллах бул окуялар аркылуу бизге да өлүмгө дайыма жолугушубуз мүмкүн экенин эскертет. Ошол сыяктуу бул дүйнөдө адамдар ээ болгон тышкы көрүнүш өзгөчөлүктөрү да Раббибиздин бир эскертүүсү. Адам өз кемчиликтерин күн сайын көрүп турат жана буларды көрмөксөн болушу эч мүмкүн эмес. Мурдараак да айтылгандай, Аллах мындай кемчиликтерди бул дүйнөдө берүү менен бул жердеги жашоонун жабышып, байлана турган эч бир тарабы жок экенин тынымсыз эскертет. Аллахтан адамдарга эскертүү катары келген дагы бир окуя – бул колундагы немат-жакшылыктардын жоголушу жана кырсык-балээлер. Бир адам абдан сулуу же абдан бай болушу мүмкүн. Бирок Аллах кааласа, кандайдыр бир окуяны себеп кылып, бул сулуулукту да, мал-мүлктү да ал адамдын колунан алып коюшу мүмкүн. Мунун мисалдарын айланабызда көп кезиктиребиз.

Мына ушулардын баарынын Аллахтын пенделерине бир ырайым катары кылган эскертүүлөрү экенин, буларды ойлонуп Аллах бизди чакырган туура жолдо алдыга жылышыбыз керек экенин эч унутпаңыз. Бирок Куранда да билдирилгендей, бул эскертүүлөр ыймандууларга пайда берсе, Аллахка карата бой көтөргөндөргө абдан оор келет:

Демек, эгер кеңеш жана эскертүү бир пайда берсе, кеңеш берип эскерт. Аллахтан ичи титиреп корккон сабак алып, ойлонот. Бактысыз болсо андан качат. (Аъла Сүрөсү, 9-11)

Дагы унутпаңыз; Куранды Аллах адамга бир жол башчы жана өз башынча бир сабак жана эскертүү катары түшүргөн. Аллах бул чындыкты бир аятында мындайча билдирүүдө:

Ант болсун, Биз бул Куранда ар кандай түшүндүрмөлөрдү жасадык, сабак алып ойлонушсун деп. Чынында болсо бул алардын көбүрөөк качышын гана артырууда. (Исра Сүрөсү, 41)

Куранда адамдарга көптөгөн эскертүү келгени жөнүндө көптөгөн аяттар бар. Ким бул эскертүүлөргө көз жумуп, жүз бурса, ал адам азапка татыктуу болгон болот. Куранда бул жөнүндөгү аяттар апачык:

(Аларга) эскертүү (жасалган), Биз зулумдук кылуучу эмеспиз. (Шуара Сүрөсү, 209)

Чынында болсо, ант болсун, оор азабыбыздан алар эскертилген эле. Бирок алар бул эскертүүлөрдү шектенүү менен кабыл алышып, жалганга чыгарууда өжөрлүк кылышты. (Камер Сүрөсү, 36)

Жасалган эскертүүлөрдүн баарынын Аллахтан келгенин унутпаңыз. Аллах пенделерине элчилери (пайгамбарлары) жана аларга жөнөткөн китептери аркылуу буйруктарын билдирип, ыраазы боло турган кыймыл-аракеттерди эске салган. Ыймандууларды болсо бири-бирин жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосууга, туура жолду эске салууга милдеттендирген. Демек ыймандуу адам үчүн ага жасалган ар бир эскертүү абдан баалуу. Куранда адамдарга бири-бирине дайыма жакшылыкты сунуш кылып, жамандыктан тосушу жана бири-бирине бул жөнүндө эскертүүлөр бериши буйрулган. Өзгөчө Аллах жөнөткөн элчилер айланасындагы адамдарды чоң азаптан коргоо үчүн дайыма эскертишкен:

Адамдар жалгыз бир үммөт эле. Аллах куш кабар берүүчүлөр жана эскертүүчүлөр катары пайгамбарларды жөнөттү жана аларга адамдар талашка түшкөн нерселер жөнүндө араларында өкүм берүү үчүн акыйкат китептерди түшүрдү. Чынында болсо, аларга апачык аяттар келген соң бири-бирине карата болгон адашуучулук жана кызганычтыктары себебинен пикир келишпестикке түшкөндөр ал (Китеп) берилгендер гана. Ушундайча Аллах ыйман келтиргендерди ал жөнүндө талашып калган чындыкка Өз уруксаты менен жеткирди. Аллах кимди кааласа ошону туура жолго салат. (Бакара Сүрөсү, 213)

Эй китеп берилгендер, пайгамбарлар келбей калган убакта: «Бизге куш кабар берүүчү да, бир эскертүүчү да келбеди» дешиңерге (мүмкүнчүлүк болбосун) деп силерге апачык баяндаган элчибиз (пайгамбарыбыз) келди. Ушундайча куш кабар берүүчү да, эскертүүчү да эми келди. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Маиде Сүрөсү, 19)

Ошондуктан Куранда элчилерге баш ийүүнүн маанисине көп жолу басым жасалган. Элчи динди жеткирген соң, б.а. Китепти жана динди апачык адамдарга түшүндүргөн соң эми адамдардын Аллахка айта турган эч бир шылтоолору калбайт:

Элчилер (пайгамбарлар) куш кабар берүүчүлөр жана эскертүүчүлөр катары (жөнөтүлдү). Элчилерден кийин адамдардын Аллахка карата (айта турган) далилдери болбосун. Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Ниса Сүрөсү, 165)

Мисалы, Нух Пайгамбардын динди баян кылышы, буга коомунун каршы турушу жана аягында кабылган коркунучтуу натыйжасы алардан кийин жашаган адамдарга сабак болушу үчүн Куранда абдан майда-баратына чейин баяндалган:

Шексиз, Биз Нухту «Коомуңду аларга оор бир азап келишинен мурун эскерт» деп өз коомуна (пайгамбар кылып) жөнөттүк. Ал айтты: «Эй коомум, чынында мен силерге (жөнөтүлгөн) апачык бир эскертүүчүмүн. Аллахка кулчулук (ибадат) кылгыла, Андан корккула жана мени ээрчигиле. (Аллах) Күнөөлөрүңөрдү кечириши жана силерди белгиленген бир ажалга чейин кечиктириши үчүн. Албетте, Аллахтын ажалы келгенде, ал кечиктирилбейт. Билсеңер кана.» Айтты: «Раббим, чынында коомумду түнү жана күндүзү чакырып-турдум. Бирок чакыруум (алардын) качышын гана көбөйттү. Чынында мен аларды кечиришиң үчүн ар бир чакырышымда алар манжаларын кулактарына тыгып алышты, кийимдерин баштарына жабышты жана текеберленгенден текеберленишти. Кийин аларды ачык ачык чакырдым. Анан (милдетимди) аларга апачык жарыяладым жана аларга жашыруун (акырын) жакындаганга аракет кылдым. «Мындан кийин» дедим. «Раббиңерден кечиришин сурагыла; себеби чынында Ал абдан кечиримдүү.» (Нух Сүрөсү, 1-10)

Айтышты: «Эй Нух, биз менен талаша бересиң, бул талашта (бир топ) алдыга да кеттиң. Эгер чын айтып жатсаң, бизге убада кылганыңды алып келчи (көрөлү).» Айтты: «Эгер кааласа, аны силерге Аллах алып келет жана силер (Аны) алсыз кыла албайсыңар.» «Эгер Аллах силерди адаштырууну каалаган болсо, мен силерге кеңеш бергим келсе да, кеңешимдин силерге пайдасы болбойт. Ал силердин Раббиңер жана Ага кайтарыласыңар.» Алар: «Муну өзү ойлоп тапты» деп жатышабы? Айткын: «Эгер аны мен ойлоп тапкан болсом, ал менин күнөөм. Бирок мен силер кылып жаткан күнөөлөрдөн алысмын.» Нухка вахий кылынды: «Чынында ыйман келтиргендерден башка эч ким ишенбейт. Демек алардын кылгандары үчүн кайгырба.» (Худ Сүрөсү, 32-36)

Аяттарда Аллах билдиргендей, Аз. Нухтун коому аларга келген бардык эскертүүлөргө кулактарын тосушуп, каршы турушкан жана аягында Аллахтан келген абдан чоң бир азапка кабылышкан.

Исраил урпактары да аларга эскертилген нерселерди моюндарына алышып, өздөрүн оңдошпогондуктан, жүрөктөрү ар түрдүү сезгичтиктен ажырап, капкатуу болуп калган:

Ант болсун, Аллах Исраил урпактарынан сөз (убада) алган эле. Алардан он эки ишенимдүү-көзөмөлчү жиберген элек. Жана Аллах аларга: «Чынында Мен силер менен биргемин. Эгер намазды кылып, зекетти берип, элчилериме ишенип, аларды жактап-колдосоңор жана Аллахка сонун бир карыз берсеңер, шексиз силердин жамандыктарыңарды жаап, силерди чындап астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизем. Мындан кийин силерден ким каапырдык кылса, чынында түптүз жолдон адашыптыр.» Келишимин бузгандары үчүн аларга наалат кылдык жана жүрөктөрүн капкатуу кылдык. Алар сөздөрдү турган ордунан алмаштырышат. (Бат бат) Аларга эскертилген нерседен (пайдаланып) үлүш алууну унутушту. Араларынан биразынан тышкары, алардан дайыма кыянаттык көрөсүң. Ошентсе да аларды кечир, өзүңдү карма. Шексиз Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт. (Маиде Сүрөсү, 12-13)

Куранда дагы көптөгөн аятта пайгамбарлар жана алардын жанындагы ыймандуулардын адамдарды Аллахтын жолуна багыттоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушуп, динди баяндашканы билдирилген. Аллах туура жолду көрсөтүүчү болгон Китебинде адамдарга сабак болушу үчүн мурдакы элдердин башына келгендерди баяндаган жана адамдардын мындан сабак алышын буйрук кылган:

Алардан мурда жашап өткөндөрдүн (баштарына келген) күндөрдүн окшошун күтүп жатышабы? Айткын: «Күтө тургула. Шексиз, мен да силер менен бирге күтүүдөмүн.» (Йунус Сүрөсү, 102)

Бардык эскертүүлөрдүн бир гана Аллахтан корккондорго таасир берээрин унутпаңыз. Дилинде Аллах коркуусу болбогондор бул эскертүүлөрдү ойлонушуп, өздөрүнө бир сабак чыгара алышпайт. Аллах каапырлардын мындай абалын бизге мындайча билдирген:

Шек жок, чындыктан баш тартуучуларды эскертсең да, эскертпесең да алар үчүн баары бир; ишенишпейт. Аллах алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөп койгон; көздөрүнүн үстүндө перделер бар. Жана чоң азап аларга болот. (Бакара Сүрөсү, 6-7)

Ага Раббибиздин аяттары кеңеш берип эскертилгенде, терс бурулган жана кылгандарын унуткандарды Аллах аятта «заалым» деп сүрөттөөдө. Ушундай кылганы үчүн Аллах алардын жүрөктөрүн эскертүүлөрдү аңдап-түшүнүүдөн тосуп, немат-жакшылыктарынан куру кол калтырган. Себеби алар канчалык хидаятка (туура жолго) чакырылышса да, түбөлүккө чейин эч хидаят таппай тургандар:

Ага Раббиңдин аяттары кеңеш менен эскертилгенде, жүз бурган жана колдорунун алдынан жөнөткөндөрүн (амалдарын) унуткандан да заалимирээк барбы? Биз чындыгында, жүрөктөрү үстүнө аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болгон бир парда (тарттык), кулактарына бир оордук койдук. Сен аларды туура жолго чакырсаң да, алар түбөлүккө чейин эч туура жолду (хидаят) таба алышпайт. (Кехф Сүрөсү, 57)

Бирок Аллах ошентсе да Куранда аларга балким тартынышаар деп ар кандай эскертүүлөрдү жасаган. Себеби алар жолуга турган азап алар болжогондон бир топ жогору болот. Бирок эскертүүлөрдү укпай өжөрдүк кылгандардын абалынын төмөнкү аятта билдирилгендей болоорун унутпаңыз:

Аларга эскертилгенди унутушканда болсо, Биз да жамандыктан кайтаргандарды куткардык. Зулумдук кылгандарды бузукулугу үчүн абдан оор бир азап менен кармадык. (Аьраф Сүрөсү, 165)

Куранды бизге парз кылган Аллах пенделерине эч бир кыйынчылык каалаган эмес, тескерисинче Ага моюн сунгандардын бул дүйнөдөгү жашоосун да жеңилдетип кооздогон, ошондой эле кыска мөөнөттөн соң бара турган чыныгы мекендеринин жаратылган эң сонун мекен болгон бейиш болоорун сүйүнчүлөгөн. Чексиз боорукер жана мээримдүү Аллах Ага дуба кылган пенделеринин унуткандарын жана жаңылгандарын кечирээрин да билдирген. Демек адамдын милдети – болгон күчү менен Аллахтан коркуп-тартынуу менен Ага жакшылап ибадат кылуу:

Азап силерге келип калаардан мурда Раббиңерге кайткыла жана Ага моюн сунгула. Кийин силерге жардам берилбейт. Раббиңерден силерге түшүрүлгөндүн эң сонунун ээрчигиле; силер эч күтпөй турганыңарда азап кокустан силерге келип калышынан мурун. Адам (күйүп жанып) мындай дей турган (күнү): «Аллах алдында (ибадатта) кылган кемчиликтерден улам кайгы болсун (мага), чынында мен (Аллахтын динин) шылдыңдагандардан элем.» (Зүмер Сүрөсү, 54-56)

Негизи адам эмне гана кылбасын; кааласа ага эскертилгендерди эсинде тутуп ибадат кылсын, кааласа бардык эскертүүлөрдү унутуп, бир тарапка таштасын, бул эч нерсени өзгөртпөйт. Бүт адамдар Раббибизге сурак бере турган күндө көздөй ылдам илгерилеп баратат. Эч унутпоочу жана жаңылбоочу Аллах бүт адамдарды алдына чогултуп, суракка алат:

...Жакында кайыпты жана күбө болунганды билүүчүгө кайтарыласыңар жана Ал силерге кылгандарыңарды билдирет. (Тообо Сүрөсү, 105)

Демек, сиз да алдыңыздан чыккан ар бир эскертүүнүн Аллахтан акыркы бир эскертүү, акыркы бир мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн экенин унутпаңыз. Эгер түбөлүк бир азапка жолуккуңуз келбесе, жалгыз кутулуу жолунун эртерээк тообо кылып, Аллахка кулчулук кылуу экенин эч акылыңыздан чыгарбаңыз.

Алар Аллахты унутуп, натыйжада Ал (Аллах) да аларга өз напсилерин унуттурган адамдар сыяктуу болбогула. Мына ошолор бузукунун (фасыктын) дал өзү. (Хашр Сүрөсү, 19)

«Силерге айткандарымды жакында эстейсиңер. Мен болсо ишимди Аллахка тапшырам. Шексиз, Аллах пенделерди абдан жакшы көрүп турат.» (Момун Сүрөсү, 44)

Мына бул китепте эскертилгендер ушундай бир чындыктар; Аллахка ыйман келтирген бир адамдын буларды унутуп унутпоо жөнүндө тандоосу жок. Себеби бул бир тарапта бейиш, экинчи тарапта болсо тозок менен натыйжаланчу түбөлүк жашоо турган бир тандоо болот. Ошондуктан Аллахтан корккон жана акыретке чындап ыйман келтирген адам түбөлүк жашоосун коркунучка салчу бүт нерседен күчү жетишинче качып, акыретине пайда бере турган бардык кеңеш жана эскертүүлөргө да абдан ачык болот. Бул темада бой көтөрүү, текеберленүү каапырларга тиешелүү бир мамиле. Ыймандуу адам ага жеткен ар бир эскертүүнүн аны оттон коргоо үчүн жасалганын ойлоп, толук бир баш ийүү менен жооп берет.

