Ар Бир Болуп Жаткан Окуянын Тагдыр Экендигин Унутпаңыз

Эч шексиз, Биз бүт нерсени бир тагдырга ылайык жараттык. (Камер Сүрөсү, 49)

Жогорудагы аятта билдирилгендей, бар болгон бүт нерсе чексиз акыл жана илим ээси Аллах аныктаган тагдырга баш ийет. «БОЛ» сөзү менен бүт нерсени бир заматта жараткан Аллах бир гана адамдардын эмес, бүт нерселердин, жандыктардын тагдырын аныктаган. Бул абсолюттук чындыкка ыйман келтиргендер Аллах чексиз акылы менен буйруп койгон тагдырга чын көңүлдөн моюн сунуп жашашат. Унутпаңыз, бүт нерсе Анын башкаруусунда, жана кааласа да, каалабаса да бүт нерсе Аллахка моюн сунган.

Бирок эл арасында өзгөчө тагдыр менен байланыштуу көптөгөн туура эмес түшүнүктөр бар. Сабатсыз көз-караштарынан улам бул жөнүндө бүт адамдар ойлонбостон сүйлөй беришет. Болгондо да мунун Аллах ыраазы болбой турган бир кыймыл-аракет экенин да унутуп коюшуп... Ырларда, ыр саптарында, күнүмдүк маектерде билип же билбей туруп тагдырга баш көтөрүү маанисине келген сөздөрдү колдонушат. Туура эмес логикадан келип чыккан «тагдырын жеңүү», «тагдырын өзгөртүү» сыяктуу бир катар туура эмес сөздөр да коомдо абдан кеңири тараган. Бул логикадагы адамдар кээ бир күтүү жана божомолдорун «тагдыр» деп аташып, булардын ишке ашпаганын көргөндө болсо, тагдыр аныкталганы боюнча болгон жок, өзгөрдү деп ойлошот. Мындай туура эмес логикалар тагдырдын маанисин толук түшүнбөөчүлүктөн келип чыгат.

Тагдыр – бул убакыт жана мейкиндик түшүнүктөрүн жоктон жараткан жана буларды толугу менен көзөмөлдөп жана башкарып турган, убакыт жана мейкиндиктен көз-карандысыз Аллахтын өтмүш жана келечектеги бүт окуяларды убакытсыздык өлчөмүндө билиши жана жаратышы. Жашалган жана жашала турган бардык окуялардын тизмеги көз ирмем сайын, бүт майда-бараттарына чейин Аллах Кабатында пландалып жаратылган.

Убакытты Аллахтын жаратканын, ошондуктан Раббибиздин убакытка көз-каранды эмес экенин, натыйжада «Ал жараткан окуяларын, жараткандары менен бирге карап, алардын натыйжасын күтөт» деген сыяктуу бир түшүнүктүн мүмкүн эмес экенин унутпаңыз.

Аллах Кабатында бүт нерсенин башы да, аягы да, түбөлүктүүлүн тизмегиндеги орду да белгилүү. Бүт нерсе болуп бүткөн. Ошондуктан, адамдардын тагдырды өзгөртүү күчү да, мүмкүнчүлүгү да жок. Тескерисинче, адамдарды аныктоочу жана таасирдүү бир бөлүк. Бүт нерсеси менен бирге тагдырдын бир бөлүгү болгон бир адам ал тагдырдан көз-карандысыз кыймыл-аракет жасай албайт. Тагдырын өзгөртө алгыдай тагдырдын сыртына чыга албайт. Бул бир видео тасмадагы актердун тасмадан сыртка чыгып, материалдык абалга келип, видеону башкарып, өзү турган тасмада өчүрүүлөрдү, кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү жасашына окшошот. Мындай нерсенин ишке ашышы болсо, албетте, мүмкүн эмес.

Ошондуктан, «тагдырды жеңүү», «тагдырдын агымын өзгөртүү» сыяктуу бир нерсе мүмкүн эмес. Бул сыяктуу сөздөр толугу менен туура эмес. «Мен тагдырымды өзгөрттүм» деген бир адамдын да чындыгында тагдырында жазылуу болгон бир сүйлөмдү айтканын эч унутпаңыз.

Мисалы, бир адам бир топ күн бою комада жатышы мүмкүн, кайра жашоого кайтышы эч мүмкүн эместей көрүнүшү мүмкүн. Бирок ал адамдын күтүлгөндүн тескерисинче оорудан айыгышы ал «тагдырын жеңди» же докторлор анын «тагдырын өзгөрттү» дегенди билдирбейт. Мындай кутулуу ал адамдын тагдырында ал үчүн аныкталган мөөнөттү али жашап бүтө элек экенин көрсөтөт. Бул да ошол эле тагдырдын бир бөлүгү гана. Бүт окуялар сыяктуу комадан чыгуу да Аллах Кабатында жазылып аныкталган:

... Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чындыгында бул Аллах үчүн оңой. (Фатыр Сүрөсү, 11)

Аллахтын уруксаты болмоюнча, эч бир напси үчүн өлүм жок. Ал мөөнөтү аныкталган бир жазуу... (Али Имран Сүрөсү, 145)

Албетте, биз убакыт жана мейкиндикке көз-каранды болгондуктан, бизди Жараткан жана бүт нерседен көз-карандысыз болгон Аллах жараткан тагдырды алдын-ала билишибиз да мүмкүн эмес. Биздин милдетибиз – бул Аллахтын убакыт жана мейкиндиктен толугу менен көз-карандысыз экенине ыйман келтирүү.

Дагы бир нерсени унутпаңыз; Аллах бүт окуяларды диндин кызыкчылыгына жана момундардын акыретине пайдалуу боло тургандай кылып пландаган. Демек ыйман келтирген бир адамдын окуяларга моюн сунбоочулук кылышы мүмкүн эмес. Бүт абалдын бир тагдыр менен жана Аллахтын буйругу менен жаратылганын унутуу же көрмөксөн болуу – бул адам өзүнө-өзү кылган эң чоң зулумдуктардын бири; себеби адам мындай унутуунун натыйжасында чоң азаптарга кирет. Мындан тышкары, адамдын бул чындыкты кабыл албашы боло турганды өзгөртпөйт. Кааласа ыйман келтирип баш ийсин, же баш ийбесин, баары бир бүт иш Аллах бүт адамдар үчүн бир-бирден аныктап койгон тагдырдын ичинде ишке ашууда. Аллах бул чындыкты төмөнкү аяты менен көрсөткөн:

Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде пайда болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Шек жок, бул – Аллах үчүн абдан жеңил. (Хадид Сүрөсү, 22)

Бул аяттан да көрүнүп тургандай, адам ишенсе да, ишенбесе да, анын башына келген бүт нерсени Аллах мурдатан толук аныктап койгон. Дүйнө жаралгандан бери жашаган бүт адамдардын төрөлүшү да, өлүмдөрү да кошо бүт иштер Раббибиздин буйругу менен, бираз мурда да эмес, бираз кийинчерээк да эмес, дал Аллах белгилеген убакытта ишке ашууда.

Силерди ылайдан жараткан, анан бир ажал белгилеген Ал (Аллах). Белгиленген ажал Анын Кабатында... (Энъам Сүрөсү, 2)

Жер жүзүндөгү жана адамдардын напсилеринде болгон ар бир абал Аллах кааламайынча өзгөрбөйт, демек дайыма Ага тобокел кылуу – Аллах пенделеринен каалаган жана адамдын табиятына туура келген мамиле болот. Аятта момундардын мындай дешээри кабар берилген:

Айткын: «Биз Аллах биз үчүн жазгандарынан башка, эч качан эч нерсеге кабылбайбыз. Ал – биздин Мевлабыз (Досубуз). Жана момундар (ыймандуулар) бир гана Аллахка тобокел кылышсын. (Тообо Сүрөсү, 51)

Аллах «Биз силерди жамандык менен да, жакшылык менен да текшерип, сынап жатабыз жана силер Бизге кайтарыласыңар.» (Анбия Сүрөсү, 35) аятында билдиргендей, момундарды ар кандай жолдор менен сынайт. Ошондуктан, момундар жакшы окуялар менен бирге кээде жамандай көрүнгөн окуяларга да кабылышы мүмкүн. Бирок унутпаңыз, бүт нерсе Аллахтын каалоосу менен жаратылгандыктан, ыймандуулар үчүн эң жакшы абалда натыйжаланат:

...(Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү, 216)

Аллахка ишенип, Анын туура жолунда жүргөндөр дайыма тагдырга моюн сунуунун бейпилдигин жана бакытын жашашат. Себеби тагдырга толук моюн сунган адам үчүн аны коркута турган же кайгырта турган эч нерсе жок. Аллах момун (ыймандуу) пенделерине бул дүйнөдө да, акыретте да эң сонун жашоону жашатат жана ыраазычылыгын көздөшсө, Өзү коргоого алат. Мындан тышкары, Аллах бир окуядагы жакшылыкты сөзсүз бул дүйнөдө көрсөтпөшү мүмкүн. Бирок дүйнөдө момун үчүн жамандык сыяктуу көрүнгөн бир окуя анын акыретте өйдөрөөк даражага жетишине да себепчи болушу мүмкүн. Мисалы, дарылоо кыйын болгон бир ооруга чалдыккан момун ызы-чуу салбайт; тескерисинче ооруну аны Аллахка жакындата турган бир мүмкүнчүлүк катары баалайт. Натыйжада унутпоо керек болгон эң маанилүү нерсе – бул Аллахтын бүт окуяларды ыкластуу пенделерин коргой турган жана аларды акыретте жакшылыкка жеткире турган кылып пландагандыгы.

Эч шексиз, менин велим (досум) Китепти түшүргөн Аллах жана Ал ыкластууларды коргойт (алардын Велиси). (Аьраф Сүрөсү, 196)

Башына келиши мүмкүн болгон ар бир окуяда хикмат (терең сыр) бар экенин унутпастан кыймыл-аракет кылганда, жасаган ар бир кадамында Аллахтын аларды коргоп турганын сезип турушат. Ошондуктан кандай жана каерде, кайсы жумушту жасап жаткан болбосун, Аллахтын бүт кылгандарын эң жакшы билээрин эч эсинен чыгарышпайт.

Негизи бүт нерсенин, мурдасы жана кийини менен бирге, Аллах Кабатында жазылуу экенин, Аллах жазгандан башка эч кимге эч нерсе келбешин, кантип, каерде жана кайсы жумушту кылып жатсак да, Аллахтын бардык кылып жаткандарыбызды абдан жакшы билээрин, чексиз акыл менен пландалган бир тагдырга моюн сунганыңызды эч унутпаңыз.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР