«Эй Адам балдары, Мен силерге ант берген эмес белем: «шайтанга кулчулук кылбагыла, себеби ал силер үчүн апачык бир душман; Мага кулчулук кылгыла, туура жол ушул» (деп). Ант болсун, ал силерден көптөгөн адам урпактарын адаштырган эле. Дагы эле акылыңарды колдонгон жок белеңер? (Йасин Сүрөсү, 60-62)
Сизди Аллахтан, Анын дининен жана Курандан алыс кылуудан башка максаты жок бир душманыңыз бар экенин эч унута көрбөңүз. Себеби ал сизди бир саамга да унутпайт; милдетин аткаруу үчүн дайыма мүмкүнчүлүк күтүп, жашынып отурат. Сизди сиз аны көрө албаган тараптан көрүп турат жана сизди тузакка түшүрүүнүн миң түрдүү жолун издөөдө. Эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул тымызындык. Ыкмалары, тактикалары, оюндары ар бир адамга карап өзгөрүп турган сыяктуу; убакыт, жер жана шарттарга жараша да өзгөрүшү мүмкүн. Мына ушул душман – бул Аллах Кабатынан куулган шайтан.
Шайтан көп адам ойлогондой, ойдон чыгарылган бир жандык эмес. Дүйнөдө сыноонун бир талабы катары бар болгон шайтандын кыймыл-аракеттеринен дайыма сак болуу керек. Себеби шайтан Аллахка баш көтөрүп, Анын пенделерин адаштырууга ант ичкен. Шайтандын мындай баш көтөрүшү Куранда төмөнкүчө баяндалган:
Ант болсун, Биз силерди жараттык, анан силерге келбет бердик, кийин периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дедик. Алар болсо иблистен башкасы сажда кылышты; ал сажда кылуучулардан болбоду. (Аллах) Айтты: «Сага буйруганымда, сени сажда кылуудан эмне тосту?» (Иблис) Айтты: «Мен андан жакшымын; мени оттон жараттың, аны болсо ылайдан жараттың.» (Аллах:) «Андай болсо түш ал жерден, ал жерде текеберленүү сенин (акың) эмес. Ылдам чык. Чынында сен (басынып) уят болгондордонсуң.» Ал болсо: «(адамдар) тириле турган күнгө чейин мага мөөнөт бер» деди. (Аллах:) «Сен мөөнөт берилгендерденсиң» деди. Айтты: «Анда, мени адаштырганың үчүн аларды (адамдарды адаштыруу үчүн) сөзсүз Сенин туптуура жолуңда (күтүп) отурамын.» «Кийин сөзсүз алдыларынан, арттарынан, оң жагынан жана сол тарабынан (азгырганы) келемин. Алардын көпчүлүгүн шүгүр кылган абалда таппайсың.» (Аллах) Айтты: «Жек көрүлгөн, басмырланган жана куулган абалда ал жерден чык. Ант болсун, алардан ким сени ээрчисе, тозокту силер менен толтурам.» (Аьраф Сүрөсү, 11-18)
Жогорудагы аяттардан да ачык көрүнүп тургандай, шайтан адамдын апачык душманы. Бүт адамдарга душман болгон бул жандык сизге да дайыма куру кыял жана азгырык берүүгө, сизди туура жолдон адаштырууга аракет кылат. Бирок бул жерде маанилүү бир жагдай бар; шайтандын эң негизги максаты, жогорудагы аяттарда да айтылгандай, сизди жана бардык адамдарды өз жолуна салуу. Куулган шайтан сизди тозокко киргизгенге чейин тынчыбайт. Демек, дайыма андан сак болушуңуз жана эч бир чакырыгына бир саам үчүн да ээрчибешиңиз керек экенин эч унутпаңыз.
Бирок бул жерде унутпаш керек болгон абдан маанилүү бир чындык бар: шайтан Аллахтан көз-карандысыз бир күч эмес. Шайтанды жараткан жана башкарып турган – бул Аллах. Ал да Аллах жараткан бир жандык жана Аллахтын уруксаты менен гана кыймыл-аракет кылууда. Бул дүйнөдөгү сыноо учурунда чындап ыйман келтирген менен, келтирбегендин бөлүнүшү үчүн милдеттендирилген. Шайтан Аллахтын эрк жана каалоосунун чегинде гана кыймыл-аракет жасай алат. Ага белгиленген мөөнөт бүткөндө, жазасын тартуу үчүн ал да адаштырган адамдары менен бирге тозокко ташталат:
Ант болсун, сен жана араларынан сени ээрчигендердин баары менен тозокту толтурам.» (Сад Сүрөсү, 85)
Сиз шайтандын ыймандууларга карата эч бир күчү жок экенин унутпаңыз. Аятта билдирилгендей, шайтандын күчү ыкластуу ыйман келтирбеген адамдарга өтөт.
Ал айтты: Раббим, мени жолдон чыгарган нерсең үчүн, ант болсун, мен дагы жер жүзүндө аларга (сага баш көтөрүүлөрүн жана дүйнө байлыктарын) көздөрүнө кооз кылып көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз азгырып жолдон адаштырам. Бирок алардан ыкластуу (мухлис) болгон пенделериңден башкасын. (Хижр Сүрөсү, 39-40)
Шайтан Аллах ыймандуу кылып жараткан бир пендесин адаштыра албайт. Албетте, ыймандуулар ката кетириши мүмкүн. Бирок эч качан Аллахтын кечириминен үмүттөоүн үзүшпөйт. Шайтандын таасирин байкашаар замат ылдам Аллахка корголонуп, тообо кылышат. Шайтандын азгыруу таасиринин кимдерге өтөөрү Куранда мындайча баяндалган:
Чынында, ыйман келтиргендер жана Раббилерине тобокел кылгандарга анын (шайтандын) эч кандай мажбурлоочу-күчү жок. Анын мажбурлоочу-күчү бир гана аны (шайтанды) дос туткандар жана аны менен Ага (Аллахка) шерик кошкондорго. (Нахл Сүрөсү, 99-100)
Унутпаңыз, шайтан өзү сыяктуу сиздин да Аллахка карата кычкыл, урматсыз, моюн сунбас жана текебер болушуңузду каалайт. Жаман ахлактуу болушуңузду, Аллах ыраазы болбой турган ар кандай мамилени кылышыңызды жана Аллахка карата бир катар күмөндөрдө болушуңузду буйруйт; Анын күч-кудуретин жана улуулугун керектүү деңгээлде таанышыңызга тоскоол болууга аракет кылат. Аллах Куранда бул коркунучка өзгөчө көңүл бурган:
Эй инсандар, жер жүзүндөгү нерселерди адал жана таза абалда жегиле жана шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Чынында ал силер үчүн апачык бир душман. Ал силерге бир гана жамандыкты, жаман-уятсыздыкты жана Аллах жөнүндө билбеген нерселериңерди айтууну буйрук кылат. (Бакара Сүрөсү, 168-169)
Акыретти унуттура алган адамдарды өмүр бою келечек тынчсыздануусу ичинде жашатууга аракет кылат. Минтип жашаган адамдар бүт нерсенин Аллахтын башкаруусунда экенинен кабарсыз, Аллах аларга бир жакшылык каалаганда, эч кимдин буга тоскоол боло албашын болсо эч билишпейт. Алардын мындай капылеттикте болушу аларды Аллахка карата ар түрдүү кылмышты кылууга түртөт:
Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана силерге жаман-уятсыздыкты буйрук кылууда. Аллах болсо силерге Өзүнөн кечирим жана көп жакшылык убада кылууда. Аллах (ырайымы) кеңири, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 268)
Болгондо да шайтандын эң маанилүү тактикасы – бул анын булардын баарын жасап жатканда, адамдарга тымызын жакындашы. Аллах Куранда шайтанды «Тымызын, жүрөктөргө азгырык жана шектенүү түшүрүп туруучу» азгырыкчынын жамандыгынан (сакта). Ал адамдардын көкүрөктөрүнө азгырык салат (ичине шектенүү, куру ойлорду шыбырайт);» (Нас Сүрөсү, 4-5) деп сүрөттөгөн. Аятта да апачык билдирилгендей, адамдарга тымызын жакындаган шайтан аларды бош жана максатсыз иштер менен алаксытып, кылып жаткан жамандыктарын болсо аларга жагымдуу жана кооз кылып көрсөтөт:
Аларга оор азабыбыз келгенде, жалбарышы керек эмес беле? Бирок алардын жүрөктөрү катуулашты жана шайтан аларга кылып жаткандарын жагымдуу (кооз) кылып көрсөттү. (Энъам Сүрөсү, 43)
Жана эң маанилүүсү жүрөктөрү катуулаган, адашкан бир жолдо болгонуна карабастан, жакшы иш кылып жатам деп ойлогон мындай адамдар Аллахтын аяттарынан барган сайын алысташат. Раббибизди унутуп, шайтанды дос тутушат жана анын артынан ээрчип, азгырылышат. Аллах мындан адамдарды төмөнкүчө эскерткен:
Аларга аяттарыбызды берген адамдын кабарын айтып бер. Ал мындан бөлүнүп-алыстаган, шайтан аны ээрчитип алган эле. Ал болсо аягында адашкандардан болгон эле. (Аьраф Сүрөсү, 175)
Шайтандын ар адам үчүн ар кандай тактикаларды колдоноорун, сизди да алсыз бир жериңизден кармоого аракет кылаарын унутпаңыз.
Шайтан бүт адамзат тарыхы бою жашаган бардык адамдарга ар кандай жол менен жакындаган. Мисалы, динден алыс жашаган бир адамдын андан да алысташын камсыздай турган ыкмаларды колдонуп, аны толугу менен дүйнө жашоосуна багыттайт, Аллахка сурак берээрин унуттурат жана ушундайча өмүр бою динден алыс кармайт.
Ошол эле учурда ыймандууларга карата да иш-аракеттерин улантат. Ыймандуулардын ыкластуулук менен ибадат кылышына тоскоол болуу үчүн туура көрүп, чын ыкластан кылган ар бир ишине сөзсүз тоскоол болууга аракет кылат. Болгон күчү менен адамдын диндин талаптарынан аз-аздан болсо да алысташы үчүн аракеттенет. Текебердик, өзүмчүлдүк, унутчаактык, көңүл коштук, өзүн кемчиликсиз көрүү, ачуулануу жана намыстануу сыяктуу напси жакын болгон жагдайларды ар кандай калыптарга салып ыймандууга жасатканга аракет кылат.
Шайтан, мындан тышкары, адамдарга узун мөөнөттүү пландарды түздүрүп, булар менен баштарын толтурууга аракет кылат. Күнүмдүк иштерге малып жана шылтоолорду чыгартып, ойлоруна да, Аллахты эстешине да тоскоол болууга аракеттенет.
Аллахка моюн сунган, эртеден кечке Аны эстеген, жер бетиндеги бардык окуянын Аллахтын башкаруусунда экенин билген жана ыкластуулук менен Раббибизге багытталган ыймандуулар шайтандын таасирлерине карата күчтүү болушат. Муну билген шайтан адамга өзгөчө Аллахты унуттурууга аракет кылат. Жана Аллахтан коркуп-тартынбагандарга сөзсүз таасир этет:
Шайтан аларды ороп-курчаган; ушундайча аларга Аллахты эстөөнү унуттурду. Мына ошолор шайтандын жамааты. Көңүл бургула; шексиз шайтандын жамааты кыйроого кабылгандардын дал өзү (ошолор). (Мүжаделе Сүрөсү, 19)
Адамдардын арасына кек жана душмандык салган, ортолорун ажыратып бузуучунун дайыма шайтан экенин унутпаңыз. Дүйнө жаралгандан бери болуп келген бардык согуштардан, уруштардан баштап эң жөнөкөй көрүнгөн талаштарга чейинки ар түрдүү душмандыктын артында «шайтандын кайроосу» бар. Аллах шайтандын адамдарды кайрап, күчөтөөрүн аятта мындайча билдирген:
Көргөн жоксуңбу, Биз чынында шайтандарды каапырларга жөнөттүк, аларды түртүп-күүлөөдө. (Мерйем Сүрөсү, 83)
Албетте, баш тартуучулар – бул шайтанды дос туткан, анын системасын кабылдаган адамдар. Ошондуктан, аны ээрчиши, бири-бирине карата кек жана душмандык туюшу толук табигый көрүнүш. Бирок шайтандын дагы бир өзгөчөлүгү бар: бул анын Аллахка ыйман келтиргендер арасына кек жана жек көрүү салууга аракет кылышы. Ушундайча аларды алсыздатып, Аллахка болгон моюн сунуучулугуна тоскоол боло алам дей ойлойт. Аллах мындай коркунучтан да пенделерин эскерткен жана кутулуу жолдорун көрсөткөн. Бир аятта мындайча буюрулууда:
Пенделериме айткын сөздүн эң жакшысын сүйлөшсүн. Себеби шайтан араларын ажыратып бузууда. Шексиз, шайтан адамдын апачык бир душманы. (Исра Сүрөсү, 53)
Шайтандын сизге дайыма тымызын азгырык берүүгө аракеттенээрин да унутпаңыз. Шайтан көп адамдар ойлогондой, кээ кээде пайда болуучу бир жандык эмес. Анын тымызын күрөшү сиз кайда гана барбаңыз, эмне гана кылбаңыз, бул өмүр бою уланат.
Шайтандын бар экенин унуткан бир адам анын шыбырларын өз акылымдан өткөн ойлор деп ойлошу мүмкүн. Ичинде тынымсыз баш көтөрүүнү жана жамандыкты шыбыраган үндүн шайтандыкы экенин түшүнө албашы мүмкүн. Бирок Аллахтын ыкластуу пенделери бул үндүн шайтангабы же өз абийиринеби тиешелүү экенин оңой гана айырмалай ала турган акыл жана аң-сезимге ээ. Аллах шайтандын азгырыктарынан жана тымызын шыбырларынан коргонуунун жолун аларга мындайча билдирген:
Эгер сага шайтандан бир күүлөө (азгырык) келсе, ошол замат Аллахка корголон. Себеби Ал угуучу, билүүчү. (Аллахтан) Коркуп-тартынгандарга шайтандан бир азгырык жеткенде (алгач) жакшылап ойлонушат (Аллахты зикир кылып, эстешет), анан кийин карасаң, байкап түшүнүшкөн болот. (Аьраф Сүрөсү, 200-201)
Шайтандын сизди эч унутпашыңыз керек болгон чындыктарды унуттурууга аракет кылаарын эч унутпаңыз. Шайтан адамдарга таасир бере алуу үчүн көп колдонгон ыкмалардын бири – бул жогоруда да айтылгандай «унуттуруу». Ошондуктан шайтан адамды Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү болгон ар бир нерсени унуттурууга аракеттенет. Аллахтын бүт тарабыбыздан курчап тураарын, тагдырга моюн сунаарыбызды, өлөөрүбүздү, Аллахка сурак берээрибизди унуттуруп, биз кыла турган жакшылык иштерге тоскоол болууну каалайт.
Мисалы, шайтан адамдардын Аллахка шүгүр кылышын каалабайт. Ошондуктан, айланадагы бүт нерсенин Аллахтын немат-жакшылыгы экенин унуттурууга аракет кылат. Акыретти унуттуруп, бул дүйнө жашоосун кооз жана кызыктуу көрсөтүп, адамдарды алдоого аракеттенет. Ар бир иште бир жакшылык бар экенин, өзгөчө кокус болгон окуяларда тобокелди жана тагдырды унуттурууга аракет кылат.
Аллах шайтандын адам аң-сезимине таасир берип, ар кандай нерселерди унуттурганына Куранда көп жолу көңүл бурган:
Аяттарыбыз жөнүндө «шылдыңчыл талаштарга киргендер», алар башка бир сөзгө өткөнгө чейин, алардан жүз бур. Шайтан сага унуттурса, анда эстеген соң, эми зулумдук кылган коом менен бирге отурба. (Энъам Сүрөсү, 68)
... Аны эстешимди мага шайтандан башкасы унуттурган жок; ал болсо таң калыштуу абалда деңизде өз жолуна түштү. (Кехф Сүрөсү, 63)
... Бирок шайтан башчысына эстетүүнү ага унуттурду, натыйжада дагы көп жыл бою (Йусуф) зынданда калды. (Йусуф Сүрөсү, 42)
Бардык мындай таасирлерине карабастан, шайтандын толугу менен Аллахтын башкаруусундагы бир жандык экенин жана ыкластуу пенделерге эч таасир эте албашын унутпашыңыз зарыл.
Түпкүрүндө шайтан – бул Аллах жараткан, кааласа да каалабаса да Ага моюн сунган бир жандык. Бүт иш-аракеттерин Анын уруксаты менен гана жасай алат. Аллах уруксат бермейинче, адам эч нерсе кыла албайт. Шайтан эмне гана кылбасын, бир гана каапырларды адаштыра алат, Аллахка чын көңүлдөн ыйман келтиргендердин болсо анын кылгандары менен бир гана ыймандары артат. Куранда бул чындык апачык билдирилген. Аяттар төмөнкүдөй:
Шайтандын (мындай) кошкон нерселери жүрөктөрүндө оорусу барларга жана жүрөктөрү (ар түрдүү) сезгичтиктен куру калгандарга (Аллахтын) бир сыноосу үчүн. Шексиз, заалымдар (чындыктан) алыс бир бөлүнүү ичинде. (Ошондой эле) Аларга илим берилгендердин (илимдүүлөрдүн) мунун (Курандын) эч талашсыз Раббилеринен келген бир чындык экенин билиши үчүн; ушундайча ага ыйман келтиришсин жана жүрөктөрү ага ыраазы болгон абалда байлансын. Шексиз, Аллах ыйман келтиргендерди туптуура жолго багыттайт. (Хаж Сүрөсү, 53-54)
Ант болсун, иблис алар жөнүндөгү оюн туурага чыгарды, ушундайча ыйман келтирген бир топтон башкалар аны ээрчишти. Чынында болсо анын аларга карата эч кандай мажбурлоочу-күчү жок эле; бирок Биз акыретке ыйман келтиргенди андан шектенүүдө болгондон айырмалоо үчүн (ага ушул мүмкүнчүлүктү бердик). Сенин Раббиң бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Себе Сүрөсү, 20-21)
Ыймандуулар болсо «Эгер сага шайтандан бир азгырык келсе, ошол замат Аллахка корголон...» (Фуссилат Сүрөсү, 36) аятында буйрук кылынгандай, шайтанды тыңдабайт жана ылдам Аллахка корголонушат. Себеби, эгер бул азгырыктардан Аллахка корголонуп, шайтандын жолу жабылбаса, адам анын ар бир шыбырын уга турган болуп калышы мүмкүн экенин билишет. Ушундайча шайтан аны ээрчигендердин досу болот жана адамды Аллахтан, Аны эстөөдөн толугу менен алыстатат:
Ким Рахман (болгон Аллах)ты эстөөнү билмексен болсо, Биз бир шайтанга анын «үстүн тосмо менен байлаттырабыз»; эми ал - анын бир жакын досу. (Зухруф Сүрөсү, 36)
Бирок башында да айтылгандай, Аллахка чыныгы (так) бир ыйман менен жакын болгондордун шайтандын таасиринен тартынышынын кажети жок. Албетте, анын таасирлерине карата сак болуу керек, бирок Аллах бизге абдан маанилүү сырды да сүйүнчүлөгөн: шайтандын ыйман келтиргендер жана Аллахка тобокел кылгандарга эч кандай мажбурлоочу күчү жок.
Менин пенделерим; сенин аларга эч бир мажбурлоочу күчүң (өкүмдарлыгың) жок. Өкүл катары Раббиң жетет. (Исра Сүрөсү, 65)
Шайтандын абдан өзгөрмө мүнөздүү экенин, аны ээрчигендерди сурак күнү жападан жалгыз таштаарын унутпаңыз.
Бул дүйнө жашоосу бүткөндө, шайтандын аны ээрчигендерди кандайча ара жолго таштаары, аларды кантип алдаганын айтаары Куранда билдирилген:
Өкүм чыгып бүткөндө, шайтан айтат: «Чынында, Аллах силерге чыныгы убаданы убада кылды, мен да силерге убада бердим, бирок силерге калп айттым. Менин силерге карата мажбурлоочу бир күчүм жок эле, болгону силерди чакырдым, силер да мага жооп бердиңер (мени ээрчидиңер). Демек, мени айыптабагыла, өзүңөрдү айыптагыла. Мен силерди куткара албайм, силер да мени куткара албайсыңар. Чындыгында, мурда мени шерик кошконуңарды да мойнума албайм. Чынында, заалымдарга кыйноочу азап бар.» (Ибрахим Сүрөсү, 22)
Жана, албетте, өзгөрмө мүнөздүү шайтанды ээрчигендер сурак күнү кандай жаңылыштыкта жашашканын түшүнүшөт. Бул дүйнөдөгү жашоолору бою Аллахты унутуп, Ал көрсөткөн туура жолго түшпөгөнү үчүн чоң бир бушаймандыкка түшүшөт. Бирок эми кеч болгон болот жана шайтан аларды жападан жалгыз таштайт:
Ал күнү зулумдук кылган колдорун (катуу) кезеп (мындай) дейт: «Эх аттиң, элчи менен бирге бир жолдо жүргөнүмдө кана,» «Эх, азап болсун мага, баланчаны дос тутпасам эмне болмок эле». «Себеби ал чындап мага келгенден соң мени зикирден (Курандан) адаштырды. Шайтан болсо адамды «жападан жалгыз жана жардамсыз» таштоочу.» (Фуркан Сүрөсү, 27-29)
Эч унутпаңыз; бул дүйнөдө шайтанды ээрчигендердин мекени акыретте сөзсүз тозок.
Шайтанды ээрчигендер сурак күнү Аллахтын алдына чыгышканда, «Аттиң, мени менен сенин араңда эки чыгыш (чыгыш менен батыш) алыстыгынчалык болгондо эле. Канчалык жаман жакын-дос(экенсиң сен).» (Зухруф Сүрөсү, 38) дешип, бири-бирин каргашат. Адам ал күнү шайтандын ал үчүн апачык бир душман экенин түшүнөт. Бирок жогоруда да айтылгандай, эми абдан кеч, муну түшүнүү аны түбөлүк азап тарта турган тозокко кирүүдөн куткарбайт. Ал жана анын тараптарлары сөзсүз кылгандарынын жообун бир-бирден беришет:
Ант болсун Раббиңе, Биз аларды да, шайтандарды да сөзсүз тирилтебиз, кийин аларды тозоктун айланасында тизелеп чөккөн абалда даяр кылабыз. (Мерйем Сүрөсү, 68)
Чынында, шайтан силердин душманыңар, демек силер да аны душман туткула. Ал өз тобун бир гана алоолоп күйгөн оттун калкынан болууга чакырат. (Фатыр Сүрөсү, 6)
Жыйынтыктасак, сиз да сиз үчүн мүмкүн болгон ар кандай азапты, кыйынчылыкты, андан да түбөлүк жашооңузду тозокто өткөрүшүңүздү каалаган бир душманыңыздын бар экенин, сизди азыр ушул китепти окуп жатканыңызда да карап турганын унутпаңыз. Жана эгер ыкластуу (чын жүрөктөн) ыйман келтирген болсоңуз, анын таасиринен кутулуу үчүн Аллахка корголонушуңуз керек экенин да...