Бул багытта адам өзүн Куранда айтылган Аьраф дөбөсүндө ойлоп, кыймыл-аракет жасашы ыкластуулугу жагынан жакшы бир көрсөткүч болот. Аллах аяттарында билдиргендей, Аьраф – бул бейиш менен тозок көрүнгөн, бирок адам өзүнүн каякка бараарынын өкүмүн билбестен күткөн бир жер. Бул жөнүндөгү аяттарда мындай буюрулууда:

Эки тарап арасында бир тосмо жана Аьраф үстүндө баарын жүздөрүнөн тааныган адамдар бар. Бейишке кире тургандарга: «Салам силерге» дешет, алар али кирбеген бирок (кирүүнү) абдан каалап үмүт кылгандар. Көздөрү тозок калкы тарапка бурулганда болсо: «Раббибиз бизди заалымдар коому менен бирге кылба» дешет. (Аьраф Сүрөсү, 46-47)

Аьраф дөбөсүндөгү сыяктуу бейиш менен тозоктун арасында бир жерде калганыңызды элестетиңиз: жаныңызда турган жана ошол замат киришиңиз мүмкүн болгон бейиш жашооңузду коркунучка сала турган, ал тургай, сизди жанындагы тозокко түртө турган бир нерсени унутушуңуз мүмкүн болобу? Же сиз унутканыңызда бирөө тарабынан сизге эскертилсе, бул намысыңызга оор тийеби? Албетте, жок. Тескерисинче, сизге эскертүү жасаган адамга өзүңүздү карыздар сезесиз.

Ошондой эле ыкластуулук критерийи сурак күнүндө ар бир адамдын амалдары тартылган абдан так таразаларга да тиешелүү. Адам ошол учурда атомчолук кылган жакшылыкка муктаж жана атомчолук кылган жамандыгынан да алыс болууну каалайт. Себеби тараза абдан так жана балким бир тарап экинчи тараптан атомчолук оордук менен айырмаланышы да мүмкүн.

Мына бул дүйнөдө жасалган жакшылыкка буюруу, жамандыктан тосуу, Аллахка чакыруу жана сурак күнүнөн адамдарды эскертүү сыяктуу эскертүүлөр унутчаактыкка жакын жаратылган адамга жасала турган эң чоң жакшылык болот. Аьраф дөбөсү жөнүндөгү аяттардын уландысында тозок тарабына өтүшүнө өкүм кылынган адамдардын мындай абалга түшүшүнүн себеби мындайча баяндалат:

Алар көңүл ачуу жана оюнду дин кылып алышкан болчу жана дүйнө жашоосу аларды азгырган эле. Алар бул күнкү жолугушууну унуткан жана Биздин аяттарыбызды «жокко чыгарып танган» сыяктуу, Биз да бүгүн аларды унутабыз. (Аьраф Сүрөсү, 51)

Мындай бир чындык бар: адам жообун ошол замат алаарын билген нерселерде абдан кылдат болот. Мисалы, айтылган бир ишти унутпастан жасаса, ошол күндүн аягында ага көп акча берилээри айтылса, канчалык кылдат жана каалоо менен аракет кылаары белгилүү. Ошол сыяктуу ал ишти унутуп, жасабай койсо, күчтүү бир жаза алаарын билсе, абдан көңүл коюп, өтө кылдат болот. Демек адамдын бир нерсени унутуп-унутпашында эң таасирдүү жагдайлардын бири – бул адамдын оң же терс бир жооп алаарын анык билиши жана мунун жакын экенин сезип турушу.

Ыймандуулар бул дүйнө жашоосунда капылеттикке каршы көңүл коюулары, алардын күчтүү каалоосу бир гана акыретке, бейиштин жана тозоктун бар экенине анык илим менен ыйман келтиришинен келип чыгат. Ошол үчүн ыймандуулар бүт өмүрлөрүн ушул чындыкка ылайык жашашат жана Куранда айтылгандай «өткөн жашоодо (дүйнөдө) жасаган иштери үчүн» (Хакка Сүрөсү, 24) бейишке киришет.

Демек, сиз дагы Аьраф дөбөсүндөгү адамдардын коркуп, күтүп турганын эсиңизден чыгарбаңыз. Сүрөттөлгөн бул чөйрөнүн азыр сиз жашап жаткан чөйрөдөн аныгыраак бир чындык экенин жана сизге жасалган бардык эскертүүлөрдүн сизди кутулууга чакырганын, бейиш жашоосуна тартууга аракет кылганын эч унутпаңыз.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР