Бейиш болсо такыба (адам)дар үчүн алыста эмес, (ал күнү) жакындатылган. Силерге убада кылынган ушул; (чын көңүлдөн Аллахка) багытталып бурулган (Исламдын өкүмдөрүн) аткарган, көрбөсө да Рахмандан «ичи титиреп корккон» жана «чын көңүлдөн Аллахка багытталган» бир жүрөк менен келгендер үчүн. Ага аман-эсен жана тынчтык (салам) менен киргиле. Бул түбөлүктүүлүк күнү. (Каф Сүрөсү, 31-34)
Аяттарда айтылгандай «жашай турган жерлердин эң жакшысы» жана «Аллах Кабатындагы чыныгы барыла турган сонун мекен» болгон бейишке ылайыктуулар сурак күнү өмүр бою кылгандарынын баары ичинде жазылуу болгон амал дептерлерин оң тарабынан алышат жана жеңил бир суракка алынышат. Андан соң түбөлүккө улуу бир бейпилдик ичинде жашашат. Аллах ыймандууларга муну Куранда көптөгөн аят менен сүйүнчүлөгөн:
Эми кимдин китеби оң тарабынан берилсе, ал оңой бир сурак менен суракка алынат, жана өз жакындарына кубаныч ичинде кайтат. (Иншикак Сүрөсү, 7-9)
Эми китеби оң колуна берилген адам: «Алгыла, китебимди окугула. Себеби мен чынында суракка кабылам деп ойлогом (түшүнгөм)» дейт. Эми ал ыраазы боло турган бир жашоо ичинде. Бийик бир бейиште. (Хакка Сүрөсү, 19-22)
Мындай жашоого татыктуу болгон ыймандуулар периштелер тарабынан «Силерге салам болсун, кош жана таза келдиңер. Түбөлүк жашоочулар болуп ага киргиле» (Зүмер Сүрөсү, 73) деп тосуп алынышат. Андан соң бөлүк-бөлүк алынышып, эсендик, коопсуздук жана салам менен бейишке киришет. Бул абал аяттарда мындайча кабар берилет:
Мына ошолор сабыр кылганы үчүн (бейиштин эң сонун жеринде) бөлмөлөр менен сыйланышат жана ал жерде амандык тилеги жана салам менен тосуп алынышат. Ал жерде түбөлүк жашашат; жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун. (Фуркан Сүрөсү, 75-76)
Унутпаңыз; анык бир илим менен чындап акыретке ыйман келтирген, сурак күнү себебинен Раббибизден коркуп ыкластуу амалдарды кылган бир адам болсоңуз, мындай бир жолугушууга татыктуу болуп, жаркыраган бир нур жана кубаныч мекени болгон бейиш менен сыйланууну үмүт кыла аласыз. Аллах бейиштегилердин сөздөрүн бизге мындайча билдирген:
«Себеби биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган оор күндөн (кыяматтан) коркобуз.» Эми Аллах аларды мындай күндүн жамандыгынан коргоду жана аларга жаркыраган бир жарык жана бир кубаныч берди. (Инсан Сүрөсү, 10-11)
Бейиш дегенде адамдардын көпчүлүгүнүн оюна учу-кыйыры жок бир жашыл чөп-дарактар, суулар, кыскача айтканда, бир гана табияттагы кооздуктар келет. Бирок бейиштин өзү, сизге бүгүнкү күнгө чейин айтылып келген сыяктуу, булар менен эле чектелбейт. Бейиш – бул Аллах Өзүнө ыйман келтиргендер үчүн даярдаган, чексиз кооздуктар, адам каалашы мүмкүн болгон бүт нерсе жана ал тургай андан да жогорку немат-жакшылыктар бар бир мекен. Бул дүйнөдө көргөндөрүбүз менен бейишти элестетебиз, бирок Аллахтын ыймандуулар үчүн даярдаган нематтарын толук түшүнүү үчүн булар жетишсиз. Бейиштин өзүн ага жолукканда гана толук түшүнө алабыз. Бир аятта бул чындыкка мындайча көңүл бурулган:
Эми эч бир напси (жан) кылгандары үчүн аларга көз кубанта турган эмнелердин (сансыз нематтардын) жашырылганын билбейт. (Сажда Сүрөсү, 17)
Бул дүйнөдө материалдык жана руханий көңүлүбүзгө жаккан эмне бар болсо, ошолордун эң сонуну жана кемчиликсизи ошол жерде. Бейиш – улуу мүлк жана байлыктарга толгон, ар түрдүү сулуулук жана немат-жакшылык чогулган бир жер. Адамдар каалаган жана көргүсү келип ырахат ала турган бүт нерсе бар болгон бейиште адамдар бул дүйнөдө элестете да албаган сулуулук жана немат-жакшылыктар ыймандууларга сунулган. Аллах бир аятында бейиш жөнүндө мындай кабар берүүдө:
Кайсы тарапка бурулсаң, бир немат жана чоң бир мүлк көрөсүң. (Инсан Сүрөсү, 20)
Бейиште ыймандууларга ырахат катары көптөгөн сонун тамак жана суусундук сунулат (Мүрселат Сүрөсү, 43). Аллах бейиштеги ыймандууларга «каалап эңсеген мөмөлөрдөн жана эттен көп көп» (Тур Сүрөсү, 22), мындан тышкары, көңүлдөрү тарткан куш этинен (Вакыа Сүрөсү, 21) да сунат. Болгондо да ырыскылар эч түгөнбөйт (Сад Сүрөсү, 54). Куранда астынан суулар аккан, жемиштери жана көлөкөлөрү дайыма турган (Рад Сүрөсү, 35) бейиштеги жапжашыл бакчаларда (Рахман Сүрөсү, 64), бутактары үзүлүшү оңой мөмөлөргө толо (Инсан Сүрөсү, 14), үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү чубалжыган дарактар сүрөттөлгөн (Вакыа Сүрөсү, 28-29). Аллах бейиш менен байланыштуу аяттарда эң көп сөз кылган сулуулуктардын бири болсо – бул тынымсыз аккан суулар жана булактар (Рахман Сүрөсү, 66).
Мындан тышкары, ичинде бузулбаган суудан, даамы өзгөрбөгөн сүттөн жана балдан ичкендерге ырахат тартуулаган дарыялар болот (Мухаммед Сүрөсү, 15). Бейиштеги немат-жакшылык жана сулуулуктардын бир бөлүгү бул дүйнөдөгүгө окшосо, бир бөлүгү болсо мурда эч бир адам көрүп билбеген «ар түрдүү назиктик жана кооздуктарга» ээ болот (Рахман Сүрөсү, 48). Элестетүү күчүбүздөн бир топ алыс, Аллах чексиз илими менен даярдаган көптөгөн кооздук жана немат бейиште ыймандууларды күтүүдө. Себеби Аллах ал жерде каалагандарынын баарынын алардыкы болоорун сүйүнчүлөөдө (Шура Сүрөсү, 22).
Бейиштеги ыймандуулар абдан сонун үйлөрдө жашашат (Тообо Сүрөсү, 72), бул үйлөрдө абдан тыкан жасалгаланган баалуу таштуу тактылар үстүндө жазданып отурушат (Вакыа Сүрөсү, 15-16). Бейиште ыймандууларга сүйүнчүлөнгөн башка немат-жакшылыктардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Айланасында күмүштөн идиштер, чөйчөктөр(дө суусундук, тамак-аш) айлантып турулат. (Инсан Сүрөсү, 15)
Жана сабыр кылганы үчүн бейиш менен жана жибек менен сыйланышты. (Инсан Сүрөсү, 12)
Алардын үстүндө жука жибек жана абдан токулган атластан жашыл кийимдер бар. Күмүш билериктер тагынышкан... (Инсан Сүрөсү, 21)
Албетте, бул дүйнөдө да адам үчүн эң чоң нематтардын бири – бул сүйгөн, ырахат алган адамдары менен бирге болуу. Ыймандуулар Аллахка чын жүрөктөн жакын болгон, такыба ээси бир туугандары менен бирге болуудан чоң ырахат алышат. Ушундай табиятта жаратылган ыймандуулар үчүн бейиште да сүйгөн бул адамдары менен бирге жашай турган болушу абдан чоң бир кубаныч тартуулайт. Болгондо да мындай чогуу болуу жылдар менен чектелбейт, түбөлүккө уланат. Аллах ыкластуу пенделеринин бейиште сүйгөн адамдары менен бирге боло алаарын мындайча сүйүнчүлөгөн:
Алар Адн бейиштерине киришет. Аталарынан, жубайларынан жана урпактарынан «ыкластуу аракеттерди» кылгандар да (Адн бейиштерине кирет). Периштелер аларга ар бир эшиктен кирип (мындай дешет:) «Сабыр кылганыңар үчүн салам силерге. (Дүйнө) Мекени(нин) аягы кандай сонун.» (Рад Сүрөсү, 23-24)
Аллах ыймандууларга бейиште напсилери каалагандай жубайларды да берет. Бул Куранда «ал жерде алар үчүн таптаза болгон жубайлар бар...» (Ниса Сүрөсү, 57) аяты аркылуу билдирилүүдө. Бейиштеги түгөйлөр «Чынында, Биз аларды жаңы бир куруу (жаратуу) менен курап-жараттык.» (Вакыа Сүрөсү, 35) аятында билдирилгендей, бул дүйнө жашоосунун кемчиликтеринен аруу абалда жаңы бир жаратылышта жаратылышат. Аллах ыймандуулардын жана жубайларынын көлөкөлөрдө жана тактылар үстүндө жазданып, «кубаныч жана бакытка толгон бир алектенүү» ичинде болоорун билдирүүдө (Йасин Сүрөсү, 55-56)
Бейиштеги пенделерин немат үстүнө немат менен сыйлаган Аллах бүт нерсени адам эң көп ырахат ала турган абалда жараткан. Ал жерде Аллах ыймандуулардын ар бир каалаганын жаратып, аларды сыйлоодо. «Ал жерде эмне кааласа, баары алардыкы. Кабатыбызда андан да көбү бар.» (Каф Сүрөсү, 35) аяты менен адам каалашы мүмкүн болгондон, элестете алгандан көбүн бейиште берээрин да билдирүүдө.
Аллах бейишин сагынтуу жана адамдардын Аллахтын ыраазычылыгына ылайык жашашы үчүн бул дүйнөнү кемчиликтерге толо кылып жараткан. Бейишке салыштырмалуу немат-жакшылыктары аз болгон бул дүйнөнүн эң маанилүү кемчиликтеринин бири – бул бүт нерсенин түгөнө турган болушу. Мындан тышкары, каапырларга Аллах берген дагы бир балээ бар: бул дүйнөгө жабышып акыретти унутканы үчүн бул жердеги эң сонун нерселерден да бир мөөнөттөн соң тажап, ырахат ала албай турган абалга келишет. Ал эми бейиш болсо кооздуктарга толгон, тажабастан жана чарчабастан бүт бул нематтардын ар биринен эң көп ырахат алына турган бир мекен. Ыймандууларга бул дүйнөдөгү сыяктуу, бейиште да эч тажоо болбойт жана болгондо да чарчоо деген нерсени эч качан сезишпейт. (Фатыр Сүрөсү, 35)
Бирок унутпаңыз, бейиштеги бардык нематтардын үстүндө, эң улуу жыргалчылык – бул Аллахтын ыраазычылыгына жеткен болуу. Аллахтын ыраазычылыгына жеткен болуу – ыймандуулар үчүн эч бир материалдык кооздук менен салыштырууга мүмкүн эмес бир бактылуулук жана бейпилдик... Куранда да билдирилгендей, «...Аллахтан болгон ыраазычылык болсо эң улуу...» (Тообо Сүрөсү, 72)
Бейиштеги бардык жакшылыктар Аллахтын ыраазычылыгы натыйжасында берилгени үчүн абдан баалуу. Аллах бейишке ылайыктуу көргөн адамдын өмүр бою кылган иштеринен ыраазы болгон, каталарын кечирген жана аны түбөлүк чыныгы жашоосунда, ыраазы боло турган эң сонун мекенге койгон болот. Аллах ыйман келтиргендерге Куранда мындай сүйүнүчтүү кабар айтууда:
Эй мутмаин (көңүлү ток) напси, Раббиңе (Аны) ыраазы кылган жана (Андан) ыраазы болгон абалда кайт. Эми пенделеримдин арасына кир. Бейишиме кир. (Фежр Сүрөсү, 27-30)
Аллахты ыраазы кылгандарга убада кылынган бейиш ушундай. Мындай сонун натыйжага, т.а. бейишке бир гана бул дүйнөнүн сыноо мекени катары жаратылганын билген, Аллахтын эскертүүлөрүн тыңдаган, абийирин уккан, Аллахтын ыраазычылыгына карап гана кыймыл-аракет жасагандардын жетээрин эч унутпаңыз.