Аллахтын Жалгыздыгын Унутпаңыз

... Алар Аллахты унутушту. Ал да аларды унутту... (Тообо Сүрөсү, 67)

Белгилүү болгон бир логика: адам жээкте кумдан жасалган бир мунара көрсө, сөзсүз муну жасаган бирөө бар деп ойлойт. «Бул мунара толкундардын жана шамалдардын таасири менен кокустуктар натыйжасында пайда болгон» деп акылы кем бирөө гана жактай алат. Ааламда көзгө көрүнгөн бүт нерседе да бир долбоор бар экени апачык көрүнүп турат. Болгондо да бул долбоор жээктеги кумдан жасалган мунара менен салыштырууга болбой турганчалык кемчиликсиз, улуу жана детальдуу. Демек, чындык апачык көрүнүп турат: ааламдын улуу бир Жаратуучусу бар. Бул Жаратуучу – ааламдардын Рабби Аллах.

Бүт ааламда кемчиликсиз бир тең салмактуулук бар экендиги маани бербей коюуга болбой турганчалык апачык бир чындык. Биз жашап жаткан дүйнө да эң ыңгайлуу шарттардын биригиши менен пайда болгон. Жердин тартылуу күчүнүн чоңдугу, жердин күндөн алыстыгы, атмосферадагы кычкылтектин үлүшү жана дагы жүздөгөн аяр тең салмактуулуктун эч бири өзүнөн-өзү же кокустуктар натыйжасында пайда болгон эмес. Албетте, бул – эң кичинекей микроорганизмден күн системасынын ири массалуу планеталарына чейин бүт нерсени башкарып турган Аллахтын жаратуусу. Аллах ааламды чексиз бир акыл жана күч-кудурет менен жараткан жана жерди да биз жашашыбыз үчүн атайын долбоорлогон. Себеби Аллах жаратып, жөнгө салуучу. Бир аятта мындайча буюрулууда:

(Аллах) Түндү күндүзгө киргизет, күндүздү болсо түнгө киргизет; күн менен айды моюн сундуруп койгон, ар бири белгиленген убакытка чейин агып жүрөт. Мына ушуларды (жаратып жөнгө салган) Аллах силердин Раббиңер; мүлк Аныкы. Андан башка сыйынгандарыңар болсо «бир уруктун ичке чел кабыгына» де ээ (малик) боло алышпайт. (Фатыр Сүрөсү, 13)

Эми дагы бираз жакыныраакка келели жана адамдын денесин карайлы. Кереметтүү толук долбоорлонгон бир түзүлүштү көрөбүз. Адамдын мээси заманбап технологиянын эң алдыңкы продукту катары кабыл алынган компьютерлер менен салыштырууга эч болбой тургандай кемчиликсиз иштейт. Ошондой эле, дененин ар бир органы өз ичинде да, башка органдар менен да толук бир гармонияда. Мисалы, адам дем ала алышы үчүн ооз, мурун, дем алуу түтүгү (тамак), өпкөлөр, жүрөк жана бардык кан-тамырлар бирдей иштешет. Алардын бирөөсү да бир мүнөт эс албайт, бирөөсү бир саамга да чарчабайт. Ар бири улуу бир баш ийүү жана моюн сунуу менен аны жараткан Аллахка моюн сунат жана Раббибиз ал үчүн буйруп, пландаган буйрукту аткарат. Дем алуу учурунда мурундан тазаланып, жылынып өткөн аба дем алуу түтүгүнөн да өтүп, өпкөгө жетет. Жүрөгүбүздө, тамырларыбызда, кыскача айтканда, денебиздеги ар бир клеткада бул кычкылтек колдонулат. Бир эки мүнөткө эле иштебей калса, адамдын өлүмүнө себеп болчу органдар дененин жашоосун улантышы үчүн ошол эле секундаларда башка кызматтарды да жасашат. Көптөгөн процессти бири-бири менен аралаштырбастан, адашпастан, кемчиликсиз чоң бир усталык жана акыл менен аткарышат. Бул гармонияда бир кемчилик болсо дем алуубуз да, жашообузду улантышыбыз да мүмкүн болбой калмак.

Мындай абал көрүү процессине да тиешелүү. Көз – жандыктардын жаратылгандыгынын эң даана далилдеринин бири. Адамдын көзү болсун же жаныбарлардын көздөрү болсун, жандыктар ээ болгон бардык көрүү органдары кемчиликсиз бир долбоордун абдан таасирдүү мисалдары. Көзүбүз 21-кылымдын технологиясы менен да жетишиле албаган сапаттагы бир сүрөттөлүштү бизге тартуулоодо. Бирок, бир көздүн көрө алышы үчүн бир эле учурда бардык бөлүктөрүнүн бар болушу жана гармония ичинде иштеши керек экенин унутпаңыз. Мисалы, карек, конъюнктива, көз чарасы, көз чечекейи, көз линзасы, торчо, кан-тамыр кабыкчасы, көз булчуңдары, көз жашы бездери сыяктуу бардык бөлүктөр (тетиктер) бар болсо жана иштесе, бирок бир гана көз капкагы (жапкычы) болбосо, көз кыска убакыт ичинде чоң зыянга кабылат жана көрүү функциясын жоготот. Ошол сыяктуу, көздү түзгөн бардык органеллдер бар болсо, бирок көз жашынын өндүрүлүшү токтосо, көз кыска мөөнөттө кургайт жана сокур болот. Бул жерде маанилүү бир суроо жаралат: мынчалык гармониядагы органеллдерди бир учурда ким жараткан? Көрүү мүмкүнчүлүгүн берген көздү ким пайда кылган?

Албетте, көздү жаратуу чечимин алган – бул көздүн ээси болгон жандык эмес. Себеби көрүүнүн эмне экенин да билбеген бир жандыктын көрө алуу үчүн бир көрүү органына муктаж болушу жана өз денесинде муну жасашы, албетте, эч мүмкүн эмес. Бул чындык жандыктарды көрүү, угуу сыяктуу сезүү органдары менен бирге жараткан улуу бир акыл ээсинин бар экенин бизге апачык көрсөтүүдө. Антпесе, аң-сезимсиз клеткалар көрүү, угуу сыяктуу аң-сезим талап кылган функцияларга өз талаптары жана жөндөмдөрү менен ээ болуп алышты деген пикирди жактаган болобуз. Мындай болушу эч мүмкүн эмес. Куранда бул жагдай мындайча билдирилген:

Айткын: «Силерди курган (жараткан), силерге кулак, көздөр жана көңүлдөр берген – Ал.» Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Мүлк Сүрөсү, 23)

Аятта да билдирилгендей, адам денесиндеги бул системалардын баарын бири-бири менен гармония ичинде жараткан – бул Аллах. Өз денебизде болсун, тышкы дүйнөдө болсун, биз көргөн сансыз детальдардын баары Аллахтын кудуретин, улуулугун жана илими менен бүт нерсени курчап турганын апачык көрсөтүүдө. Бирок кээ бир адамдарга чындыктарды ойлонуудан көрө, артка бурулуп качуу оңойураак сезилет. Ошондуктан Аллах Куранда адамдарды айланасына карап, Анын улуулугу жөнүндө ойлонууга чакырган:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

Аллахтын сизге абдан жакын экенин жана бүт нерсени ороп-курчаганын эч унутпаңыз. Сиз бул китепти окуп жаткан ушул көз ирмем, кайсы бир убакта оюңуздан өткөн нерселер, бала кезиңизде башыңыздан өткөн бир окуя, бир канча жылдан соң жасайм деген пландарыңыз да кошо бүт нерсени Аллах билип турат. Мындай өкүмдарлык түнү-күнү эч токтобостон, бардык нерселер үчүн уланат. Аллах Куранда мындайча билдирген:

Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктарды берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз. (Каф Сүрөсү, 16)

Аллах бүт нерсенин ички тарабынан, жашыруун тараптарынан, адамдын акылына келген жана эч кимдин билиши мүмкүн болбогон бир ойдон, адам ичинде жашырып, эч кимге айтпаган сырлардын баарынан да кабардар. Адамдарды толук курчап турган Аллах кылган ишибиз жана турган жерибиз кайсы жер жана эмне гана болбосун, бизге дайыма күбө. Бул чындык бир аятта мындайча кабар берилген:

Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

Бул чындыкка карабастан, адамдардын кээ бирлери «Аллах бизден абдан алыста» деп ойлошот. Алардын түпкү аң-сезиминдеги ою боюнча, Аллах абдан алыстардагы бир планетанын аркасында отурат жана анда-санда гана «дүйнө иштерине» кийлигишет. Же болбосо эч кийлигишпейт; ааламды бир жаратып, анан таштап койгон. Чынында болсо бул апачык бир жаңылыштык. Аллах бүт тарапта жана бүт нерсени курчап турат. Чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө бүт тарапты ороп-курчаган.

Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)

Сиз кайсы тарапка барбаңыз, дүйнөнүн эң четки бир бурчуна барсаңыз, Аллах ал жерди да ороп курчаган. Ушул учурда да сизди толук курчап турат; сизге күрөө тамырыңыздан да жакыныраак. Денеңизге, бөлмөңүзгө, турган шаарыңызга, ааламдын бардык бурчуна, сиз көзүңүз менен көрө албаган бүт ааламдарга дайыма ээ; баарынын өтмүшү жана келечегине да. Мындай абсолюттук чындыктарды унуткан кээ бир адамдар оюнан өткөргөн нерселерди, Аллахка карата жалганчылык менен жасаган көп кылмыштарын адамдардан жашырышат, бирок буларды Аллахтан жашыра албашын ойлонушпайт. Чындыгында болсо Аллах алар мындай иштерди али пландап жаткан кезде да алар менен бирге. Бир аятта мындайча буюрулууда:

Ал келечегин да, өтмүшүн да билет. Алардын илими болсо Аны (Аллахты) камтый албайт. (Таха Сүрөсү, 110)

Бираздан соң эмнелерди башыңыздан өткөрөөрүңүздү сиз билбейсиз, бирок Аллах билет. Ошондуктан, билсеңиз да, билбесеңиз да Аллахка моюн сунган абалдасыз.

Сиз ичиңизден ойлонгондоруңузду айтсаңыз да, жашырсаңыз да, Аллах үчүн айырмасы жок. Себеби Аллах баарынан кабардар. Шыбырап айткан бир сөзүңүз да Аллахтан жашыруун калбайт. Себеби Аллах үчүн сыр жок, Ал жашыруундун жашыруунун да билет.

Жер жүзүндөгү бүт жандыктардын Аллахка муктаж экенин унутпаңыз. Аллах болсо адамдардагы ар түрдүү кемчиликтен аруу, эч нерсеге муктаж эмес. Уйку, ачкалык, суусоо, чарчоо сыяктуу акылга келе турган адамдык алсыздыктардын баарынан алыс: ким гана болбосун бүт баары сөзсүз өлөт, бирок Аллах башталышы жана аягы жок, түбөлүк тирүү:

Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын Кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны (келечекти) жана артыңардагыны (өтмүштү) билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын Күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Бүт окуялардын баарынын Аллахтын башкаруусу менен ишке ашканын унутпаңыз. Аллах чексиз күч-кудурет ээси; Куранда билдирилгендей, бир даана жалбырак да Аллахтын башкаруусусуз түшпөйт (Энъам Сүрөсү, 59), бүт нерсе Аллахтын билиши жана буйругу менен кыймылдайт. Асмандан жерге чейин бүт иштер Аллахтын буйругу менен ишке ашууда. Бүт иштер дегенде көп адамдар бир гана табият кубулуштары же өлүм, төрөлүү сыяктуу окуяларды элестетишет. Чынында болсо булар эле эмес, акылга келген ар бир иш, ар бир окуя, ар бир система Аллахтын буйругу менен кыймылдоодо.

Технологиялык ачылыштар, бүт дүйнө өлкөлөрүнүн башкаруусу, ар биринин социалдык жана экономикалык абалы, чыгармачылык иш-аракеттер, кичинекей-чоң бардык фирмалар, ал жерлерде жасалган ар бир иш, бул дүйнөгө келген ар бир жаңы адам, бул адамдардын жашоосундагы ар бир секунданы улуу бир Жаратуучу Аллах билип жана башкарып турат. Эң кичинекейинен эң чоңуна чейин алынган чечимдердин баары, жасалган ар бир иш-аракет Аллахтын уруксаты менен ишке ашат. Ошол сыяктуу денеңиздеги триллиондогон клетканын иштеши, бул клеткалардын ар биринин ичиндеги органеллдердин аткарган бүт кызматтары, бул клеткаларды азыктандырган системалар жана санап бүтүрө албаган ар кандай детальдардын баары Аллахтын көзөмөлүндө. Ошол эле учурда мейкиндикте айланып турган жер жана жердин бетиндеги бир кумурсканын азыктанышынан көбөйүшүнө чейинки жашоосун улантышы үчүн керектүү болгон кыймыл-аракеттердин баары да Аллахтын уруксаты менен ишке ашат. Бул чындык Куранда мындайча баяндалат:

«Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо).» (Худ Сүрөсү, 56)

Аллах – бүт баары Ага моюн сунган; илими менен бүт нерсени ороп курчаган, бүт илим-маалыматтын ээси. Кичинекей бир баладан бир илимпозго чейинки бүт баарына билгендерин үйрөткөн, биз көрө алганды жана кайыпты, т.а. көрө албаган ааламдарды да билип турган – бул Аллах. Асмандарда жана жердегилердин баарынын, жылдыздардын, дарактардын, жаныбарлардын, адамдардын санын, жааган жамгырдын өлчөмүн, санын аныктоочу да бир гана Аллах:

Асмандарда жана жердегилердин (бүт жандык, нерселердин) баары Рахман (болгон Аллах)ка бир гана кул болуп келишет. Ант болсун, алардын баарын курчаган жана аларды сан жагынан санап койгон. (Мерйем Сүрөсү, 93-94)

Ааламдын кандайдыр бир бурчунда болгон ар бир окуяны да Аллах башкарып турат. Ал бардык иштердин жашыруун же ачык бүт тарабынан кабардар. Бир гана бизден эмес, асмандарда, жерде, бул экөөсү арасындагылардын баарынан кабардар. Себеби Аллах бүт ааламдардын ээси. Демек, кичинекей бир нерсенин да Андан эч качан жашыруун калбашын, сиз да кошо бүт адамдардын акылынан өткөндөрдүн же кылган иштеринин баарынын Аллахтын көзөмөлүндө экенин эч унутпаңыз. Себеби Аллах бүт баарынын башынан өткөргөндөрүн бардык майда-бараттарына чейин билип турат. Аллах эч адашпайт жана эч качан эч нерсени унутпайт.

Сизге сиз ээ болгон бүт нерсени Аллах бергенин унутпаңыз. Айланаңызды бир караңыз; бүт нерсенин баары сиздин муктаждыктарыңызды канааттандыра турган абалда аярдык менен даярдалып, баары сиздин буйругуңузга сунулган. Башыңызды көтөрүп, асманды караңыз жана айланаңызда болуп жаткандарды ойлонуңуз. Мына ошондо шүгүр кылууга ылайык Заттын, биздерди биз көргөн жана көрө албаган канчалаган немат-жакшылыктар менен камсыздагандын Аллах экенин жакшыраак түшүнөсүз. Илим жетишкен деңгээлине карабастан, алигече бир табышмак деп сыпатталган адам денесин жараткан жана бардык органдарын кемчиликсиз бир гармония ичинде иштешин камсыздаган; бир катар жаныбарларды үйчүл кылып жаратып, адамдардын кызматына сунган, алардан азык, кийим алышын жана бир жерге жетишин камсыздаган; асмандан түшүргөн суу менен бир эле топурактан ар кандай даамдарда түшүмдөр жана мөмөлөрдү чыгарган; саны жүз миллиарддарга жеткен галактикаларды кереметтүү бир тең салмактуулук ичинде кыймылдаткан; күндүздү иштөөгө, түндү эс алууга ыңгайлуу кылган; күндү өз огунда айланткан; деңиздерди адамдардын азык ала алышына жана саякат кылышына эң ыңгайлуу абалда жараткан – бул бир гана Аллах. Аллах бул чындыкты аяттарында мындайча кабар берүүдө:

Ал инсанды бир тамчы суудан жаратты эле, капысынан анык душман болуп чыга келди. Ал айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар. Силер алардын этинен да жейсиңер. (Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар. (Айбандар) силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган шаарларга ташып берет. Чынында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү. Ал силердин минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты). Жана силер билбеген нерселерди да жаратат... Ал силерге асмандан суу түшүрөт. Ичер сууңар да ошондон, дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды) сугарасыңар. (Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Шексиз буларда пикир кылган элдер үчүн далилдер бар. Дагы (Аллах) силерге Айды, Күндү жана Түн менен Күндүздү моюн сундуруп койду. Анын амири менен жылдыздар да силерге моюн сундурулган. Албетте мында акылын иштеткен адамдар үчүн далилдер бар. Ал силер үчүн жер бетинде ар түркүн (пайдалуу) нерселерди жаратты. Албетте, бул нерседе эстеген адамдар үчүн далил бар. Силер андан (балыктардын) бузулбаган эт(ин) жешиңер үчүн Аллах силерге деңизди моюн сундурду. Анын (түбүнөн) өзүңөр такчу тагынчактарды чыгарып аласыңар. Сен анда (толкундарды) жарып сүзгөн кемени көрөсүң. (Аллах) Өзүнүн пазилетин үмүт кылып, (нематтарына) шүгүр келтиришиңер үчүн (ушулардын баарын жаратты). Ал силердин тең салмактуулугуңарды сактасын деп жер бетине (салмактуу) тоолорду кадап койду. Жана (силердин пайдаңар үчүн) дарыяларды, жолдорду (да жаратты). Туура жолду табаарсыңар деген үмүттө. Жана (башка) ишараттар да (жаратты); алар жылдыз(дар) менен да туура жолду таба алышат. Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми кеңеш алып, ойлонбойсуңарбы? Эгер Аллахтын нематтарын санагыңар келсе, аны топторго бөлүп да санай албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, боорукер. (Нахл Сүрөсү, 4-18)

Адам саноого өмүрү жетпеген немат-жакшылыктардын баары бүт ишти курчап, жөнгө салган Раббибиздин каалоосу менен жаралган жана адамдын кызматына сунулган. Аллах бир аятында муну мындай бир мисал менен эске салат:

Эгер жер жүзүндөгү дарактардын баары калем жана деңиз, ага дагы жети деңиз кошулуп, (сыя) болсо, Аллахтын сөздөрү (жазып) түгөнбөйт. Шексиз, Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүм ээси жана даанышман. (Локман Сүрөсү, 27)

Сиз ээ болгон канча мал-мүлкүңүз бар болсо, аларды сизге бергендин жана баарынын чыныгы ээсинин Аллах экенин да эч унутпаңыз. Себеби асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы бүт нерсенин мүлкү Аллахка тиешелүү. Бирок Аллах каалаганына каалаганча берет. Убактысы келип адамдардын өмүрү бүткөндө, жалгыз мураскор кайра эле Ал. Бүт үйлөрдүн, унаалардын, буюмдардын, жерлердин, азыктардын, кыскача айтканда, бүт нерсенин чыныгы ээси – бул Аллах.

Асмандардын, жердин жана (экөөсү) арасындагылардын баарынын мүлкү Аллахтыкы. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Маида Сүрөсү, 120)

Сиз Аллах белгилеген убакыт келгенде бардык мүлкүңүздү, кызмат ордуңузду, жеке буюмдарыңызга чейин бүт нерсени артыңызда калтырасыз; жылаңач денеңиз болгону бир канча метр безге оролуп, бир чуңкурга ташталат. Рухуңуз болсо эч нерсесиз, жападан жалгыз абалда Аллахка кайтат. Дүйнөдө сиз ээ болгон кызмат даражаңыздын да, атыңыздын да, байлыгыңыздын да ал жерде эч мааниси болбойт. Сиз бул дүйнөдө алар менен сыналып гана жатасыз. Чыныгы ээси эмессиз, сиз ээ болгон нерселердин баары Аллах сизге тартуулаганы үчүн гана бар. Эгер Аллах буларды бир себеп менен ала турган болсо, буларды кайра алууга сиздин эч күчүңүз жетпейт.

Аллах сиз үчүн каалагандан башка башыңызга эч нерсе келе албашын унутпаңыз. Башыңызга келген жана сиз жакшы же жаман деп сыпаттаган ар кандай окуя Аллахтын илими менен, т.а. тагдырдын агымы ичинде ишке ашууда. Эч ким ал күнү аны кандай окуялар күтүп жатканын биле албайт. Адам канчалык өзүнчө пландар жасап жатам деп ойлосо да, чынында окуялар ал пландагандай ишке ашпайт, ал тургай эч оюна келбеген окуяларга кабылышы мүмкүн. Адамды мындай белгисиздик ичинде бейпил кыла турган жалгыз нерсе – бул ар бир башына келген окуянын Аллахтын каалоосу менен ага атайын жаратылганын билүү жана Раббибиз жараткан тагдырга толук ишенип, моюн сунуу. Бирок бул жерде дагы бир жагдайга көңүл буруу зарыл: пландабастан башыңызга келген окуяларды Аллах билип, башкарып турат; бирок ошол сыктуу пландаган окуяларыңызды да Аллах башкарып турат... Себеби ааламда Аллахтан көз-карандысыз, Раббибиздин өкүмдарлыгынан тышкары жалгыз бир көз ирмем да болбойт. Бир аятта момундардын мындай дегени айтылат:

Айткын: «Биз Аллахтын биз үчүн жазгандарынан башка, эч качан эч нерсеге кабылбайбыз. Ал – биздин Мевлабыз (Досубуз). Жана момундар (ыймандуулар) бир гана Аллахка тобокел кылышсын. (Тообо Сүрөсү, 51)

Башыңызга кандай гана окуя келбесин баары Аллахтан жана бир сыры (хикматы) бар. Муну да унутпаңыз. Адамдын Аллахтан келе турган нерселерден Аллахка корголонуудан башка жолу жок экенин, Андан башка досу жана жардамчысы да жок экенин билип жүрүңүз:

(Дагы) Чынында асмандардын жана жердин мүлкүнүн Аллахтыкы экенин билбейсиңби. Силердин Аллахтан башка досуңар (велиңер) жана жардамчыңар жок. (Бакара Сүрөсү, 107)

Күн бою кандайдыр бир темада ийгиликке жеткибиз келгенде же бир жумуш менен алек болуп жатканыбызда бизге Аллах жардамчы болууда. Ал тургай, ал ишти жеңилдеткен, аны жараткан, бизге каалаган нерсебизди каалаган убагыбызда жасаткан да бир гана Раббибиз. Аллахтын улуулугун унуткан бир адам үчүн болсо ага жардам бере турган адам, анын оюнда, же кесиптеши, же үй-бүлөсү же болбосо башка бир адам...

Албетте, бул адамдар топтогон билими жана жашоо тажрыйбалары менен адамга жардамчы болушу мүмкүн. Бирок булардын бир себеп экенин унутпаңыз. Себеби Аллах бул дүйнө жашоосунда натыйжаларды белгилүү себептерге байланыштырып койгон. Мисалы, алманы жей турган абалга алып келүү үчүн көчөттү эгүү, сугаруу, астына дары салуу керек. Мына ушулар Аллах койгон себептер. Бир адам бул шарттарды жасаган соң гана Аллахтан көп түшүмдүүлүк үмүт кыла алат.

Ишке ашкан ар бир окуяда натыйжанын Аллахка тиешелүү экенин жана Аллахтын буйругуна чын көңүлдөн ыраазы болушубуз керек экенин эч унутпаңыз.

Сизди бардык коркунучтардан, оорулардан, кыйынчылык жана балээлерден коргогон, сактаган бир гана Аллах экенин унутпаңыз. Чынында болсо булардын ар кайсынысы адамга ар дайым келип калышы мүмкүн. Ооруганыңызда сизди докторуңуз же ичкен дарыңыз айыктырды деп ойлошуңуз мүмкүн. Албетте, адам Аллах себеп катары жараткан бул жолдорго кайрылат; бирок аягында аны бул оорудан куткаруучунун бир гана Аллах экенин да сөзсүз билиши керек. Ал кааламайынча, эң адис докторлордун да, эң кымбат дары-дармектердин да, эң жакшы ооруканалардын да адамга эч кандай пайдасы болбойт. Шыпааны Аллах гана берет. Аллах каалаган адамына бир сыноо катары себепсиз бир оору бериши мүмкүн болгон сыяктуу, каалаган адамын себепсиз айыктырып коюшу да мүмкүн. Аллах бул чындыкты Куранда Аз. Ибрахимдин сөздөрү аркылуу мындайча билдирген:

Ооруганымда мага Ал шыпаа берет; (Шуара Сүрөсү, 80)

Бүт күч-кудурет бир гана Аллахтын колунда. Бул чындыкты унутуп, өзүнө да, башкасына да, Аллах кааламайынча, кичинекей бир жардам берүүгө да күчү жетпеген жандыктардан жардам үмүт кылуу, адамга дүйнөдө да, акыретте да абдан чоң жоготуу алып келет. Жардам күтүлгөн бул адамдар да ал сыяктуу эле алсыз; башка бирөөгө эмес, өздөрүнө да, Аллах кааламайынча, жардам бере алышпайт. Аллах Аьраф Сүрөсүндө мындай буюрууда:

Андан (Аллахтан) башка сыйынгандарыңар болсо силерге жардам бере алышпайт, өздөрүнө да. (Аьраф Сүрөсү, 197)

Бир гана Аллахтан коркушуңуз жана бир гана Анын ыраазычылыгын көздөшүңүз керек экенин унутпаңыз. Жашооңузда маанилүү деп ойлогон же күчү бар деп элестеткен, ошондуктан өз оюңузда көз алдыңызда чоңойтуп алган эч бир адамыңыздын чындыгында өзүнө тиешелүү кичинекей да күчү жок. Демек бир адамдан Аллахтан корккон сыяктуу коркуу, тартынуу же Аллахты сүйгөндөй сүйүү Куран боюнча «ал адамды Аллахка тең жана шерик» тутуу дегенди билдирет; муну болсо Аллах Куранда чоң бир күнөө болгон ширк (Аллахка шерик кошуу) деп билдирген:

Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Ал зулумдук кылгандар азапка жолугаар күнү сөзсүз бүт күч-кудуреттин толугу менен Аллахтыкы экенин жана Аллах берген азаптын чынында күчтүү (оор) экенин бир билишсе эле. (Бакара Сүрөсү, 165)

Жогорудагы аятта да кабар берилгендей, ыймандуулар болсо Аллахтын ыраазычылыгын бүт нерседен жогору коюшат. Бул ушунчалык маанилүү жагдай: эгер адамдын жашоосу ушул негизге таянса, адам дайыма Аллахтан башка корко турган, тартына турган, муктаж боло турган, моюн сунула турган бир жандык, нерсенин жок экенин билип, ошого жараша аракет кылат. Мындай аң-сезим менен чыныгы бир эркиндикке жетип, ошол эле учурда чексиз күч-кудурет ээси бир Доско (Вели) ээ болгон жана эч жеңилбес бир адамга айланган болот. Натыйжада бүт нерселердин бардык муктаждыктарын камсыздаган, ички бейпилдик жана тынчтык берген, кыйынчылык жана муктаждыкта болгонго жардам берген, бүт адамдардын кылгандарынын сыйлык же жазасын кемчиликсиз берген жана коргоочу Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнү үмүт кылат. Куранда Аллахтын ыраазычылыгынын маанилүүлүгүнө мындай бир мисал менен көңүл бурулат:

Үйүнүн түбүн (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазычылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн түбүн кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт. (Тообо Сүрөсү, 109)

Адамдардын көпчүлүгү кабылган эң чоң жаңылыштыктардын бири ушул: бүт жашоосун адамдарды ыраазы кылууга арноо. Чынында болсо аны жараткан жана жашатканды унутуп, адамдарды ыраазы кылуу үчүн сарпталган ар бир секунда, жасалган ар бир иш, аягында ал адамга азап болуп кайтат. Аллах бул жөнүндө Куранда ойлоно алгандар үчүн абдан хикматтуу бир мисал берген. Аятта мындайча буюрулууда:

Аллах (шерик кошкондор үчүн) бир мисал берди: өз ара ынтымаксыз жана пикир келишпес, аны талашкан көп ээлери бар бир адам менен жалгыз бир адамга баш ийген бир адам. Бул экөөсүнүн абалы бирдей болмок беле?... (Зүмер Сүрөсү, 29)

Аллах Ал каалаган негизде жашаган пенделерин дүйнөдө да, акыретте да мүмкүн болгон эң сонун жашоо менен жашатат. Бирок Аллахтын ыраазычылыгын көздөөдөн алыстап, өзү сыяктуу алсыз пенделер болгон адамдардан же башка жандыктардан бир нерсе үмүт кылгандар дайыма чоң бир туюк жана зулумдук ичинде болушат. Аллах муну бир аятында мындайча билдирген:

Шексиз, Аллах адамдарга эч нерсе менен зулумдук кылбайт. Бирок адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышууда. (Йунус Сүрөсү, 44)

Ал тургай, Аллах менен башка кудайларды тутунуп алгандар аятта билдирилгендей, жектелген абалда өзү жалгыз, жардамсыз калтырылышат.

Аллах менен бирге башка кудайларды тутунба, антпесе жектелген жана өз башыңча (жападан жалгыз жана жардамсыз абалда) ташталган болосуң. (Исра Сүрөсү, 22)

Бул дүйнөдө Аллахты унутуп капылетке чумкугандар бүт иштеринде кыйынчылык, жүрөктөрүндө болсо азап толо, бейпилдик жана бактылуулукту эч сезе албай турган бир өмүр сүрүшөт. Негизи бул – жер жүзүндөгү кемчиликсиз жана кереметтүү системалар кокустуктар натыйжасында ишке ашууда деп ойлогон көз-карашка берилген адилеттүү бир жаза. Акыретте болсо алар үчүн шүгүрсүздүктөрүнүн жообу катары алоолоп күйгөн бир от бар.

«Аллахтан коркуунун» диндин негизи экенин унутпаңыз. Аллах бир гана Андан коркуп тартынганга, туураны туура эместен айырмалоо жөндөмүн берет; бул болсо бир адам үчүн эң чоң немат-жакшылыктардын бири. Себеби кыска жана убактылуу дүйнө жашоосу да, өлгөндөн кийин баштала турган чыныгы түбөлүктүү жашоо да бир гана ушул түшүнүк менен эң сонун калыптанат:

Оо, ыйман келтиргендер. Эгер Аллахтан корксоңор, силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим-парасат берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук пазилет ээси. (Анфал Сүрөсү, 29)

Мындан тышкары, Куранда Аллахтын бар экенин билсе да, Аны зарыл деңгээлде тааный албаган жана Аллахтан коркуп-тартынбаган адамдардын бар экенине көңүл бурулат. Аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берүүчү ким? Кулактар жана көздөрдүн ээси (малик болгон) ким? Тирүүнү өлүктөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким? Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо айткын: «Силер дагы эле коркуп-сактанбайсыңарбы?» Мына ушул силердин чыныгы Раббиңер – Аллах. Демек акыйкаттан кийин адашуудан башка эмне бар? Кайда бурулуп баратасыңар? (Йунус Сүрөсү, 31-32)

Аяттарда сүрөттөлгөн адам Аллахтын бар экенин билип турат, бул чындыкты тастыктоодо, бирок ошого карабастан, Аллахтан коркуп-тартынбоодо. Чыныгы момундар болсо Раббибизге карата терең бир коркуу ичинде болушат жана кыямат саатынан, эсеп күнүнөн корккондуктан, башка бир аятта кабар берилгендей, Аллахка карата «ичтери титиреп» турат.

Акыр аягында адам эмне гана кылбасын, ага эскертилгендерди эсинде тутуп пендечилик кылса да, бардык эскертүүлөрдү унутуп бир тарапка таштаса да, Аллахка кайта турган ал күндү көздөй ылдам алдыга жылып барат. Адамдар бул чындыктан бир аятта мындайча кабардар болушкан:

Эй инсан, чынында сен эч токтобостон Раббиңди көздөй аракет кылуудасың; аягында Ага барасың. (Иншикак Сүрөсү, 6)

Демек, Аллахтан башка күч-кудурет жок экенин эч унутпаңыз. Аллах эң улуу күч ээси. Бул чындыкты билбегендер Аллахтан башкаларын дос жана орток тутушат, болгондо да алардан Аллахтан корккондой коркушат. Чынында болсо эч бир адам же коом Аллахтан көз-карандысыз, өз алдынча бир күчкө ээ эмес. Бүт жандыктар Аллахка моюн сунган. Асмандарда жана жердегилердин баары, кааласа да, каалабаса да Аллахка моюн сунушкан жана Анын башкаруусунда. Жалгыз бир клеткадан миллиарддаган галактикага, адамдардан жаныбарларга, тоолордон шамалдарга чейин бүт нерсе, жандыктар ааламы Аллахка моюн сунган. Демек Аллахка төмөнкү аятта билдирилгендей шүгүр кылууну унутпаңыз:

Алардын үстүнө минип, анан түздөлүп, Раббиңердин нематын эскеришиңер жана: «Буларды биз үчүн моюн сундурган (Аллах) кандай Улук, болбосо биз муну (өз кызматыбызга) жакындата албайт элек» дешиңер үчүн. (Зухруф Сүрөсү, 13)

Эч ким Аллахтын башкаруусу жана каалосунан тышкары кыймылдай албайт, жалгыз бир сөздү да айта албайт. Ошол үчүн сизге айтылган ар бир сөз, башыңызга келген ар бир окуя Аллахтан; б.а. Велиңизден, чыныгы, жалгыз Досуңуздан... Эгер ыймандуу болсоңуз, жамандык сыяктуу көрүнгөн нерселердин артында да сөзсүз сиз үчүн бир жакшылык жана сулуулук жашырылган; Аллах муну билет, сиз болсо билбешиңиз мүмкүн. Сиз кандай гана абалга кабылбаңыз, бул чындыкты ойлонуп кыймыл-аракет кылууну унутпаңыз.

Аллахтын абдан кечиримдүү экенин, тообо мүмкүнчүлүгүнүн сиз үчүн дайыма бар экенин унутпаңыз. Сиз кандай гана катага түшпөңүз, чын ниеттүү бушаймандык менен жана экинчи кайталабайм деген ниет менен Аллахка багытталганыңызда, Аллахтын тооболорду кабыл кылуучу жана коргоочу экенин көрөсүз. Чын пейилден баш тартылган ар бир катаны, күнөөнү кечирээрин Аллах пенделерине мындайча билдирет:

(Менден аларга) Айткын: «Эй өз зыянына чектен чыккан пенделерим. Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Шексиз, Аллах бүт күнөөлөрдү кечирет. Себеби Ал кечиримдүү, коргоочу.» (Зүмер Сүрөсү, 53)

Бул дүйнөдө ар бир катанын, күнөөнүн кайра кайтуу, тообо мүмкүнчүлүгү жана кечирилүү үмүтү бар. Аллахтын дининде адам өтмүштө кылгандарынын жүгүн көтөрүп жүрүүгө мажбур эмес. Аллахтан кечирүүсүн сурап, чын жүрөктөн Ага багытталганда, аны бул жүктөн куткарат жана эми бул адамдын акыркы абалы маанилүү болот. Бирок унутпаңыз, Аллах чын пейилдүү болгонуңузда гана тообоңузду кабыл кылат, өлүм сизге келип калганда эмес...

Куранда адашкандыгы жана Аллахка карата бой көтөрүшү менен таанытылган фараон да чөгөөрүн түшүнгөндө тообо кылып баштаган. Аллах өлүм учурунда кылынган тообонун өкүмүн аяттарында мындайча кабар берген:

Аллах кабыл кыла турган тообо – бир гана билбестик (караңгылык) себебинен жамандык кылып, артынан ылдам тообо кылгандардын (тообосу). Аллах ушундайлардын тооболорун кабыл алат. Аллах – билүүчү, өкүмдар жана даанышман. Ал эми күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм келгенде гана «мен эми тообо кылдым» дей турган адамдардын жана каапыр бойдон өлгөндөрдүн тооболору кабыл кылынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз. (Ниса Сүрөсү, 17-18)

Аллахтын чексиз сабыр ээси экенин унутпаңыз. Аллах кылган каталары үчүн адамдарга белгилүү бир мөөнөт берет. Бул абал кылган бир күнөөсүнүн артынан жообун (жазасын) ошол замат албаган адамдарды эч жаңылтпашы керек. Себеби Аллах пенделеринин зулумдуктарына карата аларга мөөнөт берүүчү. Эгер адам муну түшүнүп, Аллахтын кечиришин тилесе, Аллахтын кечиримине жолугат. Тескерисинче кылган күнөө иштеринде өжөрлүк кылса жана Аллахтын буйруктарынан жүзүн бурса, кылган жамандыктарынын натыйжасын сөзсүз татат:

Эгер Аллах адамдарды зулумдуктары үчүн (ошол замат) суракка тарткан болгондо, анын бетинде (жер жүзүндө) жандуулардан эчтеке калбайт эле; бирок аларды белгиленип коюлган бир мөөнөткө чейин кечиктирүүдө. Алардын ажалдары жеткенде, бир саат кечиктирилбейт да, эртерээкке да жылдырылбайт. (Нахл Сүрөсү, 61)

Аллахка кулчулук (ибадат) кылуудан башка жолуңуз жок экенин унутпаңыз. Себеби Аллах адамдарды Өзүнө кулчулук кылышы үчүн жаратканын бир аятында мындайча билдирген:

Мен жиндерди жана инсандарды жалаң гана Мага ибадат кылышсын деп жараттым. (Зарият Сүрөсү, 56)

Биз ээ болгон бүт нерсени берген, бизди Жараткан, жашаткан, кийин каалаган убакта өмүрүбүздү токтотуучу Раббибизге баш ийип, Ал каалагандай бир өмүр сүрүү эч үзүлбөгөн бир туткага жабышкан сыяктуу:

Ким жакшылык кылган (адам) болуп, жүзүн (өзүн) Аллахка тапшырса, эми чындыгында ал үзүлбөгөн бир туткага жабышкан болот. Бүт иштердин аягы Аллахка барат. (Локман Сүрөсү, 22)

Демек «РАББИБИЗ БОЛГОН АЛЛАХТЫ» эч унутпаңыз...

Мына Раббиңер болгон Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Латиф, (баарынан) Кабардар. (Энъам Сүрөсү, 102-103)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Эч Унутпаңыз!
  • Аллахтын Жалгыздыгын Унутпаңыз
  • Жол Көрсөтүүчүнүн Куран Экендигин Унутпаңыз
  • Ар Бир Болуп Жаткан Окуянын Тагдыр Экендигин Унутпаңыз
  • Сизди Жолдон Чыгаруу Үчүн Бардык Аракетин Жумшаган Шайтандын Бар Экендигин Унутпаңыз
  • Бул Жашоонун Убактылуу Сыноо Экендигин Унутпаңыз
  • Ар Дайым Бул Дүйнөдөн Өтүп Кетишиңиз Мүмкүн Экенин Унутпаңыз
  • Кыяматтын Жана Эсеп-Кысап Күнүнүн Сөзсүз Болоорун Унутпаңыз
  • Динсиздердин Азап Мекени Тозокко Кетээрин Унутпаңыз
  • Бейишке Чыныгы Ыймандуулардын Гана Кирээрин Унутпаңыз
  • Аллахка Дуба Кылууну Унутпаңыз
  • Аллах Алдында Дайыма Чын Ниеттүү Жана Ак Жүрөктүү Болууну Унутпаңыз
  • Ката Кылганыңызда Эртерээк Тообо Кылып, Аллахтан Кечирим Суроону Унутпаңыз
  • Жыйынтык: Эскертүү Аллахтан Корккондорго Гана Жардам Берет
  • Бардык Жандуу- Жансызды, Ааламды Аллахтын Жараткандыгын Эч Унутпаңыз