Аллах Алдында Дайыма Чын Ниеттүү Жана Ак Жүрөктүү Болууну Унутпаңыз

... Кылган катаңарда силерге бир кыйынчылык (күнөө) жок. Бирок жүрөгүңөр менен ниет кылып (атайын) кылганыңарда бар. Аллах кечиримдүү, боорукер. ((Ахзаб Сүрөсү, 5)

Дин Аллах коркуусуна таянат. Аллахтан зарыл деңгээлде корккондор гана динде ыкластуу боло алышат. Себеби Куранды караганыбызда ыкластуулуктун (чын пейилдүүлүктүн) Аллахтан ичи титиреп корккон, бир гана Аллах ыраазы боло турган кыймыл-аракетке багытталган адамдын мамилеси экенин түшүнөбүз. Эч нерсе ыкластуу бир момунду чыныгы максатынан адаштыра албайт; дин күнү жообун бере албай турган бир нерсеге эч жакындатпайт. Аллах аятында эң жакшы мамиленин ушул экенин мындайча көңүл булган:

Үйүнүн түбүн (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазычылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн түбүн кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт. (Тообо Сүрөсү, 109)

Куранды караганыбызда ыймандуулардын эч ката кылбаган адамдар эмес, тескерисинче ката кетирген, бирок ошол замат тообо кылып, Аллахтын кечирүүсүн сураган адамдар экенин көрөбүз. Аллахтан ичи титиреп корккон момун жашаган ар бир көз ирмеминде мамиленин эң сонунуна жетүү үчүн аракет кылат. Кээде унутуп жаңылышы мүмкүн же ката кетириши мүмкүн; Куранда да момундардын чоң же кичине көптөгөн каталары баяндалат. Бирок эң маанилүүсү – бул кетирилген катадан чын ыклас менен, кайра кайталабайм деп артка кайтуу. Адамдын бир жолу ыйман келтирип, андан соң өмүрүн эч катасын өткөрүшү ансыз деле мүмкүн эмес; бул дүйнө - бир сыноо жана тарбия мекени. Мындан тышкары, ыймандуу адам ката кетиргенде, ар жолу Аллахтын алдындагы алсыздыгын түшүнөт. Аллах Куранда ар кандай ката кетирсе да, бушаймандык менен, чын ыкластан жана чынчылдык менен тообо кылган жана кыймыл-аракеттерин оңдогондорду кечирээрин убада кылган.

Ислам дини адамдардын эң эркин жана эң бейпил жашашын камсыздайт. Чынында болсо учурдагы коомдордо каталарга болгон реакция себебинен адамдардын көпчүлүгү кыймыл-аракеттерин коомдун критерийлерине жараша калыптандырышат. Ката кылган өзүн канчалык өзгөртсө да, коомдун ага болгон көз-карашы көп өзгөрбөйт. Адам кылган катасы менен мөөрлөнгөндөй эле болот. Бул болсо караңгы (сабатсыз) коомдун адамын алдамчылыкка түртөт. Адам жасалма ыкмалар менен, өзүн адамдардын көзүнчө жогору көрсөтүүгө аракет кылат. Дайыма адамдар мен жөнүндө эмне деп ойлойт деп эсептерди жасайт. Чынында болсо мындай бир зулумдуктан кутулуунун эң негизги шарты – бул Аллахка болгон ыкластуулук жана чынчылдык. Себеби дин «адамдар эмне дейт» коркуусун толугу менен жок кылат жана ыймандууларды чын ыкластуулукту кыйраткан, чынчылдыкка тоскоол болгон ар түрдүү кыймыл-аракеттен алыстатууда:

Жана жаман бир күнөө кылышканда же өздөрүнө зулумдук кылышканда, Аллахты эстеп ошол замат күнөөлөрүн кечиришин сурашат. Аллахтан башка күнөөлөрдү ким кечирмек эле? Ошондой эле, алар кылган (жаман иштерин) билип туруп кайталай беришпейт. (Али Имран Сүрөсү, 135)

Чын ыкластуулук абийирге карап ойлонуу жана Аллах дайыма мени көрүп турат деген аң-сезимде кыймыл-аракет кылуу менен гана болушу мүмкүн. Адамдардын ой-пикир жана каалоолоруна карап кыймыл-аракеттериңизди калыптандыруунун сизди ыкластуулуктан алыстатаарын эч унутпаңыз. Аллахты унутуп, адамдардын ыраазычылыгына карап жасалган бардык кыймыл-аракеттер ыкластуулукка тоскоол болот. Аллахтын пенделерин ансыз деле дайыма көрүп, билип жана күбө болуп турганын эч унутпастан, Куранга ылайык кыймыл-аракет кылуу болсо ыкластуулукту алып келет.

Туура эмес жасалган нерсе эмне гана болбосун, чынчылдыктан кайтарбай турган нерсенин Аллахтан башка эч кимден коркпоо экенин эч унутпаңыз. Шайтан адамдар арасында уят болуу, адилетсиздикке кабылуу, зыян көрүү сыяктуу ойлор менен адамдарды көбүрөөк жасалмалык, алдамчылыкка түртөт. Чынында болсо бул бир куру ойлор гана. Себеби эң маанилүүсү – бул Аллахтын ыраазы болушу жана кечириши; себеби бул дүйнөдө да, акыретте да жаза жана сыйлык бир гана Аллахтан. Бүт адамдар ката кетириши мүмкүн. Эң маанилүүсү – бул эстеген же байкаган соң бул катадан улам Аллахка тообо кылып, артка кайтуу. Катаны жоюп, мамилени оңдоого берген мааниси адамдын ыкластуулугун көрсөтөт. Эч ката жасабаган адам жок болгондуктан, Аллахка карата эң ыкластуу жана чынчыл мамиле кылган адам эң жогору болот. Аллах бир аятында мындай буюрууда:

Раббиңер силердин ичиңердегини жакшыраак билет. Эгер силер ыкластуу болсоңор, албетте Ал да (Ага) багытталып, кайткандарды кечирүүчү. (Исра Сүрөсү, 25)

Ыкластуу адам кетирилген ар бир катада Аллах алдындагы алсыздыгын дагы бир жолу эстеп, Аллахка кайтып кайрылат. Себеби каталарды кечирүүчү бир гана Аллах, адамдар эмес. Б.а. адам катасы үчүн Аллахка чын ыкластан тообо кылган соң эми ал үчүн адамдардын эмне деп ойлогонунун эч кандай мааниси жок. Адамдардын ал жөнүндөгү ойлоруна маани берген, алардын ыраазычылыгын көздөгөн адамдар каталарын жабуу үчүн калп айтышып, андан да көп каталарга түшүшөт. Чынында болсо адамдарды алдашса да, Аллах бүт баарын билип турат. Сиз чынчыл болбогон, ыклассыз адамдардын эң көп өздөрүнө зулумдук кылышаарын эч унутпаңыз.

Аллах эч кимге күчү жеткенден көп нерсе жүктөгөн эмес, ыкластуу адамдардын унутуп же жаңылып жасаган бардык каталарын болсо кечирээрин убада кылган. Бул ыймандууларга Раббибиздин абдан чоң бир сүйүнчүсү. Аллах бир аятында мындай буюрууда:

Аллах эч бир жанды алы-кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт. (Ар кимдин) пайдасы да өз иши(нен), зыяны да өз иши(нен). «Раббибиз, эгер унутсак же ката кетирсек, бизди жазалаба. Раббибиз, бизге бизден мурункуларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө. Раббибиз, биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө. Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл. Өзүң биздин Кожоюнубузсуң. Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер. (Бакара Сүрөсү, 286)

Мындан тышкары, адамдын чыныгы бир ыкластуулук менен Аллахка гана жакын болушу керек экенин унутпаңыз. Бир адам сабатсыз болушу мүмкүн, Аллахты ыраазы кылуу үчүн кылышы керек болгон кээ бир нерселерди билбеши да мүмкүн. Бирок Аллах чын ыкластан Ага багытталууну каалаган пенделерине сөзсүз туура жолду көрсөтүп, аларды хидаятка жеткирет. Эң маанилүүсү – бул адамдын чын ыкластуу жүрөк менен Раббибизге жакын болушу. Аллах Ага моюн сунуп, өзүн тапшыргандардын эч зыянга учурабашын мындай бир мисал менен сүйүнчүлөгөн:

Ким жакшылык кылган (адам) болуп, жүзүн (өзүн) Аллахка тапшырса, эми чындыгында ал үзүлбөгөн бир туткага жабышкан болот. Бүт иштердин аягы Аллахка барат. (Локман Сүрөсү, 22)

Демек сиз да алдыңыздан чыккан сансыз эскертүүгө көз жумбаңыз жана Аллахка чын ыкластуу жүрөк менен багытталуунун бул дүйнө жана акыретте жалгыз кутулуу жолу экенин унутпаңыз.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР