Бул Жашоонун Убактылуу Сыноо Экендигин Унутпаңыз

Бул дүйнө жашоосу –бир ойун жана «өзүнө тартуучу бир алаксуу» гана. Чындыгында, акырет мекени болсо – чыныгы жашоо ошол. Билишсе кана. (Анкебут Сүрөсү, 64)

Бул дүйнөдөгү бүт нерсенин бир максат менен жаратылганын унутпаңыз. Айланаңызда сиз көргөн бүт нерсенин бир жаралуу себеби бар экендиги анык бир чындык. Бүт нерсе сыяктуу сиздин жана сиз менен бирге бүт адамдардын да жер бетинде жаралышынын бир максаты бар:

Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсынардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал бийик жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)

Жогорудагы аяттан да көрүнүп тургандай, Аллах адамдарды сыноо үчүн жашоону жараткан жана адамдарды бул дүйнөгө убактылуу койгон. Бул жерде башыбызга келген окуялар менен бизди сынап жатат; каапырлардын аныкталышы, ыймандуулардын жамандыктардан тазаланышы жана бейиш ахлагына жетиши үчүн алардын жашоосун улантууда. Б.а. бул дүйнө - бир гана Аллахтын ыраазычылыгына жете алышыбыз үчүн бир сыноо, бир тарбия мекени.

Аллах адамдарга андан чыкпашы керек болгон чектерди, ыраазы боло турган кыймыл-аракеттерди жана Аны ыраазы кылбай турган бүт нерсени апачык билдирген. Ушуга жараша адам бул дүйнөдө кылган мамилесине карап түбөлүк жашоосунда жаза көрөт же бакытка жетет. Демек бул жашоодогу ар бир секундабыз бизди бейишке же тозокко жакындатууда. Андай болсо, сиз да азыр сыналып жатканыңызды, бул сыноонун натыйжасынын түбөлүк жашооңузду аныктаарын жана бул натыйжанын абдан жакын экенин эч унутпаңыз. Аллах бул чындыкты пенделерине көптөгөн аяттарында эске салып, ал күн жөнүндө мындайча эскертет:

Эй ыйман келтиргендер, Аллахтан корккула. Ар бир адам эртең үчүн эмне даярдаганын карасын. Аллахтан корккула. Эч шексиз, Аллах кылгандарыңардан кабардар. (Хашр Сүрөсү, 18)

Аллах бул дүйнөнүн убактылуу жана алдамчы кооздуктарына ач көздүк менен жабышуудан адамдарды тосот. Себеби адамдын мал-мүлкү да, сулуулугу да, кызматы да, кыскача айтканда, бул дүйнөдө ал ээ болгон эч нерсеси, буларды Аллах ыраазычылыгы үчүн колдонбосо, ага акыретте пайда бере албайт. Адамдын денеси да кошо колундагы бүт нерсесин бул дүйнөгө калтырып, акыретке кетет. Жерге көмүлгөн денеси чирип жок болот, бул дүйнөдө ач көздүк менен ээ чыккан мал-мүлкү убакыттын өтүшү менен кыйрап жок болот. Бирок өзү жападан жалгыз, башка бардык адамдар сыяктуу, суракка алынуу үчүн Раббибиздин алдына барат. Бирок мындай апачык чындыкка карабастан, адамдардын көпчүлүгү күнүмдүк иштерге берилип, өлүмдү, акыретти унутушат; «бүт өмүрүбүз бул дүйнөдөгү жашообуз гана» деп ойлошот. Куранда адамдардын мындай психологиясы төмөнкүчө баяндалган:

Айтышты: «(Баары) Бул дүйнө жашообуз менен бүтөт, өлөбүз жана тирилебиз; бизди «эч токтобогон убакыт» (агымы) гана кыйратууда.» Чынында болсо алардын бул жөнүндө эч кандай маалыматы жок; күмөн гана кылышууда.» (Жасия Сүрөсү, 24)

Чынында болсо адамдар унуткан абдан маанилүү бир чындык бар; бул дүйнө жашоосу абдан кыска. Азыр 30 жашында болгон бир адамды элестетели. Андан 30 жыл кандай өттү деп сурасаңыз, «ушунчалык бат өттү, түшүнбөй калдым» деп айтат болушу керек. Башыңдан өткөндөрдү айтып берчи десеңиз, эң көп бир канча саат ичинде өткөргөн 30 жылдык өмүрүн айтып берет. Жана бул адамдын алдында дагы эң көп 30 жылдай өмүрү бар. Алдындагы убакыт да өтмүшүндөгү убакыттай бат өтүп кетет. Аллах бул дүйнөдө өмүр сүрүлгөн бул мөөнөттүн кыскалыгына көптөгөн аятта көңүл буруп, адамдардын акыретте муну апачык мойнуна алышаарын билдирген. Бул аяттардын кээ бирлери мындай:

Күндүздүн бир саатынан башка эч өмүр сүрбөгөн сыяктуу (абалда) аларды бир жерге топтой турган күнүбүз... (Йунус Сүрөсү, 45)

Кыямат күнү болгондо кылмышкер-күнөөкөрлөр жалгыз бир сааттан башка (бул дүйнөдө) өмүр сүрбөгөнүнө ант ичишет. Мына алар ушундай бурулушчу. (Рум Сүрөсү, 55)

Аллах адамдар бул дүйнөгө ач көздүк менен жабышпашы үчүн жер бетинде сулуулуктар менен бирге көптөгөн кемчилик, жаман нерселерди да жараткан жана бул дүйнөнүн убактылуу экенин кайра кайра көрсөтүүдө. Бирок бул терең ойлоно турган нерселердин бири. Мындай бир ойлоп көрүңүз; эң маани берген, эң сонун деген нерселериңиз кыска убакыт ичинде эскирүүдө, сүйгөндөрүңүз бир-бирден өлүшүүдө, айланаңыздагы эң сулуу адамдар улгайышууда, оорулар биринин артынан экинчиси келүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин башыңыздан өткөргөн эң бактылуу көз ирмемдериңиз да, келишин сабырсыздык менен күткөн учурлар да, абдан кыйналган учурларыңыз да баары өттү, тарыхка аралашты. Мына мындан кийин да ушундай болот жана сиз ушул көз ирмемдер ичинде дайыма сыналасыз. Бул сыноо өлүм келип, сизге жолукканга чейин уланат... Кийин болсо жер бетинде тарых бою жашап өткөн бүт адамдар сыяктуу кылгандарыңыздын сыйлык же жазасын кемчиликсиз алып, ошого жараша түбөлүк жашооңуз башталат.

Адам болсо эч бир сулуулуктун, эч бир бактылуу көз ирмеминин убактылуу болушун каалабайт. Бирок абдан бат өткөн бул дүйнөдө канчалык аракет кылбасын, бул эч мүмкүн эмес. Андай болсо бул каалоолоруна кантип жетет? Бейиш – бул адам бардык ушундай каалоолоруна болжогондон да ашыкчасы менен жолуга турган жалгыз мекен.

Сиз да ичиңиздеги бардык мындай каалоолорду жашай ала турган мекениңиздин бул дүйнө эмес экенин; эгер чындап түбөлүк немат-жакшылыктарды каалап жатсаңыз, анда бул дүйнө жашоосунун артынан чуркабашыңыз, тескерисинче акырет үчүн даярдык көрүшүңүз керек экенин унутпаңыз.

Бул чындыктардан капылет калган баш тартуучулар (каапырлар) болсо «өмүр өлүм менен бүтөт» деген туура эмес ишенимдери себебинен максат кылган бүт нерсесин бул дүйнөдөгү кыска убакыт ичине батырууга аракет кылышат. Бүт сулуулуктарга жана жыргалдарга бул дүйнөдө жетүүгө аракеттенишет. Өлгөндө бүт нерседен ажырайм деп тынчсызданышып, бул дүйнөдөн мүмкүн болушунча пайдаланууга аракет кылышат. Чынында болсо бул – бошко сарпталган бир аракет, бул дүйнө абдан кемчиликтүү. Бүт нерсенин сулуураагы жана эч түгөнбөгөнү акыретте; бирок бул немат-жакшылыктар бир гана Аллахка кулчулук кылган ыкластуу ыймандуулар үчүн. Каапырлар ала турган нематтар болсо бул дүйнөдөгү гана. Бул адамдардын акыретте отко ташталаарын Аллах мындайча билдирет:

Каапырлар отко сунула турган күнү (аларга мындай деп айтылат:) «Силер дүйнө жашооңордо бүт «кооздук жана ырахаттарыңарды түгөтүп-бүттүңөр, алар менен жашап ырахат сүрдүңөр. Жер бетинде акыйкатсыздык менен текеберленгениңер жана фасыктык (бузукулук) кылганыңар үчүн бүгүн басынтуучу бир азап менен жазаландырыласыңар.» (Ахкаф Сүрөсү, 20)

Байкалгандай, бул дүйнөдөгү эч бир иш тозоктон кутулуу үчүн жасала турган иштерден маанилүү боло албайт. Бир студент окуусун бүтүрө алуу, дагы бирөө акча таап, байлык чогултуу, бирөө болсо жакшы бир кызмат ордуна жете алуу үчүн болгон аракетин жумшайт. Бирок эч унутпаш керек; адам окуусун бүтүрө турган күнүн көрбөй калышы мүмкүн же тапкан акчасын сарптаганчалык жашай албашы мүмкүн. Бирок башына сөзсүз келе турган бир чындык бар, бул – дин күнү Аллахка сурак берээри.

Бизге жолугууну үмүт кылбагандар (күтпөгөндөр), дүйнө жашоосуна ыраазы болгондор жана аны менен канааттангандар жана Биздин аяттарыбыздан кабарсыз болгондор; мына ошолордун чогулкандары үчүн жашай турган жерлери от. (Йунус Сүрөсү, 7-8)

Негизи Аллахтын адамдарды бат бат тообо кылышына, сабак алып-ойлонушуна себеп боло турган оору, кырсык, улгайуу сыяктуу окуяларга жолуктурушу ой жүгүрткөндөр үчүн бул дүйнөнүн кемчиликтүү жаратылганын жана жабыша турган бир мекен эмес экенин апачык көрсөтүүдө:

Көрүшкөн жокпу, чындыгында алар ар жылы бир же эки жолу балээге кабылышууда, кийин тообо кылышпайт жана сабак алып-ойлонушпайт. (Тообо Сүрөсү, 126)

«... Силер бул дүйнөнүн убактылуу пайдасын каалап жатасыңар. Аллах болсо (силерге) акыретти каалап жатат...» (Энфал Сүрөсү, 67) аятында да билдирилгендей, Аллах пенделери акыретте эң сонун даражага жетиши үчүн бул дүйнөнүн кемчиликтерге толо экенин дайыма эскертет.

Сиз да эскертүүлөргө маани бербей койбоңуз жана түбөлүк бактылуулук үчүн бул дүйнөдө Аллахты ыраазы кылышыңыз керек экенин унутпаңыз. Аллах аятында кыска дүйнө жашоосуна жабышкандардын түбөлүк жашоону жоготушаарын апачык билдирет:

Ким акырет эгинин кааласа, Биз анын эгинин көбөйтөбүз. Ким дүйнө эгинин кааласа, ага ошонон беребиз; бирок анын акыретте насиби жок. (Шура Сүрөсү, 20)

Аллах аяттарында адамдарга акырет нематтарынан каалоону кеңеш кылат. Себеби алар жакшыраак жана түбөлүктүүрөөк. (Таха Сүрөсү, 131)

Бирок, муну менен бирге, Аллахтын Андан акыретти каалаган ыкластуу ыйман ээлерин бул дүйнөдө да сонун өмүр сүрдүрөөрүн унутпаңыз. Ыймандуулар бул дүйнө нематтарынын да, акырет нематтарынын да эң сонунуна жетишет:

Сүйүнүчтүү кабар дүйнө жашоосунда жана акыретте ошолордуку... (Йунус Сүрөсү, 64)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР